Асанбек Жетиген, Адабий Ордо автор

“Кассандра эн тамгасы” каккан доолбас
5/5 - (4 добуш)

Чыгарманы окугандагы мага “угулган” доолбастын үнүн каккым келди, башкалар да укса деген далалатым. Дээрлик бардык чыгармалары менен коомдогу көйгөйлөрдүн бутасына тийип келген Айтматов, бул чыгармасында бүткүл аалам алкагында, бүтүндөй адамзаттын көйгөйүн козгогонунан кабар алууга болот. Бул жолу да чебер сүрөткер бутага жазбай тийген.

Американын Нью-Йорк шаарында “баардык континенттерде ойду ойготуучу” деген атак алган “Трибюн” гезити мурда бир да басма сөздүн, бир да маалымат каражатынын тажрыйбасында болуп көрбөгөн, дегеле бүткүл адамзатынын тарыхында болуп көрбөгөн ишти кылууга батынды. Өзүн космостук монах Филофей атаган, космосто жашоо өткөрүп жаткан адамдан “Трибюн” гезитине факс аркылуу Рим папасына жолдонгон кат келген. Илимпоздук ишмердигинде көптөгөн чоң ачылыштарды жасаган бул атактуу адам жашоосундагы чоң бурулуштан кийин, аялдын боюна жаңыдан бүткөн түйүлдүктүн энесинин чекесинде пайда боло турган кичинекей так аркылуу бул дүйнөгө төрөлгүсү келбей тургандыгын маалымдаган жөндөмдүүлүгүн ачкан.

Ал так Филофей космостон жиберип тура турган тапкыч нурлардын жардамы менен көрүнмөк. Ооба, бул фантастика. Бирок жазуучу фантастиканын жардамы менен айткан ачуу чындыктар – бузуктугун тынбай улантып келаткан адамдар өздөрүнө өздөрү акыр заман алып келаткандарын эскертип, дүйнөгө кагылган доолбас деп кабыл алдым. Түйүлдүктүн бул дүйнөгө келгенде тартар азабын алдын ала сезип, туулуудан баш тартуусу бул дүйнөнүн жамандыкка канчалык толгонунан кабар берет. А дүйнөнү жамандыкка толтуруп жаткан, Айтматов белгилегендей, жер үстүндө акыл эске ээ жападан жалгыз жандык болгон адам баласы экени айкын. Мына ошол адам баласынын тукуму уланышы менен бул тирүүлүк жүрүп турат. Бирок адам тукумунда жамандык гана басымдуулук кылып калса, бул тирүүлүктүн жүрүп турушунун маңызы түгөнмөк.

Эми алардын жаңыдан бойго бүткөн түйүлдүктөрүнүн бул дүйнөгө келбейбиз деген билдирүүсү, бул жер үстүндө адам баласынын тукуму уланбай калат дегенди билдирмек. Ушунун өзү дүйнөнүн акырын негиздеп турат. Айтматов “Кассандра эн тамгасы” атаган, бойкат аялдын чекесинде пайда болуучу так акыр замандын кабары эмес эле, акыр заманды алдын алуу үчүн ырайым менен берилген эскертүү болчу. Башкы каарман – космостук монах Филофейдин катында муну ырастаган мына бул саптар бар:

“…мүмкүн, Жараткандын өзүнүн эрки жана буйругу менен жаралган идеяларды назарыңызды бөлүп, угуп коюңуз.

Дүйнөнүн ала салчу маалы келди…

Тээ Адам-ата, Обо-энеден бери мурастап келаткан жашоо калыбынын колдон чыгып кеткен туруктуулугунун орду эмне менен толтурулат? …суроо туулат: качан болсо пайда гана көздөгөн жана түгөнгүс боорукерлигин нысапсыз пайдалануу менен, дилибизде үмүт дубасын кайталап, эң жогорку гарант катары ишенген, Жараткандын өзүнө дайыма каршы жашашкан булар кайдан чыккан – бизде даяр турган жаман жосундардын соолгус генетикалык башаты кузгундагандар кайдан чыгышты?

Адамзатка күн мурдатан арналган Жакшылыктын энергиясын жана аны менен катар жана ага каршы Жамандыктын энергиясын эч ким өзгөртө албайт. Бирок адамда түбөлүктүүлүктүн түгөнгүс кыймылын камтыган акыл артыкчылыгы берилген, эгер ал жашоосун улантам десе, эгер цивилизациянын туу чокусуна жетем десе, анда ал өзүндөгү Жамандыкты жеңиши зарыл”.

“Өзүндөгү жамандыкты жеңиши зарыл”. Жазуучу өз каарманы аркылуу сунуш кылып жаткан өнүгүү жолунун өзөгү мына ушунда жатат. Филофей дагы мындай дейт:

“Жок, бул өттү-кетти нерсе эмес, сөз түбөлүктүүлүк жөнүндө баратат. Түбөлүктүүлүк өзүнөн-өзү түбөлүктүү, ал эми адам түбөлүктүүлүккө өзү жетиши, түбөлүктүүлүктүн кредитин укумдан тукумга узартып олтурушу тийиш, анын жападан жалгыз жолу – адеп-ахлак жактан өзүн-өзү өркүндөтүү. Мен дагы бир ирет билдирем, кассандро-эмбриондордун берген белгилерин аныктоо боюнча менин космостук изилдөөлөрүм – мындан ары мындай жашоого болбойт, мындан ары тукум курут болобуз, – дегенди түшүнүүгө элге жардам берүүдөн башка эч бир максат көздөбөйт”.

Бирок коомчулук муну кызуу каршылык менен кабыл алышты. Филофейдин тапкыч нурлары алгачкы тактарды таба баштады. Түйүлдүктөр жарык дүйнөгө келгиси келбестигин кабарлап жатышты. Бул көрүнүш ааламга анык чуулганды салды.

Чыгармадагы дагы бир оң каарман Гарвард университетинин окумуштуусу, дээрлик өмүр бою бүгүнкүнүн жардамы менен келечекти болжолдоп, адам өмүрүнүн маңызы эмне экенинин сырын ачууга далалат кылып келе жаткан футуролог Роберт Борктун бейнесинде да жазуучу мына ушул ойлорду толуктайт. Көпчүлүктүн пикирине каршы тура, тааныган чындыгынан тайбастан, тайманбастан, ошол эле “Трибюн” гезити аркылуу футуролог буларды жазды: “Көзгө көрүнбөс генетикалык куюн көтөрүлүп, чарк айлантып жатат. Эми экөөнүн бирин жасоо керек: башкалар эмне болсо ошол болсун, өзүм аман калсам болду деп көпчүлүгү ойлогондой, “көзүм көрбөсө, көчүгүмдү бөрү жесин” дегенсип корккондо башын кумга катып алган төө куштун кейпин кийүү керек, же жалтанбай Теңирдин көзүн тике карап, анын элге эскертүүсүн кабыл алуу керек, анткени Теңир эскертип гана коёт, бүтүмгө келүү өзүбүздөн”.

Адаттагы көрүнүш, Филофейдин жазгандары дүйнөнүн катасын көрсөтүп, кылмыштарын ачып, айыбын ашкерелеп тургандыктан көптөргө жакпады. Өзүн ашкере сүйүүчүлүктөн, айыбын тануудан эмес, моюнга алуудан оңолуу башталарын төшүнбөй калышты. Бүлүнгөндү бүтөөгө болгон чакырыкты бүтүндү бүлүнтүүчүдөй кабыл алышты. Кай жерде болбосун, кимдер гана болбосун орбитадагы монах Филофейдин катын, кассандра эмбриондордун каргашалуу билдирүүлөрүн гана талкуулап жатышты.

Адатка айланып калгандай адамдар өздөрүнүн кыянаттыгын кимдир бирөөнүн (бул жерде кассандра эмбриондордун) көрсөтүшүн каалашкан жок. Адамдагы жамандык аны өзүндөгү жамандыкты жеңүүгө болгон чакырыкка, аны куткарууга болгон далалатка кулак салууга жөндөмсүз кылып койду.

Ашкере өзүн сүйүүчүлүктөн тумандаган көздөр өз керт башынын кызыкчылыгы үчүн, утурумдук жыргалчылыктарын түбөлүк кыйроого төлөп берип жатышкандарын сезишкен жок. Мансап дөөлөтүнө мас болуп, бийлик кумарынынын тайыздыгында камалып калган алар азыткыга жол берип, чындыкты будамайлоо менен өздөрүнө кастык кылып жатышкандыктарын сезишкен жок. Күнүмдүк жыргалчылык үчүн түбөлүк кыйроого макулдук берип жатышкандыктарын билишкен жок. Жашоодогу мына ушул чындыктарды көрсөтүү үчүн жазуучу президенттикке ат салышып жаткан Оливер Ордоктун бейнесин жараткан. Анын бийликке болгон кумарынын күчү ушунча болду, керектүү добушка ээ болуу үчүн бүтүндөй аалам деңгээлиндеги коогалаңдын доолбасын угууга жөндөмсүз болуп, канткенде шайлоочулардын ишенимине кирерин баамдоодо сак турду. Бул үчүн ал шайтандын өзү менен макулдашууга баруудан кайра тартпачудай абалда эле. Так ушуну кыйытып, жазуучу Оливер Ордок менен футуролог Роберт Борктун маегине мына муну кыстара кеткен:

– Баса, сага шайтан тууралуу айтып бермек эмес белем.

– Шайтан тууралуу дейсиңби? Ии, ооба, эстедим. Айтсаң айтчы, ал эмне болгон шайтан экен?

– Бул бир кызык окуя. Ии дебейсиңби, жакында мен шайлоо алдындагы биринчи жолугушуумду өткөрдүм. Килейген зал жык-жыйма эл. Беш миңдей бар! Өрөпкүгөнүмдү айтпа. Программамды ортого салдым. Анан суроолор бериле баштады. Тим эле жамгырдай жаады. Эмнелерди гана сурашпады, ийнесинен жибине чейин! Кызтекелерден тартып, эл аралык мамилелерге чейин. Спортко барсызбы, үйбүлөңүз кандай, жакшы көргөн эрмегиңиз – хоббиңиз эмне, жана башка жана башкалар. Аңгыча микрофонго бирөө келе калып, мындай суроо берип турса болобу: “Мистер Ордок, сизден көптөн көп өтүнүч, айтып койсоңуз, сиздин шайтанга кандай тиешеңиз бар?” Менин оозум ачылды да калды. Зал тымтырс! – “Шайтанга дейсизби? Кайдагы шайтанды айтасыз?” – “Сизди айтам, мистер Ордок. Сиз – шайтансыз!” – “Түшүнбөдүм, кандайча?” – “Сиз, мистер Ордок, тегиңиз жактан венгрсиз. Венгер тилинде “ордог” “шайтан” дегенди билдирет! Муну эсиңизден чыгарганыңыз жарабас, мистер Ордок!” Зал күлкүдөн жарылып кете жаздады. Менден болсо алка-шалка тер кетти. Анан жанагы неме: “Кечирип коюңуз, Ордок. Мен бекеринен айтып жаткан жокмун. Мен сиздин Америкадагы барып турган белгилүү шайтан болушуңузду тилейм!” деп кошумчалап олтурбайбы. Зал дагы күлкүдөн жарыла жаздап токтоду. Муну кандай дейсиң, Роберт.

– Мунуң ойго келбес нерсе экен! Жессиге айтып берейин”.

Айбааттуу ат салышуунун алдында делөөрүп турган Оливер Ордок, элди уу-дуу кылып турган Филофейдин билдирүүсү боюнча көз карашын жыйнактоодо атаандаштарынан артта калбоону көздөдү. Анчейин тыгыз мамилеси жок эски таанышы футуролог Роберт Боркко мына ушул себептен иши түшүп турган. Бул суроо боюнча эң жөндүү пикирди айтса ушул адам айта алат деп, анын шайлоо алдындагы кампаниясын жүргүзүүчүлөрдүн бири Энтони Юнгер сунуш кылган. Энтони Юнгер Роберт Боркту сыртынан иштери аркылуу таанып, терең урматтаган жаш жигит эле.

Кассандра эн тамгасы тууралуу Роберттин айтканы Оливердин ою менен төп келбеди. Азыр Оливерди кызыктырганы Роберттин айтканы, Филофейдин билдирүүсү канчалык жүйөлүү, негиздүүлүгү эмес, кандай дегенде шайлоочулардын оюндагысын таап, бул чуулгандуу маселеде добуш утуп алышы эле. Телефон аркылуу болгон ушул сүйлөшүүдө жакшы ымалалаштай сүйлөп турган Оливер, шайлоочулар менен жолугушууда ойт берип, шайлоочуларга эмне жагарын билди да, алардын алдында беделин көтөрүү үчүн, Филофей менен кошо дүйнөнүн кыянаттыгын ашкерелөөдөн кайра тартпай турган Роберт Боркту курмандык кыла берди. Эгер эртеңки күнү Ордок президент болуп калса, убайын көрүүдөн үмүттөнүп ээлигип алган шайлоо кампаниясындагы адамдар үчүн анын бул кадамы анчейин өөн учурабады. Бийлик, мансап кумарына байланбаган, абийири тирүү Энтони Юнгер гана анын бул кадамын так кесе каршы алды. Энтони үчүн талапкеринин бет жабуусу түшүп, чыныгы жүзү ачылып калды. Экөөнүн жолу бир эмес экени ага айкын болду. Андан мурда Энтони Робертке Оливер Ордоктун шайлоочулар менен жолугушуусу түз алып көрсөтүлө турган убакытты билдиргенче, Филофейдин билдирүүсү боюнча да пикирин сурап, аны менен дээрлик пикирлеш болуп чыккан эле. Оливердин бул жоругунан кийин, Энтони Юнгер көрүнөө Роберт жана Филофей тарапка өттү. Ошентип, чындыктын жактоочуларына өткүр, тайманбас дагы бирөө кошулду.

Өзүнүн беделин көтөрөм деп Оливер Ордок өздөрүнө кырсык жасап алышканын уккусу келбей удургуп турган калың элди Роберт Боркко карай айдактап койду. Роберт Борк тайсалдап чындыктан качышы керек эле, кача албаса, чындыкты бурмалай албаса өлүмгө тике чыгышы керек эле. Бирөөгө жасакерленип жагынбастан акырына чейин чындыкты жактагандардын тагдырларын кайталап, Роберт Борк селдей агылып келген элдин ур-тепкисинен курман болду. Мына ушул кадамга ал эмне болорун түшүнүп туруп барды. Көз жашын көлдөтүп турган жубайы да, андай кылба деген жок. Антпегенде Роберт Борк жасакерленип, бул өздөрүнө жаккан жалганды сүйүүчүлөргө жагынып, өң карама болсунбу? Жок, Роберт андай кыла алмак эмес. Алар жазмышка моюн сунушту. Чындыктын дагы бир курмандыгы Роберт Борк болду.

Бири бирине бейтааныш пикирлеш, ой-ниеттеш Роберт Борк менен Филофей, экөөнүн тагдыры чечилер окуянын туу чокусунда, алыс аралыктан, сырттан болсо да тааныша алышкан эле. Бул убакта телефон менен байма-бай байланышып, Роберт Боркту жана космостон Филофейди катыштырып, түз эфир уюштуруу үчүн Энтони Юнгер келе жаткан. Энтони шериктешин сактап кала албады. Канга боёлуп жаткан кезинде, көз караштар бир кездешип, коштошушту. Ошол көз караштан Энтони Борктун туу туткан ураанын өзүнө өткөрүп алгансыды.

Табият тилин түшүнгөн Айтматов көп чыгармаларында табиятка тил киргизгениндей, бул чыгармасында да окурмандарын адамзаттын башаламан, ынсапсыз бийлигинен онтоп турган табиятты тыңшаганга үндөйт. Нью-Йорк Филофейдин катынан кымкуут болуп жактан кезде, Роберт Борк океандын үстүндө Европага болгон кезектеги сапарынан келе жаткан эле. Суу үстүнө көз жүгүрткөн Роберт, капыстан кайдадыр шашылып сүзүлүп баратышкан киттердин үйүрүн даана көрүп, сүрөткө тартып калган. Киттердин үйүрүн көрүп жолдуу болгонуна бир маашырлана, ошол замат жубайы менен бөлүшкүсү келип, ага океан үстүнөн коңгуроо каккан эле. Келери менен дагы Жессиге айткысы келген эң кызык кеби ушул болгон. Европадан жолуктурган бир ак ниет адамдын киттер тууралуу айтканы Роберт үчүн абдан чоң ачылыш болгон эле.

Киттердин үйүрү менен жээкке келип жан берген учурлары кездешет. Мына ушуну ал адам адамдардын эсепсиз кыянатчылыгын эскертүүгө болгон белги катары негиздүү тшүндүрүп берген экен. Ага жан дили менен ынаган Роберт Жессиге төгүлүп-чачылып айтып берген. Анан түшүнө ошол киттер кирген. Өзү да ошол киттердин катарында кең океанда суу жиреп, каяккадыр шашылыш сүзүп бараткан. Эми өзүнүн тагдыры өзү кубаттаган гипотеза менен үндөшүп отурат.

Түз эфир Роберт Борксуз өттү. Филофей бул тирүүлүктө айтар сөзүн ошондо айтып түгөттү да, өзүнүн өмүр таржымалын, бул ачылышка кандай жол менен келгенинин баянын Энтониге табыштап, ааламга боюн таштады.

Айтматов кассандра эн тамгасы аркылуу айтып турган, дүйнөгө толуп, ташып кеткен адамдагы жеңилбеген жамандык, өзү менен кошо жүздөгөн, атургай миңдеген жамандыктарды алып келери негизги каарман Филофей – чыгаан илимпоз Андрей Крыльцовдун өмүрү менен берилген. Аны дүйнөлүк экинчи согуш учурунда балдар үйүнүн крыльцосуна таштап кетишкендиктен ага ушундай фамилия беришкен. Энеси аны боюна немец аскерлеринин биринен бүтүрүп алгандыгына байланыштуу таштоого мажбур болгон деген божомол бар эле. Ушунун өзүндө канчалаган жамандыктар катмарланып турат?!

Тизмектеп көрөлү, анын балдар үйүнүн секичесине ташталышынын себеби – анын никесиз төрөлгөндүгү. Никесиз төрөлгөндүгү болсо – энесинин бузулгандыгы. Энесинин бир беткей күнөөлөөгө болобу? Аны ушундай абалга салган согуш учурундагы турмуш, шарт деп айтууга толук себептер бар. Демек согуш себепкер. Согуш адамдагы кайсы жеңилбеген жамандыктын натыйжасы экенин ким түшүндүрүп бүтө алат? Жер планетасын талашуу, ач көздүк, мансапкорлук, бийлик кумары. А согуштун адам баласынын жашоосундагы кесепеттерин ким толук түшүндүрүп бере алат? Бейкүнөө канчалаган жандар набыт болушкан. Натыйжада канчалаган жесирлер, канчалаган жетимдер калган.

Андрей Крыльцовдун бейнеси – жамандыктан жамандык туулуп, катмарланышын көрсөткөн бейне. Кесепеттердин кесепетинен улам ал ата мээримин көргөн эмес. Анын ордуна атасынын дайынсыздыгы аны коомдон кемитип, тексиздиги аны эңшерип келген. Апасынан болсо баласын балдар үйүнүн секисине таштагандагы күрткүдө калган издер гана калган. Ата, эне деген түшүнүктөр анын жан дүйнөсүнүн жарааты болгондуктан анда ата болууну каалоо сезими болгон эмес. Жубайына аборт жасоо менен ал өз канынан бүткөн балдарын, өз колу менен эч коркунучсуз, өкүнүчсүз, мерездик менен өлтүрүп турган. Алар менен кошо жубайынын тагдыры менен ойногон. Анын тоңгон муздай мерез жүрөгүнөн үшүгөн жубайы, акыры андан биротоло кетип тынган.

Тагдырына өчөшкөн Андрей Крыльцов өзүнө окшош тексиз адамдарды, атасыз, энесиз эле жасалма жол менен жаратууга болорун таап чыккан. Бул адам тукумунун уланышына кедергисин тийгизеби, ата-эне мээримисиз жетилген инсандар ата-энелик жөндөмсүз муунду жаратабы? Анда адам тукумунун андан ары уланышы, адамдын укумдан-тукумга берилип келаткан адамдык касиети эмне болот? деген өңдүү суроолор аны ойлонтуп да койбогон.

Бул анын өксүгүн толтура турган жол эмес эле. Өзүнө окшогон жаралуу, аталык сезими мокок, өксүктүү нечен тагдырлардын жаралышынын, жамандыкка анын дагы чие чырмалышынын жолу эле. Айтматов кассандра эн тамгасы аркылуу каккан доолбас ушул болчу. Адамдагы жеңилбеген жамандык жамандыкты улам кеңири жайылтып, ал адамдардын генетикалык касиеттерине чейин тарап баратканын эскертип каккан доолбас эле. Бул токтоосуз акыр заманга алып келе турган жүрүш экени ырас го.

Жамандыктын чырмалышкан торунда калган Андрей Крыльцовдун капыстан туңгуюктан шоола көрүп, жан дүйнөсүнө жарык киришине Руна Лопатинанын чындык үчүн курмандыкка барышы себепкер болду. Чыгармадагы баалуу чындык мына ушул. Коммунизм идеясынын күчү солгундап, алдан тайып бараткан коммунисттик партия үчүн Андрей Крыльцовдун табылгалары табылбай турган айла болду. Крыльцов эми коммунисттерди жаратууга жогортодон көрсөтмө алды. Бул үчүн, башкача айтканда, ижарага аял керек эле. Коммунисттик өкмөт мунун да жолун табышкан. Түрмөдөгү аялдар менен келишим түзүлмөк. Келишим боюнча бир жолку жасалма боюна бүтүргөнү үчүн аял түрмөдөгү жарым мөөнөтүнөн бошомок. Эки жолкуга макул болсо, түрмөдөн толук бошонмок. Келишимдин дагы бир катаал шарты бар эле.

Эгерде аял түзүлгөн келишимди бузса, жаза өтөө мөөнөтүнө дагы ошончо мөөнөт кошулмак. Жашоосуна жарыктын шооласын киргизген Руна Лопатина менен Крыльцов мына ушул иштин себеби менен жолугушту. Бирок Рунанын максаты башка эле. Ал Крыльцовго мына бул сөздөрдү айтуу үчүн гана келген: “Адамдар табият жана Жараткан буюргандай көбөйүшөбү, же азезилдин айтканындай болушу керекпи…” Адамдын көбөйүүсүнө кийлигишип, аны Жараткан койгон мыйзамдан сырт, кадимки консерва чыгаргандай иштеткени жаткан бул адамга Жаратканын эскертип коюу үчүн өлүмдөн да жалтанбаганы, чындыкты жактоо үчүн, мөөнөтүнө мөөнөт кошулганына кайыл болуп жасаган кадамы Крыльцовду ойго салды. Ал кеткенден кийин, анын таржымалы менен таанышты.

Коммунисттик партиянын атеисттик жана башка идеалогияларын сынга алгандыгы үчүн куугунтукталып, жаза мөөнөтүн өтөп жаткан бул аял менен кыска гана жолугушуу анын жан дүйнөсүн бүтүндөй төңкөрүп, бүтүндөй өмүрүнө саресеп салдырды. Аял менен токтоосуз кайра жолугуу зарыл болуп турду. Өмүрүндө чындык жолунан тайып, тайымак гана турсун азыткынын анык шериги болуп жүргөнүн, көз таңуусун бирөө алып салгандай болуп даана көрүп турду. Өзүнүн өмүр жолун баяндаган жазуусунда аны ал мындай сүрөттөгөн: “Ошентип илимдин салтанатынын урматы үчүн мага чейин бир да адам кадам жасоого батынбаган жакка, баардык диндер үчүн тыюу салынган зонага кадам таштадым; босогосуна жетип, Кудай алдында таазим кылуунун ордуна, мен текеберчилик менен каалгасын тепкиледим”.

Кудай алдында таазим кылуунун ордуна… илимде улуу ачылыш жасаган адам, жаратылыштын адам баласынан катылуу дагы бир сырын билгенинде анын Жаратуучусунун кеменгерлигин дагы билип, Кудай алдында таазим кылышы керектигин белгилейт алп жазуучу. Бул – Айтматов белгилеген дагы бир баалуу чындык.

Ошентип, Андрей Крыльцов өткөн өмүрүндөгү каталыктарын оңдоп, жан дүйнөсүнө жарыктын шооласын киргизген айымдын алдында да кечирим сурап, атургай, калган өмүрүн аны менен өткөргүсү келерин да мойнуна алгысы келип турду. Ошондо гана өмүрүнө маани кирип, жашоого дем алчудай болгон. Бирок Андрей Крыльцов Рунаы экинчи жолу көрө албады. Ал аялды эртеси күнү кайра алып келүүнү буюрган эле. Бирок Руна зарыгып күттүрдү да, келбеди. Жолдон качууга далалат кылганында атылып өлгөнүн кабарлашты. Жараткандын табиятына туура келбеген жол менен адам жаратууга катышпас үчүн өлүмгө бетме-бет чыккандыр. Андрейдин таңсык болуп турганда тапкан асыл бермети көрөр менен көздөн кайым болгондой, мөгдөттү, мүңкүрөттү. Күчтүү көксөөсү көңүл зилдеткен күйүткө айланды. Анткен менен жолун тууралап алган илимпоз Жараткандын бул жазмышын жашоодогу кылган кыянатчылыгымдын жазасы деп кабыл алды. Руна Лопатина анын мына ушул жарыкка келишинин курмандыгы болгон болчу. Жарыкка келип, көз карашы көп маселелердин жаатында жакшы жагына аласалды. Мисал алсак, өз колу менен жүрөгү болк этпестен нечен жолу кылган аборт тууралуу ал мындай дейт: “Аборт – бул атайлап киши өлтүргөнгө тете зомбулук акт, аборт “Өлтүрбө!” деген эң биринчи осуятка, Тоораттагы “Тукумдагыла жана көбөйгүлө!” деген батага түптүз карама-каршы экендиги жөнүндө көп ирет айтылган”.

Романда көңүл жубаткан ой, отоо чөптөрдүн арасында чындыктын үрөнү да себилип, жемиши чыгып турары анык экендиги. Филофей кассандра тагы тууралуу билдирүүсүнүн акырында мындай деген:

“Бул жандуу рухтун тирүү калышынын жолу, башка жолу жок…

Кассандро-эмбриондордон дароо кутулууга аракеттенбей турган, андан баш тартпай турган эр жүрөк адамдар табыларына ишенем; бул адамдарга алиги фаталдык белгилер көп нерселерди билдирет: жашоо ыңгайы үчүн, урпактардын тагдыры үчүн баардыгынын жана ар бир адамдын жоопкерчилигин, алдыда мурда эч качан болуп көрбөгөндөй, адамдын өзү менен өзү күрөшүүсү күтөрүн айтып берет… Андай адамдар жакшы турмушка жетишет. Мен буга ишенем”.

Филофейдин ишеними акталды. Ал айткан адамдар Роберт Борк жана анын ой-ниетин улантуучу Энтони Юнгер болду. Муну менен жазуучу дүйнөдө жакшылыктын жана аны жактоочулардын бар экендигин айтат. Окурман эми өзүнүн тарабын тандап алышы керек.

“Кассандра эн тамгасы” каккан доолбас алгач бул жерде - Адабий Ордо жарыяланды.

Дилбар
4.5/5 - (12 добуш)

(аңгеме)

Баян каптал жагындагы кабат үйдөн чыга калган үчөөнүн биринин жүзү көзгө урунары менен, шашып баратканын эстен чыгара утурлай жөнөдү:

– Дилбар!

– Баян!

Экөө кучакташып калышты.

– И-ий ай, Диля! – кучагынан бошонуп, далай жылдардан бери кабар алыша элек курбусунун жүзүнө карады. Көздөрүндө жаш… кайра кучактады. Бул жолу «эмнеге ыйлады, ичинде капасы бар экен да» деген ой коштоп, аёо менен, мээрим менен кучактады. Баягы курч көз караштын мизи кайта түшкөн менен, жаш чайыган көздөрү акылдуу, терең тартып калгандай көрүндү.

– Баян, көрүштүк, ээ! – деди көзүнүн жашын сүртүп жатып. – Шаарда элесиңби? Эмне кылып атасың? Жүрү үйгө, эмне турабыз. Биз мына ушул үйдө турабыз.

Баян колтуктан алып, үйдү көздөй тарткан курбусун токтотуп:

– Ооба, шаардамын. Мобу жерге келгем, иш менен, – жанындагы мекемени жаңсап көрсөттү. – Сонун болбодубу, табыштык. Канча болду шаарга келгениңерге, айылда элеңер го?

– Жүрчү бас, үйдөн сүйлөшөбүз.

Баян ошондо шашып баратканын эстей койду.

– Диля, мен азыр аябай шашып жүрөм. Үйгө конок келмек, эшиктин алдында туруп калышпасын. Мен дагы эле келем, бул жакка отчёт берип турабыз. Силерди да үйгө чакырам. Телефон номериңди жазып алайын, андан көрө, – шаша-буша телефонуна номерди жазды да, курбусунун бетинен өөп, жолун улады.

– Болуптур анда, келээриңде чалып кой, ээ.

– Макул.

Дилбар… Ушундай да жолугушуулар болот. Эмнелер гана болбоду эле. Эмнелер гана болгон жок…

Дилбар менен алгачкы жолугушуусун эстеди. Жаңыдан ишке орношуп, кесиптештери менен акырындан тааныша баштаган кез эле. Тыныгуу маалында сыртка чыкканында, мекеменин короосундагы отургучта бир нече кыз отурган экен. Аны менен бир бөлмөдө иштеген кыз аны чакырып калды:

– Баян, кел биякка.

Жакындай бергенде алардын чылым чегип турганын күтүүсүздөн байкап, өөн учураса да, сыпайылыкка сыр бербей келип катарларына туруп калган. Отургучта отурган эки кыздын бири, сымбаттуу турпаты, жарашыктуу кийими менен дароо көзгө урунган – ушул Дилбар болчу.

Алардын каршысындагы экөөнүн катарына Баян кошулган. Баян жетип, жете электе эле, катарындагы Кундуз аттуу кызга Дилбар:

– Кыйраттың, жашына турган болгондон кийин эмне чегесиң, чекпе да анда. Чеге турган болдуңбу, жашынба. Адегенде өзүң менен өзүң келишкидей болуп чечип ал да. Чеккендер менен чегип, чекпегендер турган жерден ыргытып, байкушту, ал да акчага келди да, – деген аягында күлкү аралаш.

Кыздар жалпы күлүп калышты. Баян ошондо Кундузга карап келатканында ал колундагы тамекисин ыргытканын боолголоп түшүнгөн. Арасынан жөн билги бирөө сөздү башкага буруп, абалды өзгөртүп кеткен эле. Ошондогу Дилбардын сөзү Баяндын көңүлүнө уюй түшкөн. «Адегенде өзүң менен келишип ал». Мм… Ооба, адам адегенде өзү менен келишип алыш керек, ал үчүн өзүн тааныш керек… адатынча узун ойго түшүп баратып, кыздардын сөзүнө алаксыган.

Баян ал кыздар менен алынышып, жакын болуп кете алган жок. Бет келишкенде баш ийкешип учурашып, анда-санда үстүрт гана аркы-беркини кобурашканы менен, бейтааныш адамдардай эле. Атургай кай бирлери саламга да сараң, мелтиреп карап өтмөй. Учурашсаң алик алганга араң жарашат. Кекейгенге кекейгин деп, Баян да аларга сумсайып койду. Баян тамекиге кызыккан эмес, атайлап зыян тартып эмне. Зыянына карабай кызыккандар азбы, жашоодо ар ким өз тандаганын кылат да. Зыянды ыктыярдуу түрдө тандашат адамдар.

Баян ашыкча оюн-кечелерге да бейчеки басчу эмес. Курбалдаштарынын сыртын салган себебине мындан башка эч нерсе деле жок эле. Алар мага жадырасын деп эми тамеки чекмек белем. Чегесиңер деп доомат коюп атпасам, чекпегеним аларды ашкерелеп атса, көйгөй өздөрүндө, менин маселем эмес деди да, өзүн алардан окчун кармады. Дилбар гана Баянга дилгир карап, жылуу учурашчу. Бара-бара экөө жакшы мамилеге өткөн. Берки кыздар анда ого бетер Дилбарга да, Баянга да сыртын салышты. Дилбар алар менен мамилесинин солгундашына анчейин деле кабатырланган эмес.

– Көпкөндөн эмне кыларды билбей эле тамеки чекчү экем, – деди бир күнү Дилбар, адаттарынча тамеки чегип турган кыздарды көрүп, – обу жоктуктун эмне кереги бар дейм да, – жылмайып койду. Бул анын тамеки чекпей калгандыгын расмий билдиргени эле. Ошондон кийин Баян анын чеккенин көргөн жок. Бири-бириникине конокко барып, жигиттер, келечек, жумуш, деги койчу… ар нерселерди – аягы жок сөздөрдү сүйлөшө турган болушту.

Көп узабай бир окуя болду. Экөө жумуштан чогуу чыгышкан. Аларды утурлай келаткан эки жигитти көрүп, Дилбар өң-алеттен кетип, бозоро түштү. Алда неден чочулаган көздөрү ойноктоп:

– Баян, жаныман кете көрбө, суранам сенден, – деп үлгүрдү. «Эч нерсе сураба, баарын кийин түшүндүрөм» деп турганын кыймыл-аракетинен Баян илгиртпей түшүндү.

Ырайы бузук келаткан жигиттин үтүрөйө карашы бир жаман оюнан кабар берип тургансыйт. Коркконунан жүрөгү оозуна келчүдөй дүкүлдөсө да, Баян дароо Дилбардан карыш жылбаганга даяр турду. Аралык жакындай берди. Тиги кабагын карыш салган жигит жанындагысына Баянды жаңсап көрсөтүп, тигини алакчылап тур дегендей ишарат кылгансыды. Саламга келбей эле Дилбарды каруудан кармап чекеге тартканда, кыз колун булкуп кетенчиктей берди.

– Эмне керек сага?! – Баянга жалт бурулуп, мага жакын болчу деп ымдай калды.

– Мөңкүбө! Эмне керек азыр сага айтам, жүрү! – жигит дагы колдон тартты. Нары-бери өткөн элден обочо алып баргысы бар окшойт.

– Жулкушпай эле сүйлөшсө болбойт бекен? Кандай жапайычылык бу? – деди курбусунун бир жак колунан тарткан Баян коркконун билдирбегенге болушунча тырышып. Тиги жигит Баянга карады да, жанындагыга:

– Кармачы мобуну, – деди. Колдон алмакка жакындап келаткан тиги жигитке Баян чорт гана:

– Тур ары! Тарт колуңду! – деди.

– Эмне сөзүң бар, айт, болбосо тур биякка! – Дилбардын жүзүнөн да корккону байкалбайт.

– Жүрү, чоң кыз. Өздөрү сүйлөшүп алышат, – берки жигит Баяндын колунан тартты.

– Бара бер сен! – Баян акырая карады. Чыны менен жалтакпы же досунун көңүлүн кыйбаган менен, бул жоругун туура көрбөдүбү, жигит да колдон алып тартууга батынбады.

– Эй, күкүк! Эмнеңе бой көтөрөсүң? – деди тиги жигит Дилбардын так маңдайынан тиктеп.

– Эмне?!

– Ж… мени эмне билбейт дейсиңби, ким экениңди? Балаңды тууп таштаганыңа бой көтөрөсүңбү?

– Биринчиден, балам менен ишиң болбосун. Экинчиден, тууп таштабай этпей эле, балам эң сонун чоңоюп атат! А, эмне ишиң бар сенин?

Жигиттин бети ого бетер түктүйүп, көздөрү чанагынан чыкчудай акырайды. Баян саамга селдее түштү.

– Диля, бас кеттик, буга айтып турмак белең ушу жерде, – курбусун шарт колтуктап, экөө жөнөп калышты.

Оолуккан жигит дагы бир нерсе демекчи болду эле, досу жетелеп кетти. Эки курбунун ою арттагыларда болсо да, кылчайбастан шартылдай басып, тезирээк узап кетүүгө ашыга жөнөштү. Арттан добуш байкалбай калган кезде гана Баян кылчайып карап, тигилердин узап баратканын көрө, көңүлү жайланды.

– Өххх ии-ий… жүрөгүм түшүп калды, өлүп калгырдыкы! – деди Дилбар колун көкүрөгүнө алып. – Кудайладым го, чиркин!

– Айтпа, кудайлаганды. Кудайды ушундайда гана эстейбиз, ээ…

– Ошону айтсаң…

– Кудай эле сактады. Болбосо экөөбүз сомодой экөөнө эмне кыла алмакпыз. Качан торойто чабат деп, менде жан жок. Беркиниси ыймандуураак неме экен дагы.

– Экөөбүз кыйратчудай болуп, кыйын болуп коёбуз дагы. Ха-ха…

– Ха-ха… Ооба десең, коркпогон киши болуп, болушунча тырыштым. Ичимен кудайлап, калп эле чакчырылып коём. Керек жерден экөөбүз артист да боло калабыз ха-ха…

Болуп өткөндүн баары эми экөөнө ушунчалык күлкүлүүдөй көрүндү.

– Бул ким эле?

– Ой тиги Кундуздар менен жүргөн кезде бир жолу парктан таанышканбыз. Кайдан да жармаштырып алдым экен балакеттей кылып. Башынан эле жаккан эмес, эриккенден эле эки-үч жолу жолугуп койгом. Минтип оолугаарын кайдан билдим. Кундуздар менен өздөрүнчө компания болуп жүрүшөт окшойт. Бир-эки жолу Кундуз чакырганынан баргам. Өткөндө Кундуздан айттырып ийиптир, жолукпай койгом. Анан бая күнү айтат, сага ызырынып атат деп. Мен аны оюнчук кылган имишмин. Барсынчы ары дегем. Биякка чейин жетип келет деп оюма келген эмес.

Баян үчүн ыза болгон жигиттин ызырынганы эмес эле, Дилянын чоңоюп аткан баласы бар экени чоң жаңылык болду. Ал тууралуу биле элеги дагы көп экен го. Бирок бул эне-баланын абалы кадимкисиндей эмес, албетте. Эмнеге жашырат? Эмнеге баласы жанында эмес? Артында не деген тагдыр калды экен… Нечен ирет оозун таптап барып, бирок батынып сурай албады. Бир жагынан бир кездеги жараатын тырмабайын десе, бир жагынан өзү айтып бергиси келсе айтсын, айтпаса кереги не.

Балким Дилянын тагдырынын таржымалын билип калат беле, бирок ошондон көп өтпөй Баян жумуштан бошоп кетти. Жумушун так аткарганы менен, башкаларчасынан ашыкча бөйпөңдөгүсү келбегени жетекчиге жаккан эмес. Аны Баян өзү да сезчү. Кылдан кыйкым таап кыр көрсөтө бергенинен, ал каалагандай ийилип коё албаган Баян кетүүнү чечти. “Башчынын баары ушул да. Сеники чын деп иштей бербейсиңби, мындан кутулсаң, дагы бирине тутуласың. Же өзүң башчы бол, же эмне десе да көнүп, ийилип бер” деген Дилбар. Баян ийилбеди.

Кийин Дилбардын ушул сөзүн эстеп жүрдү.

Кийин Дилбар Баянды дагы бир жолу таң калтырды. Келди да, турмушка чыгарын билдирди. Болгондо да эки күндөн кийин күйөөсү менен айылда жашоону чечишкенин айтты. Дилбар дендароо каткан Баянды эртеси чакырды да, шашкалактап жөнөп кетти. Сүйлөшүлгөндөй эртеси Дилбардын батирине келген Баян суроолордун биринен артынан бирин жаадырды:

– Бат эле ушинтип чечип койдуңбу анан?

– Ой, эмнесин ойлонуп отурайын. Бир мектепте окуганбыз. Ата-энелерибиз тааныш. Кадимкидей эле бирөө. Мага болот ушул эле, – деп жылмаят Дилбар.

– Ошондой эле болсун, – курбусунун чечими бекем экенин көргөн Баян кубаттоодон башка эч нерсе дебеди.

Көп өтпөй Дилбар Баян менен тааныштырмакчы болгон жигити да кирип келди. Көрөр менен Баяндын көңүлү бузулду. Татына, сымбаттуу курбусун бул оолжуп мас келген, кара тултук жигитке ыраа көрбөдү. Атургай, бул ала электе эле “өнөрүн” ачык көрсөтүп аткан немеден Дилбар ушу жерден кол үзүшүп, айныйт деп күттү. Андай болгон жок. Баянды аң-таң кылып, Дилбар оюн өзгөртчүдөй көрүнбөйт.

– Каяктан майрамдап жүрөсүң? – деди да, Баянга карады, – таанышып ал, жакын курбум.

– Баян, – иренжигенин билдирбей, дивандан туруп сыпайы колун сунду.

Кантип? Ушинтип оолжуп арак ичкен адамга турмушка чыгабы? Чоң ката кетирип алуудан курбусун сактап калышы керек. Эми Баяндын оюнда ушул гана турду.

– Диля, мен кетейин, эртең келем, – дароо эртеңки келишин бекем болжогон Баян ордунан обдулду. Абалды баамдаган Дилбар жок дебеди. Диванда отурган кыздардын так маңдайына келип, шырдакка эле отуруп калган мас жигитке Баян чыгып баратып көз чаптырды эле, тунарган көздөрүн албай, ал да узата карап турган экен.

Эртеси келип, чайга отурар менен сөзүн баштады:

– Диля, анча эмне болду сага? Кебетеси кантет ай, кантип ушуга тием деп атасың? Азыркы кейпи ушул болсо, алгандан кийин… Элестет, сен өмүр бою ушул адам менен бириккени атасың: бир үйгө, бир бүлөгө, б и р о т о л о! – акыркы сөзүн атайын муундап баса-баса айтты. – Эртең кеч болуп калат. Бул чечүүчү күн, тагдырыңды чечкени атасың. Сен өзүңдү ушунчалык төмөн баалайсыңбы? Сулуулук десе сулуулук, акыл десе акыл бар. Колуңан иш деги келет, ушуга күнүң түштүбү, жакшылап ойлончу!

Дилбар үн-сөзсүз курбусун жылмая карайт. Баян боолгологондой бул аргасыздыктан чыккан чечимдей да көрүнбөдү.

– Айтчы андан көрө, мени узатып барганга даярсыңбы?..

Көз алдынан баарын чубап отуруп, үйгө билинбей эле жетип калды ал күнү.

Көп өтпөй курбулар жолугушту. Болжошкон күнү Дилбар дасторконун жайнатып курбусун күтүп аткан экен, чай үстүндө узун кепке түшүштү.

– Билбейм, эми, тагдыр биздин колдо эмес экен. Ушундай болду, ушундай болуп келатат, – жалгыз бойлугуна Баяндын дайымкы жообу ушул.

– Кыздын чырагы кырк, кейий турган жөнүң жок. Тургандыр бирөө, – Дилбар жооткото кеп улады.

– Балдарың менен жакшылап таанышкым келет. Чакырчы биз менен отурушсун, – мектептин жогорку класстарында окуган кызы менен уулу Баян киргенде учурашып, таанышып, кайра бөлмөлөрүнө кирип кеткен эле.

– Самара, Самат, келгилечи бери.

– Эмне болду, апа? – ушуну эле күтүп тургандай кызы шак кирип келди.

– Чакырчы Саматты дагы.

Үстөл четинен орун алган балдарына Дилбар чай куйду.

– Айтып бергилечи аяш апаңарга өзүңөр жөнүндө.

Россиянын Самара шаарында иштеп жүрүшкөндө төрөлгөн кызына Самара деген ат коюшуптур. Саматты уйкаштырып эле койдук дейт. Уулу уяңыраак көрүнөт. Кысынып отурганы байкалып турду, а кыз болсо, азыр суроо берилсе эле, андан ары токтоосуз кетчүдөй көздөрү кызыкдар күлүңдөйт.

– Мага аябай жактыңар, Дилбардын байлыгы силерсиңер да. Самара, кайсы предметке кызыгасың?

– Мм… чынын айтсам кызыккан предметим деле жок. Бийге кызыгам, “Мөлмөл” бий тобунда бийлейм.

– Оо, сонун, анан… – кызды кубаттай сүрөдү Баян. Самара бир нерсе дегени камданып калды эле, Дилбар күлө карап сөзүн бөлдү.

– Мактанчаак кызым, мактана башта эми.

– Апоу, жөнүңүзчү, – эркелей күлүп сүйлөдү Самара.

– Айт, айтагой, анан… – деди Баян баланын көңүлүн көтөргүсү келип.

– Быйыл конкурстан биринчи орунду алганбыз.

– Ой азаматтар! Сонун!

Алар кобурашып отурганда, үйдүн кожоюну да кирип келди. Балдар атасын утурлай чыгышып, андан ары бөлмөлөрүнө кирип кетишти. Дилбар алдын ала айтса керек, коридордон эле бакылдап келатты:

– Келдиби коногуң, оу-уу, сколько лет, сколько зим, ой кандай аяш? Э кокуй, кемпир болоюн деп калыпсың го.

Учурашканда эле өзүн өйдөсүнтмөккө басмырлагысы келгени го сыягы. Мындай акылсыз жүрүштөрдүн далайын көргөн Баян мыйыгынан жылмая үн катпады. Андан ары улаган жерден чорт сынып эле сөз уланбады. Кожоюн конокко сөз берүүгө эмес, сөз бербей өзү сүйлөөгө көбүрөөк ыктап, бабырай баштады.

– Ошо, ушинтип жүрөбүз эл катары тирлик кылып. Ээй, несин айтасың, аяшың дагы аял алды орто жерде, антпесе да болобу, – эрдигин айткансып, тим эле маашырлана бак-бак этти. Баян Дилбарды караса, кебелчүдөй түрү жок. Жанатан берки жагымдуу маанай кирдей түштү. Баян зериге баштады. Анын үстүнө атын эстей албай убара, апей, ким эле? Кадимки эле аттардан эле. Оолугуп алган кожоюн сөзүн улады: – Ал жеңең, апей ха-ха, жеңең дейм да, тиги… мунун атаандашы, Россияга жүрү деп атат…

Баян Дилбарга аң-таң карады.

– Муну эмне кылмак эле, – кебелбей курбусунун суроолуу жүзүнө мыйыгынан жылмая жооп кылганда, Баян ого бетер таң калды. Сыр берген жок.

Ушул маалда сырткы эшиктин ачылганы угулуп, шаңкылдаган аялдын үнү угулду:

– Ау, кандайсыңар? – алдынан тосуп, ашканага алып кирген Дилбар илгерки досум менен табышып отурабыз деп тааныштырды.

– Баян менин атым.

– Назира, очень приятно.

– Мага да.

Кожоюн да сөзгө аралашты:

– Дилбардын жакшы көргөн классташы, – классташ деп, жаңылганын деле билбей калды көрүнөт, же Баян Дилбар менен жашташ болгондуктан ошондой эсептеп алдыбы.

– Классташ? – Нан ооз тийип аткан кошуна келин чочуй сурады. – Ай жапжаш го, муну эмне кылгансың, карачы, канча айтам, мээсин жебе деп… – Дилбарга жаңсай көрсөтө, тамашага шоотуп зекиди. Шакылдаган ачык-айрым келин мунун жанагы анткорлоно Баянга жасаган “комплиментинин” ишпалдасын чыгарып салды. Аны тиги күлүмүш болуп, тоготчудай эмес.

– Ачкычымды силерге, силерди кудайга тапшырдым. Күмүшай келгенде берип коёсуңар, макул эми мен жылайын, – шаша-буша кайра жөнөдү.

Дилбар кошунасын узатып кайра киргиче, Баян аяшы менен ашканада жалгыз калып, бир мүнөткө жетпеген убакытта тура качкысы келди. Ырас курбусу кирип келди.

– Кеминдик. Өзү айылына кетип аткан, сиңдиси жумуштан кечирээк келмек экен. Ачкычын мындайда бизге ташташат, – деди Дилбар кошунасынын жөнүн айтып.

– Достор, мен эми кетейин, жакшы отурдук, буюрса эми катташып турабыз.

– Апей, кой болбойт, жаңы табышып атып анан бат эле кетип каласыңбы? – деген болду Баянга сүйкүмсүз аяшы.

– Эртең эрте жумушка барышым керек, эми дагы да жолугабыз буюрса, баары алдыда.

Алдында машинасы бар, курбусу менен түн бир оокумга чейин деле отурмак, эртең эрте башталар жумушу жолтоо болбойт эле. Дилбар тээ бир убакта колун кармаган бул адам менен дегеле сөз башын кошо албады. Дагы кармалуунун кажети жок эле.

Баяндын иренжиген сезимдерин Дилбардын балдары менен таанышкандагы жылуу сезимдер басып турду. Кызынын күлмүңдөгөн, уулунун уялыңкы жүзү көз алдына тартылат. Кандай бакыт! Баса… дагы бир баласы болушу керек эле… ал кайда болду экен? Кийин билинээр.

Бир убакта Дилбарды айнытууга аябай аракет кылганын дагы эстеди, жолдо катар. Уул-кызын көрүп туруп, кантип ошол чечимди ката дешке болот? Эч кандай! Кайран кыз ай, тагдырыңды ушу менен байлайт белең деп, курбусуна аябай боору ачыды эле ошондо. Азыр эми ким аянычтуу деп суроо салат өзүнө. Ушундай ажымулук адамды кабыл алып турмушка чыккан, кемчиликтерине көз жумуп, кечирип, жандап жүрүп, эки перзенттүү болгон Дилбар аянычтуубу, же мындай адамдардан жаа бою качкан менби? Адамдарды терс сапаты менен кабыл алуу алсыздык эмес, барып турган күчтүүлүк экен го. Мен кечире алат белем, ушундай адамды жандай алат белем? Эне болуш үчүн ушундай кадамга бара алат белем?.. Элестете албады, айтыш кыйын. Мүнөзүнүн тереңинде куюлган кыттай өзгөрүлгүс, ордунан жылгыс негиз бар. Адам өзүн ылайдан кайра жасап алгыдай болсо… Ой, анда каалаганындай эркек жасап алат эле да, өзүн бир келесоо чалышка тууралап кайра жасап отурабы…

Ою чыныгы турмуштун чегинен заматта алып учуп, адатынча ой-кырга чабыттап кетти.

Андан бир аптадай өтүп калган. Баян Дилбарды эстеп, телефон чалайынчы деди.

– Ало… Диля?

– Ало… үнүңөн сенин жаным…

Дилбардын үнүн угам деп турган Баян мылжыңдаган эркектин үнүн угуп, бүткөн бою жыйрыла не дээрин билбей селдее түштү.

– Ало, жаным?

– Сен эмне, массыңбы? Дилбарга берчи телефонду, – кырс сүйлөдү Баян.

– Дилбардын экөөбүзгө эмне кереги бар?

Ачуулангандан денесин майда калтырак басып кетти. Баян колдору байланышты кантип үзгөнүн да билген жок. Капилет ба-аягы Дилбарды узатып барганы, тойдун эртеси ушул адам узатып чыгып, “сен мага жаман жагып калдың, Дилбардан мурда жолуксаң, сени алат элем” дегени кылт эсине түштү. Бул адам такыр жакпаганы үчүнбү, же Дилбарды аяганы үчүнбү, ачууланганынан оозуна сөз келбей, автобуска отуруп, жаагын жап кыла жооп бере албай калганына кыжынып келбеди беле…

Тамырымды тартып атканын көр, акмак. Кагуу жесе, “тамашалап койсом өзүңөн кеттиң” деп ойт берери бышык бул шүмшүк. Байланышпай эле коёюнчу, ал жалгыз эмес, сонун балдары бар деп ойлоду Баян. Мындай келесоо чалыш менен неченди көрдү да байкушум. Бирок, балдары турат, балдары – бакыты. Ал анык баатыр аял, а менчи, мен мындай адамды өмүр бою жандамак тургай, жаныма жуутпас элем… мен алсыз экем, Дилбардай аялдын жанынан эптеген эле бир жан экем…

Дилбар азыр Баянга эпостордогу баатыр кыздардай элестелди.

Дилбар алгач бул жерде - Адабий Ордо жарыяланды.

Дилгир көз
3.9/5 - (11 добуш)

(аңгеме)

Мектепте Кыргыз тили апталыгы Мамлекеттик тил күнү башталды. Сабактардын тизими боюнча 2-г класска кыргыз тили сабагы Апталык башталгандан кийинки үчүнчү күнгө туура келди.

– Азыр мектебибизде кандай иш-чара жүрүп жатат? – жаңы гана сабагын берүүгө киришкен эжейи окуучуларга суроо салды.

– Кыргыз тили апталыгы – деп кыйкырышты бир нечеси.

– Ооба, бир апта бою мектебибизде Кыргыз тили апталыгы жүрөт. Ошондуктан сабагыбыздан тышкары дагы беш сөз үйрөнөбүз (окутуу орус тилинде жүргөн мектептеги кыргыз тили сабагы). Сөздөр адам баласынын жашоо-турмушунан алынат.

Жанатан тыпыйып эки колун партага коюп алып, эжейден көзүн албай угуп отурган окуучу акырын бир кыймылга өттү. Денеси бир нерсеге аракет кылып аткан менен көздөрү эжейин тигилип караган тейде. Башында анча маани бербей сабагын улантып аткан эжей бала улуттук оюм-чийим түшүрүлгөн чыптамасын кийип, кайрадан түздөлүп отурган кезде гана ага толук көңүл койду. Эжей өзү да Апталыкка шайкеш улуттук кооздугу бар чыптама кийип келген. Анысы баланын эсине эки күндөн бери жанына алып жүргөн чыптамасын салды окшойт. Баланын кылыгына эбедейи эзилген эжей буга сөзсүз көңүл бурушу керек эле.

– Кандай сонун, чыптамаң абдан сонун, Давид! – Бала уялыңкы тартса да, чыптамасы менен байкалганы үчүн жүзүнөн канааттануу көрүндү. Эжейи сабагын улады.

– Тириликтен буюм жаралса – демек сөз да жаралды. Анткени ал буюмдун аты болот да, ошондуктан аты да жаралат. Бизге башка тилде жаралып кирген сөздөр бар. Мисалы: телефон, планшет, компьютер, парта. Бул буюмдарды жараткан, жасаган адамдар кайсы тилде сүйлөсө, буюмдар ошол тилде аталган. Алар көп учурда башка тилге которулбай, ошол аты менен колдонулуп келет. Кыргыз тилинде да так ошондой сөздөр бар. Аларды кыргыз эли жараткан, кыргыз тилинде атаган. Бүгүн биз ошол сөздөрдүн бешөөнү үйрөнөбүз.

Эжей колуна сүрөттөрдү алды.

– Кыргыз эли көчмөн эл болгон. Бир жерге жайланышып, кайра башка жерге көчүп жашашкан. Ошондуктан кыргыздардын үйү тигилип, кайра жыйналгыдай жасалган. Буюмдары да көтөрүп жүрүүгө ыңгайлуу. Кымыз даярдоо үчүн бээнин сүтү биринчи мына бул идишке куюлат. – Сабанын сүрөтүн алып, дубалтактага жайгаштырды.

– Бул идиштин аты – саба.

Тактага андан кийин чаначтын, көөкөрдүн, кесенин сүрөттөрү илинип, эжей баарын бирден түшүндүрүп берди.

Акырында куржундун сүрөтүн илип:

– Бул болсо – куржун. Төөгө же атка артканга ыңгайлуу болушу үчүн, эки жагы тең салмакта болуп, жүктүү малга баскан жеңилирээк болушу үчүн эки баштыкты мына ушинтип кошуп коюшкан.

Эжей дубалтактадагы сүрөттөрдү көрсөтүп:

– Бул идиштердин баары кайыштан жасалгандыктан, бүктөп куржунга салып койсо болот, кулап кетсе сынбайт – деди.

Балдарды сыдыра карап баратып, Давиддин дилгир көздөрүн учураткан сайын көздөрү менен ага мээримин төгө карай, саамга токтоп калып атты.

Эжей жаңы сөздөр жазылган кагазчаларды көрсөтүп, окуучулар чогуу окугандан кийин сүрөтүнүн жанына коюп турду. Баардык сөздөр сүрөтүнүн жанына тизилген соң, кагазчаларды кайра жыйнап алды да, аралаштырып балдарга кайрылды:

– Эми ким буларды сүрөттөргө туура коюштура алат?

Озунуп кол көтөргөн бир нече окуучулар тапшырманы бир аз жаңылса да, дээрлик оңой аткарышты. Эжей дилгир көз балага да байкоо салып турган. Ал кол көтөрүп башкалардай озунбаса да, тапшырманы аткара аларын сезип турду. Эжейинен көзүн албаган балага жылмая карап:

– Кана, Давид, эми сен – деди.

Давид кагазчаларды алды да, эч жаңылбастан баарын сүрөттөрдүн жанына тизип койду.

– Азаматсың, Давид, эң сонун!

Эжейи ыраазы боло баланы ичинен алкады: «Ананайын дилгир көзүм. Көзүн албай карап отуруп, баарын сиңирип алат. Анысына мактанбастан, астейдил өз убагын күтүп отурганынан ананып кетейин. Ылайым жолуң ачык болсун, келечекте эл баштай турган эр азамат бол. Сендей зиректер оң жолду таап жол көрсөтө алат. Кыйынчылыктардан мокобой курчуп гана турсаң болду. Бактылуу-таалайлуу бол, ананайын дилгир көзүм».

Дилгир көзүн ордуна узатты да, сүрөттөрдү жыйнап алып, эжей сабагын андан ары улады.

Дилгир көз алгач бул жерде - Адабий Ордо жарыяланды.