Архивы Топ - Адабий Ордо

Жек Лондон: “Мартин Иден” (I)
Биринчилерден баа бериңиз!

Романдан үзүндү

I БАП

Эки жигиттин астында келатканы француз ачкычы менен эшикти ача берди. Аны ээрчип келген жаш жигит босогону аттап баратып, башындагы кепкасын олдоксон шыпыра колуна ала койду. Ал деңиз жыттанган жупуну, жүдөө кийимчен эле. Мындай жерди мурда көрбөгөн неме кире бериштеги кенен бөлмөгө кирери менен кадимкидей кысына түштү. Колундагы кепкасын кармалай, эмне кыларын билбей туруп калып, анан аны чөнтөгүнө солоп жиберейин деди эле, ээрчите келген шериги аны акырын колунан алып, илгичке илип койду. Муну ал ушунчалык жөнөкөй, табигый жасады дейсиң, ыраазы боло түшкөн конок жигиттин башынан «менин абалымды түшүнүп турат, уятка калтырбайт», – деген ой жанып өттү.

Таман астындагы пол кудум эле деңиз толкуну сыяктуу бирде өйдө көтөрүлүп, бирде ылдый түшүп бараткансып, кадамын кере таштап, чайпала баса анын артынан баратты. Анын минтип арыштап басканына бул кенен бөлмө абыдан эле тардай сезилип турду – андыктан ийиндерим менен каалганын кырына урунуп, же каминдин үстүндөгү майда-барат буюмдардын бирин серпип кетпегей элем деп апкаарып баратканы. Ары-бери ойт берип баратып, өз оюнан жаралган коркунучту ого бетер күчөтүп атканын билбейт. Рояль менен үстүндө китептер үйүлүп жаткан үстөлдүн ортосунан алты киши кенен өткүдөй эле, ал болсо жүрөгү түшүп атып араң өттү. Эки ийнинен шалактаган шадылуу колдорун кайда катарын билбей кыжалаттана берди. Аңгыча тигил үстөлдөгү китептерге колу тийип кетчүдөй сезилгенде, үрккөн аттай ойт берип, аз жерден роялдын жанында турган табуреткени кулатып ала жаздады. Ал астында эч бир кыйналбай эле эркин, жеңил басып бараткан жолоочусуна көз чаптырып, өзүнүн басканы абдан эле олдоксон экени жана ал башкалардыкына таптакыр окшошпой турганы өмүрүндө алгачкы жолу оюна кылт этти. Мындай ойдон улам намыстана, ичи тыз дей да түштү.

Чекесинен тери чыпылдап чыга түшкөндүктөн, токтой калып, бет аарчысы менен коло түспөлдөнгөн жүзүн аарчыды.

– Артур достум, бир аз токтой туруңузчу, – деди ал кысынып турганын билдирбеске аракеттенип тамашага чаптыра, – биринчи жолкусунда мунун баары мага өтө эле ашыкча болуп кетти окшойт. Эсимди жыйып алганга мүмкүнчүлүк бериңиз. Билесиз да, бул жерге келейин деген эмес элем, анүстүнө сиздин үйдөгүлөр деле мени көргөнгө куштарланып турбагандыр.

– Эчтеке эмес! – деген көңүл жубаткан жооп болду, – бизден эч чочуркабаңыз. Биз карапайым кишилербиз… Эх-ээ! Мага кат келген окшойт!

Артур кысынып сүрдөп турган конокту эркине коюп, үстөлгө келди да катты ачып окуп кирди. Конок да буга түшүнүп, ичинен ыраазы боло түштү. Ал табиятынан эле сезимтал, сергек эле, андыктан апкаарып турганына карабай, анысынан азыр деле жазган жок. Ал тер чыга түшкөн маңдайын дагы бир жолу сүртүп алды да, бөлмө ичине эми токтоо көз чаптырды, бирок көз карашында дагы эле кудум капканга чабылуудан чочулаган жапайы жаныбардыкындай кооптонуу бар эле. Аны айланасында буга чейин дегеле көрбөгөн нерселер курчап турду, бирдеме болуп кете тургансып ичинен опкоолжуганы дагы эле басыла элек, эмне кылаар айласын таппай, олдоксон экенин түшүнүп турду, мунусу анын басканынан, кыймылынан гана эмес, бүт туруш-турпатынан көрүнүп турбайбы. Ансыз да жандан башкача сезимталдыгы тула боюн ысытып, тартынып кысынганы жетер жерине жетип турганда, окуп жаткан катынын үстүнөн Артурдун кылтыйып карап койгону бычак менен ургандай ого бетер эсеңгиретти. Бирок жагдайга бир аз көнө түшүп, баарынан да тартип жайын билип калгандыктан, анын көз карашын жалт кармаса да, байкамаксан болгондой түр көрсөттү. Ошенткени менен бул анын намысын козгоп, эрдемситти. Бул жерге келгени үчүн өзүн өзү ичинен сөгүп да алды, бирок ошол замат эмне болсо, ошол болсун, ырас, биякка келдиби, эми акыр аягына чейин баарына чыдаш керек деди. Өңү сурданып, көздөрүнөн заар учкун жылт этти. Эми эки жагын баштагыдан ишенимдүүрөөк карап, көзгө урунган жагдайдын аки-чүкүсүнөн өйдө эсине тутуп калууга аракеттенди. Анын бакырайган көздөрүнөн эч нерсе жаздым калган жок; бөлмөдөгү кооз буюмдарга ынтаа коюп караган сайын көздөрүндөгү каардын учкуну улам бастап, анын ордун дилинде жылуулук ойготкон суктануу ээледи. Ал кооздукка дайыма кумары артык жан эле, бул жерде болсо андай нерселер жетишерлик экен.

Үй ичин кыдырата караган жигиттин көңүлүн дубалдын бетине илинген майлуу боёктор менен тартылган картина өзүнө бурду. Эбегейсиз зор толкун жээктеги аскага шарпылдап урунуп атыры; ылдый самсаалаган чагылгандуу булуттар асман бетин жылчыксыз жааптыр, ээ-жаа бербей чамынган жаалдуу толкун бетинде уясына отуруп бараткан күндүн кызгылтым нурларына чагылышып, оодарылып кеткидей бери жантайган чакан кеменин палубасы алаканга салгандай көрүнүп турат. Бул бөтөнчө кооз эле, ал эми кооздуктун баары аны дайыма азгырып турчу. Жигит өзүнүн олдоксон басыгын унутуп коюп, сүрөткө жакыныраак келип карады. Бул эмнеси, эмелеки сулуулуктун жыты да жок го. Сүрөт болсо боёк каршы-терши шыбалган, бети одуракай эле бирдеме болуп калыптыр. Саал артына кетенчиктеп туруп кайра карады эле, сүрөт кайрадан баягыдай боло түштү. «Керемети бар сүрөт тура», – деп койду артына бурула берип. Мына бул азем буюмдардын арасынан түккө турбаган амалкөйлүктүн эсесине ушунчалык сулуулуктун садага чабылганына бир аз кыжыры да келе түштү. Живопись деген анын түшүнө да кирбеген нерсе эле. Буга чейин ал алыс менен жакынды бирдей даана, тегиз чагылдырган хромолитографиялык ыкмадагы сүрөттөрдү гана көрүп жүргөн. Ырас, дүкөндөрдүн витринасынан боёк менен тартылган кооз картиналарды да көргөн жайы бар, бирок калың айнектерден улам аларды жакшылап ынтаа коюп караганга болбос эле.

Ал катты окуп жаткан досу жакка бурула берди, үстөлдүн үстүндө жаткан китептерди көрүп калып, кудум тамак көрбөгөн ачка кишиден бетер көздөрү жайнай түштү. Ошол замат дагы чайпала басып жакын келди да, оюн өрөпкүгөн сезим эрксизден бийлеп, китептерди четинен кармалап көрө баштады. Алардын авторлорун жана аталыштарын карап, ичиндеги тексттердин айрым жерлерин күбүрөй окуп, саптардын баарын көзү менен да, колу менен да бир сыйра сылап, эркелетип чыккандай болду. Анан китептердин арасынан кокусунан өзү жакында эле окуган бир китепти тааный койду. Бирок ушул китептен башкасы алардын авторлору сыяктуу эле, ага бейтааныш эле. Ал колуна тийген Суинберндин томун бети албыра түшүп окуп кирип, кызыкканы ушунчалык, өзүнүн кайда экенин унутуп да койду. Китептин окуп жаткан бетине сөөмөйүн коюп, эки жолу жаап, анын авторун кайра карады. Суинберн! Ал муну эсине сактап калат… Бул Суинберн, кыязы, боёктор менен алардын кылдат көлөкөлөрүн абдан даана көрө билген, көзү шумдук курч киши көрүнөт. Бирок бул ким болду экен? Көп акындар сыяктуу эле мындан жүз жыл мурда көзү өтүп кеткен немеби, же азыр деле жазып жүргөн тирүү адам болду бекен? Ал китептин баш барагын карады. Мына турат, Суинберн бул эле эмес, башка китептерди да жазыптыр. Болуптур, ал эртең менен эле ортолук китепканага барат да, ал жерден мунун кайсы бир чыгармасын таап окуганга аракет кылат.

Ал китепке берилип кетип, бөлмөгө жаш селкинин кирип келгенин байкабай да калды. Анын оюн Артурдун заңк эткен үнү күтүүсүздөн бөлүп жиберди:

– Руфь! Бул мистер Иден!

Мартиндин колундагы китеби жабыла түшүп, бурулуп карардан мурда буга чейин кулагы угуп көрбөгөн бул сөздөн бүткөн бою чымырап чыкты. Болуп көрбөгөндөй мындай сезим бөлмөгө аяр баса кирип келген сулуу кыздан эмес, анын инисинин азыр эле өзүн «мистер» деп атаганынан улам пайда болду. Булчуңдары таштай бул чымыр жигитте сезимталдык ушунчалык күчтүү эле, кенедей бир тыштан таасир боло калса деле ойлору удургуп, тула бою ысып, дуулдап кете турган. Кылт эткенди туйган кылдаттыгы менен таасирчилдигинен, аша чапкан кыялкечтиги тынымсыз иштеп, өзүн курчаган нерселердин байланышын, алардын айырмасы менен окшоштугун ажыратып турчу. Ошондуктанбы, аны буга чейин өмүрү эч кимден укпаган «Мистер Иден» деген сөз жалт эттиргени. Аны минтип бир да жан атаган эмес, эс тарткандан жөн эле «Иден» же «Мартин Иден» болуп келбедиби, анан эле «мистер» деп жатышса оңойбу. «Ии, бул эми башка кеп», – деп көтөрүлө компоюп койду ичинен. Анан заматта удургуй түшкөн ойлору чогулуп келип кинотасма тарткан килейген камеранын оозуна сорулуп кирип кеткендей болду, көз алдынан кубалашкан тааныш элестер: от жаккыч жайлар, трюмдар, доктор, кеме токтоочу жайлар, түрмөлөр, арзан тамак-аш саткан трактирлер, бейтапканалар жана урандыга айланып бараткан жепирейген кепе үйлөр чубурду; мунун баары ага көнүмүш болгон кунарсыз, кедей жашоонун өзөгүнө биринен сала бири тизмектелип келип жатты.

Ал бурула берип, кирип келген кызды көрдү. Эси-дартын куюндаткан эмелеки башаламан көрүнүштөр заматта кайдадыр житип кеткенсиди. Маңдайында абадай үлпүлдөгөн, кубакай жүз, жалжылдаган асман ыраң көпкөк бакыраң көздөрү мээрим чачкан, алтын сымал жылтылдаган олоң чачы айдалысынан куюлган ажайып жан келберсип турду. Мартин кыздын үстүндөгү кийимин байкаган да жок, бирок анын өзү кандай татынакай болсо, кийими да ошончолук жарашыктуу экенин билип турду. Оюнда бул айназик кызды ичке сабак аксарала алтын түс гүлгө салыштырып жиберди. Жок деди кайра, бул чынында периште, кудайдын үр кызы болсо керек, мындай көз талдырган сулуулук карабашыл пенде атмайда кайдан болсун. Же коомдун жогорку чөйрөлөрүндө буга окшогон чүрөктөр толуп жатат деп китептерде жазылгандар чын болду бекен? Жанагы Суинберн деген мына ушул кызга арнап ыр жазса болмок экен. Баса, тетиги үстөлдүн үстүндө жаткан китебиндеги Изольданы сүрөттөп атып дал ушуга окшош кыз туурасында ойлогондур, балким? Куюндаган бул ойлор, чымыраган сезимдер жана көз алдыга тартылгандардын баары жылт эткен бир ирмемдей кыска убакытта гана болуп өттү. Сырткы окуялар болсо өзүнүн кадыресе нугу менен уланып жатты. Руфь ага колун суна берди, кадимки эле жигитчесинен олдоксон кармап, бек кыса учурашканда, кыз да жооп кыла ага жалт караганын байкап калды. Башка аялдар Мартин менен кез-кезде гана кол беришкени болбосо, минтип учурашчу эмес. Ушул жерден ага ар кайсыл аялдар менен кантип таанышканы жөнүндөгү эскерүүлөрдүн кызыл-тазыл элестери кайрадан жаба берип, өз кучагына оп тартып кетти. Бирок, ошол замат анын баарын алыс кубалап таштап, маңдайындагы Руфту суктанып карап кирди. Мындай ажайып сулууну ал өмүрүндө көргөн эмес. Өзү көрүп билген аялдарчы…. Ошол замат көз алдына «ошол аялдар» тартыла калды. Чексиздей сезилген бир секунда ичинде сүрөттөрдүн галереясында тургандай болуп кетти, алардын чок ортосунда Руфь турат, анын айланасында болсо сансыз аялдар тизилет, алардын ар бирин Руфь менен салыштырып, баалап чыгыш керек эле. Алардын арасынан фабрикада иштеген тыржыйган арык, купкуу өңдөрү оорудан шапайган аялдарды, шаар четиндеги кыштактардан агылып келип, чоң көчөлөрдө эч нерседен тартынбай шапар тепкен куунак кыздарды; мал кармаган ранчолордо бели бүгүлгөнчө тоңкочук аткан малай аялдарды жана оозунан сигара түшпөгөн Эски Мексиканын кара тору айымдарын көрдү. Анан таманы жыгач кепичтерин кийип алып тыпылдап баскан куурчак сымал жапон аялдары көзгө чалдыкты; алардын артынан жүздөрүнөн тукум бузулуунун белгилери ачык байкала баштаган Евразиянын чийме каш назик аялдары; аларга улай Тынч океандын аралдарындагы ындыкара, тула бойлорун кызыл-тазыл гүлчамбарлар менен ороп, жаап алышкан болпойгон, толмоч аялдар чыга келди. Эң акырында булардын баарын четке сүрүп таштап, көз алдынан үрөй учурган тозоктон чыга келгендей караламан топ – качан караба, Уайтчэпелдин караңгы чолок жолдорунда пароходдордон түшкөн матросторду аңдып, акмалай, кыдырата тизилген, турган турпатына бузуку жайлардын жан чыдагыс саңырсыган жыты сиңип калган, аял кейпинен небак ажырап, жанына киши жологус болуп калган ыпылас жалаптар – порттордун таштандылары, адамзат кайнаган мештин көбүктөрү топурап, кылка жипке тизилгенсип, булар да биринин артынан бири чубап өттү.

– Отуруңуз, мистер Иден, – деп кылая караган кыздын шыңгыр үнү кулагына кирип келди бир оокумда. – Болгон окуяны Артурдан уккандан соң сиз менен аябай таанышкым келди. Бул кылганыңыз абдан чечкиндүү иш болуптур.

Ал башын чайкап, бул арзыбаган нерсе экенин, анын ордунда башка бирөө болсо деле ушинтмек деген тейде бирдемелерди булдуруктаган болду. Руфь ал колун сунганда билегинде жаңыдан айыгып келе жаткан сыйрылган жерин байкап калды; берки колуна көз жиберди эле, анысында да ошондой так бар экен. Андан ары сынай көз чаптырган кыз анын жаагындагы жана маңдай чачынын так түбүндөгү тырыгын, крахмалдатып катырып алган жакасынан улам көрүнө калып жаткан үчүнчү тырыкты байкады. Ал жетишпегенсип тотуккан мойнундагы кыкыйган жакасы өйкөй берип, так боло түшкөн ичке кызыл тилкени көрө коюп бырс күлүп жибере жаздап, өзүн араң басты. Ал жака тагынып жүргөнгө көнгөн эмес окшойт да. Ургаачынын сын көзү анын мүшөктөй көлөктөгөн кастүмүнүн да орой бычымын, ийининдеги ийри-буйру тигиш-бүгүштөрүн, астынан чың булчуңдары чытырап турган жеңдериндеги бырыштарды бир сыйра сыдырып өттү.

Өзү жасаган иштин эч кандай деле бөтөнчөлүгү жок экенин дагы бир жолу кайталаган жигит сыпайылык менен креслону көздөй басты. Отурганы баратып көзүнүн кыйыгы менен Руфтун эркин жана келишимдүү кыймыл менен диванга олтурганын суктана караганга үлгүрдү, өзүнүн одоно туруш-турпатын элестете коюп, ого бетер уялып кетти. Бул жердегинин баары ага жаңылык эле. Анын өзү эби жокпу же чапчаңбы, бул туурасында ойлоп да койбогон экен. Өзүнө сырттан карап баа берүү деген анын оюна да келген эмес. Эми колдорун кайда катаарды билбей, этияттык менен креслого жетип, коомайлана четине отура кетти. Кайда койсо да колдору эч жакка батпай койду, минтип сүрдөп турганда какаганга муштаган болуп Артур да так ушул маалда сыртка чыгып кетиши керек да. Мартин Иден аны кыжалат болгон түр менен узата карап, ээн бөлмөнүн ичинде аял кейпиндеги куба жүздүү пери менен бет маңдай жалгыз калды да, апкаарып сүрдөгөнүнөн өзүн таптакыр жоготуп койду. Кара басып, бул жерде ичимдик турчу жер да көрүнбөйт, же пийвага чуркатып ийгенге да жубарымбектер жок, анткени мындайда ээн эркин кеп баштаганга шараптын жардамы куп гана тиет эле да.

– Сиздин мойнуңуздагы тырык, мистер Иден, эмнеден болду эле? – сурап калды кыз, – балким, бул кандайдыр өзгөчө окуядан улам болгон чыгаар?

– Мексикалык бир жигит бир жолу мени бычак менен уруп калды эле, мисс, – жооп берди ал тили менен эрдин жалана, анан тамагын жасап жөтөлүп койду, – анан кармаша кеттик. Мен анын бычагын жулуп алганымда, ал менин мурдумду тиштеп ала жаздады.

Муну ал жупуну, колдур тили менен айтып койду, бирок ошол замат көз алдына Салина-Круцтагы көөдөй кара, абасы үп, жылдыздуу дымкыл түндүн элестери: жээктин ак тилкелери, кант жүктөлгөн кемелердин оттору, мас матростордун бакылдаган дооштору, топураган жүк ташуучулар, жини башына тээп, өң-алеттен кеткен мексикалык баланын жылдыздын жарыгында жырткычтыкындай жылтырап күйгөн көздөрү, мойнуна кадалган болот бычактын муздагы, дирилдеп аккан кан, дүүлүккөн караламан топтун кыйкырык ызы-чуусу, кумдагы чырмалышкан эки дененин ары бери аласалып тоголонгону жана гитаранын алыстан угулган мукам шыңгыр, кусадар добушу тартыла калды. Ошондой болбоду беле, аны эстегенде селт этип алып, тетиги дубалдагы картинаны тарткан неме ушунун баарын так өзүндөй келиштирип сүрөттөй алаар беле деген ой кылт этти. Агыш жээк, жылдыздар, жүк ташуучу кемелердин оттору – анын баары сүрөттөн укмуш көрүнмөк, ал эми алардын чок ортосунда, кумда мушташып жаткандарды чуркурап тегеректеп алган сүрмө топ удургуп турмак. Картинада бычакты да көрсөтүп койсо болот эле – жылдыздарын жарыгына болоттун чагылышып турганы шумдук кооз чыкмак!

Бирок бул жөнүндө ал ооз ачкан да жок.

– Ооба, ал аз жерден менин мурдумду тиштеп ала жаздады, – кайталады ал.

– О! – ак тамагы кылайган кыз таң кала түштү, анын үнүнөн, жүзүнөн өзүн бир аз жогото түшкөнүн байкады. Мартин аны карап өзү да абдырай түштү, күнгө күйгөн жүзү боёк чачып ийгенсип ого бетер кызарып кетти. Бирок бети өзүнө оозу ачык мештин маңдайында олтурган адамдын бетиндей алоолонуп жаткансып сезилди. Үлбүрүгөн ак сөөк айым менен бычакташып мушташкандай жагымсыз нерселелер туурасында аңгемелешүүнүн өзү осол иш болоор. Китептерде анын чөйрөсүнө таандык адамдар эч качан минтип сүйлөшпөсө керек, балким, алар мындайды билбейт да чыгаар.

Жаңыдан башталып келаткан сөз ушинтип үзүлө түштү. Руфь эми анын жаагындагы тырыгы жөнүндө суроо узатты. Мунусу кыздын аны менен өзүнө гана тааныш нерселер туурасында сүйлөшүүгө аракет кылыбатканын түшүндү, шарт эле жооп берип, анан кеп нугун Руфтун өзүнө жакын темаларга бурууну чечти.

– Мындай окуя болду эле, – деди ал жаагын сыйпалап, – бир жолу түндө чоң толкун болуп, гротту (кеменин тумшугу жагындагы мачта – Б.Ш.) шаймандары менен кошо жулуп кетпеспи. Болот зымдан эшилген аркан жыландай ийрелеңдеп, карматпай туйлап, туш келди чапкыланып кирди. Аны кармайбыз деп бүт вахтанын жабыла убараланганын айтпаңыз. Мен болсом шак эле үстүнө жата калдым да кармап бекиттим, ошол кезде жаагым тыз дей түштү эле.

– О! – Руфь дагы кыйкырып жиберди, ага «грот», «трос» деген сөздөр кытайдын катындай түшүнүксүз болсо да, бул сапар үнүндө аёо бар эле.

– Жанагы… Свайнберн, – деди ал ойлогон оюн орундатууга аракеттенип, бирок атын туура эмес айтып алды.

– Ким дейсиз?

– Свайнберн, – деди ал кайталап, – акынчы.

– Суинберн десеңиз, – Руфь аны түзөп койду.

– Ооба, ошол, – деди ал дагы кызара түшүп, – эчак каза болсо керек?

– Анын каза болгонун укпаптырмын, – деди Руфь ага таң кала тиктеп, – а кишини билесиңерби, каерден тааныштыңар эле?

– Жо-о, мен аны өмүрү көргөн эмесмин. Азыр эле сиздин келериңиздин астында үстөлдүн үстүндө жаткан тетиги китепчеден кээ бир ырларын гана окудум. Анын ырлары сизге жагабы?

Өзүн кызыктырган нерселер туурасында кыз ыргактуу, эркин сүйлөп кирди. Мартин эми бир аз өзүнө келе түшүп, креслого дагы тереңирээк ныгырылып олтурду, тимеле астынан жыла качып өзү кулап түшчүдөй анын туткасынан бекем мыкчып да алды. Ал кызды кызыктырган тема тапканына ичинен ыраазы, угуп отуруп, бирде анын алмадай болгон башына ушунча көп билимдин кантип батканына таңыркап, бир туруп үлпүлдөгөн ай чырайына кумарлана бүткүл дитин коюп тыңшап отурду. Укканын жакшылап түшүнсөм дегенге эки көзү төрт, кыздын эриндеринен шыр куюлуп аткан бейтааныш сөздөр эсин оодарып жатты, анүстүнө, кыздын ой жоруму да ага таптакыр жат эле. Ошенткени менен мунун баары анын акылын ойготуп, ишке салды. Мына, маданияттуу, билимдүү жашоо деп ушуну айт деп ойлоду ал, көз уялткан керемет сулуулук мында жаткан турбайбы, мунун бирин да ал билбептир. Бүт нерсенин баарын унутуп, көзүн кыздан албай отура берди. Ооба, көктөн издегени бул жерден табылып отурат, жан үрөп жашап, жеткенди көксөп умтулаары, керек болсо, кара жандан кайыл боло кечип кете турган кымбат нерселер эмеспи булар. Китептерде айтылгандар чындык тура. Бул жарыкта ушундай аялзаты да болот экен э. Мынакей алардын бири. Руфь анын кыялдарына канат бүтүргөндөй болду, көз алдына романтикага толгон сырдуу элестер, махабаттын, акжуумал, алтын түс ушул аялзаты үчүн оттон-суудан кайтпаган баатырдыкка ойлонбой бой уруунун ирмемдери жылоолонгон, көздү уялткан, чалкыган картиналар тартыла түштү. Закымдай дирилдеген бул керемет элестердин арасынан ал өзүнө өнөр менен адабият туурасында айтып берибаткан тирүү аялды көрүп турду. Ага огеле кадала тиктегенин сезбей, өзүнүн эркек таналык напси күйүп турган көздөрүнөн чачырап турганын аңдыбай, аны бериле угуп, аңкая карап отура берди. Бирок эркектерди, алардын жашоосун жакшы биле бербеген Руфь Мартиндин от чачыраган көз карашын аялдык аяр сезими менен кокустан байкай коюп, чочуп, ошол замат сактана түштү. Ушул убакка чейин бир дагы эркек аны минтип караган эмес, бул көз караш анын эсин оодарып, уялтып жиберди. Кыз мукактанып барып унчукпай калды. Талкуунун учугун да колунан чыгарып жибергендей окшоду. Бирок көздөрү жалын чачкансыган бул адамдан чочулап турса да, анын минтип караганы баары бир эмнегедир кызга жагып турду. Руфтун алган тарбиясы бул сыяктуу опурталдын жана мындай сырдуу, айлакер сүйкүмдүүлүктүн таасиринен сак болууга үйрөткөн; бирок ага карабай эле сокур сезим канын ойнотуп, өзүнүн тегин, коомдогу мартабасын унуткарып, мына бул колдору тытылган, мойнунда кызарган тагы бар, башка дүйнөнүн коногу өңдөнүп капылет келип калган, айтканына караганда, өзү жашаган карапайым көр турмушту беш колундай билген жаш жигитке эмнегедир тартып туруп алды. Кыз периштедей пакиза жан эле, ошол аруулугу бул азгырык сезимге жол бергиси келбей, каршылык кылып, үнсүз чыркырап турду; бирок насили кантсе да ургаачы эмеспи, аялдын таңгалыштуу табияты эмитен гана өзүнө ачылып келаткан жаш селкинин али өзү толук туя элек, тээ тереңде катылып жаткан ышкысы ушинтип тымызын козголуп баратты.

– Мен эмне дедим… Эмнени айтып аттым эле? – деп кыйкырып жиберди сөзүн токтото калып Руфь, анан кайра шыңкылдап күлүп калды.

– Сиз ошол Суинберн деген улуу акын болбой калгандыгынын себебин айтып келаткансыз… ооба… мына ушул жерден токтодуңуз, мисс…

Ошентти да ачкадан өзөргөн адамдан бетер башы эңги-деңги боло түштү. Руфтун шыңгыр күлкүсүнөн тула бою дуулдап ысып чыкты. Чиркин, үнүнүн тазалыгын карачы, кадимки эле жылаажын, даана күмүш коңгуроо тимеле; мына ушул көз ачып жумганчалык ирмемде Мартин алыс бир өлкөгө учуп кеткенсиди, ал жакта бажырая гүлдөп турган кызгылтым мөлтүр алчанын түбүндө жайбаракат чылым түтөтүп, камыш сандалчан кудайы пейил момундарды тайынууга чакырган, асманга кайкалаган чатырынын бурчтары шиштүү кечилканынын коңгуроолорун угуп отургансып сезип кетти өзүн.

– Ооба, ооба… ырахмат. – Суинберндин улуу акын болбой калышынын себеби – кээ бирде ырларында оройлукка алдырып жиберген жактары бар. Айрым ырларын кишинин окугусу да келбейт. Чыныгы акындын ырынын ар бир сабы терең ойго бай келип, окуганды өзүнө имерип арбап, аны адамдагы улуулукка, керемет касиет-сапаттарга үндөп чакырып турат эмеспи. Улуу акындардын бир сабын да жараксыз деп чийип салууга мүмкүн эмес. Анткенде бул дүйнө үчүн зор жоготуу болмок.

– Мага азыр эле окуган жерим жаккансыды эле, – деди ал ындыны өчө түшүп. – Бирок анын мындай шүмшүк экени оюма да келбептир. Мунусу башка китептерине да жуккан чыгар.

– Анын жанагы силер окуган китебинде эч бир ойлонбой туруп чийип таштай турган саптары толтура, – деди Руфь ишенимдүү.

– Мага алар туш келбесе керек, – деди ал, – бирок мен окуган ырлары мыкты экен. Жан-дүйнөмдү кудум күндүн же прожектордун нурундай жарытып жибергендей болуп кетти. Мага ушундай сезилди, мисс, бирок менин ыр туурасында таптакыр түшүнүгүм жок болсо керек…

Айтарын айтты да тилинин чоркок экенине кыжалаттана түшүп унчукпай калды. Азыр эле окуган ырларынан ал жылуулуктун илебин жана жашоо турмуштун чалкыган ченемсиз тереңдигин сезген эле, бирок мунун баарын түшүндүрүп берүү үчүн ага сөз байлыгы жетишкен жок. Өзүнө өзү көөдөй караңгы түндө чоочун кемеде, бейтааныш жабдууларга чалынып, ар кайсынын арасында адашып жүргөн матрос сыяктуу болуп көрүндү. Макул деди ал чечкиндүү, демек кандай гана болбосун, акыл-эсин азгырып, тынымсыз кубулган бул чоочун ааламды ал сөзсүз багындырышы керек. Ал каалаган нерсесине эч качан жетпей койгон эмес, азыр да тартынып, кысынып турганына карабай, Руфка өзүнүн сезимдери менен оюндагысын туура түшүндүрүп айта алгыдай деңгээлге жетишим керек деп ичинен катуу шерт бекитти. Руфь болсо эчак эле анын акылы жеткен нерсенин баарын айтып салбадыбы.

– Мына, мисалы Лонгфелло… – кайрадан кебин улады кыз.

– Ооба, ооба. Мен окугам аны, – деди жандана калган Мартин Руфтун сөзүн бөлүп, мунусу менен өзүнүн адабият жаатынан аз-маз болсо да кабардар экенин тезирээк көрсөтүүгө ашыкты. Өзүн таптакыр дөдөй эмес экендигин далилдегиси келди.

– Мен «Турмуш ырларын», «Эксцельсиорду» окугам… Окугандарым ушулар эле болду окшойт.

Руфь күлүмсүрөп башын ийкеп койду, Мартин анын жылмаюусунда кечиримдүүлүктү, болгондо да аны аяп, боор ооруган сыяктуу кечиримдүүлүктү сезди. Өзүнүн жарыбаган азыноолак билгендерин айтам деп осол болуп калды окшойт. Анткени мына бул Лонгфелло да сансыз китептерди жазса керек.

– Ар кайсыны келжиреп сөзүңүздү бөлгөнүмө кечирип коюңуз, мисс, – чынымды айтсам, мындай нерселерге башым анча деле жете бербейт. Бирок мына көрөсүз, буга мээм жете тургандай кылганга умтулам.

Бул сөздөрү опузалагандай угулду. Үнү дирилдеп, көздөрү жанып, уурттары бүлкүлдөп кетти. Кызга жадагалса, анын жаак сөөктөрү да оркоюп чыга түшкөндөй көрүндү. Ырайы сурданып, караганга жагымсыз эле. Ошого карабай, андан күпүлдөп уруп турган кайраттуулук менен тайманбастыктын ысык толкуну Руфту да каптап өткөндөй болду.

– Албетте, ишенем, сиздин акылыңыз буга жетет, – деди ал наздана жагымдуу жылмайып. – Сиз абдан күчтүүсүз!

Руфтун назары сыдырылып барып Мартиндин буканыкындай жоон, күнгө күйгөн, чың мойнуна түштү. Жигиттин абыдан эле кысынып, апкаарып олтурганы жагып, Руфту ого бетер ага тартып кирди. Кыз оюнда азыр ушул моюндан кучактай турган болсо, анын болгон кайрат-кубаты өзүнө өтүп кете тургансып сезилди. Күтүлбөгөн жерден айыбы ачылгансып, бул оюнан өзү да уялып кетти кыз. Ушул убакка чейин ага кара күч олдоксон, орой сезилип келген эле. Кыялында самаган жигити сулуулук менен назиктик айкалышкан, илбериңки, арык чырай, шыңга бой, кылдат кыймылдуу болууга тийиш эле. Бирок анын бүткүл дитин капылет келген таң каларлык башкача бир сезим бийлеп туруп алды. Жигиттин мына бул күнгө күйгөн мойнунан кучактап алсам деген каалоосу кайдан пайда боло калганын өзү да түшүнбөй турат. Анткен менен мунун баары жөпжөнөкөй эле нерсе эле. Табиятынан назик жаралган кыздын чыбыктай денеси менен акылы жетишпей турган мына ушундай алп күчкө тымызын зар эле. Ал муну мойнуна алгысы келген жок, бирок оргу-баргы карапайым сөздөрү кулагына орой угулса да, буга чейин бир да эркектана анын ургаачылык жан дүйнөсүн мобул олдоксон жигиттей аңтар-теңтер түшүрө алган эмес.

– Ооба, негизи менин ден соолугум буканыкындай эле, – деди жигит, – керек болсо, дат баскан темирди да сиңирип жиберем. Бирок, азыр бир нерсени, сиз айткан нерселердин көбүн сиңире ала тургандай эмесмин… Анткени мени эч ким, эч качан мындай нерселерге үйрөткөн эмес. Мен китептерди, ыр окуганды абдан жакшы көрөм, кенедей бош убактым боло калса эле окуп кирем. Бирок алар туурасында эч качан сизчелик ой жүгүртө албайм. Ошондуктан китептер жөнүндө туура пикир айтуу мага кыйын. Ишенсеңиз, бул иште өзүмдү картасы, компасы жок чоочун деңизде калган матростой сезип турам. Бул жерде мен кептин эмне туурасында болубатканын билгим келет. Мүмкүн сиз мага жардам берерсиз? Сиз мынча көп нерсени кайдан билип алгансыз?

– Мен окудум да, мектепке баргам, – деди Руфь.

– Бала кезде мен деле мектепке барганмын, – деп койду ал.

– Ооба, бирок мен орто мектепти бүттүм, анан университетке, лекцияларга барып турдум…

– Сиз университетте окугансызбы? – сурап жиберди жигит таң кала. Экөөнүн ортосундагы айырма ошол замат миллиондогон чакырымдарга созулуп кеткенсиди.

– Азыр деле ошол жакта окуп атам. Англис филологиясы боюнча атайын курска барып турам. Мартин «филология» деген эмне экенине башы жетпей, өзүнүн дөөпайлыгына да бир жолу ичинен кемсинип алып, анан мындай деп сурады:

– Эгерде мен университетке киргим келсе, дагы канча окушум керек?

Руфь анын бул ниетин кубаттагысы келди.

– Бу сиздин мурда канча окугандыгыңызга жараша болот. Сиз орто мектепте такыр окуган жоксузбу? Ооба, окуган эмессиз да, кайдан… Бирок башталгыч мектепти бүтүргөнсүз да?

– Эки гана жыл калганда чыгып кеткем, – деди ал. Бирок, дайыма сыйлык алып окучумун.

Ошол замат, ашыкча мактанып жибергендигине кыжыры келип, креслонун туткасын катуу кысып жибергендиктен, манжалары ооруп сыздай түштү. Аңгыча болбой, үйгө бир аял кирип келди. Руфь ордунан тура калып, анын алдынан утурлай басты. Экөө ийин ала кысышып, өбүшүп көрүштү да, анан колтукташкан бойдон Мартинди көздөй чогуу басышты. Бул Руфтун энеси болсо керек деп ойлоду Мартин. Ноочо бойлуу, асемдеп тараган ак саргыл чачтуу, сымбаты сулуу бул аял ушундай мартабасы ашкан берекелүү үйдүн кожейкеси дей тургандай келишимдүү да кийинип алыптыр. Адемдеп тигилген көйнөгү караган көздү кубандырат. Аны карап туруп Мартиндин эсине бир кезде сахнадан көргөн аялдар келе түштү. Дал мына ушундай жарашыктуу кийинген, келбети зыңгыраган аялдарды ал Лондондун театрларынын кире бериштеги кенен жайларында полицай көчөгө кууп чыккычакты демин ката, жалдырап көз албай карай бергенин эстеди. Ага улай эле көз алдына Нокогамдын Гранд-Отелиндеги алыстан гана көрүп жүргөн аялдар тартыла түштү. Анан да Нокогамдын, уу-дуу түшкөн башка шаарлардын жана гавандардын жыбыраган элестери көз алдынан зымырай чубап өттү. Бирок ошол замат мунун баарын оюна жуутпай алыс кубалаганга өзүн мажбурлап, болгон дитин өңүндө болуп жаткан нерселерге бурду. Руфтун энеси менен тура калып саламдашып, өзүн тааныштыруу керек экенин түшүндү, бирок шымынын тизе тушу көлбөктөп чыга түшөөрүн сезип, креслодон араң козголду. Колдору шалдайып, азыр эми дагы бир сыноодон өтөрүн ойлоп, кыжалаттана түштү.

(уландысы бар)

Жек Лондон: “Мартин Иден” (I) алгач бул жерде - Адабий Ордо жарыяланды.

Руханий азык берген “Сен эмген эмчек”
5/5 - (1 добуш)

“…Апамды сууга алып жатышканда тартылган көшөгөнүн баш жагында карап отурган элем. Акыркы жолу болсо да көрүп калайын деп мукурагандыгы аргам ошол болду. Апамдын денесин ачышканда эң биринчи эле эки эмчеги көзүмө урунду. Бала эмизген жаш аялдын сүткө толгон эмчегиндей балкайып ууздай агарып турган экен. Ортосундагы үрпү типтик болуп карарат. Жүрөгүм сыздап кетти. Биз ээмп чонойгон эмчек. Апамдын көкүрөгүн жыттаганды эмне үчүн жакшы көрөрүмдү ошондо гана түшүндүм…”

(Чыгармадан үзүндү. Б. А.)

Кыргыз адабиятында адамдын ички дүйнөсүн, энелик мээримди, үй-бүлөлүк баалуулуктар менен турмуштун түбөлүктүү акыйкатын көркөм сөз аркылуу жүрөккө жеткире сүрөттөй алган калемгерлердин өзгөчө орду бар. Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, жазуучу Зинакан Пасаңова өз чыгармаларында адамдын ички сезимдерин, маанайын, жан дүйнө абалын өтө назик, таасирдүү чагылдырган – лирикалык-психологиялык тереңдиги, турмуштук чындыгы, адамдык сезимдерди назик сүрөттөй билген көркөм чеберчилиги менен ошол сүрөткерлердин баш сабында турарына калемгердин көркөм дүйнөсү менен жакындан таанышканда ынандым.

Зинакан Пасаңованын чыгармачылыктагы өзгөчөлүгү – улуттук дүйнөтаанымды жалпы адамзаттык баалуулуктарга табигый мүнөздө айкалыштырып сүрөттөй алганында. Анын каармандары кыргыз турмушунун өкүлдөрү болуп туруп, алардын кубанычы менен кайгысы, сүйүүсү менен арманы, үмүтү менен коркунучу дүйнөнүн кайсы бурчунда болбосун ар бир адам баласына тиешелүү экенин көрүүгө болот. Сүрөткердин ушул касиети анын чыгармаларынын руханий баалуулугун арттырып турат. Жазуучунун 2006-жылы басмадан чыккан “КУТ ТҮШКӨН ТҮНДӨР” китебиндеги чыгармаларын окуп отуруп, анын калеминен жаралган эмгектер – адам жүрөгүнүн эң назик кылдарын козгогон, өмүрдүн улуулугу менен энелик мээримдин түбөлүктүүлүгүн даңазалаган көркөм мурастардын катарына кирерине күбө болдум.

Жазуучунун аталган китебиндеги окурмандын көңүлун өзүнө өзгөчө бурган “СЕН ЭМГЕН ЭМЧЕК” аңгемесин саресепке алып карасак, кыргыз прозасында, жалпы эле дүйнөлүк адабиятта көп кездеше бербеген, бирок ар бир адамдын жүрөгүнө жакын болгон теманы, эне менен баланын табигый байланышын, анын акырындап үзүлүшүн, анан ошол үзүлүүнүн артындагы терең психологиялык сезимдерди көркөм чагылдырган терең философиялык мыкты чыгарма экенин моюнга алабыз. Автордун эң чоң ийгилиги – энелик сезимдин ички психологиялык абалын табигый мүнөздө, ишенимдүү сүрөттөй алгандыгында. Чыгармада эне баласын эмчектен чыгарууну жөн гана физиологиялык зарылдык катары эмес, өзүнүн жүрөгүнөн үзүлүп жаткан чоң жоготуу, мээримден жаралган ыза катары кабыл алат.

Жазуучу бул алакандай аңгемесинде: «Ошол бойдон эненин ак сүтүнөн айрылдың, уулум!..» деген жөнөкөй сүйлөмдөрү аркылуу эле бүтүндөй эне менен эмчектен чыгып жаткан баланын ортосундагы драманы ачып берет. Бул жерде окурман баланын эмес, эненин жүрөгүндөгү өзгөрүүгө, кайрадан эмизип сала жаздаган энелик мээримдин жабыркоосуна, уйкусуз түн күзөтүп, баласын телмирип тиктеген көздөрүнө көбүрөөк санаркайт. Себеби чыгарманын негизги конфликтин баланын эмчектен ажырашы эмес, азап тарткан энелик дүйнөнүн жаңы баскычка көтөрүлүшү түзүп турат.

Бул чыгармада өзгөчө көркөм образ катары өрүк гүлү ийгиликтүү пайдаланылган. Өрүк гүлү биринчи жолу каарман “тез жардам” авто унаасы менен төрөтканага бараткан учурда жолдон көрүнөт. Анда ал жашоонун, үмүттүн, жаңы жаралуунун белгиси катары кабыл алынат. Кийин чыгарманын соңунда ошол эле өрүк гүлү кийинки баланын төрөлүшүнүн кабарчысы болуп кайрадан кайталанат. Мындай символдук кайталануу чыгарманы бүтүндүккө алып келип, анын көркөм структурасын бекемдеп турат. Өрүк гүлү бул чыгармада өмүрдүн башталышы, энелик бакыт, муундардын уланышы, өлүмдөн кийинки жашоонун уландысы, – деген идеяларды бириктирген символдук образга айланганын көрүүгө болот.

Автордун көркөм сөз каражатына келсек – тили өтө жандуу, көркөм-табигый тил. Энелик монологдун табигыйлыгы, элдик сөздөрдүн орундуу колдонулушу, лиризм менен реализмдин айкалышы, эмоциянын жасалмасыз берилиши окурманды өзүнө тартып турат. Аңгеме окурманды ыйлатууга аракет кылбайт, бирок окуя табигый чындык аркылуу жүрөккө жетип, каректи качан жаш чайганын окурман сезбей калат. “Сен эмген эмчек” аңгемеси бир караганда эне менен бала жөнүндө жазылган лирикалык аңгеме сыяктуу сезилет. Бирок анын терең катмарында адамдын өмүр жолу тууралуу орчундуу философиялык ой жатат. Бул чыгарма бизге бир чындыкты эскертет. Ал “адам өмүрү төрөлгөн күндөн тартып ажырашуулардан турат”, – деген чындык. Алгач эмчектен ажырайбыз, кийин балалыктан, ата-энеден, жаштыктан, өмүрдөн ажырайбыз. Бирок ошол жоготуулардын ар бири жаңы баскычтын башталышы экени талашсыз чындык.

Зинакан Пасаңованын “Сен эмген эмчек” аңгемесинин күчү анын чоң окуяларды эмес, ар бир үй-бүлөдө болуп келе жаткан жөнөкөй көрүнүштөрдү жалпы адамзаттык мааниге көтөрө алгандыгында. Бул чыгарма энелер тууралуу гана эмес, адамдын эң алгачкы сүйүүсү, эң биринчи коопсуз жайы менен өмүр бою аң-сезиминин түпкүрүндө сакталчу жылуулук – эненин ак сүтү жөнүндө жазылган жүрөк баяны. Анын көркөм наркы да дал ушунда жатат. Бирок бул аңгеме өлүмдү трагедия катары эмес, өмүрдүн мыйзамдуу уландысы катары кабыл алат. Эненин акыркы сапарга урмат-сый менен нарктуу узатылышы кыргыз дүйнөтаанымындагы “жакшы өлүм” концепциясын мыкты ачып көрсөтөт.

“Сен эмген эмчекти” дүйнөлүк адабият менен салыштырып карасак, чыгарманын эң чоң артыкчылыгы – автор адам өмүрүнүн бүтүндөй циклин энелик эмчек образы аркылуу бириктирип бере алгандыгында. Чыгармадагы негизги көркөм чынжыр: бойго бүтүү, толгоо, төрөлүү, ууз сүт, эмчек эмүү, эмчектен чыгуу, чоңоюу, эне болуу, энени жоготуу, акыркы сапарга узатуу, жаңы наристенин жаралышы. Мындай композиция дүйнөлүк адабиятта сейрек кездешет. Адабий айдыңда көптөгөн чыгармалар төрөлүү же өлүү жөнүндө өзүнчө жазылып келет. А Зинакан Пасаңова алардан айырмаланып бул аңгемесинде төрөлүү менен өлүмдү бир бүтүн философиялык айлампага тутумдаштырып салган.

Чыгарманын негизги артыкчылыктарына токтолсок: Биринчи артыкчылыгы – аңгеменин психологиялык чынчылдыгында. Автор энелик сезимди жасалма куру пафоссуз, табигый алкакта реалдуу сүрөттөп берет. Зинакан Пасаңованын чыгармаларында адам тагдыры чоң окуялардын же кескин бурулуштардын алкагында эмес, күнүмдүк турмуштун жөнөкөй көрүнүштөрү аркылуу ачылып жүрүп отурат. Бирок ошол жөнөкөй көрүнүштөрдүн артында өмүрдүн терең философиясы, адамдык сүйүү менен жоготуу, үмүт менен кусалык, эне менен бала, муун менен муундардын байланышы сыяктуу жалпы адамзаттык маселелер жатат. Жазуучунун артыкчылыгы, тасмада көрсөтө албай турган инсандык өзгөчө сезим-туюмдарды жазуу аркылуу жеткире сүрөттөп бере алганында.

Экинчи артыкчылыгы – колдонулган деталдын күчү. Наристенин “Ма?” деген бир эле сөзү аркылуу эмчектен чыгып жаткан наристе бала менен эненин ортосундагы бүтүндөй драманы айкын сүрөттөйт. Наристе бала эмчектен ажырап жатканын акылы менен түшүнбөйт, бирок жүрөгү менен сезет. Автор анын көз карашын түз баяндабайт, эненин байкоосу аркылуу берет. Бир жарым жашар наристе бала көйнөктүн жакасын акырын ачып, эмчек эмбей эле көкүрөккө жүзүн коюп жыттап алат да кайра жаап коёт. Энеси кайра эмип алат деп коркуп кетет. Бул эпизод чыгарманын эмоционалдык туу чокусу деп айтар элек. Бул эпизод аркылуу бала физикалык муктаждыктан руханий муктаждыкка өткөнүн көрүгө болот. Ал эми окурман үчүн бул наристенин чоңоюусунун алгачкы белгиси болуп кабыл алынат.

Үчүнчү артыкчылыгы – символдор системасы. Бойго бүтүү, төрөө, эмчек, ууз, өрүк гүлү, эненин жыты, табыт, баары биригип чыгарманын идеялык өзөгүнө кызмат кылат. Анын идеялык-көркөм күчүн арттырган негизги өзгөчөлүк, автордун адам өмүрүн жаралуу учурунан тартып акыркы сапарына чейин бир бүтүн руханий процесс катары кылдат сүрөттөөсүндө. Анткени бул чыгарманы – адам өмүрүнүн толук айлампасынын көркөм панорамасы, – деп айтсак жаңылышпайбыз. Чыгарма наристенин эне боюна бүткөн күндөрүнөн башталат. Эненин толгоо азабы, наристенин жарык дүйнөгө келүү керемети, ууз сүт менен оозануу, эмчек эмүү аркылуу эне менен баланын ортосундагы ажырагыс байланыш көркөм деталдар аркылуу абдан элестүү ачылып жүрүп отурат. Аңгемеде адам жашоосунун башаты – эненин ак сүтүнөн башталышы бийик символдук деңгээлге көтөрүлгөнүн көрөбүз.

Төртүнчү артыкчылыгы – өмүр философиясы. Чыгарма бир үй-бүлөнүн окуясынан жалпы адамзаттык табийгый мейкиндикке көтөрүлөт. Аңгеме бир гана энелик мээрим тууралуу чыгарма эмес, адам өмүрүнүн толук философиясын камтыган көркөм баян катары кабыл алынат. Анда төрөлүү, бойго бүтүү, чоңоюу, ажырашуу, энелик, карылык, өлүм, акыркы сапарга даярдоо, жалпы эле адам жашоосунун бардык негизги баскычтары бир чакан аңгеменин ичинде органикалык биримдикте абдан чебер, табийгый иерархияда кынапталган. Ушул сапаты менен “Сен эмген эмчек” адам өмүрүнүн баш-аягын бир бүтүн руханий чынжыр аркылуу чырмалыштырган терең гуманисттик чыгарма экенине ынанабыз.

Бешинчи артыкчылыгы – улуттук дүйнөтааным. Эненин акыркы сапарга узатылышы, кошок, керээз, элдик түшүнүктөр чыгармага кыргыз рухун берип турат. Бул бөлүм аңгеменин идеялык масштабын дүйнөлүк алкакка кеңейтип жиберет. Автор үчүн эненин эмчеги жөн гана дене мүчөсү эмес. Ал өмүрдүн башаты, мээримдин булагы, адамдын биринчи мекени катары көрсөтүлөт. Апасынын денесин акыркы сапарга даярдап, майрам сууга алып, жууп жаткан учурду сүрөттөө өтө назик, анан да абдан бийик эстетикалык деңгээлде берилген. Автор турмуштук реализм менен руханий тереңдиктин ортосундагы чекти ювелирдик тактык менен ачып бере алган.

Өзгөчө көңүл бурчу жагдай, чыгармада адам өмүрүнүн башаты болгон эненин эмчеги, эне каза болуп, аялдар кепиндөө алдында, майрам сууга аларда да кайрадан пайда болот. Автор маркум апасынын денесин акыркы сапарга даярдап жаткандагы көрүнүштү эскерүү менен өмүрдүн башталышы менен аягы бир чекитте биригерин башка бир да чыгармада кездешпеген эпизод аркылуу өтө таасирдүү сүрөттөгөн. Кезинде балдарын эмизип чоңойткон эне эми өзүнүн жердеги жашоосун – өзү өмүр бою Кудайдан тилеп алган инсандык нарктуулук менен, кадыр-барк менен, абийир-аброй менен аяктап жатат. Так ушул жерде эненин эмчеги төрөлүүнүн да, эскерүүнүн да, коштошуунун да, адамдык абийирдин бийиктигинин да, нарк-насилдин баалуулугунун да символуна айланат.

Зинакан Пасаңованын “Сен эмген эмчек” аңгемесин энелик сезимдин психологиясын ачуу жагынан чыңгыз Айтматовдун “Саманчынын жолу” чыгармасындагы Толгонайдын образына салыштырсак болот. Өмүр менен өлүмдүн табигый биримдигин көрсөтүү жагынан Лев Толстой менен Габриэль Гарсиа Маркестин эне жөнүндөгү чыгармаларындагы философиялык прозаларына үндөштүгү бар экени да байкалат. Бирок анын эң башкы баалуулугу – ушул темаларды кыргыз аялзатынын көзү, кыргыз эненин жан дүйнөсү аркылуу түйүлдүктөн табытка чейинки жолду оригиналдуу көркөм сүрөттөп бергендигинде. Адамзат жашоосунун тарыхындагы, маданиятындагы, адабиятындагы эң терең, философиялык түшүнүктөрдүн бири болгон өмүр менен өлүмдү табийгий түрдө ассоциациялаштыра алганында.

Мындан тышкары, чыгарманын соңунда каармандын кайрадан боюнда болуп, уулуна “сен бөбөктүү болосуң…” – деп сүйүнчүлөп, жүрөгүндөгү сөздөрүн төгүлүп айткысы келгени өзгөчө мааниге ээ. Бул эпизод аркылуу автор улгаюу, өлүү акыркы чекит эмес экенин, тирүүлүк муундан муунга уланып турарын чебер ачып көрсөтөт. Бир эне кетет, анын ордун башка эне басат. Бир өмүр аяктайт, бирок кайрадан жаңы өмүр башталат. Демек, чыгарманын өзөгүндө өмүрдүн түбөлүк улануусу жөнүндөгү оптимисттик философия жатат. Мына ушул жагынан алганда аңгеме окурманга кайгыны эмес, жашоонун улуулугун, инсандык абийирдин нарктуулугун, адамзат тукумунун үзүлбөс уландысын, эне мээримин даңазалаган чыгарма катары таасир калтырат. Сөзүбүздү жыйынтыктап жатып, мына ушундай сейрек кездешкен классикалык оригиналдуу чыгармаларды жараткан, мен деп төш кагып чыга бербеген провинциялык кыл калемгер – Зинакан Пасаңовага бактылуу узак жашоо, дагы да чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз!

PS: Бул чыгарманы окуган адам руханий азык алат.

Руханий азык берген “Сен эмген эмчек” алгач бул жерде - Адабий Ордо жарыяланды.

Орхан Памук: “Менин Атым Кырмызы” (9)
5/5 - (1 добуш)

(роман)

(Уландысы.  1, 2, 3, 4, 5, 6, 7, 8)

9. Мен Шекүремин

Кара келишкен кызыл ат минип так тереземдин тушунан өтүп баратканда мен эмне үчүн ошол жерде турган элем? Эмне үчүн дал ошол көз ирмемде бир туюм менен терезенин жабуусун ачып, кар баскан анар багынын бутактарынын арасынан аны көргөндө узакка тиктеп калганымды өзүм да так айта албайм.

Албетте, Каранын ошол жактан өтөрүн билчүмүн. Хайрие менен Эстер аркылуу кабарды мен жөнөткөм. Анар багы тарапка карап, дубалына шкаф орнотулган бөлмөгө ошол учурда жалгыз чыгып, сандыктардагы шейшептерди карап жаткам. Ичимден ошондой каалап кеткендиктенби, терезе парданы бүт күчүм менен тартып ачканымда бөлмөгө күндүн нуру төгүлө берди. Терезеге барып токтодум да, күндүн жарыгынан көзүм чагылышкандай болуп, Кара менен көзмө-көз тиктешип калдым. Ал абдан сулуу, келишимдүү көрүнүп турду.

Чоңоюптур, жетилиптир, жаш кездеги олдоксон, тартынчаак кебетесинен арылып, келишимдүү жигит болуп калыптыр.

– Карачы, Шекүре, – деди жүрөгүм мага. – Кара жөн эле сулуу эмес. Анын көздөрүнө кара. Жүрөгү баладай таза, бирок кандай жалгыз. Ага турмушка чык.

Бирок мен ага тескери мазмундагы кат жөнөткөм.

Мен андан он эки жаш кичүү болсом да, он эки жашымда эле өзүмдү андан алда канча көбүрөөк жетилгендей сезчүмүн. Ал кезде ал эркекче тик туруп, «муну жасайм, тигини кылам, бул жерден секирип өтөм, тиги жакка чыгам» дебестен, ар нерседен уялгандай китептер менен сүрөттөрдүн арасына жашынып кетчү.

Кийин мага ашык болуп калды.

Бир сүрөт тартып, сүйүүсүн билдирген.

Экөөбүз тең чоңоюп калганбыз. Мен он экиге чыкканда, Кара менин көзүмө түз карай албай турганын, эгер көздөрүбүз чагылышып калса, анын мага ашык экенин билип коёрумдай коркорун сезчүмүн.

Мисалы:

– Тиги пил сөөгүнөн жасалган саптуу бычакты бере турасыңбы? – дечү.

Бирок өзү бычакты карап туруп алып, кийин башын көтөрүп менин көзүмө карай алчу эмес.

Же мен:

– Алча шербети даамдуубу? – деп сурасам, баарыбыз оозубуз толо тургандагыдай жылмайып, жүзү менен жооп берүүнүн ордуна, кулагы укпаган адам менен сүйлөшкөнсүп:

– Ооба! – деп катуу кыйкырып жиберчү.

Анткени толкундаганынан улам бетиме тик карай алчу эмес.

Ал кезде мен абдан сулуу болчумун. Мени бир жолу болсо да көрүп калган эркектер – алыстанбы, көшөгөнүн, эшиктин же кездемелердин арасынанбы – дароо ашык болуп калышчу.

Муну мактаныш үчүн айтып жаткан жокмун. Окуямды түшүнүп, кайгымды бөлүшсүн деп айтып жатам.

Баары билген Хосров менен Ширин жөнүндөгү уламышта бир учур бар. Кара экөөбүз аны көп талкуулачубуз.

Шапур Хосров менен Ширинди бири-бирине ашык кылууну көздөйт. Бир күнү Ширин нөкөр кыздары менен сейилдеп чыкканда, алар эс алган дарактардын бир бутагына Шапур жашыруун түрдө Хосровдүн сүрөтүн илип коёт.

Ширин ошол ажайып бакчанын дарагында илинип турган келишимдүү Хосровдүн сүрөтүн көрүп, ага ашык болот.

Бул көрүнүштү – сүрөтчүлөр айткандай, бул «мажилисти» – көрсөткөн сүрөттөр өтө көп тартылган. Кара атам менен иштеп жүргөн кезде аларды далай көргөн, ал тургай бир-эки жолу көчүрмөсүн да түшүргөн.

Кийин мага ашык болгондо, ошол сүрөттү өзү үчүн кайра тартыптыр.

Бирок анда Хосров менен Шириндин ордуна өзү менен мени – Кара менен Шекүрени – жайгаштырган.

Эгер сүрөттүн астына жазылган аттары болбогондо, андагы кыз менен жигит биз экенибизди мен гана түшүнмөкмүн. Анткени ал кээде тамашалап мени да, өзүн да дайыма бирдей өңдөгү түстөр менен тартчу: мен көк түстөрдүн ичинде болсом, өзү кызыл түстө көрүнчү.

Бул аз келгенсип, Хосров менен Шириндин аттарынын астына биздин ысымдарыбызды да жазып койгон.

Андан кийин сүрөттү кылмыш кылган адамдай жашырып, бирок мен сөзсүз көрө турган жерге таштап кетип калган.

Сүрөттү кандай караарымды, андан кийин эмне кыларымды сырттан байкап турганын эстейм.

Мен Шириндей болуп ага ашык боло албасымды жакшы билгендиктен, адегенде эч нерсе билдирген жокмун.

Улудагдан алынып келгени айтылган муз менен муздатылган алча шербеттерин ичип салкындаган ошол жайкы күндүн кечинде Кара үйүнө кеткен соң анын мага сүйүүсүн билдиргенин атама айтып бердим.

Ал кезде Кара медресени жаңы бүтүргөн болчу. Шаардын чет жактарындагы медреселерде мударрис болуп иштеп жүрчү жана көбүнчө өз каалоосу эмес, атамдын түрткүсү менен таасирдүү жана кадырлуу Наим пашанын кызматына кирүүгө аракет кылып жаткан.

Атамдын ою боюнча, анын акылы толук быша элек эле.

Ошол кечте атам бизди айтып:

– Көрсө, жарды жээнимдин көздөгөнү мындан да бийик жактар экен, – деген.

Андан соң апамды тоготпой:

– Көрсө, ойлогонубуздан да акылдуу экен, – деп кошумчалаган.

Андан кийинки күндөрү атам эмне кылганы, мен Карадан кантип алыстаганым, адегенде биздин үйдөн, анан бүтүндөй көчөбүздөн анын жолу кантип үзүлгөнүн бүт кайгы менен эстейм.

Бирок силерге айтып бергим келбейт.

Атамды да, мени да жактырбай каласыңар деп корком.

Ишенип койгула, башка аргабыз жок эле.

Үмүтсүз сүйүү өзүнүн үмүтсүз экенин түшүнөт. Токтоно албаган жүрөк дүйнөнүн кандай экенин аңдайт. Ошондой учурларда акылдуу адамдар адатта:

– Бизди бири-бирибизге ылайык көрүшпөдү, – деп гана кыскача айтып коюшат.

Биздин окуя да так ошондой болгон.

Апамдын бир нече жолу:

– Жок дегенде баланын жүрөгүн сындырбагылачы, – дегенин эстейм.

Апам «бала» деп атаган Кара жыйырма төрт жашта болчу, мен болсо анын жарым жашындагы кыз элем.

Балким, атам Каранын сүйүүсүн ашкере текебердик катары кабыл алгандыктан, апамдын сөзүн атайылап укпай койгондур.

Ал Стамбулдан кетип калды деген кабарды укканда, аны таптакыр унутпасак да, жүрөгүбүздөн чыгарып салган элек.

Кийин көп жылдар бою анын кайсы шаарда жүргөнүнөн да кабар албай калдык. Ошондуктан анын мага тартуулаган сүрөтүн балалык күндөрүбүздүн жана балалык достугубуздун эстелиги катары сактап жүргөнүм туура деп ойлочумун.

Адегенде атам, кийин жоокер күйөөм ошол сүрөттү таап алып кызганбасын деп, анын астындагы «Шекүрө» жана «Кара» деген жазуулардын үстүн атамдын Хасан паша сыясы тамчылап кеткендей кылып, ал тамчылардан гүлдөр өсүп чыккансып чебердик менен жаап койгом.

Бүгүн ошол сүрөттү кайра өзүнө жөнөткөнүмө карабай, араңарда менин терезеге чыгып калганымды өзүмө каршы жоругусу келгендер болсо, балким, бир аз уялышар, балким, бир аз ойлонушар.

Он эки жылдан кийин аны капысынан көрүп калган соң мен терезенин алдында дагы бир топко чейин туруп калдым.

Кечки күндүн кызгылт нурларына бөлөнгөн бакча акырындык менен кызыл-сары түскө боёлуп жатканын үшүгөнгө чейин суктанып карап турдум.

Шамал да жок эле.

Ошол учурда көчөдөн бирөө өтүп баратып мени көрсө эмне дейт, же атам ачык терезеде турганымды байкап калса эмне болот – мага баары бир болчу.

Же Кара аты менен кайра келип, алдымдан дагы бир жолу өтүп кетсе дагы.

Зивер пашанын кыздарынын ичинен дайыма күлүп-жайнап жүргөн, бирок эң күтүлбөгөн учурда эң таң каларлык сөздөрдү айткан Месруре бир жолу мага:

– Адам өзү да эч качан эмне ойлоп жатканын толук биле албайт, – деген эле.

Мен болсо мындай деп ойлойм:

Кээде бир нерсе айтам да, аны мурда эле ойлоп жүргөнүмдү ошол учурда гана түшүнөм. Ал эми түшүнөр замат анын тескерисин ишенимдүү түрдө ойлоп калганымды байкайм.

Атам үйгө чакырып турган сүрөтчүлөрдүн баарын жашыруун аңдыганымды силерден жашырбайм.

Алардын арасындагы байкуш Зариф эфендинин күйөөм сыяктуу дайынсыз болуп кеткени мени кейитти.

Алардын ичинен эң жакыр жана жан-дүйнөсү да эң көрксүз ошол эле.

Жапкычты жаап, бөлмөдөн чыктым да, ашканага түштүм.

– Апа, Шевкет сизди уккан жок, – деди Орхан. – Кара атын сарайдан чыгарып жатканда, ашканадан чыгып, тешиктен карап турган.

– Анан эмне болуптур! – деди Шевкет колундагы жыгач кашыгы менен. – Апам өзү да шкафтын ичиндеги тешиктен карап турган.

– Хайрие, – дедим. – Кечинде буларга бадам кошулган таттуу нан кууруп бер.

Орхан кубанганынан секирип кетти. Шевкет болсо үн каткан жок.

Үстүңкү кабатка чыгып баратсам экөө тең кыйкырышып артымдан чуркап келишти. Бирин-бири түртүп, күлүп-жайнап жанымдан өтүп кетишти.

– Жайыраак, жайыраак! – дедим мен да күлүп. – Эси жоктор!

Анан алардын назик жондоруна жеңил гана муштум менен таптап койдум.

Балдар менен бирге кечке маал үйдө болуу кандай сонун!

Атам болсо тынч гана китебине баш-оту менен кирип кеткен экен.

– Коногуңуз кетти, – дедим. – Сизди тажаткан жокпу деп үмүттөнөм.

– Жок, – деди ал. – Мени көңүлүмдү кушубак кылды. Илгеркидей эле таякесине сый мамиле кылат экен.

– Жакшы экен.

– Бирок сак жана эсепчил болуп калыптыр.

Муну ал менин пикиримди билиш үчүн эмес, Караны бир аз кемсинткендей маанайда айтып, сөздү жыйынтыктагысы келгендиктен айтты.

Башка учурда болсо мен дароо эле курч сөз менен жооп кайтармакмын.

Бул жолу болсо ак боз атын минип алыстап бараткан ошол жигитти ойлоп, денем титиреп кетти.

Кийин кандай болгонун өзүм да билбейм, Орхан уулум экөөбүз дубалына шкаф орнотулган бөлмөдө бири-бирибизди кучактап калыптырбыз.

Шевкет да жаныбызга келди.

Адегенде экөө түртүшүп жатышкандай сезилди, урушуп кетишет го деп ойлогом. Бирок бир маалда үчөөбүз тең дивандын үстүнө кулап түшүптүрбүз.

Күчүктөрдөй кылып экөөнү эркелеттим.

Баштарынын артынан, чачтарынан өптүм.

Көкүрөгүмө кысып жыттадым.

Алардын салмагын төшүмдүн үстүнөн сездим.

– Ммм, – дедим. – Чачтарыңар жыттанып калыптыр. Эртең Хайрие менен мончого барасыңар.

– Мен эми Хайрие менен мончого баргым келбейт, – деди Шевкет.

– Сен ушунчалык чоңоюп кеттиңби? – дедим.

– Апа, эмнеге ушул кооз кочкул кызгылт көйнөгүңүздү кийдиңиз? – деди ал.

Мен ички бөлмөгө кирип, кочкул кызгылт көйнөгүмдү чечтим.

Ордуна дайыма кийип жүргөн өңү өчкөн жашыл көйнөктү кийдим.

Кийинип жатып үшүгөндөй болдум, бирок денемдин оттой ысык экенин, андан да маанилүүсү – жашоого толгон тирүүлүгүн сезип турдум.

Бетиме бир аз эндик сүйкөлгөн. Балдар менен ойноп жатканда ал сүрүлүп кетсе керек. Мен аны алаканым менен жұзүмө жайып жибердим.

Билесиңерби, туугандарым да, мончодо көргөн аялдар да, мени көргөндөрдүн баары мени «эки балалуу жыйырма төрт жаштагы аял эмес, он алты жаштагы жаш кыздай көрүнөсүң» дешет.

Ошого ишенишиңерди каалайм.

Силер да ишенгиле.

Түшүндүңөрбү?

Болбосо мындан ары эч нерсе айтып бербейм.

Менин силер менен түз сүйлөшүп жатканыма таң калбагыла.

Көп жылдан бери атамдын китептериндеги сүрөттөрдү карап келем. Алардын арасынан дайыма аялдарды, сулууларды издейм.

Алар сейрек кездешет.

Жана дайыма уялчаак болушат.

Көздөрүн ылдый салышат же бири-бирин гана карашат.

Эркектердей, жоокерлердей же падышалардай болуп башын көтөрүп, дүйнөгө түз караган аялдарды эч качан көргөн эмесмин.

Бирок шашылыш тартылган арзан китептерде сүрөтчүнүн этиятсыздыгынан улам кээ бир аялдардын көздөрү жерге эмес, сүрөттүн ичиндеги башка нерсеге эмес, түз эле окурманды карап калат.

Алар кимди карап турушат болду экен?

Муну дайыма ойлоном.

Тээ Аксак Темир дооруна таандык эки жүз жылдык китептерди, каапырлар алтын төлөп өз өлкөлөрүнө алып кетишчү томдорду эстегенде селт этип кетем. Балким, менин ушул баянымды да бир күнү алыскы замандардан жана алыскы жерлерден бирөө окуйт чыгар.

Китептерге кирип калууну эңсөө деген ушул эмеспи?

Падышалар менен вазирлер дал ушул сезим үчүн өздөрү жөнүндө китеп жазгандарга кап-кап алтын берип жүрүшпөйбү?

Ушул ой жан дүйнөмдү толкуткан сайын, мен да китептин ичиндеги жашоону да, сыртындагы дүйнөнү да бирдей көрүп турган сулуу аялдардай болуп, мени ким билет, кайсы доордон жана кайсы жерден карап турган силер менен сүйлөшкүм келет.

Мен сулуумун.

Мен акылдуумун.

Мени карап турганыңар да мага жагат.

Кээде бир-эки калп айтып койсом, бул силер мен жөнүндө туура эмес ойдо калбагыла дегеним.

Балким байкаган чыгарсыңар: атам мени абдан жакшы көрөт.

Менден мурда анын үч уулу болгон. Бирок Аллах алардын жанын биринин артынан бирин алып кетип, жалгыз мен калган экенмин.

Атам мени көзүнүн карегиндей сактайт.

Бирок мен анын тандаган адамына эмес, өзүм сүйүп калган бир сыпайчыга  турмушка чыккам.

Атам каалаган күйөө бир эле учурда эң чоң аалым, өнөр менен сүрөттү түшүнгөн, бийлиги бар жана Карынбайдай бай болушу керек эле.

Андай адам анын китептеринде да жок болгондуктан, мен өмүр бою үйдө күтүп отуруп калмакмын.

Күйөөмдүн сулуулугу эл оозунда аңыз болчу.

Мен өзүм да ортомчулар аркылуу кабар жөнөтүп, бир күнү мончодон кайтып келатканымда атайылап алдымдан чыкканына жетишкем.

Аны көргөндө көздөрүнөн от чачырап тургандай сезилген.

Ошол замат ашык болуп калгам.

Ал ак жуумал, жашыл көздүү сулуу жигит эле.

Колдору күчтүү болчу.

Бирок ошол эле учурда уктап жаткан баладай бейкүнөө жана жоош көрүнчү.

Балким бардык күчүн согуш майданында сарптагандыктанбы, мага анда кандын жыты билинер-билинбес сезилчү.

Ал эми үйдө болсо момдой жумшак жана тынч адам эле.

Атам аны башында жактырган эмес. Анткени ал кедей жоокер эле. Бирок мен «ага тийбесем жанымдан кечем» дегенден кийин гана атам макул болуп, мени ошого узаткан. Кийин ал согуштан согушка чапкылап, эрдиктин далай үлгүсүн көрсөтүп, он миң акчалык жер менен мүлктүн ээси болуп калды. Ошондон улам элдин баары бизге суктанчу, атүгүл көрө албагандар да көп эле.

Төрт жыл мурда Сефевилер менен болгон согуштан кайтып келген аскерлердин катарында анын жок экенине башында анча маани берген эмесмин. Анткени ал улам согуштарга катышкан сайын тажрыйбасы артып, өз алдынча иш жүргүзүп, мурдагыдан да чоң олжо алып келип, чоңураак жер менен мүлккө ээ болуп, көбүрөөк жаш жоокерлерди тарбиялап жүргөн. Аскерлердин негизги кошуунунан бөлүнүп чыгып, өз кишилери менен тоолорду көздөй кеткенин көргөнбүз деген күбөлөр да болгон.

Адегенде дайыма «мына, эми келет» деп күтчүмүн. Бирок эки жылдын ичинде акырындап анын жоктугуна көнүп калдым. Стамбулда мен сыяктуу күйөөсү дайынсыз кеткен жоокерлердин аялдары канчалык көп экенин көргөндөн кийин өз тагдырыма да моюн сундум.

Түнкүсүн балдарым менен кучакташып жатып алып ыйлачубуз. Алар ыйлабасын деп кээде калп айтып коёр элем. Маселен, «баланчадан уктум, далили бар экен, атаңар жаз келгиче кайтып келет экен» дечүмүн. Кийин ошол жалган сөзүм балдардын оозунан чыгып, башкалардын кулагына жетип, ар кимдин кошумчасы менен кайра мага «сүйүнчү кабар» болуп кайтып келгенде ага эң биринчи өзүм ишенип калчумун.

Биз күйөөмдүн дүйнө көрө элек болсо да ак көңүл, асылзаада мүнөздүү абхаз атасы жана өзү сыяктуу жашыл көздүү иниси менен Чаршыкапыдагы ижара үйдө жашачубуз. Күйөөм дайынсыз жоголгондон кийин үйдүн түйшүгү күчөдү.

Кайнатамдын улуу баласы согуштарда жүрүп байып кеткенден кийин таштап койгон күзгү жасоочулук кесибине ошол карыган курагында кайра кайтууга аргасыз болду. Күйөөмдүн бажыканада иштеген бойдок иниси Хасан болсо үйгө алып келген акчасы көбөйгөн сайын өзүн үйдүн ээси катары сезип, эркектаналыгын көрсөтө баштады.

Үй иштерин аткарып жүргөн күң кызды бир кышта ижара акысын төлөй албай калабыз деп коркуп, шашылыш түрдө кул базарына алып барып сатып жиберишти. Анан анын ордуна ашкана иштерин аткарууну, кир жууганды, керек болсо базарга барып соода-сатык кылууну менден талап кыла башташты.

«Мен ушундай жумуштарды кылчу аял белем?» – деп айткан жокмун. Жүрөгүмдү бекемдеп, баарын аткардым. Бирок түнкүсүн бөлмөсүнө ала турган күңү калбай калган кайним Хасан эшигимди каккылай баштаганда эмне кыларымды билбей калдым.

Албетте, дароо эле атамдын үйүнө кайтып кетсем болмок. Бирок казынын мыйзамы боюнча күйөөм тирүү деп эсептелгендиктен, аларды ачуулантып алсам, мени балдарым менен кошо күчтөп кайра кайнатамдын үйүнө алып барып коюшмак. Болгондо да ошол учурда мени да, мени өз үйүндө кармап турган атамды да жазалап, эл алдында басынтышы мүмкүн эле.

Чынын айтсам, күйөөмө караганда адамгерчиликтүүрөөк жана акылга сыярлык деп эсептеген, анын үстүнө мага катуу ашык экенин жакшы билгенимден Хасан менен жакындашып кетишим да мүмкүн болчу. Бирок мындай кадамды ойлонбой жасап койсом, акыры анын мыйзамдуу аялы эмес, Кудай сактасын, күңү болуп калмакмын.

Анткени алар мен мурастан өз үлүшүмдү талап кылып калабы, же бир күнү аларды таштап, балдарымды алып атамдын үйүнө кайтып кетеби деп коркушкандыктан, күйөөмдү казынын алдында өлдү деп таанууга өздөрү да эч качан макул болушкан эмес.

Күйөөм мыйзам боюнча өлгөн деп эсептелбесе, мен Хасанга турмушка чыга алмак эмесмин. Ошол эле учурда башка бирөөгө да турмушка чыгууга укугум жок эле. Мына ушул жагдай мени ошол үйгө жана ошол никеге байлап тургандыктан, күйөөмдүн «дайынсыз» болуп жүргөнү, бүтпөгөн белгисиз абал алардын кызыкчылыгына көбүрөөк туура келчү.

Анткени унутпагыла: алардын үйүндөгү бардык иштерди мен аткарып жаттым – тамагын жасап, кирин жууп, үйдүн түйшүгүн көтөрүп жүрдүм. Ал эми алардын бирөө болсо мага акылынан адашкандай ашык болуп калган.

Кайнатам менен Хасан үчүн эң ылайыктуу чечим – менин Хасанга турмушка чыгышым эле. Бирок бул үчүн адегенде күбөлөрдү таап, андан кийин казыны ишендириш керек болчу. Ошондо дайынсыз кеткен күйөөмдүн эң жакын адамдары – атасы менен бир тууганы да макулдук берип жатышкан соң, аны өлдү деп эсептөөгө каршы чыга турган эч ким калмак эмес. Казы дагы: «Биз бул кишинин согушта курман болгонун өз көзүбүз менен көргөнбүз», – деп жалган көрсөтмө бергендерге анча-мынча акча үчүн ишенгендей көрүнмөк.

Эң чоң маселе – жесир калгандан кийин бул үйдөн кетпей турганыма, мурас үлүшүмдү же кайра турмушка чыгыш үчүн акча талап кылбай турганыма, эң башкысы, өз каалоом менен Хасанга турмушка чыгарыма аны ишендириш эле. Ошол үчүн ага ишеним берүү максатында Хасан менен жакындашуум керек экенин да түшүнгөм. Бирок бул кадамды ажырашып кетиш үчүн эмес, аны чындап сүйгөнүмдү ишендире тургандай кылып жасашым керек болчу.

Кааласам, Хасанды сүйүп да калышым мүмкүн эле. Ал дайынсыз кеткен күйөөмдөн сегиз жаш кичүү болчу. Күйөөм үйдө жүргөндө Хасанды инимдей көрчүмүн, балким ошол сезим мени ага жакындаткандыр. Анын жөнөкөй, бирок жалындуу мүнөзүн, балдарым менен ойногонду жакшы көрөрүн, кээде мага суусап өлүп бараткан адам муздак алча шербетине карагандай үмүт жана кусалык менен караганын жактырчумун.

Бирок мени кир жуудуруп, кул-күңдөрдүн жумушундай базар кыдыртып, үйдүн бардык оор иштерин жасаткан адамды сүйүп калыш үчүн өзүмдү аябай зордошум керек экенин да жакшы билчүмүн.

Атамдын үйүнө кайра-кайра келип, казан-аякты карап олтуруп кечке ыйлаган күндөрүмдө жана түнкүсүн балдарым менен бири-бирибизге жөлөк болуп кучакташып уктаган учурларда Хасан мага мындай мүмкүнчүлүк берген жок. Менин да аны сүйүп калышым мүмкүн экенине, экөөбүздүн баш кошуубузга алып келе турган жалгыз жол ушул экенине өзү ишенген эмес. Өзүнө болгон ишеними жетишсиз болгондуктан, адепсиздикке барды.

Бир-эки жолу мени бурчка такап, өпкүлөп, кармалай баштады. Күйөөм эч качан кайтып келбей турганын айтып коркутту. Атүгүл мени өлтүрөм деп да үрөй учурган сөздөрдү айтты. Кээде баладай болуп ыйлап жиберчү. Өзүнүн шашмалыгы, сабырсыздыгы менен уламыштарда айтылган чыныгы жана асыл сүйүүгө убакыт бербей койгондуктан, мен анын аялы боло албасымды түшүндүм.

Бир түнү балдарым менен жаткан бөлмөнүн эшигин күч менен ачууга аракет кылганда дароо ордумдан турдум. Балдардын коркуп кеткенине карабай үнүмдүн болушунча кыйкырып, үйгө жин-перилер кирип кеткенин айттым. Кайнатамды ойготтум. Кумары башынан тарай элек Хасанды өз атасына ашкереледим.

Менин түшүнүксүз өкүрүктөрүмдүн жана жиндер жөнүндө айткан сөздөрүмдүн арасында акылдуу карыя чыныгы абалды түшүндү: уулу мас экенин жана экинчи уулунун эки балалуу аялына адепсиз мамиле кылганын уялып аңдады.

Мен таң атканча уктабай турганымды, жиндерден сактаныш үчүн уулдарым менен эшиктин алдында күзөтүп отурарымды айтканымда каршы болгон жок. Эртең менен ооруп жаткан атамды караш үчүн балдарымды алып атамдын үйүнө узак убакытка кетеримди жарыялаганымда жеңилгенин мойнуна алды.

Күйөөм согуштардан олжо катары мага ала келген, бирок эч качан сатпаган буюмдардын айрымдарын: Мажарстандан келген коңгуроолуу саатты, эң азоо араб аргымагынын тарамышынан жасалган камчыны, балдарым согуш оюндарын ойногондо таштарын колдонушчу Тебризде жасалган пил сөөгүнөн жасалган шахмат топтомун жана Нахичеван согушунан олжо болуп келген күмүш шам кармагычтарды да ала кеттим. Булардын баарын никелүү турмушумдун эстелиги катары атамдын үйүнө алып келдим.

Дайынсыз кеткен күйөөмдүн үйүн таштап кетишим, күткөнүмдөй эле, Хасандын мага болгон жабышчаак жана сый-урматсыз сүйүүсүн аргасыз болсо да кадырлуу, азаптуу сүйүүгө айлантты. Атасы өзүн колдобой турганын түшүнгөн соң ал мени коркутканын токтотуп, бурчтарында куштардын, көзүнө жаш алган арстандардын жана муңайым кийиктердин сүрөттөрү тартылган сүйүү каттарын жөнөтө баштады.

Эгер ал каттарды акын жана сүрөтчү сымак бир досу жазып, кооздоп бербесе, анда мен Хасан менен бир үйдө жашап жүргөндө байкабай калган кандай бай кыял дүйнөсү бар экенин түшүндүрүш кыйын болмок. Акыркы убакта ошол каттарды кайра-кайра окуп жүргөнүмдү силерден жашырбайм.

Акыркы каттарында Хасан мени үй иштерине кул кылбай турганын, анткени эми жакшы акча таап жатканын жазган. Анын сылык, жумшак жана тамашакөй тили, балдардын бүтпөгөн уруш-талаштары менен каалоолору жана атамдын даттануулары башымды казандай кайнаткандыктан, тереземдин жапкычын дүйнөгө бир жолу болсо да «оох» деп дем чыгаргандай ачып жибергем.

Хайрие кечки дасторконду даярдай электе атама Арабиядан келген эң жакшы курма гүлүнөн жылуу кофе жасап бердим. Ага бир кашык бал кошуп, бир аз лимон ширеси менен аралаштырдым да, акырын гана жанына кирдим. Ал «Китаб-ур Рухту» окуп отурган. Каалаганындай, өзүмдү таптакыр билдирбей, көлөкөдөй болуп барып алдына койдум.

Ошондо ал ушунчалык алсыз, ушунчалык муңдуу үн менен:

– Кар жаап жатабы? – деп сурады.

Ошол замат байкуш атамдын өмүрүндө көрө турган акыркы кары ушул экенин жүрөгүм менен сездим.

Орхан Памук: “Менин Атым Кырмызы” (9) алгач бул жерде - Адабий Ордо жарыяланды.

Ясунари Кавабата: “Көлчүктөгү ай”
5/5 - (1 добуш)

(аңгеме)

Кёконун оюна оорукчан күйөөсүнө бакчаны кол күзгүдөн көрсөтүү амалы келбеспи. Экинчи кабатта төшөктө жаткан оорукчан күйөөсүнө жашоого болгон жаңыча кызыгуусун ушул кол күзгү гана ойготту бейм. Бирок мындан башка да иштер болуп кетти.

Кол күзгү Кёко турмушка чыкканда себине берилген тыттан жасалган чакан үстөл менен кошо келген; күзгүнүн алкагы менен туткасы да тыттан жасалган. Турмушка чыккан алгачкы күндөрү желке чачын ушул кол күзгү менен караганы колун өйдө көтөрсө, кимононун далбагай жеңи чыканакка дейре түшүп жылаңачтана түшкөндөн улам күйөөсүнөн бети кызара уялаганы күнү-күнкүдөй эсинде.

Жуунган соң күйөөсү: «Келе бери, мен кармап турайын. Кандай копол немесиң!» деп күзгүнү колунан алып, желке тушуна тияк-бияктан буруп тосуп калар эле. Ага кээде мындан күйөөсү ыракат алып жаткандай туюлчу; балким күзгүдөн менин ажарым ага башкача сулуу көрүнөр? Кёко копол деле жан эмес, болгону күйөөсү артынан карап турса, өзүнчө уйгу-туйгуга түшүп денеси катып калчу.

Үстөл тартмасында жаткан кол күзгүнүн тыттан жасалган туткасынын өңү өзгөрүп кеткидей деле мезгил алмашпады. Бирок ушул кыска мезгилде көп кесепет окуялар баштан өттү: согуш, эвакуация, кийин күйөөсүнө оор илдет жармашты. Кёко ага бакты көрсөтүш үчүн күзгүнү тартмадан сууруп алса, чаң баскан күзгүнүн өңү бозоруп, алкагына упанын тактары жүрөт. Бирок күзгү колдонушка жарайт, ошого Кёко буга анча деле кейибеди. Төшөктөн турбай жаткан кыларга иши жок күйөөсү күзгүнү такай баш жагына коюп, таптаза сүртүп чыгыптыр. Жаркырай түшкөн күзгү бетин күйөөсү оозу менен үйлөп тазалап жатканын бир нече ирет байкап калып, алкактын көзгө илинбес майда жаракаларына кургак учуктун таякчалары кирип калбайбы деп кыжаалат болуп жүрдү. Кээде анын чачын камелия майын сүйкөп тарап берип жатып, алаканын чачын сылап майлап, ошону менен күзгүнүн алкагын сүртүп тазалап коёт. Кир үстөлдүн өңү бозоруп турат да, күзгүнүн өзү жаркырай түшкөн.

Оорукчан күйөөсү кыш кирип келгенде кайтыш болду. Экинчи ирет турмушка чыкканда, себине келген үстөлдү ала кетти. Ал эми, күйөөсүнүн табытына кошо салынган кол күзгү күйүп жок болду (Жапондордо сөөктү жайга койбойт, өрттөп жиберет – котормочудан). Кийин чекесине кеште түшүрүлгөн жаңы күзгү сатып алды. Экинчи күйөөсүнө бул тууралуу айтпады.

Биринчи күйөөсү үзүлүп кеткенде, колдорун түзөп, манжаларын кайчылаштырып, табытка салышты, Кёко күзгүнү колуна карматып коюшка үлгүрбөй калды. Күзгүнү көкүрөк тушка койгону жатып, кайра курсак тарапка ылдый жылдырды да:

– Көкүрөк дарты акыры сени алып тынды, кымбатым. Дарт чырмаган көкүрөгүңө ушул да оордук кылбасын, – деп өзүнчө анын жансыз жүзүнө карап шыбырады.

Жубайлардын моокум канбаган аз күндүк жан шерик өмүрүндө бул күзгүнүн өзгөчө орду бар деп ойлогон Кёко күзгүнү алгач жүрөк тушуна коюп, кайра ылдый жылдырып койгону да ошондон. Кайын журту бул тууралуу билишин каалабастан, күзгү үстүнө дароо хризантема гүлүн төшөй салды. Сөөк өрттөлгөн соң, күлүн чогултуп жаткан киши чоктон майышып эриген күзгүнү байкап калып:

– Ой! Бул жакка айнек кайдан түшүп калган?! – деп кыйкырып жиберген имиш.

Негизи табытка Кёко бири-бирине кабаттап эки күзгү салган. Экинчиси сапарда жүргөндө колдончу күзгү эле. Эки жагынан тең каранууга боло турган кичинекей иймек кузгу. Кёко муну бал айында саякаттап жүргөндө колдоном деп табериктей сактап жүргөн.

Согуштун кесепетинен саякат да болбой калды. Биринчи күйөөсү менен жашап жүргөндө муну бир да колдонбоду.

Экинчи ирет турмушка чыкканда жубайлар бал айына саякатка чыгышты. Жасанма жабдыктар салынган эски кутучасы колдонулбай жата берип көктөп кетиптир, күзгүсү менен жаңы кутуча сатып алышка туура келди.

Саякаттын алгачкы күнү жаңы күйөөсү Кёконун колун кармап:

– Дале кыздай жапжаш бойдонсун, карегим.

Анын сөзүнөн эч кандай какшык туюлбады, тескерисинче буга жаны эргий түштү. Экинчи күйөөсүнүн алдында Кёко кыздай жапжаш бойдон турганы жакшыбы же жаманбы, аны биле албай, бирок бул айтылган сөз бир жагынан көкүрөгүнө тикенектей сайылды. Бир башкача кусалуу ойдон улам деми кысылып, көзүнөн мөлт-мөлт жаш тамды, анан турган жеринде шүмүрөйүп бүлк-бүлк ыйлады. Муну байкаган күйөөсү аны дале кыздай сезими бойдон деп ойлоп жаткан шекил.

Кёко өзүнчө ыйлап жатабы, же ыраматылык күйөөсүн эстеп жашып кеттиби, аңдай албады. Дилинде анын өлгөнүнө ишене албаган жаны дале аны жокко санабайт. Бир аздан соң эгер бул ички даргөйүн экинчи күйөөсү байкап калса, ага жага бербешин сезип, анын көңүлүн жубаткысы келди:

– Коюңузчу, мени ким кыз демек эле, – деп айта салып, өзүн оңтойсуз сезип жерге кирип кетчүдөй уялды. Бирок күйөөсү буга ыраазы боло түштү шекил.

– Сен төрөгөн эмессиң да?

Муну укканда, Кёконун жүрөгү дагы сыгылды. Мурунку оорукчан күйөөсүндөй алсыз эмес, кара күчкө өгүздөй толуп турган экинчи күйөөсүнүн алдында өзүн төмөн сезип жаман акыбалда калды. Күйөөсүн кагып жибере жаздап, кайра жай гана:

– Бала карап жүргөнүм ошол да, – деп айта салып, кайра тып басылды. Көпкө ооруган күйөөсү өлгөн соң, Кёконун эсине ыраматылык анын жаш баладай элеси сакталып калган.

Тооруган өлүм эртели-кеч келерине көзү жетип турса да, эмнеге буга баш ийгиси келбей, ага болгон ички тунук сезимдерин тыйып жүрдү экен, аттиң?

– Билесиңби, Морини [1] поезддин терезесинен гана көрүп калдым, – күйөөсү Кёконун туулуп-өскөн жери тууралуу кеп баштап, аны кучактады. – Ажайып шаарча окшойт, чынында токой ичинде жайгашыптыр. Ал жакта көпкө жашадың беле?

– Мектепти бүткөнгө дейре. Андан соң Сандзёдогу аскердик заводго ишке орноштум.

– Сандзёдогу? «Сандзёдогу Этиго аймагынан чыккан атагы далайга кеткен сулуулар» деп айтып калышат эмеспи. Көрсө, ошондон улам сулуумун дебейсиңби, жаным?

– Коюңузчу, – деди Кёко колун жакасына алып. – Сулуу деле эмесмин.

– Колдору назик жумшак, басканы маралдай, бүт мүчөсү келишкен сулуум менин.

– Жок, – Кёко көкүрөгүнө алган колунан улам өзүн дагы оңтойсуз сезгендиктен, кайра колун түшүрдү. – Андай эмес.

– Мен сага балаң болгон күндө деле үйлөнсөм керек. Өз баламдай кастарлап карамакмын. Кыз болсо, андан сонун болмок, – күйөөсү анын кулагына шыбырады.

Өзүндө мурунку никесинен бир уулу бар, ошого ушинтип айтты окшойт, бирок Кёкого сүйүүнүн мындай шапкыты таң калыштуу туюлду. Мүмкүн уулун жалгыз калтырып, он күндүк саякатка кетип баратып уулун ойлоп ичи эңшерилип жаткандыр.

Күйөөсүндө сапарда ала жүрчү буюм-тайымдар салынган көзгө сындуу булгаары кутуча. Сапарга көп чыккандан уламбы, же кутучасын сүртүп-тазалап тургандыктанбы, айтор, жаркырап турат. Кёко майда буюм-тайымдары салынган кутучасы колдонбой жата берип үстү көктөп кеткенин эстеди. Анын күзгүсү гана оорукчан күйөөсүнүн керегине жарап, кийин аны менен бирге табытта кете берди.

Өрттөлгөн сөөктүн күлүнөн чыккан эриген айнек бири-бирине чапталышкан күзгүлөр экенин Кёкодон башка жан билбейт, Кёко бул тууралуу эч кимге ооз ачпагандыктан, алардын күзгү экени баарына табышмак бойдон калды.

Табытта өрттөлгөн күзгүлөр өздөрү менен кошо алардын ичинде чагылып турган сансыз дүйнөнү кошо ала кетишти деген ой Кёкодо көпкө жашап, бул Кёко үчүн күйөөсүн жоготкон менен барабар азап болду.

Күйөөсүнө бакчаны көрсөткөнү алгач үстөлгө орнотулган чоң күзгүнү алып келген, бирок бул күзгү оорукчан адамга оордук кылды окшойт, Кёко анын талыган колдорун, уюган далысын укалап беришке туура келди. Кийин кармаганга жеңил деп ушул күзгүнү колуна карматкан.

Күйөөсү бечара өлгөнгө дейре күзгү ичинен көрүнгөн дүйнөгө куштарлыгы артып жашады. Күзгүдөн көрүнгөн бир гана бакча эмес. Көкмөк асман, аппак кар, нөшөр, алыскы тоолор, жакынкы токой. Жана да ай. Талаада жайнаган гүлдөр, учуп баратышкан куштар. Күзгү ичинен чагылган жолдо бараткан адамдар, күзгү ичиндеги бакчада ойногон балдардын чуру-чуусу.

Кичинекей күзгү ичинен чагылган кең дүйнөгө Кёко өзү да тан берген. Бири каш-көздү боёнгону караган, экинчиси бети-башты каранган күзгүлөр болгону. Бирок төшөктө жаткан бейтапка алар жаңы жашоо менен табиятты ачып берет деп ким ойлоптур. Кёко күйөөсүнүн баш жагына олтуруп, аны менен кошо күзгү ичин тиктеп, күзгү ичиндеги ааламга саресеп салып калар эле. Кийин Кёко чыныгы дүйнөнү күзгү ичиндеги дүйнөдөн бөлбөй калды. Ошондон бери ал үчүн эки дүйнө айкалышып бир жашайт да, күзгү ичинен чагылган дүйнө ага бир топ чындыкка жакынырак туюлат.

– Карачы, күзгүдөгү асман күмүштөй жаркырайт. Күзгү бетин жаркырата сүртүп чыккандайсың, – деди Кёко.

Керебетте жаткан бейтап күйөөсү башын бурса, асмандын үзүктөй бөлүгү көрүнөт.

– Билесиңби, адамдын көзү, иттин көзү, карганын көзү асманды ар башка түстө көрөт. Кызык, кимиси асмандын чыныгы түсүн көрөт болду экен?

– Күзгүдөнбү? Асмандын көзү… Ий, жок… Күзгүнүн көзү мененби? – Кёко «биздин сүйүүбүздүн көзү менен» деген сөздү эргип айткысы келди. Күзгүдөн көрүнгөн бактын өңү кадимки өңүнөн жашылырак, гүлдөрдүн өңү чыныгы өңүнөн ачыгырак көрүнгөнү кызык.

– Карасаң, Кёко, баш бармагыңдын изи күзгүгө түшүп калыптыр. Оң колундун… – Күйөөсү күзгүнүн четин көрсөттү.

Кёко күзгүнү деми менен үйлөп, андан соң бармак изин аарчыды. Анда күйөөсү:

– Жөн кой. Кереги жок. Баягыда, сен мага бакчаны алгач көрсөткөн кезде да сенин манжа издериң байкагам.

– А мен байкабапмын.

– Албетте байкаган эмессиң. А мен болсо сенин күзгүдө калган бармак жана сөөмөй изиңдин майда-чүйдөсүнө дейре карап чыктым. Мен ойлойм, төшөктөн тура албай жаткан адам гана аялынын бармак издерин жаттап калат болуш керек.

Алар баш кошкону, күйөөсүнүн жаны оорудан арылбады. Алтургай күйөөсү майданга да барган жок. Согуштун бүтүшүнө аз калганда аскерге чакырык кагазы келип, согуштук аймакта бир нече күн жер казып иштеген соң ооруп жыгылып, үйгө жөнөтүлгөн.

Тоолуу өрөөндөн кенедей үйдү батирге алышып, күйөөсү дарылануусун баштады. Согушка чейин бул үйдө башка бүлө жашап, согуш аяктаган соң Токиого кетишиптир. Кёкого алардан мураска отоо чөп баскан чакан огород калды.

Алар жашаган кыштакчада эки адамга жетерлик жашылча-жемиш акчага деле табылат, бирок Кёко огородду кароосуз калтырганга көңүлү чаппай, огородко чөп-чарларды эгип алды. Өз колу менен эгип жегиси келди. Үйдө олтуруп тигип-токугандан тажап, огороддо иштеп жатканда бейтапты кароо түйшүгү бир азга болсо да унутулуп, башына үмүт отун жандырган жагымдуу таза кыялдар келет. Огороддун далдоо жеринде күйөөсүнө болгон сүйүү деңизине чөмүлүп олтура берген кандай сонун, кандай бакыт. Күйөөсүнө китепти үн чыгарып окуп бергенден да кээде тажап кетет. Ооруп төшөктөн турбай жаткан ага карбаластап жүрүп өзүн унутуп калган жаны огородко келгенде гана кайра өзүнө келгендей сергий түшөт.

Бул кенедей үйгө алар сентябрдын ортосу көчүп келишкен. Дачада жашагандар кете баштагандан баштап күздөгү аба муздак, жаанчыл, көңүл чөгөргөн күндөр башталды. Ушундай күндөрдүн биринде күн батып бараткан маалда кичинекей чымчыктын мукам үнү жаанды кубалап жибергенсип асман чайыттай ачылып, күн нурунан бактагы көк майса чөп нур чачып кулпура түшкөнсүдү.

Кёко тоо башындагы күн нурунан кызгылт тартып жаркыраган мөңгүнү сүйкүмдүү карап калды. Күйөөсү кыйкырып чакырар замат, шашып-бушуп, колдору ылай бойдон экинчи кабатка атып чыкты. Бейтаптын дем алышы оор.

– Сени чакырып жатам го, уккан жоксуңбу? – ороң этти күйөөсү нааразы түрдө.

– Кечирип койчу, укпай калыпмын.

– Бактагы ишиңди токтот, бай болгур. Сени чакыра берип өлө турган болдум. Ал жакта эмне кылып жатканыңды мен кайдан билем.

– Бактан башка кайда чыкмак элем. Огород иши жакында бүтөт.

Күйөөсүнүн көңүлү жайлана түштү.

– Саба чымчыктын сайраганын уктуңбу? – Кёкодон ушуну сурашка гана чакырыптыр. Ошол маалда батып кеткен күндөн улам карарып турган жакынкы токойдон саба чымчык дагы сайрап кирди. Ошондогу чымчыктын мукам үнү Кёконун дале эсинде.

– Шыңгырай турган бирдеме тапсам окшойт. Коңгуроо сатып алсамчы? Же баш жагыңа мени чакырыш үчүн ыргытканга бирдеме берейин?

– Терезеден тарактатып чыны ыргытайын анда? Тарака-турак калдырап жыргап калабыз.

Бирок буга карабастан күйөөсү анын огороддо иштешине уруксат берди. Ал эми огородду караганга колуна күзгү карматып коюш тоодогу узакка созулган кычыраган кыш аяктап, жаз баш бакканда гана оюна келип жатпайбы.

Бариктердин жетилишине күзгүдөн байкоо салган күйөөсү жашоосуна кубаныч кайтып келгенин кадимкидей сезди. Күзгүдөн көрүнбөгөн зыяндуу курт-кумурскаларды барик бетинен терген Кёко аларды ага көрсөтүш үчүн экинчи кабатка чыкты. Аларды жерге чачып жиберсе, күйөөсү айтат: «Билесиңби, мен буларды күзгүдөн көрөр элем».

Кээде күн батып бараткан маалда огороддо иштеп жаткан Кёко белин түзөп, экинчи кабатка назарын салса, күйөөсү күн нурун күзгүдөн анын көзүнө туштап тийишип калат. Күйөөсүнүн өтүнүчү боюнча студент кезинде кийген эски кийимин сөгүп, андан далбагай шым тигип кийди. Огороддо иштеп жаткан аялын күзгүдөн карагандан анын көз кумары эч канар эмес.

Күйөөсү аны күзгүдөн байкап турганын туят да, бирок иш менен болуп жатып муну кайра эле унутуп калат. Баш кошушкан күндөн бери көп нерсе өзгөргөнүн сезгенде, Кёконун жаны жыргай түшөт. Алгач баш кошушканда колун өйдө кылганда чыканакка дейре жылаңачтана түшкөн денесинен улам күйөөсүнөн уялар эле. Боёнуп-жасанып жүргөн Кёко согуш башталганы бетине упа сүйкөп, каш-көзүн боёгонун да токтотту. Андан кийин өзү турмак, оорукчан күйөөсүн карагандан башы чыкпады, кийин аза күтүп кара кийди, экинчи жолу турмушка чыкканда гана, бир аз өзүнө көңүл бөлүп калды. Бети-башы, баскан-турганы бир аз оңоло түшкөнү өзүнө сезилди. Баш кошкон алгачкы түнү экинчи күйөөсү анын сулуу денесине суктанарын айтса, Кёко ичинен буга ынанып турду.

Чайканып чыккан соң, жылаңач денесин күзгүдөн кароодон Кёко тартынчу эмес. Тескерисинче сулуу денесине куштарлыгы артат. Биринчи күйөөсүнө анын жылаңач денесин күзгүдөн караган жагар эле. Кёко денесинин сулуулугун күзгүдөн көрүп ишенбегенде эмес, күзгү ичинде кандайдыр бир башка дүйнө жатканына ишенчү. Түнөргөн асман күзгү ичинен күмүш түстө көрүнөт да, бирок жылаңач денеси күзгүдөн кандай болсо ошондой көрүнөт. Мүмкүн мунун аралык менен байланышы бардыр? Мүмкүн төшөккө байлаган оорунун арты менен келген карылык менен азаптын бул жерде өзүнчө орду бар чыгар? Кызык, огороддо иштеп жаткан Кёконун ажары экинчи кабаттан байкоо салган күйөөсүнө күзгүдөн кандай болуп көрүнөр экен? Бул тууралуу Кёко азыр да билбейт, ошондо да билген эмес.

Күйөөсү өлөр-өлгүчө колунан түшүрбөгөн күзгүдө огороддо иштеп жаткан Кёконун элеси, бажырайып ачылган гүлдөр, талаада чурулдап ойноп жүрүшкөн чыт курсак балдар калды, чокусун ак кар баскан тоодон кылайып көрүнгөн күндүн алгачкы саамайы калды. Күйөөсү экөөнө гана ажайып жамалын көрсөткөн ошол күзгү ичиндеги башка дүйнөгө кусадар Кёконун муну эстегенде эмдигиче ичи туз куйгандай ачышат. Бирок муну экинчи күйөөсүнө эч билдирбеди, ал дүйнө кудайлар жашаган сырдуу башка дүйнө сыңар кол жеткис алыста калды.

Май айынын кайсы бир таңында Кёко радиодон куштардын үнүн эшитти. Мурунку күйөөсү экөө чогуу жашаган тоолуу аймактагы өрөөн тууралуу берүү болуп жатыптыр. Жаңы күйөөсүн кызматка узаткан соң, Кёко жасанган үстөлдүн тартмасынан күзгүсүн сууруп чыгып, андан ачык асманды карады. Андан соң өз жүзүнө күзгүдөн үңүлдү да, таң калыштуу ачылышка күбө болду: Көрсө, уста кудай адам өз жүзүн күзгүдөн гана көрө алгыдай жараткан тура. Ар күнү күзгүдөн өзүн карайт, анан жүзүн колу менен кармалап көрөт, күзгү ичиндеги дүйнөдөгү жана чыныгы жашоодогу жүзү бар экенин аңдайт. Кудай эмнеге адамды өз жүзүн күзгүдөн гана көрө алгыдай кылып жаратты экен?

«Ким билет, эгер адам өз жүзүн көрө алса, анда аң-сезими да башкача болмок. Же мүмкүн эчтекеге шыгы болмок эмес» – ушуга баш катырды.

«А мүмкүн адам келбети улам өзгөрүп олтуруп, акыр-аягында адам өз жүзүн көрө албагыдай түргө келгендир? Же башынан эле ушундай жаралган? Мисалы, ийнелик менен келин жүгүн өз жүзүн өздөрү көрө алышат» – деп андан ары баш катырды.

Мүмкүн кудай адамдын жүзүн башкалар гана көрүшкө атайын ушундай жараткан чыгар. Башкалар жүзүн көрүп жактырып калсын үчүн… Анан биротоло сүйүп калсын деп.

Кёко жаңы сатып алган кол күзгүсү менен мурунку себине келген жасанма үстөлү бири-бирине анча шай келбегенин байкады. Себине келген жасанма үстөлдүн кол күзгүсү күйөөсү менен табытта бирге кетти да, үстөлдүн өзү жападан жалгыз жесир калды.

Оорукчан күйөөсүнө күзгү карматып, жакшылык менен кошо санаа да берди бейм ошондо. Оорукчан жаны күзгүдөн жүзүн улам тиктеп, асылган мээнетке күндөн-күнгө багынып баратканын сезип, кургурдун заманасы куурулду да. Күзгү менен өзүн өзү ошентип сойду бечара. Оорукчан кургурдун колуна күзгү карматып, аны бир күн «жеп» аларын ошондо билсе кана, аттиң! Муну алдын-ала жүрөгү сезгендей бир күнү күзгүнү анын колунан алып койгусу келген, бирок күйөөсү күзгүгө кенедей тырмышып:

– Күзгүнү алып коюп мени сокур кылганы турасыңбы? Жок, мен тирүү турганымда эмнени көрсөм, ошондон ыракат алгым келет, – деп кыжыйды. Күзгүдөн көрүнгөн дүйнө үчүн өз жанын садака чапкыдай түрү бар.

Кээде жаандан кийин экөө көлчүктөгү айды күзгүдөн карап суктанып калышат. Күзгүдөн көрүнгөн көлчүктөгү айдын ажайып сулуулугу, ай! Экөө ошондо «эки жолу чагылган дүйнө» аташкан көлчүктөгү айдын күзгүдөгү элеси эми өмүр бою эстен кетпес.

Азыркы күйөөсү: «Дени-карды соо адамдарда гана чыныгы тунук сүйүү жашайт» – деген кебине Кёко ынангандай баш ийкеп калганы менен, бирок буга ичинен анча макул эмес. Күйөөсү өлгөндөн кийин Кёко буга чейин эмнеге аруу сүйүүлөрүн бири-биринен жашырып келишкенин ойлоп көпкө дейре башы катты. Кийин бул азапка салган кусалуу тунук сүйүүгө айланды, бул сезим анын жан-дүйнөсүн аруу сүйүүгө бөлөп, бул азаптан кайра ыракат алчу болду. Азыркы күйөөсү сүйүүгө аяр мамиле жасайт деп деле айтыш кыйын. Бир жолу Кёко андан:

– Сиз жароокер мээримдүү жансыз да, биринчи аялыңыз менен эмнеге ажыраштыңыз?» – деп сурады.

Күйөөсү буга лам деп ооз ачкан жок. Экинчи күйөөсү ыраматылык мурунку күйөөсүнө тууганчылык жайы бар агасы болуп кетет. Төрт айдан ашуун сүйлөшүп жүрүштү. Бул күйөөсү Кёкодон он беш жаш улуу.

Кёко боюнда болуп калганын билгенде, калтырап-титиреп күйөөсүн кучактап: «Корком, корком», – дей бериптир жарыктык.

Ар кандай жыттан көөнү айланып кусуп, башы карайлап калды. Чыдабай кеткенде, сыртка жылаңаяк чуркап чыгып, карагайдын ийне жалбырагын чайнап жиберет. Эрте менен өгөй уулун мектепке жөнөтүп жатып, сумкасына эки куту нанүштө салып берет да, эмнегедир экөөнү тең күрүчтөн жасаганы таң калыштуу… Жасанган үстөлдүн маңдайына келсе, анын тартмасы айнектей тунук да, ичинде жаткан кол күзгүнү көрүп тургандай сезилет. Түн ортосу ойгонуп кетип, төшөк четине коомай олтуруп, уктап жаткан күйөөсүн көпкө карап тура берет. Пенденин опасыз жалган жашоосу тууралуу ойлогондо денесин коркунуч ээлеп, кимоносунун курун чечип, күйөөсүн муунтуп өлтүргүсү келген калаатыдай ойлор келет. Анан бышактап ыйлап кирет. Ойгонуп кеткен күйөөсү аны чекесинен өөп-жыттап, колундагы курду алып, кайра белине байлай салат. Жай ортосу түнкүсүн да аба үп тартып турганына карабай, төшөккө оронгон Кёко чыйрыгып үшүп чыгат.

– Буюрса, аман-эсен көз жарасың, жаным, – деп аны күйөөсү ар дайым далыдан таптап жооткотот.

Доктур ооруканага жатыш керектигин айтканда, Кёко буга так секирип көнбөй, бирок акыры макул болду:

– Макул, жатам. Болгону мага төркүнүмө бир барып келишке уруксат бергиле.

Күйөөсү аны төркүнүнө жеткирип келди. Бирок Кёко эртеси эле төркүнүнөн качып, мурунку күйөөсү экөө жашаган аймакка сапар тартты. Сентябрдын башы. Ошол күздө алар бул жерге он күндөй кийин келишкен. Поездде баратып Кёконун көөнү айланып кусуп, толкунданып поездден секирип жибергиси келди. Бирок поезд келип токтоп, бекеттен чыгары менен таптаза серүүн абадан жеңилдеп, ичине кирип алган жини качып чыккандай өзүн сергек сезди. Токтой калып өрөөндү омуроолоп турган тоолорго карады. Көк асманда жайкалып турган, батып бараткан күндөн кочкул-көк тарта түшкөн жашыл тоолор айланага жан берип тургандай. Көзүндөгү нымдашкан ысык жашын аарчып, мурунку өздөрү жашаган үйгө жөнөдү. Кызарып батып бараткан күндөн карарып турган токойдон сан куштун сайраганы угулат.

Үйдө башка адамдар жашап жатышкан шекил. Экинчи кабаттын терезесине аппак тор парда тартылган. Үйгө жакын барбастан, арыда карап турган Кёко бир маалда күтүүсүздөн акырын шыбырады:

– Эгер ичимдеги Сизге куйгандай окшош төрөлүп калсачы?

Ал акырын басып келген жолуна түштү. Жан-дүйнөсү белгисиз жылуулукка бөлөнүп, жаны эргип баратты.

[1]. Мори – өрөөндүн аталышы

Которгон Кубантай Эрназаров

Ясунари Кавабата: “Көлчүктөгү ай” алгач бул жерде - Адабий Ордо жарыяланды.

Кечки күү
3.7/5 - (3 добуш)

Айыл кечи, комуз күүсү мукам бир,
кылын тартып жел ойдолоп ойногон.
Түмөн үнү аба жарып, термеле
толкуп-ташып чеке-белди бойлогон.

Этек-жеңи өрттөнүп күндү узаткан
кеч күүгүмдү келет коюу түн жөөлөп.
Бака чардап: “Саздын ырын” ырдаса,
короо-жайда койлор маарап, уй мөөрөп.

Караңгыда жылкы чочуп кошкурса,
кошо үркөт шуудурап бак, жалбырак.
Мекиренип эчки улагын издесе,
үйдө мышык “кыр-кыр” уктайт шалдырап.

Жайдын чоорун тартса тышта чегиртке,
түштөн чочуп, коштоп тынып бытбылдык…
Жол караса шашкалактап жашты уурдап,
таңды күткөн түнкү митаам кытмырдык.

Конок күткөн үйдүн өчпөй жарыгы,
мурунду өрдөйт баш-шыйрактын куйкуму.
Ит: ”ав-аалап” чоочун көздөн кайтарып,
таңда бузса короз таттуу уйкуңу.

Айыл кечи – симфония нотасыз,
дирижорсуз табият бир ойногон.
Арманда өтөр анын үнүн бир укпай,
жаздыгына башын сүйөп койбогон.

Кечки күү алгач бул жерде - Адабий Ордо жарыяланды.

Ичик
4.8/5 - (5 добуш)

Арымында турмуш деген сапардын,
Азбы-көппү бакыт даамын тата алдым.
Антсе деле кусам артат кай бирде
Ат жыттанган ичигине атамдын.

Кабый тиккен кара көрпө, оор, узун,
Кайдан билсин кадырыңды доор ушул?
Кайран ичик кар-бороонду сездирбей,
Карагердин кошо жапчу соорусун.

Күн шашкеде кайтып келип жылкыдан,
Күрс жөтөлүп тээ эшиктин сыртынан.
Жаш чагында көкбөрүдөн жыгылып,
Жарыктыгым бир бутунан сылтыган

атам кирип, айтчу кеби: Кургур, а,
Аталуулар алты тойду тургула!
Анан бизге жаап жатса ичигин,
Аттын жыты өрдөп кетчү мурдума.

Дүрүлдөйт от темир меште, төрдө жүк,
Дүнүйөбүз бир кичине бөлмөлүк.
Эски ичикти талашчубуз уядай,
Эжем экөөбүз эки күчүк өңдөнүп.

Жазбы, кышпы жалаң малга кийилип,
Жака-жеңи даакы болуп сүрүлүп.
Ал ичикке сиңип бүткөн далай жыл,
Атам менен аттын жыты биригип.

…Тобо кылам, аппак төшөк жатканым,
Толгоп сезим тээ балалык чактарым…
Атырдан да жыттуу болгон миң эсе,
Андай жытты бирок такыр таппадым.

Ичик алгач бул жерде - Адабий Ордо жарыяланды.

Антон Чехов: “Студент”
5/5 - (1 добуш)

(аңгеме)

Аба ырайы башында ачык, жымжырт эле. Чымчыктар сайрап, жанаша жаткан саздак жерде бир жандуу нерсе, кудум бош бөтөлкөнүн оозуна үйлөгөндөй, муңдуу улуп жатты. Бир токой чулдугу бийиктеп учуп өтүп, ага атылган мылтыктын үнү жазгы абада жаңырып, шаңдуу угулду. Бирок токой ичин караңгылык каптаганда, күтүүсүздөн чыгыштан улуган муздак шамал согуп, айлана заматта тынчый түштү. Көлчүктөрдүн бетин муз ийнелери каптап, токой ичи коркунучтуу, ээн, сүрдүү тартты. Кыштын жыты сезилет.

Диний академиянын студенти, чиркөө кызматчысынын уулу Иван Великопольский уучулуктан суу каптаган шалбаадагы жалгыз аяк жол менен кайтып келе жаткан. Манжалары сууктан катып, бети шамалдан албырып чыкты. Ал капысынан түшкөн бул суук ааламдагы бүткүл тартипти жоготту, табияттын өзү сүрдөп, ошондон улам кечки күүгүм да адаттагыдан эртерээк түштү деп ойлоп койду.

Айлана ээн, өзгөчө капалуу эле. Дарыя бойлоп жайгашкан жесир аялдардын огороддорунда гана от жылтылдайт; ал эми алыстагы, төрт чакырымдай жердеги айыл тарап калың кечки муздак караңгылыкка толугу менен чөгүп турат. Студент үйүнөн чыгып жатканда апасы коридордо өзү тазалап жаткан самоорду, ал эми атасы мештин үстүндө жөтөлүп жатканын эстеди; улуу жума болгондуктан үйдө тамак бышырылган эмес болчу, ошондуктан курсагы катуу ачкан эле. Эми суукка бүрүшүп бараткан студент дал ушундай шамал Рюриктин да, Иоанн Грозныйдын да, Пётрдун да тушунда сокконун, алардын доорунда да дал ушундай жан ачыткан жокчулук, ачарчылык, тамтыгы чыккан саман чатырлар, түркөйлүк, бук болуу, жалгызсыроо, караңгычылык, эзүү сезими болгонун ойлоду – ушул үрөй учурган нерселердин баары болгон, бар жана боло берет, дагы миң жыл өтсө да турмуш оңолуп кетпейт. Анын үйүнө кайткысы келбей турду.

Огороддор “жесирдики” деп аталганынын себеби – аларды эки жесир аял, эне-бала багышчу. От бир топ жерге чейин жарыгын чачып, жалбырттап, күчтүү күйүп жатты. Эркектин тонун кийген узун бойлуу, сулууча келген Василиса кемпир оттун жанында ойлуу карап турган; ал эми анын кызы Лукерья, кыска бойлуу, бети чаар, жүзүндө аңкоолуктун издери көрүнгөн кыз, жерде казан-аяктарды тазалап отурган. Чамасы, жаңы эле кечки тамакты жеп бүтүшкөн окшойт. Жакын жердеги дарыяда ат сугарып жүрүшкөн ушул жерде иштеген жумушчулардын үнү угулат.

– Мына, кайрадан кыш келди, – деди студент отко жакындап. – Амансыңарбы!

Василиса чочуп кетти, бирок дароо аны таанып, жылуу жылмайды.

– Тааныбай калыптырмын, Кудай сага амандык берсин, – деди ал. – Бай болосуң го.

Сүйлөшүп калышты. Василиса мурда мырзалардын үйүндө бала багуучу болуп иштеген, көргөн-билгени бар аял болгондуктан, сыпайы сүйлөп, бетинен дайыма жумшак, оор басырыктуу жылмаюу кетчү эмес; ал эми анын кызы Лукерья, күйөөсүнөн таяк жеп өскөн айылдык бечара аял, студентти көзүн жүлжүйтө карап, сүйлөбөдү; анын келбети дудук-дүлөй адам сыяктуу, бир кызыктай көрүндү.

– Дүйнөдө дал ушундай муздак түндө оттун жанында Апостол Пётр да жылынып отурган, – деди студент отко алакандарын кактап. – Демек, анда да күн ушундай суук болгон экен. Ах, кандай гана коркунучтуу түн болгон, апа! Ушунчалык кусалуу, узун түн!

Ал айланадагы караңгылыкты карап, башын силкип алып суроо узатты:

– Он эки Евангелие окулганда чиркөөдө болдуң беле?

– Болгом, – деп жооп берди Василиса.

– Эгер эсиңде болсо, жашыруун кечки тамак маалында Пётр Иисуска: “Сен менен бирге зынданга да, өлүмгө да даярмын”, – деген. Ал эми Иисус ага: “Сага айтып коёюн, Пётр, бүгүн короз кыйкырганга чейин сен мени тааныбайм деп үч жолу танасың”, – деген. Тамактан кийин Иисус бакта аябай кайгырып, сыйынган, ал эми байкуш Пётрдун жаны кыйналып, алсырап, кабактары оорлошуп, уйкусун жеңе албай койгон. Ал уктап калган. Кийин, өзүң уккандай, Иуда ошол эле түндө Иисусту өөп туруп, кыйноочуларга кармап берген. Аны байлап алып барышып, уруп-согушкан, ал эми Пётр кайгыдан, кабатырлуулуктан, уйкусуздуктан чарчап-талып, жерде үрөй учурган бир нерсе болуп кетерин сезип, артынан ээрчип барган… Ал Иисусту аябай, эс-учун жоготкуча сүйгөн, эми болсо аны алыстан сабап жатышканын көрүп турган…

Лукерья кашыгын таштап, студенттен көзүн албай кадала карап калды.

– Башкы дин кызматчыга алып келишкен, – деп улантты ал, – Иисусту суракка ала башташты, ал эми жумушчулар короонун ортосуна от жагышты, анткени күн суук эле, алар жылынып жатышты. Ошол оттун жанында Пётр да турду, мына мен азыр тургандай. Бир аял аны көрүп: “Бул да Иисус менен бирге болчу”, – деди, башкача айтканда, “муну да суракка алыш керек” дегени эле. Оттун жанындагы жумушчулардын баары ага шектүү жана сүрдүү карашса керек, анткени ал шашып кетип: “Мен аны тааныбайм”, – деди. Бир аздан кийин кайрадан бирөө аны Иисус шакирттеринин бири катары таанып: “Сен да ошолордонсуң”, – деди. Бирок ал кайрадан танды. Үчүнчү ирет бирөө ага кайрылып: “Сен эмес белең бүгүн бакта аны менен жүргөн?”, – деди. Ал үчүнчү жолу танды. Ушундан кийин дароо короз кыйкырды, анан Пётр алыстан Иисусту карап, кечки тамакта ага айткан сөздөрүн эстеди… Эстеп, эсине келип, короодон чыгып, эчкирип-эчкирип ыйлады. Евангелиеде “Сыртка чыгып, эчкирип ыйлады”, – деп айтылат. Көз алдыма келтирем: жымжырт, капкараңгы бакча, ал эми жымжырттыкта эчкирип ыйлаган үн араң угулат…

Студент үшкүрүнүп, ойго батты. Жылмайган калыбынан жазбаган Василиса капысынан эчкирип ыйлап жиберди; көз жашы жаактарынан ылдый куюлуп жатты, кудум көз жашынан уялгандай, оттон бетин жеңи менен тосту. Ал эми Лукерья студенттен көзүн албай, бети албырып, катуу ооруга чыдап жаткан адамдай чыңалып турду.

Жумушчулар дарыядан кайтып жатышкан, алардын бири атчан жакындап калган эле, оттун жарыгы ага тийип чагылышты. Студент жесирлерге бейпил түн каалап, андан ары басып кетти. Кайрадан караңгылык каптап, колдору тоңо баштады. Суук шамал күчөп, чынында эле кыш кирип келгендей, бүрсүгүнү Пасха майрамы болот дегенге ишениш кыйын эле. Эми студент Василиса жөнүндө ойлонду: эгер ал ыйлап жатса, демек, ошол үрөй учурган түндө Пётр менен болгон окуялардын баары ага кандайдыр бир тиешеси бар… Ал артына кылчайды. Жалгыз от караңгыда үлбүлдөп күйүп жатат, анын жанында эч ким көрүнбөйт. Студент кайрадан ойлонду: эгер Василиса ыйлап, анын кызы өзүн жоготуп жатса, демек, ал азыр эле айтып берген, он тогуз кылым мурда болгон окуялар азыркы учурга – ушул эки аялга, ушул ээн айылга, өзүнө, бүткүл адамзатка тиешелүү. Кемпир анын таасирдүү айтып бергени үчүн эмес, Пётр ага жакын болгону үчүн жана Пётрдун жан дүйнөсүндө эмне болгонуна бүт дили менен сезгендиктен ыйлады.

Анын дилинде күтүүсүздөн бир кубаныч пайда болду, ал тургай эсин жыйыш үчүн бир мүнөттөй ордунан жылбай турду. “Илгерки нерселер, – деп ойлоду ал, – азыркы учур менен бир катар окуялар аркылуу ажырагыс байланышкан”. Ага бул чынжырдын эки учун тең көргөндөй болду: бир учуна тийди эле, экинчи учу дирилдеп кетти.

Ал сал менен дарыядан өтүп, андан соң тоого көтөрүлүп баратып, өзүнүн туулуп-өскөн айылын жана муздак, кочкул-кызыл тилке болуп күүгүм шооласы чачыраган батыш тарапты карап отуруп, бакта жана башкы дин кызматчынын короосунда адам турмушун багыттаган чындык менен сулуулук ушул күнгө чейин үзгүлтүксүз уланып келгенин жана, сыягы, дайыма адам турмушундагы, деги эле жер бетиндеги эң башкы нерсени түзөрүн ойлоду. Жигиттик деми, денесине толуп турган ден соолугу, күч-кубаты – ал болгону 22 жашта эле – жана сырдуу, сөз менен айтып бүткүс таттуу белгисиз бакытты чыдамсыздык менен күтүү сезими анын жан дүйнөсүн бара-бара ээлеп алды.

Которгон Абийрбек Абыкаев

Антон Чехов: “Студент” алгач бул жерде - Адабий Ордо жарыяланды.

#1-2 (55 сөз)
5/5 - (2 добуш)

#1 Баккан мал боор эт менен тең

Бир жазда Малик айылдын малын багууга алган. Бир күнү Самтай келип, сойгонго өз козусун албай чоңураак козу сурады, Малик ага Медердин козусун карматты. Эртеси Медер да өзүнүкүн албай, чоңураак козу сураганда Малик ага Сатайдын козусун кармап берди. Өз козулары аман калганына сүйүнгөн экөө да ыраазы. Биринин малын бирине берип, экөөнүн сыйын көргөн Малик да ыраазы.

#2 Акча эмнени кылбайт

Айылда Чурбайдын баласы айылдагы эки баласы менен келинчегин таштап, өзүнүн энеси менен жашташ орус аял алыптыр деген сөз тарады.

– О, кокуй, энесиндей болгон немени кантип алыптыр? – дейт бир жеңеси.

– Сүйүүнү көзү сокур деген ушул да, – дейт экинчиси.

Анда Төкө:

– Сокур болсо деле сыйпалап көрбөйбү, улуу экени аз келгенсип, чөмөлөдөй очойгон немени, – дегенде эл дуу күлдү.

#1-2 (55 сөз) алгач бул жерде - Адабий Ордо жарыяланды.

Өткүр Хашимов: “Жубатуу”
3.8/5 - (5 добуш)

(аңгеме)

Көрүстөндө терең жымжырттык өкүм сүрүп турат.

Жолдун эки жагына катар тизилген пирамидалуу теректер гана мүрзөлөрдүн үстүнө эңкейип турган уулдардай болуп, энелерине түбөлүк тынчтык тилегенсип акырын шуулдайт. Алардын муңдуу шуулдаганы курандын дубасына аралашып, жүрөктү сыздаткан кайгылуу обонго айланат.

Агарып калган сакалы өзүнө жарашкан, ак пахта кийимчен көр казуучу дубасын бүтүрүп, алаканын жүзүнө сүрттү да ордунан турду.

– Болду эми, уулум. Өзүңдү мындан ары кыйнаба. Бул – жашоонун мыйзамы. Дагы эмне дейсиң?.. – Ал бир азга унчукпай туруп, кайра сөзүн улады. – Энең жакшы аял эле. Алла аны аяды. Төшөккө таңылып калган жок, өзү да кыйналган жок, башкаларды да кыйнаган жок. Мындай тынч, жай өлүм ар кимге эле буйруй бербейт.

Мен али кургай элек көрдүн дөбөсүнөн көзүмдү албай тиктеп турдум да, ичинен ойлондум:

“Балким, чын эле ошондой чыгар…”

Апам өмүрүн тынч, жөнөкөй өткөрдү. Эч кимге жамандык кылган жок. Эч ким менен урушкан жок.

Балким, ошондуктан табияттын эң ырайымсыз элчиси – өлүм менен да талашкысы келбегендир.

Балким…

– Мына көрдүңүзбү, – деп сөзүн улады көр казуучу. – Ошол күнү нөшөрлөп жамгыр жаады. Биз аны жерге бергенче токтогон жок. Ал эми жаназасы бүткөндөн кийин эле күн ачылып, асман жаркырады. Мындай таза жүрөктүү адамдар аз болот, уулум. Мен билгенимди айтып жатам.

Балким, бул да чындыр…

Балким, адамдардын кайгысын көп көргөн бул ак сакал ар бир кайгы тарткан адамга ушундай жубатар сөздөрүн айтаттыр.

Рахмат сага, ата.

Рахмат – эртеби-кечпи ар бир адамга керек боло турган эмгекчил колдоруң үчүн.

Рахмат – адамдын кайгысын түшүнгөн боорукер жүрөгүң үчүн.

Бирок…

Эгер кеп жамгырда гана болсо кана…

Апамдын өмүрү дагы үч күнгө узарса, анын ордуна жамгыр эмес, асмандан таш жааса да макул болмокмун…

Мына, бир жумадан бери досторум, тааныштарым жана тааныбаган адамдар да үйүмө кайгыруу менен кирип-чыгып жатышат.

Айрымдары унчукпай отуруп, унчукпай кетишет.

Башкалары акырын сурашат:

– Апаңыз канча жашта эле?

Мен жооп берем…

Жооп берип жатып ойлоном:

“Эненин жашы болобу?..”

Боорукерликтин жашы болобу?

Мээримдинчи?

Берилгендиктин жана ишенимдүүлүктүн жашы болобу?

Мурда мен бир гана чындыкты билчүмүн.

Эне үчүн баласы канча жашка чыкпасын, ал дайыма бала бойдон калат.

Эми болсо дагы бир чындыкты түшүндүм.

Көрсө, бала үчүн да эненин жашы болбойт экен.

Эне – эне.

Баары ушул сөздө айтылган.

Өзбекчеден которгон Жанаргүл Жолдошова

Өткүр Хашимов: “Жубатуу” алгач бул жерде - Адабий Ордо жарыяланды.

Кызмат сүрү
3.8/5 - (9 добуш)

(аңгеме)

Жай саратанга карабай үстүнө жапжаңы костюм-шым, аппак көйнөк кийген Жоробай жезде Оштун бир чекесинде авто-унааны күтүп олтурду. Жоробай жезденин чыкыйып кийинишинде бир мандем жатат: Кара-Кулжанын борборундагы тойканалардын биринде өткөн кайненесинин сексен жылдык маараке тоюна ат арытып атайын Бишкектен келгени. Бир жума алдын апасынын маараке тоюна камданганы кеткен жубайы дагы адатынча шалпыйып кийинип келсең, Кара-Кулжанын босогосун бастырбай туруп, түз Алайга кууп жиберерин айтып кулак-мээсин жеп таштады. Жашырганда эмне, Жоробай жезде аялынан корко турган, үйдө аялы башкарат. Болор-болбоско атыраңдап берген аялынан Жоробай жезде көбүнчө: “Куп болот, биздин өкмөт башчы” же “Кадырыңыз жан болсун, улуу урматтуу президент” – деп жагалданып кутулат. Ошого Кара-Кулжада өтө турган маараке тойго “улуу урматтуу президенттин” кадырын сыйлап жапжаңы костюм-шым, аппак көйнөк, жаңы саркеч туфли кийип, галстукту чыкыйа тагынып кирип келди. Аны көрүп, “президент” аялы тааныбай калса болобу.

Той болду, тойдун эртеси да болду… Аялы тойдун шылтоосу менен Кара-Кулжада он күндөй жүрүп кетмекчи болуп, айылда калды. Жоробай жезде кызматтан суранып келген жаны Бишкекти көздөй жалгыз жолго чыкмай болду. Ошко келер замат, ватсаптагы “Такси Ош-Бишкек” аталыштагы группага өз жагдайын билдирип кыскача маалымат кат жолдоду эле, көп өтпөй Бишкектен бир келин ватсаптан жеке өзүнө байланышка чыгып, күйөөсү айылдан борборду көздөй сапарга чыкканын, бир саат аралыгында Ошко барып каларын, Бишкекке жөн гана шерик болуп кетишке бир адам ала кетерин айтып, белгиленген жерде жылбай күтүп туруусун суранды. Авто-унаа маселеси чечилген соң, Жоробай жезде жүгүн жол боюндагы отургучка коё салып, дүкөнгө кирип кетти. Бажаны көргөндө, бажанын башы кычышат демекчи, маараке тойдон соң, Кара-Кулжанын борборундагы заманбап мончолордун биринде шагыраган бажалар ой-даа жыргап чер жазышкан. Ошого башы зыңылдап ооруп калыптыр, муздаткычтан бир бөтөлкө муздак шарапты алып жатып, ватсапты караса, “президент” аялынан мындай узуун кат келиптир: “Жолдо шалпыңдап ичип-чычпай, чыкыйып жакшынакай кет. Түзүк эле чардадынар, жетет ошол. УКМКнын кадырын түшүрбө, сен бүткүл УКМК коллективи аке деп сыйлаган аксакал адамсың, шилекейиң куюлуп жолдо мас болуп баратсаң, сени УКМКнын адамдары урматтаган адам деп ким айтат…”. Бул кылыгын аялы “түз эфирден” байкап тургансып, катуу коркуп кеткен жаны бир бөтөлкө муздак шарапты кайра муздаткычка салып, анын ордуна чоң желим бөтөлкөгө куюлган муздак пиводон бирди алды. Жол боюндагы отургучка кайтып келди да, муздак пиводон култ-култ ууртаганча маңдайына назар салып олтурду.

Куйкалаган аптаптан ордолуу Ош шаары саргыч тартып кыйла жүдөй түшүптүр. Жолдун аркы өйүзүндөгү оюн аянтчасында ысыктын күнүнө карабай кулун-тайдай оюн салып жүрүшкөн мотурайган бөбөктөрдү карагандан көз тойбойт. Оюн аянтчасы эскилиги жетип, селкинчектин отургучу сынган, бөбөктөр үчүн коюлган отургучтардын тактайын бирөөлөр чыгарып кетиптир. Тамтыгы чыккан футбол аянтчасында төрт-беш жеткинчек сапырылган чаңга карабай топ тээп жүрүшөт. Аянтчанын бир бурчуна коюлган таштанды челек акыр-чикирге үйүлүп калыптыр. Оюн аятчасынан отуз-кырк кадам арыда эскилиги жеткен имарат жайгашкан. Бейтапкана окшойт шекил, имараттын кире беришиндеги күнөстүү жерге коюлган узун отургучта бир нече боюнда бар аялдын карааны көрүнөт. Айрымдары коляска түртүп ары-бери басып жүрүшөт. Боюнда бар, бөбөк жетелеген аялдар көлөкөлөп серүүн олтурганга кенен жай салып коюшса кана. Кирерге көлөкө таппай, колундагы китепче менен төбөсүн күндөн калкалап бейтапканада кезек күтүп турушкан аялзатын көргөндө, адамдын зээни кейитет. Пиводон култ-култ ууртаганча аларды карап турган Жоробай жезденин буга ичи эңшериле түштү: Эгер колунда байлыгы жетиштүү күркүл ишкер болгондо, заңгыраган мечит, намазкана эмес, эң оболу улут келечеги – жаны жай албай чурулдап ойногон бөбөктөр үчүн заманбап оюн аянтчасын куруп, бейтапкана астына боюнда бар, эмчек эмизген аялдарга бардык шарты менен ыңгайлуу жай курмак. Ушуга окшоп каралбай калган жайлар өлкөдө миңдеп саналар. Муну ойлогондо кыялкеч жаны дагы адатынча кыялга берилип кетти: Тигине Жоробай ишкер оңдоп-түздөп берген балдар үчүн жаркыраган оюн аянтчасы! Бөбөктөргө бардык шарттар түзүлгөн. Андан арыда турган бейтапкана короосунда Жоробай соопчулук катары салып берген заманбап салкын жайда бейтапканада кезек күткөн аялдар олтурушат.  Ал жайдын бир бурчунда аялдар чаңкоосун кандырганы чон идишке булактын муздак суусу толтурулган, кондиционер тынбай иштеп турат. Оюн аянтчасы менен бейтапкананын айланасына толтура жашыл бак тигилген… Эх, бири кем дүйнө!.. Эгер колунда болсо, Жоробай жезде мындай соопчулук иштердин далайын жасайт эле.

Ушундай таттуу кыялга магдырап олтурган маалда арыдан бирөөнүн кыйкырганы угулду:

– Ээй, киши, бери бас!

Жоробай жезде карай салса, жолдун аркы тарабынан авто-унаа терезесинен бирөөнүн башы кылайып көрүндү. Аны көрөр замат сумкасын көтөрө авто-унаа тарапка бет алды. Баасы жүз элүү миң долларды чапчыган жапжаңы лексус авто-унаасын айдаган ээгинде биртке сакалы бар, башына топу кийген кара тору жигит Жоробай жакындап барар замат күңк этти:

– Жоробай деген сенсиңби?

– Ассалом-алейкум, тууган! Ии, ооба, мен.

– Түш кеттик.

Авто-унаа ичине олтурган соң, Жоробайдын жаны жыргай түштү. Унаа ичинде кондиционер иштеп, сырттагы куйкалаган күнгө карабай ичи жанга жагымдуу салкын. Түшкөн адам тозоктон качып, бейишке тушугуп калгандай эле болот. Авто-унаа зуулдаган бойдон Бишкекти көздөй жөнөп кетти. Кенен орундукка чалкалай олтурган Жоробай колундагы муздак пиводон култ-култ тартып баратты, ортодо дале үнсүздүк. Айдоочу жигит сөзгө сараң көрүнөт. Бир аз жүрүшкөн соң, айдоочу жигит Жоробайдын колунан пивону унчукпастан сууруп алды да, унаанын ачык терезесинен ыргытып жиберди. Буга Жоробай селт эте түшүп, көз кырынан капкара көз айнек тагынган жигитти карады: кара торусунан келген, бука моюн, буура сан жигит экен. Чыпыйган спорттук кийиминен булчуңдары буркуюп көрүнөт. Бул турушунда эки-үчөөнү жалгыз өзү жөн эле торойто чапчудай. Буга сестенген Жоробай анын орой мамилесин байкамаксанга салып кутулду. Алдыда бараткан унаа жигиттин жолун тороп, кыйла убайымга салды окшойт, эми жигит алдындагы унааны кууп өтүп, алдынан тороп, бир топтон кийин жол боюна кысып токтотту. Унаанын ачык терезесинен токтогон авто-унаага карап кыйкырды:

– Эй, келесоо! Көзүң барбы?! Карап айдабайсыңбы!

– Мен правила менен эле келатам – авто-унаа ичинен бирөөнүн үнү угулду. – Өзүңөр правиланы сактабай жатпайсыңарбы!

– Менби?! – жигит күркүрөп берди.

– Оме-ей, тууган! – айдоочунун шаштысы кетти. – Анан менби?

Жигит жооп берген жок, булкуна авто-унаасынан атып чыкты:

– Энеңдурайын! Чыкчы мындай, сүйлөшөлү.

Тигиниси мунун кебетесин көргөндө, жүрөгү түшүп калды окшойт, жигит авто-унаадан түшө калганынан пайдаланып, алдыга зуу айдаган бойдон көздөн кайым жоголду. Ызырынган жигит авто-унаага олтуруп, айдап жөнөдү. Анын кейпин көргөндө, бул жакта турган Жоробайдын оозуна келме кирбей апкаарый түштү, жаалданган арстандан бетер, бул жигит жинине тийгенди эки чайнап, бир жутуп салчу эрен көрүнөт. Жалал-Абадга жакындап калышкан. Кан жолдун ушул тушу оңдоп-түзөөгө муктаж болуп, асфальт жолдун бети оюла түшүптүр. Авто-унаа өпөңдөй жүрүп бергенде, Жоробай жигиттин ачуусуна тийип албайын деп, бир чети жигиттин жүз элүү миң долларлык жапжаңы лексус авто-унаасын аяп, майин түрдө үн катты:

– Өкмөт коррупция менен катуу күрөшүп, салыкты көзөмөлдөп, жолдорду оңдоп койсо болот эле. Ишкерлерден түшкөн салыкты туура пайдаланып, эч кимге жедирбей, анын эсебинен карапайым элдин айлыгын, пенсия, пособиени көтөрүп койсо кана эле. Мунун айынан канча кыргыз сыртка тентип кетти. Мындай кетиште карапайым элге…

– Аны менен силердин ишиңер канча, – жигит сөздү жула тартты. – Тим эле Америкада жүргөндөй сүйлөйсүңөр да. Жакпаса, Америкага кеткиле анда.

Ойдо жок жерден жигиттен жаш баладай кагуу жеген Жоробайдын осолу он пул болду бейм, шөмтүрөгөн жаны андан бетер шөлбүрөп, буга жооп катары моюндагы галстугун түздөмүш болду. Үстүнө кийген костюм-шымы чоң келе түшкөнсүп, шалбырай түшкөнсүдү. Ортодо дагы жымжырттык.

Жалал-Абаддын кире беришиндеги “Мухаммед ажы” кафесине жакындаганда, айдоочу жигит жүрүшүн сээлдетип барып, жол жээгине токтоду да, Жоробайга кайрылды:

– Мен шам намазын окуп, анан биртке тамактанып алайын. Силер да тамактанып алгыла. Жолдо башка токтобойбуз.

– Макул, иним. Сиз айткандай болсун.

Экөө унаадан тушуп баратып, Жоробай сумкасын көтөрө түшмөкчү болду эле, авто-унаасын кулпулап жаап жаткан жигит кыйкырып берди:

– Ошол жаман сумкаңды ким уурдамак эле! Коюп кой ордуна. Тура берсин.

– Аа, мейли, иним. Сиз айткандай болсун.

Маараке тойдун шылтоосу менен алыс-жакындан келип топтоло калышкан бажалар менен үч-төрт күн удаа катуу майрамдап койгону, Жоробайдын тамакка табити анча тартпады, кафенин ичине кирген жок, болгону сыртка коюлган сөрүгө олтуруп, болгону бир самса менен бир чайнек көк чай ичти. Мындайда пиво жаныбар көздөн учат. Андан соң акырын авто-унаа тарапка басып келип, кафеге кирип кеткен айдоочу жигитти күтүп, жол боюнда ары-бери басып жүрдү.

Бир маалда айдоочу жигит чыгып келди. Маанайы негедир бир аз көтөрүңкү, баягы бети салаңдап үңүрөйгөн жигит жок, кара тору жүзү тамылжый түшүптүр. Чоң жолго түшкөндө, Жоробайга жайдары кайрылды:

– Кандай тамактандыңыз, байке? Баары жайында?

– Жакшы, иним, жакшы.

– Аа, түзүк. Жакшы эле болсун.

Түштүк тарапта күн кечтеп баратат. Жолоочу катары Жоробай жезде жигитти сөзгө тарткысы келди. Жининен тийип албайын деп астейдил сурады:

– Кайдан келатасың, иним?

– Айылдан, – дей салып жигит дагы жым бойдон жүрүшүн улантты.

Бир аздан соң жигит ичиндеги бирдемесин сыртка чыгаргысы келди бейм, өзү кеп баштап калды:

– Айылга мечит салып келатам, аке.

– Оо, түзүксүң, иним! – Жоробай жигитке жалт карады. – Жалгыз өзүң салдыңбы?

– Ананчы, – жигитке бул собол жага берди окшойт. – Жаз алдын курулушун баштап, жайды аяктатып бир сезондо эле бүтүрүп таштадым.

– Жараткан ыраазы болсун, иним. Сонун иш кылыптырсың.

– Машалла, аке. Аллах ыраазы болсун.

– Айылыңарда башка мечит жок беле?

– Айыл борборуна мындан беш-алты жыл илгери арабдардан спонсор табылып, жапжаңы мечит салынган. Мен да алардан калышпайын деп, өзүбүздүн көчө тарапка чоңдугу дал ошондой мечит салып таштадым.

– Кудай ниетине жараша, тапканыңды берекелүү кылсын, иним.

– Машалла, аке. Аллахтын көзү түз болсун.

– Айылыңарда мечит болсо, сен дагы мечит салбастан, анын ордуна балдар ойногонго аянтча куруп, тамтыгы чыккан төрөткана, бейтапкана сыяктуу жайларды ремонттоп берсең, мындан да чоң сооп болот беле дейм да, – Жоробай жигитке карады.

Минтип сурарын сурап алып, Жоробайдын дагы куйкасы курушту. Оозунан жаңылып калганын дароо сезип, өгүздөй күркүрөгөн жигит буга дагы кандай жооп кыларынан чочуп, дагы шөмтүрөй түштү. Бирок кудай жалгап жигит кагып-силкип жиберген жок, бир топ ойлонуп туруп, анан жооп берди:

– Бул айтканыңыз да туура. Бишкектеги белгилүү аалымдар менен чогуу чай ичишип турам. Алар мечиттен башка жай салгандын сообу азыраак болуп каларын, мечит салган момунга Аллах акыретте бейиш карыз болорун айтышты.

– Аа, туура, иним. Мечит салган деле өтө сооптуу иш. Көрүнгөн адам эле мечит сала бербейт да.

– Ананчы, аке.

Булар аркы-беркини сүйлөшкүчө, авто-унаа Кара-Көлгө жетип келди. Шаарчаны аралай өтүп баратышканда, Жоробай жигитке акырын суроо узатты:

– Өзүң эмне жумуш кыласың, иним?

– Жыгач жана мебель бизнес, аке.

– Ишкананы Бишкекте ачтыңбы?

– Жок, ишкана ачкан жерим жок, – жигит күлүп жиберди. – Казакстандан жыгач, мебель ташып бизнес кылам.

– Казакстанда токой деген жок да, – Жоробай таң калды. – Анан ушулар сыртка жыгач, мебель чыгарышат бекен?

– Ошону айтпайсызбы, – жигит каткырып күлдү. – Жыгач менен мебель Казакстанга Россия менен Белорусиядан келет. А биз бул жакта “Сделано в Казакстане” деп уруп сатабыз.

– Эмнеге?

– Себеби Россия дегенде, бажы салыгы кымбатка түшүп калат. Казак бауырлар бизге жалган декларация менен товардын суммасын ит бекер көрсөтүп, көлөмүн документ кагазда эки-үч эсе азайтып берет.

Айдоочу жигитке өзү тууралуу айтып берген жагат шекил, чырагына май тамып бизнеси тууралуу Жоробайга бир топ нерселерди божурап кирди:

– Кыргызстандын бажысында өзүбүздүн братандар иштейт. Аларга долясын таштайбыз, бажыдагы братандар шефтердин, ИИМдин жетимдерин, прокуратура – ушунун баарынын ооздорун өздөрү жабат.

– Антпей эле, мыйзамдуу түрдө кылсаңарчы? – кеп кызыгына кирген Жоробай суроо узатты.

– Баарын мыйзамдуу түрдө кылсак, анда Кыргызстан мамлекетинин бажы салыгы бизге бир топ кымбатка түшүп калат. Мындай жол менен алып өтсөк, бажы салыгы катары Кыргызстанга арзыбаган “копейка” акча төлөйсүң. Жолдо да эч ким текшербейт.

– Аа, түзүк, иним. Бизнесиң жакшы экен. Жараткан сага эселеп берсин.

– Иншаалла, таксыр. Айтканыңыз келсин.

Авто-унаада экөөнөн башка жан жок. Айдоочу жолдо божурап сүйлөшүп келгенге гана бир жүргүнчү алып, жолго чыккан шекил. Анын ниети кабыл болуп, экөө бир топко дейре божурашып келишти. Айдоочу жигит өзүнүн бизнеси, жыгач менен мебелди кыргыздын бажы кызматына ит бекер салык төлөп, кандайча алып өтсө болор схемасын шашпай айтып берди. Андан тышкары Жоробайга ыйман, дин тууралуу, адал менен арам, Кудай тууралуу көпкө масала айтты. Бир аздан соң айдоочу жигит Жоробайга суроо узатты:

– Кайда иштейсиз, аке?

– УКМКда.

– Ыя?! – жигит чочуп кетти. – Кайда дейсиз?

– УКМКда, – деп Жоробай жезде дагы кайталады.

– Аа, түзүк, аке. Түзүк…

Жоробай жезде Россиядагы ишкер бажасы тартууга берген кымбат баалуу саатын чөнтөгүнөн алып чыгып, оң колуна такты. Шымынын чөнтөгүн аңтарып, кызыл тыштуу кызматтык күбөлүгүн кармалап көрүп, төш чөнтөгүнө салып койду. Мунун баарын айдоочу жигит көз кырынан байкап келатты. Анан Жоробайдан жигит майин-жумшак сурады:

– Ош тарапка иштер менен келдиңизби, байке?

– Жок, келбейт деле болчумун. “Президенттин” жеке тапшырмасы менен атайын келдик да, – Жоробай жезде күлдү.

– Мурда кайда иштедиңиз эле, байке? – айдоочу жигит абайлап сурады.

– ИИМде “особый отделде” иштедим, кийин шеф УКМКга өзү которуп алды. Бул жакта да өзүм иштеп көнгөн “особый отделде” иштеп жүрүмүн, солай энди, бауырым – Жоробай айдоочу жигитти эмне дейт экен дегенсип сынай тиктеп, кытмыр күлдү.

Жигит лам деп ооз ачкан жок. Бир топко дейре алдыны ойлуу тиктеп айдап келди да, Жоробайдын ачуусуна тийип албайын деп, кыйтыр сурады:

– Кай жерден болосуз, байке? (“Кай жердин азаматы болосуз?” – деп сурабапмын деп ичинен өкүнүп калды.)

– Алайдан.

– Аа, түзүк, түзүк! – айдоочу жигит кубанып кетти. – Мага тага болот экенсиз. Менин ыраматылык чоң энем: “Түпкү тегим Алайдан” – деп айтып калчу эле.

– Сен анда мага жээн болот экенсиң.

Ошол маалда Жоробай жезде терезеден жол боюн караса, “Өзгөн пивосу” деген жазуу көзүнө урунду. Пиво көзүнөн учкан жаны оозунан ушул сөз кантип чыгып кеткенин билбейт:

– Ай, жаныбар өзгөн пивосу! Бир кружканы култ-култ тартып жиберсе…

Жигит ушуну күтүп тургансып чукул токтоп, Жоробайга кайрылды:

– Пиво ичесизби, тага? Ичиңиз, тага, иче бериң.

Жоробай чукул токтогон унаадан түшмөкчү болду эле, жигиттин чый-пыйы чыгып кыйкырды:

– Олтура бериңиз, тага! Өзүм айдап барам.

Катуу ылдамдыкта пиво саткан күркөдөн бир топко узап кеткен авто-унаасын арты менен айдап келди. Жоробай жезде жигитти жолдо кармагысы келбеди, бир бөтөлкө өзгөн пивосун идишке куйдуруп, авто-унаага кайтып келип, жайына олтурду.

– Мен азыр келем, тага.

Жигит авто-унаадан ыргып түшүп, пиво саткан күркөгө чуркап кирип кетти. Бир аздан соң колуна он литрлик идишке куюлган пивону, беш-алты даана ышталган балык көтөрүп жетип келди да, баарын Жоробайга сунду:

– Бул жээниңизден Сизге падарке, тага. Бишкекке жеткен соң, дос-жарлар менен жыргап ичип коюңуз. Азыр пивону карандай ичпей, мынабул балык менен ичиңиз.

– Аай-иий, жээним! Жөн койсоң деле болмок. (“Ушуну ырас кылдың да!” деп аз жерден айтып жибер жаздап, кайра сөзүн оңдоп кетти.)

Жолду катар бөтөлкөдөгү муздак пивону ышталган балык менен сугунган Жоробайга жол азабы, көр азабы деле анча билинбей калды. Чычканга киргенде жээни Жоробайга кайрылды:

– Жүрүңүз, тага. Биртке шам-шум этип алалы.

Тага-жээн унаадан түшүп, ээрчишкен бойдон кафеге кирип кетишти. Жоробай жезде сыртта турган сөрүгө олтуруп биртке эле тамак ичерин айтса, ага көнбөгөн жээни болбой жатып кафенин тээ төрүндөгү жабык кабинага жетелеп кирди. Жоробай жезде бети-башын чайкап, кабинага кайрылып келсе, жээни тамакка буюртма берип салыптыр. Бир аздан соң эки-үч официант кыз буйрулган тамакты көтөрүнүп, кабинага кирип келишти. Тамактын түрү жайнайт: казы-карта, чучук басылган беш бармак, козу шорпо, шишкебек, суусундуктар. Жоробай жезде ичинен таң калып койду, сыягы жигит тең жегенди теңирим сүйүптүр деген жан көрүнөт, өзүнө буюрган тамактан Жоробайга да айттырган тура. Жоробай жезденин шашма жаны тамактын акчасын алдын-ала төлөгөнү ирик беш миңдик акча сунду эле (шылтоо менен майдалатып алайын деп да ойлогон), жээни колун жаңсап:

– Жөн эле коюң, тага. Мен баарын төлөп койдум.

Жоробай жезде буга ичинен чын акам таң калды. Көзүмө көрүнчү көрүнүп, азыткы азгырып жаткан жокпу деген да ой кетти. “Тамагыңыздар таттуу болсун” деп коюп, чыгып бараткан официант кызга айдоочу жигит кайрылды:

– Коньяк жок беле, чоң кыз?

– Бар.

– Анда тагам экөөбүзгө бир коньяк.

– Жарайт.

Кетип бараткан официант кыз бир нерсени эстегендей, артына кылчайып, айдоочу жигитке айтты:

– Бирок эскертип коёюн, байке. Бизде коньяктын эң арзаны бир жарым миң сом.

– Таза коньяк канчадан? – айдоочу жигит сурады.

– Баары эле таза, – деди официант кыз. – Жакшылары эки миң сомдон.

– Анда бизге эки миң сомдуктан бирди.

– Жарайт, байке.

– Батыраак болсун, чоң кыз.

– Макул, байке. Баары Сиз айткандай болот.

Көп өтпөй официант кыз бир шише коньякты эки ыстакан менен көтөрүп келип, столго койду да, коньяктын оозун ачып, чыгып баратып экөөнө дагы жайдары кайрылды:

– Тамагыңыздар таттуу болсун. Келип туруңуздар.

Саартан бери оозуна түзүк наар албаган Жоробай жезденин тамакка табити эми араандай ачылды. Беш бармактан шашпай жеп, шишкебектен ооз тийгенче алдыга келген коньяктан алып олтурду. Маңдайында коньяк куюп олтурган айдоочу жигитти астыртан карап коёт. Бир таң калганы: алгач көзүнө букадай көрүнгөн арстан айбат жигит эми көзүнө кичирейип кеткенсип бүжүрөп көрүндү. Эмнеден улам экени түшүнүксүз, муну ичке кирген коньяктын кубаты деп ойлоду, адам ичкенде, шер тартып калат эмеспи.

Жоробайды астыртан тиктеген жигит бир нерсеге ичинен өтө таң калды: Кызмат сүрү, мансап сүрү деген такыр башка тура. Үстүнө костюм-шым кийип, галстук тагынган кишини алгач көргөндө, катардагы эле адамдын бири деп ойлогон. Азыр эми төрдө шишкебектен жеп, коньяктан шашпай ичип олтурган бейтааныш кудум эликтин башын кажып олтурган тажаал арстандай туюлду. Көрсө, кызматтан кызматка көтөрүлгөн, чокусун жеген кексе бирөө тура. Жоробайды таз башы андан бетер сүрдүү көрсөттү: чачын бекерден жеди дейсиңби, бул бир чокусун жеген кексе чекист да. Саатты сол колго эмес, оң колго тагынганы эле эмнени каңкуулап турат, жөнөкөй адам эмес кыскасы. УКМКнын адамы эч качан тааныш-тунуш менен ичимдик ичпейт. Ичиндеги сырды айтып салыштан коркот, булар ушинтип жалгыздап ичишет. Бул жетимдер сенин бир тууган жээн, карын бөлө, куда-кудагый экениңе да карашпайт, адамдын ичин аңтарган кишилер. Кишиге жакшылыгы жок, кыскасы. Айдоочу жигит бир күн ушул таз баштын алдында шөмтүрөп сурак берип олтурганын элестетип, заманасы куурулуп, денеси дүркүрөй түшүп, чекесинен муздак тер кетти.

Тамак желип, коньяктын шишеси бошой түшкөндө, Жоробай жезденин чекеси нымшып тердеп, калжыңдап сүйлөп да, ырдап да чыккысы келди. Бирок “президент” аялынын жолго чыгарда ватсаптан: “Жолдо шалпыңдап ичип-чычпай, чыкыйып жакшынакай кет…” – деген сөзүн эстеп, айдоочу жигиттин мечит салган такыбалыгын эске алып, азыраак сүйлөп, өзүн салмактуу кармагысы келди. Бул ирет бажаңдап көп сүйлөгүсү келбеди, сыр бербеген тыңчы сыңар өзүн мизирейип бир сырдуу кармоого белсенди. Анткен сайын жанындагы жээни андан бетер кичирейип, эчтекеге арзыбаган чекитке айланып, жоголуп бараткансып туюлду.

Кафеден чыгышкан соң, Жоробай авто-унаа тарапка сүзүлө басып келди. Жаны жер тартып, көзү үргүлөп баратты. Авто-унаага келсе, айдоочу жигит орундуктарды жаткырып, кенен төшөк салып коюптур. Жоробай төшөктө кеңири жатып кетмей болду. Унутуп кала электе деп шашкан жаны жигитке жол кире акысын сунду эле, жигит Алланын ыраазычылыгы үчүн бекер алып кетерин айтып, сунулган акчаны албай койду. Башы жаздыкка тиер замат чарчаган жаны корулдап уйкуга кетти. Анын уктап жатканынан пайдаланган айдоочу жигит, кафенин артына өтүп, аялына телефон чалып кирди:

– Туут-тут-туут…

– Алло, жаным – телефондон уйкусураган аялдын үнү угулду. – Тынч-аман келатасыңбы?

– Алло, Жайнагүл. Уктай элек белеңер? – аялынан сурады.

– Жатканыма үч сааттан ашты, – деди аялы уйкусурап. – Эмне болду?

– Сен бул кишини кайдан таптың эле?

– “Оштон Бишкекке кетем, бир адам” деп ватсап группага өзү жазган. Эмнеге?

– УКМКда иштейм дейт ко?

– УКМКда иштесе эмне экен? УКМКнын адамы жаныңды сууруп алмак беле. Алып келе бер жөн эле.

– Мен келесоо буга Казакстандан кантип темный ход менен товар алып кирерибизди төкпөй-чачпай баарын айтып берип жатпаймынбы.

– Ыя?! – аялы чочуп кетти. Уйкулуу көздөрү умачтай ачылды. – Бок жегени айтасыңбы, көк мээ!

– Мунун УКМКда иштерин билди дейсиңби, – деди жигит бүшүркөп. – Айтарын айтып алып, эми өзүмдүн жүрөгүм түшүп жатат.

– Чала болот сага! – аялы кыйкырды. – Эми тилиңден сүйрөп барып, камап салсын! Шүмүрөйүп сурак берип жата бересиң, эшек!

– Мени кечирип койчу, Жайнаш.

– Ай, мээси жок келесоо! – аялы булкунду. – Өзүң айылга мечит салсаң, аз өтпөй УКМКда уурулукка шектелип кармалып, түрмөдө жатсаң, ушул кылганың жакшыбы эми?

– Албетте жакшы эмес, – деди жигит бүжүрөп. – Мен деле эптеп тиричилик кылып жүргөн бир бакырмын да.

– Э, тиричилигиң көтүңдө калгыр! – аялы ажылдап берди. – Түрмөгө өзүң кетсең да мейли эле, өзүң менен кошо товар ташыган эки ажы кайнагаңды, беш убак намаз окуган бир тууган иниңди кошо ала жатасың! Биздин урукту элге бүт уят кылып тынасың, келесоо! Угуп жатасыңбы мени?! Кайнатаң менен кайненең ажыга барып келген такыба адамдар!

– Иий, неңдискей турмуш, ай! – муну укканда жигиттин күйбөгөн жери күл болуп түтөп кетти. – Неңдискей куу турмуш, ай! Ит турмуш, ай, неңдискей шум турмуш!…

– Тилиңден көр, тантык! – телефондон аялы кыйкырды.

– Жайнаш, мени уксаң, – жигит аялынын жинине тийип албайын деп майин үн катты. – Бул киши Алайлык, мага тага болот экен.

– Тагаң болсо, эмне кылайын!

– Сен кыйкырбай, сөздү ук, жаным. Мен эрте менен саат ондорго үйгө барып калам. Биз баргыча үстүнкү кабаттагы VIP-залга дасторкон даярдап койчу.

– Дасторконго сенин тилиңди туурап коёмунбу?!

– Жок, жаным Жайнаш. Биздин барышыбызга бүтүн козу-гриль заказ кыл. VIP-залдын кондиционерин иштетип кой. Алайлык тагам ичимдик ичкен киши экен. Ошого жаныбыздагы соода борборуна бар да, коньяктын эң кымбатынан эки-үчтү ал.

– Жарайт, – деди аялы.

– Мени бир жолу кечирип койчу, жаным. Коньяктын арзанынан эмес, эң кымбатын ал. Уктуңбу, алтыным Жайнаш?

– Туут-туут-туут… – аялы жооп бербестен, телефонун өчүрүп таштады.

Жоробай жезде көзүнө шоолдоп тамган жарыктан улам ойгонуп кетти. Көзүн ачса, авто-унаа ичине салынган кенен төшөктө жатыптыр. Төшөккө кандайча жатып калганын билбейт. Акырын башын көтөрүп сыртты карады. Өмүрү көрбөгөн ээн талаада баратканын сезгенде, жүрөгү шуу дей түшүп, оозуна тыгылды. Акырын башын буруп алдыны карады. Кара торусунан келген өгүздөй жигит алдыны тиктеген калыбында авто-унааны зуулдата айдап баратат. Бул жигитти кайдан көргөнүн көпкө эстей албай жатып, бир топтон кийин араң тааныды. Кечээ ушунун авто-унаасына олтуруп, борборду көздөй жол тарткан. Айдоочу жигит жолдо эмнелер тууралуу айтып бергенин бүт эстеди. Жоробай бир укканын эч унутпай турган. Бир аздан соң тээ алыстан карарган айылдын карааны көрүндү. Жоробай жөтөлүмүш болду эле, жигит күзгүдөн ага жылмайып кайрылды:

– Кутман таң, тага! Жакшы эс алып турдуңузбу?

– Ой, мен кайда жатам? – Жоробай түшүнбөгөндөй суроо узатты. – Кайда баратам деги?

– Ха-ха-ха… – буга жооп катары кара тору топучан жигит шаңдуу каткырды. – Сизди кыйналбай, жатып кетсин деп, төшөк салып бердим да. Астыга, менин жаныма өтүп алың, тага.

Авто-унаа жол боюндагы соода имараттардын бирин өбөктөй барып токтоду. Жоробай жезде имараттын ичине кирип кетип, ажатканасында бети-башын бир сыйра чайканып, кайра чыгып келди. Сокулук айылын аралап, Бишкекке жакындап калышкан. Айдоочу жигит кеп баштады:

– Сураша келсе, кыргыз кыргызга тууган чыгат дейт. Сиздей тагамды тапканыма кубанычтамын.

– Аа, ыракмат, жээним. Өркүнүң өссүн.

– Эми бир тилди алың, тага, – айдоочу жигит собол таштады.

– Ии, жээним, кулак сенде.

– Үйгө дасторкон даярдатып койдум эле. Кадырлуу коногум болуп кетпесеңиз, Сизге таарынам, тага.

– Аай-иий, жээним. Жөн эле койчу ушуну.

– Жөн эле коё албайм, тага. Үйүңүзгө дейре өзүм жеткирип коём.

Жоробай жезде көңүлчөөк жан эмеспи, муну каалабай турса да, “чакырган жерден калба” деген оюна кылт этип, баш тартып коё албады. Жигиттин көөнү үчүн гана бир-эки саат олтуруп, кайтууну чечти. “Бул жигитке менин эмнем жагып калды экен? Же жөн гана жылдызыбыз келишип калдыбы?” – ушуну ойлой берип, башы катыды.

– Сизде бир ишим бар, тага, – бир маалда жигит алдынан көз албай айдап баратып, ага дагы кайрылды.

– Ии, жээним. Коош, кулак сенде.

– Жакында Казакстандан крупный товар алып киребиз. УКМКда иштейт экенсиз. Башкага бергенди Сизге берип, бул жагын Сиз аркылуу сүйлөшсөк кантет? Долясын жакшы чыгарып берем, – жигит Жоробайга үмүт менен карады.

– Ой, жок, жээним. Бул менин колумдан келбейт, – Жоробай дароо баш тартты.

– Эмнеге, тага? – айдоочу жигит ага жалдырай тиктеди.

– Мен УКМКда лөкүйгөн кызматта иштесем, анда бир жөн эле. Короо шыпыргычтын колунан мындай иш келмек беле?

– Ыя?! – жигит чочуп кетти. – Короо шыпыргыч дейсизби?!

– Ооба, УКМКнын короосун шыпырып иштейм.

– А Сиз мурда ИИМде “особый отделде” иштегем деп айттыңыз го?

– Ооба, ИИМде да бак сугарган кароолчу, кийин короо шыпыргыч болуп иштедим. Кийин шеф ИИМден УКМКга которулганда, менин кызматымды жактырып, өзүнүн жанына – УКМКнын башкы имаратына которуп алды. ИИМдин, УКМКнын адамдары бизди тамашалап “особый отдел” деп тергешет, – Жоробай жигитке карап жылмайды.

– Президенттин жеке тапшырмасы менен Ош тарапка келдим деп айткандай болдуңуз эле.

– “Президент” деп мен аялымды айттым. Жеңеңди тамашалап “президент” деп тергеп коём.

– М-м-м… Түшүнүктүү.

Андан ары жигит лам деп ооз ачкан жок. Жоробай жезденин ак көңүл жаны буга түтпөй, анын көңүлүн калтыргысы келбеди окшойт, төш чөнтөгүнөн кызыл тыштуу кызматтык күбөлүгүн алып чыгып, жигитке ачып көрсөттү:

– Мына, жээним. Калп айтсам, өлөйүн.

Айдоочу жигит үңүлүп караса, күбөлүк ичине Жоробайдын сүрөтү чапталып, чоң тамгалар менен “БИШКЕК ШААРДЫК ТАЗАЛЫК КЫЗМАТКЕРИ” деп бадырайта жазылып турат. Үстүнөн оор жүктү түшүрүп салгандай жигит өзүн жеңил сезип, жаны жай ала түштү. Баш тамыры чыңалып калганы өзүнө эми араң сезилди. Аңгыча сапар карып, авто-унаа “Ош” базары тушка келип токтогондо, айдоочу жигит Жоробайды карабай туруп үн катты:

– Келдик, жолдош УКМК.

Авто-унаадан түшөр алдында Жоробай жезде жолду катар сыйлап келген жигитке ичи жылып, алакан жая көпкө эбиреп-жебиреп батасын берди. Андан соң сумкасын алып, жолдо айдоочу жигит сый катары алып берген он литрлик пивону көтөрө түштү. Көңүлчөөк жаны артына бурулуп, авто-унаанын ачык терезесинен жигитке дагы кайрылды:

– Ишиң ар дайым илгери болсун, жээним. Эки тоо көрүшпөйт, эки адам…

Айдоочу жигит анын сөзүн аягына дейре укпастан, баасы жүз элүү миң долларды чапчыган жапжаңы лексус унаасын зуу айдап жөнөдү. Ал узап кеткен соң, Жоробай жезде бир нерсеге катуу өкүндү: ыраазычылык катары айдоочу жигитке кайненеси салып берген сары майдан бир бөтөлкө, кышкысын эзип ичкенине түйүнчөктөгү куруттун жарымын берип коюшту унутуп калыптыр. Эй, эсиңе жара чыккырдыкы!

Айдоочу жигит өзү үйүнө конокко чакырып алып, кайра унчукпай койгонуна капа деле болгон жок. Бирок жолду катар пиво, тамактан бери алып берип сыйлап, жөн алып келбей, төшөккө жаткырып, бекер алып келген меймандостугуна такыр эле акылы жетпей койду. Эмнеден улам минтти экен? Балким мыйзамдуу, туура жол менен күн кечирген, жүрөгүндө ыйманы бар жан чыгар. Айылына мечитти бекеринен салды дейсиңби.

Кызмат сүрү алгач бул жерде - Адабий Ордо жарыяланды.