Саидрахманова Махабат, Адабий Ордо автор

Төкен Алжантеги: “Ит улуган түн”
5/5 - (2 добуш)

(аңгеме)

Мен аны күн сайын көрөм. Кечкурун итин жетелеп алып тоо тарапка бет алат. Серүүндөп жүргөн учурунда айлана-тегерегине баш буруп карап да койбойт. Басар изинен жаңылса чалынып жыгылып кетчүдөй болуп, аяк алдына тигиле карап, ийини куушурулуп, бою сербейип, илкий басып алыстай берет да, бир топ убакыттардан кийин салбыраган кейпинде кайра кайтып келет.

Ити да ээсин тарткан. Үргөндү билбеген бир ажайып жаныбар. Жыт албастын нагыз өзү. Каргысына уланган кайыш боосунун жетегинде башын төмөн сала сүйрөлүп, ээсин ээрчип бара берет. Чоочун үндөн селт этсечи бир. Жок, көнүмүштүн көшөгөсүн көгөртүүгө жаралган макулуктай эле жымжырт жүрөт да коёт .Ошого караганда, иттиктин эмне экенин ит акең өзү да унутуп калганбы деп ойлойсуң.

“Бул убакыттар, мына бул аласалган аламан заман эмнени гана унуттурган жок дейсиң. Азыр адам да, айбан да маңкурт”, – деп, көзүм көнүп калган бул көрүнүшкө караган сайын өзүмчө ой калчап коём. Эмнеликтен минтип ой жоруйм, аны түшүндүрүп берүүгө аргам деле жетпей дел болом. Түшүнбөстүк өкүм сүргөн жерде туруктуулук баяндалбай турганы белгилүү жагдай эмеспи.

Кайыш аркылуу бири-бирине байланып калган бул экөөнүн дагы бир окшоштугу бар – ээси серүүнгө түсү оңуп кеткен, эскирген көгүш көйнөгүн гана кийип чыкса, дөбөт да өзүнүн албыраган-салбыраган кейпинен жазбайт, демейки калыбы эч бузулбайт. Ошону карап туруп, мезгилдер оошсо деле түлөбөгөн бир керемет жаныбарбы дейсиң.

Мына, алар дагы иркешип-чиркешип сыртка бет алышты. Үй алдындагы отургучта дем алып отурган кошуналарга көңүл да бурушкан жок. Кийинчерээк көчүп келген, айланасына сыпайы адамдай көрүнгөн улгайыңкы эркек:

– Саламатсызбы, айым, – деп ага башын бир аз ийип салам берди, бирок аял жада калса эриндерин кыбыратып алик алып коюуга да жарабай өтүп кетти.

– Бул аял негизи дүлөй окшойт… – деди тигилер алыстагандан кийин үстүңкү кабаттагы балдарынын колунда жашаган буудай иреңдүү, толмоч аял.

– Балким, – деп коштоду эркек.

– А сиз күндө амандашасыз…

– Эми… Аялдын жолу улуу эмеспи. Эркек башыбыз менен мелтейип отура бергенибиз уят да. Саламга жыгылгандын айыбы болбос…

Буудай иреңдүү аялдын жанары жарк эте түштү. Ал эркелегендей башын бир тарабына кыйшайта, эркекке кылыксына тиктеди.

– Саламга жыгылганыңыз го жүйөөлүү деңизчи. Анткени менен ар нерсеге жыгыла беремин деп бир жериңизди майып кылып албасаңыз экен дегеним.

Азил жөнүн түшүндү көрүнөт, сыпайы эркек:

– Аялзаты үчүн майып болмок түгүл жаныбызды берсек да арман болбос! – деп куудулдана сөз узатты.

– Кызыл тилди кызыта сөзгө кирсеңер, укурук тийбеген азоодой эле карматпай кетесиңер го чиркин…

– Карматпасак, укуруктун кылкындырып жиберчү күчү барын унутуп калгандыгыбыздан го. Э-эй, эмнелер гана унут болбогон тирүүчүлүк бу…

– Ооба-а, унутпай турганды да унуттурган убакытка не чара…

Толмоч аял менен сыпайы эркек айта турганын айтышып бүткөндө бир тагдырдын казанын кайнаталы деп жагышкан оттун жалынынын бейдарек шамалдын багытына ооп кеткени сыяктуу көрүнүш көңүлүнө жакпадыбы, же көкүрөгүндө катылып турган оюн ортого салгысы келдиби, баятан бери үн катпай олтурган үчүнчү жан сөзгө аралашты:

– Тукумуң өскүрлөр ай, – деди ал бырс күлүп. Кыйгачтай-кыйгачтай сүйлөсөңөр да, айтор өз жолуңарды табууга эптүү экенсиңер. Экөөңөр жарашып эле турасыңар. Тек, баш кошуп алсаңар болгону. Балдарыңар деле буга каршы чыкпаса керек…

Ал тамеки тутантты. Көк түтүндү ач көздүк менен бир нече ирет соруп-соруп алды. Берки экөөнүн тикчие тиктеп калганын этибарга алган да жок.

Бул – Клара аттуу эже эле. Заты аял болгону менен эркек мүнөз жан. Өмүр бою темир жолдо кара жумушту катыра жасап, иштегениненби, айтор, сыпайылыктын айланма жолунан аттап өтүп, сөздүн ток этерин гана сүйлөөнү жактырат. Ара-чолодо сөзүнө сөгүнүүнү аралаштырып койбосо жаны жай таппайт. Ошондуктан эл-журт бул кишиге көп жакындай бербейт.

Бирок Клара эжебиз андайга кабатырлана койчу жан эмес. Алышса алышып, жулкушса жулкушуп жүрүп, айтканын аткартууга көнгөн. Айрыкча “чоң сымактарга” кыжыры келет. Үй кооперативинин төрагасы Кларанын көзүнө илинбөөгө далалат кылганы да бекеринен эмес.

Мына, ошол Клара бүгүн байгеге күлүк кошкондой такымын кысып отурат. Анан башкасына не дейбиз!

– Таарынбагыла, айланайындар! – Ири денесин ары-бери козгоп койду. Анан өчүп калган тамекисинин калдыгын ыргытып жиберип, кутусунан жаңысын чыгарып эрдине кыстырды. – Катуу айтты деп өпкөңөр казандай болбосун. Кызыл сөздүн кыябын таппады деп да жаман көрбөгүлө. Мени билесиңер, мен ушакка жакын жан эмесмин. Билгенимди гана тилге тээк кылам. Андай болсо билип койгула, мына бул Дамели да бир кезде болуп-толуп турган аял эле, бир коломтонун ээси эле. Азыр болсо кемелинен кетип, сөөгү гана калды. Биз илгери Алматы вокзалынын арт жагындагы барак үйлөрдө кошуна жашачубуз. Алыш-беришибиз, катышыбыз тондун ички боосундай жакын болбосо да, тааныштыгыбызга жылдар күбө. Муну силер да билип жүргөнүңөр дурус – кырсыктын баары Дамелинин баласын аскерге алгандан башталган эле. Бешенесине жазылган шору беш эли экен – жалгыз уулу Афганистанга түшүп калды. Беш-алты айдын жүзү өтпөй жатып, темир табытты кучактап боздоп калды байкуш. Андай күйүккө ким чыдасын… Күйөөсү пивоканаларды айланчыктап, ичип кетти. Жумшак неме экен, акыры өлүгү талаадан табылды. Ошондон бери бул бейбак өң менен түштүн ортосунда жашап калгандай…

Ал кенен тигилген халатынын чөнтөгүн аңтарып, оттук издеп калды. Муну түшүнгөн сыпайы эркек дароо лып этип оттукту жагып, ыңгайлап кармап бере салды эле Клара апа кайрадан бырс күлдү.

– Тукумуң көбөйгүр, сен мени аял деп сыйлап жатасың да ээ?..

– Жо-ок, бул жөн гана адеп, адеп…

Эркек ызылдап ийгенде эжекебиз короону жаңырта каркылдап күлүп жиберди.

– Адеп дейсиңби, а? Адептүүсүн мына бул тукумуң өскүрдүн! Эшек дымак десеңчи андан көрө. Эй, силер эркек аттуулар, көрдө да тынч жатпайсыңар, тейтеңдеп!..

Колундагы оттукту не жагарын, не жакпасын билбей дел болуп турган эркек ордунан козголгондо Клара эжеке күлкүсүн токтотуп, тамекисин тутантып алды.

– Пейилиңе ырахмат, – деди анан бир аз тыныгып. – Айтканыма таарынба. Тамаша иретинде эле айттым. Э, бул тирүүчүлүк эмнеси менен кызык болмок эле? Жараштыра сүйлөнгөн тамаша-күлкү менен кызык эмеспи. Тиги шок сиңдим экөөңөр азил-чыны аралаш сөз жүйөөсү менен акыйлашып баштаганыңарда биз да бир кыйла алаксып калдык. Убакыттан да уттурдук. Бул олжо эмей эмне? Албетте, олжо. Себеби ит минип, ирээтсиз камчы шилтеген жалкоолор аз да болсо эрмек таптык. Ошондой эмеспи?

– Албетте, кошуна, албетте, – деди эркек.

Клара эже андан көзүн алып, буудай иреңдүү аялга карады.

– А сага айтаарым, жүзүңдүн кызылы барда эр таап ал, айланайын. Ошондо көр-жерге алаксыбай, өз күбүңдү өзүң күрп-күрп бышып отурасың.

Толмоч аялдын өңү бузулду.

– Сиз эмне деп эле жатасыз? Уялсаңызчы…

– Э, бирөөнүн сыртынан тон бычкан сен уялбай, унчукпай тыңшап отурган мен уялайынбы? Андай болбойт.

– Сиз… сиз…

Толмоч аял ачууланган бойдон тез-тез басып үйүн карай кетип калды.

– Бир жерим кыйшайып калды, – деди Клара эже эрдин чүйрүп. – -Буларга өз оюңду айтсаң эч жакпайсың.

Эми эркек да көп турбады. Ар нерсени шылтоо кылып, акырын жылып ал да кетти.

– Сайпаналык шайтан күүсүнүн ышкысын жандырганы менен обонго дал келбейт, – деп табышмактуу сүйлөдү Клара эже, сыпайы эркекти узатып жатып. Анан бүт денеси менен мага бурулуп:

– Айыпка буйруба, айланайын, – деди салмактуу. – Өзүн акка чыгарып, башкага таш ыргыткан адамдарды жаным сүйбөйт.

Мен тоо тарапка көз салдым. Кызыл күүгүм жыйналып, караңгылык өз өңүн коюулатыптыр. Салкын желаргы башталган экен.

Турмуштун тумчуктурган кысымынан тагдыры талап-тоноого түшүп, муунуп жашаган жандын элеси аң-сезимимди бийлеп алганы ушунчалык, ордумдан көпкө чейин козголо албай отурдум. Ар кадамын эсептеп баскан аялдын куру сүлдөрү көз алдымдан кетпей койду. Жел жүрсө сынып кетчүдөй болгон куурайдай арык боюн сүйрөп кайда жүрөт болду экен? Кайра кайтчу маалы эбак өтүп кеткендей сезилген. Бир жамандыкка кабылып калбаса экен. Жөө кишисинен аркы-терки агылган машиналары көп болуп, ары-бери тынымсыз агылган Алматы көчөлөрүнөн ар кандай шумдук күтүүгө болот. Бул жакта дайыма сак болуу зарыл. Башкасын айтпаганда да, итинин өзү ийи канбаган теридей былжырап калган байкуш неден сактанып, неден боюн оолак кармоону да билбесе керек. Билбегенден кийин көчөдө беймаал жүрбөсө жакшы болмок…

Санаа басты. Моюнумду созо тоо тарапты карап коём. Көзүмө издегеним илинген жок. Элдер жумуштан кайтып, үй-үйлөрдүн астанасынан жутулуп кирип жатат. Бирок ит жетелеген аялдын карааны эч кайдан көрүнбөйт.

Башынан эле Дамелинин жөн адам эместигин ичимден сезчүмүн. Ошон үчүн аны жинди дегенге оозум барган эмес. Эгер чын эле акылынан адашкан болсо, жок дегенде жылына бир-эки ирет ооруканага түшмөк. Айрыкча жаз менен күздүн алмашкан маалында козголо түшкөн оорулары аны байлап-матап кармоого мажбурламак. Мен анын андайын такыр көргөн эмесмин. Ал дайыма батиринде тынч өмүр кечирет. Артык-баш ызы-чуусу да угулган эмес. Демек, ал ички жан дүйнөсүнүн азабын тарткан, өз тагдырына кул болуп калган пенде. Кул болгондон кийин тагдырга баш ийүүнүн каамытын моюнга илип алат да адам баласы.

Аны ашаарын ашап, жашаарын жашаган кемпир деп айтууга али эрте сыяктанат. Убакытынан мурда агарган чачы менен отсуз, терең кирип кеткен көздөрүн эсепке албасаң, жашы анча улгайгандай эмес. Карылыктын алсыраган белгиси байкалбайт. Анткени алдуулук менен ардуулуктун бул денеден али узап кетпегенин сырттан караган көз байкабай коюшу мүмкүн эмес. Муну али тереңге тамырын жая элек, жүзүнө жаңыдан гана түшө баштаган бырыштары да далилдеп турат. Көз тегерегине уялаган сызыктар карылыктын өзү эмес, ага бет алган багыттын гана белгиси.

Не деген менен, Дамелинин тагдыры ынтаамды толугу менен арбап алып, ал жөнүндө “билсем” деген сокур түйшүк мени отургучка байлап койгондой али да жалгыз отурам. Күтүп жатканым ит жетелеген аял экени айдан ачык. Бирок көз байланганча анын карааны көрүнбөй, сабырымды кетирди.

“Жумуру жердин бетинде канча адам жашаса, ошончо тагдыр бар”, – дешет билермандар. Балким, чындыр. Бирок ар бир тагдырдын өз кубанычы, өз кайгысы менен катар өзүнө гана таандык өң-түсү, ал өң-түстүн артында адам баласына гана мүнөздүү терең даанышмандык бар экенин эч ким толук айтып бере албаганы өкүнүчтүү. Айтып бере алмак да эмес. Себеби бир жашоону бир жашоо алмаштырып, түгөнгүс мейкиндик менен чексиздиктин белестеринен тынбай ашкан улуу көчтө бир ууч олжого азгырылгандардын – өз чамасынан артыкты билүүсү колунан келе бербес. Ошондуктан көкүрөгүндө жарыгы бар жандар азга ыраазы болуп, ошол аздан канагат таап, тобо кылуу менен чектелишет. Чек бар жерде чексиздиктин чыныгы маңызын аңдап-түшүнүү таптакыр мүмкүн эмес абал. Андай болсо, биз да айланабыздагы азын-оолак нерселердин азгырыгына берилип жүргөнүбүздү ачык моюнга алууга гана аргасызбыз.

Аргасыздыктын экинчи бир өңүтү да бар. Ал туюмуңду ойготуп, калың уйкуга кетирип албоонун шартын түзөт. Ошондо ашкере жайылган ачкөздүктүн белгиси адамды сергектикке чакырып, шалаакылыктын кишенин шарт-шарт үзүүгө мажбурлайт. Эгер ачкөздүгүң жашоого, жакшылыкка карата болсо, анда андан артык нерсе жок. Андай учурда адамдын адамга болгон мээрими артып, жардамга кол сунган камкордук эң башкы орунга чыгар эле. Ошондо жашоо жарык, көңүлүң ток болмок.

Өз оюма өзүм чайналып, жалгыз канча отурганым белгисиз, дал жанымдан: “Уф!” – деген үн чыкканда селт эте түштүм.

Мынабу укмушту караңыз, отургучтун бир четине Дамели жайгашып алыптыр. Ал эми дөбөт ит кожоюнунун бутуна сүйкөнө, боюн таштап узунунан сулап жатат.

– Алматы аябай өзгөрүп кетиптир го, – деди аял менин карап калганымды байкап, күбүрөгөн тейде, – Муну мурун билсемчи…

Жаңы эле асмандан түшкөнсүп аңкоо окшойт. Мен унчуккан жокмун, Дамели оюн өзү улантты:

– Убакыт токтоп калгандай сезилип жүргөн…

Таң калдым. Эшигибиз бөлөк болгону менен бир короодо жашап, бир түтүктөн суу ичип келгенибизге канча жыл болсо да, анын үнүн биринчи ирет угушум. Өтө жай сүйлөйт экен. Шыбыраганга эле окшош десем да жарашат.

Көчө ызы-чуусу басаңдаган учур. Машиналардын ары-бери агылган агымы да сейрек. Ошого карабастан бүт көңүлүм аялга бурулду. Ар бир сөзүн да текке кетиргим келген жок.

Дамели көзүн бир чекиттен албаган калыбында сүйлөп отурду:

– Бая, кыр башынан көз салсам шаар мурдагыдай эмес, мүлдө өзгөрүп кеткен экен. Каз-катар салынган кабат үйлөрдүн саны эсепсиз. Ушунча курулушту кантип алеки саатта куруп коюшкан, а?

Айткандары кудум эч нерсе көрбөгөн, эч нерсеге түшүнбөгөн бала сыяктуу.

Ал башын мага буруп, бакырая карады.

– Сен… сен канча жаштасың, иним?

– Кыркка келдим, эже.

– Чын эле кыркка чыктыңбы?

Манжаларын жазып-бүгө, ичинен бир нерселерди санап отурду.

– Сен… сен менин Мирасжаным менен теңтуш экенсиң! – деди анан кубанып. – Бирок сен улуураак көрүнөт экенсиң. Менин балам болсо али жаш… Келбети көз алдымда – балбырап эле турат. Балбырап!.. Болгону он сегизде болчу…

Сөзүнүн аягы муңга айланды.

– Кантейин, капыстан айрылып калдым. Жаратканымдын буйругу ошондой болсо керек. Э-эй, жалган дүйнө ай! Жакшыларга Кудайдын көзү биринчи түшөт дешет го… Оор экен. Бирок… тиги дүйнөгө да алды менен жакшылар керек чыгар… Илгеркилер ошентип айтчу эле. Билгенинен улам айтышат да…

Дамели бир аз дем алып, кайра сүйлөп кетти. Мага кезек бергиси жок. А кезек бергенде деле мен эмне айтам? Көп эле болсо бир-эки ооз сөз менен жубатууга тырышармын, андан эмне өзгөрмөк эле. Ошондуктан унчукпай отурганым эле туура.

– Бекмаганбет да жаман киши эмес эле…

Күйөөсү болсо керек деп ойлодум. Аным чын экен.

– Үй-бүлөсүн кем кылбайын деп күнү-түнү жанталашып иштеди байкуш. Тепловоз айдачу да. Убактысынын көбү жолдо өтчү. Үйгө келсе эле айланып-тегеренип баласынын жанынан чыкчу эмес. Колу бошой калса эле Мирасжанды мойнуна мингизип алып шаар аралап кетчү. Пенде эмесминби, кээде күйөөмдү баладан кызганчумун. Махабатымды уурдап бара жаткандай ичим тыз эте калчу. Бирок алар сейилдеп, кайтып келишкенде, уулумдун бир эле күлкүсүнө бүткүл ааламдын махабаты сыйып кетер эле. Ал эми күйөөнүн жеке сезиминен көрө, ааламдык ак жаркын сезим бийик эмеспи? Өзүмдү чыныгы бактылуу жандардын катарына кошо турганмын…

Баары түш сыяктуу элес болуп калды. Мирасжанымды аскерге чакырышканда, жан-дүйнөм аңтарылып түшкөндөй болгон. Көрсө, туюм кургур бир нерсени сезген экен. Жарым жыл өтпөй кара кагаз келди. Эң кейиштүүсү, темир табыт келгенде, аскерлер ачтырган жок… ачтырган жок капкагын. Уулумдун жүзүн көрбөй, кара жерге тапшырдым.

Уулунун өлүмү атасына оор тийди. Мен ийилсем, ал чорт сынып түштү. Ичип кетти байкуш. Акыры көчөдө өлдү. Киши колдуу болдубу деп күмөнсүйм. Анткени ден-соолугу темирдей бекем жан эле. Ал эми темир дегениң ага-буга оңой менен майышпаган зат го…

Кайсы бирин айтайын? Айткандан эле ичиңдеги кайгы түгөнө койбойт го. Ал бут жагында жаткан дөбөттү сылады. – Бул дөбөт Мирасжанымдын көзүнүн карегиндей көргөн күчүгү эле, карагым. Ал аскерге алынарда кичинекей күчүк эле. Азыр карыды. Өлсө, өз колум менен аруулап көмөм. Ээх… Балама кийгизе албаган кепинди ушуга кийгизсем анын эмнеси айып?..

Ал ойлорун жыйнагандай бир саамга токтоду.

– Менин бир эле тилегим бар, иним, – деди анан үнү каргылдана. – Тиги дүйнөдө да жашоо бар дешет го. Туугандар табышат дегенди эшиткемин. Эртерээк барып, Мирасжанымды бир өпсөм, ошол зор канаат мага. Атасы экөө ак эткенден так этип күтүп жаткандыр…

Дамели ордунан жай козголду. Каргысынын боосунан тартып, дөбөттү да тургузду. Ошондон соң жан-жагына карап да койбой, кире беришти көздөй бет алды.

Бул анын бой жазганы экенин кийин гана түшүндүм…

… – Ау-у-у-у-у!!

Түн ортосунан ооп калган маалда дөбөт иттин улуганы кошуналардын баарын сыртты көздөй дүрбөтүп, аягыбыздан тик тургузду.

Иттин үнү – Ау-у-у-у!! – деп ачуу ичегидей созулгудай болсо үн бүткөн боюң ичиркенет.

Толмоч аял кейишин жашырбай:

– Тигинин үнүн бассаңарчы! – деп көпчүлүккө кайрылганы менен нааразычылыгын баягы сыпайы эркекке багыттай сүйлөдү.

– Шашпаңыз, айым, шашпаңыз. Азыр тынчтандырабыз, – деди ал.

Күйпөлөктөгөн эркек Дамелинин батиринин эшигин тепкиледи.

– Эй, сен эмнеге анын эшигин тепкилеп жатасың?! Ал сенин никелешкен аялың эмес да, түн ортосунда эшигин каккылап айгай салчудай! Ити үн чыгарып жатат деп эле короздой кокуйлаба! Жөнүңдү тап!

Дээрин дегени менен бир шумдукту сезгендей Клара эже мага тигиле карады:

– Иничек, сенин үйүңдө телефон бар го. Дарыгерлерге да, милицияга да кабар берчи. Мынабу тегин нерсе эместей го…

Дарыгерлер менен милиция жарым сааттай убакытта жетип келишти. Бул маалда дөбөттүн да үнү өчкөн эле.

Баары тынчый түшүп, өз жайында экендигине ишенгиси келип, алар кайтып кетүүгө ниеттене башташты эле Клара эже жол бербеди. Акыры анын айтканы болуп, эшик ачылган кезде адегенде эле төшөгүнө жетпей кулап калган Дамелинин денеси көзгө урунду. Чалкасынан жатыптыр. Жүзүнө азганакай гана бир жылмаюу уялап калган. Күйөөсү менен баласына болгон кусалыктын кубанычка айланган ирмеми сыяктуу көрүнүш эле бул.

Ажайыбы, коркунучтуусу да ушунда – дөбөт да өлүп калыптыр. Ашкананын босогосуна артыла кыйшайган жаныбар алда кимден жардам күткөндөй, эшикке башын сунган бойдон жан бериптир. Иттин мынабу жатышынан бир нерсеге умтулуп жатканы байкалат. Балким, биз акыл-эси жок деп эсептеген жаныбар да өз ээсинин артынан калбай, ал кеткен жакка кетүүгө, аркасынан жетүүгө ашыккандыр, ким билет, береги жатышы анын ошондогу үрөй-кейпи чыгаар…

Төкен Алжантеги: “Ит улуган түн” алгач бул жерде - Адабий Ордо жарыяланды.

Төкен Алжантеги: “Ажалдын оюну”
4/5 - (7 добуш)

(аңгеме)

Райондун борборундагы чоң дүкөндүн алдына коюлган узун жыгач отургучта өзүнө теңтуш үч-төрт жигит менен кобурашып отурган Жанжуман каршысындагы аянтчага токтогон капкара машинаны көргөндө, капыстан селт этип, бирөөнү күтүп жаткандай ошол тарапты тигиле карап калды. Үмүтү алдаган жок өңдүү. “Джиптен” шаша-буша түшкөн, узун этектүү, кең көйнөк кийип, бети-башын чоң жоолук менен оронуп-чүмкөнгөн, толмоч, семиз аял менен бою узун, арык чырай эркек көрүндү. Эркектин кыймылы элпек. Кол-аякка жукпай аялдын айланасында ары-бери чуркап, камкордук көрүп жүрөт.

– Ап, баракелде! – деди муну көргөн Жанжуман өзүнөн-өзү алаканын ушалай кудуңдап, – Колуңа карга чычат деген ушул да!

Бул көрүнүштү түшүнө албай, сонуркай тиктеп турган шериктери да аң-таң. Алда-неден көңүлдөрү үмүт кылып турганына карабай, дал ошол учурда ал-жай сурашууга да батына алышкан жок. Бирдеме деп ооз ачса эле колуна конуп турган бакыт кушун үркүтүп алчудай болгон тартынчаактыгы аларды чыдатпай тургандыктан, айла жок, абайлап күтүүгө мажбур болушту.

Аялзатын көргөндө эркектин көзү алгач кайсы жерге түшөрү айтпаса да түшүнүктүү го, толук бийкеч жамбаштуу да экен. Кадам шилтеген сайын кең көйнөктүн өзү да анын өзгөчө мүчөсүн жашыра албагандай бүлкүлдөп, сырттагылардын кумарын козгоп турду. Ошону билип туруп да билмексен болгонубу, аял өзүн өтө эркин кармады. Жалтыраган булгаары сумкасын көкүрөгүнө кыскан калыбында термеле басып дүкөндүн эшигине карай бет алды.

– Желпигичиңди алайынбы?..

Чиркей чаккандай да көргөн жок. Укса да укпагандай, кекирейген калыбында унчукпады.

– А-а, макул анда…

Аялдын мүнөзүн жакшы билген тариздүү, эркек андан ары үн катпай анын соңунан ээрчиди.

Маң-маң…

Бах-бах!

Мына бул басыгынын ыргалышы кайыкты эле эмес, керек болсо деңиздеги чоң кемени да чайпап-чайкап жиберчү толкунду элестетет. Жел жүрбөсүн, жүрүп берчү болсо дүйнөнү астын-үстүн кылып жибериши да мүмкүн. Жараткан ушундайынан сактасын.

Ушул оюнун кадиксиз экенин далилдегендей жайчылыкта оозу тыйылбаган, өзү ушул күнгө чейин катынсыз жүргөн чийкил сары жигиттин шилекейи чубуруп, ал эми арыдагы аны-муну менен анчейин иши жок кара жигит да эриндерин жалай, шилекейин жутуп алганын байкабай калды. Ал эми муруну коңкойгон, бадырак көздүн таноосу дердейип, көзү жымыңдап кеткенине төбөдөгү кашкайган күн күбө.

Аял болсо мунун бирин сезер эмес.

Же сезген деле чыгар, анткени менен сыр бербестен, жай басып, миң сан көздү артынан ээликтирип-ээрчите өтүп кетти. Ушул калыбында кара жерди ныгыра баскан жалгыз пенде баласынан ушул аял гана барбы деп ойлоп кетесин.

Артынан салпаңдаган узун бойлуу эркек буларга катарлаша бергенде Жанжуманга тил бүттү:

– Эй, кудайдын сүйгөн пендеси! Кудай сага берерин берип койгон өндүү, бирок сенин бизге берериң барбы же жокпу? – деди башын бир аз кыйшайтып, жылмайып.

Эркек токтой калды. Анан “ошолбу же эмесби?” дегендей тигиле карап туруп, шыбырады:

– Жаншыгар?..

– Ооба, жаны чыга элек байкушпуз.

– Сен али тирүү белең?..

Жанжуман бырс этти.

– Өлүп калбаганымды көрүп турасың го. Өлбөгөн үчүн сага үн катып турганым да.

“Кудайдын сүйгөн пендеси” күлгөнүбү же үшкүргөнүбү белгисиз, шыпшына кетти:

– Ы-ых… Сен өлсөң кимдин жери кеңип кетмек эле, жүрө бер. Мен эмес, жер көтөрөт да.

– Албетте. Сени да, мени да жер көтөрөт.

– Убал дагы…

– Убал-соопту сен сүйлөбөй эле кой.

– Сүйлөсөмчү?

– Оозуң кыйшайып калбасын деп корком.

– Анда, ооз кыйшыйып калбас үчүн эмне кылышыбызды кааламакчысың?

– Мынабу кеңгиреп турган башты жазып жибер, ошол сооп.

– Анысы оңой экен.

Ал чөнтөгүнөн беш миң теңге чыгарып, Жанжумандын колуна кармата салды.

– Жетеби?

– Азырынча жетет. Кийин дагы жолугарбыз…

– Жолукпасак да көңүлүм баягыдай.

– Жолугушабыз, жолугушабыз. Албетте, сенде бир нерсе болсо бизде да болот деген үмүтүмдү үзбөйм.

– “Үмүтсүз – шайтан” дегенди улуулар бекер айткан эмес.

– Мына ушунуң туура сөз. Бул дүйнөдө жер баскандын баары шайтан экенин унутпагайсың.

Ушул маалда дүкөндүн эшигин ачкандан эринген аялдын үнү угулду:

– Өй, дагы баягыларыңбы… Эй, кезинде бул алкаштар менен ичип, тойгонсуп бүттүң эле го, эми кайда барасың? Айыл бул жакта, артка кайт, каралдым, кайт артка!

Өзгөлөргө бейтааныш, Жанчыгарга тааныш бул үн чыкканда эркек артына кылчайбай жөңөп берди. Жанжуман ээгин шилтей:

– Аял алганым – башыма нокто катканым дегени ушул го… – деди. Колдоруна “карга чычкандар” бул тушта аялдабастан, дүкөндөн алчусун алып, эл азыраак жүргөн кара бактын ичин көздөй кетишти.

…Эсине келгенде өзүнүн ай-талаада жатканын түшүндү. Бирок алгач кайда экенин ажырата алган жок. Сыягы, сейил бактын эле айланасы окшойт, айтор, темир тосмо менен курчалган аймак. Ооба-ооба, тирөөчтөрү бекем болсун дешкендей, темир тосмолордун түбүн бири-бирине улаштыра цементтеп куюп салышкан жер экен. Ошол тосмонун бир капталында жантайып жатыптыр.

“Эй, иттер-ай! Ит болбосоңор ушинтмек белеңер! Үйгө жеткирип койсоңор эмнеңер кетмек эле? Хандык тактыңардан ажырамак эмессиңер го…” – деп, аң-сезими тумандаган абалда бөтөлкөлөштөрүн ичинен катуу жемелеп алды. Андан соң башын көтөрмөк болду эле, башы коргошундай салмактанып, ыңгайына көнбөдү. Мынабу темир тосмону кургандар мунун башын тосмонун цементи менен кошо куюп салышкансып башы зилдей оорлошот…

“Өңчөй тилемчилер! – деп дагы күбүрөндү. – Колунда барга көз артып, азга канаат кылууну билбеген, кайрымдуулукту үйрөнбөгөн силерге не даба!..”

Күтүүсүздөн келген ачуу илеп кекиртегин үзө жаздап, өйдө сүрүлдү да, кудай жалгап, жанын кыйнабай кайра тез эле басылды. “Бул адаттагы эле өзүнөн-өзү келип, өзүнөн-өзү иттей болуп жоголчу кусунду да, сабыр, Жанжуман, сабыр”, – деди алде-неден уяла жымыңдашкан жылдыздарга көз жиберген калыбында көктү тиктеп жатып. Андан соң узундуу күнү не иштеп, не койгонун эстеп көрүүгө тырышты. Эртең менен өз үйүндө аман-эсен ойгонгону анык беле? Анык…

Дасторкондо катый түшкөн нандын күкүмүн оозуна салып орозосун ачканы да чын болчу. Ошондой эмеспи? Дал ошондой.

Ачууланып, буркулдап жүргөн аялынын бир сөзүн кулагына илсе, экинчисин кулагынын сыртынан кетирип койгону да анык.

Андан ары бирдемеден куру калчудай болуп күн сайын чогулчу “куттуу” жайына карай алып-учуп жөнөгөнү да белгилүү. Дал ошол жакка бара жатып, жолду айлампага айландырып койгон чоң көрүстөндүн тосмосунун ичине ашып түшүп, бир “кое берип” алганын да танбайт. Аркы дүйнөдөгүлөрдүн алдында ушундай күнөө кылганын мойнуна алат. Бирок суусаганда суу издеп, салкынды самап, үшүсө аптапты издей берчү көңүл жарыктыкка кайсы ылаажы, мындайда убал-соопту да кийинге калтырганы чын болчу.

Ушундай башаламандыкка өзү эле күнөөлүү эместигин айтып, ичинен өзүн-өзү актоого да аракет кылганы эсинде. Казакстанда жер жетишпей жаткансып көрүстөндү калк отурукташкан жердин так ортосуна жайгаштырып салгандар – муну эмне ой менен кылганын түшүнө албаганы ошого түрткү болгон. Тирүүлөр менен өлүүлөр аралаш жашасын деген пейилби, же болбосо тирүү кезде өлүм дайыма жанында катар жүрөрүн унутпасын деген эскертүүбү – айтор, көп айыл-кыштактарда ак сарайдай үйлөрдүн түбү барып көрүстөндөргө такалып турганын билчү. Жанжуман тиричилигин өткөргөн “район борбору” деген аты бар бул шаарча да дал ошондойлордун бири. Бир жакшы жери – көрүстөн тосмо менен тосулган. Болбосо “айылы аралаш, кою короолош” болуп, тирүү менен өлүк чогуу “баш жазып кетпесине” ким кепилдик берет эле…

“Астапыралла!” деди, ою чектен ашып баратканын сезип, учкул кыял-оюн ооздуктоого тырышып. Бирок мунусу узакка созулган жок, саамдан соң баягы эле ой нугу уланды.

Бул көрүстөн да заман агымына жараша өсүп-өнүккөнү көрүнүп турат. Илгери калктуу конуштардын четин гана ээлеп турса, бара-бара ортодо калып калган экен. Мунун да жөнү бар. Айланасындагы майда айылдар тарып, эл көчө баштаганда кайда барышмак эле, албетте, калкы көп, мүмкүнчүлүгү мол чоң борборлорго агылышты да. Жөн гана келип тим болбостон, үй салып, тиричилигин оңдоого аракет кылышкан. Ал үчүн эң биринчи эмне керек эле? Жер керек болчу. Кадимки эле, жайчылыкта адам баласы баасын толук аңдай элек кара жер!

Ал эми жер дегениң көз көрүстөндүн ары-бери жагында толтура эмес беле көз жоосун алып? Бар да ал, анан каалаганыңды кур. Аның үчүн өлгөндөр сага каршы чыкпайт, орундуу-орунсуз кыйкырып, тынчтыкты бузбайт. Болду.

Ошентип, арадан далай жылдар өтүп, көрүстөн дегениң чоң калктуу конуштун так ортосунда калды да, айланасы тирүүлүктүн күлкүсү менен курчалды. Азыр кайда караба, узуну-туурасы ат чабым болгон ак үйлөрдөн баш айланат. Эми аларды асмандан чагылган түшсө да буза албас. Анткени азыр колундагы токочунан жөн эле ажырап калчу акмак жок. Адамдар колунда барынан ажырамак түгүл бири-бириникин үзүп-жулуп тартып алууну үйрөнүштү. Муну айрымдар “замандын өзгөрүшү” деп коюшат, өз кылыгын актамакка шылтоо кылып. Жок, заман баягы эле заман, убакыт баягы эле убакыт. Тек гана, адамдардын пейили өзгөргөнүн айтууга эч кимдин шаасы жетпейт. Ошол пейил тирүүлөрдү байкатпай колунан кармап, көргө карай сүйрөп бара жатканын аңдоого эч кимдин баш катыргысы келбегени да өкүнүчтүү. Көрүстөндү айланып өткөндөн кийин өз оюна өзү ынангансып, Жанжуман эми эч нерсеге алаксыбай, бара турган жерине жетип алууга тырышып, кадамын ылдамдаткан. Анын караанын алыстан эле байкап калган чийкил сары Коңкош да, капкара болгон Айтказы да, коңкойгон коңко мурун Сергазы да кубанычтарын жашыра алышкан жок.

– Аман-эсен жеттиңби, шайыр жигит! – деп Сергазы азил аралаштыра ыржайды.

Анын сөзүн Коңкош улап кетти:

– Башың ордунда, бакайың бүтүн эле сыяктуу, эмнеге мынча кечиктиң деги? Сабырыбызды түгөттүң го тим эле…

Айтказы да тим калбай сөзгө аралашты:

– Ооз бошото турганы барда оонагандан алыс калбаганын бизге далилдегиси келди да бул кайраның, – деди эч ким сурабаса да арага кийлигишип.

Жанжуман унчукпай туруп анан кергиштей сүйлөдү:

– Ашыга күткөнүңөргө караганда, тим эле кең-кесири дүнүйөнүн капкасын ачып койгондойсуңар го. Мына, келдик, кана эми жоомарттыгыңарды көргөзгөзө бергиле, – деди отургучтун бир четине олтура берип. – Балким, чекени тердетер, какшыган өзөктү жибитер бирдеме тапкандырсыңар, бар үмүтүм силерде?

Муну укканда Коңкоштун өзөгү тарта түштү.

– Ой, сен да бир… – деди да сол жагына карай чырт түкүрүнүп, – Эгер бирдеме табылса ушинтип кол куушуруп отурат белек күбүр-шыбыр болуп? Кетер элек го ар кимибиз ар кай жакка, кетмен-күрөгүбүздү көтөрүп алып…

Үнү кыжырдана чыкты.

Чынында ошондой болчу. “Эки колго бир күрөк” деп жүргөндөр кимдир бирөө жумуш сунуштаса эле жапырт жүгүрүп кетүүгө даяр турушчу. Чоң шаарларда “жетим бурч” деп аталган жерлер бу шаарчада так ушул жерде орун алган эле.

“Жетим бурчтагылардын” эл оозуна алынган дагы бир аты – “аракечтердин уюгу” дешип, буларды жактырбагандар күбүрөп-шыбырап калышчу. Бирок так ушинтип айткандар бул жердегилердин абалы менен бир ирет болсун таанышып көрүштү беле? Ушу жерге топтолгон ар бир адамдын тагдырынан кабардарбы? Жок. Анда “өз оозум өзүмдүкү” деп эле, оңду-солду оозуна келгенди оттой бербегени дурус да. Ооба, ошондой, “тоюп секиргендер тоңуп секиргендерди” орундуу-орунсуз каралай бербесин!

…Анан эмне болду эле? Жанжуман оюн жыйып үлгүрө электе эле дүкөндүн алдына сүлүк кара машина келип токтогон да, андан жамбаштуу аял менен узун бойлуу эркек түшө калышкан. Андан кийинкиси болсо айтпаса да белгилүү, сейил бактын ичиндеги ичмей түн ортосунда жылдыз саноого чейин уланып кеткенине караңгылык өзү күбө.

Ошондо дегени неси… Дал ушул учурда азыр өзү кайда жатат? “Оо-уп!”

Тура албады. Муун-жүүнү калтырап, өзүн кармай алар эмес.

Эй, токто! Балким өлүп калган чыгар? Балким тиги дүйнөнүн эшигинен бери шыкаалап жаткан жокпу?!

Айланасына кулак салды.

Ара-чолодо унаа жарыгы караңгылыкты тилип өткөндөй болот. Гүр-гүр эткен үн түн тынчтыгын солкулдатат. Демек, аркы дүйнөгө өтпөгөнү анык, башкача айтканда, өлбөгөнү, берки эле дүйнөдө тырайып жатканы шексиз. Балким, алгач ойлогондой эле сейил бакта же болбосо үйүнө бара жаткан жолдогу бир короонун чарбагынын түбүндөдүр. Айтор, көчө кезген иттердин муну көрбөгөнү, оозу-башын жалап кетпегени гана чоң сооронуч.

И-ие, жалган дүйнө-ай!..

Жалган эмей эмине, ыңаалап кечээ эле төрөлгөн, бүгүн болсо бирөөнүн чарбагынын түбүндө иттей болуп ичи кабырылып жатат.Туураланып оонаганга да алы жетер эмес. Ушунун баарын карап туруп өмүр дегениң өкүнүчтүн очогунда буркан-шаркан кайнап жаткан казан сыяктуу нерсеби, кандай бу деп ойлоп кетесиң? Ушул кейпинен жазбай кете берсе, баары түгөнүп, бир күнү өмүрдүн деле аягына чыккан кезин көрүүгө да мүмкүнчүлүк келет го. Тек, ошол күнгө абийир менен жетсе жакшы…

Негизи, мына бул абийирсиздиктин башаты кайдан башталды эле?

Баары баягы чоң жамбаштуу аялдын жанында жүргөн “Кудайдын өзгөчө сүйгөн пендеси” аталган Кудайбергенге жолугушуудан башталган сыяктуу. Жыпылдаган Кудайберген оболу мечиттерди айланчыктап, анан “жетим бурчту” жана ага окшогон “жетим” жайларды аңдып жүрүп, акыры бир нече жигитти айтканына көндүрдү да, аларды алыс жакка жөнөтүүгө даярдай баштаган.

Албетте, “тетиги жакта алтын бар дегенге ишенип барып, жез да таппай калдым” дешпесин деп өзүнө ишенгендердин алакандарына аз-аздан тыйын таштаганы үчүн мындагылардын баары ага бекем ишенип калганы кечээки күндөй эле эсинде.

Булар адегенде мечитке барып, эл менен катар тизилип намаз окууга көнүштү. Албетте, баары эле намазкөй болуп кетишкен жок. Маселен, Жанжуман бала чагынан кулагына сиңген Ыкылас менен Фатиха сүрөлөрүнүн үч кайрымынан ашыра алган эмес. Ошентсе да, көзөмөлчүлөр үчүн бул анчейин маанилүү болбогон сыяктуу, айтор, аны эч ким тизмеден чыгарып салган жок.

Көзөмөлчүлөр дегенибиз… андайлардын бар болгондугуна эч ким шек келтирчү эмес. Аларды кадимки адамдардан айырмалоо мүмкүн эмес эле. Эч ким менен иши жоктой өзүнчө жүргөндөр тигил бурчтан, бул бурчтан чыга калышчу.

Капилеттен эле кадимки айтыла жүрчү “баяндардын” “обону” өзгөрүп, тизмедегилер шашылыш жолго чыгууга кам көрө баштаганда, дүйнө астын-үстүн түшкөндөй болду. Ар кайсы жерлерде текшерүүлөр жүрүп, бир топ адам камакка алынды. Алардын арасында Жанжуман да бар эле.

Ал күндөрдү адам башына салбасын – чыныгы тозок отуна түшкөндөй эле го! Түнү бою уйку жок. Көзү илине баштаганда эле кайра суракка алышат. Сурагын берип гана отурушса да бир жөн. Жок, башыңа целлофан баштык кийгизип муунтушат, кээде союлдай муштумдары менен алсыраганча сабашат. Кызыгы, сабаганда денеңде так калтырбайт. Бирок жаныңды көзүңө көрсөтүшкөрү чын.

Сурагандары да бир эле: “Сирияга эмне үчүн бармак болдуң? “Аль-Каида” менен байланышың барбы? Азгыргандар кимдер? Тобуңарда дагы кимдерди тааныйсың? Жихадды кайда, эмне үчүн уюштурмак болдуңар?” жана башка ушул сыяктуулар.

Эгер алардын уккусу келбеген жоопторун быдылдачу болсоң кайра эле таяк жейсиң. Камеранын бир бурчунда кан-жошо болуп жатып, эптеп эсиңди жыясың.

Ошентип күн артынан күн өттү, айлар жылды. Акыры сот болуп, айрымдарына жылдап, кээ бирөөлөрүнө айлап жаза беришти. Жанжумандын камакта өткөргөн убактысы эсепке алынып, ошол өлчөмдө мөөнөтү кыскарып, сот залынан бошотулуп чыкты.

Чынын айтканда, Жанжуман Сирия, жихад дегендер менен иши жок, андайдан алыс жүргөн адам эле. Ал жакта таш доорун элестеткен жагдай-шартта адамдар жашаганын тарых китептеринен окуп билчү, бирок куму да, куну да бейтааныш, бөтөн жерге барып, кайдагы бир бейтааныш адамдардын талашына аралашуу деги эле оюна келбеген иш эле. Болгону акча таап келүүнү гана самаган. Шытыраган “көк кагаздарды” санап, аялдын алдына таштай салса “куда да, кудагый да тынч” дегенди санаасына түйүп алган экен. Дал ошондой күнгө жетип, кулак-мээсин жеген катынынын ызылдагынан кутуларына абдан ишенген. Бар болгону ушул эле.

Соттон Жанжуман бошоп чыкканы менен “Кудайдын берген баласы” Кудайберген беш жылга кесилип кетти. Жазасын өтөп келген соң экөөнүн бир жолукканы бар. Ошондо Кудайберген: “Мени сатып кетпегениң үчүн рахмат, Жаншыгар! – деди, адатынча “жуманды” “чыгарга” алмаштыра сүйлөп. – Сен мени күнөөлөп чыксаң, мен элдин бетин карай албай калмакмын”.

Чынын айтканда, Жанжуман аны каралагысы келбегендиктен каралаган эмес, айтканынын баары кайра айланып өз башына тийип калбасын деп гана тилин тыя билген. Андан жамандык көрбөгөнү белгилүү.

Ошондон бери экөө жолуккан эмес эле. Бүгүн жүз көрүштү. Дени соо экен. Ага да шүгүр. Ал эми катынычы?.. Аял дегениң кергиштебесе, бир кулач тилин агытпаса аял болобу. Аларды бир түзөй алса кабыргаңдан алып жасаган Жараткан гана түзөй алар.

Жанжуман асманды карады. Жылдыздар эсепсиз жыбырап, Жети Каракчы өз сабын ылдый карай түшүрүптүр. Бул дегениң түн ортосу ооду дегенди түшүндүрөт. Андай болсо, ордунан турууга убакыт келген окшойт. Колу-бутун кыймылдатып көрдү. Жазылып калыптыр. Башычы? Ал да зыркырагын азайткандай. Болгону тили салактап, оозуна батпай баратканы гана жанды кыйнайт. Эч нерсе эмес, мунун баары көнүмүш абал. Калт-култ этип таманы жерге тийген күндөн баштап адам баласы кээде ооруйт, кээде жазылат, кээде суусайт, кээде чаңкоосун кандырат. Бу да тирүү жүргөнүңдүн белгиси. Көөдөндө жан барда мындай каккы-соккунун дагы далайын көрөрсүң. Андай болсо эмнеге жатасың? Оо-уп!

Көкүрөгүн жерден көтөрө берип эле селт этти. Колу-буту муздап кетти. Ой, тобо! Бул көрүстөндү курчаган коргон турбайбы! Ооба-ооба, дал өзү! Жетип жыгылган жерин карачы! Баса, бая өлүү да эмес, тирүү да эмес абалда жатканы өлүм менен өмүрдүн ортосундагы алпурушканы экен го…

Кулагы чың-чың этти.

Илгери улуулар: “Адам төрөлгөндө жердин бир жери бүлк этет, – өлгөндө дене ошол бүлк эткен жерге жашырылат”, – деп айтышчу. Ошондо буга тиешелүү эки кулач жер ушул жерден буюрганбы? Кыймылсыз жатып калганым ошону ишарат кылганбы?

“Ла илаха иллалла, ла илаха иллалла…”

Ичинен бир нече ирет кайталады. Катуу коркконунан го, соттон кийин биринчи жолу келме келтиргени ушул эле.

Бир аз жаткан соң башын көтөрүп, айланасын кайра карап чыгууга аракет кылды. Жылдыздардын үлбүр жарыгында мүрзөлөрдүн карааны калдайып, үрөй учурат. Ошол соройгон бейиттердин арасында ар кайсы тушта көлөкөлөр жылып жүргөндөй сезилип, санаа-сезимиңди сестендирет. Балким, алар элес эмес эле өлгөндөрдүн нак өздөрү болбосун, тирүүлөр менен байланыша албаган соң, бири-бири менен аралашып жүрүшкөнүбү? Же тынч жаткан жайынан тынчын бузган мобу тирүүгө нааразы болуп, дүрбөп кетишкениби? Баары мүмкүн, тирүүсүндө тынчын алган адамдар, аркы дүйнөнүн тынчтыгына жеткенде да тынч койбогонуна нааразы болгондор чыгар…

“Ла илаха иллалла, ла илаха иллалла…”

Күбүрүн улантты.

Ошентип жатып, “адам үч күндөн кийин көргө да көнөт” деген сөздү эстеп, айланасын кайрадан карап чыгууга кайрат тапты. Мынабу кереметти караңыз, сүрөөнүн күчүнөнбү же башкаданбы, элестер кайып болуп кеткенсиди. Тигиндейде кара жол менен өтүп бара жаткан машинанын жарыгы айланасын жарк эттиргенде, көрүстөн баягы эле көрүстөн бойдон калып, өзү болсо кыймыл-аракети сакталган тирүү адам калыбында эле экенин аңдады. Демек, тирүү экени талашсыз. Тирүү болгондон кийин азыр ордунан турат дагы үйүн көздөй жортуп жөнөйт. Жанагылар көрүп алсын, Жанжуман али да жер баса ала турганын, басып да жүргөнүн!

О-оуп!

Жер таяна талпынганы менен оюна алда бир нерсе келип, тып токтоп калды.

А эгер өлдү дейлик… Анда эл-журт, тууган-туушкан муну ким деп жерге бермек? Аракеч деппи? Же болбосо бул дүйнөдөн эч нерсе таппай кеткен байкуш деппи? Кой, андай дебес. Узун аркан, кең тушоолуу казакчылык жамандыкка кыя койбос, жаназага чогулгандар беттери бир былк этпей туруп “улуу-кичүүгө боорукер, кой оозунан чөп албаган момун, тууган-урукка ачык-айрым, ак жаркын жан эле” деп жаманын жашыра, жакшысын ашыра айтышары бышык. Бирок ошол сөздөрдү жансыз дене боюна сиңире алмак беле? Каргасаң да, мактасаң да ага баары бир эмеспи? Анда, ошондой жалган мактоолорду желбиреткенинен казак не утат өзү? Деги эле ута турганы жок. Эгер кебинен кемчилиги ашкере билинип калса бар тапканы – “окубагандыгынан, билбестигинен” дей салмай. Бардык шылтоону ошого артып тынчышат.

Мисалы, Жанжуман да жогорку окуу жайда окуган эмес, эл катары жогорку билим алган эмес. Анткени менен тиги-булардан өзүн кем сездиби? Жок. Анткени айылда жүрүп эле китептен китеп калтырган эмес. Кечинде мал жайлап келген соң, шамдын күңүрт жарыгында казак жазуучулары менен катар дүйнө адабиятын да түгөлдөп, түгөтө окуп чыкканы жалганбы. Башкасын айтпаганда да, “коёнчук”, мээ ооруусуна учураган француз Ги де Мопассанды, санаасы тынчыбай, күйгүлтүккө көп түшкөн чех Франц Кафканы да, талма оорусуна чалдыккан немис Фридрих Ницшени да, көңүл азабын көп тарткан америкалык Эдгар Пону да, атасынын өчү бардай дуэлди сүйгөн, дуэлден өлгөн орустун Пушкинин да окуп чыккан. Эмне тапты? Эч нерсе тапкан жок. Болгону акчага муктаждык, дүнүйөгө ачкалык буттан чала бергенин токтотподу. Акыры санаасын да, болмушун да байлык деген бир балээ чидерлеп тушап алды. Ал тушамышты үзүп салууга чамасы жетпегени Жанжумандын алсыздыгы болду.

Дегени менен ошону биле турган бирөө табылдыбы, табылып буга дем берүүгө жарадыбы? Жок. Мына, акылдуу деген адамдарыңдын акмактыгын дал ушул жерден издесең жаңылбайсың.

Капысынан селт этип алып, ордунан атып турду да үстү-башын кагынды. Алгач буту бир аз чалыштап кеткени менен бат эле боюн жазып алды.

– Мен өлбөймүн! – деди анан көрүстөнгө тигиле карап туруп келе жатып, өзүнө өзү кыжырланып. – Ажалдын оюну бүттү, эми өмүрдүн оюну башталат! Бүттү!

Бул кезде таң шооласы агарып келе жаткан эле.

Төкен Алжантеги: “Ажалдын оюну” алгач бул жерде - Адабий Ордо жарыяланды.

Төкен Алжантеги: “Адашкан махабат”
5/5 - (5 добуш)

(аңгеме)

“Кечээгинин баары сагыныч. А бүгүнкү күн ошол сагынычка алып барар чыйыр жолдун башталышы гана”.

Кайдан окуганы эсинде жок, айтор, жадында жадыбалдай жатталып калган ушул философиялык маани эсине түшкөндө Жантөрө бир жери катуу ооруп кеткендей жүзүн бырыштыра, күрсүнүп алды. Жөнү бар эле. Акыркы кезде мээсин эзген караңгы ойлор артынан калбай ээрчиген жолбун иттей болуп, абдан мазесин алып жиберди. Күндүз көлөкөсүндөй болуп жанынан кетпей, күүгүм кирери менен мээсин айлантып, жан дүйнөсүн жүндөй сабагандан бир саамга да тажабаган ой-санаалар… Мына ушуга каршы турар кайрат таба албаганы – жигиттин кулчулуктун кишенин моюндаганына барабар эмеспи. Не айла да, не даба?

Өткөн күндөрү көз алдында. Чоң калаага келгенине он беш жылдын жүзү болду. Алгач спорт мектебинде окуду. Спортко шыктуу талапкерлердин бири катары таанылып, самбо күрөшү менен алектенди. Республикалык мелдештерде калыстар тобунун катарын толуктаган учурлары да болгон. Бирок көксөгөн көкжээгине жете албады. Бирге машыккандары олимпиадалык келечеги бар деген үмүт менен дзюдого кетти да, бул көчтөн адашкан жетим тайлактай жалгызсырап жүрүп, акыр соңунда баарынан кол үзүп, жаны тынды. Ырас, бирин-экин машыктыруучулары өз топторуна чакырган учурлар болду. Бирок, эмнеге экени белгисиз, көңүлү бул ирет баштагыдай улкушуп-жулкушууга чаппай туруп алды да, айрылыштагы экинчи жолду тандады. Ошондон бери жалгыз. Тиричиликте да, талаш-тартышта да өргө карай жүткүнбөй, мандайга жазганына моюн сунуп, күнүн көрүп жүргөн.

Ушундай күндү миң күнү күтсө да тымтырс, мелтиреп жатып, анан эле бир күнү туруп эле алеки саатта берерин, аянбай жайнатып салганына не дейсиң бул тагдырдын! Анарга кездешип, тыптынч жаткан сезимдерин куюн сапырып өтөрүн байкаган жок да. Баарынан да куулук-шумдугу жок ушул мүнөзү менен бул дүйнөнүн ырлуу-чырлуу сезимин кабылдай алганынын өзү ажайып кубулуш эмей эмне…

Алардын кездешүүсү да адаттагыдан башкача. Жантөрө жумуштан кайтып келе жатып, жолдо көңүлү алда неге түпөйүл болуп, оң тарабындагы эс алуу багына бурула калган эле. Саябактын ичиндеги жалгыз аяк жолдун тиги учуна бир, бул учуна бир чыгып басып жүрө берип, акыры чарчаганда четтеги орундуктардын бирине отура кетти. Өзү отурган орундуктун наркы четинде отурган кызды көрүп, алгач саксына түшкөнү да ырас. Антип кооптоно түшкөнүнүн да жөнү бар эле – кыз тумчулана кийинип алыптыр. Башкасы го башка, бети-башын капкара жабуу менен чүмкөнүп алганы бир кызыктай экен.

Ошол кызыгуусунун аркасы менен жайчылыктагы тартынчаак мүнөзүн мындай жыйыштырып салып:

– Карындаш, сураганымды айып этпениз, ушул калаанын тургундарынан болосузбу? – деп таанышууга ынтызарлыгын билдирди.

Кыздын үнсүздүгү бир саамга созулду. Чай кайнам убакыттан соң гана:

– Жок. Кемерденмин, – деди басаң үн менен. Добушу үлп эткен желден үзүлүп кетчүдөй өтө назик угулду.

“Кемер?” Ары ойлонуп, бери ойлонуп андай жер аталышын эсине тушүрө алган жок. Ошону менен суроолорун андан ары терендетүүгө батына алган жок. Ошону түшүнгөнсүп кыз өз сөзүн өзү чечмелеп берди:

– Батышка карай отуз чакырымдын ашык жүргөн соң оңго бурула турган бурулуштагы колтукта.

– Э-э, укмуш жер го…

“Колтук” дегенди өзүнчө тамашалап айта койгону эле бул.

Кыз угулар-угулмаксан “бырс” эте күлгөндой болду, анткени менен андан башка эч нерсе айтпады. “Уктуң. Калганын өзүң түшүнүп ал” дегенсип тымтырс олтура берди.

Арыда Жантөрөдөн да үн чыккан жок. Жигит өз дүйнөсүнө сүңгүп кирип кетти. “Кызык, – деп өзүнчө ой жүгүрттү, – биздин “коюн, колтук, бөйрөк, ич, моюн” деген дене мүчөлөрүбүздүн аталышын табиятка да ыйгаруу, атоо аркылуу жаратылышты жаныбыз менен бириктирип алганыбыз кабышарыбыз менен табышарыбыздын ортоктугунан чыгар”. Ошентти да, башын чалкалата берип, көзүн үлүрөйтүп, кеч күүгүмдө мелтирей түшкөн асманды тиктеди. “Мына сага, – деди ичинен таңыркай, – узун күнү алоолонгон аптаптан асмандын өзү да чарчаганбы, же бүркөлгөнүбү, кандай бу?..” Чынында эле, жайчылык убактагы чымкый көк асман дал ушул ирмемдерде өңү өчкөн чүпүрөктөй боппоз болуп турган эле. Мына ушуну карап олтуруп, июль айынын али да ысык, аптаптуу болорун болжоо кыйын эместей…

Жаратылыш тууралуу ички талкуусу андан ары карай созулган жок. Анткени баятан бери үнсуз олтурган кызга тил бүткөн эле:

– Ооба, тоо арасындагы колотко сүңгүп кирер туштагы түзөндөгү айдыңчада жайгашкан айыл.

– А-а… ошондойбу?..

Бул сөздү Жантөрө чын пейилден айткан жок, айтор, жанында олтурган адамдын ыкыласын жоопсуз калтыргысы келбегендиктен баш ийкеп тим болду. Ошону тушүнгөнсүп кара матага оронгон кыз оор күрсүндү.

– Акыркы эки жыл ичинде ошол жердин насиби буюруп жүрөт…

– Насип буюрса айла барбы. Мына, мага да ушул калаанын даам-тузу буйруп, жашап жүргөнүмө арысы-бериси болуп бир топ мезгил өттү.

“Ошондойбу?” дегенсип кокустан жалт караган кыздын желп эте түшүп кеткен бет пардасынын артынан жарк эте түшкөн ууздай аппак жүзүнө көзү түшкөндө Жантөрөнүн ичи кым этти. “Э-эй, мынабу кыз нагыз периште го!” – деди ою бир түрлүү удургуй түшүп. Чынында, кара мата ичинен ак канатуу периште учуп чыккандай эле болду. Кызылы тарабаган жүзү, ууртуна кош чуңкурду коноктой дирилдеген эриндери, уяңдыкты уялаткан карагаттай капкара көздөрү, сүрөтчүнүн калеминен үзүлүп түшкөндөй кыйгач тарткан каш-кабагы – баары-баары мына бул кыздын жер бетиндеги пенделердин бири эмес эле, ааламдын бир түпкүрүнөн түшүп келген жан сыяктанып сезилген эле. Чыдабады:

– Сулуулардан да ашкан сулуу болот экен го! – деди тамшана.

Кыз торлуу бетпардасын түзөгөн калыбында алда неден чочулагандай боюн окчундата кармады.

– Сиз да башкалар сыяктуу эле ар нерсеге ашыкча кызыгып, кумарлана берген жан окшойсуз?.. – деди үнү дирилдеп.

Жантөрөнүн жүрөгү тызылдап кетти. Өзүнөн-өзү ынгайсыздана:

– Айыпка буюрбаңыз, мен… мен байкабай калдым… – деди шашкалактай. Кыз жылмайды. Чоң эле жигиттин уурулук кылып алган жаш бала сымал кымырылып-кысыла түшкөнү кызга кызык көрүндү.

Экөө дагы бир топко чейин унчукпай отурушту. Жигит береги табышмактуу кыздын каршылыгын билдирген бир ооз сөзүнөн кийин өзүнүн ашыра кетип алган жоругун кантип жууп-чайып саларын билбей далбастап калса, кыз да өзүнчө алда неге тынчсызданып, көңүлү улам-улам бирдемеге алагды болуп олтурду.

Экөө ушундай абалда олтура берип канча убакыт өтүп кеткенин да байкабай калышты. Болгону, күүгүм кирип, көз байлана баштаганда гана Жантөрө:

– Эгер каршы болбосоңуз, узатып коеюн, – деди батыл тартып.

Кыз башын чайкады.

– Кабатыр болбоңуз. Мени күтүп жаткан адам бар.

– Каш карайып бара жатат го…

– Жумушунан чыга албай жаткандыр… Келип калар…

– Андай болсо жакшы.

– Албетте. Ниетиңизге рахмат!

– Анда мен барайын, саламатта калыңыз.

– Эсен-аман болуңуз.

– Ооба, эң башкысы аман бололу.

Дерин дегени менен ички дүйнөсү таптакыр башка нерсени каалап тургандай эле. Ошол сезимдин жетегинде ордунан араң көтөрүлгөн жигит үйү тарапка жөнөп берүүгө шашкан жок, өзүнөн-өзү кыбырай басып, арыраактагы дарактардын тушуна жеткенде таптакыр токтоп калды. Демейде шыпылдай баскан буттары эми азыр коргошун куюп койгондой көтөрүлбөйт, деги эле көтөрүлгүсү келбейт. Баскысы келбейт.

Жантөрө калың бак-дарактардын бутактарынын арасынан билгизбей артка көз чаптырып, табышмактуу кыздын баягы отурган ордунан козголбогонун байкады. Атүгүл уюп калган бели-башын бир азга эс алдырайын деген ниетте да ордунан жылайын деген ою жоктой. Сол жагына карай кыйшая, орундуктун жөлөнгүчүнө сүйөнгөн калыбында катып калган кара ташты элестетет. Аны карап туруп: “Жок, бул сулуунун күтүп жаткан эч кими жок, – деди ичиндеги туюму. – Андай болгон соң, аягына чейин байкайын”.

Жол боюндагы жөө жүргүнчүлөр орнотулган жарыктар күйгөн кезде деле кыздын маңдайынан тирүү жандын карааны көрүнгөн жок. Саат жебеси чыкылдай, убакыт түн ортосун көрсөткөн ченде Жантөрөнүн чыдамы түгөндү. Ал жашынган жеринен кандайча чыгып, кыздын жанына кантип жетип барганын өзү да байкабай калды.

– Чырагым, мен сени жеп жиберчү карышкыр эмесмин, – деди шаша сүйлөп, – түн ортосу болуп калды, сен болсо али козголор түрүң байкалбайт. Бирөө-жарым мазеңди алып, тийишсе кантесиң? Түн ортосунда бул жерде жалгыз олтуруу оюнчук эмес. Мына бул түнкү бактын арасы сага коопсуз жай эмес. Андыктан айтканга көн, мени менен жүр. Эсептешчүң менен эртең деле эсептешип аларсың.

Ушуну айтып, кыздын аяк жагында жаткан түйүнчөк баштыкты колтугуна кыса, артына кылчайбастан жөнөп берди. “Ага! Ага, бул кылганыңыз эмне?! – деп артынан чырылдаган жанга карап да койгон жок. Анткени сезди, бышылдай дем алган кыз артынан калбай ээрчип келе жаткан эле.

Бири-биринен айрып алгыс окшош, беш кабаттуу, бозомук тарткан үйлөрдүн бирине жеткенде, чөнтөгүнөн ачкычын алып чыгып, кызга сунуп:

– Экинчи кабаттагы оң жактагы эшикти ачып киресиң да, ошол жакта түнөйсүң. Эч ким тынчынды албайт, – деди ишенимдүү. – Калганын эртең акылдашарбыз.

Кыз аң-таң. Ачкычты алаарын же албай коёрун билбей, эки анжы болуп калды.

– Ал, ала кой, – деди жигит анын колуна ачкычты кармата берип, – Батир иретсиз болуп жатса маани бербе. Эртең өзүм келип жыйнайм. Бойдоктор ушинтип жашай берет, чырагым.

Ушуларды айткан жигит андан ары аялдабай, тез эле бурулуп, алеки саатта караңгыга сиңип жок болду да кетти. Ал эми эмне кыларын билбей турган кыз ошол ордунда кыймылдаганга дарманы жетпей, мелтиреп кала берген.

Жантөрө алгач досторунун биринин үйүнө барып түнөөнү ойлогону менен бул оюн тез эле кайтууга аргасыз болду. Түн жарымында бирөөнүн тынчтыгын бузганы кантип жакшы болсун, анан калса мындай жоругун баары эле жактыра берсе да жакшы го. Эгер жактырбай калса жарым түндө ээсинен таяк жеген иттей болуп ай талаага каңгыган бойдон кетеби? Мындайга намысы жол бербеди. Андыктан эң ыңгайлуусу эле үйдүн алдында орнотулган, кечкисин кемпирлер келип алып ушак айтып отуруучу жыгач отургучка жатып, түнөп чыгуу болду. Эмнеси бар экен, жай мезгили, асман толо жылдыз. Жамгыр жаабай турганы көрүнүп эле турат, тескерисинче, эртең аптаптуу ысык болору билинип турат. Андыктан муну жакшы мүмкүнчүлүк деп эсептеди.

Бирок, тилекке каршы бул жолу да ийгилик жылмайбады. Жантөрө таттуу уйкуга эми кире бергенде эле, бирөөнүн түртмөлөгөнү аны ойготуп жиберди.

– Агай, агай, бул эмне жатканың? Кошуналарыңыз көрүп калса уят да… – деди жогору жактан назик үн.

Эч нерсени капарына албаган жигит экинчи капталына оодарылып жата бермекчи болгондо бейтааныштын колу кайрадан жулкуп-жулкуп жиберди.

– Ага, ойгонуңуз эми. Бул жатканыңызды көрсө эл эмне дейт…

Көзүн үлүрөйткөн тейде өйдө караган Жантөрө маңдайынан түндө үйдүн ачкычын өз колу менен тапшырган сулуунун караанын байкап, селт эте түштү. О, Жараткан, мына бул ошол сулуунун нак өзү го! Ал да жаздын кыска түнүндө көз илиндире алган эмес окшойт…

Кыязы окуя мындайча уланса керек, ачкычты колуна карматканда эмне кыларын билбеген кыз аң-таң боло туруп, акырында башка амалы калбагандыктан экинчи кабатка көтөрүлүп, жат баш паана, жат төшөктө кантип уктаарын билбегендей абдырап бир аз олтурган окшойт. Анан мээсине тынчтык, жанына жай бербеген ойлордон оорлошуп, терезеден сыртка үңүлгөндө кире беришке орнотулган жарыктан орундукта уктап жаткан Жантөрөнү байкап, өзүнчө ыңгайсыз абалда калганы айтпаса да түшүнүктүү. Албетте, өзүн күнөөлүү санап, сыртка умтулганы да шексиз. Эмки турушу ушу, жигитке сөзүн өткөзө албай.

Жок. Өткөрүп тынды. Жантөрө ордунан жай туруп, үйдү көздөй илкий бет алды.

Ошол күнү жигит менен кыз бир бөлмөлүү батирде түнөп чыгышты. Чын эле, бирөө уктоочу бөлмөгө жайгашса, экинчисинин ашканадан жай алып, түнү бою уктай албай миң толгонуп чыгышты.

Эртеси эртең менен чай үстүндө Жантөрө:

– Карындаш, ашыкча жакынсынып кетсем кечирерсиң, бирок чындыктан качып кутула албайсың. Бул шаарда барар жериң, таянаар кишиң жок болсо кысылба, бул үйдү – үйүң, мени – бир тууган агаң деп кабыл алсаң каршы эмесмин. “Кемерденмин” дегендей айттың эле, эгер жардам керек болуп калса тааныш-билиштер бар, байланыштар бар дегендей, ал тарапты да бир жаңсыл кылууга колдон келишинче көмөктөшөбүз. Макулдаштыкпы? – деди, эми “сиз” деп созулбай, дароо “сенге” өтүп.

Жигиттин бул сөздөрүн кыз унчукпай кабыл алды.

Кызыктын баарын кечинде көрдү, жумуштан кайтып келген Жантөрө үйүнүн таптаза жыйналганын, дасторкону жайылып, чайы демделип турганын көрүп, таптакыр абдырап эле калды.

– Кагылайын, бул эмне кылганың? Андан көрө эс албадыңбы? – деди башка сөз таба албай, – Баарын өзүм эле иретке келтирмекмин го…

Кыз жигиттин сөзүнө маани берген жок, аялзаадага тиешелүү кыймылын улантып, коюу демделген чайдан куйганча:

– Менин атым – Анар, – деди уяң гана.

– Көрсө, али таанышып да үлгүрбөптүрбүз го. Эх, жигит болгон сени десе… – деп Жантөрө өзүн жемелей, алаканын оорута өзүн-өзү тизеге чаап алды. Кыз сунган ысык чайды алып атып да колу калтырап, төгүп ала жаздап аз жерден калды. Бир топтон кийин гана өзүнүн атын айтууга жарап:

– Мен Жантөрөмүн.

– Мына, эми чындап тааныш адамдар болдук.

– Ооба, айта көрбөңүз…

Бул арада Анар өзүн барган сайын эркин кармай баштаганы жигитти да эркиндикке чакыргандай. Жантөрө өмүрүндө биринчи жолу кадимкидей үч-төрт чыны чайды маңдай тердете отуруп ичти, адатта жалгыз олтуруп чай ичкенде бир чыны чай ичип эле туруп кетчү. Баятан жалгашкан маекти улантууну да унутпай, кайра сурады.

– Жумушка киргиң келбейби?

– Табылса кирмекмин. Башында ойлогон кыялым жогорку окуу жайына өтүп, эл катарлуу кесипке ээ болуу эле, – деп жооп берди Анар.

– Ага эмне тоскоол болуп жатат?

– Кээде аргасыз, кээде атайын жагдайлар да.

Суроосун кайра тереңдетип казгысы келбеди, калган себеп-жагдайлардын баарын кыздын өз эркине калтырды да:

– Анар, – деди ыңгайсыздана, – бир нерсе айтсам таарынбачы. Тумчуланып, жүзүңдү жашырып жүргөнүңдү койчу, ээ? Көңүлүңө тийсе да айтайын, азыркы көрүнүшүң сага таптакыр жарашпайт экен.

Кыз бырс күлүп койду.

– Жарашса, жарашпаса да акыркы кезде бул мага адатка айланып калган көрүнүш да. Кези келгенде чүмбөттү да алып саларбыз. Бирок бул бир-эки күндө чечиле калчу нерсе эместигин түшүнгөнүңүз оң.

– Эркиң өзүңдө.

– Рахмат!

Анар эмнеге рахмат айтканын укпаган боюнча Жантөрө жумушуна камына баштады.

Ушундан кийин экөөнүн ортосунда өз ара түшүнүшүү жаралып, бири-бирине имерчиктеген эки жалгыз тиричиликтин түйшүгүн бир нукка салып, өмүрдү чогуу кечирүүгө бел байлагандай эле.

Бирок Анар бир мекемеде иштей баштаган кезден тартып маанайы суз тартып, булардын төбөсүнө суздуктун сур булуту кайрадан үйрүлө баштады. Экөөнүн ортосунда күңкүл-мыңкыл көбөйүп, үйдөгү береке качты. Кыз дайыма ойго чөгүп жүргөн адат кылып алды. Жадырап, бир ирет күлгөнүн көрбөдүм десе да жаңылышпайт. Акыры…

Ошондой күндөрдүн биринде Жантөрө ашканадагы столдун үстүнөн бир барак кат таап алды. Ал төмөнкү мазмунда жазылган экен:

“Жантөрө! Мен сиздин ишенимиңизди актай алган жокмун, кечирип коюңуз. Жаман ойлобоңуз, маңдайыма жазылганына көнбөскө айлам калган жок. Баарынан мурда, мен үчүн сиздин амандыгыңыз абдан кымбат. Ошол кымбат нерсемди жоготуп албаш үчүн өз башымды ар кандай тобокелге салып отурганымды түшүнүңүз.

Неге тумчуланып жүрдүм, билесизби? Мен тандаган жол ушуну талап кылды. Ошентип жүрүп акыры ажыдаардын ач азуусуна өзүм барып түшүп бергенимди байкабай калыпмын. Ушинтип адаштым. Ушинтип акылымдан айныдым… Андан чыгуучу дарбазаны ачылгыс кылып жаап алганымды кеч түшүндүм. Сиз мени “таза” деп ойлодуңуз го. Жаңылгансыз, мен эки жолу “талак” алган жан элем. Сизге жолукканымда үчүнчү никеден качып жүргөн байкуш болчумун. Барар жерим, басар тоом калбай калганда мага баш калка болдуңуз, жасаган жакшылыгыңызды колко кылып жанымды кыйнабаганыңыз үчүн сизге карызым чоң, ыраазычылыгым зор!

Өз бактым үчүн эмнеге күрөшпөдүм? Мурда кайратым жеткен эмес, эми болсо сиздей жаны бирге күйүмдүү адамды тапканымда, ошол жалгызыма кимдир бирөөлөрдүн жамандык кылышын каалабадым. Анткени алардын колунан баары келерин, бардык кыянаттыкты жасоого даяр адамдар экенин билем. Ошонун баарын билген соң сизди курмандыкка чалбай, андан көрө ал иттерге өзүмдү жем кылып ыргытып берүүнү туура көрдүм.

Мен сизди алгач жолу жолуктурганда алдаганмын. “Кемер” деген жер аты жок болчу. Оозума келгенди айта салгам. Ошондуктан мени издеп таманыңызды ташыркатпаңыз.

Ушундай, кымбатым! Тирүү болсок да бир жерде кездешербиз. Ошол кезде бетиме түкүрбөйсүз деп үмүт кылам. Ал эми аркы дүйнөгө узасак, тозоктун отунда күйбөй, бейиштин төрүндө жолугушууну Жараткан өзү бизге насип этсин. Кош болуңуз! Анар”.

Бул кат Жантөрөнүн көкүрөгүн көзөй атылган окко тете кат болду. Ал тургай андан да ашып түштү окшойт. Анткени ок адамды жаралап же майып кылып тынса, бул кат мунун жүрөгүнө өмүр бою айыкпас тырык салган жара калтырганы анык эле. Анан да, бул жарааттын мындан ары айыгып-айыкпасы да белгисиз болчу.

Жантөрө башын кош колу менен чеңгелдей, дубалга жөлөндү. Мээси солкулдап кетти.

“Кандай болсо да сени издөөнү токтотпойм!” – деди ал ушул абалында тишин кычыратып.

Эшикте июлдун аптаптуу күнү сызгырылып турган.

Казакчадан которгон Махабат Саидрахманова

Төкен Алжантеги: “Адашкан махабат” алгач бул жерде - Адабий Ордо жарыяланды.

Топчугүл Шайдуллаева: “Сүйүүдөн да күчтүү сезим бар…”
5/5 - (1 добуш)

Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, публицист, илимпоз Топчугүл Шайдуллаева менен маек.

— Топчугүл Жолдошевна, сиздин чыгармаларды окуп отуруп жазуучунун көзү менен турмуш тереңирээк, тунугураак көрүнөбү деген ойго келдим. Сиздин оюуңузча жазуучунун көз карашында жашоо, турмуш кандайча көрүнөт? Сиз күнүмдүк абыгер жашоодогу эл элес албаган кылдат маселени байкап, жаркылдаган чоң идеяны алып чыгасыз. Аңгемелериңиз окумдуу.

— Сурооң жана пикириң үчүн ырахмат, Махабат. Балким сен айткандай турмушту тереңирээк көрөрбүз. Жазуучу калкы көргөн-бакканын жөн эле кабылдап койбой, аны баалап карайт окшойбуз, анан да чындыкты тапканга далалаттанат экенбиз. Окурмандын жүрөгүнө өзүң ынанган бир чындыкты жеткире алсаң чыгармачыл адам үчүн чоң олжо ошол да!

Кээ бирлер айтып калышат го бир нерсе жазаарда түшүм аян берди, көзүмө бир нерселер көрүндү, же менин көрүнбөгөн колдоочум бар дешип. Мүмкүн анын да бир негизи бардыр. Мен болсо тирүүчүлүгүн эл катары өткөрүп жүргөн көп аялзатынын эле биримин. Болгону, кээде кокус бир көрүнүштү кайсы бир жерден учуратам да ал мага таасир берип, көкүрөккө орноп, кетпей жүрө берет. Мен да ал ойду көпкө чейин башымда багып жүрө берем. Анан ал эмоцияларым ашып-ташып кеткен бир күнү колго калем карматат. Билбейм, башкалар кандай акыбалда жазышат, менин ыйлап отуруп, ырдап отуруп жазган чыгармаларым бар. Өмүр бою жадымда көтөрүп жүргөн ойлор, окуялар бар, алардын көбү жазыла элек.

— Аялзат темасына көп кайрыласыз, секелек кыздан тартып кары кемпирге чейинки ургаачынын сезимдерин терең ачып бересиз. Аял деген ким өзү?

— Бул өтө эски, эзелки суроо, ага буга чейин миңдеген жооптор айтылгандыр, бирок бу суроо дагы эле суроо бойдон калып келет. Аялды ар кайсы ипостасияда анализге алган франциялык философ Симоне де Бовуар “Экинчи жыныс” деген эмгегинде: аял болуп төрөлбөйт, аялды коом өзү жасап алат деген экен жаны кашайып. Анткени ургаачы төрөлгөндөн тарта эле коомдо аны “аял кандай болушу керек” деген эреже-нормалардын чегине түшөт экен. Ага жүздөгөн талаптар таңууланат. Бир кездерде ошол эле батыш мамлекеттеринде аттуу-баштуу инсандар аялды уй дешкен, тоок дешкен, кыскасы жаныбарларга теңешкен, адам ордунда көрүшкөн эмес. Биз азыр сындап аткан феминизм кыймылы мына ушундай обьективдүү шартта пайда болгон.

— Деги аял деген ким өзү? Менин жообум: ал эң оболу адам. Тилекке каршы, биз көп учурда ургаачыдан адамды эмес, аялды гана көрүп атпайбызбы.

— Өзүм ургаачы катары аялзатынын ченемсиз бактысын да, көп көйгөйүн да жон терим менен сезип келем, көрүп келем. Аял темасына кайрылбай коюуга чарам жок. Аял темасынын кырлары менен сырлары оголе көп да. Мен ага колдорум, буттарым менен чырмалып калгандаймын. Аял каармандарым мени чырмап эле албай, кээде чыйралтып да коюшат. Окурмандарым да көбү аялзаты. Чыгармаларым тууралуу пикирди да аялдар көп айтышат. Көбүнчө “аңгемеңиздин каарманынан мен өзүмдү көрдүм, же менин апамды, же тай энемди жазып коюпсуз” дешет. Ырахмат айтышат. Мен болсо, демек, каармандарым типтүү экен, типтүү каарман жаратыпмын деп ичимден кудуңдап калам. Чындап келгенде аялдар көп жагынан окшошпуз. Анткени аялзатынын баарынын тилеги, ойлору окшош. Насилинде жаман кыз, жаман аял жок, эгер бар болсо аны биз өзүбүз, коом жаратып алат экенбиз.

— “Жүз аарчы” аңгеменизде өмүр бою чогуу жашап келген карыган кемпир-чалды карап багуу үчүн уулдары менен кыздары эки жакка бөлүп алып кетишти. Окуп алып, көзүмө жаш тегеренди, ушунчалык таасирлендим, бу чыгармаңыз накта сүйүү тууралуу экен, ушундайбы?

— Ооба, бул эки адамдын ортосундагы сүйүү, жок, сүйүүдөн да бийик, андан да өйдө өсүп чыккан сезим тууралуу. Көп жыл чогуу жашап, кошо карып, кошо арыган жубайлар балдарынын колуна биротоло түшүп калышкан учур. Экөөнүн бири бирин аяганы, сагынганы, кыя албаганы, бири бирин беш колдой билип, бири бирине жуурулушуп, бир бүтүнгө айланып кеткенин туюнтуп турбайбы бу эки адам. Анан ошол бир бүтүнгө айланып кеткен эки адамды балдары көз көрүнөө эки жакка бөлүп коюшпадыбы. Анан жүрөк сыздайт да. Аңгеме го аңгеме, мындайды көргөндө жөн эле кыйкыргың келет. Бир мезгилде апам катуу ооруп, доктурлап шаарда көбүрөөк жүрүп калды. Жол алыс, атам айылдан эки ирет келип кетти. Мобилдик байланыш жок маал. Таяк таянып калган атам районго телеграфка келип апама телефон чалат, экөө көпкө сүйлөшүшөт, күдайдын куттуу күнү. Экөөнүн сөзү бүтчү эмес. Апамдын көзү өткөндөн кийин атам да тез эле жубайынын артынан кетип калды. Атам апамсыз жашай албады. Бул аңгемеде балдарга ата-эне болуп, көп жыл чогуу жашаган эрди-катындын ортосундагы жаралган өзгөчө, түбөлүктүү сезим тууралуу айткым келди. Мындай сезим көбүбүздө болсо экен дегим келди, анан да мындай бүтүнгө айланган асылдар көзү тирүүсүндө аргасыз бөлүнүп калбаса экен деген тилек. Кыйкырык.

— Жазуучу же акын адатта өзү да окумал адам болот эмеспи, сөзсүз кайсы бир авторлордун чыгармаларын өзгөчө сүйүп окуган учурлары кездешет. Сизде ушундай адат болду беле? Кыргыздын же дүйнөлүк жазуучулардын кайсы чыгармаларын, эмне себептен жактырып окудуңуз эле? Учурда деле окуйсузбу?

— Ооба, китеп окуп чоңойдук да. Көп китеп окудум. Бирок арасында сен айткандай өзгөчө сүйүп окугандарым – улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары. “Кылым карытаар бир күндү” бир канча ирет окуп чыктым, азыр да окуй берем, окуган сайын өзүм үчүн бир жаңы ачылыш таба берем. Мурза Гапаровдун дээрлик бардык чыгармаларын жакшы көрүп окудум, анын стили, тили, чыгармачылык ички эркиндиги, ээнбаштыгы мени азыр да кызыктырып келет. Кубатбек Жусубалиевдин “Күн автопортретин тартып бүтө элеги” ушул күнгө дейре мени таң калтырып бүтө элек. А. П. Чеховдун аңгемелери кыскалыгы, бирок жүрөккө жеткен нускалыгы менен кайра-кайра окугуңду келтирет. Бул улуу жазуучу орустун карапайым адамдарынын ак көңүл мүнөзүн, алпейимдигин алаканга салгандай жаратып койсо, Л. Толстой орус дворяндарынын, байларынын жашоосундагы оош-кыйыштарды, трагедияларды укмуш чагылдырган да. Ушунусу менен бу эки жазуучу орус турмушунун чындыгын ар тараптуу көрсөтүп, окурманга сунуп атпайбы. М. Шолоховду, В. Шукшинди, А. Камюну, Ф. Кафканы, Э. Хемингуейди, Г. Маркести, А. Рзаевди, О. Памукту, Р. Гюнтекинди ж.б. көптөгөн жазуучуларды окудум. Кийинки маалда аял прозаиктердин чыгармаларына ыктап атам. Австриялык калемгер Колин Маккалонун “Поющие в терновнике” романын жакында дагы кайталап окудум. Канадалык жазуучу Элис Манронун аңгемелерин кыргызчага которсом деген оюм бар. Азыр аудиокитептер көбөйүп, чынын айтсам, окуганга караганда көбүрөөк угуп калдым.

Маектешкен Махабат САИДРАХМАНОВА,
“Кыргыз маданият борбору”, 21.04.2026-ж.

Топчугүл Шайдуллаева: “Сүйүүдөн да күчтүү сезим бар…” алгач бул жерде - Адабий Ордо жарыяланды.

Төрт бурчтук дүйнө
5/5 - (1 добуш)

(аңгеме)

Сүт ичкенге эми-эми гана жарап келаткан мыйды коюнуна катып алып, кудуңдап үйүн көздөй келе жатты. Көптөн бери эле мышык баккысы келип жүргөн. Мый, өзүнө окшогон мый бир туугандарын, энесинин жылуу, майин жүндүү, сүт желиндүү уя курсагын бир ирмем да унутпай, издеп, үнүн баспай чыйылдап атты. Көздөрү тептегерек, муруну кызгылтым мыйды улам карап ичи эзилип кетет. “Жаныбардын үлбүрөгөн назиктигин кара. Сүйкүмдүүсүн айт” – деп, өзүнөн-өзү жамажайы жайыла күлсө, маңдайындагы орсок тиши кашкая калат. Алдыда кандай тагдыр күтүп турганына тынчы кетип, тыбырчылап дагы эле энесин издеген мыйдын үнү басылбайт.

Мый менен жигит үңүрөйгөн төрт бөлмөлүү үйгө киришти. Тынбай мыёологон мышыктын баласынан ашып түшүп чыйылдаган, сонуркап кыйкырган, чөжүрөк бала-чака тосуп алды үйдөн буларды. Кудай мындай бербеспи. Биринен-бири өтүп кызыгып, биринин колунан экинчиси жула качып, аркысы чыңырып ыйлап, беркиси бербей, мышыктын баласы күч менен колдон колго өтө баштады. Анын аянычтуу чыйылдагы түгүл, өз үндөрүн өздөрү укпай ызылдайт балдар.Үй ичи чуру-чууга толуп кетти. Жашаялмет, орсок тиш жигит балдары үчүн эң керектүү нерсени мына эми таап бергенине ынанып, өз табылгасына өзү чындап корстон болуп, келинчеги тарапты жалжылдай тиктейт. Ушул ирмемдер ага да кызык болуп атты бекен, анын да көңүлүнө толду бекен деген кыязда келинчегинин кабак-кашын акмала, байкоо салат. Бала мышык жаналекетке түшүп, быйтыйган колдордун туткунунан кутулгусу келет. А быйтык колдор аны кое бергендин ордуна ансайын мыкчып кармайт. Мыймый тыбырчылап атып, жаңы чыгып келаткан тырмагын бирөөсүнүн жумшак билегине матырып алды көрүнөт, ”чар” деп чаңырып алды бала.

– Эк, өлүп кеткирдики! Желмогуздай кылып каяктан апкелдиң эле муну?! Жоготчу ары! – деп чуркап жетип келген келин баланын боорундагы мыйды жулуп алып, босого тарапты көздөй күү менен ыргытты.

– Ушу эле жетишпей тургансып мага!

…Буга чейинки турмуштун куурал-түйшүгүнүн күнөөкөрүн эми, азыр гана тапкансып, өзүнө эмне жакпай жүрсө, ошонун баарына дал ушу мышыктын баласы гана күнөөлүү болгонсуп, күч менен, бар кыжыры менен мышыктын баласын дубалга бир чапты.

Күү менен барып дубалга, андан полго “топ” этип түштү мый. Бир саамга эсинен танып калгансыды. Ботала болгон наристе колунан жулдурган кызыктуу оюнчугунун аянычтуу кейпине жалдырай тигилип, кайра барып кармай калуудан жазганып, энесинин ачуусуна тийүүдөн коркуп четте карап турду. Бир саамдан соң эсине келген жаныбар бар алынча жүгүрүп, үстөлдүн алдына кире качып бөжүп калды. Тептегерек көздөрү жашылданып чыкты. Бөлмөдөгү чуру-чуу үндөн, адам баласынын колунан чочуп, денеси билинер-билинбес дирилдеп турду. Көп өтпөй энесин издеп, кайрадан аянычтуу чыйылдай баштады. Бирок караңгы бурчтан чыккан жок.

Кабагы бүркөлүп, мышыктын баласы бардык кайгысын козгоп кеткенсип, келиндин эсине капкайдагы немелер түшө баштады. Баягы түн. Ызылдаган катын-калач. Айтылган акыл. Ошондо ага:

– Өз багыңды чанба. Ырыскыңды теппе. Мына, күйөө болчу бала эмгекчил, жаны тынбай иштеген мээнеткеч жигит, үстүңдө үй, өзүң хан, өзүң бий, кирип-чыгып тирилигиңди жасай бер, анан бала-чакалуу болосуңар. Төрт тарабың төп келип жашай бересиң. Мындан артык эмнени издейсиң ботом? – деп туш-тушунан жабалакташкан.

– Өзүң деле бир жакшынакай тың кыз экенсиң чырагым, мына эми үй десең үй, күйөөң ана, корооңор малдан куру эмес, багың ачылып отурасың!

– Башыңа келген бакты кесир кылба!

– Баш аттаган болбойт.

Оо, ушу улуулардын кеп жүйөсү. Ошентип атышып төрт тарабы төп бактылуу турмушка көндүрүшпөдү беле кызды. “Ооба, мына үйүм, мына бала-чакам, жолдошум, тирилигим. Баары эле бар. А бакыт кана? Ушунун өзү бакыт эмеспи? Буга чындай келсе өзүнүн да башы жетпей кетчү. Таң айтпай башталган күнүмдүк тириликтин түйшүгү ийинден ныгыра басып, түйдөктөлгөн чачын бурай түйүп, жоолугун байлана салып баш-оту менен тиричиликтин сормо сазына батып кетет. Күн кечке кыбырап жүрүп, эңсеген бакыт түгүл андан башкасын да унутуп калат. Кайрадан эле кеч кирет. Кеч менен кошо баягы самсыган тумандай оор ойлор басат келинди. Негедир жашоосунда бир нерсе жетишпейт. Туталанат. Бул жашоодо аялдык түйшүктөн башка нерсе барбы өзү?! Болсо ал эмне? Аны бул келин көрөбү?

Келиндин жанын жеген ойлорун мыймыйдын чыйылдаган үнү коштоп атты. Ордунан тура калып, мыйды бурчтан эптеп чыгарып алды да, сыртка алып чыгып, сарайга камап койду.

Ошондон тартып, мыймый сарайда жашай турган болуп калды. Аны багуу, курсагын тойгузуу бүтүндөй орсок тиш кожоюнга жүктөлдү. Мыйды көчөдөн таап, көтөрүп келгенине өзүн күнөөлүү сезген кожоюн жумушуна кетерде ага сүт берип, сууга нанды чылап жибитип берип, тоюндуруп жүрдү. Андан башка ага жан кишинин боору ооруган жок. Келин тамак бермек тургай жанына жолобойт. Бирок өзү жолобогону менен балдары күнүнө үч-төрт маал сарайга кирип, бала мышыкты жулмалап кетишет. Бечара мый. Адамдар жашоосуна капыс аралашып, минтип кыйноо тартууга милдеттүү эмес экенин ойлоого дарамети жетпесе деле, тээ түпкү туюмунда ушунун баары туура эмес экенин, адилетсиздик экенин сезгенсип сарай ичинен чыйылдап үн катат.

Көп өтпөй баягы үлпүлдөк бала мышык, майин жүнү уйпаланган, кирдеген, арыктыгынан араң эле жаны калган бир түрү суук макулук болду. Адеп келгендегидей болуп жини менен курч тырмактарын матырып алуудан жазганган, корккон, болгону ачуу мыёологондон башканы билбеген бир жандыкка айланды. Адам баласынын ач чеңгелине, жекире тилдегенине дагы эле көнө алган жок. Ага бир аз жан тарткан, кичине болсо да аяр сылап, мээрим бере алган орсок тиш ээси да анын багына өтө эрте кетип, кеч келет.

Бир күнү кожоюн күндөн-күнгө жүдөп бараткан мыймыйды көрүп, ага жашоо көрсөтпөй келаткан балдарын зекий коем деп балээге калды. Ансыз да итатайы тутулуп араң турган келинчегине укмуш шылтоо табылып, зиркилдеп кое берди:

– Бир мышык апкелип алып анысын да балдарга ыраа көрбөй атканын кара! Деле укмуш нерсе таап келсең бир жөн. Жөн кой эми! Оюнчук алып бере албаган соң жөн кой, балдар жок дегенде ошого алаксып турушсун!

Келинчегинин сырын жакшы билген жигит мындан да ачуу, жүрөккө тийип, чучугуна жеткен сөздөрдү угуп кала элегимде, тим болоюн деп ордунан тура качып, эшикке чыгып кеткен. Кайсы жазыгы үчүн келинчеги муну мынча жек көрөрүн өзү да түшүнө бербейт. Колунан келишинче анын көзүнүн агы менен эле тең айлангансыйт, бирок барыбир жага албай койду.

Бала мышык дагы бул арада сарайдан чыгып, келинге көрүнбөй жей турган бир нерсе издеп, шимшилеп үйгө баш багып үйрөндү. Үйдүн бурчунда анын кирдеген, кез-кез сүт же дагы тамактын калдыгы куюла калчу идиши бар. Ошол кеседе бир деме барбы дегенсип бир жалап алат да, бала-чаканын колунан үбөлөнүп түшкөн нан күкүмдөрүн термелеп терип жейт. Бүгүн да адатынча уурданып, бөлмөгө кирип келди эле “баа” деп бакырып, балдардын бирөөсү кармап алды. Бул жолу мышыкты “ат кылып” минмей болду балдар… Үч жашар болтойгон наристе араңжан мыйдын үстүнө отуруп:

Чү-чү! – деди. Анан ат үстүндө бараткансып, желип-желип койду. Өз табылгасына өзү кубанып:

– Чү-чү! – деп үнүнүн болушунча кыйкырып атты. Наристе улам желген сайын мышыктын жүрөк-боору эзилип, дүйнө караңгылай түшөт. Бар алынча мыёлоп, кутулуунун далалатын кылып, тырмактарын шырдакка матырып тырышат. Колго тийген коенду кое берген оңобу деп бала да мыйды желкесинен бек кармап, чү-чү! – деп тырышат. Бир кезде:

– Келе, эми менин атым болот, тур мындай! – деди балдардын улуусу.

– Ики, бербейм. Меники, ат меники!

Адаттагыдай мышык талаш башталды. Балдар бирин бири жакалап, тартышып-түртүшүп атканынан пайдаланган мый эптеп суурулуп чыгып качып жөнөдү. Бир топ эле эзилсе керек, жаны укмуштай кыйналып атты.

Ошол күндөн баштап тамак издеп, үйгө киргенди токтотту бала мышык. Мурункудай тамагын таап жей албай ачкалыктан алы кетип, эшиктеги эски кемеге тамдын түбүн корголоп, өлөрүн санап жатып калды. Көздөрү бозомук тартып, бар жарыкчылыктын байманасы эне мышык менен чогуу болгон бир күндүк жашоого татыбай, Күндүн чыкканы менен түндүн киргени, ысык менен сууктун илеби деле ичиркентпей, эптеп эле жаны жай алчу учурду кадимкидей күттү.

Анын мындай чалажан түрүнө ого бетер жини кашайган ачуулуу келин таң эрте мышыкты алысыраак ыргыттырайын деп ойлоду. Биринен бири өтүп мышык талашып чырдашкан, ыйлашкан балдарынын чуусу да мазесин алып бүттү белем. Эри таң эрте ишке жөнөгөн учурда сыртка коштоп чыгып, үтүрөңдөп, мурдун чүйрүй силкинди:

– Тетигини жоготчу! – деди, мышык жаткан тарапка ээгин кагып.

– Каякка жоготмок элек, жөн кой жүрө берсин.

Күйөөсү бутундагы жамшыйган ботасынын боосун байлап отуруп, көңүл кош жооп берип атты.

– Каяктан апкелсең ошол жакка жогот! Итиркейди келтирбей жогот. Түрү да бир шумдук.

– Үйгө деле бир мышык керек да. Чычкан-пычкан жолобой калат үйгө.

– Эк, койчу башымды оорутпай, ушу кайсыны кыйратат эле! Карабайсыңбы кейпин? Чычкан кармай турган мышыктын баш териси башкача болот!

Күйөөсү унчуккан жок.

– Сен жоготпосоң өзүм эле жоготом!

Унчукпаган бойдон жигит өлөсөлүү мышыкты колтуктап алып короодон чыкты. Негедир ушу саам мышыкты өзүнө жакын сезип, өзүн ага окшоштуруп алды. Эзели эч кимдин элжиреген мээримин көрбөгөн өзүнө да, мышыкка да жаны ачып жолдо баратты. Тээ көктөйүндө эле башына жетимчилик түшүп, дал ушул мышыкка окшоп энесин жоктогон экен азыр ойлосо. Балким өзү кол арага жарап, кимдир бирөөлөргө керек болгучакты, анан эрезеге жетип тытынып иштеп жүрүп азыноолак оокат курагычакты дал ушу мышыктай эле эч кимге керексиз, түрткүнчүк да болгондур. “Кап, өткөндө бекер энесинен бөлгөн экемин байкушту”, – деп ойлоду. Багып алалы, балдарыма эрмек болор дебедим беле.

Жолдо баратып көчөлөш жашаган кемпирдин үйүнө кайрылды. Күндө таң менен жумушка аттанган жигит ушул үйгө кирип кемпирдин колунан чай ичип, оңу келсе арткан-үрткөн тамак-ашын ичип, бир топко кобурашып анан жолун улачу. Акыркы жылдары кемпир жалаң гана сооп издеп жашап жүргөнүн жакшы билет. Мышыктын баласын да кемпирге түртө салайын деп жолду ката ойлонуп келди жигит.

Кемпир араң жан, кейпи кеткен мышыктын баласын көрүп чочуп алды:

– Ий кантет! Бу мал болбойт балам, өлүп калат го.

– Өлбөйт, апа. Кичине тыңыса эле чуркап кетет.

Канткен менен кемпир мышыкты алды, сообу тиер, деп ойлоду. Мышыкты мындай түрү менен үйгө жолоткусу келбей, арыда эртели-кеч тамак жасалчу мору тамга кийирип, алдына кийиздин бир бучкагын таштап койду. Анан идишке толтуруп сүт апкелип берди. “Өлбөсө жашап кетер. Айтору, ниетим түз, Кудайым өзүң күбөсүң, өлсө да өлбөсө да сообун берсең эле болгону!” – деп өзүнчө күбүрөнгөн болду.

Мышыктын тагдырына бул үй деле бала-чакалуу үй экен. Тестиерлер мышыктын баласын адеп көргөндө анын мындай түрүнө бир сыйра элейип, жанына жакындабай, алыстан көз салышты. Улуусу кичүүсүн: “Бул азыр өлөт” – деп мышыкка жолотпой атты. Кичүүсүнүн көздөрү жашылданып, өлөсөлүү кичинекей айбанды аяп, азыр анын аянычтуу өлгөнүн көрбөш үчүн жакын барбай эле коюуну чечти. Мурун-кийин мындай араңжан макулукту көрбөгөн немелер андан оолактап кетсе да, унута албай үрпөйүп, мышык жакты кез-кез акмалап коюп атышты. Мышыкка бир арганы апасы гана тапчудай, кичинекейи анын жумуштан келерин чыдамсыздана күтүп, апасы келери менен жалынычтуу көздөрү менен тигилди:

– Апа, үйгө мышык апкелишти. Сен мышыкты жакшы көрөсүң ээ? Айтсаң апа, жакшы көрөсүңбү?

– Жакшы көрөм. Мышыкты ким жаман көрсүн, балам?

– Өлөйүн деп эле араң жатат! Аны айыктырып койсо болобу, апа? Жүрсөң, сага көрсөтөйүн.

Жаңы эле жумуштан келген аял кичинекей уулунун жетелегенине көнбөй өз иши менен алектенгенсиди. Биринен-бири өтүп кабатырланган балдар энесине мышыкты көрсөтүүгө шашты. Ушу азыр барып энеси көрсө эле бир арга таап, мышык айыгып, өлбөй калчудай, жан кыйноосунан кутулуп жыргап калчудай сезилип жатты. “Балдарым боорукер” деп ичинен сүйүндү ал.

Бирок ушул тапта мышык түгүл кара жанынын айласын таппай турган береги жаш аял, балдарынын көңүлүн улап, эптеп ооз учунан сүйлөп кутулду:

– Ии анан көрөлү ээ, шашпай көрөлү.

– Апа, мышык айыгат ээ? Сиз аны айыктыра аласызбы? Төрт жашар баласынын көздөрү жашылданып, тынчы кетип турду.

– Айыгат. Мышык айыгат балам, мен аны карайм, анан, шашпай.

Өңү керсары, көз оту өчүңкү эле келиндин. Мышыкты келин да жакшы көрө турган. Мышык эмне экен?! Керек болсо мышыкка кошуп бүтүндөй жарыкчылык жашоонун барын сүйө турган жүрөгү бар эмес беле? Эми башына түшкөн “жан” оорунун кесепетинен аалам түгүл кичинекей бир мышыкты да сүйүүгө кудурети жетпей турганын карабайсыңбы?! Аны береги балдары билмеги кайда. Эгерим биле турган эле болсо, мышыктан биринчи энесин аяп, көздөрү жашылданар эле.

Кемпир, мышыкка үч-төрт маал тамак берип, суу берип жакшы карап атты. Күндө бир маал эшиктин алдына кое берип, алыстан гана көз салып турат. Бул түрү суук, араңжан немени кармагандан да коркуп, үйгө кийирүүгө да батынбай бир-эки маал айланчыктап ойногон болот эки бала. Кемпир күн чубактап, неберелери менен мышыкты карап отуруп, өзүнүн өмүр учугун улай ойго тунат. Жасаган сооп иштери, жасаган күнөө иштери, жашоонун ачуу-таттуусу, акыры келчү бир өлүм. “Ээ Жараткан, эчкидей жашым калды. Билип-билбей кетирген күнөөлөрүмдү өзүң кечирип, жасаган сооп иштеримди арттырып, бейишиңден орун берерсиң! – деп күбүрөнүп атып, ар бир жасаган сооп ишин эсептеп-чоттоп, калтырбай эстеп, ошону көңүлүнө медер тутуп, Жаратканга жалбарат.

Мышыктын эски түгү акырындап түлөп түшүп, өзүнөн-өзү жаңырып, тазарып анан калса бир аз эти толуп, аз күндөн бери алда-немедей эле тыңып калды. Эми эч кимден сурабай эле, балдар аны үйгө алып кире баштады. Үй ичинде мышыкка такыр эле бейтааныш жашоо бар экен. Кенен, бөлмөлөрү көп. Катар-катар каалгалардан башы айланып ары-бери чуркады алгач мышык. Жанынын барынча жүгүрүп, жашынууга караңгы бурч издеди. Акыры тепкичтин түбүнө жашынып алды да, алдыртан өз коопсуздугун көзөмөлдөп, айлананы байкай баштады. Кагаздан көпөлөк жасап, жипке байлап алган балдар анысы менен мышыкты кызыктырып бирок ордунан козгой албай убара тартты. Балдардан биротоло көңүлү калган неме тек гана көз ойноктотуп карап койгону болбосо, ойногусу келбей турду. Сабырсызданган балдар мышыкты акыры күч менен сүйрөп чыгышты. Бирок айбандын ачуу мыёлоп жибергенинен, дирилдей коркконунан кайра өздөрү чочуп, ордуна коё салды.

Картаң кожойке бар тапканын мышыктын оозуна кармайт. Ошондон уламбы ашканынын бурчунда тамак калдыктары додо болуп үйүлүп, чачылып жатчу болду. Аны көргөн сайын жаш кожойке кыжырданып, кобуранып сүйлөнүп, тазалап чыгат. Мышык колуна тийип калчу болсо, аны жогору көтөрүп көзүнө тике карап, балдарын тартипке салгансып тартипке сала баштайт:

– Бул үйдө тамагыңды чачып жегенге болбо-ойт!

Үнү бир эле учурда мышыкты зекигендей, опузалагандай болсо бир эле учурда эркелеткендей. Көздөрүндө заар жок, тек гана эрмектейт.

– Эгер, дагы бир жолу тамагыңды чаччу болсоң, муну көрдүңбү, – дейт алаканын жайып, тап берип.

Ошентип опузалап, жамбаш тушуна жеңил алаканы менен төпөштөмүш этип коет. Денеси оорубаса да, мышыкка бул баарибир жакпайт. Башын катып, куйругун кыпчып, боюн ала качат.

Качан гана балдар көрө калып:

– Апа, коё берчи байкушту, коркутпачы, – деп арачы түшүп, колунан ала койбосо, бечара мышык далайга чейин эрмектелет. Ушундан уламбы, бул үйдөгүлөрдүн ичинен ушу жаш кожойкени көргөндө жанынын барынча дыргаяктап качат. Кокусунан кууш коридорлордо же тепкичте бетме-бет келип калышса, шарт артына бурулуп, келген жагын көздөй зуу коет. Мышыктын өзүнөн качып турган “бул эстүүлүгү” келиндин бир эсе күлкүсүн келтирсе, бир эсе өзүнүн мышык качкыдай мээримсиз болуп калганына ардана түшөт.

Акыры мышык аялдан өзүнө жамандык келбесин түшүнгөндөй аны көргөндө качпай калды. Тескерисинче, төпөштөмүш болгон жаш кожойкенин жылуу алаканын сагынып, ага жакындаштын амалын кылып, бутуна илешет. Бат эле экөөнүн ортосунда достук пайда болду. Эми ал бул үйдө баштагыдай кемпирге, же балдарга эмес келинге көбүрөөк ыктап, ага жан тарта баштады. Дасторкон жайылып, үй-бүлө тамакка отурганда, келиндин жанына жетип барып, ток болсо деле анын тамагынан талашып кирет. Көп учурда тизесине чыгып, чокчоюп отуруп алат. Кээде тегерек болуп оролуп жатып алат да, жашоосуна канааттана мурулдай баштайт. Балдар бул үйдө эрте тамактанып, эрте уктайт. Кайненеси күйөөсү үчөө көп учурда дасторкон четинде жымжырт отурат. Анда-санда чыны, табактарга тийген кашык-ашайрынын шыңгыры, чайдын шоркураганын эсепке албаганда, тамактангандар өз ою менен алек.

Санаа оорусуна тушукканына бир жылдан ашты келиндин. Туруп-туруп өзүнөн өзү эле буулугуп, көзүнө эч нерсе көрүнбөй жүрөгү мыжылып кетет. Тээ алыстан тоолору мунарыктап араң көрүнгөн боппоз өрөөндөгү эл катары кечирген ушул өмүрү көзүнө кунарсыз көрүнөт. Канча жыл жашаса, ошончо жылды оңбогондой кусалык менен жашаптыр. Аткарылбай калган тилектери үчүн кейип, ар бир күнү актай бойдон ушаланган кагаздай ( ушул сөздү кайсы бир акындын ырынан окуп эстеп калган) өтүптүр. Акыр аягында жакшылыктан биротоло үмүт үзгөн немедей шалкы бош турмуш кечире баштаган экен. Ырас, бактылуу болууга аракеттенген жылдары болгон. Бирок баары текке кеткендей.

Жаш кезинде куурал турмушту баштан кечирген кемпирге, азыркы, ушу таптагы береги келининин турмушу тим эле бейиш сезилип, басып-туруп кобурангандан тажабайт.

– Биз силердей кезде алачыкта эле жашаганбыз, силер болсо жашаганыңар эки кабат үй, колуңар ысык сууда, ажатканаңар үйдүн ичинде. Биздин убакта үйдөн суу чыкмагы кайда? Сууну сайдан ташып, кирди колго жууп, бир жактан өкмөттүн ишин кылып, бир жактан үйдүн ишин кылып ошого карабай баарына үлгүрүп жашар элек. Азыркыларчы, кылган ишиңер жок, караганыңар эки бала, анан эле жүдөп ооруп каласыңар, капырай! – деп далайды сүйлөнөт. Келининин ушундай жеңил турмушта жашап атканы үчүн көп нерсеге, ого эле коп нерсеге милдеткер экенин каңкуулаганы-каңкуулаган. Кокус тууган-урук, коңшу-колоң үйгө келип калса, койдон жоош, кең пейил эненин кейпин кийе калат.

Кайда барбасын кемпирдин көздөрү келинин акмалап, ээрчип жүрөр эле. Башкасы бир тең, ушунусу бир тең. Жада калса кемпир жок жерде да анын коздөрү өзүн аңдып, кайдадыр шаштырып тургансып сезиле берет.

Түн. Эшикте дуулдаган, шуулдаган шамалдын добушу. Терезеден тептегерек болуп толгон ай көрүнүп турат. Айдын жерге жакын өтүп аткан бороон-чапкын менен деле иши жок, тек гана өйдөдөн шооласын чачып жаркырайт.

– Мен кетишим керек, – деди аял дуулдаган шамалдын үнүн тыңшап, тептегерек айды тиктеп туруп:

– Ушул да жашообу?!

– Каякка кетесиң? Кимге кетесиң?! – күйөөсү дабдаарый түштү.

– Сөзсүз эле бирөөгө эмес, эркиндикке кетем.

– Жинди болбочу? Балдарчы?

– Балдарым, балдарым деп тирүүнүн тозогунда жашап атам. Аларды да алып кетем.

– Кесир кылба. Шүгүр келтиргенди билбеген үчүн ушунча азап тартып атасың. Сендейлер Кудайга да жакпайт.

– Тажадым сенин акылдуулугуңдан! – келин чарчаңкы улутунду.

Күйөөсү үндөгөн жок. Жылан чакпай жылкы теппей өзүнөн өзү туталана берген жубайынын ушул жоругунан алда качан тажаган. Анын тилине кирип жалгыз энесин таштап кайда барат эле? Же энесине болуша албай, же жубайына болуша албай эки арада калып өзү да чарчап, тажап жүрөт. Кетсе кетип, эс алып мээсин сергитип келсинчи, кайда барат эле кайра келет – деген ойго жетеленип баратты.

– Сүйбөйсүң мени, сүйсөң жок дегенде аямаксың. Мен тирүүнүн өлүгү болуп баратам. Жакында түшүндүм, сага эмес, өзүм өзүмө эле керек экенимди.

– Эч нерсеге өкүнбөйм, кетсең кет! – ызырынды күйөөсү, – Мен үчүн бул дүйнөдө баарынан улук, баарынан ыйык нерсе “энеме кызмат кылуу, түшүндүңбү?! Карыганда энемди жалгыз таштап, сени ээрчип эч кайда кетпейм. Энем үчүн баарын садага чаптым!

– Энең сени эле карап отурган жок го. Жалгыз бала болсоң бир жөн!

– Мен апамды эч кимге түрткүнчүк кылбайм. Өзүм карайм!

Далай ирет укту ушул сөздү келин. Ошондуктан анын ачуусу келген жок. Тек гана сөз тууралуу чындап ойлонду, түшүнгүсү келди, а түгүл береги бетинен жаалы чыккан күйөөсүнө да чын пейилинен бир нерсени түшүндүргүсү келип, чечкиндүү сөз баштады:

– Эгер дүйнөго келгендеги бар максатың, жалгыз максатың энеге кызмат кылуу экени чын болсо, чын эле сага андан бөлөк улуу да, ыйык да эч нерсе болбосо, анда эмнеге буга мени аралаштырып алдың эле?! Мен бул дүйнөгө сага кошулуп алып сенин энеңе кызмат кылуу үчүн келген эмесмин да?! Эгер ачыгын айтсам, сенин апаңды сыйлаганымдан эмес, сени сыйлаганым үчүн унчукпай чыдап келдим. Сенин сүйүүңө ишенип, сени менен жолумду бириктиргем. Сенин энеңе кызмат кылып, анын кыял-жоругуна чыдагандан башка да максаттарым бар экенин сен жакшы билчүсүң.

– Энем үчүн баарын садага чабам дедим го.

– Эгер кааласаң, керт башыңды садага чап! Бирок буга менин жана балдарымдын тиешеси жок. Жарык дүйнөгө келгенде энеге кызмат кылуудан бөлөк бир да максатың жок болсо, эмнеге үй-бүлө күттүң?!

Айлуу түндө кужулдашып аткан эрди-катындын сөзү аягына чыккан жок. Бул сөз ар дайым ошондой, башталганы менен аягына чыкпайт.

Келин азыр эле баарын таштап безип, баарынан кече качкысы келди. Үйдүн төрт дубалы төрт тарабынан кысып аткансып, жан-дүйнөсү жанчылып чыкты. Ал азыр эч нерсе жонүндө, ыйман жөнүндө, ынсап жөнүндө жана башка жашоодогу ыйыктыктар менен бийиктиктер жөнүндө ойлонууга дарамети да келген жок. Кетсе болот эле!… Тек гана кетсе болот эле!

Эрди-катындын түндөгү кыжы-кужусу эрте менен кайрадан башталды. Бул ирет жини келген күйөөсү муштумун түйүп, маңдайында отурган жубайын уруп иймекчи болуп камданды. Адатынча кожойкесинин бутунда кырылдап жаткан мышык селт этип чочуп, ордунан тура калып, бүткөн бою түйүлүп эркектен бир жамандыкты күтүп атты. Бир нерсени сезгендей ачуу мыёолоп, бирок кожойкесин таштап качып да кетпей титиреп, коркуп турду.

Келин мындан чочуп, жыйрылган деле жок. Тек гана үй ичи менен бир болуп бакырып аткан эркектин үнүнөн тажагансып, күйөөсүнүн түйүлгөн муштумун көңүлсүз карап койду. Мышык анте алган жок. Бир түндө өзгөрө калган кожоюнунан азыр коркуп атты. Келиндин бир түрлүү салкын кандуулугуна таң калды. Мындай кайдыгерлик эртең-бүрсүгүн өлө турган макулукта эле болот. Мышык ушуну билчү. Тээ баягыда өзү да өлөрүн санап калбады беле. Баарына кайдыгер тартып денесинин жанчылганына эле эмес, жазмышына таарынып, адамдарга болгон таарынычы ушунчалык чоң болгондуктан жашагысы келбей, көздөрү кайдыгерликке толуп өз өлүмүн күтүп калган. Бактылуу мышыктар өлүмдү антип жайма-жай күтө алмак эмес.

Келиндин көздөрүндөгү муздактыкты, кайдыгерликти, өз тагдырын чечип койгон чечкиндүүлүктү көрүп, эркектин муштуму эле эмес, өзү да шалдырай түштү.

– Көкбет, азап болдуң го, азап! – деди келинчегине буулуга сүйлөп. Анан тез-тез басып, эшикти тарс жаап чыгып кетти.

Мышыкты бооруна аяр кучактап, башынан сылап коюп, бирдемелерди шыбырап отурду келин. Анын сөзүнүн баарына түшүнбөсө да, бул макулуктун тээ түпкү сезимтал туюму кожейкесинин ичинде ушунчалык чоң ыза, бук менен арман жатканын туйду. Ошону айтаар жан кишиси жок, өзүн жакын тутуп турганын да сезди. Келинди жубаткысы келгенсип, колун, жалап-жуктап, билегине сүйкөнүп атты. Аягында сооротконсуп, өзү да сооронгонсуп кырылдай баштады. Мышыктын бир калыптагы кырылдаган үнү келиндин ачуусун, ызасын азайтып, оюн бир чекитке топтоп атты. Кайра баштан көп окуялар, сөздөр жадында кайталанып, көз алдында чубурду. Алда кимдин: – Сыйынууну билбегендер Кудайга жакпайт! – деген сөзү кулагына жаңырды.

Сыйынууну билбейт имишмин, ошон үчүн Кудайга жакпайт имишмин, жакпаганым үчүн оорукчан болупмун. Ушул акыйкаттыкпы!? Бирок, аларга такыр эле таарынууга болбойт, алар башынан эле төрт бурчтуктун ичинде жашайт. А төрт бурчтук деген эмне, төрт бурчтук деген төрт тарабы төп келишкен тиричилик элеби? Мен ал төрт бурчтукка батпайм! Мага учу-кыйры чектелбеген дүйнө керек…

Ошондон бир топ күндөн кийин келин мышык менен коштошту. Адатынча алдына алып отуруп, башынан сылады, ойноду. Ага көп нерселерди айтты: “Камтама болбо, келе тургандар, мышыкты пайгамбар да сыйлаганын билген, пайгамбар тууралуу көп сүйлөгөн адамдар экен. Сени капа кылышпас деп ойлойм. Мен пайгамбар тууралуу жакшы билбейм чын, бирок мышыкты сыйлаганын, өзү абдан сулуу, нур жүздүү киши болгонун көп укканмын. Сен жаңы кожоюндарыңды да өзүңдүн ойноок көздөрүң менен, адам таанымың менен, төрөпейил мүнөзүң менен таңдандыра аласың! Мага сүйкүмдүү болгондой эле, аларга да сүйкүмдүү көрүнө аласың! Мен болсо сени мага ишенгениң, унчукпай мени уга алганың үчүн сагынарымды билем”.

Мышыкка ушунчалык жакын болуп калган адамдар бир күндө тарап, үйгө кожоюнга түспөлдөш келишимдүү башка адам өзүнүн үй-бүлөсү, болгон дүйнөсү менен көчүп келди. Бир гана кемпир ордунда калды.

Канча жыл чогуу жашаса да, мышык, адам дүйнөсүндөгү бактылуулук менен бактысыздыкты ачык түшүнө алган жок. Бирок туюму аны ар дайым мүнөзү бейпил адамдарга жетелечү. Бара-бара адамдардын кандай экенин алардын көздөрүнөн, кыймыл-аракетинен эле ажырата баштады. Кимге жакындан, кимден алыс туруш керек экенин үйрөндү.

Кийин-кийин ага жапайычылык жашоо жага баштады. Буулуккан келин көчүп кеткен күндөн тартып эле, желип-жортуп, ар кайсы тамдын чатырынан көгүчкөн, уялардан жумуртка, балапан таап жеп, жырткычка айланып үйгө токтобой калды. Жапайылык жашоо канчалык жакса да, кез-кезде өзү башпаанек кылган үйдү айланчыктайт. Эшикке кирип-чыккандардын арасынан келиндин караанын издеп, ага эркелеп алгысы келип кетет. Адам мээримин сагынат…

Төрт бурчтук дүйнө алгач бул жерде - Адабий Ордо жарыяланды.

Таш ташыган карыя
Биринчилерден баа бериңиз!

(аңгеме)

Кээ күндөрү комуздун муңайым дирилдеген үзүл-кесил добушу таң менен кошо теребелди термете баштайт. Бул чөлкөмдөгүлөр ушуга көнүп деле калышкан. Таң эрте мал-салын жайытка айдаган чоң-кичине айылдыктар айыл этегинде жайгашкан, төбөсү жалпак, чакан тамдын жанынан кыйгай өтүп баратып, комуздун күүсүн угуп өтүшөт.

Мында жалгыз карыя күн кечирет. Бир күндө канча ирет кирип-чыгып күймөнөт, ким билсин, бирок кыязы жалгыз жандын деле жашоо түйшүгү арбын. Кээде азыноолак кой-эчкисин эрмектеген болуп, караан туткан болуп, ошолорду үйүнүн жанындагы эле жайытка чыгаруу, кайра кечинде айдап келип короого киргизүү анын бул тирүүлүктө жашап жүргөнүнүн маанилүү себеби сыяктуу сезилет. Анан комуз чертет… Черткенде да же шартылдаган шаңы жок, же муңайган муңу жок бир калыптагы күңгүрөнгөн күмөн күү, тагдырга баш ийген, тагдырдан эч нерсе талашпаган, күтпөгөн, сабыр күткөн бир күү. Талыкшыган бир ыргак.

Эки жыл илгери байбичесинен ажыраган. Ушул чүкөдөй кемпиринен айрылса томуктай башы тоодой күйүт тартарын өмүрү ойлогон эмес экен. Байбичесин жерге берген күндүн эртеси бүтүн жашоосу аңгыраган муздак боштукка айланып, бул кыжаалат акыбалды көтөрө албаган карыя бир топ күн сары оору тартып жаткан. Тамакка табити тартпай, кез-кез гана жылымык суу ууртап, колу-буту мупмуздак болуп жата берди. Карыянын бул “обу жоктугун” аны айланчыктаган алыс-жакындары анча жактыра беришпеди.

– Таңгөрү дүнүйө, атаны жаман айе… – дейт анын оор күйүттө, тамак-аш ичпей жатканын уккан өзү курдуу айрым абышкалар үшкүрүнүп.

– Тим эле бир илгеркинин Олжобай-Кишимжаны болмой болду го, бул… Жаман десе!

– Эми, койсо боло! Тууган-туушканды да кыжаалат кылбай.

– Жамандын бир өнөрү артык…

Башка дөөлөттүү абышкалар карыяны ушинтип кеп кылышкан.

Кезинде жубайы экөө кудайдан суранып-тиленип, барбаган жери, баспаган мазары калбай жүрүшүп, араң бир кыздуу болушкан. Кийин, аялы жашы кырктан ашканда бир эркек бала төрөп берген. Кызы шаар жеринде жашайт, азыр очор-бачар бүлөлүү. Бирок бул күндөрү энесин жоктоп, энесинин азасына алыс-жууктан келип-кетип жаткан элди тосуп, узатып, жалгыз инисине бел болуп кызы көпкө кетпей жүрдү. Кыз баланы күйүмдүү деп бекер айтышпайт экен. Ал болбосо али турмушка кагылып-согула элек, башынан жамандык-жакшылык өткөрүп көрө элек жалгыз уулу баш-аягын таппай бир топ эле жүдөмөк.

Эл-журт жай-жайына тарап, карыя да тагдырына моюн сунуп, бир топ өзүнө келип, баш көтөрүп калган соң кызы кете турган болду. Кетеринде инисине өтүнүч сыяктуу кеп козгоду:

– Үйлөнүшүң керек окшойт эми, жашың деле жыйырмадан өтүп калды. Апам тирүү болгондо го өзүң билет элең, атам экөөңө кыйын эле болот, ылайыктуу кыз болсо үйлөн эми.

Уулу унчукпай жер карады. Көп нерсе айткысы келип барып, ансыз да кемпиринин күйүтүнөн бир топ өңү азып, кичирейип турган атасын, ошого эле окшоп бирдеме десе “баа” деп бакырып ыйлап ийчүдөй болуп араң турган эжесинин түрүн аяп унчукпады. Көп нерсе айтат эле…

Эжесинин кетерде айтып кеткен кеп-кеңеши жаш жигитти оңой эмес ойго салды. Ичинен көп нерсени ойлонуп, чүнчүп жүрүп, ошондой күндөрдүн биринде атасына:

– Ата, мен бир аз иштеп келейин, – деди. – Иштеп келип үй-жайды оңдобосом…

– Каякка? – деген карыя түшүнө бербей, көзүн үлүрөйтө тиктеп.

Тааныш балдар Кореяга чакырып атышат, иш жакшы экен. Бир жылча иштей койсом үй салганга керектүү нерселерди алганга жетсе керек.

– Жалгыз башыңа жеткидей оокатың турат го, эмне бар алыста? Өлбөгүдөй мал-жаның турат, үйүң деле турат. Ушунун баарын мен көрүмө ала кетпейм да, сеники…

Уулу эмнегедир адаттан тыш үтүрөңдөдү.

– “Үйүң турат” дейсиз да. Ушу да үйбү! Муну эч ким “үй” деп айтпайт азыр, ата!  Эжем да “үйлөн” деп коёт. Мен кантип ушу жерге… – жигит андан аркысын айта албай туталанып тим болду.

Андан ары экөө тең унчукпай калышты. Карыя эми береги уулуна ачык каршы чыккысы келбей, унчукпай ичтен тынды. Кезинде баарын өзү жасап, өзү түптөй албаганы үчүн да ичинен сынып турду. Кемпири экөө бар оокатына топук кылып, жайбаракат турмуш кечиришкен тура. Азыр чын эле адамдар башкача… “Бир чети уулумдуку да туура” деп ойлоду карыя. Далай күндөрдөн соң уулу чын эле кетти. “Көптүн арасында, көпчүлүк көргөндү көрөм” деп, “көпчүлүктүкүндөй турмушка жетем” деп карыянын жалгыз уулу да кетти. Эл кеткен жакка кетти.

Уулу кеткенден бери карыя таш ташымайды адат кылып алды. Ташыган чоң-чоң таштарды кынаптап, биринин үстүнө бирин үйө берүү – анын эң жакшы көргөн иши. Үйдүн жерпайына жарачудай ири-ири таштарды кай жерден көрсө да көзү кадала түшөт. Кээде бирин-экиндетип кол араба менен эптеп сүйрөп келет, кээде ыраак жактардан эшек арабасына бир топ кылып жүктөп, үйүнүн алдына ташып келет. Таштар оор. Кары киши үчүн бир топ эле оордук кылат, бирок ошого карабай чоң-чоң таштарды көргөндө карыянын көөдөнүндө бир күч пайда болот. Жылт эткен үмүт-тилектин шооласы жана түшөт. Тердеп-тепчигенине карабай, көкүрөгү кышылдап демиккенине да карабай ташты жан алекетке түшүп көтөрүп, арабага салып, үйүнө сүйрөп келет. Уламдан-улам чоңоюп бараткан таш үймөктү көрүп, ичинен убактылуу болсо да жеңилдеп алат. Анан ташып келген ар бир ташы менен уулунун келер кезин жакындаткансып сүйүнүп калат. Ушу таш ташымай ишин ушунчалык чын пейилден, астейдил иштейт. Буюрса бир топ чоң үймөк болуп калды, бир үйдүн жерпайын түптөгөнгө жетейин деп деле калды. Уулу келгенде эч болбосо ташы даяр болуп калсын… “Анын талаа-түздө жер кезип жүрүп таап келген акчасына аз да болсо огожо болор таш даяр”…

Телефондо сүйлөштү.

– Ата, жакшы элесизби, ооруган жоксузбу? – деди адегенде эле уулу.

– Шүгүр, балам, менден кам санаба. Өзүң келчүдөйсүңбү деги?

– Аз калды ата, дагы бир аз чыдаңыз, кичине калды. Андан көрө сиз оорубай турсаңыз болду. Эжем барып-кетип атабы, тез-тез эле? Мен жөнөтүп жаткан азыноолак акча менен кем-карчыңызды бүтөй бериңиз. Үйгө керектелчү акчаны мен өзүм алып барам.

– Мага акча салып убара болбогун сен, жалгыз башыма эч нерсе деле кетпейт. Улам мага жөнөткөндү коюп, өзүң айткан нерселериңе жеткидей тыйыныңды чогулт, тезирээк кел. Жүрө бересиңби ошо жакта?

– Аз калды ата, кичине чыдаңыз. Эжеме бир аз акча котордум, сизге жеткирип берет!

– Тыйын менен кайсы кем-кетигимди бүтөмөк элем мен…

– Түүт-түүт-түүт… – сүйлөшүү аягына чыкпай калат.

Булардын сүйлөшүүсү көп жолу ушундайча өңүттө жүрдү. “Бир аз чыдасаңыз барам” деген баласынын кеткенине төрт жылга чукулдап, ал ортодо бир келип энесинин ашын өткөрүп кеткени болбосо, айылга биротоло келе элек. Үйүн баштай элек. “Кем-кетигиң үчүн” деп улам которулган акчаны эмне кыларын, каякка жумшарын билбеген карыя тек гана топтой берип, оңор эмес көбөйүп калды. Таш деле жеткидей чогулуп бүттү… Эми жасай турган маанилүү, уулуна жеңилдик апкелер иши түгөнүп, бош калган карыя эмне кыларын билбей жүрдү. Мал-жанын эрмектеген болот, бирок ошо да ишпи? Уулуна кол кабыш кылса болот эле…

Ошол таңда карыяга жакшы ой келген. Карыянын өзүнө жаккан, аны чындап сүйүнткөн жакшы ой келди. Ал күнү күнүмдүк тиричилигин куштай сергек, көңүлү ачык баштады. Малын эртелеп жайытка чыгарып, эртең мененки нанүштөсүн да көңүлдөнүп ичип, тасмалынын үстүн жаап коюп тышка чыкты. Мурунтан жаңы салынчу үйгө уулу экөө ылайык деп тапкан жайды бир сыйра көз элегинен өткөрүп, ыраазы боло карап чыкты да, оюнда бирдемелерди ченеп-өлчөй баштады. Эми буга иштеп бере турган адамдарды табышы керек… ага карыянын акчасы да арбын, ташы да белен. Уулу келгиче төрт бөлмөлүү үйдүн жерпайын бир жакшынакай кылып түптөтүп коёт. “Ушуну мурда эле ойлонсом болмок экен, аз да болсо жеңилдик болот Аскеме, келип көргөндө бир кубанып калсын!”

Тамдын жерпайын түптөп бере турган эки-үч адамды тез эле тапты. Акысын келишип, сүйлөшүп ишти башташты. Айылдын тургундары карыянын бул ишине бир чети танданып, ар түрдүү кеп аралап, бир чети кубаттап, узун көчөнүн баш-аягына чейин укмуш жаңылык болуп тарады. Айрым коңшулар атайын эле сонуркап келип аны-муну сүйлөмүш болуп бакылдап, карап туруп кетет. Илгеркиден калган эки бөлмөлүү, кире бериши менен кошкондо үч бөлмө үйдөн соң өмүрү курулуш жасабаган бул кишинин азыркы, карып калгандагы иш-аракети тыштан карагандарга бир топ өөн көрүнсө да, акыры келип көпчүлүк айыл тургундары жүрөк тереңинен кубаттап, колдоду. Жыты тууган уруулаштары башка уруулардан намыстанып, карыяга колдон келген жардамын бере баштады. Аялдары кезек-кезеги менен ысык тамагын үзбөй, эркектери бир саамга болсо да бошоп, жетип келип, тиги иштеп жаткандардын жеңилин жерден, оорун колдон алып, көптөп тез эле карыя каалаган жерпай түптөлүп бүтүп калды. Эмнегедир мунун баарын уулуна чалып айткысы келген жок, келгенде эле көрсүн деди… Жерпай ушунчалык тез бүттү. Чын пейилден жардам берип, жардам берүүнүн шааниси менен күүлөнүп алган немелер ишке моокуму канбай калгансып, дагы да жардам бергилери келди окшойт.

– Эми топурак болсо, кирпичин куйдуруп, дубалын тикелей бериш керек. Асан келгиче мына эмесе деп туруп үйдү бүтүрүп салыңыз! – деп тамаша-чындан айтты коңшусунун баласы.

– Топурак деле түшүрсөм болот, – деди карыя көңүлдөнүп.

– А кирпич деп отурбай эле сокмо менен согуп, заматта көтөрсө болот, дубалды. Сокмо кирпичтей эле бекем болот, тез бүтөт, – дей салды дагы бир билерман киши.

– Аны Асан билер, акыры үй ошонуку го, бериде туруп эле айта берген болбойт эй…

– Асан билеби, ата? Кантип билбесин?

– Билер… Келгенде көрүп, бир кубансын деп атам да. Ансыз да мына төртүнчү жылы кетип баратат курган баланын, там салам деп жүрүп. Аз болсо да убактысы үнөмдөлөр… – карыя ушинтип аңгүдүк жооп берди.

Чогулткандан калган акчасына пенсиясын кошуп, анча-мынча мал-жанын пулдап ийип, топурагын түшүрүп, баягы эле айылдаш усталарга сүйлөшүп, эми жерпайдын дубалын тикелете баштады. Сокмо менен. “Саман аралаштырып тургузса кышта жылуу болот” деди. “Ичи-тышын шыбап, жылмалап, тегиздеп, сырдап койсо алда немедей зыңгыраган там болот, мен билген элдин көбүнүн үйү эле ошондой, болгону убагында чоң-чоң, кенен салынган, анан кийин эле алда-немедей кылып кооздоп-сырдап коюшса турат, сыр бербей заңгырап…”

Суук түшкүчө кыбырап атып бир далай иш арбып калды.

Эрте жазда карыянын уулу биротоло келди. Кебете-кешпири бир топ өзгөрүп, бараандуу тарта түшүптүр. Ак жуумал, толмоч тарткан, сулуучумак жигиттин мүнөзү да баштагыдан өзгөрүп, баса-баса батымдуу сүйлөп, кескин мүнөз күткөн түрү бар. Уулуна учурашканы келген кошуналары, жерге-жээк, туугандары анын кай жерлерде, кантип иштеп, эмнени көрүп келгенин сурап, ошонун тегерегинде кеп жүрдү. Карыя калдалактап, аксарбашыл айтып, эшикте эт бышырган бала-бакырага көз салып, үйгө улам кирип-чыгып уулуна көзү тоё, бир түрлүү ыраазылык менен карап коёт. “Карааныңдан айланып кетейиним!!!” Ал уулун ушунчалык сагынып калыптыр.

Эл тарагандын эртеси ата-бала өзүнчө калып, жаңы башталып жаткан тамдын ичи-сыртын айлана басып жүрүштү. Төрт бөлмө тамдын жерпайы түптөлүп, дубалы да жарымына жетер-жетпес болуп көтөрүлүп турат. Дубалдын үстүн жаанга, карга эзилбесин деп атасы саман менен тегиз жаап, ар кай жеринен таш менен бастырып чыккан экен.

Карыя чечекейи чеч болуп, уулунун алдына түшүп алып, бөжөңдөп көрсөтүп баратты.

– Бул бөлмөсү кенен, аш үй болор, баарыбыз кенен-кесири отурганга. Тиги бурчуна меш салып аласың. А тиги бөлмөсү болсо силердики, бу жагына балдарың чоңойсо, ошолор укташат. Муногусу болсо үйгө киши-кара келсе, күткөнүңө… А мага тиги там болот, ошондо эле уктайм.

Карыя өзү көрө элек, жада калса уулу да көрө элек келини, неберелери тууралуу сүйлөп жатты. Кудум эртең эле ошол жашоо башталчудай шашып, карбаластап алганына уулунун күлкүсү келди.

– Бекер эле убаралана берген экенсиз, курганга жараша башкача, жакшыраак эле үй куралы да. Мен атайын долбоорун чийдирип келгем, – деп чынын айтты.

– Ыя? – карыя мостоё түштү. – Эмнеге болбойт? Эмнеси жакпайт атат мунун сага? Эл катары эле үй болот. Кудум эл катары эле бир жакшынакай көтөрүлгөн там болот…

– Коё турсаңыз болмок да, мен деле жаш бала эмесмин да, ата. Чогуу сүйлөшөт элек го?

– “Чогуу сүйлөшөт элек” деп!.. Сенин келип там саларынды күтүп жашаш үчүн мен кузгундун жашына чыгышым керекпи? Аз болсо да эртелетейин дедим, ушу турган ишинди баштап, тапкан акчаңа үнөм болсун дедим, балам. Өмүр коромжу болуп жатканда акча коромжу болбой не болуптур…

– Болору болуптур. Кайра башташ керек го баары бир…

– Ой, сен баарын кайра баштагыча качан эми? Кой, болбогон кепти айтпа, балам. Канча эл келди, элдин баары ушу жерде жүрдү. Бүгүн келип алып сен… – карыя сөзүнүн аягына чыккысы келбей туталанып кетти. Сөз угар түрү жок.

Кадимкидей эле кейип, уулуна сүйлөнүп, али бүтө элек “үйүнөн” чыгып баратты. Далысын бүкүрөйтүп, эки колун аркасына алып, сүйлөнүп чыгып бараткан карыяны уулу бир чети аяп карап турду. “Минтип өзүм билемдик менен ого эле чоң ишти баштап салганы деле кечиримдүү, бир чети жаш баланын жоругундай, бирок ушу да болмок беле…” деп ичинен нааразыланып да турду. Эми эмне кылмакчы бул “курулушту?” Жерпайы да жалаң таш, ылай аралаш курулуптур. Шаардан бери өзүнө учурашуу үчүн келе жаткан жалгыз эжесин күтүп отурду. Эжесинен бир арга табылчудай күтүп отурду.

Бир туугандар бирин бири көргөнүнө жетине албай учурашты. Булар кадимки чоң үй-бүлөлөрдөй болуп бака-шака түшүп, карыянын бар дүйнөсү толуп, оңуп эле калды. Качан гана ээндей түшкөндө жигит эжеси менен тиги болуп жаткан “курулуш” тууралуу сүйлөштү.

– Атамды кой деп эле койбопсуң да? Эми кантип бузам “тигини?”

– Мен деле мынчалык иш жасап ийерин билгеним жок да, бир келгенимде таш чогултуп жүргөнүн көргөм. Дагы бир келсем чогулткан ташы кадимкидей чоң үймөк болчу. Сага деле чалганда айтпадым беле? “Ии” деп тим болдуң…

– Эми мунун баарын көзүм менен көрбөгөн соң, “бирдемени эрмектеп жүрсө керек” дедим да, кайдан билипмин мынчалыкка кетерин? – жигит аргасы кете унчукту.

– Дагы бир келсем кадимкидей таш менен жерпай түптөлүп, топурак да түшүрүлүп турган. Айткам жакшы эле, “коё туруңуз” деп. Атамды билесиң го, менин бирдемеге кирише бергенимди жактырбайт.

– Анысы бар…

– Өзүңө айтсам көп маани бербедиң. Сен да көпкө жоголдуң, анан бир үйдө жалгыз кирип-чыгуу эле оңойбу? Сени күткөнчө жалгыз башына эрмек болду да… Билсең, ушу өзү курдуруп жаткан тамдын аркасы менен да атам ал-күчтөн тайыбай, алда немедей алдуу-күчтүү жүрбөдүбү!

– Эрмек болгону го болуптур, эми буздурбай атпайбы?

– Анда бузбаш керек! Сен тез-тез келип кетип турсаң атам деле билип-билбей ушуну жасамак эмес. Атамда эмне күнөө?

– Тез-тез келип кетиш эле оюнчукпу силерге?

– Ээ, мен кайдан билем… Сен сөзсүз эле ошону бузбай, түптөчү тамынды огороддун башка жерине деле түптөй берсең болбойбу, ыя? Же сөзсүз ошону бузуп, ошол жерге гана үй салышың керекпи?

– Башынан ошол жер ылайыктуу, эже. Орду болуш керек да ар бир нерсенин. Көчөгө жакын, короосу белен жай. Мурунтан эле ылайыктап жүргөнбүз.

– Өзүң бил, ошончо жыл жүрүп албай, эч болбосо тез-тез келип турсаң балким атам да убара болмок эмес, – эжеси негедир ушу саам өзүнүн таарынычын билдирди буга.

– Ээ, эже! Баарын түшүнүп, көрүп, билип туруп сиз да ушинтесизби эми? Мен эмне кылам анда?!

Чындап аргасы куруп кеткен инисин кайра аяп кетти.

– Мен анда атамды көндүрүп, “меникине мейманчылап бир аз күн жүрүп келиңиз” дейинби? Жок дегенде он беш күнчө жүрсө, сен тездеп “тигини” тазалатып салып, өзүңдүн жерпайыңды баштап ал, күчтүү-күчтүү балдардан таап, акысы төлөсөң тез эле бүтөт. Айтор атам келгенде көрүп, сүйүнгүдөй болсун… – деди эжеси.

Кызынын көөнү үчүн гана араң макул болуп, шаарга барып алган карыя өзүнөн өзү кысылып, буулугуп үч күнчө араң чыдады. Үчүнчү күндүн кечинде кызы жумуштан келгенде “айылга кетпесем болбойт” деген ниетин билгизди эле, анысы чок баскандай чочуп, такыр жуутпай койду.

Кийинки күнү баары ишке кетишкенде эч кимге айтпай-дебей эле карыя айылына жол тартып кетти. Мындай ыңгайлуу. Бирок кыларга иши жок жашоого өмүрү көнгөн эмес.

Дуу көтөрүлүп жаткан коюу чаңды көргөндө эле жүрөгү бирдемени сезди. Ансыз да шек алып атты эле, “ушинтпесе экен” деп. Көчө этегинен бери араң басып келе жаткан немеге үйүнүн тушуна жетмеги азап болду. Ылдамдай басты. Кадамы арбысачы же бир! Тез-тез эле баскандай болот, бирок ордунан жылбай аткансып муундары калчылдайт. Жакындап келгенде көрдү. Чын эле өзү шек алгандай иш болуп атыптыр… “Оо, Жараткан” деп күбүрөнүп ийди.

– Асан! Ээ Асан, бу сенби?! Бу эмине кылганың!

Жүгүрө басты. Эмне айтып, эмне дегенин өзү да толук аңдабай, бирдемелерди тынбай айтып жүгүрүп келе жатты:

– Ой дейм, ой бала! Эмне кылып атасың? Токтот! Бузба дейм! Аны жалгыз мен курган жокмун! Балам…

Карыя үйүнө жетип-жете бербей өз кадамына өзү чалыныппы, айтор мүдүрүлүп, көмөлөнүп кетти. Жаткан жеринен тура албай кышылдап, оор дем алып жатып калды. Эки көзү тиги бузулуп аткан курулуштун үстүнөн коюу көтөрүлүп чыгып жаткан чаңда болуп, анын айланасындагы кажы-кужусу угулуп жатты, бирок буруксуган чаңдан улам кишилер карыяга көрүнгөн жок.

Адамдар аны көптөн кийин, трактордун дарылдаган үнү басылып, чаң тараганда көрүштү. Алгач эмне болгонуна түшүнбөй эки жигит эки каруусунан алып тургузду. Карыяда дарман жок эле. Тек гана эки жагынан сүйөгөн эки жигитке салмагын артып, шоролуу көздөрү менен эми эле сүрдүрүлүп, бузулуп, орду бош калган жерди тиктеп, оор дем алып турду. Үстү-башы бозала чаң болгон, энтигип араң дем алып турган атасынын түрүн көрүп уулунун үрөйү учуп кетти.

– Ата! Ата дейм, эмне болуп турасыз, жарыктык? Ушуга да ушунча болосузбу? Мен сизге мындан он эсе жакшы үй куруп берем, ата! – уулу атасын кучактап, чебеленип кетти.

– Ата, ачууланбаңыз эми… Сиз келе электе ордун тургузуп коймокмун… Эмнеге тура турбадыңыз шаарда? Бир жума тура турсаңыз болот эле го!

Карыя унчукпады. Үн-сөзсүз жетелегендердин жетегинде, көкүрөгү кышылдай оор дем алып, эски үйүнө кирип баратты.

Уулунун элестетүүсүндө бар, а бирок өзүнүн элестетүүсүндө жок келечектеги мыкты үйдүн ичиндеги жарык жашоо тууралуу такыр эле кыялдана албай койду. Болгон кыялы, элестетүүсү таш менен өзү түптөгөн төрт бөлмө топурак курулуш менен кошо урап, талкаланып жоголуп, эми өзүнүн бул жарыкчылыкта жасай турган маанилүү иши деле жок калганын билди.

Кайрадан баягы күүсү… Же шартылдаган шаңы жок, же муңайган муңу жок бир калыптагы күңгүрөнгөн күмөн күү. Тагдырга баш ийген, тагдырдан эч нерсе талашпаган, күтпөгөн, сабыр күткөн бир ыргак.

Талыкшыткан гана бир ыргак…

Таш ташыган карыя алгач бул жерде - Адабий Ордо жарыяланды.

Актриса
5/5 - (2 добуш)

(аңгеме)

I

Кеч күз эле, сыртта бир аз суук. Анын үстүнө күн да батып кетти көрүнөт. Терезесин кенен ачып салып, анын эскилиги жеткен жыгач рамасына сүйөнүп, короодо чуру-чуу түшүп ойноп жаткан бала-чакага назарын салып турду. Акыркы күндөрү бул көрүнүш жашоосунда адатка айланып барат. Анан эмне! Адатка айланбаганда…

Шуу үшкүрүнө, терезеден артка кетенчиктей берип, ой-сезимине баш ийе бербеген бир сезимге жетеленип, күзгүнүн алдына барып калганын байкады. Күзгүсү – кооз, бышык, анан калса чоң күзгү. Ушул эскирбей койду такыр, четтериндеги алтын түстүү, оймо-чиймелүү алкагы күнү бүгүнкүсүндөй жалтырайт да турат!.. Өзүнчө эле шаан-шөкөттүү! Өзүнчө эле менменсийт тобо… Кудум ушул үйдүн ханышасындай болуп… Таажысын кийип алып, үй ичиндеги болгон-бүткөн нерсенин баарына өз бийлигин жүргүзүп отурган немедей койкоёт да, жаркырайт! Аял… Жөн гана күзгүнүн маңдайында көпкө турду, манжалары өзүнөн-өзү көз астындагы кат-кат бырыштарын аяр да, аяй да сылап, өз жүзүнө өзү мелтирей тигилди. Ушул тапта күзгү аны карап мыйыгынан жылмайгансыды аялга. Дагы эле менменсинген түрү!..

А кайсы бир учурда өзү менменсий тиктечү ушул күзгүнү. Текебердене тиктечү! Мыйыгынан жылмайып, ойкуштап он түрлүү өзгөрүп, ойноктоп карачу күзгүгө. А күзгүсү жаш аялдын жаштык деминен, чиренген сулуулугунан уялансып, басынгансып унчукпай гана мелтиречү…

Түркүн-түстүү бет боёкторунун уусуна жедеп ууланып бүткөн, эми боёкту кабыл алууга деле шайманы келбей калган бырыштуу кунарсыз жүзүнө, купкуу эриндерине кейий тиктеп турду ушул тапта. Эми буга боёк сүртүүнү деле кажети жок болчу… Капысынан келген бир ой мээсин чарпып өттү да, өзү да таң калды ушундай окшоштукка. Учурунда өзүнө аёосуз кызмат өтөгөн экен мобу азыр керектен чыккансыган кунарсыз жүзү. Оо ал кезде…

Өзү да агы ак, кызылы кызыл болуп чырайына чыгып турган учуру да… Өзүнүн чырайы аз келгенсип үстүнөн жабылган боёкту айт! Театрдагы эле грим канча! Боёк жабылган сайын сулуулугу дагы арта түшүп суктанган, таңданган көздөргө менменсий, оолжуй карачу тура!.. Кудум азыр муну күзгүсү менменсий тигилгенсип. Маңдайга бүткөн ушул сулуулугу, аны менен кошо келген атак-даңкы тагдырындагы болгон кем-кетигин толуктап, билгизбей турчу экен да көрсө…

“Жоок… тескерисинче болуп жүрбөсүн” деди күзгүдөгү өзү… “Сендеги чети кетиле элек кемтиксиз бакытты дал ошол сулуулугуң менен атак-даңкың жок кылган болуп жүрбөсүн… А сен ошондо насилиң аял экенин сезбей, өз турпатыңдан аялзаттын эмес сулуулуктун гана кейпин көрчүсүң да! Сага мүмкүндүк деле беришкен жок да өз ичиңде аял жашаганын сезүүгө! Анткендин ордуна баары сенин сулуулугуңа суктанышып, талантыңа таазим этишкен. Анан баары бир ооздон “искусство үчүн гана жаралган керемет” деп аташкан сени… Эсиңдеби?! Чындыгында туура айтылган татыктуу сөз болчу, бирок ал өз саатынын гана туура сөздөрү болгон… А сен, ансыз да келберсиген жаның бир ирмем да ойлонбой туруп аял экениңди унутуп, “искусство”, “керемет”, ”сулуулук” деген гана сөздөрдү эстеп калдың да, ошол жерден сапарыңа чекит коюп, бактылуу жашадың… Жалгыздык деген нерсе менен таанышууга да мүмкүндүк болгон жок да ээ сенде?”

Аял күзгүдөн терс бурулуп кетти. Аягына чейин чыдап угуу мүмкүн эместей… “Анткен менен өз кезегинде бактылуу жашагам!!!” – деп ыйламсырады аргасы куруп. Ушул күзгү жаркырап бөлмөсүнүн бир капшытын ээлеп алганы аз келгенсип, кыбыр эткендин баарын, жада калса ойлогон оюн да башкара бергени өтүп кетти! Ээ, күзгү болбосо жерге кирсинчи… Кичине эшикке басып сейилдеп келсе не болот?… Ырас эле! Шашып кийим алмаштыра баштады, заматта даяр болуп, өзүн бир карап коюу үчүн күзгүнүн маңдайына келип калганын байкабаптыр. “Бырс” күлгөнсүдү күзгү мунун түрүнө, “кейпиң кантет, сен каякка, өзүңчө эле графинядай койкоңдоп… хи-хи-хи…” …Чын. Күзгүнүн оюна макул болду ушул ирет, тим эле бир образга кирчүдөй болуп, азем кол чатыры, саркеч ийин жапкычы, стилдүү, кооз шляпасы… Чын эле ушул түрү менен каякка бармакчы?… Сахна болсо го…

…Сагынды сахнасын! Чыныгы жашоосун ошол жерде, кайсыдыр каармандардын образында гана жашаптыр… Өзүн жашай элек экен көрсө бул турмушта, али өз образын жарата элек экен! А мынабул турмуш болсо такыр эле сахнага окшошпойт тура! Кайда барсаң мамайдын көрүнө окшоп, бири-бири менен иши жок, кыжы-кыйма, тартышкан, түртүшкөн эл! Сулуулугуңду, улуулугуңду, талантыңды, идеяларынды уруп ойнобогон көпчүлүктүн шары… Сенин бар же жогуңду да байкашпайт керек болсо! Буларды оңой менен таң калтыра да албайсың, сенин театрда ойногон ролдоруң, трагедия менен комедияларың бул турмуш аттуу чоң сахнанын алдында суу кечпейт ошондо? Кызык… эми дал ушундай шартта өз жашоосун жашап, али турмушта ойнолуп көрө элек өзүнүн образын жаратышы керек экен! А өзүнүн кандай каарман экени азырынча өзүнө да белгисиз эле.

…Ошондон көп өтпөй тойго чакыруу алды, курбусу эле, алтымыш жылдыгын ресторанда белгилемей болуп, көп киши чакырышыптыр. Аял баргысы деле келбеди, бирок аягында ошол шоркелдей курбусун чын дилинен аяп бара турган болду. Аяганынын да жөнү бар, бечара курбусу бул билгенден жакшылыктуу деле күн көргөн жок, канча ирет күйөөсүнүн кордугуна кабылып, качып келбеди, арыз-муңун айтып муңайбады!.. Аны аяп, ичинен ошонукундай тагдырга туш келип калбаганына миң жолу шүгүр келтирчү, ар качан колунан келген жардамын аячу эмес. Эми минтип ошол шоркелдей тойго чакырып атса кантип барбайт… Өмүрүндө бир ирет жакшылык көрүп атса деп койду оюнда.

Той деген той, ар түркүн адамдан баш айланат, кызыл-тазыл кийинген кыз-келиндер! Алгач муну көрүшкөндө өзгөчө урмат-сый менен тосуп алышты, кантсе да бир учурдун белгилүү, атагы калайыкка тегиз жеткен, сулуу актрисасы эмес беле! Көпчүлүктүн ичинде мунун таланты менен сулуулугуна таазим этип, чогуу сүрөткө түшчүлөр да арбын экен. Не деген менен дымагы бийиктеп калды… Аха… Турмуш сахнасыбы! Анда да ийгилик жаратып көрөлүчү кана деди ички сезими толкуй түшүп…

II

Бирок чыныгы спектакль андан кийин башталды. Тойдун башталышы жубайлардын ушуга чейин чогуу жашаган кырк жылга чамалуу жашоосундагы өрнөктүүлүгүн, ынтымак-ырашкерлигин, үлгүлүү ата-эне экендиктерин даңазалаган слайд-шоу менен ачылды, слайдда тээ жаш чактан берки сакталып келген не бир сонун сүрөттөр, азыркы күндөгү сүрөт, видеолор камтылыптыр… Уул-кыздары, келиндери, күйөө балдары, өңчөй аппак кийинген неберелери!!! Айтор өзүнө бир ажайып элестер! Суктанаарлык. Курбусу турду күлүп-жайнап, күйөөсүнүн жетегинде бажырайып, ооба… Ооба, мунун чын эле бактылуу экендигине ишенбей коюуга мүмкун эмес эле!!! Кечээги эле жылдарда, күндөрдө өзү аяп, шоркелдей элестетип жүргөн курбусу азыр көз көрүнөө анын баарын танып коё алды. Анын бактылуу экендигине ишенбей коюу эч мүмкүн болбоду!!!

Ушул жерде, ушул саатта турмуштун чоң сахнасындагы эң башкы ролду эч кимге бербей, кечээги курбусу, кечээги байкуш курбусу ойноп атты. Болгондо да дүйнөдөгү эң бактылуу жубайдын, эненин жана аялдын образын жаратты. Ишенимдүү, шексиз, суктанарлык аткарды өз ролун. Тойго келип, аны карап турган эл эле эмес, өзү да ишенди, чын эле өмүр бою бактылуу жубай болгонуна…

Тойго чогулган көпчүлүк улам бири чыгып, курбусунун ардактуу жана күйүмдүү эне, алаканга салынып бапестелген асыл жубай экендигин, мындай үй-бүлөдөн келечектин жаштары таалим алса болорун, турмушта мына ушундай үй-бүлөлөр гана чыныгы сыйга татыктуу экендигин кайталай беришти… Улам-улам кулагына жаңырыктаган түшүнүктөрдөн жан-дүйнөсү тарып, кичирейгенден кичирейип баратты театр сахнасынын актрисасы…

Көрсө тиги, бүгүнкү күндүн, мындан аркы күндөрдүн бактылуу жана башкы ролун ээлеп алган курбусу турмуш сахнасына жаштыгын арнап койгон экен, кудум бул театр сахнасына жаштыгын, бүткүл жашоосун арнап койгондой… Арийне… Кайсы сахна болбосун, өзүндөгү жакшы ролду жаштык менен сулуулукка арнагысы келери айдан ачык экен го! Аттиң, турмуш сахнасынан кечиккен экен! Анткен менен, курбусу мыкты ойнойт экен өз сахнасында… Экөө тең актриса, көрүүчүлөрү гана эки башкача… Ушу тапта башы катып ойлонуп отурду, кайсы сахна жашоосунда маанилүүрөк орунду ээлемек деп…

Той болсо ортодон ары ооп калды. Баягыдай каалоо-тилектер деле айтылбай, эми берегилердин сахнасында тынымсыз музыканын дүңкүлдөгү менен шарап чөйчөктөрүнүн шыңгыры, күлкүнүн шыңгыры, эки-үчтөн бөлүнүп алып эбедейи эзиле сыйлашуулар башталды. Ортодо болсо, кудай бетин салбасын… Укмуш эле бий болуп атты!!! Бир-эки аябай кызымтал немелер аялды бийге тартып да көрүштү. Жападан жалгыз калып калган өзүн кайда батыраарын билбей, ансыз да ыңгайсыз отурган аялга азыр ортого чыгып алып бийлөө турсун, өз ордунда жөн эле отуруу да кыйын боло баштаган. Ичинен корунуп турду, соксоюп жалгыз калганына, атаңдын көрү дүнүйө ай! Ушул жерде да билинип атканын кара эч кимиси жоктугунун!!!

III

Чын эле булардын арасында өзү ушунчалык байкушпу эмне!? Кайда жанагы башкы ролдогу неме? Айланасына аргасыз көз чаптырып койду, эч ким менин ушу абалымды байкап аткан жокпу дегенсип. Муну менен чогуу бир дасторконго отурушкан тигинин аяштары болсо бийдин кызуусунда! Анан өзүн-өзү жооткото бир аз шарап уурттамыш этти. Дал ушул учурда кудай жалгап бүгүнку күндүн күнөөкөрү болуп аткан курбусу келе жаткан эле муну көздөй тамылжып алып;

– Каныштай, кандай, жакшы эле отурасыңбы? Кечир, ээ алтыным, элден бошой албай сага көңүл бура албай калыпмын… – Курбусу сыймыктана карап койду тойдо дуулап аткан көпчүлүктү.

– Кел, олтур бир аз. Мен тойдун аягына чейин отурбай эле кете турган болуп калдым… Бир аз жанымда бол, анан мени узатып кой макулбу…

– Не, бирдеме болдубу? Бирөө жарым жиниңе тийип койгон окшойт, оюңа албачы, бул эми той да! Тойдо боло берет го эми, – жалжылдай карады кечирим сурагансып… бечара! Анткен менен баягы эле курбусу, жароокер, жумшак. Үстүндөгү көйнөгүн кара! Жылтыр-жултур, салтанаттуу көйнөккө мобунун жалтаңдаган жапакеч жүзү дегеле коошпой калган экен! Кудум, бир канча жыл бою сарайда жаткан балатыны бутактары күбүлүп калганына карабай алып чыгып майрамга карата кооздоп койгонсуп…

– Дүнүйөң жерге кирсинчи!.. Ага бир чарпылып, буга бир чарпылып жүрүп кантип убакыт өткөнүн да байкабай калат экенсиң адам байкуш… Кел андан көрө ууртап отур… – курбусу оор күрсүнуп алып, чөйчөктөргө шарап жаңыртты. – Ушинтип жашоо өтө берет экен да… Бир карасаң эле уул-кызың чоңоюп, анан тез эле небере күтө баштайт экенсиң! Жок дегенде кудайдын ушунусуна шүгүр деп калдым эми. Бала-бакыра аман-эсен, эл арасында жакшынакай ордун таап кетишти… Эми тилегеним эле ушулардын бактысы… Башка эмне кеп менде! Башка кандай кеп болмок эле…

…Кызуулугунан бир аз эреркеп кеткен курбусунун көзүнө жаш айлана түштү! Ооба, тээ жаштык жылдарынан баштап ички сырын, кайгы-кубанычын тең бөлүшө келген курбусу ушу азыр да ички толгонуусун бир кайрып алды. Карегине айлана түшкөн көз жаштын сырын экөө гана биле алышмак, сезе алышмак!!! Аял курбусун чын дилинен жакшы көрүп турду, ал буга эч качан калп айткан эмес, бүгүн да ошентти! Кандай болгон күндө да анын бактысын кубаттаган бир жакшы сөз таап сүйлөшү керек эле, азыр ушу тойдогу жан адамга билгизбес ички монологун буга гана буулуга айтып турган курбусуна.

– Антпегин! Карачы, кандай жакшынакай неберелериң бар! Кыздарыңды карачы, экөө тең жаркылдаган сонун кыздар болушуптур! Уулуң болсо керилген келишимдуу мырзага айланыптыр! Сенде эмне арман болмок эле!

Курбусу көз жашын эч кимге билгизбөөгө аракеттенип, акырын гана ыйлап отурду… Ушул турушунда ал бактылуу да, бактысыз да эле!

Бир топ кызымтал болуп калганына карабай тойдон жакшы маанай менен келди үйүнө! Кире бериштен өтүп баратып адатынча күзгүдөгү өзүнө бир ирет көз чаптырып койду, көздөрү күлмүңдөп, сулуу тартып турган экен тээ илгеркидей. ”Азыр… – деди, – азыр келем. ” Бул ирет күзгүсүнө жалгыз келбеди. Моюнуна жылтылдаган күмүш чынжырча тагынып келди. Капкайдагы буюмдарынын тээ түпкүрүндө катылып жаткан моюнга тагылчу ичке чынжырчасын атайылап эле издеп таап чыкты!

“Жарашпайт” – деди күзгү. ”Карачы, моюнуң азыр баягыдай мөлтүр эмес!”

“Ишиң болбосун! Жарашпаса да мага кымбат бул буюм! Бардык буюмдарымдан кымбат!… ” Мелтирей каяша айтты күзгүсүнө, жылтылдаган чынжырчадан көзүн тарта албай. “Хм. Кымбат деп… Кымбат деп жүрүп кымбат өмүрүңдү коколой баш калтырдың!!! Эмне таптын айтчы!? Эмне таптың!? “ – “Сүйүү тапкам. Бир өмүргө татый турган керемет сүйүү тапкам… Өмүр бою сүйдүм! Кусалыктан куурагыча сүйдүм! Ыйлап да, жыргап да сүйдүм!” Аял жашка чайылып мөлтүлдөй түшкөн өзүнүн көздөрүнө тигилип турду күзгүдөн. Көздөрү сулуу эле ушул тапта… оох… качантан бери ушинтип төгүлүп ыйлай элек экен! Сымаптай тунук көз жашы жылуу анан жагымдуу, колдору абайлай келип күмүш чынжырчаны сылап алды. “… акыркы эстелиги ушул болгон, ушуну апкелген күнү биз аябай сырдашканбыз, достошконбуз… анан ал кеткен! Өз турмушуна кеткен… А мен ага ак жол тилегем… Бирок өзүмдү андан бөлөк эч кимге ыраа көрө алган жокмун андан кийин…”

Ооба, ошол акыл-эске толуп, жаштыгы жайнап турган кезде укмуш бир сүйүү кездешкен тагдырында…

IV

Ооба, ошол акыл-эске толуп, жаштыгы жайнап турган кезде укмуш бир сүйүү кездешкен тагдырында. Шуулдаган шамалдай, алоолоп күйгөн оттой, сезими өз чегинен ашып-ташып төгүлгөн, келберсиген акын жигит эле сүйгөнү! Аны сүйбөй коюу эч мүмкүн эмес болчу! Аны ким бирөөгө алмаштыруу да эч мүмкүн эмес болчу! Ал да сүйгөн муну! Эч кимде жок сүйүү менен сүйгөн! Анын сүйүүсүндөй күчтүү сүйүүнү ага чейин да, андан кийин да жашоосунда кездештире албасын ошондо эле сезген!!!

“Өкүнбөйсүңбү?”, – күзгү шектене тиктеди аялды. – “Эмнеге өкүнүшүм керек?” – “Мм… мисалы коколой баш экениңечи… Куу баш экениңе. Жалаң театр анан сүйүү деп жүрүп аягында соксоюп куурап баратканыңачы…”

– Былжыраба! – алгач чын эле аялдын үнү шыбырай чыгып, өз үнүнөн өзү чочуп кетти, бирок кайра шердене түштү да катуурак чыгарды үнүн:

– Сен бар го! Мупмуздак бирдемесиң!!! Сени ошон үчүн күзгү дейт да… А мен… – аял ушул жерден кадимки театр сахнасында жүргөндөй элестетти өзүн, анан ого бетер күчөп ойноду. – А мен… мен муздак эмесмин сендей!! Мен бүт өмүрүмдү өзүм сүйгөн театрга арнадым, сүйдүм театрды чындап! А жүрөгүмдө өмүр бою сүйүү жашады!!! Ысык, кусалуу, таттуу сүйүү… Мен аны бирөөгө алмаштырганга күчүм жеткен жок… Сен билип туруп билгиң келбей атабы? Муздаксың. Сени ошон үчүн күзгү дейт! А мага өзүмдүн бакытым гана бакыт экени сезилет! Анткени менин бакытым мезгилдин күчү менен келген кадимки бакыттарга окшобойт! Менин бакытым жараткан насип эткен чыныгы бакыт!.. Жарк! эткен чыныгы бакыт!!!

– “Эгер андай болсо кана бакытыңдын аягы?!” Күзгү көкмелтейлене суроо узатты, экөө буга чейин мынчалык ачыкка чыгып бет келише элек болчу!

– Мына аягы!!! Мына! – аял өзүн кармана албай алтын-күмүштөрү сакталчу таш сыяктанган оор кутучаны күзгүгө карай шилтеп калды… – Ооба, бүлө күтүп тамыр жая албадым! Бирок мен бактылуумун баары бир! Эмнеге билесиңби? Мен күткөн тагдырдагы улуу сүйүүнүн куну ошого барабар болду!!! Ошого барабар болду!!! Аны сендей шоркелдейлер туймак беле! – деп алып эми өпкө-өпкөсүнө батпай солуктап ыйлады, оо көп мезгил өттү эле минтип ыйлабай калганына…

…Күзгү талкаланып, быркырап жерде чачылып жатты.

Эртеси кеч ойгонгон аял шыпыргысын алып келип, эч нерсе болбогонсуп полдо чачылган күзгүнүн сыныктарын тазалады. Анан өз ордунда бүтүн бойдон турган күзгүнүн алкагын эмне кылаарын билбей бир аз ойлонду, кооз, кымбат эле… Таштандыга бергиси келбеди. Аягында бир чечимге келип, тээ жаштык жылдарындагы сүрөттөрү катылган альбомун таап чыкты да, өзүнө жаккан сүрөттөр менен алкактын ичин толтура баштады. Оо, анда не деген керемет учурлар бар эле!!! Сахна… Театрдагы ийгиликтери… Акын жигиттин ыр окуп аткан кези! Анан бактылуу, жапжаш өзү! Өзүн курчап кол тамга алып аткан көпчүлүк!!!

Актриса алгач бул жерде - Адабий Ордо жарыяланды.