Сайтта автордун барагын ачыш үчүн бизге төмөнкү маалыматтар керек:
- Автордун аты-жөнү;
- Электрондук почтасы;
- Ватсап номуру;
- Автордун сүрөтү (көлөмү 1 МБ ашпасын);
- Автор тууралуу кыскача маалымат (40 сөздөн ашпасын);
- Автор окурмандарынан акчалай колдоо алып тургусу келсе банктык эсебинин QR коду.
Аталган маалыматтарды сайттын adabijordo@gmail.com электрондук почтасына жөнөтүү керек.
Катталуунун алдында сайтка чыгармаларын жарыялагысы келген автор төмөнкү маалыматтар менен таанышып чыгуусу зарыл:
- Сайттын купуялуулук саясаты
- Сайттын эрежелери
- Сайттын кызматтары
Сайтка чыгармасын жиберүү менен автор жогоруда келтирилгендер менен тааныш экендигин жана сайттын эрежелерин сактоого макул экендигин билдирет.
Автор сайтта катталгандыгы тууралуу сайттын өкүлүнөн кабар алгандан кийин, сайтка чыгармаларын жибере алат.
