Архивы Кэнко-Хоси Ёсида - Адабий Ордо

Кэнко-Хоси Ёсида: “Зериккенде жазылган ой толгоолор”
Биринчилерден баа бериңиз!

Кэнко-хоси (кечилдик аты, чыныгы аты Урабэ Канэёси) [болжол менен 1283-ж., Киото (?)–1350/52], жапон жазуучусу. Ёсида синтоисттик ибадатканасынын башчысынын үй-бүлөсүндө туулган. Он жети жашынан императордук сарайда кызмат кыла баштаган; поэтикалык антологияларды түзүүгө катышкан, ага өзүнүн ырлары да кирген. 1324-жылы император Го-Уда каза болгондон кийин Кэнко-хоси монахтыкка өткөн. Көп саякаттап, ырларды жазууну улантып, замандаштары тарабынан “жапон поэзиясынын төрт асмандык кожоюндарынын” бири деп аталган. Өмүрүнүн акыркы жылдарын Ига провинциясындагы жалгыз чатырда отурукташып өткөргөн. Дал ошол жерде, уламыш боюнча, анын атактуу “Зериккенде жазылган ой толгоолор” (“Цурэдзурэгуса”, 1331, жарык көргөнү 1902) табылган, алар будда сутраларынын барактарынын арткы бетине жазылган. “Жазуулар…” дзуйхицу (эссе) жанрына таандык жана өз алдынча, сюжеттик жактан байланышпаган бөлүмдөн турат. Алардын көбүнчөсү адам, анын руханий дүйнөсү, артыкчылыктары жана кемчиликтери жөнүндөгү философиялык ой жүгүртүүлөрдү камтыйт, алар өткөн мезгилдерге болгон сагыныч менен коштолгон.

Кэнко-хосинин “Зериккенде жазылган ой толгоолору” (Цурэдзурэгуса), Сэй Сёнагондун “Баш жаздыктан жазылган жазуулар” жана Камо-но Тёмэйдин “Кечилдин жазуулары” сыяктуу жапон классикалык прозасынын шедеврлери менен катар, “калемдин артынан” дегенди билдирген дзуйхицу жанрынын бермети болуп саналат. Эмне келип, эмне көрүнгөнүн, жандын бир гана кыймылына баш ийип жазуу – ал эскерүүбү же күтүлбөгөн ойбу, турмуштук көрүнүшбү же жашоо, адамдар жөнүндөгү ой жүгүртүүбү – бул дзуйхицу. “Зериккенде жазылган ой толгоолор” – бул бири-бирине тизилген, бири-бирине жабышкан, жаңыртылган, бирок бири-биринин эркиндигине кол салбаган адам, анын чыныгы табияты жөнүндөгү ойлор. Максатсыздык – алардын максаты, сулуулук – алардын долбоору, – насаат айтуу эмес, акылдын жарк эткен учкундары менен жашоонун караңгылыгын жана адамдын жашыруун сулуулугун жарык кылуу.

Бул эмгек орус тилинен кыскартуулар менен которулду.

Кечке бош отуруп, зериккениңден алдыңа сыя челекти коюп алып, эмнегедир оюңа келген ар нерселерди чиймелей баштасаң, ушундай бирдемелер жазылат – окуп алып жинди болуп кете жаздайсың.

1

Ошентип, сиз ушул чакчелекей дүйнөгө туулуп келдиңиз, сизди өкүндүрө турган көп нерселер али алдыда.

Императордун абалын ойлогондон да коркосуң. Бул ыйык адамдардын тээ түпкүрдөн берки ата-бабалары асылзаадалар – алар карапайым адамдардын теңи эмес.

Ал тургай жөнөкөй адамдар кызматка туруп, атка минерлердин катарына кошулганда өздөрүн бир топ салабаттуу сезишет. А жогорку кызматтагылар тууралуу айтпаса деле түшүнүктүү. Алардын балдары гана эмес, неберелери да – тагдыры өзгөрүп кеткен күндө да – сөөлөттөрүнөн ажырабайт.

Тексиздер деле ыгы келсе, өздөрүнүн колу жеткен кызмат абалына жете алышат, ал учурда алар дароо көпкөлөң кебете күтүшөт. Бирок өздөрүн кандай улуу адаммын деп эсептешсе да, алар эч нерсеге татыбаган майда адамдар.

Эң эле боор ооругандай абал кечилдердики. Сэн-Сёнаган мындай деп жазган: “Адамдар үчүн алардын дөңгөчтөн айырмасы жок”, бул туура айтылган сөз, чындыгында эле ошондой.

Дардаңпоздор канчалык күч менен өкүрүп, бакырышса да, андан салабаттуу болуп кетишпейт.

Акылман Дзоганын атак-даңкка умтулуу менен Будданын окуусу бири-бири менен каны кошулбастыгы тууралуу айткандары эске түшөт. Бирок эң тазамын деген такыба кечилдин да кандайдыр бир жетсем деген тилеги болсо керек.

Мисалы, адамда бардык тарабынан караса да эң сонун, кемчиликсиз келбетке ээ болсом деген тилек пайда болушу мүмкүн. Аз сүйлөгөн адамды угуудан тажабайсың. Баарлашып жаткан адам жагымдуу болсо, аз сүйлөсө, андан тажабайсың, аны менен ар дайым сүйлөшкүң келип турат.

Сыртынан мыкты деп жүргөн адамдын чыныгы жүзү башка болуп чыкканы катуу өкүндүрөт. Сырткы келбети жана теги адамга туулганда кошо берилет, ал эми жүрөк – эгер аны бир акылмандыктан андан да ашкан акылмандыкка жетелесең – ал эмне, көнбөйбү?

Эгер адамдын сырткы келбети келишимдүү болуп, бирок жан дүйнөсү жакыр болсо, ал оңой эле тексиз жана одоно адамдардын таасирине кирип, ошолорго окшоп калат. Бул аянычтуу.

Эң эле керектүү нерселер: чыныгы акылдуу чыгармаларды, поэзияны, жапон ырларын үйрөнүү; үйлөмө жана кылдуу аспаптарды өздөштүрүү; ошондой эле ырым-жырымдар жана каада-салттар жөнүндө билим алуу. Эгер адам муну өзүнө үлгү катары кабыл алса, сонун.

Кол жазмаң тайталаңдабай жана даана болушу абзел; жагымдуу үнүң болсо, дароо туура нотаны ал; уялып турсаң да, ичкиликтен баш тартпа – бул эркек үчүн жакшы.

2

Өзүн ашыра баалап, байлыкка умтулуп, эски акылмандардан калган башкаруунун негиздерин унутуп, элдин кайгы-муңун, үмүт-тилектерин эсинен чыгарып жана өлкөдөгү иштердин начарлашынын себептерин түшүнбөгөн адам, мен үчүн жек көрүүгө татыктуу, акылсыз адамдай сезилет.

«Колуңда бар нерселердин баарын пайдалан – кийимдерден баштап, баш кийимдерге, аттарга жана бука унааларына чейин. Сырттагы кооздуктарды издөөгө умтулба», – деп айтылат Кудзё мырзанын калтырган керээзинде.

Ордодогу иштер жөнүндө ойлонуп, кечилчилик кылган император Дзюнтоку да: «Императордук нерселер – начар болсо да жакшы», – деп жазган.

3

Сүйүү жөнүндө түшүнүгү жок эркек, дүйнөдө теңи жок акылдуу болсо да, баасы төмөн, түбү түшкөн кымбат баалуу идишке окшош. Сүйүүнүн ырахаты, анын ысык-суугуна чыдап, ата-эненин тилдегенине жана элдин ушагына кайыл болуп, бир мүнөт да тынчтык таппай, ойлор ар тарапка чачырап, ээндеп барып жатып, бир түн да тынч уктабай калганында!

Ошол эле учурда, аялга сизди жеңил олжо катары эсептешине жол бербеш үчүн сүйүүдөн башыңды жоготпой, чын жүрөктөн аракет кылуу керек.

4

Бул дүйнөгө кайрадан жаралып келериңди унутпай, Будданын окуусунан кетпөө – суктанарлык энчи.

5

Адам бактысыздыкка туш болгондо кайгыга батып, шашылыш чечимдерди кабыл албаганы жакшы. Ал эми эшиктин сыртындагылар укпаш үчүн эшикти жаап алып, келечектен эч нерсе күтпөй жашап, тынчтыкта таңды жана кечти тосуп алуу керек. «Жерде жаткан айды күнөөсүз көрөм», – деп айтканда Акимото-но-Тюнагон дал ушунтип ойлогон болуш керек.

6

Кызмат абалында бийик даражага жеткендер, өзгөчө сансыз адамдардын үстүнөн бийлик жүргүзгөндөр балалуу болбой эле койгону жакшы. Мурдагы ханзаада Тюсе, биринчи министр Куджё, Солчул министр Ханазоно – баары өз тукумун улантууну токтотууну каалашкан.

Ал эми министр Сомедоно, Ёцуги аксакалдын жомокторунда жазылгандай, мындай деп айтчу: «Укум-тукумдун жок болгону жакшы, бирок алардын бузулушу жаман». Ал эми ханзаада Сётоку өзүнүн күмбөзүн даярдап жатканда, уламыштарда айтылгандай, мындай деген: «Бул жерден кыскарт, бул жактан азайт: менде тукум болбойт деп ойлойм».

7

Эгерде адам өмүрү түбөлүктүү болуп, Ада-синин түздүгүндөгү шүүдүрүмдөй бир сонун күнү жок болуп, Торибэ тоосунун чокусундагы түтүндөй тарап кетпесе, анда дүйнө мынчалык сырдуу болмок эмес. Дүйнөдөгү эң сонун нерсе – анын өзгөрүлүп тургандыгы.

Кимге канча өмүр берилгенин карагыла – адамдын өмүрү эң узун. Кечке жетпей өлүп калчу май аыйынын чымындай, жазды да, күздү да билбеген жайкы чегирткелердей жандыктар бар. Татыктуу жашасаңыз, бир жыл деле бир топ узун.

Жашоого тойбосоңуз, анда миң жыл жашасаңыз да, жашооңуз кыска түштөй сезилет. Кебетең суук болгонун күтүп, өлөсөлүү чалга айланганда бул дүйнөдөн табарың эмне!

«Өмүрүң узун болсо, уят болгон учурлар көп болот» демекчи, карый электе өлгөн жакшы.

Бул босогодон өткөндө сырткы келбетиңизден уялбай каласыз: адамдарга кол сунуп, өмүрүңүздүн аягында урпактарыңызды гана ойлойсуз, алардын жаркын келечегин көрүү үчүн жашагыңыз келет. Сенин жан дүйнөңдү жалган дүйнөнүн маселелери гана ээлейт, кумарлар, бирок сен өзүң жашоонун жагымдуулугун түшүнбөй каласың – бул аябай жаман.

Адамдын жүрөгүн кумардан жаман эч нерсе бүлгүнгө учурата албайт. Адамдын жүрөгү кандай аңкоо! Мисалы, жыттуу нерсени алалы – бул убактылуу нерсе жана жыпар жыт кийимде кыска убакытка сакталарын баары билет. Бирок, ошого карабастан, биздин жүрөгүбүздү дайыма толкунданткан дал ушул эң сонун жыпар жыт. Элде айтып жүрүшкөндөй, кечил Кумэ бир жолу кир жууп жаткан аялдын буттарынын аппактыгын көрүп, сыйкырдуу күчүн жоготуп койгон. Чынында эле, колу-буттун тазалыгы, мүчөлөрдүн чытырап толуп турушу жана дене өзүнүн алгачкы сулуулугу менен көркөм болсо, балким, ушундай болушу мүмкүн.

8

Аялдын көркүнө чырай берген чачы, менимче, ар дайым көргөн көздөрдү кубантып, жүрөктөрдү арбайт. Анын коомдогу ордун, жан дүйнөсүнүн тереңин бир карап эле, жада калса үнүнөн да баамдоого болот.

Кээде, эгер тагдыр буюрса, аял бир эле көз ирмемде эркектин эсин оодарып, жүрөгүн жаралап коюшу мүмкүн. Бирок, чындыгында, аялдын көкүрөгүндө бир гана сезим – сүйүү оту күйүп турат. Сүйүү үчүн ал уйкусуз түндөрдү өткөрөт, өзүн эч аябайт, ал тургай адам чыдагыс азаптарга да сабыр кылууга даяр.

Сүйүү кумарынын табиятына келсек, чындыгында – анын тамыры терең, башаты алыс. Алты жамандык кумарлуу каалоолорго толо дешсе да, аларды жек көрүп, өзүңдөн алыстатууга болот. Бардык каалоолордун ичинен бир гана нерсени жеңүү кыйын, – бул сүйүү кумары. Бул жерде, көрүнүп тургандай, кары да, жаш да, акылдуу да, келесоо да бири-биринен анча алыс эмес.

Ошондуктан, айтышат: аялдын чачынан жасалган аркан менен күчтүү пилди да байлап алса болот, ал эми аял кийген бут кийимдин таманынан кесип алып жасаган ышкырык менен токойдогу кийикти дароо эле азгырып аласың.

Эң аяр мамиле жасап, сактануубуз керек болгон эң коркунучтуу нерсе – бул сүйүү кумары.

9

Үй, эгерде ал биздин муктаждыктарыбызга жана кыялдарыбызга жооп берсе, анда өзүнүн кайталангыс сүйкүмдүүлүгү бар. Бирок, биз аны убактылуу гана баш калкалоочу жай катары кабыл алабыз. Жакшы табити бар адам жашаган үйдө, айдын нурлары дагы да сүйкүмдүү болуп көрүнөт.

Үй кооз же кымбат болбосо да, картаң бактын көлөкөсү түшүп, бакчада өсүп чыккан гүлдөр көңүлүңдү көтөрсө, веранда жана короо жайлар табити менен жасалгаланып, ал тургай эски буюмдар да өткөн күндөрдү эске салып, көзгө сүйкүмдүү көрүнүп турса – мунун баары жүрөккө жылуу сезим тартуулайт.

Ал эми көптөгөн чеберлер тарабынан жасалган кооз үйлөрдө, катар-катар тизилген кымбат баалуу кытай жана жапон буюмдары, жасалма бакчалар көздү чарчатып, жүрөктү кысылтып жиберет.

Мындай үйдү карап туруп: «Бул жерде узак жашаса болот, бирок мунун баары көз ачып жумганча жок болуп кетиши мүмкүн!» – деп ойлойсуң.

Адатта, үйдүн көрүнүшүнө карап, анын ээси ким экенин билүүгө болот. Министр Готокудайджинин сарайынын үстүнө, бүркүттөр конбосун деп, жип тартылган экен. Аны көргөн акын Сайге:

– Бүркүт консо эмне болмок эле?! Бул төрөнүн жан-дүйнөсү кандай экенин көрсөтүп турат! – деп, аны менен жолугушуудан баш тарткан дешет.

Бул окуя мага ханзаада Ая-но Кодзи жашаган Кодзакадоно сарайынын чатырына да жип тартылганын эске салды. Ошондо бир адам мага:

– Бул жерге каргалар көп келет. Ханзаада алардын көлмөдөн бакаларды кармап жеп жатканын көрүп, катуу капа болот, – деген эле.

«Кандай гана сонун!» – деп ойлодум мен. Балким, Готокудайджинин да өзүнүн жүйөлүү себептери болгондур?

10

Бул окуя каннадзуки айында, Курусу деген жерде болгон. Узун чөп баскан жол менен тоо койнундагы айылды издеп жүрүп, ээн калган жалгыз алачыкты таптым.

Эч кандай дабыш жок, жалбырактардын астында калган бамбук түтүктөн гана суу тамчылап жатты. Алачыктын ичинде, акаданай текчесинде кургап калган хризантемалар жана кызыл клен жалбырактары чачылып жатыптыр: демек, бул жерде кимдир бирөө жашайт экен. Сыйкырлангандай айланага көз чаптырдым: «Ушундай жашоо да мүмкүн экен да!»

Ошол учурда, бакчада чоң мандарин дарагын байкадым. Мөмөлөрүнүн оордугунан бутактары жерге ийилип калыптыр, бирок дарак бийик тосмо менен тосулуптур. Бул мени бир аз эсиме келтирди. «Аттиң, эгер бул тосмо жок болгондо эмне!» – деп ойлодум.

11

Бирдей табити бар адам менен жан дүйнөңдү ачып сүйлөшүп, кызыктуу же жөн эле майда-чүйдө нерселер жөнүндө баарлашуу кандай жагымдуу! Эгер андай адам жок болсо, ал эми маектешиң сени менен баарына макул болуп, жөн гана убакыт өткөрүү үчүн аркы-беркини айтып отурса, жалгыздык сезими пайда болот.

Кээде ар кандай адамдар менен сүйлөшүүгө туура келет. Бирөөдөн «Ооба, албетте» дегенди гана угасың. Башкасы сага толук кошулбайт жана талаша баштайт. «Мен андай деп ойлобойм, – дейт ал, – мына ушундай себептер боюнча». Бул учурда маек зеригүүнү таркатууга жардам берет деп ойлойсуң, бирок чындыгында башкача ойлогон адам менен майда-чүйдө нерселер жөнүндө гана сүйлөшүүгө болот. Жакын досуңдун алыста болушу кандай гана өкүнүчтүү!

12

Чырактын жарыгында китепти ачып, көзгө көрүнбөгөн дүйнөнүн адамдары менен достошкондон кийин, эч нерсе менен салыштырылгыс ырахат аласың. Бул китептер – «Адабий тандоо жыйнагы», «Бо мырзанын чыгармалар жыйнагы», Лао-цзынын накыл сөздөрү, «Наньхуадан келген акылмандын канондук китеби» – керемет түрмөктөр. Биздин өлкөнүн окумуштуулары тарабынан жазылган байыркы чыгармалар акылмандыкка толгон.

13

Жапон ырлары абдан кызыктуу. Атүгүл жек көрүндү токойчунун эмгеги да ал жөнүндө ырдалганда улуулана түшөт; ал тургай коркунучтуу каман да «Уктап жаткан камандын төшөгү» деп айтылса, боорукер болуп көрүнөт.

Азыркы ырларда айрым саптар абдан чебердик менен түзүлгөндөй сезилет, бирок алар эмнегедир эски ырлардай эмес. Анда баары – бир гана сөздөр эмес – сүйкүмдүүлүккө толгондой сезилет.

Цураюки мындай деген:

«Жиптен өрүлбөсө да (айрылуу жолу)»

Бул «Байыркы жана жаңы ырлардын жыйнагындагы» эң начар деп эсептелген ыр дешет, бирок ошентсе да мындай сөздү биздин замандашыбыз жазбаганы дароо эле көрүнүп турат. Ошол кездеги ырларда мындай сөздөр өзгөчө көп кездешчү. Эмне үчүн бул аталыш дал ушул ырларга таандык болуп калганын түшүнүү кыйын. «Гэндзи тууралуу баянда» алар мындай деп жазылган:

«Өрүлбөсө да (ажырашуу жолу)…»

Ошол эле нерсе «Байыркы жана жаңы ырлардын жаңы жыйнагынан» алынган ырларда да айтылат:

Жашыл ийнеси түшпөгөн карагай да,

Кайгы-муңга толгон баштары.

Чынында эле, формасы боюнча алар бир аз байланышсыз көрүнөт, бирок Иэнаганын күндөлүгүндө поэтикалык мелдештер учурунда сурамжылоодо бул ыр эң сонун деп табылгандыгы жана улуу даражалуу инсандар, айрыкча бул ырга таасирленип, андан кийин да ал жөнүндө мактоо менен айткандары жазылган.

Илгертен бери ыр түзүүнүн мыйзамдары гана өзгөрбөйт дешет. Мен билбейм, бул чынбы же жокпу. Байыркы акындардын сөздөрү менен жазылган ырларды окусаң, азыр да жаңырып тургандай, таптакыр башкача таасир калтырат. Алар жеңил, көрктүү, формасы боюнча таза жана сүйкүмдүүлүгү боюнча тереңдей сезилет. Рёдзинхисё жыйнагынан алынган эйкёку ырларынын сөздөрү да сүйкүмдүүлүккө толгон.

Байыркылардын оозунан баары кандай сонун угулчу, ал тургай кокустан чыгып кеткен сөздөр да!

14

Кичинекей саякат да адамды сергитип, көңүлүн ачат. Кайда барбаңыз, көз жоосун алган кооздуктарга күбө болосуз. Жөө басып, айланаңызды байкап карасаңыз, жөнөкөй айылдарда да, тоо койнундагы кыштактарда да таң калыштуу нерселерди кезиктиресиз. Шаарда жүргөндө көңүл бурбаган майда-чүйдө нерселер да саякатта өзгөчө мааниге ээ болот. Балким, борборго кат жазып: “Керектүү иштерди унутпа”, – деп эскертесиз. Бул да өзүнчө бир кызык.

Саякатта баары көңүлдү бурат: жөнөкөй буюмдар да жагымдуу көрүнүп, таланттуу адамдар адаттагыдан да сулуу сезилет.

Ошондой эле, элден жашырынып, ибадатканага же ыйык жерге кирүү да кызыктуу окуяларга бай болушу мүмкүн…

15

Кагура бийи көркөмдүүлүгү жана кызыктуулугу менен айырмаланат. Музыкалык коштоодо флейта менен хичирикинин үнү өзгөчө жагымдуу. Бирок бива менен жапон арфасынын коштоосунда аткарылган бийди да көрүүнү эңсейм.

16

Тоодогу храмда обочолонуп, Буддага кызмат кылуу – жан дүйнөңдү тазартып, көңүлүңдү сергиткен, эч качан тажатпаган ыйык иш.

17

Кээ бир адамдын жөнөкөйлүгү, байлыктан алыс жашоосу, дүнүйөкорлукка азгырылбаганы чынында эле таң калтырат. Илгертен бери эле акылмандардын арасында байлар аз болгон. Кытайда Сюй Ю деген киши жашап өткөн. Анын эч кандай мүлкү жок болчу, жада калса сууну да алаканы менен иччү. Бир киши ага ашкабактан жасалган аяк алып келип берет, бирок Сюй Ю шамалга ызылдап, тынчын алгандыктан аны ыргытып жиберет да, кайрадан сууну алаканы менен иче баштайт. Карачы, анын жан дүйнөсү кандай гана таза болгон! Сон Чен кыштын суугунда төшөгү жок, бир боо саманга жатчу. Кытай эли бул окуяны укмуштуудай деп эсептеп, урпактарына мурас катары айтып келишкен. Бирок биздин арабызда мындай окуялар тууралуу сөз да кылышпайт.

18

Жыл мезгилдеринин ар бири өзүнчө сыйкырга бөлөнгөн. Күздүн кооздугун баары эле баалап, анын өзгөчө жагымдуулугу бар экенин айтышат. Бул чындык, бирок менин оюмча, биздин сезимдерибизди эң терең козгогон – жаз мезгили.

Жаздын өзгөчө бир сапаты – канаттуулардын сайраганы. Тосмолордун жанында, жумшак тийген күндүн нурунун таасиринде чөптөр өнүп чыга баштаганда, жаз акырындык менен өз табиятын ачып берет: тумандар каптап, жамгыр аралаш шамал согуп, гүлдөрдү шашылыш түрдө гүлүн ачууга мажбурлайт. Жаңы жалбырактар пайда болгонго чейин, гүлдөр кыйынчылыктан башка эч нерсе көрбөйт окшойт.

Апельсин гүлүнүн атактуу жыты гана эмес, кара өрүктүн жыты да өткөндү эске салып, аны сүйүү менен эскертет. Тоо розаларынын кооздугу жана вистериянын өзгөрүп турушу да көптөгөн унутулгус байлыктарды эстетет. Бир жолу мага айтышкандай, Будданын жуунуу фестивалында жана Камо храмындагы майрамдарда, “бутактарда жаңы жалбырактар жайнап ачылганда, дүйнөнүн сүйкүмдүүлүгү күчтүүрөөк сезилип, адамдын сүйүүсү ого бетер кемчиликсиз болуп калат”. Чынында эле ошондой.

Ал эми карнизге ирис сайып, көчөт өнгөндө, же бөдөнө үнү чыккан бешинчи айда (май айында), жүрөгүң жибип, элжиребей тура аласыңбы!

Алтынчы айда жупуну алачыктын жанында ак жарык чыгарып жылтылдаган ашкабак-ыштыктын жана оттун түтүнү – чымын-чиркейлерден коргой турган көрүнүш – көз жоосун алат. Алтынчы айдын коюнунда да кандайдыр бир кооздук бар.

Ал эми жетинчи айдын кечтери кандай сонун! Күз келип, түндөр суук тартып, жапайы каздар кыйкырып учуп жылуу жер издеп кайта баштаганда, бадалдын астыңкы жалбырактары өңүн өзгөрткөндө, өзгөчө оор жумуштар башталат: шалы жыйноо, кырмандарда эгин бастыруу… Бороондун эртеси да ырахат тартуулайт.

Эгер маекти улантсак, мунун баары “Генжи жомогунда” жана “Жаздык китебинде” эбак эле баяндалганын, бирок кайра-кайра айтпай коюуга мүмкүн эместигин көрөбүз. Ойлогонуңду айтпай жүрө берген, курсагыңды бошотпой жүрө бергенге барабар. Калемиңе баш ийип, ушул бош оюнга берилип жазып чык да, анан баарын тытып ыргыт, ошондо эл кыйналганыңды көрбөйт.

Кыштын кабары келип, күздүн аяктай баштаган мезгили да жаман эмес. Көлмө боюндагы жерге түшкөн кочкул кызыл жалбырактар, жер бетин кыроо басып, аяздай аппак аткан таң, агын суудан чыккан буулар сыйкырдуу. Жыл аяктап, ар ким өз иши менен алек болгон учур да теңдешсиз ажарлуу.

Жыйырмасынан кийинки асман көңүлсүз, муздак, ачык ай, кызыксыз жана эч ким суктанбаган учур. Буддалардын атын коюу же лотостун алдына элчинин кириши сыяктуу салтанаттар сыйкырдуу жана кереметтүү. Бул убакта тойлордун, сарай ырым-жырымдарынын гүлдөп турган кези, алардын арасында келе жаткан жаз камын жеп, тынчсыздануулар менен байланышкан тынымсыз жумуштар абдан маанилүү!

Жаңы жыл түнү – бул өзгөчө учур. Адамдар көчөлөрдө жарыктарды жагып, бири-биринин үйлөрүнө кирип-чыгып, майрамдык маанайда чуркурап жүрүшөт. Түн бою созулган бул ызы-чуу, шаңдуу үндөр таң атканда акырындык менен басылып, тынчтык орнойт. Эски жыл менен коштошуу ар дайым бир аз кайгылуу сезимдерди калтырат.

Азыркы учурда борбордо “өлүктөрдүн түнү” же “рухтар майрамы” сыяктуу салттарды белгилешпейт. Бирок, чыгыш аймактарында бул салттар дагы деле жашап келе жатканы кубандырат.

Жаңы жылдын таңында асман мурунку күндөргө караганда башкача көрүнөт. Жаңы жылдык балатылар менен кооздолгон борбордук көчө адамдарга жагымдуу, кубанычтуу сезимдерди тартуулайт. Бул да бир сыйкырдуу көрүнүш.

19

Белгилүү бир дервиш, аты эсимде жок, бир жолу мындай деп айткан: “Дүйнөдөн алыс, өз алдынча жашаган адамга мезгилдин гана өзгөрүшү таасир этет.” Чынында эле, бул сөздө терең маани бар.

20

Айга көз чаптыруу жан дүйнөгө тынчтык тартуулайт. Бири айдын сулуулугуна баа берсе, экинчиси: “Эң терең сырдуулук шүүдүрүмдө жатат”, – дейт. Чындыгында, ар бир нерсенин өзүнө таандык сыйкыры бар, ал адамдын кабылдоосуна жана учурдун өзгөчөлүгүнө жараша өзгөрүп турат.

Ай менен гүлдөрдөн да адамды көбүрөөк толкуткан нерсе – шамалдын деми. Ал эми шаркырап аккан тунук суунун көрүнүшү жылдын кайсы мезгили болбосун көз жоосун алат. Төмөнкү ыр саптарын окуганда да дал ушундай сезимдерге чулганам:

Юань менен Сян тынымсыз,
Чыгышты көздөй агышат.
Кайгыга баткан адамга,
Кайдигер салкын карашат.
Суу жээгинде жалгызмын,
Ойлорум суудай агылат.
Кечээги бакыт кайда деп,
Издесем кайдан табылат.

Цзи Кан да табият койнундагы бейпилдикти жогору баалап: “Тоолорду аралап, өрөөндөрдү кезип, балыктар менен канаттууларды көрүп жүрөгүм жай табат. Таза суулар, жашыл чөптөр жана адамдардан алыс жайгашкан жаратылыш гана мени сооротот”, – деп айткан.

21

Мен үчүн байыркы дүйнө баалуу. Заманбап адеп-ахлак бара-бара начарлап бараткандай. Дасыккан устанын колунан чыккан жыгач буюмдар да байыркы формалары үчүн гана жагымдуу. Байыркы заманда кагазга жазылган сөздөр таң калыштуу болчу. Бирок оозеки сөз барган сайын начарлап баратат. Илгеркилер “арабаны көтөр” (курыма мотагейо), “чырактын отун чоңойт” (хи какагейо) дешсе, азыр “көтөр” (моте агейо), “чоңойт” (каки агейо) деп эле айтышат. Башчы кызматкерлерине “малайлар, тизилгиле!” (ниндзю тате) деп айтышы керек болчу, бирок алар “факелди күйгүз!” (Тачиакаши Широку Сейо) деп буйрушат. Улуу урматтуу “Бүткүл Багынуучу Мыйзамдын Сутрасын түшүндүрүү” аземин уккан жерди эле алалычы. Ал мурда “Эң бийик ой жүгүртүүлөрдүн алачыгы” (Гоко-но-ро) деп аталчу, азыр болсо жөн гана “ой жүрүтүүчүлөрдүн алачыгы” деп аталат. “Өкүнүчтүү,” – деди бир карыя.

22

Кылымдар бою айтылып келген уламыштардан айырмаланып, “Тогуз дарбазалуунун” даңкы өчпөй, жанып турат. Анын ыйык, ааламдан тышкаркы сызыктары көздүн жоосун алат. “Шүүдүрүмдүү терем”, “Тамактануучу жай”, ажайып залдар жана дарбазалар – бул аталыштардын өзү эле бир сырдуу поэзия!

Жөнөкөй эле үйдө да “капкактар”, “кичинекей көпүрө”, “жылма каалга” сыяктуу сөздөр кулакка жагымдуу жаңырса, анда “Тогуз дарбазалуунун” кооздугу канчалык таасирдүү болду экен!

23

“Түнгө карата жатуучу жайды даярдагыла!” деген буйруктар кереметтүү бир сыйкыр сыяктуу. Уктоочу бөлмөдөн “Чырактарды! Тез!” деген үн угулганда, бул да таң калыштуудай сезилет. Жогорку даражалуу төрөлөрдү кызмат ордунан тышкары жерде, текебер чиновниктердин жүздөрүн көрүү – бул да кызыктуу көрүнүш. Алар суук түнгө карабай, таңга чейин ар кайсы жайларда уктап жатышканы күлкүлүү эмеспи!

“Ак сарайдагы айымдар залындагы коңгуроолордун добушу жагымдуу жана кубанычтуу”, – деп айткан биринчи министр Гокудайдзи.

Тегиз жердеги Храмда принцессалар пайда болгондо, алардын көрүнүшү сөз менен жеткис кооздукка бөлөнөт.

“Будда”, “сутра” деген сөздөрдөн качып, алар “борбордогу адам” же “түстүү кагаз” деп айтышканы, чындыгында эле күлкүлүү.

Кооз ибадатканаларынан кетүү – бул кайгылуу учур. Миңдеген жылдык токойлордун көрүнүшү, “жакут тосмо”, сакаки ыйык дарагына илинген кездемелер – алар канчалык кооз!

Айрыкча Исэ, Камо, Касуга, Хэйя, Сумиёси, Мива, Кибунэ, Ёсида, Охарано, Мацуно-о, Умэ-но мия ибадатканаларынын кооздугу көздү уялтат.

24

Адамдын сезимдеринин алсыздыгы, алар кантип өчүп, соолуп калганы жөнүндө ой жүгүрткөндө, бир аз шамалдан да чыдай албай күбүлүп түшкөн гүлдүн жалбырактары сыяктуу, жоготуунун ачуусунан да ашкан кайгы каптайт. Бул жөн гана кеткен адам менен коштошуу эмес, тереңирээк угулган ар бир сөз эс-тутумда түбөлүккө кала турган башка дүйнөгө өтүү экендигин түшүнүү. Ошондуктан, таза ак түстүн булганышы мүмкүн деп кайгыргандар, бир жолдун көптөгөн жолго бөлүнүп жатканын көрүп кейигендер болгон.

«Экс-император Хорикаванын доорундагы жүз ыр» жыйнагында ушул ойду чагылдырган саптар бар:

Жүрөк тарткан эски, тааныш жол менен
Басып келдим, сени эстеп кайрадан.
Жакын болгон сүйүктүүмдүн үйү бул,
Элесиңди издеп турам алыстан.
Терезеден күткөн нурлуу көздөрүң
Эми жоктой, үй да муздап, бош калган.
Каралбаган тосмо турат кыйшайып,
Илгичтери муңдуу ырдайт дат баскан.
Өткөн күндүн элесиндей фиалкалар бакчада,
Камыш басып, желге башы силкилдеп,
Бакыт, кайгы бирге өскөндөй сезилет.

25

Мамлекетти өткөрүп берүү аземинде кылыч, жакут жана күзгү тапшырылып жатканын көрүп, сөз менен жеткире алгыс кайгы каптайт. Ошол жазда тактыдан баш тарткан монах-император мындай ырларды жазган дешет:

Саррай элине…
Жалбырактарды тазалап,
Жолду ачалы.
Гүлдөр кайра өсөт,
Бакча кайра жашарат…
Бул түйшүк – убактылуу…
Кайра жаңы таң атат.

Адамдар жаңы башкаруунун түйшүгүнө чөмүлүшөт, ал эми мурдагы императорго эч бир зыяратчы келбейт. Сыягы, адамдын чыныгы табияты ушундай көрүнөт.

26

Жалпы элдик аза күтүү жылынан өткөн кайгылуу нерсе жок. Жерге тике коюлган тактайлары, үстүнөн камыш пардалары жана кенеп боолору илинип турган, идиш-аяктары кооздолбогон жөнөкөй “Кайгы үйүнөн” баштап, сарай кызматкерлеринин кийимдерине, кылычтарына жана курларына чейин баары жагымсыз таасир калтырат.

27

Жумшак ойлорго чөмүлгөндө, кайтып келбеген нерселер сагындырат. Үйдө баары тынчып калгандан кийин, узак кечинде өзүңдү алаксытуу үчүн эски буюмдарды иретке келтирип, кагаздын кесиндилерин жулуп ыргытасың. “Эмне үчүн муну сактап жүрөм?” – деп ойлойсуң. Анан күтүлбөгөн жерден алардын арасынан бул дүйнөдөн өтүп кеткендердин шашылыш жазган жазууларын же чиймелерин табасың. Ошондо ошол учур эске келет. Жада калса тирүү адамдан жазылган, бирок көптөн бери жазылган кат болсо да, аны кайсы учурда жана кайсы жылы жазганын эстеп көрүү кандай жагымдуу!

Жансыз, бирок көптөн бери өзгөрбөй турган кадимки идиш-аяктар да терең толкунданууну жаратат.

28

Адам өлгөндөн кийинки мезгилден өткөн кайгылуу учур жок. “Караңгылыктын ортосунда” туугандар тоолорго чогулуп, тар, ыңгайсыз алачыкта маркумга арналган ырым-жырымдарды аткарышат. Бул оор жүк. Күндөр укмуштуудай тез өтөт. Акыркы күнү чыныгы сезимдер да, баарлашуу да жок. Ар ким өз буюмдарын алып, ар тарапка тарашат.

Үйгө кайткандан кийин аларды жаңы кайгы күтөт. “Тигини кылба, муну кылба, – дешет алар, – мындан кач”. Бул эмнеден келип чыкпасын, менин оюмча, мындай учурларда адамдардын жүрөгү кандай гана жаман абалда болот!

Айлар, жылдар өтөт, бирок аларды унуткан жоксуң. Бирок алар: “Маркум күндөн-күнгө алыстап баратат” дешет. Ошондуктан, баарына карабастан, ал кайгылуу учурлардагыдай ойлор да жок. Эл майда-чүйдө нерселер жөнүндө сүйлөшүп, бири-бири менен тамашалашып жүрүшөт.

Маркумдун сөөгү коюлган тоолор унутулуп калат. Белгиленген күндө таазим этүүгө келгендер көп өтпөй, мүрзөнүн үстүн жашыл мох басып, дарактардын жалбырактары каптап калганын көрүшөт. Бул жерде кечки бороондон жана түнкү айдан башка эч ким конок болбойт. Маркумду эскере турган адам болсо жакшы. Бирок ал адамдар да көп өтпөй өлүп калышат. Анда маркумду уккандарынан гана билген урпактар аза күтөбү?

Ошондуктан, эгерде сөөктүн үстүндө эскерүү кызматтары аткарылса да, анын ким болгонун, аты ким экенин эч ким билбейт. Сезимтал жаны бар адам гана бул жерде өсүп жаткан жазгы чөптөргө кайгылуу көз менен карайт. Акыры бороондун астында онтогон карагай да кылымды күтпөстөн, отунга жарылат; эски мүрзөнү айдап, талаага айлантып салышат, ошондуктан андан эч кандай из да калбайт. Бул кандай гана кайгылуу!

29

Бир күнү эртең менен, сыртты аппак кар каптап турганда, бир адамга маанилүү бир нерсени билдиришим керек болду. Адаттагыдай эле кат жаздым, бирок анда кар жааганы тууралуу бир да ооз сөз айтпадым.

“Табитиң таптакыр жок экен, – деп жооп берди ал мага. – Ушунчалык кооз кар жаап турса, бир ооз сөз айтпаган адамды кантип түшүнсө болот? Жүрөгүңдүн сезимсиздиги абдан кейиштүү.”

Анын бул сөзү мага абдан күлкүлүү болгон. Азыр ал адам жок, ошондуктан мен ошол майда окуяны дайыма эстейм.

30

Тогузунчу айдын жыйырмасында бир досумдун чакыруусу менен таңдын алгачкы нуруна бөлөнгөн айдын жарыгында сейилдеп жүрдүк. Сейилдеп отуруп, бул жерде мурда жашаган бир аял эсиме түштү. Ошондо жардамчымды ээрчитип, анын үйүнө жөнөдүм.

Кароосуз калган бакча шүүдүрүмдүн берметине оролуп, чөптөрдөн назик жыпар жыт аңкып турду. Адамдардан жашынып, өз дүйнөсүндө жашаган ал аялдын элеси мени терең ойлорго жетелеп кетти.

Досум көп өтпөй кайтып келди, бирок мен ойлорумдун кучагында калып, турган жеримден үйгө узакка көз салып турдум. Бир маалда эшик акырын ачылып, үй ээси айдын сулуулугуна суктанып тургандай сезилди.

Эгер ал ошол замат эшикти жаап, көздөн кайым болгондо, жүрөгүмдө өкүнүч пайда болмок. Бирок ал баарын байкап турганымды билген эмес. Мындай кооптонуулар дайыма шек саноолордон жаралат эмеспи.

Кийинчерээк ал аялдын каза болуп калганын укканымда, жүрөгүм зырп этти.

31

Жаман кол жазмасы бар адам да каалаган адамына кат жаза алат. Кол жазмасы начардыгын шылтоо кылып, башкаларга кат жаздыруу туура эмес.

32

Бир адам мага мындай окуяны айтып берди: “Эгерде сүйүктүү аялыңдан көпкө алыс жүрсөң, ал сага нааразы болуп жатат го деп ойлонуп, ага кайдыгер мамиле кылганың үчүн өзүңдү күнөөлүү сезесиң. Ошондо андан мындай кат келсе, аябай кубанып калат экенсиң: “Сенде ашыкча жардамчы жокпу? Мага бирөө жетишпей жатат”. Аялдын мындай мүнөзү абдан жагымдуу эмеспи!” Чынында эле, ушундай.

33

Кээде эң жакын досуң күтүүсүздөн өзгөрүп, сенден уяла башташы мүмкүн. Мындай учурда кээ бирөөлөр: “Эми анын эмне кереги бар?” деп ойлошот. Бирок мага мындай адам чыныгы, мыкты адамдай сезилет. Анткени, анча жакын эмес адам да, эгер анын ички дүйнөсүн бир аз ачсаң, абдан сулуу көрүнүшү мүмкүн.

34

Даңк менен байлыкты тынымсыз кууп, өмүр бою өзүңдү кыйноого салуу – акылсыздык. Байлык өзү эле балээлерди чакырып, тынчсызданууларды жаратат. Өлгөндөн кийин ал акча менен эч нерсеге жетишпейсиң, ал адамдарга түйшүк гана алып келет. Алтын, асыл таштар, кооз арабалар – мунун баары акылдуу адам үчүн керексиз. Акылдуу адам алтынды тоолорго чачып, асыл таштарды туңгуюкка ыргытат.

Эң акмак – байлыкка азгырылган адам. Көрүстөнгө өзүң менен кошо ала кетпеген ысымыңдын дүйнөдө узакка сакталышын каалоо – бекер. Жогорку даражалуу же тектүү болгондук үчүн эле адам көрүнүктүү боло бербейт. Кээде акыркы акмак да, эгер тектүү үй-бүлөдө туулса же тагдыр ага ырайым кылса, бийик даражаларга жетип, байлыкка ээ болот. Ал эми көрүнүктүү окумуштуулар, даанышмандар төмөнкү кызматтарда калып, ийгиликсиз жашап өтүшөт.

Экинчи орундагы акылсыздык – бийик даражаларды жана мансаптуу кызматтарды эңсөө. Акыл-эсибиз менен калтыра турган даңк жөнүндө ойлонуп көрөлү. “Даңкты сүйүү” деген эмне? Бул адамдар арасында таанымал болгонуна кубануу. Бирок макталгандар да, жамандалгандар да өлөт, аларды уккандар да кетет. Анда кимдир бирөөдөн уялуунун же кимдир бирөөгө белгилүү болуунун эмне кереги бар? Мактоо – жамандоонун кошумча булагы.

Өлгөндөн кийинки даңк да пайдасыз. Ага умтулуу – үчүнчү акылсыздык. Акылмандыкка жетүүнү каалагандарга айта кетчү нерсе: акылмандык пайда болгон жерде калп, таланттар дүйнөдө ызы-чууну көбөйтөт. Адамдардын айтканын угуу, үйрөнгөндү билүү – чыныгы акылмандык эмес. Анда эмнени акылмандык деп атоого болот? Чыныгы адамда акылмандык да, жакшылык да, кадыр-барк да, ысым да жок. Аны ким билет, ким айтып берет? Ал өзүнүн жакшылыгын да, акылсыздыгын да жашырат. Анткени ага акылмандык менен акылсыздыктын, пайда менен зыяндын ортосундагы чек жок. Капага батып, даңкка жана байлыкка умтулгандар жогоруда аталган акмактар сыяктуу. Дүйнөдөгү баардык нерсе – эч нерсеге татыбайт.

35

Бир жолу акылман Хонэнге бир киши кайрылып:

– Будда Амитабхага сыйына баштасам, уйкум келип, сыйынууну токтотуп коём. Бул көйгөйдү кантип жеңсем болот? – деп сурады.

Ыйык адам ага:

– Ойгонгондо сыйын, – деп жооп берди.

Бул жооп урматтоого татыктуу.

Дагы бир жолу акылман Хонэн мындай деген:

– Эгер бейишке барам деп ойлосоң, барасың; бара албайм деп ойлосоң, бара албайсың.

Бул сөздөр да таасирдүү.

Андан соң ал:

– Күмөн санасаң да, сыйына бер – ошондо бейишке чыгасың, – деп кошумчалады.

Бул сөздөр да терең сый-урматка татыктуу.

36

Инаба провинциясында бир такыба кишинин сулуу кызы болгон. Ага көптөгөн жигиттер жуучу түшкөн. Бирок бул кыз бир гана каштан менен тамактанчу жана күрүчтүн бардык түрүн жактырчу эмес. “Мындай кызыктай адам турмушка чыга албайт”, – дешчү ата-энеси жана кызын күйөөгө беришкен эмес.

37

Бешинчи айдын бешинчи күнү камо жарышына келгенибизде, арабабыздын алдындагы топтошкон эл бизге көрүүгө тоскоол болду. Ошондуктан баарыбыз арабадан түшүп, тосмонун четине умтулдук, бирок ал жерде өзгөчө көп эл топтолуп, алардын арасынан өтүүгө мүмкүн эмес болчу. Ошол учурда бир кечил сандал дарагына чыгып, бутакка отуруп жарышты көрө баштады. Бутактарды бекем кармап отурса да, ал бир нече жолу үргүлөп кетти. Бирок кулап кете жаздаганда ойгонуп жатты. Муну көргөндөр шылдыңдап: “Кандай акмак! Ушунчалык ичке бутакта отуруп, коркпой уктап жатат!” – дешти.

Ошондо мага бир ой келди да, дароо айттым: “Биздин өлүмүбүз каалаган убакта келиши мүмкүн, туурабы? Биз муну унутуп, убактыбызды оюн-зоок менен өткөрүп жатабыз. Эң чоң, баарынан өткөн акмакчылык – ушул!”

“Чындыгында ошондой, бул эң жаман акмакчылык”, – деп жооп беришти алдыда тургандар. Анан алар жол бошотуп, мени: “Сураныч, бул жакка өтүңүз!” – деп чакырышты.

Чынында, мындай ой кимдин болбосун башына келиши мүмкүн. Бирок мен аны ошол учурга карата айттым, жана бул сөздөр адамдардын жүрөгүн козгоду окшойт. Адам таш же дарак эмес, ошондуктан ал учурдагы таасирге алдырбай койбойт.

38

Кеч жаздын бир сонун күнү аба ырайы тынч жана жагымдуу эле. Мен бир бай сарайдын жанынан өтүп бара жаткам. Карыган дарактардын кооз аллеясы, короодо жайнаган гүлдөр мени өзүнө тартып, мен дарбазадан ичкери кирип кеттим.

Үйдүн түштүк тарабындагы терезелердин пардалары толугу менен ачык эле, ал жерде тынчтык өкүм сүрүп турду. Чыгыш тарабындагы эшик кенен ачык болчу. Бамбук парданын арасынан карасам, сырткы келбети жагымдуу, жыйырма жаштардагы бир жигитти көрдүм. Ал ыңгайлуу, бирок ошол эле учурда жарашыктуу абалда отуруп, столдун үстүндө жайылган китепти окуу менен алек болчу. Бул ким болду экен?

39

Орой токулган бамбук каалга ачылып, абдан жаш жигит чыкты. Айдын жарыгында кийимдин өңү жакшы көрүнбөсө да, эң мыкты аңчылык кийими жана коюу кочкул кызыл шалвары менен ал аристократ адамдай сезилди.

Жигит кызматчы бала менен шүүдүрүмдүү, талаанын аралап өткөн узун, тар жолдо, бүт дүйнөсү менен берилип чоордо абдан чебер ойноп бара жатты. А мен болсо бул обочо жерде аны угуп, суктана турган эч ким жок экенин ойлоп, анын артынан акырын тыңшап ээрчип бараттым.

Ойноп бүткөн соң, жигит тоонун этегинде жайгашкан храмдын дарбазасына кирди. Ал жерде сидзинин үстүндө турган араба көрүнүп турган; бул борбордон келгендиги көрүнүп турду. Буга кызыгып, кызматчыдан сурадым.

«Принц бул жерден кеткинче, храмда кызмат өткөрүлөт», – деп жооп берди ал.

Негизги храмга барган сайын кызматчылар биринин артынан бири келип жатышты. Бир маалда түнкү салкын жел кайдан-жайдан жыпар жыт алып келгендей болду. Бул жерде ээн, тоолуу айыл болсо да, уктоочу бөлмөдөн храмга алып баруучу галереяда сейилдеп жүргөн айымдар, тоодон соккон желди өздөрүнүн кийимдеринин жыпар жыттары менен толтуруп жатышты.

40

Жайкалган күзгү талаа көп шүүдүрүмгө толуп, курт-кумурскалар бир нерсеге даттанып жатышты. Токтобой аккан суу шылдырайт. Мага борбордун асманына караганда булуттардын жылышы бул жерде тездей сезилди; ай бирде ачык, бирде караңгы болуп, баары ушунчалык туруксуз эле…

41

Падыша сарайынын экинчи даражалуу кызматкеринин улуу агасы Кинъёнун – епископ Рёгаку ачуулуу адам болгон. Анын храмынын жанында чоң эноки дарагы өсүп тургандыктан, Рёгаку Эноки-но-содзё – Эноки епископу деген атка конгон. “Мага мындай ат ылайыктуу эмес”, – деп чечип, ал даракты кыйып салууга буйрук берет. Бирок дарактан дүмүр калгандыктан, эми епископту Кирикуи-но-содзё – Дүмүр епискобу деп атай башташкан. Анда ачууланып, дүмүрдү казып алып, ыргытууга буйрук берген. Бирок бул жасалгандан кийин, дүмүрдүн ордуна суу толгон чоң чуңкур пайда болгондуктан, епископту Хорикэ-но-содзё – Көлмө епископу деп атай башташкан.

42

Жанаяманын айланасында Гото-но-хоин деген улуу даражалуу кечил жашачу. Ал “Каракчы” деген аты менен белгилүү болгон. Бул ысымды ал каракчылардын көптөгөн кол салууларынан улам алган.

43

Бир жолу Киёмидзу храмына сыйынууга бараткан адам жолдо карыя кечил аял менен жолугуп калат. Жол бою кемпир “Апчхи! Апчхи!” деп чүчкүрө берет.

“Урматтуу эне, эмнеге улам чүчкүрүп жатасыз?” – деп сурайт анын жолдошу.

Кечил эч нерсе дебейт, бирок чүчкүрө берди. Акыры, суроолордон тажап, мындай деп жооп берди: “Тьфу сен! Адам чүчкүрсө, анын артынан “апчхи” деп кайталап, дуба окубаса, ал өлүп калышы мүмкүн дешет. Мен кичинекей кезимде баккан жаш мырзам Хиэи тоосундагы монастырда кызмат кылып жүрөт. Азыр ал чүчкүрүп жаткан жокпу деп ойлоп жатам, ошондуктан “Апчхи! Апчхи!” деп жатам.”

Сейрек кездешүүчү байланыш, туурабы?

(уландысы бар)

Которгон Абийрбек Абыкаев

Кэнко-Хоси Ёсида: “Зериккенде жазылган ой толгоолор” алгач бул жерде - Адабий Ордо жарыяланды.