Архивы новелла - Адабий Ордо

Акутагава Рюноскэ: “Жалгыздык тозогу”
Биринчилерден баа бериңиз!

Автор тууралуу:

Жазуучу жана публицист, англис тилине алгачкылардан болуп которулган жаңычыл япон жазуучусу саналган Акутагава олчойгон романдарды жазган эмес. Стилистикалык жактан алганда ал тынымсыз идеалга умтулган инсан болуп, адам коркунучу менен өлүм тууралуу көп жазган. Акутагава Рюноскэ Токиодогу өнүккөн маданияты менен атагы чыккан Хитамачи районунда туулган. Акутагава төрөлгөндөн көп өтпөй энеси Фуку акылдан ажырайт. Атасы, сүт сатуучу Ниихара Тосидзу уулун бага албай, тууганы Акутагава Досого берүүгө аргасыз болот, уулу ошентип ал кишинин фамилиясына өтөт.

Акутагава Рюноскэ 1913-жылы Токио императордук университетине тапшырып, англис тилин үйрөнөт. Өмүрүнүн акыркы жылдарында жан дүйнөсү чыңалган абалда жашайт. Өзүн өзү өлтүрүү тууралуу ойлоно баштайт. Мунун баары жазуучунун акыркы чыгармалары болгон “Келесоонун жашоосу” жана “Эски досума катта” чагылдырылган. Өлүмдөн өч алууну ойлонгон жазуучу 1927-жылдын 24-июлунда веронал дарысынан оңбогондой көп өлчөмдө ичип, дүйнөдөн өтөт.

(новелла)

Мен бул баянды апамдан уккамын. Апам болсо аны өзүнүн бабасынан уккамын дечү. Баяндын канчалык чындык экенин айта албайм. Бирок бабамдын кандай адам болгонуна карап, мындай окуянын чындап эле болгонун боолголойм.

Бабам искусство менен адабияттын кумарлуу ышкыбозу болуп, Токугаванын башкаруусунун акыркы он жылдыгындагы актёрлор жана жазуучулар менен жакшы тааныштыгы боло турган. Алардын арасында Каватакэ Мокуами, Рюка Тэйтанэкадзу, Дзэндзай Анэйки, Тоэй, Дандзюро-тогузунчу, Удзи Сибун, Мияко Сэнгю, Кэнкон Борюсай жана башкалар болушкан. Мисалы Мокуами өзүнүн «Эдодзакура киемидзу сэйгэн» пьесасындагы каарман Кинокунию Бундзаэмондун бейнесин бабамдын жашоосунан алып жазган. Ал мындан элүү жыл мурун дүйнөдөн кайткан, бирок ага көзүнүн тирүүсүндө эле Имабикун (“Бүгүнкү Кинокуния Бундзаэмон”) деген ылакап ат берилген себептүү, балким азыр дагы ал тууралуу кулагы чалган адамдар бар болушу ыктымал.

Бабамдын фамилиясы – Сайки, ысымы ал өзүнүн үч саптарынын аягында жазгандай, адабий купуя ат Тодзиро, бул Ямасирогасино Цутонун укумдан-тукумга берилип келаткан аты болуп эсептелет.

Ошентип, дал ушул Цуто бир жолу Таманоянын сойкулар үйүндө бир кечил менен таанышып калат. Кечил Хонгодон алыс эмес жердеги дзэн [1] ибадатканасынын башчысы эле, аны Дзэнте деп чакырыша турган. Дзэнте да бул сойкулар үйүнө байма-бай каттап, ал жактан Нисикидзе аттуу сойку менен ынак болуп кеткен. Бул окуя кечилдерге үйлөнүүгө гана эмес, атүгүл дене кумарына батууга да тыюу салынган убактарда болду, андыктан кечил таанылбагандай болуп кийинип ала турган. Ал боз сызыкчалары бар сары түстүү, үстүнөн кара герб бастырылган кымбат баалуу жибек кимоно кийип, баарысы аны доктор деп чакырышчу. Апамдын бабасы дээрлик кокусунан эле ушул кечил менен таанышып калат.

Чындыгында бул капысынан болот: бир жолу календарь боюнча июль айынын кечки иңиринде, эски салтка ылайык бардык чай үйлөрүндө чырактар илинген кезде, экинчи кабаттагы ажатканадан кайтып келатып майда-чүйдө буюмдар сатылган дүкөнчөлөрдү аралап келаткан Цуто кокусунан тепкич кырына таянып айды тиктеп турган эркекти көрүп калды. Бул – чачы такырайта алынган пакене бойлуу, арык эркек эле. Ай жарыгында артын салып турган бул адам ага сойкулар үйүнүн туруктуу кардары, доктор кийимин кийип алган азилкеч Тикунайдай туюлду. Цуто эркектин жанынан өтүп баратып, акырын кулагынан тартып койду. “Ал коркуп кетип кылчайганда тамашага саламын” деп ойлоду Цуто. Бирок ага жалт караган кишини көрүп, өзү коркуп кетти. Такырайган башын эске албаганда анын Тикунайга башка окшоштугу жок эле. Жазы маңдай, коюу, дээрлик биригип өскөн каштар. Жүзү абдан азыңкы, ошондуктанбы, айтор көздөрү өтө чоңдой сезилет. Атүгүл намазшам караңгылыкта да сол жаагындагы чоң меңи кескин көзгө чалдыгат. Ээги салаңдап, алдыга чыгып тургансыйт. Алдастап калган Цутонун алдында турган адамдын жүзү ушундай эле.

– Сизге эмне керек? – деди такыр баш киши ачуулуу үн менен. Чамасы, ал бир аз кызуу көрүнөт.

Цутонун жалгыз эместигин айтууну унутупмун, анын жанында ошол убакта гейшалар деп аталышкан эки таанышы бар эле. Алар, албетте, Цутонун шашып калганын карап туруп унчукпай коё алышкан жок. Алардын бири бейтааныштын алдында Цуто үчүн кечирим суроого азга кармалып калды. Ал эми Цуто экинчи таанышы менен бөлмөсүнө кайтып келип, көңүл ачуусун улантышты. Көрүп турганыңыздардай, искусствонун кумарлуу ышкыбозу дагы оңтойсуз абалда калат экен. Такырбаш киши болсо Цутонун тааныш аялынан анын неге жаңылышып калганын угуп дароо маанайы көтөрүлүп, шаттана жылмайды. Бул такырбаштын Дзэнте экенин айтып отуруунун кажети барбы?

Болуп өткөн окуядан кийин Цуто такырбашка таттуулар салынган себет жөнөтүп, дагы бир жолу кечирим сурады. Ал да өз кезегинде Цутого боору ооруп, ыраазылыгын билдиргени келди. Алардын достугу ушундайча башталды. Достугу башталды деп айтканым менен, алар бул мекеменин экинчи кабатында гана кездешип, башка жерде бир да жолу жолугушкан жок. Цуто ичимдикти оозго албаса Дзэнте, тескерисинче, ачуудан татканды сүйчү. Кийингенде да Цуто сыяктуу эмес, абдан кылдаттык менен кийине турган. Аялзатын да Цутодон алда канча көбүрөөк сүйчү. Цуто тамашалап, чындыгында алардын кимиси кечил экенин билип болбойт дей турган. Толук денелүү, беттери салаңдап, сыртынан комсоо көрүнгөн Цуто айлап сакал-мурутун албай жүрө берчү, көкүрөгүндө болсо күмүш чынжырчадагы кичинекей коңгуроо салаңдайт, оронгон кимоносу да жөнөкөй жибек менен оролгон.

Бир жолу Цуто кымкап жамынчысын ийнине арта салып, сямисэнде ойноп жаткан Дзэнтеге учурап калды. Дзэнтенин жүзү эч качан албырып жүрчү эмес, бирок ошол күнү айрыкча кубарып туруптур. Көздөрү кызарып, шишимек тартат. Ооз тегерегиндеги бырышкан бет териси маал-маалы менен диртилдеп жыйрылат. Цуто ошол замат досу бирдемеге катуу тынчсызданып жатат го деген ойго келди. Дзэнтеге эгерде кааласа, аны дилгирлик менен угаарына ишаарат кылды, бирок Дзэнте, кыязы, төгүлүп-чачылууга батынбады көрүнөт. Тескерисинче андан бетер түнөрүп, кээде таптакыр эле өз дүйнөсүнө кетип калып жатты. Цуто Дзэнтени сойкулар үйүнүн кардарларына мүнөздүү кадимки убайым баскан го деген ойго келди. Убайымдан бузукулукка берилген адам эч качан убайымды бузукулук менен айдай албайт. Эки дос көпкө маектешип, алардын маеги улам ачык маанайга өтө баштады. Дзэнте капысынан кудум бирдемени эстей калгансып, мындай деди:

– Буддачыл ишенимдерге ылайык тозоктун бир нече айлампасы болот. Ошентсе да тозокту үч айлампага бөлүүгө болот: алыскы тозок, жакынкы тозок жана жалгыздык тозогу. “Бардык жандуулар байырлаган дүйнөнүн үстүндө беш жүз чакырымга созулган тозок жайылып жатат” деген сөз эсиңиздеби? Демек, адамдар байыртадан эле тозок бар экенин билишкен. Тозоктун бул айлампаларынын бирөөсү гана, жалгыздык тозогу күтүлбөгөн жерден тоолордун, талаалар менен токойлордун үстүндөгү аба катмарларында пайда болот. Башкача айтканда адамды курчап турган нерселер көз ирмемде ал үчүн азап-тозок менен кыйынчылыкка айланышы ыктымал. Бир нече жыл мурун ушундай тозокко кабылдым. Мени эч бир нерсе узакка алаксыта албайт. Дал ошондуктан ар качандан бир качан өзгөрүүлөргө чаңкап турам. Бирок ошондо да тозоктон качып кутула албайм. Эгерде мени курчап турган нерселерди өзгөртө албасам, андан бетер азапка батам. Аягы көрүнбөгөн өзгөрүүлөрдүн ичинде кийинки күндөрдүн кайгысын унутуу үчүн жашап келем. Эгерде минтип жашоо да колумдан келбесе, бир гана арга калат – өлүүм керек. Мурун, ушундай азаптуу жашоодо өмүр кечирсем да, өлүмдү жек көрчүмүн. Азыр болсо…

Акыркы сөздөрдү Цуто жакшы укпай калды. Дзэнте бул сөздөрдү сямисэнди күүгө келтирип жатып, акырын чыккан үн менен шыбырап айтты. Ошол убактан тартып Дзэнте ал мекемеде болгон жок. Бул бузукулукка белчесинен баткан дзэн кечилинин андан аркы тагдыры да эч кимге белгисиз. Ошол күнү кетип бараткан Дзэнте “Когосутра” [2] китебинин түшүндүрмөлөр менен чыккан басылмасын унутуп калтырыптыр. Цуто алдан тайган чагында жакырданып, түпкүрдөгү Самукаву шаарына кеткенде, бөлмөсүндөгү үстөлдө жаткан китептердин арасында ушул китеп да бар эле. Мукабанын арткы бетине Цуто мааниси төмөнкүдөй үч сап ырын жазып койду:

“Кырк жылдан бери талаада
жайнаган фиалка гүлдөрүнүн
шүүдүрүмүн тиктеп келем”.

Китеп сакталган жок. Азыр эми апамдын бабасынын үч сап ырын эстеп жүргөн эч ким деле калган жок.

Биз баяндаган окуя Ансэйдин төртүнчү жылына таандык. Апам аны кыязы, “тозок” деген сөзгө таасирленип, эстеп калган болуу керек.

Күнү бою бөлмөмдө олтуруп, апамдын бабасы жана дзэн кечили күн кечирген мезгилге таптакыр окшобогон өз дүйнөмдө жашап келем. Жактырган нерселериме келчү болсок, мени Токугава доорунун китептери менен сүрөттөрү эч кызыктырбайт. Ошол эле убакта ички абалым ушундай дейсиң, “жалгыздык тозогу” деген сөз уксам, ошол доордогу адамдарга боорум ооруйт. Муну тана албаймын. Эмнеге мындай? Себеби, кайсы бир мааниде алганда, мен өзүм дагы жалгыздык тозогунун курмандыгымын.

[1] Чыгыш-азиялык будда мектеби.

[2] Байыркы Индиянын диний-философиялык окуусу.

Орус тилинен которгон Назгүл Осмонова

Акутагава Рюноскэ: “Жалгыздык тозогу” алгач бул жерде - Адабий Ордо жарыяланды.

Бир башка күн
5/5 - (1 добуш)

Тоголок дүйнө –
Токтобой томолонот
Тоголок көздө.

Уйкусураган булуттар таңды жүктөп келатты. Көз ирмемде көтөргөн жүгү кулап, чачыла берди. Нур төгүп келеткан таң төрөлө элек сүрөтчүнүн эң белгилүү сүрөтүнүн сырын ачты. Ар нерсенин соңу сыяктуу. Кош бойлуу келиндин курсагындагы баласы ойгонду. Таң заарлап дагы бир күндүн эшигин ачтым. Жаңы күн башталды. Апаппак барак сыяктуу. Бир жолдун уланышы. Амандык сурашым керек бул күндөн. Бул жолдордон. Улуулуктан. Эмнегедир кечээкиден башкачамын. Кечигүүнү күтүп отурам. Ак жарык ичинде. Мезгилдин үнү угулат, шашып бараткан шамалдагы. Эски бир обондой, өзүнөн өзү эле ырдалып кеткен. Дале мурункудай. Кимдир бирөө таңгалып карап өттү. Ошондо байкадым ырдалып, ырдап жатканымды. Ошондо сени эстедим. Азыр болсон сен тажаганча ырдап бермекмин. Бирок сен жоксун. Эч кимдин келбешин билсем деле күтүп жатам. Бул бир кечигүү. Кээ бир нерселер кечигип келет. Кеч күздөгү махабатка окшош. Ошондуктан, сенден катып койчу сезимдерим бар.

Эски досума бардым. Аны таарынтып жүргөндүгүм үчүн кечирим сурадым. Досум “Бүгүн сен башкачасың” деди. Негедир жолуга элек ойлорго жолукчудай, өмүр бою чекит кое албаган сүйлөмдөргө такалып калдым. Аны кантип жазам? Дале өзүндөй, болгонун болгондой кылып кантип айтып берем? Кээде тагдырдын ирмемдерин өзүндөй окшоштуруп айтып берүүгө мүмкүн эмес. Анткени, өмүр жазуунун дагы тереңинде.

Жолдон ооруканага кайрылдым. Жакын бир эжебиздин ден соолугун сураганы. Эжекем: “Сен дагы келет экенсиң ээ?” – деп таңгалды. Анан, учурунда мага жасаган жакшылыктарын санап берди. Үйгө эртелеп кете бердим. Жамгыр төгө баштады. Ыр тамчылуу. Жашоо-жамгырда калмак, суу болмок, анан жылынмак. Жылынып отуруп эски дептеримди барактап чыктым. Акыркы саптарына келгенимде өзүмө өзүм окшобой турдум. Бир башка  мен. Азыр болсо ошол Эски Күндөр менен Жаңы Күндөрдүн арасында жүрөм. Бардыгы аралашып калгансыйт. Эски менен жаңы бирдей. Бардыгы баягыдай. Окшош. Эч кимге окшош жашагым келбейт!

Уйкум келбесе деле эртелеп жатып алдым. Жарым калган түшүмдү улантмак үчүн. Уланууга жаттым. Бир колум менен баскан уйкумду түртүп, бир колум менен качкан уйкумду тартып, бирде уктагым, бирде ойгонгум келет. Бул түндүн тезирээк өтүшүн тиледим. Кетсемби же калсамбы деген сыяктуу, турмушта дайыма ары же бери болууга туура келет. Коңшум келгенде кириңиз дей албадым. “Сага эмне болгон? Бир башкачасың” – деди. Билбейм. Эмне болуп жатканын өзүм да билбейм. Балким өзүмдү карай кетип бараткам. Мени көздөй. Бир башка күн, бир башка мен.

Бир башка күн алгач бул жерде - Адабий Ордо жарыяланды.