Архивы сын-пикир - Адабий Ордо

“Азыр мага башымды жөлөп алып, мойнунан бек кучактап ыйлаганга ийин керек”
5/5 - (1 добуш)

Инсандык руханий изденүүнүн катмарына терең бороз салган таланттуу акын кызыбыз Рахат Шакировна Жуманазарованын ырларын “КМБ” интернет порталынан окуп, мен аны издеп таап, жолуккум келди. Чыгармачыл чөйрөдөн, жердештеринен сураштырып дарегин тактай албадым. Рахат Жуманазаровадай орошон талант бүгүнкү күндө сейрек кездешет. Ошондуктан бул таланттуу акын кызды табуу, анын чыгармаларын окурман журтуна кеңири жеткирүү – баарыбыз үчүн маанилүү – деп ойлойм. Балким өзү айткандай, “эл агымы азайган кеч күүгүмдө, эч бирөөнүн илинбей назарына, номери жок таксиге түшүп алып, белгисиз чоң шаардагы, жоголгон бир көчөдө үнсүздүк үйү болсо, ошого кеткен чыгар…” бирок анын поэзиясы окурмандын жүрөгүн багынтырып, издетүүчү күчкө ээ экенин ал өзү билер бекен?!.. Келиңиздер, биз ошол күндүзү чырак кармап адам издеп жүргөн Аруу кыздын өзүн чогуу издеп табалы, окуйлу, баалайлы. Кабарын билгендер болсо маалымдап коюңуздар.

АРТЫМДЫ КАРАЙМ УЛАМ

Азыр мага
башымды жөлөп алып,
мойнунан бек кучактап
ыйлаганга ийин керек.
Ким болсо
ошол болсун,
атын да
айтпай койсун.
Мен ыйлап бүткүчөктү
чачымдан аста сылап,
болгону, болгону эле
ийинин тосуп койсун.
Элпектенип эч кимди
туурабасын,
эбиреп көңүлүмдү улабасын.
Эчкирип кошо ыйлап
бетимди суулабасын.
Эми кантем элдерден
өткөн-кеткен
дегенсип корунбасын,
уялбасын.
“Эмне болду айтсаң”- деп
сурабасын.

Баары бир жооп бере албайм,
бүт денем талып турат,
баягында бакыт издеп
чыккан элем,
ошол сапар мына азыр
карып турат.
Басынып, чүнчүп, анан
көңүлүм көп нерседен
калып турат.

Үн-сөсүз кулачудай,
жыгылсам турбачудай
бир кызык болуп турам.
Көрүнбөйт эч ким жодо,
акыркы күчүм жыйнап,
а балким келатат деп
артымды карайм улам…

Рахат Жуманазарова “Өзүмдү издеп” ыр жыйнагынын автору экен. Байкасак, анын поэзиясы – ички дүйнөнүн абдан татаал, кээде карама-каршы, алпурушкан абалын чагылдырган бийик деңгээлдеги руханий-филасофиялык лирикадан турарына күбө болобуз. Ал өзүнүн чыгармаларында адамдын жан дүйнөсүнүн эң назик катмарларын казып, “мен киммин?”, “эмне үчүн жашайм?”, “сүйүү деген эмне?” – деген түбөлүктүү, түпсүз суроолорго жооп издептир. “Кездешүүгө баратам”, “Акыркы кар”, “Жададым жалпылыктан…” жалпы эле мен окуган дээрлик баардык ырларында акындын өзүн-өзү таанууга умтулуусу, руханий жалгыздык сезими өтө күчтүү берилиптир. Өзүнүн ким экенин тааныбай, бирок өзүн “абдан олуттуу” чыгармачыл инсан катары эсептеп жүргөн инсандар да жазмакерлер арасында жок эмес. Алар арабызда эле жүрөт…

Ал эми Рахат Шакировнанын поэзиясынын башкы өзгөчөлүгү – чынчылдык менен ички монологдун албуут динамикасы. Акын өзүнүн сезимдерин жасалмасыз, түздөн-түз, кээде оор, кээде назик абалда ачып, инсандык абийир чындыгын поезддин вагондорундай чиркеп алып, аалам алкагына жар салып, кыйкырып бараткан локомативдей ачык сүйрөп жүрүп отурат. Махабат темасы анын ырларында өзгөчө орунду ээлейт. “Үч жыл болду”, “Сагынуу”, “Эртең барам…” дегеле баардык ырларында сүйүүнүн азабы, күтүүсү, жоопсуздук трагедиясы терең психологиялык деңгээлде өтө чебер, жеткиликтүү сүрөттөлүп берилген. Анын ырларында сүйүү – жөн гана кубаныч же кайгы эмес, ал адамды өзгөрткөн, сыноодон өткөргөн руханий күч катары сүрөттөлөт.

Акындын тили образдуу, метафораларга бай. Ал жөнөкөй турмуш көрүнүштөрүн философиялык деңгээлге көтөрүп чыгуу кудуретине ээ болгон кыл калемгер. Мисалы, “Акыркы кар” ырында кар аркылуу адам өмүрүнүн убактылуулугу, тазалык менен жаңылуу, асман менен жердин карама-каршылыгы символдук өңүттө баяндалган. Ошондой эле “Түнкү ойлор” ырындагы жарганат образы – коомдон обочолонгон, түн менен сырдашкан адамдын ички абалын чебер ачып берген.

Лирикалык каарман көбүнчө жалгыздыкта ойлонгон, жаны тынбай изденген инсан экенин анын ар бир ырынан көрүүгө болот. Ал жада калса коомдон четтеп, өзүн табууга аракет кылат. “Жададым жалпылыктан”, – дейт, бирок ошол эле учурда жылуулукка, түшүнүүгө, мээримге муктаж экенин “Артымды карайм улам…” – деп чындыкты моюнга алып, үмүтүн куру намыска жашырбай ачык айтат. Бул эки абал – жалгыздык менен жакындыкка умтулуу акындын поэзиясында окурманды түйшөлтүп, ойго салган негизги ички конфликтти түзүп, сөз кудиретинин бийиктигин аныктап турат.

Анан да акын кыз аялдык сезимди, асылзаадалардын албырган аруу дүйнөсүн өзгөчө тактык менен ачып берет. Анын ырларында назиктик, муң, таарыныч, үмүт жана өжөрлүк айкалышып, заманбап кыргыз аялынын образы түзүлгөн. Ал сүйгөн, күйгөн, жаңылган, бирок кайрадан жаңырып, үмүттөнүп, калыптанып күчтүү ички дүйнөгө ээ болгон. Барпы апыз айткандай, ырларынан “сүйүү оту жалындап, жүрөгүңө баш баккан…” жалындуу, пакиза Пери экени көрүнөт.

Рахат Шакировна замандаштарынан айырмаланып – терең психологизмге ээ, чексиз философиялык ой жүгүрткөн, инсандык ички дүйнөнү көркөм сөз каражаты аркылуу бийик даражада чагылдыра алган өзгөчө сезимтал лирик акын. Анын чыгармачылыгы окурманды ойлонууга, өз жан дүйнөсүнө үңүлүүгө аргасыз кылат. Жаш муун анын ырларын окуп, үлгү алууга болот, анткени ал алакандай китеби менен заманбап кыргыз поэзиясында өзүнүн өзгөчө үнү бар экенин айгинелеп койгон.

Анын “Өзүмдү издеп” ырлар жыйнагын – инсандын ички дүйнөсүнүн кыйчалыш, татаал абалын акыйкат чагылдырган лирикалык цикл катары кабыл алууга болот. Автордун үнү өзгөчө – ал жасалмалуулуктан алыс, түз, бирок ошол эле учурда поэтикалык тереңдикке умтулган үн. Келиңиз окурман, сөзүбуздү бекемдөө үчүн “КЕЗДЕШҮҮГӨ БАРАТАМ” деген ырын чогуу талдап көрөлү. Бул ыр абдан терең ички драманы камтыган, призмалуу мааниге ээ болгондуктан, аны сап-сабы, строфа-строфасы менен талдоо – автордук дүйнөтаанымды тереңирек ачууга жардам берет. Төмөндө ар бир строфаны, анын ичиндеги маанилүү саптарды адабий талдоого бирге алалы.

I строфа:

“Мен өзүмдү таппай келдим,
таппай издеп, бир изимди
кайра-кайра таптай бердим…”

Бул ырдын башталышы – дароо эле анын философиялык багытын аныктайт. “Өзүмдү таппай келдим” деген сап инсандык кризистин декларациясы катары угулат. Автор өзүн табуу, издөө процессин кыймыл катары эмес, үзгүлтүксүз, натыйжасыз лабиринттик айлануу, издөө, чаалыгуу, чарчоо катары берет. “Бир изимди кайра-кайра таптай бердим” – бул ыр сабынан орун алган өтө күчтүү метафора. Бул жерде “из” – жашоодогу багыт, из калтыруу. “Таптоо” – ошол эле катачылыктарды кайталоо. Демек, автор өз жашоосунда прогресс эмес, айланма жолдор бар экенин көркөм сүрөттөйт. Бул сап поэтикалык табылга катары өзгөчө баалуу. Негизинен адам турмушу өзү ошол айланма жолдордун тутумдашуусунан эле турат. Бирок аны кээ бир адамдар капарына албай өтөт. Анткени ал жолдор бирөө үчүн жагымдуу болсо, бирөө үчүн жагымсыз.

II строфа:

“Кайда жүргөм?
Жокмун күтсөм,
жүдөп бүткөм,
аргасыздан арсыз күлгөм…”

Бул бөлүктө суроо формасы “Кайда жүргөм?..” – ички аң-сезимдин ойгонушу. Бирок дароо эле “Жокмун күтсөм” деген сап менен автор өзүнүн жокко тете абалын көрсөтөт. Мында экзистенциалдык боштукту кынтыксыз бергенин байкоого болот. “Аргасыздан арсыз күлгөм” – бул сапта парадокс, “аргасыздан” – мажбур абал, “арсыз күлүү” – уялбоо. Тагдырга баш ийүү. Бул эки сөздүн айкалышы адамдын коом алдында жасалма рол ойноого аргасыз болгон учурун даана көрсөтө алган. Автор бул саптары аркылуу социалдык бет капты (маска) сыйрып салган. Поэзиянын күчү дал ошол нукура жүзүндө! Андай кадамга эркиндикти сүйгөн, ревоюциячыл күчтүү акындар гана бара алат!..

III строфа:

“Түтөп күйгөм,
чүнчүп жүргөм,
мен өзүмө толук кайтчу
күндү күткөм…”

Бул саптарда укмуштай динамика турат. “Түтөп күйгөм” – ички азаптын активдүү фазасы, “чүнчүп жүргөм” – пассивдүү, басылган абал. “Өзүмө толук кайтчу күн” – бул жерде автор өзүн жоготконун, бирок кайра табууга үмүт бар экенин көрсөтө алган. Бул саптар үмүттүн философиялык формуласы. Ыр толук пессимисттик эмес экенин дал ушул жерден ички күйүү менен күтүүнүн философиясынан байкайбыз.

IV строфа:

“Мен өзүмдөн алыс жүргөм,
ойгоно албай, “ойгон” деген
алсыз үндөн…”

Бул жерде ички конфликт тереңдейт. “Өзүмдөн алыс жүргөм” – бөтөндөшүүнүн кульминациясы. “Ойгон деген алсыз үн” – бул абийирби? Ички үнбү? Же руханий чакырыкпы? Автор аны “алсыз” – деп мүнөздөйт. Демек, ички үн бар, бирок ал жетишсиз. Бул өтө реалдуу психологиялык абал. Ойгонуу мүмкүнчүлүгүнүн алсыздыгы. Аны Рахат айымдай нагыз сүйүүгө кабылган адамдар гана түшүнөт.

V строфа:

“Көрчү оюмдун чаташканын,
мен өзүмдөн адашкамын…”

Бул эки сап – ырдын өзөгүн жыйынтыктаган формула. “Оюмдун чаташканы” – интеллектуалдык деңгээлдеги кризис, “өзүмдөн адашуу” – адамдын жашоосунун эң терең, маңыздуу катмары, тагырак айтканда анын бар болуусу тууралуу ойлору, сезимдери, суроолору менен байланышкан – экзистенциалдык деңгээл. Бул жерде автор аң-сезимдин бузулушун көрсөтөт. Адашуу жана ички сезимдин чаташуусун сүрөттөйт.

VI строфа:

“Ким бирөөнүн кейпин кийип,
өзүм менен
кездешүүгө баратамын…”

Бул финалдык сап – ырдын эң күчтүү, философиялык жактан эң салмактуу айтылган жери. Парадокс “өзүм менен кездешүү” – чындык болууга умтулуу, “ким бирөөнүн кейпин кийип” – жасалмалуулук аркылуу жетүү. Финалдык чечүүчү парадокс. Бул жерде автор өтө терең ой айтат, адам кээде өзү койгон максатка жетиш үчүн башкалар аркылуу аракетке өткөн учурлар да болот. Бул саптар постмодернисттик аң-сезимге жакын, инсандык көп катмардуулукту ачып берген.

Бул ырдын негизги жетишкендиктери, метафоралык ой жүгүртүү. “Из”, “жол”, “күйүү”, “ойгонуу” сыяктуу образдар бири-бири менен байланышып, көзгө көрүнгөн чыныгы бүтүндүктү түзөт. Автор абстракттуу эмес, реалдуу ички абалды кылдат сүрөттөп бергендиктен окурман ыр сабынан өзүн таанып, көрө алат. Мындан психологиялык тактыкты көрүүгө болот. Эркин – верлибр формасындагы кыска, үзүлгөн ыр саптар – ички чарчоонун формалык көрүнүшү, форма менен мазмундун бир бүтүн маанини туюнтуусу. Бир сөз менен айтканда – форманын мазмун менен шайкеш келишинин үлгүлүү мисалы. Бул ыр жөн гана эмоция эмес, инсан болуунун маңызы тууралуу ой жүгүртүү менен философиялык тереңдикти айкын көрсөтүп турат.

“КЕЗДЕШҮҮГӨ БАРАТАМ”. Рахат Жуманазарованын калеминен жаралган бул ыр – адам баласы өзүн табуу жолундагы адашууну, чарчоону жана үмүттү бириктирген жогорку интеллектуалдык деңгээлдеги, философиялык лирика. Автор жөнөкөй сөздөр менен татаал ички процесстерди абдан чебер ачууга жетишкен. Бул ыр окурманды окуп эле тим болбой, өзү менен да “кездешүүгө” чакырат. Ырдын дал ушул чынчыл сапаты аны чыныгы поэзия деңгээлине көтөрүп чыгат. Тилдик жактан ыр жөнөкөй, бирок эмоционалдык жүккө бай. Рахат Шакировна Жуманазарованын бул ырын заманбап кыргыз лирикасындагы өзүн-өзү аңдоонун ийгиликтүү поэтикалык модели деп эч тартынбай бааласак болот.

“ҮЧ ЖЫЛ БОЛДУ”. Автордун бул ырын карап көрсөк, бул ыр – убакыт менен сүйүүнүн ортосундагы күрөштү сүрөттөгөн эмоционалдык монолог. Автор сүйүүнү жөн гана сезим эмес, узакка созулган сыноо, тагдырдын жүгү катары көрсөтөт. Ырдын композициялык өзгөчөлүгү – “үч жыл болду” деген рефрен. Бул кайталоо убакыттын өтүшүн гана эмес, жаранын айыкпай жатканын символдоштуруп турат. Рефрен поэтикалык структураны бекемдеп, окурманды эмоционалдык абалга кайра-кайра кайтарып келет.

Бул ырдагы өзгөчө күчтүү саптардын бири, “Таптакыр таппай келем, жүрөгүңө алпарчу жалгыз жолду…”

Бул жерде сүйүү – географиялык эмес, руханий мейкиндик катары берилген. “Жол” метафорасы кыргыз поэзиясында салттуу болгону менен, автор аны жаңы контекстте ийкемдүү жандантып колдонгон. Ырда, “Үч жыл бою үшкүрүк үйүмдөгү үңкүйгөн конок болду” – деген аллитерация абдан ийгиликтүү колдонулган. “Ү” тыбышынын кайталанышы үшкүрүктүн үнүн угузгандай таасир калтырат. Бул албетте фонетикалык образдуулук. Жалпысынан, бул чыгарма сүйүүнүн туруктуулугун, бирок жоопсуздуктун трагедиясын даңазалаган күчтүү лирика экенин сезимтал окурман ыр сабында жашап отуруп өзү түшунүп алуу мүмкүнчүлүгү көрүнүп турат.

“АРТЫМДЫ КАРАЙМ УЛАМ” деген ырына саресеп салсак, бул ыр – жалгыздык менен чарчоонун эң жогорку чекке жеткен учурун чагылдырган психологиялык этюд. Автор бул жерде ички абалды жып-жылаңач, корголбогон абалда берет. Ырдын башындагы, “ыйлаганга ийин керек” – деген сап – өтө жөнөкөй, бирок универсалдуу адамдык муктаждыкты даана ачып берген. Бул жерде поэзиянын күчү – минимализмде. Автордун чеберчилиги – ал трагедияны ашыкча пафоссуз берет. Окурман ошол лирикалык каарманга “ийин” боло албай калганына бушайман боло түшөт. Мисалы, “Эмне болду айтсаң” – деп сурабасын…” – деген сап аркылуу лирикалык каармандын абалы сөз менен жеткире алгыс аянычтуу деңгээлде экенин көрсөтөт. Бул – үнсүздүктүн жүрөккө жеткен поэтикасы. Ырдын финалындагы, “а балким келатат деп, артымды карайм улам…” – деген сап – үмүт менен үмүтсүздүктүн ортосундагы чекит. Бул ачык финал окурманды да ошол күтүү абалына алып келет. Бул ырды – адамдык алсыздыкты эстетикалык бийик деңгээлге көтөргөн терең психологиялык лирика деп кантип айтпай коюга болот?!

Рахат Жуманазарованын арзуу ырларын бириктирген негизги сапаттар – ички чынчылдык. Автор жасалмалуулуктан качат. Психологиялык тереңдик – ар бир ырында ички дүйнөнүн өзүнчө реалдуу абалы ачылат. Тили жөнөкөй, бирок таасирдүү тил. Кайталоо жана үн ыргагы аркылуу эмоция берүү чеберчилиги жогорку деңгээлде. Автордун поэзиясы – бул сырткы дүйнөнү эмес, өзүнүн ички дүйнөсүн, сезимдерин, ойлорун, жан дүйнөсүн терең изилдеп жазган – интроспективдүү лирика. Автордун ырлары окурманды окуяга эмес, абалга киргизет. Анын ырларын окуган окурман, “Күчтүү акын болсо ушунчалык болот да, мындан ашып кетүү мүмкүн эмес!..” – деген бүтүм чыгарары талашсыз.

Мында өзгөчө окурмандык пикир катары айта кетүүчү нерсе, мындай поэтика бүгүнкү кыргыз адабиятында абдан актуалдуу. Автор адабият айдыңынан өзүнүн ишенимдүү үнүн эбак эле тапкан, анын ошол үнүн тематикалык жана образдык жактан дагы кеңейтип, ачып берүү келечекте профессионал адабиятчылардын милдети, – деп билебиз. Мезгил талабына ылайык Рахат Шакировна Жуманазарованын чыгармаларына күн өткөн сайын суроо-талап жогорулап, окурман журтунун арасында бийик деңгээлге көтөрүлө берери күмөн жаратпайт.

ПОСТСКРИПТУМ: “Кыргыз маданият борбору” интернет порталында жарыяланган Рахат Жуманазарованын ырларын жалпы окурмандарга сунуштап кетүүнү туура көрдүм. Бул ырларды окуган окурман руханий жактан азык алып, жан дүйнөсү тазарат. Мындай мыкты ырларды окубай кетүүгө болбойт!..

“Азыр мага башымды жөлөп алып, мойнунан бек кучактап ыйлаганга ийин керек” алгач бул жерде - Адабий Ордо жарыяланды.

“Кээде дуулайм, кээде куурайм, кашаң дагы, күлүк дагы аттаймын…”
Биринчилерден баа бериңиз!

Нурлан Калыбековдун “Ыраазымын” ыр китебине сын пикир

Акындар өзүнүн жан дүйнөсү, табияты, мүнөзү, кыял-жоругу, кыскасы, ички ой-туйгулары, сырлары жөнүндө ашкере айтпаганы менен ырларынан байкалбай койбойт. Ушул тапта илим менен технологиянын өнүккөн, ааламдашуунун зуулдаган заманында жакшы ыр жаратыш да оор. ЖИ жардамы менен күн сайын эмес, саат сайын ыр, кара сөз жазгандар көбөйдү. Бул өтө коркунучтуу тенденция. Окурман журтунун таза ырга, чыныгы поэзияга, турмуштагыдай прозага болгон суроо-талабын жок кылуунун жолу, табитин талкалоонун аргасы. Адам менен технологиянын айрыкча шык, таланттын учкуну барлардын жарышы, атаандаштыгы, оңой оокатты аз-маз өзгөртө коюп, менчиктеп алуунун далалаты ким кимди ай-талаада калтырары азырынча белгисиз… Пенде өз табиятына жараша оңой оокатка тап бериш жагынан алдыга киши чыгарбайт.

Социолог-психолог изилдөөчүлөрдүн маалыматына караганда, акын (статус) табиятынын беш-алты категориясы аныкталган. Бизде азырынча ал тууралуу сөз боло элек…

Эл оозунда дервиш акын, жинди акын, бийликтин акыны, соодагер акын, кутурган акын, күнкарама акын, тантык акын, тамашакөй акын, эрке акын, эптемей акын, атына эле акын ж.б. бир канча аталыштары ооз жүзүндө айтылган менен майнаптуу илимий изилдөөлөр жок.

Акындар атам замандан бери өздөрүн кудайга теңеп, кудай менен алым-сабак айтышып, сырдашып-муңдашып, ал тургай кесир сүйлөп тыңсынгандары, теңата болгондору да жок эмес. Мунун себебин кандайдыр бир касиеттүү күч дээрине сеппесе, оозуна салбаса, дилине куйбаса, тилине куялуштурбаса ырды кайдан жаратмак деген ишеним күч. Ошол таризден караганда акын Нурлан Калыбековдун басмадан жаңыдан чыккан “Ыраазымын” деген ыр жыйнагынын маани-маңызы да, мазмун-идеясы да “Ыраазымын Кудурет, нурларыңдан шимирип, тазаландым таза жуулган айнектей” деп, жаратканга жакындаган, анын амири менен өзүн пендечиликтин майда-барат, акыр-чикир, көр-жеринен толук бошонгон, көкүрөгү нурга, жүрөгү сүйүүгө, башы тунук ойлорго толгон, жаңы жашоо баштаган, жаңы чөйрөдөн өзүн-өзү издеп таап кубанган акындын портретин, акындын бейнесин көрүүгө болот. Акындын дил агарткан, жан дүйнө тазарткан башкы миссиясы ушунда. Китептин башынан аягына чейин өзүнүн дух-рух абалын чагылдырганга, жан дүйнөсүндөгү өзгөрүш-бурулушту ыр саптары аркылуу жеткиргенге далалат жасаганы жөндөн-жөн эмес.

“Кутурган” акындардын бири Нурлан Калыбеков китеп артынан китеп чыгарып, мурунку ырларынын эсебинен жаңы жыйнагынын көлөмүн калыңдаткан акындардын тизмесине кирбейт. Акыркы жылдары мурунку-кийинки муундун арасында илгерки убактагы ырларын кошуп, өзүнө жаккан бир канчасын китептен китепке “айылчылатканды” жакшы көргөн тенденция күч алды. Эч ким талдабайт, эч ким сындабайт, кол чапкан, лайк басканга “семиргендер” көбөйдү.

Н. Калыбеков изденүүдөн, түйшөлүүдөн, жакшы ыр үчүн өзүн отко-чокко таштагандан качпаган дервиш дүйнөлүү калемгер. Бир карасаң, кой оозунан чөп алалбаган момун, бир карасаң, албуут дүйнөсүн жыйалбаган бороон-чапкындуу акын. Акындын поэзиясы салттуу формада жазылганы менен маани-маңызы, ойлору, берейин деген идеясы жаңыча, ыр саптарындагы жаңычылдык, ыр тизмегиндеги абстрактуу ассоциациялар, кызыктай ойлор окурманын, угарманын акыл-ойду аңтар-теңтер кылган “кармашка” камап таштайт…

Эгер жаңылышпасам, өмүрдүн авантюралуу өтүшү жөнүндө “энергия заблуждения” – “адашуу энергиясы” деп атаган орустун улуу сөз чебери Лев Толстойдун мындай айтканы бар. Дегеле адам, айрыкча акын, жазуучу, ойчул адам түз жол менен кеткен болбойт. Урунуп-беринип, жаңылып-жазып жашаш керек, ошонун өзү күч-кубат, энергия берет деген. Аның сыңарындай Н. Калыбековдун жаңылып-жазылганы жөнүндө кабарым жок, бирок өзүн-өзү таануу, өзүн-өзү ачуу, өзүн-өзү сындоо, өзүн бурчка такап жазалоо жагынан башкалардан айырмаланып турат.

Китепти ачарыңыз менен “Акыйкат” деп атаган ырын окуйсуз. Дал ошол ыр акындын акыйкатты табууга болгон далалаты эмес, чындыкты өзүнөн издөө машакаты десек болчудай. Анткени акыйкаттык абсолюттук мүнөздөгү түшүнүк, ар кимдин, ар бирибиздин өз чындыгыбыз бар. Ошонун жүзүн бурмалабай, бети-башын боёбой, көз-кашына кашташ койбой, ариет-намысты, уят-абийирди жараткандын калыбында кармап кала алабызбы? Кеп ушунда.

Келиңиз, кептин оролун кеңейткенден мурда, акынды угалы:

Мен өзүңдү тааныш үчүн,
табыш үчүн, ачыш үчүн өзүмдөн,
мен өзүмдү керек болду жоготуум.
сен тууралуу не бир сырдуу,
сыйкырдуу жомокторду айтылган,
тыйуу, чектөө мыйзамдарды
кулак-мээмден өчүрүп,
ишенимди көкүрөктөн
керек болду бошотуум.

Адам баласына чындыкка тике кароо, намыс-абийирине балта чаппоо, өз-өзүнө чыккынчылык кылбаш оозу менен айтканга караганда жасашы, шартка жараша ыңгайлашышы кандай оор, кандай кыйын!? Кеменгер ойчул Ч. Айтматов: “Адам баласына күн сайын адам болуш кыйын” деген кеби ушундан улам айтылган. Акын акыйкатты өзү жашаган чөйрөдөн издегиси келгени үчүн, акыйкатка жетүү үчүн, ал нерседен тартынбайт – күрөшөт, эч нерседен коркпойт – жогото турганы жок, керек болсо дүйнөнү аңтар-теңтер кылган төмөнкү саптарга байлап таштайт:

Өзүмдү-өзүм кесип, кыркып, балталап,
өзүм эккен уруктарды,
олтургузган көчөттөрдү четинен
бирден жулуп таштадым.
Чытырман-жыш токойлорду өрттөдүм,
көк майсаңдуу талааларды саргайтып,
кар-жамгырды жаадырбай,
дайраларды соолутуп,
жан-жагымды чөлгө айланттым, кактадым.

Сөздүн кудуретин, ойдун күчүн караңыз, эгерде ыр саптарында ушунчалык жалындаган ой менен таасирдүү, курч, образдуу сөздөрдүн духу болбогондо жомок сыяктуу сезилмек. Адам өмүр көчүндө кайра-кайра тарбияланып, окуп билимин өркүндөткөндөн жаман болгон эмес. Ал эми өзүн өзгөртүү, жаңылануу, руханий жактан тазаруу, жан дүйнөсүндө бурулуш жасоо, ички төңкөрүштүн ысык-суугуна чыдоо – бул, бери болгондо, эрдик, нары болгондо, апендилик… Баарыбыздын колубуздан келе турган иш эмес.

Автор ырында өз акыйкатын “улуп-уңшуп, өңгүрөп, алы куруп шалдырап, кулак укпас, көз көрбөс, ээн жерде…” турган кезинде тапты! Көрсө экөө бирин-бири издеп, көпчүлүктүн арасынан таба албай, акындык илхамдын апогейине келгенде кездешип олтурушат.

Өзүмдү-өзүм оболу,
жоготконум болгон экен керемет,
текке кетип өмүр менен убакыт,
жүрмөк экем дагы эле
быкшып, күйүп-жаналбай. [“Акыйкат”3-4-бет. ]

Изденүү – акын үчүн жеңил эмес, ал талант менен мээнеттин жан кейиткен, жан сыздаткан кармашынан, маңдай тер менен кан-жандын айыгышкан күрөшүнөн кийин жаралат. Автор жаңы китебиндеги ырлардын формасына жаңылык киргизди дегенден алыспыз, ыр саптарын жаңы идея менен жаңы ойлорго шыкап-шөкөттөп, өзүнүн жаңыча көз карашын, жаңыча бүтүмүн жасап, индивидуалдуу мүнөзүн ачкан. Н. Калыбеков акындар айтып-ырдап жүргөн көрүнүштүн (окуя, факты, обьект ж.б.) жаңы кырларын, түркүн түсүн, өңү-башын, келбет-ырайын башкача аспектиде ачканга жөндөмдүү, интерпретацияны чеберчилик менен чегине жеткире алган кашкөй акын. Албетте, поэзиясында ыр жазуу манерасын, жекече стилин, жекече мамилесин, кыскасын айтканда, индивидуалдуу жүзүн көрсөтө алган акын өзүнүн индивидуалдуу портретин тартары да талашсыз. Ырларынын уйкашы жөнүндө айтсак, боз үйдүн жасалгасына, кооздугуна, ыңгайлуулугуна эмнелер зарыл болсо, дал ошол элементтерин кынтыксыз кынаган, колунан көөрү төгүлгөн ууздай, өз ишин сүйүп жасаган уста сымал… Белгилүү сынчы С.Жигитов: “Уйкаш бир учурда ырды уйкаштырган жана көркүнө чыгарган зор күч болсо, бир учурда жезди жылтыратып көрсөткөн алтындын буусуна барабар” деп баа берген. Жөнөкөй затты, мисалы, кадимки металлды (алюминий, калай, жез ж.б) алтындын буусуна кармаса, нукурасы, тазасы кайсынысы деп баш катырган сымал, уйкаштыгы ушунчалык кынтыксыз, ушунчалык тегиз, сөз айкаштары жупташкан-куюлушкан ырлар чачтан көп. Бирок аларда кыпындай, тырмактын агындай поэтикалык ой, поэтикалык касиет жок. Том-том ыр жыйнагынан саналуу эле поэзиянын талабына жооп берген, поэтикалык призмасы даана байкалган, поэтикалык фигураларга бай ырларды таба аласыз, калгандары уйкаш жагынан алдына ат салдырбаган сырты жылтырак, ичи калтырак жарым-жан ырлар. Учурдагы жарыкка чыгып жаткан ыр жыйнактарын лупа менен астейдил карап чыгыш керек… Көлөм үчүн, томдуктар үчүн күрөш күч алды.

Ал эми акындын ырларынын техникалык курамы аздектеп өргөн беш көкүл кыздын чачындай ритм, рифма, строфа, ыр саптары, уйкаштык, муун өлчөмдөрү, көркөм сөз каражаттарынын байлыгы, орундуу иштеген чеберчилигине кине коё албайсың.

Жыйнак, негизинен, “лирикалык мендин” миң түркүн жан дүйнө абалын чагылдырып, диалектиканын мыйзамындагыдай Жер, Ай, Күн, Аалам, Планета, Табият менен Адамдын ажырагыс биримдигин, тилектештигин, өз ара карым-катнашын алардын ортосундагы органикалык байланышты ырга салат. Ал кандай байланыш эле?

Төбөм асман, астым жер…
Ак, кара, боз топурактан жаралгам,
чындыгында,
чылкый эле нурдан бүткөн жан элем.
Ыңгайлашып кара жердин бетине,
топурактан кийим тигип кийип алгам.
Жаралганда эң оболу Жараткан,
аны менен мен да кошо жаралгам. [9-бет. ]

Өзүн терең тааныган пенде Адам деген заттын улуулугун, теңдешсиз күчүн моюнга алат. Ошон үчүн “Кереметтүү зор касиет, зор күчтү, мен өзүмдөн көрө алдым” деп ишенимдүү ырдайт. Турмушунун күнгөй-тескейи, ак-карасы, жакшы-жаманы, мүдө-максаты, жашоодогу жаратуучу, куруучу, калкалоочу күч катары даңазаланганы менен сүйүү-мээрим, аруулуктун үрөнүн сепкенге милдеттүү экенин эскертет.

Адамдар арасында илгери убакта, азыр деле касыйда окуган молдолорго дем салдыргандар бар. Демдин таасири, касиети жөнүндө айтып да жүрүшөт. Бул псхикалык жана моралдык-этикалык жекече маселе. Ал эми акындар демди кимден, кайдан алышат? Аларды ыр жаздырган, илхамын ойготкон, оозуна ыр саптарын тизмектештирген эмчи-домчулар барбы?

Кере жутуп абаны,
көпкө турдум үйлөнгөн шар өңдөнүп.
От бүрккөндөй ажыдаар,
ичимдеги акыр-чикирлерди бүт,
сыртка бүркүп таштадым.
Көздү-сөздү, каргыштарды айтылган,
баш-шыйрактай куйкаладым очокко,
өзүмдү анан жеңил сезе баштадым! [“Дем”27-бет. ]

Ички дүйнөсүндөгү “ач кенедей жабышып, канды соргон ээлүү, муздак жандардан, котур ташы койнундагы ниети бузук дос-жардан, Ээлеп алып дүйнөмдү жашагандар көп экен, жөн жашабай мите курттай жешиптир…” деп, канча убакыттар бою жанын эзип-кыйнап келген кара тумандуу дүрбөлөң-убайымдан, жаман ой-санаадан кантип кутулуп, жеңилдегенин-тазарганын айтып берет. Акындын ырындагы көркөм сөз каражаттары жаңы эмес, мурда-кийин поэзияда колдонулуп жүргөн сөз айкаштары. Бир гана “ээлүү, муздак жандарды” өтө элестүү, образдуу, таасын көз алдыңызга келген мамлекеттеги жемкорлукту гүлдөткөн, өлкөнү кудуретсиздикке батырган бийликтеги (чөөлөрдөй, карышкырдай, ит, мышыктай, келемиштей, кузгундардай…) адамдардын жүзү, образы, типтери көз алдыга тартылат.

Биз акындын чыгармачылыгынын эволюциясы жөнүндө эч нерсе айта албайбыз. Бизден мурунку талдоого алгандар, ырларын анализдеген сынчы-адабиятчылар айтышы мүмкүн. Ырлардын жазылыш тарыхы же таржымалы автордун жеке тагдырына, адепкисинде социалдык-нравалык, саясий-коомдук факторлорго тикеден-тике байланышат же кандайдадыр бир тиешеси болбой койбойт.

Нурлан Калыбековдун поэзиядагы сапары ак-карасы аралашкан, будуң чаңдуу, оомал-төкмөл заманынан алыстай албады. Качып да кеткенге болбойт болчу. Эгемендүүлүгүн алган мамлекеттин тагдыры кандай болсо, анын жеке тагдыры андан ашып түшпөдү. Арийне акындар өзү жашаган коомдон четтеп кете албасынын сан-миң себептери бар. Алар жашоого элдин атынан сүйлөп, айтыш үчүн келет. Бир жаман жери, убагында (1990-жылдан 2021-жылга чейин кыргыз эли беш-алты коомдук-саясий төңкөрүштү, кандуу жылдарды башынан кечирди) “темирди кызуусунда сок” демекчи, болгону азганактай акындар (үч-төртөө) айткан менен алардын үнү угулбады, үнү жетпеди. Чогулуп айтканда, акын-жазуучулар, интеллигенция, демократияны туу туткандар бириккенде, массалык мүнөзгө айланганда, балким башкача болот беле?..

Өттү жылдар, алар менен
кошо тарттым азапты,
карайладык жол таба албай,
күн кечирдик мазактуу.
Чөөлөрдөй кыйкырыштык,
карышкырдай улудук,
курсак тойбой, карек тойбой,
жүрөк тойбой курудук.

Ит, мышыктай, келемиштей,
кузгундардай туш-туштан,
так талаштык, бак талаштык
сезген жокпуз куттуу учкан.
Топураган топ ичинде чындык өлөт,
кут конбойт,
мен ушуну билдим акыр:
кут конгон журт-жут болбойт! [“Түлөөдө” 18-бет.]

Тарыхта болуп өткөн окуя же фактылар изсиз калбайт, анын чын-төгүнү, суу кошулганы-кошулбаганы иргелет, реалдуу өтмүшү эртеби-кечпи айтылат, изилденет, анализденет.

Дүйнөлүк поэзияда тарыхый мааниге ээ болгон окуяларды кагазга түшүрүп, элге биринчилерден болуп жеткирген көркөм сөз ээлери-акындар болгон. Орус элинин улуу акын кызы А. Акматова «Реквием» поэмасын лирикалык циклге айландырууну каалаганына карабастан, алгачкы саптарын 1934-жылы жазып, аны бир канча жолу оңдоп-түзөп, атын өзгөртүп, эки главасын 1934-1935-жылдары бүтүргөн. Акын өзү бир канча жолу кол жазмасын өрттөп жиберген. Ошого карабастан, аталган поэмасы алгачкы жолу чет өлкөлүк басылмаларда Мюнхенде басылып чыккан. Анна Акматова Ежовщинанын каардуу жылдарында Ленинграддын түрмѳлѳрүндѳ уулуна тамак-аш бериш үчүн 17-19 сааттай кезек күтүп, ошол эле убакта «Реквием» поэмасын беш жыл бою жазган.

Оронбодум алтын, күмүш, шайыга,
Оор кезеңде ооздук менен суу ичтим.
Элим менен бирге болдум дайыма,
Эл уу ичсе, мен да кошо уу ичтим.

Он жети ай мени сенделттиң,
Оорумсуң, оюм, санаамсың.
Бутун да өптүм желдеттин,
Баламсың балам, баламсың.

Түрүүлѳй басты жин-арам,
Түйүнүн турам чечелбай.
Кимиси жырткыч, ким адам,
Ѳлүмдү күттүм кетелбай.

(Которгон: Ш. Дүйшеев)

А. Акматова жалгыз уулу Лев Гумилёвдун азабын ашкере тарткан, ошол мезгилдин саясий тузагы, бийликтин энесине эскертип турган ишараты, оозун ачтырбоонун шылтоосу (анткени ал чындыкты ырдаган, адилеттүүлүктү жактаган күчтүү акын болгон) Гумилёвго окшогондордун канчасы жазага тартылган. Күнөөлүү, күнөөсү жогу канча? Байкуш орус энелеринин көз жашы акындын уулунун кайгысын эмес, жалпы аял-энелердин жүрөк кайгысын, муңун, үмүт-тилегин кошо тарттырып, түрмөдөгү ажал менен арбашкан адамдардын (уулу же күйөөсү, же бир тууганы, жакынынын) соңку мүнөттөгү аянычтуу тагдырын, өлбөс-өчпөс «Реквиемдин» жаралышын шарттады.

Акын Н. Калыбеков аталган ыр жыйнагында жеке өзүнүн (амбициялуу акынбы?) жан дүйнөсүндөгү бурулушту, өзгөрүүнү тагыраак айтканда, тазаланууну жазган жок. Өткөн мезгилдин жаман-жакшысынан, оор-жеңилинен, каар-кегинен, азап-мүшкүлүнөн, акараат-жазмышынан сабак алып, жыйынтык чыгарып, эл-журтту, окурмандарын дегеле коомду руханий тазаланууга үндөйт.

Кап курсактын камын көрүп ичип-жеп,
уктап келип, уктап кете бербестен
ойгонгон оң жашоодо.

[“Аты-жөнүм”12-13-беттер ]

Болот-болбойт деп олтуруп не таптык,
тобокелчил тоо томкорот, кыр ашат.
Ыргылжыңдар, жолубузду не жаптык,
кана, эмгегиң? – эртең бизден сурашат.

Кана достум кеттик, көтөр желекти,
бут тоскондор калсын артта чаңга оонап.
Өмүр бизге бир берилген белектир,
эртең эле ажал келет жан доолап.

[“Мен өзүмө, өзүм гана ишенем” 55-бет ]

Акындын жыйнагында кайра-кайра кайталанган саптар да жок эмес. ”Адам деген аты барлар, заты жоктор, жер үстүндө, жер астында көп экен…” [12]; “Байланбаймын өмүргө да өлүмгө, ачуусуна, таттуусуна” [21]; “Шашып кайда барат элем, шашып таман тешилди” [23] деген тизмектер ойду күчөтүү же маанини тереңдетүү үчүн эмес, кадыресе эле ойлордун кайра-кайра кайталанышы болуп калган. Дагы бир нерсе, акын өзү “Башым маң…” деп атаган поэмасында китептин башынан аягына чейин ырларда айтылган ойлордун жыйындысы сыяктуу сезилет.

Азыр мына жин-перилер
дүйнөсүндө жашаймын –
караңгы да сасык да…
Өңү-түсү, кебетеси-кепшири
коркунучтуу алардын,
мен дагы ошолордун биримин. [“Башым маң…”95-бет. ]

– деген каармандын (“Көлөкөсү Кудайдын”) диалогун түшүнүктүү, ачык-айкын, абсалюттук мүнөзүн реалдуу белгисине карап же илимий негизде тастыкталган образын тереңдетип иштеп чыкса болчудай.

Н. Калыбеков учурдагы индивид акындардын баш сабында турат. Жыйнагындагы көпчүлүк ырларынын өз таржымалы, объектиси, айтайын деген ою жана бүтүмү бар. Анын “Эмнегедир сагына беремин, чексиздикти, түпсүздүктү ар дайым” деген сабынын бир мандеми бар. Адатта акындар ойдун туткунунда жүрүшөт. Алардын жүрөгүнө тынчтык бербеген ойлор басса-турса жадынан кетпейт. Уктаса түшүнө кирет. Уйку-соонун арасында ыр жазгандары бар. Ал – кыйноо, жакшы ыр жазуу түйшүгү, мыкты поэзиянын үлгүсүн жаратуу убарагерчилиги…

Бул дүйнөгө келген белем жаңылыш,
өздөштүрө албай келем турмушту.
Кудай менен ортобузда таарыныч
Болгон окшойт, жеген окшойм зор мушту.

Сүргүндө окшойм, асман соту соттогон,
азабымды жедим абдан тойгончо,
Периштелер барбы мени жоктогон,
аяның бер, түк унутуп койгончо… [“Сагыныч” 29-бет.]

Жогорудагы саптар акындын жан дүйнөсүн кыскан, түйшөлткөн, мыжыккан ойлордун кагылышуусунан жаралган. Рух агартуу-тазаруу айтканга оңой, бирок анын кыйноосуна, тынымсыз күрөшүнө, анын бармакка сайылган ийнедей ачуу уусуна туруштук берүү кыйын. Бир туруп демденип-эрдемсинип кайраттанган, бир туруп шаабайы сууп, колу-буту шалдырап турган абалды башынан кечирген адам менен күнүмдүк жашоосуна каниет кылгандын айырмасы чоң.

Неге, эрте коштоштум,
шапар тепкен күндөр менен дуулдаган?
Андан көрө тал-теректин шуулдаган,
үнүн угуп жашагым бар талаада. [“Сыр” 51-бет.]

Жалгыздык тубаса акындар үчүн мүнөздүү көрүнүш. Поэзиянын жоопкерчилиги, талабы менен азабы, ыр жүрөктүү акындарды аргасыз баш ийдирген жол. Табият менен эриш-аркак, жаратылыш менен коюн-колтук аралашып, аалам сырын ачканга куштарлар үчүн жашоо образы, ыр жазгандар үчүн өзүнчө бакыт.

Хайку жапон поэзиясындагы салттуу жанр. «5 – 7 – 5» ыр саптары менен түзүлүп, үч саптан жана он жети муундан куралат. Бул жанрдын жаралуу тарыхы XVI кылымдын аягы, XVII кылымдын башына таандык. Мындайча айтканда, беш-алты кылымдан бери чанылбай, жоголбой, көөнөрбөй келаткан жанр. Хайку жанрында ыр жазган белгилүү жапон акындарынын башында Мацуо Басё, Кобояси Исса, Ёса Бусон жана башкалар турат. Жапондор булардын мектебин, хайкучулардын жолун уланткан шакирттерин кандай урматташат.

Эмнеге алар талаалап, эл кыдырып, жер кезип, дервиш сыяктуу тентип кетип, пендечиликтин жыргал-кууралынан баш тартышкан?

Мацуо Басё – жапондордун эң таланттуу акындарынын бири, ыр жазуу боюнча адабият теоретиги, анын шакирттери жапон поэзиясынын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн өзүнчө муунун түзөт. Ал – орто жашаган самурай үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Хайку үч сап ырлар жанрында жазган, ойлорду көркөм туюндуруунун кыска жана нуска жолуна алгачкы из салган карлыгач акын. Өмүрүнүн көп жылдарын жер кыдырып, эл кезип, саякаттоо менен өткөргөн, нукура өз стилинде, өзүнүн манерасында жазган акындардын адабий мектебин калыптандырган.

Өз мезгилинде атак-даңкына, аброюна, хайку жанрына алгачкы из салган, атактуу акын болгонуна карабастан, өмүрү бүтүндөй жакырчылыкта өткөн. Чыныгы философ-буддист катары өзүнүн материалдык абалына эч качан көңүл бөлгөн эмес, материалдык байлыкка таптакыр кызыкпаган. Колунда бар шакирти салып берген, ыр дүйнөсүндө белгилүү «Банан өжүрөсү» күйүп кеткен соң, он жылдай бүткүл Жапон аймагын жөө кыдырып, өмүрүн жолоочу (дервиш) жашоодо өткөргөн. 1694-жылы шакирттери менен жер кезип жүргөндө, Осакада каза болгон.

Дагы бир кытайлык атактуу акындардын ичинен Тао Юань-миндин (Тао Цянь) өмүр жолуна көз чаптырыңыз. Анын ата-теги түпкүлүгүндө башкаруучулардын үй-бүлөсүнөн чыккан, ата-энеси анчалык чоң эмес мансапка ээ болгон. Жыйырма тогуз жашында иштей баштайт да, кырк бир жашында кичирээк бир аймактын башкаруучусу даражасына жетет. Капыстан эле күтүлбөгөндөй чечимге келип, кыйналып араң жеткен мансап-даражасын таштап, ээн-эркин болгонду эңсеп, эл кыдырып, ыр жазууга өтөт. Кырк төрт жашында капылет кырсык тооруйт. Үй-жайы алоолонгон өрттөн күйүп, эч бир буюм-тайымы калбай, ээн талаада жалгыз калат. Өзү башынан өткөргөн өмүрүнүн дүрбөлөңдүү учурларын, көз карашын поэзиясында өзүнүн акындык личносттун ар тараптан реалдуу чагылдырган. Эркиндик, өз алдынчалык, көз карандысыздык анын бийик туткан идеалы болгон. Адам деген ар дайым, ар качан эркин болууга тийиш деп түшүнгөн.

Аның сыңарындай таланттуу акын Н. Калыбеков акындык кредону бийик туткан, ырларына жасалмасыз, жоопкерчилик менен караган, көңүл түпкүрүндөгү ыр сабын этияттап, бапестеп, кастарлап жазган такыба акындардын категориясына кирет. Ыр анын өмүр-дүйнөсү менен кошоктошуп, жуурулушуп калган үчүн минтип сырын төгүп отурбайбы:

Шаракташып, шар суу менен шаң аккан
өзөн бойлоп оюн-күлкү салгым бар.
Күндү тосуп таң эрте, кайра кечте узатып,
Ай шооласын жамынып,
жылдыздарга сыр айтып
алачыкта, жалгыз жашап алгым бар.

Эмнегедир көпчүлүк акындар ыр жазган учурун, күндү, айдын числосун, жылын жазганга кызыга беришпейт. Нурланда да ырларынын кайсы күнү, канчанынчы числодо жазылганы берилген эмес. Акындардын чыгармачылыгынын эволюциялык өсүп-өнүгүшүндө, адабий процесстеги жекече ордун аныктоодо мезгил-убакыт чоң мааниге ээ. Бул дүйнөлүк практикада өзгөчө ролду ойнойт, албетте ырды эмес, пырды жазгандар үчүн эмес, классиканы, шедеврди жараткандар үчүн маанилүү.

“Кээде дуулайм, кээде куурайм, кашаң дагы, күлүк дагы аттаймын…” алгач бул жерде - Адабий Ордо жарыяланды.

“Кассандра эн тамгасы” каккан доолбас
5/5 - (5 добуш)

Чыгарманы окугандагы мага “угулган” доолбастын үнүн каккым келди, башкалар да укса деген далалатым. Дээрлик бардык чыгармалары менен коомдогу көйгөйлөрдүн бутасына тийип келген Айтматов, бул чыгармасында бүткүл аалам алкагында, бүтүндөй адамзаттын көйгөйүн козгогонунан кабар алууга болот. Бул жолу да чебер сүрөткер бутага жазбай тийген.

Американын Нью-Йорк шаарында “баардык континенттерде ойду ойготуучу” деген атак алган “Трибюн” гезити мурда бир да басма сөздүн, бир да маалымат каражатынын тажрыйбасында болуп көрбөгөн, дегеле бүткүл адамзатынын тарыхында болуп көрбөгөн ишти кылууга батынды. Өзүн космостук монах Филофей атаган, космосто жашоо өткөрүп жаткан адамдан “Трибюн” гезитине факс аркылуу Рим папасына жолдонгон кат келген. Илимпоздук ишмердигинде көптөгөн чоң ачылыштарды жасаган бул атактуу адам жашоосундагы чоң бурулуштан кийин, аялдын боюна жаңыдан бүткөн түйүлдүктүн энесинин чекесинде пайда боло турган кичинекей так аркылуу бул дүйнөгө төрөлгүсү келбей тургандыгын маалымдаган жөндөмдүүлүгүн ачкан.

Ал так Филофей космостон жиберип тура турган тапкыч нурлардын жардамы менен көрүнмөк. Ооба, бул фантастика. Бирок жазуучу фантастиканын жардамы менен айткан ачуу чындыктар – бузуктугун тынбай улантып келаткан адамдар өздөрүнө өздөрү акыр заман алып келаткандарын эскертип, дүйнөгө кагылган доолбас деп кабыл алдым. Түйүлдүктүн бул дүйнөгө келгенде тартар азабын алдын ала сезип, туулуудан баш тартуусу бул дүйнөнүн жамандыкка канчалык толгонунан кабар берет. А дүйнөнү жамандыкка толтуруп жаткан, Айтматов белгилегендей, жер үстүндө акыл эске ээ жападан жалгыз жандык болгон адам баласы экени айкын. Мына ошол адам баласынын тукуму уланышы менен бул тирүүлүк жүрүп турат. Бирок адам тукумунда жамандык гана басымдуулук кылып калса, бул тирүүлүктүн жүрүп турушунун маңызы түгөнмөк.

Эми алардын жаңыдан бойго бүткөн түйүлдүктөрүнүн бул дүйнөгө келбейбиз деген билдирүүсү, бул жер үстүндө адам баласынын тукуму уланбай калат дегенди билдирмек. Ушунун өзү дүйнөнүн акырын негиздеп турат. Айтматов “Кассандра эн тамгасы” атаган, бойкат аялдын чекесинде пайда болуучу так акыр замандын кабары эмес эле, акыр заманды алдын алуу үчүн ырайым менен берилген эскертүү болчу. Башкы каарман – космостук монах Филофейдин катында муну ырастаган мына бул саптар бар:

“…мүмкүн, Жараткандын өзүнүн эрки жана буйругу менен жаралган идеяларды назарыңызды бөлүп, угуп коюңуз.

Дүйнөнүн ала салчу маалы келди…

Тээ Адам-ата, Обо-энеден бери мурастап келаткан жашоо калыбынын колдон чыгып кеткен туруктуулугунун орду эмне менен толтурулат? …суроо туулат: качан болсо пайда гана көздөгөн жана түгөнгүс боорукерлигин нысапсыз пайдалануу менен, дилибизде үмүт дубасын кайталап, эң жогорку гарант катары ишенген, Жараткандын өзүнө дайыма каршы жашашкан булар кайдан чыккан – бизде даяр турган жаман жосундардын соолгус генетикалык башаты кузгундагандар кайдан чыгышты?

Адамзатка күн мурдатан арналган Жакшылыктын энергиясын жана аны менен катар жана ага каршы Жамандыктын энергиясын эч ким өзгөртө албайт. Бирок адамда түбөлүктүүлүктүн түгөнгүс кыймылын камтыган акыл артыкчылыгы берилген, эгер ал жашоосун улантам десе, эгер цивилизациянын туу чокусуна жетем десе, анда ал өзүндөгү Жамандыкты жеңиши зарыл”.

“Өзүндөгү жамандыкты жеңиши зарыл”. Жазуучу өз каарманы аркылуу сунуш кылып жаткан өнүгүү жолунун өзөгү мына ушунда жатат. Филофей дагы мындай дейт:

“Жок, бул өттү-кетти нерсе эмес, сөз түбөлүктүүлүк жөнүндө баратат. Түбөлүктүүлүк өзүнөн-өзү түбөлүктүү, ал эми адам түбөлүктүүлүккө өзү жетиши, түбөлүктүүлүктүн кредитин укумдан тукумга узартып олтурушу тийиш, анын жападан жалгыз жолу – адеп-ахлак жактан өзүн-өзү өркүндөтүү. Мен дагы бир ирет билдирем, кассандро-эмбриондордун берген белгилерин аныктоо боюнча менин космостук изилдөөлөрүм – мындан ары мындай жашоого болбойт, мындан ары тукум курут болобуз, – дегенди түшүнүүгө элге жардам берүүдөн башка эч бир максат көздөбөйт”.

Бирок коомчулук муну кызуу каршылык менен кабыл алышты. Филофейдин тапкыч нурлары алгачкы тактарды таба баштады. Түйүлдүктөр жарык дүйнөгө келгиси келбестигин кабарлап жатышты. Бул көрүнүш ааламга анык чуулганды салды.

Чыгармадагы дагы бир оң каарман Гарвард университетинин окумуштуусу, дээрлик өмүр бою бүгүнкүнүн жардамы менен келечекти болжолдоп, адам өмүрүнүн маңызы эмне экенинин сырын ачууга далалат кылып келе жаткан футуролог Роберт Борктун бейнесинде да жазуучу мына ушул ойлорду толуктайт. Көпчүлүктүн пикирине каршы тура, тааныган чындыгынан тайбастан, тайманбастан, ошол эле “Трибюн” гезити аркылуу футуролог буларды жазды: “Көзгө көрүнбөс генетикалык куюн көтөрүлүп, чарк айлантып жатат. Эми экөөнүн бирин жасоо керек: башкалар эмне болсо ошол болсун, өзүм аман калсам болду деп көпчүлүгү ойлогондой, “көзүм көрбөсө, көчүгүмдү бөрү жесин” дегенсип корккондо башын кумга катып алган төө куштун кейпин кийүү керек, же жалтанбай Теңирдин көзүн тике карап, анын элге эскертүүсүн кабыл алуу керек, анткени Теңир эскертип гана коёт, бүтүмгө келүү өзүбүздөн”.

Адаттагы көрүнүш, Филофейдин жазгандары дүйнөнүн катасын көрсөтүп, кылмыштарын ачып, айыбын ашкерелеп тургандыктан көптөргө жакпады. Өзүн ашкере сүйүүчүлүктөн, айыбын тануудан эмес, моюнга алуудан оңолуу башталарын төшүнбөй калышты. Бүлүнгөндү бүтөөгө болгон чакырыкты бүтүндү бүлүнтүүчүдөй кабыл алышты. Кай жерде болбосун, кимдер гана болбосун орбитадагы монах Филофейдин катын, кассандра эмбриондордун каргашалуу билдирүүлөрүн гана талкуулап жатышты.

Адатка айланып калгандай адамдар өздөрүнүн кыянаттыгын кимдир бирөөнүн (бул жерде кассандра эмбриондордун) көрсөтүшүн каалашкан жок. Адамдагы жамандык аны өзүндөгү жамандыкты жеңүүгө болгон чакырыкка, аны куткарууга болгон далалатка кулак салууга жөндөмсүз кылып койду.

Ашкере өзүн сүйүүчүлүктөн тумандаган көздөр өз керт башынын кызыкчылыгы үчүн, утурумдук жыргалчылыктарын түбөлүк кыйроого төлөп берип жатышкандарын сезишкен жок. Мансап дөөлөтүнө мас болуп, бийлик кумарынынын тайыздыгында камалып калган алар азыткыга жол берип, чындыкты будамайлоо менен өздөрүнө кастык кылып жатышкандыктарын сезишкен жок. Күнүмдүк жыргалчылык үчүн түбөлүк кыйроого макулдук берип жатышкандыктарын билишкен жок. Жашоодогу мына ушул чындыктарды көрсөтүү үчүн жазуучу президенттикке ат салышып жаткан Оливер Ордоктун бейнесин жараткан. Анын бийликке болгон кумарынын күчү ушунча болду, керектүү добушка ээ болуу үчүн бүтүндөй аалам деңгээлиндеги коогалаңдын доолбасын угууга жөндөмсүз болуп, канткенде шайлоочулардын ишенимине кирерин баамдоодо сак турду. Бул үчүн ал шайтандын өзү менен макулдашууга баруудан кайра тартпачудай абалда эле. Так ушуну кыйытып, жазуучу Оливер Ордок менен футуролог Роберт Борктун маегине мына муну кыстара кеткен:

– Баса, сага шайтан тууралуу айтып бермек эмес белем.

– Шайтан тууралуу дейсиңби? Ии, ооба, эстедим. Айтсаң айтчы, ал эмне болгон шайтан экен?

– Бул бир кызык окуя. Ии дебейсиңби, жакында мен шайлоо алдындагы биринчи жолугушуумду өткөрдүм. Килейген зал жык-жыйма эл. Беш миңдей бар! Өрөпкүгөнүмдү айтпа. Программамды ортого салдым. Анан суроолор бериле баштады. Тим эле жамгырдай жаады. Эмнелерди гана сурашпады, ийнесинен жибине чейин! Кызтекелерден тартып, эл аралык мамилелерге чейин. Спортко барсызбы, үйбүлөңүз кандай, жакшы көргөн эрмегиңиз – хоббиңиз эмне, жана башка жана башкалар. Аңгыча микрофонго бирөө келе калып, мындай суроо берип турса болобу: “Мистер Ордок, сизден көптөн көп өтүнүч, айтып койсоңуз, сиздин шайтанга кандай тиешеңиз бар?” Менин оозум ачылды да калды. Зал тымтырс! – “Шайтанга дейсизби? Кайдагы шайтанды айтасыз?” – “Сизди айтам, мистер Ордок. Сиз – шайтансыз!” – “Түшүнбөдүм, кандайча?” – “Сиз, мистер Ордок, тегиңиз жактан венгрсиз. Венгер тилинде “ордог” “шайтан” дегенди билдирет! Муну эсиңизден чыгарганыңыз жарабас, мистер Ордок!” Зал күлкүдөн жарылып кете жаздады. Менден болсо алка-шалка тер кетти. Анан жанагы неме: “Кечирип коюңуз, Ордок. Мен бекеринен айтып жаткан жокмун. Мен сиздин Америкадагы барып турган белгилүү шайтан болушуңузду тилейм!” деп кошумчалап олтурбайбы. Зал дагы күлкүдөн жарыла жаздап токтоду. Муну кандай дейсиң, Роберт.

– Мунуң ойго келбес нерсе экен! Жессиге айтып берейин”.

Айбааттуу ат салышуунун алдында делөөрүп турган Оливер Ордок, элди уу-дуу кылып турган Филофейдин билдирүүсү боюнча көз карашын жыйнактоодо атаандаштарынан артта калбоону көздөдү. Анчейин тыгыз мамилеси жок эски таанышы футуролог Роберт Боркко мына ушул себептен иши түшүп турган. Бул суроо боюнча эң жөндүү пикирди айтса ушул адам айта алат деп, анын шайлоо алдындагы кампаниясын жүргүзүүчүлөрдүн бири Энтони Юнгер сунуш кылган. Энтони Юнгер Роберт Боркту сыртынан иштери аркылуу таанып, терең урматтаган жаш жигит эле.

Кассандра эн тамгасы тууралуу Роберттин айтканы Оливердин ою менен төп келбеди. Азыр Оливерди кызыктырганы Роберттин айтканы, Филофейдин билдирүүсү канчалык жүйөлүү, негиздүүлүгү эмес, кандай дегенде шайлоочулардын оюндагысын таап, бул чуулгандуу маселеде добуш утуп алышы эле. Телефон аркылуу болгон ушул сүйлөшүүдө жакшы ымалалаштай сүйлөп турган Оливер, шайлоочулар менен жолугушууда ойт берип, шайлоочуларга эмне жагарын билди да, алардын алдында беделин көтөрүү үчүн, Филофей менен кошо дүйнөнүн кыянаттыгын ашкерелөөдөн кайра тартпай турган Роберт Боркту курмандык кыла берди. Эгер эртеңки күнү Ордок президент болуп калса, убайын көрүүдөн үмүттөнүп ээлигип алган шайлоо кампаниясындагы адамдар үчүн анын бул кадамы анчейин өөн учурабады. Бийлик, мансап кумарына байланбаган, абийири тирүү Энтони Юнгер гана анын бул кадамын так кесе каршы алды. Энтони үчүн талапкеринин бет жабуусу түшүп, чыныгы жүзү ачылып калды. Экөөнүн жолу бир эмес экени ага айкын болду. Андан мурда Энтони Робертке Оливер Ордоктун шайлоочулар менен жолугушуусу түз алып көрсөтүлө турган убакытты билдиргенче, Филофейдин билдирүүсү боюнча да пикирин сурап, аны менен дээрлик пикирлеш болуп чыккан эле. Оливердин бул жоругунан кийин, Энтони Юнгер көрүнөө Роберт жана Филофей тарапка өттү. Ошентип, чындыктын жактоочуларына өткүр, тайманбас дагы бирөө кошулду.

Өзүнүн беделин көтөрөм деп Оливер Ордок өздөрүнө кырсык жасап алышканын уккусу келбей удургуп турган калың элди Роберт Боркко карай айдактап койду. Роберт Борк тайсалдап чындыктан качышы керек эле, кача албаса, чындыкты бурмалай албаса өлүмгө тике чыгышы керек эле. Бирөөгө жасакерленип жагынбастан акырына чейин чындыкты жактагандардын тагдырларын кайталап, Роберт Борк селдей агылып келген элдин ур-тепкисинен курман болду. Мына ушул кадамга ал эмне болорун түшүнүп туруп барды. Көз жашын көлдөтүп турган жубайы да, андай кылба деген жок. Антпегенде Роберт Борк жасакерленип, бул өздөрүнө жаккан жалганды сүйүүчүлөргө жагынып, өң карама болсунбу? Жок, Роберт андай кыла алмак эмес. Алар жазмышка моюн сунушту. Чындыктын дагы бир курмандыгы Роберт Борк болду.

Бири бирине бейтааныш пикирлеш, ой-ниеттеш Роберт Борк менен Филофей, экөөнүн тагдыры чечилер окуянын туу чокусунда, алыс аралыктан, сырттан болсо да тааныша алышкан эле. Бул убакта телефон менен байма-бай байланышып, Роберт Боркту жана космостон Филофейди катыштырып, түз эфир уюштуруу үчүн Энтони Юнгер келе жаткан. Энтони шериктешин сактап кала албады. Канга боёлуп жаткан кезинде, көз караштар бир кездешип, коштошушту. Ошол көз караштан Энтони Борктун туу туткан ураанын өзүнө өткөрүп алгансыды.

Табият тилин түшүнгөн Айтматов көп чыгармаларында табиятка тил киргизгениндей, бул чыгармасында да окурмандарын адамзаттын башаламан, ынсапсыз бийлигинен онтоп турган табиятты тыңшаганга үндөйт. Нью-Йорк Филофейдин катынан кымкуут болуп жактан кезде, Роберт Борк океандын үстүндө Европага болгон кезектеги сапарынан келе жаткан эле. Суу үстүнө көз жүгүрткөн Роберт, капыстан кайдадыр шашылып сүзүлүп баратышкан киттердин үйүрүн даана көрүп, сүрөткө тартып калган. Киттердин үйүрүн көрүп жолдуу болгонуна бир маашырлана, ошол замат жубайы менен бөлүшкүсү келип, ага океан үстүнөн коңгуроо каккан эле. Келери менен дагы Жессиге айткысы келген эң кызык кеби ушул болгон. Европадан жолуктурган бир ак ниет адамдын киттер тууралуу айтканы Роберт үчүн абдан чоң ачылыш болгон эле.

Киттердин үйүрү менен жээкке келип жан берген учурлары кездешет. Мына ушуну ал адам адамдардын эсепсиз кыянатчылыгын эскертүүгө болгон белги катары негиздүү тшүндүрүп берген экен. Ага жан дили менен ынаган Роберт Жессиге төгүлүп-чачылып айтып берген. Анан түшүнө ошол киттер кирген. Өзү да ошол киттердин катарында кең океанда суу жиреп, каяккадыр шашылыш сүзүп бараткан. Эми өзүнүн тагдыры өзү кубаттаган гипотеза менен үндөшүп отурат.

Түз эфир Роберт Борксуз өттү. Филофей бул тирүүлүктө айтар сөзүн ошондо айтып түгөттү да, өзүнүн өмүр таржымалын, бул ачылышка кандай жол менен келгенинин баянын Энтониге табыштап, ааламга боюн таштады.

Айтматов кассандра эн тамгасы аркылуу айтып турган, дүйнөгө толуп, ташып кеткен адамдагы жеңилбеген жамандык, өзү менен кошо жүздөгөн, атургай миңдеген жамандыктарды алып келери негизги каарман Филофей – чыгаан илимпоз Андрей Крыльцовдун өмүрү менен берилген. Аны дүйнөлүк экинчи согуш учурунда балдар үйүнүн крыльцосуна таштап кетишкендиктен ага ушундай фамилия беришкен. Энеси аны боюна немец аскерлеринин биринен бүтүрүп алгандыгына байланыштуу таштоого мажбур болгон деген божомол бар эле. Ушунун өзүндө канчалаган жамандыктар катмарланып турат?!

Тизмектеп көрөлү, анын балдар үйүнүн секичесине ташталышынын себеби – анын никесиз төрөлгөндүгү. Никесиз төрөлгөндүгү болсо – энесинин бузулгандыгы. Энесинин бир беткей күнөөлөөгө болобу? Аны ушундай абалга салган согуш учурундагы турмуш, шарт деп айтууга толук себептер бар. Демек согуш себепкер. Согуш адамдагы кайсы жеңилбеген жамандыктын натыйжасы экенин ким түшүндүрүп бүтө алат? Жер планетасын талашуу, ач көздүк, мансапкорлук, бийлик кумары. А согуштун адам баласынын жашоосундагы кесепеттерин ким толук түшүндүрүп бере алат? Бейкүнөө канчалаган жандар набыт болушкан. Натыйжада канчалаган жесирлер, канчалаган жетимдер калган.

Андрей Крыльцовдун бейнеси – жамандыктан жамандык туулуп, катмарланышын көрсөткөн бейне. Кесепеттердин кесепетинен улам ал ата мээримин көргөн эмес. Анын ордуна атасынын дайынсыздыгы аны коомдон кемитип, тексиздиги аны эңшерип келген. Апасынан болсо баласын балдар үйүнүн секисине таштагандагы күрткүдө калган издер гана калган. Ата, эне деген түшүнүктөр анын жан дүйнөсүнүн жарааты болгондуктан анда ата болууну каалоо сезими болгон эмес. Жубайына аборт жасоо менен ал өз канынан бүткөн балдарын, өз колу менен эч коркунучсуз, өкүнүчсүз, мерездик менен өлтүрүп турган. Алар менен кошо жубайынын тагдыры менен ойногон. Анын тоңгон муздай мерез жүрөгүнөн үшүгөн жубайы, акыры андан биротоло кетип тынган.

Тагдырына өчөшкөн Андрей Крыльцов өзүнө окшош тексиз адамдарды, атасыз, энесиз эле жасалма жол менен жаратууга болорун таап чыккан. Бул адам тукумунун уланышына кедергисин тийгизеби, ата-эне мээримисиз жетилген инсандар ата-энелик жөндөмсүз муунду жаратабы? Анда адам тукумунун андан ары уланышы, адамдын укумдан-тукумга берилип келаткан адамдык касиети эмне болот? деген өңдүү суроолор аны ойлонтуп да койбогон.

Бул анын өксүгүн толтура турган жол эмес эле. Өзүнө окшогон жаралуу, аталык сезими мокок, өксүктүү нечен тагдырлардын жаралышынын, жамандыкка анын дагы чие чырмалышынын жолу эле. Айтматов кассандра эн тамгасы аркылуу каккан доолбас ушул болчу. Адамдагы жеңилбеген жамандык жамандыкты улам кеңири жайылтып, ал адамдардын генетикалык касиеттерине чейин тарап баратканын эскертип каккан доолбас эле. Бул токтоосуз акыр заманга алып келе турган жүрүш экени ырас го.

Жамандыктын чырмалышкан торунда калган Андрей Крыльцовдун капыстан туңгуюктан шоола көрүп, жан дүйнөсүнө жарык киришине Руна Лопатинанын чындык үчүн курмандыкка барышы себепкер болду. Чыгармадагы баалуу чындык мына ушул. Коммунизм идеясынын күчү солгундап, алдан тайып бараткан коммунисттик партия үчүн Андрей Крыльцовдун табылгалары табылбай турган айла болду. Крыльцов эми коммунисттерди жаратууга жогортодон көрсөтмө алды. Бул үчүн, башкача айтканда, ижарага аял керек эле. Коммунисттик өкмөт мунун да жолун табышкан. Түрмөдөгү аялдар менен келишим түзүлмөк. Келишим боюнча бир жолку жасалма боюна бүтүргөнү үчүн аял түрмөдөгү жарым мөөнөтүнөн бошомок. Эки жолкуга макул болсо, түрмөдөн толук бошонмок. Келишимдин дагы бир катаал шарты бар эле.

Эгерде аял түзүлгөн келишимди бузса, жаза өтөө мөөнөтүнө дагы ошончо мөөнөт кошулмак. Жашоосуна жарыктын шооласын киргизген Руна Лопатина менен Крыльцов мына ушул иштин себеби менен жолугушту. Бирок Рунанын максаты башка эле. Ал Крыльцовго мына бул сөздөрдү айтуу үчүн гана келген: “Адамдар табият жана Жараткан буюргандай көбөйүшөбү, же азезилдин айтканындай болушу керекпи…” Адамдын көбөйүүсүнө кийлигишип, аны Жараткан койгон мыйзамдан сырт, кадимки консерва чыгаргандай иштеткени жаткан бул адамга Жаратканын эскертип коюу үчүн өлүмдөн да жалтанбаганы, чындыкты жактоо үчүн, мөөнөтүнө мөөнөт кошулганына кайыл болуп жасаган кадамы Крыльцовду ойго салды. Ал кеткенден кийин, анын таржымалы менен таанышты.

Коммунисттик партиянын атеисттик жана башка идеалогияларын сынга алгандыгы үчүн куугунтукталып, жаза мөөнөтүн өтөп жаткан бул аял менен кыска гана жолугушуу анын жан дүйнөсүн бүтүндөй төңкөрүп, бүтүндөй өмүрүнө саресеп салдырды. Аял менен токтоосуз кайра жолугуу зарыл болуп турду. Өмүрүндө чындык жолунан тайып, тайымак гана турсун азыткынын анык шериги болуп жүргөнүн, көз таңуусун бирөө алып салгандай болуп даана көрүп турду. Өзүнүн өмүр жолун баяндаган жазуусунда аны ал мындай сүрөттөгөн: “Ошентип илимдин салтанатынын урматы үчүн мага чейин бир да адам кадам жасоого батынбаган жакка, баардык диндер үчүн тыюу салынган зонага кадам таштадым; босогосуна жетип, Кудай алдында таазим кылуунун ордуна, мен текеберчилик менен каалгасын тепкиледим”.

Кудай алдында таазим кылуунун ордуна… илимде улуу ачылыш жасаган адам, жаратылыштын адам баласынан катылуу дагы бир сырын билгенинде анын Жаратуучусунун кеменгерлигин дагы билип, Кудай алдында таазим кылышы керектигин белгилейт алп жазуучу. Бул – Айтматов белгилеген дагы бир баалуу чындык.

Ошентип, Андрей Крыльцов өткөн өмүрүндөгү каталыктарын оңдоп, жан дүйнөсүнө жарыктын шооласын киргизген айымдын алдында да кечирим сурап, атургай, калган өмүрүн аны менен өткөргүсү келерин да мойнуна алгысы келип турду. Ошондо гана өмүрүнө маани кирип, жашоого дем алчудай болгон. Бирок Андрей Крыльцов Рунаы экинчи жолу көрө албады. Ал аялды эртеси күнү кайра алып келүүнү буюрган эле. Бирок Руна зарыгып күттүрдү да, келбеди. Жолдон качууга далалат кылганында атылып өлгөнүн кабарлашты. Жараткандын табиятына туура келбеген жол менен адам жаратууга катышпас үчүн өлүмгө бетме-бет чыккандыр. Андрейдин таңсык болуп турганда тапкан асыл бермети көрөр менен көздөн кайым болгондой, мөгдөттү, мүңкүрөттү. Күчтүү көксөөсү көңүл зилдеткен күйүткө айланды. Анткен менен жолун тууралап алган илимпоз Жараткандын бул жазмышын жашоодогу кылган кыянатчылыгымдын жазасы деп кабыл алды. Руна Лопатина анын мына ушул жарыкка келишинин курмандыгы болгон болчу. Жарыкка келип, көз карашы көп маселелердин жаатында жакшы жагына аласалды. Мисал алсак, өз колу менен жүрөгү болк этпестен нечен жолу кылган аборт тууралуу ал мындай дейт: “Аборт – бул атайлап киши өлтүргөнгө тете зомбулук акт, аборт “Өлтүрбө!” деген эң биринчи осуятка, Тоораттагы “Тукумдагыла жана көбөйгүлө!” деген батага түптүз карама-каршы экендиги жөнүндө көп ирет айтылган”.

Романда көңүл жубаткан ой, отоо чөптөрдүн арасында чындыктын үрөнү да себилип, жемиши чыгып турары анык экендиги. Филофей кассандра тагы тууралуу билдирүүсүнүн акырында мындай деген:

“Бул жандуу рухтун тирүү калышынын жолу, башка жолу жок…

Кассандро-эмбриондордон дароо кутулууга аракеттенбей турган, андан баш тартпай турган эр жүрөк адамдар табыларына ишенем; бул адамдарга алиги фаталдык белгилер көп нерселерди билдирет: жашоо ыңгайы үчүн, урпактардын тагдыры үчүн баардыгынын жана ар бир адамдын жоопкерчилигин, алдыда мурда эч качан болуп көрбөгөндөй, адамдын өзү менен өзү күрөшүүсү күтөрүн айтып берет… Андай адамдар жакшы турмушка жетишет. Мен буга ишенем”.

Филофейдин ишеними акталды. Ал айткан адамдар Роберт Борк жана анын ой-ниетин улантуучу Энтони Юнгер болду. Муну менен жазуучу дүйнөдө жакшылыктын жана аны жактоочулардын бар экендигин айтат. Окурман эми өзүнүн тарабын тандап алышы керек.

“Кассандра эн тамгасы” каккан доолбас алгач бул жерде - Адабий Ордо жарыяланды.

Атак даңк кууп акын-жазуучу болгондор
4/5 - (8 добуш)

Редакциядан:
Адабий сын-материалдары менен белгилүү Бахпурбек Аленов өзүнүн фейсбук баракчасында акыркы мезгилде адабий чөйрөдө жылдыздай жарк деп жанып, ысымы көбүрөөк атала баштаган, сайтыбыздын активдүү авторлорунун бири, “Жаз” темасындагы бир ыр сынагыбыздын жеңүүчүсү Айгүл Молдокулованын (макалада Айгүл Белековна) чыгармачылыгы тууралуу кенен макала жарыялаптыр. Ал макала менен сайтыбызда бөлүшүүнү туура көрдүк.

Азыркы маданий мейкиндикте кээ бир чыгармачыл инсандар үчүн сыйлык, наам, статус – чыгармачылыктын руханий баалуулугу эмес, тескерисинче, анын жеке кызыкчылыгына, пендечилик мансабына кызмат кылуучу инструментке айланып баратканы жашыруун болбой келүүдө. Инструментке айланган көркөм чыгармалардагы тексттин ички зарылдыгы, эстетикалык агартуучулугу акырындап экинчи планга сүрүлүп, чыгарма “окулуп, айтылып, талкууланып, тарбиялык багыт берүү үчүн эмес”, “автор өзүн даңазалоо үчүн” колдонула баштаганы окурман журтунун арасында ачык сөз боло баштады. Мындай көрүнүш адабият теориясында “чыгармачылыктын инструменталдашуу ыкмасы” деп мүнөздөлүп келет.

Чыныгы көркөм ой жүгүртүүдө, сыйлык же таанылуу – бул окурман тарабынан берилген элдик наам болушу кажет. XX кылымдагы эң таасирдүү философ – ойчулдардын бири Жан-Поль Сартр 1964-жылы берилген Нобель сыйлыгынан өз ыктыяры менен баш тартканда, “искусство адамдын ички эркиндигине баш ийиши керек” – деген позициясын ачык билдиргени дүйнө коомчулугунун арасында кеңири айтылып жүрөт. Бул радикалдуу мисал эмес, бирок маанилүү символ. Анткени чыгармачылык тышкы сыйлыкка эмес, ички зарылдыкка таянышы керек экенин адабият таануу илими жалпы адамзатка окутуп келе жатканын ким тана алат?!

Эгер чыгармачылык “рыноктук же символдук капиталга” гана байланып калса, анда тексттин өзөгү, адамдын тагдыры, ички чындыгы, руханий чыңалуусу акырындап барып өчүп кетүүсү мүмкүн. Андай учурда адабият – руханий ой жараткан мейкиндикке эмес, атаандаштык аянтчасына айланып кетет. Ошондуктан ар бир доордун адабияты үчүн негизги суроо: “Чыгарма эмнеге жазылды? Табийгый кырдаалдан келип чыккан зарылдыкпы? Же сырттан атайын кызыктар тарап уюштуруп берип, даяр жообу кезек күтүүдө турган суроого берилүүчү жооппу?” – деген бойдон калуусу кажет. Чыныгы адабият дал ушул суроолордун чек арасында талданып, тандалууга тийиш.

Кесиптешим, таланттуу калемгер кыздарыбыздын сап башында келаткан Махабат Саидрахманова менен болгон күтүүсүз маектешүү бул макаланын жаралышына түрткү болду. Азыркы кыргыз адабиятынын багыты, көркөм ой жүгүртүүнүн абалы, окурман менен автордун ортосундагы байланыш тууралуу пикир алышып отуруп, ал мага Айгүл Белековнанын ырларына өзгөчө көңүл буруп, адабий талдоодон өткөрүүнү сунуштады. Азыркы кыргыз адабияты – ааламдашуу алкагындагы татаал бурулуш доордун ички үнүн, адамдын жан дүйнөсүндөгү жаракаларды, коомдук аң-сезимдеги өзгөрүүлөрдү терең чагылдырган көркөм мейкиндикке айланып бара жатканын жаңы жазылган чыгармалардан байкоого болот. Ушул контексттен алып караганда Айгүл Белековнанын поэзиясы да ошол мейкиндикке барып кошулганына күбө болдук.

Интернет айдыңындагы Фейсбук социалдык тармагынан Айгүл Белековнанын “Атакем тургузган ошол шаар”, “Жоолугумду бозортуп бүткөнүмсүң”, “Баягы аялдама” деген үч ырын окурман журтунун назарына таштап, алардын көркөм структурасы, образдык системасы менен философиялык мазмунун чогуу талдап көрүүнү туура көрдүк. Автордун аталган чыгармаларында жеке адамдын тагдыры менен жалпы коомдун абалы өз ара жуурулушуп, поэтикалык текст аркылуу мезгилдин драмасы ачылганын көрүүгө болот. Автордун “Атакем тургузган ошол шаар” ырында өткөн менен азыркынын ортосундагы ажырым, ата мурасына болгон ностальгия жана руханий жактан алыстоо, жат адам болуу темасы көтөрүлсө, “Жоолугумду бозортуп бүткөнүмсүң” ырында сүйүүнүн ички драмасы, сезимдин кыйратуучу күчү менен адамдын өзүн-өзү аңдоо процесси көркөм чагылдырылат. “Баягы аялдама” ыры социалдык-философиялык мазмуну менен айырмаланып, коомдук аң-сезимдеги багытсыздык, абсурд, үмүт менен үмүтсүздүктүн карама-каршылыгы символдук образдар аркылуу берилет. Мен Айгүл айымдын “Атакем тургузган ошол шаар” ырын окуп мындай пикир айттым:

I ЫР:

“АТАКЕМ ТУРГУЗГАН ОШОЛ ШААР…”

Атакем тургузган ошол шаар…
Керемет кези экен жомоктун,
Астыртан баш ийкеп узатаар,
Азыр мен ал үйгө конокмун.

Атамдын тургузган тереги,
Арманын обонго салгансыйт,
Шаарынан шаң күлкү угулбай,
Шаабайы салкындап калгансыйт.

Ийленип, кызарган токочтун,
Илебин сагынган кемеге,
Жоолугун аймалап түтүнү,
Ишарат кылчу эле энеме.

Асмандап тосулган короолор,
Ал шаарды койнуна жашырып,
Жомоктой дүйнөңдү кургун деп,
Жолдору узатат ашыгып.

– Бул ырды – ностальгиялык реквием, жеке тагдыр менен коомдук өзгөрүүнүн кесилишиндеги көркөм текст деп айтууга болот. Автор лирикалык каармандын «мени» аркылуу ата мурасына болгон мамилени, убакыттын өтүшүн, руханий ажырымды чебер сүрөттөп берген. Бул ырда биринчи строфадан баштап эле «Атакем тургузган ошол шаар» деген сап – жөн гана географиялык мейкиндик эмес, ата-эне түптөп кеткен ааламдын символу. Бирок парадоксалдуу түрдө, ошол шаарга кайтып келген лирикалык субъект өзүн «конок» катары, жат адамдай сезет. Бул – экзистенциалдык четтөө, өз үйүндө бөтөн болуу феномени. Адамдын өз жашоосуна, айлана-чөйрөсүнө, коомго же өзү жашап жаткан дүйнөгө убакыттын өтүшү менен жат болуп калышы. Башкача айтканда, “мен эми бул жерге таандык эмесмин”, “чыккан кыз чийден тышкары” – деген терең филасофиялык сезим…” десем, Махабат Саидрахманова мындай деп андан ары сөздү улады:

– Эгер адам физикалык жактан ушул дүйнөдө жашап, бирок руханий жактан ага тиешеси жоктой сезилсе – бул түшүнүк – экзистенциализм философиясы. Мындай философиялык түшүнүк Жан-Поль Сартр, Альбер Камю сыяктуу дүйнөлүк алкактагы философ-ойчулдардын эмгектеринде кеңири чагылдырылган. XX кылымдагы эң таасирдүү философ-ойчул, экзистенциализмдин негизги өкүлдөрүнүн бири 1905-жылы Парижде туулуп, 75 жашында дүйнөдөн өткөн жазуучу, драматург, Жан-Поль Сартр – адамзаттын эркиндиги, жоопкерчилиги, жашоонун мааниси тууралуу радикалдуу идеяларды дүйнө коомчулугуна сунуштаганын окурман журту жакшы билет.

Ал эми ХХ кылымдагы дүйнөлүк адабият менен философиянын таасирдүү өкүлү, 1913-жылы Африканын эң чоң өлкөлөрүнүн бири, Жер Ортолук деңизинин жээгинде жайгашкан, тарыхы, маданияты өтө бай мамлекет – Алжирде туулуп, 47 жашында дүйнөдөн өткөн Альбер Камю да өз чыгармаларында экзистенциализм философиясын жеткиликтүү чагылдырганы айтылып келет. Альбер Камю 1957-жылы адабият боюнча Нобель сыйлыгын алган. Ал “адам баласынын жашоосунун мааниси абсурд” – деп, эркиндик тууралуу терең ой жүгүртүп, бул темаларды көркөм чыгармалар аркылуу ачып бергени маалым. Абсурд деген эмне? Анын философиясында адам жашоодо маани-маңыз издей берет, бирок дүйнө ага жооп бербейт. Ушул карама-каршылыктын өзү – абсурд.

Жан-Поль Сартр менен Альбер Камю экөө тең адамдын жалгыздыгын, жашоонун көйгөй жараткан маселесин көтөргөнү менен, алардын жообу эки башка болгон. Жан-Поль Сартр, “адам толук эркин, өз жашоосунун маңызын өзү жаратат” – деп эсептеп, жоопкерчиликти биринчи орунга койгон. Ал эми Альбер Камю, дүйнө маани-маңызсыз – абсурд экенин айтып, ошого карабай жашоону улантууну – ички каршылыкты адамдык намыс катары түшүндүргөн. Демек, Жан-Поль Сартр үчүн негизги нерсе – тандоо менен жоопкерчилик. Ал эми Альбер Камю үчүн – абсурдду аңдап, билип туруп чегинбей жашоо болгон. Альбер Камюну дүйнө коомчулугу экзистенциализм менен байланыштыршат, бирок ал өзү, “мен экзистенциалист эмесмин” – деп айткан. Ошентсе да, анын идеялары Жан-Поль Сартр менен бир философиялык мейкиндикте каралып келет – деп өз оюн жыйынтыктады. Мен кол телефонуму ачып, андан Айгүл Белековнанын ырларын окуп, өз пикирими билдирдим:

– Айгүл Белековнанын ырларындагы жалгыздык, үмүтсүздүк, күтүү, ички боштук булардын баары Альбер Камюнун абсурд дүйнөсүнө жакын. Маселен, “Келген, күткөн, кеткендер…” Бул – мааниси белгисиз, кайталанган жашоо цикли Альбер Камюча айтканда – абсурд абал. Айгүл Белековнанын поэзиясында Жан-Поль Сартрдагыдай ачык эркиндик философиясы да, Альбер Камюдагыдай абсолюттук абсурд концепциясы да айкын айтылбаганы менен, экөөнүн ортосундагы лирикалык-экзистенциалдык синтез бир аз байкалат. Анын ырларында лирикалык каарман Жан-Поль Сартрча өз тагдырын сезет, жоопкерчилик менен жашайт, “конокмун” деп өзүнүн абсурд абалын Альбер Камюча аңдайт, ошол эле учурда дүйнөнүн муздап, мааниси жоголуп баратканын туюп, ичтен күйүп, бирок үмүттү толук жоготпойт. “Чырак кармаган аял…” образын караңыз. Айгүл Белековнанын чыгармаларында негизги өзөктүү тема – жоготуунун ичинде калып, бирок руханий жарыкты издеген адамдын жашоо элеси байкалат. Айгүл айымга бир аз гана атайын билим жетишпей тургандай. Эгер жакшылап окуп, дүйнөлүк адабиятты анализдеп, синтездесе, анда мыкты чыгармаларды жаратуу мүмкүнчүлүгү бар экен.

“Атакем тургузган ошол шаар” деген ырынын экинчи строфасында, “терек” – өзөктүк улануу, тамырлоо символу, “шаң күлкү угулбай…” – деген сап коомдук энергиянын өчүшү, “шаабайы салкындап калгансыйт…” – бул сап жандуулуктун муздашынан кабар берет. Бул жерде акын өзүнүн жеке жоготуусу менен бир доордун руханий кыйрашынын поэтикасын сүрөттөп бере алган. Үчүнчү строфадагы: “түтүн…” – үй-бүлөлүк жылуулуктун белгиси, “жоолук” – эне, салт, аялдык код. “Токочтун илеби…” – балалыктан калган эне азыгынын унутулгус даамы. Бул үч образ биригип, кыргыз этномаданий кодун түзүп турат. Акыркы строфада: “асмандап тосулган короолор…” – урбанизациядан, табийгый абалдан обочолонуудан кабар берет. “Жолдору узатат ашыгып…” – бул сап убакыттын кайтарылгыс агымын көрсөтөт. Жалпысынан, бул ыр – ата мурасынан ажырап бара жаткан кыз баланын ички трагедиясы, ал эми шаар – жоголгон гармониянын метафорасы. Экинчи ыры аялзатынын табиятына жакын экен. “Жоолугумду бозортуп бүткөнүмсүң” – деген ырын сиз талдап көрңүз, деп сөз кезегин кесиптешиме бердим. Махабат Саидрахманова ырды окуп:

II ЫР:

ЖООЛУГУМДУ БОЗОРТУП БҮТКӨНҮМСҮҢ

Алпурушуп сен деген сезим менен,
Ааламымда төңкөрүш уланууда,
Жашооң бүтөт сүйүүсүз, чыдагын деп,
Жан дүйнөмдө үмүтүм суранууда.

Чыдоонун да чегине жеткендеймин,
Чырмалышкан түйүндү чечкендеймин,
Чын сезимге ишенген жүрөгүмдү,
Чыркыратып, сыздатып эзгендеймин.

Жолуң карап күн сайын күткөнүңмүн,
Жоругуңа көнгөн да, түткөнүңмүн,
Жоодураган көзүмдөн жашым кургап,
Жоолугумду бозортуп бүткөнүмсүң.

– Бул ыр – жан дүйнөнүн терең, купуя катмарларын чагылдырган лириканын психологиялык белгиси. Мында сүйүү – кубаныч эмес, адам өз жашоосунун маанисин, максатын, ордун таба албай, ички боштук менен күмөндүн ортосунда калган абал катары берилген. Биринчи строфада, “сезим менен алпурушуу…” – ички күрөш, “ааламымда төңкөрүш…” – сүйүүнүн космостук масштабы, “сүйүүсүз жашоо бүтөт…” – бул адамдын жашоосундагы окуялар алдын ала Жараткан тарабынан жазылган, тагдырды өзгөртүү мүмкүн эмес, деген көз караш, трагедиялык фатализм. Бул жерде сүйүү – жашоонун маңызы, бирок ошол эле учурда азаптын булагы экени сүрөттөлөт.

Экинчи строфа: “чырмалышкан түйүн…” – психологиялык травма, “жүрөгүмдү эзгендеймин…” – өзүн-өзү кыйноо мотиви. Акын айым сүйүүнү сырттан келген күч эмес, адамдын өз ичиндеги кыйратуучу энергия катары сүрөттөгөн. Үчүнчү строфанын кульминациясы: “жоолугумду бозортуп…” – өтө күчтүү символ. Жоолук бул жерде аялдык абийирдин белгиси, сүйүүнүн күбөсү, кунарсыз жашоонун өңдөн азышы. Бул ыр – сүйүүнүн деструктивдүү табияты жөнүндө трагедиялык монолог иретинде берилген. Лирикалык каарман сүйүүдөн качпайт, тескерисинче, анын ичинде күйүп жок болуп баратканын көрсөтөт, деп баа берип, сөз кезегин мага узатты. Мен үчүнчү ырды окуп:

III ЫР:

БАЯГЫ АЯЛДАМА

Ал баягы аялдама,
Келген, күткөн, кеткендер,
Үйүлгөн топ үтүрөйгөн,
Үмүткө суу сепкендер.

Көз чаптырган көз айнектер,
Көрүнүшпөй күткөнү,
Түгөнбөгөн саздак жолдор,
Түпсүзбү дейм бүтпөдү.

Жоолашкандар жолду катар,
Жоголоор зат талашат,
Кыйшык эшек арабада,
Кыял ыйлап баратат.

Жолоочулар адашкандай,
Издеп таппай жарыкты,
Ооздугу жок оттогондор,
Отуз жылды карытты.

Аа баягы аялдама,
Боюнда бар бир айым,
Күтүп турат күн чыгышын,
Чырак кармап турайын.

– Бул ырды – күчтүү социалдык-философиялык метафора – деп айтууга болот. “Аялдама” жөн гана транспорт токтоп өтүүчү пункт эмес. Ал коомдук абалдын символу. Биринчи строфада: “келген, күткөн, кеткендер…” – бул сапта жашоонун циклдүүлүгү сүрөттөлөт. “Үмүткө суу сепкендер…” – көңүл калуу, өнүгүү токтоп, өзгөрүү болбой, бир калыпта туруп калган стагнациялык абал берилген. Экинчи строфа: “Көз чаптырган көз айнектер көрүнүшпөй күткөнү…” – чындыкты көрбөө, “саздак жолдор…” – өнүгүүнүн жоктугу, баткакка батуу мыкты чагылдырылган. Үчүнчү строфадан: “кыйшык эшек араба…” – артта калгандыктын белгиси, “кыял ыйлап баратат…” – бул саптан утопиянын кыйрашы көрүнүп турат.

Төртүнчү строфа: “адашкан жолоочулар…” – коомдун багытсыздыгы, “ооздугу жок оттогондор…” – моралдык чектөөлөрдүн жоголушу, ээн ооз-ушакчылык, “отуз жылды карытты…” – эгемендик убакыттын бошко кеткендигине болгон сын. Акыркы строфада: “боюнда бар бир айым…” – келечектин символу, “күн чыгышын күтөт…” – үмүт, “чырак” – руханий жарык берүүчү багыт. Бул жерде акын абсолюттук пессимизмге түшүп кетпейт. Аял образы аркылуу жаңы жашоонун мүмкүнчүлүгүн сактап кала алган. Мына ушул строфалык жана поэтикалык талдоолор көрсөткөндөй, Айгүл Белековнанын аталган үч ыры – мазмундук жана көркөмдүк жактан өз ара тыгыз байланышкан, бир доордун бир бүтүн философиялык-эстетикалык системасын түзгөн чыгармалар. Бул ырлар аркылуу автор жеке тагдыр, ички сезим жана коомдук абал сыяктуу үч негизги катмарды параллелдүү өнүктүрүп, заманбап адамдын руханий портретин жарата алган, деп жыйынтыктоочу сөздү Махабат Саидрахмановага бердим:

– Автор “Атакем тургузган ошол шаар” ырында өткөнгө болгон кусалыкты, ата мурасынын унутулуп баратканын, турмуш куруп кеткен кыз өз тамырынан алыстап кетүүсүн ностальгиялык жана символдук планда ачып берген. «Жоолугумду бозортуп бүткөнүмсүң» чыгармасында сүйүү темасы терең психологиялык драмага айланып, адамдын ички дүйнөсүндөгү карама-каршылыктар, өзүн-өзү кыйноо жана руханий чарчоо чагылдырылган. Ал эми, «Баягы аялдама» ырында лирикалык каармандын жеке тагдыры жалпы коомдук деңгээлге көтөрүлүп, социалдык стагнация, багытсыздык менен моралдык кризис так метафоралар аркылуу сүрөттөлгөн. Бул үч текстти бириктирген негизги өзөк – жоготуу, изденүү жана үмүт үзбөө категориялары. Акын жоготууну трагедия катары гана эмес, аң-сезимге жеткирүүчү тажрыйба катары сүрөттөп берген. Изденүү – адамдын ички кыймылы, ал эми үмүт – эң акыркы, бирок өчпөс руханий таяныч катары берилген. Ошондуктан Айгүл Белековнага талыкпаган изденүү менен чыгармачылык ийгилик каалап кетели, деп Махабат Саидрахманова сөзүн жыйынтыктады. Кесиптешимин тилегин колдоп, бул сүйлөшүүнү үн жазгычтан кагазга түшүрүп окурмандарга сунуштоону туура көрдүм. Сиз кандай пикирдесиз урматтуу окүрман?!

Бахпурбек Аленов

Атак даңк кууп акын-жазуучу болгондор алгач бул жерде - Адабий Ордо жарыяланды.

Топчугүл Шайдуллаева: “Сүйүүдөн да күчтүү сезим бар…”
5/5 - (1 добуш)

Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, публицист, илимпоз Топчугүл Шайдуллаева менен маек.

— Топчугүл Жолдошевна, сиздин чыгармаларды окуп отуруп жазуучунун көзү менен турмуш тереңирээк, тунугураак көрүнөбү деген ойго келдим. Сиздин оюуңузча жазуучунун көз карашында жашоо, турмуш кандайча көрүнөт? Сиз күнүмдүк абыгер жашоодогу эл элес албаган кылдат маселени байкап, жаркылдаган чоң идеяны алып чыгасыз. Аңгемелериңиз окумдуу.

— Сурооң жана пикириң үчүн ырахмат, Махабат. Балким сен айткандай турмушту тереңирээк көрөрбүз. Жазуучу калкы көргөн-бакканын жөн эле кабылдап койбой, аны баалап карайт окшойбуз, анан да чындыкты тапканга далалаттанат экенбиз. Окурмандын жүрөгүнө өзүң ынанган бир чындыкты жеткире алсаң чыгармачыл адам үчүн чоң олжо ошол да!

Кээ бирлер айтып калышат го бир нерсе жазаарда түшүм аян берди, көзүмө бир нерселер көрүндү, же менин көрүнбөгөн колдоочум бар дешип. Мүмкүн анын да бир негизи бардыр. Мен болсо тирүүчүлүгүн эл катары өткөрүп жүргөн көп аялзатынын эле биримин. Болгону, кээде кокус бир көрүнүштү кайсы бир жерден учуратам да ал мага таасир берип, көкүрөккө орноп, кетпей жүрө берет. Мен да ал ойду көпкө чейин башымда багып жүрө берем. Анан ал эмоцияларым ашып-ташып кеткен бир күнү колго калем карматат. Билбейм, башкалар кандай акыбалда жазышат, менин ыйлап отуруп, ырдап отуруп жазган чыгармаларым бар. Өмүр бою жадымда көтөрүп жүргөн ойлор, окуялар бар, алардын көбү жазыла элек.

— Аялзат темасына көп кайрыласыз, секелек кыздан тартып кары кемпирге чейинки ургаачынын сезимдерин терең ачып бересиз. Аял деген ким өзү?

— Бул өтө эски, эзелки суроо, ага буга чейин миңдеген жооптор айтылгандыр, бирок бу суроо дагы эле суроо бойдон калып келет. Аялды ар кайсы ипостасияда анализге алган франциялык философ Симоне де Бовуар “Экинчи жыныс” деген эмгегинде: аял болуп төрөлбөйт, аялды коом өзү жасап алат деген экен жаны кашайып. Анткени ургаачы төрөлгөндөн тарта эле коомдо аны “аял кандай болушу керек” деген эреже-нормалардын чегине түшөт экен. Ага жүздөгөн талаптар таңууланат. Бир кездерде ошол эле батыш мамлекеттеринде аттуу-баштуу инсандар аялды уй дешкен, тоок дешкен, кыскасы жаныбарларга теңешкен, адам ордунда көрүшкөн эмес. Биз азыр сындап аткан феминизм кыймылы мына ушундай обьективдүү шартта пайда болгон.

— Деги аял деген ким өзү? Менин жообум: ал эң оболу адам. Тилекке каршы, биз көп учурда ургаачыдан адамды эмес, аялды гана көрүп атпайбызбы.

— Өзүм ургаачы катары аялзатынын ченемсиз бактысын да, көп көйгөйүн да жон терим менен сезип келем, көрүп келем. Аял темасына кайрылбай коюуга чарам жок. Аял темасынын кырлары менен сырлары оголе көп да. Мен ага колдорум, буттарым менен чырмалып калгандаймын. Аял каармандарым мени чырмап эле албай, кээде чыйралтып да коюшат. Окурмандарым да көбү аялзаты. Чыгармаларым тууралуу пикирди да аялдар көп айтышат. Көбүнчө “аңгемеңиздин каарманынан мен өзүмдү көрдүм, же менин апамды, же тай энемди жазып коюпсуз” дешет. Ырахмат айтышат. Мен болсо, демек, каармандарым типтүү экен, типтүү каарман жаратыпмын деп ичимден кудуңдап калам. Чындап келгенде аялдар көп жагынан окшошпуз. Анткени аялзатынын баарынын тилеги, ойлору окшош. Насилинде жаман кыз, жаман аял жок, эгер бар болсо аны биз өзүбүз, коом жаратып алат экенбиз.

— “Жүз аарчы” аңгеменизде өмүр бою чогуу жашап келген карыган кемпир-чалды карап багуу үчүн уулдары менен кыздары эки жакка бөлүп алып кетишти. Окуп алып, көзүмө жаш тегеренди, ушунчалык таасирлендим, бу чыгармаңыз накта сүйүү тууралуу экен, ушундайбы?

— Ооба, бул эки адамдын ортосундагы сүйүү, жок, сүйүүдөн да бийик, андан да өйдө өсүп чыккан сезим тууралуу. Көп жыл чогуу жашап, кошо карып, кошо арыган жубайлар балдарынын колуна биротоло түшүп калышкан учур. Экөөнүн бири бирин аяганы, сагынганы, кыя албаганы, бири бирин беш колдой билип, бири бирине жуурулушуп, бир бүтүнгө айланып кеткенин туюнтуп турбайбы бу эки адам. Анан ошол бир бүтүнгө айланып кеткен эки адамды балдары көз көрүнөө эки жакка бөлүп коюшпадыбы. Анан жүрөк сыздайт да. Аңгеме го аңгеме, мындайды көргөндө жөн эле кыйкыргың келет. Бир мезгилде апам катуу ооруп, доктурлап шаарда көбүрөөк жүрүп калды. Жол алыс, атам айылдан эки ирет келип кетти. Мобилдик байланыш жок маал. Таяк таянып калган атам районго телеграфка келип апама телефон чалат, экөө көпкө сүйлөшүшөт, күдайдын куттуу күнү. Экөөнүн сөзү бүтчү эмес. Апамдын көзү өткөндөн кийин атам да тез эле жубайынын артынан кетип калды. Атам апамсыз жашай албады. Бул аңгемеде балдарга ата-эне болуп, көп жыл чогуу жашаган эрди-катындын ортосундагы жаралган өзгөчө, түбөлүктүү сезим тууралуу айткым келди. Мындай сезим көбүбүздө болсо экен дегим келди, анан да мындай бүтүнгө айланган асылдар көзү тирүүсүндө аргасыз бөлүнүп калбаса экен деген тилек. Кыйкырык.

— Жазуучу же акын адатта өзү да окумал адам болот эмеспи, сөзсүз кайсы бир авторлордун чыгармаларын өзгөчө сүйүп окуган учурлары кездешет. Сизде ушундай адат болду беле? Кыргыздын же дүйнөлүк жазуучулардын кайсы чыгармаларын, эмне себептен жактырып окудуңуз эле? Учурда деле окуйсузбу?

— Ооба, китеп окуп чоңойдук да. Көп китеп окудум. Бирок арасында сен айткандай өзгөчө сүйүп окугандарым – улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары. “Кылым карытаар бир күндү” бир канча ирет окуп чыктым, азыр да окуй берем, окуган сайын өзүм үчүн бир жаңы ачылыш таба берем. Мурза Гапаровдун дээрлик бардык чыгармаларын жакшы көрүп окудум, анын стили, тили, чыгармачылык ички эркиндиги, ээнбаштыгы мени азыр да кызыктырып келет. Кубатбек Жусубалиевдин “Күн автопортретин тартып бүтө элеги” ушул күнгө дейре мени таң калтырып бүтө элек. А. П. Чеховдун аңгемелери кыскалыгы, бирок жүрөккө жеткен нускалыгы менен кайра-кайра окугуңду келтирет. Бул улуу жазуучу орустун карапайым адамдарынын ак көңүл мүнөзүн, алпейимдигин алаканга салгандай жаратып койсо, Л. Толстой орус дворяндарынын, байларынын жашоосундагы оош-кыйыштарды, трагедияларды укмуш чагылдырган да. Ушунусу менен бу эки жазуучу орус турмушунун чындыгын ар тараптуу көрсөтүп, окурманга сунуп атпайбы. М. Шолоховду, В. Шукшинди, А. Камюну, Ф. Кафканы, Э. Хемингуейди, Г. Маркести, А. Рзаевди, О. Памукту, Р. Гюнтекинди ж.б. көптөгөн жазуучуларды окудум. Кийинки маалда аял прозаиктердин чыгармаларына ыктап атам. Австриялык калемгер Колин Маккалонун “Поющие в терновнике” романын жакында дагы кайталап окудум. Канадалык жазуучу Элис Манронун аңгемелерин кыргызчага которсом деген оюм бар. Азыр аудиокитептер көбөйүп, чынын айтсам, окуганга караганда көбүрөөк угуп калдым.

Маектешкен Махабат САИДРАХМАНОВА,
“Кыргыз маданият борбору”, 21.04.2026-ж.

Топчугүл Шайдуллаева: “Сүйүүдөн да күчтүү сезим бар…” алгач бул жерде - Адабий Ордо жарыяланды.

Кыргыздык өзөктүн чакырыгы
4.6/5 - (9 добуш)

(Жазуучу Ишен Айтмамбетовдун «Бет-Алман» романындагы улуттук аң-сезимдин проблематикасы)

Дүйнөдө болуп жаткан коомдук-саясий жүрүмдөр көп жагынан тектоникалык жылыштардын табиятына окшош. Жер катмарындагы тилкелердин кыймылы кылымдар бою уланып келе жатса да, алардын натыйжасы жер титирөө, жер кыртышында бүктөмдөрдүн, тоолордун пайда болушу, материктердин алыстап же жакындашы сыяктуу бирде чукул, бирде байкалбаган кыймылдар менен мүнөздөлөт. Өтмө маанисинде тектоникалык жылыш деп өтө терең, чоң масштабдагы кубулуштарды айтышат. Акыркы кылымдарда кыргыз элинин башынан өтүп жаткан нерселер дал ушундай жагдайлардын шартында калыптанган. Алардын арасында орус империясынын күч алышы, СССРдин келип чыгышы жана кулашы, экинчи дүйнөлүк согуш жана азыркы учурдагы неоколониализм саясаты, ага тоску (реакция) иретинде келип чыккан деколонизация кыймылы бар. Мындан эки жыл мурун, тагыраагы 2024-жылы жарык көрүп, адистер арасында гана жанрдык өзгөчөлүктөрү тууралуу азыноолак кеп болбосо, ички мазмуну жана коомдук мааниси кеңири окурмандар аудиториясы үчүн толук ачыла элек, жазуучу Ишен Айтмамбетовдун калеминен чыккан «Бет-Алман» романы дал ушундай өңүттө тереңирээк талдоону талап кылат. Анткени андагы козголгон бир топ маселелер мезгилдин бүктөмүндө кала бербестен, тескерисинче билген кишиге мурдагыдан да курч коюлууда.

Роман Кыргыз ССРинин юстиция тармагынын мурдагы белдүү кызматкери, Экинчи дүйнөлүк согушта немистерге туткунга түшүп, кийин «Түркстан легионунун» башчыларынын бирине айланган, СССРге өз ыктыяры менен кайтып келип жазасын өтөп чыккан Сатар Алманбетовдун татаал тагдырына арналган. Демек, баш каармандын өзү эле окуялар канчалык оош-кыйышы көп, ашык-кеми жок айтканда дүйнөнүн тагдырын ондогон жылдарга аныктап койгон заманда болуп өткөнүн көрсөтүп турат. Ошого жараша чыгарманын сюжети да окурманды кайдыгер калтырбайт.

Белгилүү кыргыз тилчиси Константин Юдахиндин жардамы менен Москвага окууга өтүп, аны ийгиликтүү бүтүргөн, немисче суудай билген, билимдүү, кандуу согушка өз ыктыяры менен аттанган дымактуу жаш кыргыз офицери далай жолу тапкычтык кылып фашисттердин чабуулунун мизи кайтарылышына салым кошот. Жанындагы кошо жүргөн жолдошторунун далайынан көз көрүүнө ажырайт. Акыры арттан колдоо келбеген соң калган бөлүктөрдүн ырааттуу чегинишин камсыз кылып душманды алаксытыш үчүн командачылыгы менен сүйлөшүп алып майдандын кан күйгөн жеринде тура берип, аягында курчоодо калып туткунга түшөт. Концлагерде ит көрбөгөн кордукту көрүп жүргөнүнө карабай бир катар советтик туткундарды качырып жиберүүгө үлгүрөт. Акыры туткундагы башка бир советтик жоокердин айгагы менен коммунист экендиги билинип калып, кыйноонун күчүнөн улам аны моюнга алууга аргасыз болот. «Түркстан легионунун» жетекчилеринин көзүнө илинип, алар Сатар Алманбетовду Гитлердин китебин Орто Азия элдеринин тилине которууга жалдашат. Ал китептин чыгарылышына көмөк көрсөтүүчү уюмдун ээсинин үйүндө жашап, китепканасынан пайдаланып, анын кызы Эрика Фрайзиң менен таанышат да, экөөнүн мамилеси улам тереңдеп жүрүп отурат. Үйдүн ээси кыргыздардын, Атилланын тагдыры тууралуу материалдары бар экенин айтып, Сатарды кызыктырган соң ал кыргыз тарыхын ошол жактан изилдөөгө киришет. Ошентип жүрүп «Түркстан легионунун» уюштуруучу жыйынына катышып, аны бир нече тилде өзү алып барат. Кызмат абалынан пайдаланып, «Манастын» басылышын Берлинден чыгарууга жетишет. Кийин жеңиш таразасы Советтер Союзу тарапка оой баштаганда Эриканын үй-бүлөсү менен кошо батышка качып, аны фондго жана банкка мураскер кылуучу документтерди даярдоого укук адиси катары чоң жардам берет. Акыры Эриканын боюнда бар экенин билип, уул төрөлсө атын Тянь-Шань коюуну өтүнөт да, өз ыктыяры менен советтик органдардын колуна түшөт.

Адегенде атууга кетмекчи болуп, бирок согуш талаасында курчоодон куткарган жоокер достору, концлагерден куткарган туткундар жакшы көрсөтмө бергендиктен жазасы Шибердеги оор жумуштарга алмаштырылат. Согуш туткундары менен криминал чөйрө аралашкан тополоңду басууга жардам берип, ал жактагы каттарды иретке салууга көмөктөшөт. Башкыр досу Уфада калууну сунуш кылганына карабастан, Кыргызстанга келет да, бир нече тилдердеги материалдарды которуп, ошону менен оокат кылат. Андан тапкан акчасын туугандарына берип, Эрика менен жашыруун кат алышып турат. Эрика Фрайзиң уул төрөп, атын адегенде Тянь-Шань, кийин Стар Алман коюп, өзү бара-бара ГДРдин валюталык негизин түптөгөн «Дойчебанктын» негиздөөчүлөрүнүн бирине айланат. Ал арада Сатар Алманбетов «Советтик Кыргызстанга» корректор болуп ишке орношуп, айтылуу маданият министри Күлүйпа Кондучалованын өтүнүчүнөн улам Германиядан келген делегация менен болгон сүйлөшүүлөрдү түз которот. Кийин өзүн өлдү деп жарыялатып, башка документ менен жашап жүргөндө министр Кондучалова Кеминден тааныштырган сатуучу келин менен баш кошуп, андан бир кыздуу болот да, көп өтпөй өз ажалы менен өлөт. Чыгарма Сатардын кийинки аялы Германияга барып, Эрика менен жолугуш, балдарын тааныштырганы менен аяктайт.

Сюжетти мынчалык деталдуу баяндаганыбыздын себеби – андагы окуялардын өзү эле масштабдуулугу менен да, реалисттик нукта чагылдырылганы менен да айырмаланып турганы. Чыгарманын масштабдуулугу андагы камтылган мезгилдин узактыгынан (совет мезгилинин башынан аягына чейин) тартып, ага аралашкан каармандардын (Юдахин, Кондучалова, Гитлер, Каюм Мифтаков ж.б.) даражасына чейинки жагдайлар менен бекемделет. Реалисттик дегенибиз, чыгарманын автору булардын баары архивдик документтердин негизинде жазылганын айтканы бар. Китеп өзү да бир катар документалдуу сүрөттөр менен коштолгон. Каармандардын образы советтик клишеге да, антисоветтик талаптарга да сыйбастан, ак-карасы аралашып кошо берилген. Атап айтканда, Сатардын советтик чалгындын пайдасына иштөөдөн да, советтик лагерлерде ошончолук кордук көргөнүнө карабастан Сталин менен Гитлерди бир катарга коюудан да баш тартканы (сихнрондук котормодогу эпизод) бир эсе анын мүнөзүндөгү карама-каршылыктарды белгилөөгө жардам берсе, бир эсе гуманист катары көрсөтөт. Сатардын берген акчасын алып той өткөрүп, бирок өзүн жанынан көрүүдөн корккон жакын тууганынын эки жүздүүлүгү, соттогу прокурордун зулумдугу менен мурдагы фронтовик досторунун калыстыгы – ушунун баары автордун реалисттик мамилеси тууралуу сөз кылууга толук негиз берет. Батыштагы элдин жашоо деңгээли, майдан сызыгынын наркы тарабындагы адамдардын кулк-мүнөзү, андагы мамилелер жана интригалар абдан ишенимдүү сүрөттөлгөн.

Ырас, бул романда айтылган нерселердин баары эле таптакыр жаңы деп айта албайбыз. Атап айтканда согуштун эл биле элек бир топ өңүттөрү Узакбай Абдукаимовдун «Майдан» романынан тартып эле көркөм аң-сезимдин предмети боло баштаганы чын. «Түркстан легиону» совет мезгилинде эле жазуучу Серик Шакибаевдин «Чоң Түркстандын кыйрашы» китебинин темасы болгон. Албетте, ага өз мезгилинин идеологиялык таасири тийбей коймок эмес, андыктан андагы автордун позициясына кайрылып отурбайлы. Жакынкы эле мезгилди алсак, ушул эле темага арналган Арслан Капай уулунун мындан алда канча чакан, аңгеме жанрындагы «Вице-президенттин соңку каты» аттуу чыгармасы дал ушул роман чыккан 2024-жылы «Азаттыкта» алда канча кеңири талкууга алынган жайы бар. Бирок биз кеп кылып жаткан романдын баалуулугу анын темасы менен да, жанрдык өзгөчөлүктөрү менен да, жогоруда айтылган айныксыз артыкчылыктары менен да чектелбейт. Анда аны кыргыз окурманы үчүн дал ушул азыркы доордо өтө актуалдуу көрүнүшкө айландыра турган негизги жагдай кайсы?

«Бет-Алман» жогоруда кеп болгон чыгармалардын баарынан айырмаланып, сөз башында айтылган тектоникалык жылыштарды башынан кечирип жаткан дүйнө жүзүндөгү кыргыз адамынын тагдырын алгач ирет бардык оош-кыйыштары менен кошо биринчи планга чыгарат. Сатар Алманбетов – башынан өткөн бардык трагедиясы, артыкчылык-кемчиликтери, жаңылып-жазганы менен кошо биринчи иретте кыргыз үчүн күйгөн, кыргыз элин сүйгөн, кыргыздыгын биринчи орунга койгон өз элинин уулу. Тээ бир кезде кыргыз эли курамына кошулган орус империясы табиятын түп-тамырынан өзгөртүп социалисттик мамлекетке айланып, ал талкаланып тескерисинче жалаң капиталисттик нуктагы мамлекеттерге ажыраганына отуз жылдан ашты. Андан бери Орусиянын өзү бир эмес, эки сыйра чечен согушун баштан кечирип, эми жанындагы Украинага кол салууда. Молдова КМШдан чыгып, Балтика өлкөлөрү НАТОго кошулуп, илгерки өнөктөштөр душманга, душмандар өнөктөшкө айланды. Жеңижок акын «Дүнүйөдө» айткандай «тоо бузулуп түз болду, токтоп айтар иш болду». Эми ошонун баарына карабай дагы эле кыргыздын камчыга сап кулундарынын тагдырына эчак жок болгон СССРдин позициясынан же ага каршы карай беришибиз керекпи? Анда аң-сезимдеги эгемендигибиз качан калыптанат?

Кытай империясы менен орус империясы Ала-Тоонун кыры менен Теңир-Тоодогу кыргыздарды экиге бөлгөн бойдон ортодогу ажырым азыр да чекчейип чек арада турат. Кыргызды эле эмес, тегерек-четтеги элдерди да бириктирип чоң мамлекет түзөм деген генерал Ыскакбек Монуевди сүйлөшүп алып жок кылган да эки зор мамлекет болгон. Дүйнөлүк эки карама-каршы системанын күрөшү эң аз дегенде 70 жыл бою кыргыз элин өз орбитасына тартып, ар кайсы идеологиялардын агымында миңдеген кыргыздын эр-азаматтары ала салып, бири жанын сактап, башкасы биротоло жок болуп жатты. Кандуу репрессиянын курмандыктары да, ага кызмат кылгандар да кыргыздар болгон. Экинчи дүйнөлүк согуштун илеби азыркы расмий таанылган баатырлар менен катар туткунга түшүп жок болгондорду, ал тургай тагдырдын буйругу менен Сатар Алманбетов сыяктуу башка системага кошулууга аргасыз болгондорду да пайда кылган. Азыр да бирибиз оңго, бирибиз солго карап, алакандай кыргыздын көбү кыргыздын эмес, сырткы идеологиянын чырагына май тамызып, өзөгүн чанып турган чагы.

Мындай шартта кыргыздын төбөсү көрүнгөн эр-азаматтарынын басып өткөн жолуна баа берүүчү бирден-бир чен-өлчөм – алардын кайсы заманда кайсы системага кызмат кылганы эмес, кыргыз мамлекетинин эгемендигине, кыргыз маданиятына, кыргыз элинин кызыкчылыгына кошкон салымы болууга тийиш. Бул чен-өлчөм бир кезде жок болуп кеткен, азыр жок болуп бараткан империяларга, күчтөргө гана эмес, азыркы пайда болуп жаткан, кийин пайда боло тургандарына карата да кынтыксыз иштеши керек. Анткени улуттук идеология дегендин өзү түпкүлүгү ошол эле. Кайсы гана шартта болбосун өзөгүн бекем сактаган эл гана мамлекетин сактап жана бекемдеп, колдон келсе күчтөндүрө алат. Бул кыргыздык өзөк – эң башкы нерсе.

Атеисттик көз карашына, азыркы неосталинисттердин позициясына карабай Жусуп Абдрахманов, Касым Тыныстанов, Абдыкерим Сыдыков баш болгон репрессия курмандыктарынын баары – биз баш ийип таазим кыла турган кыргыздын каймактары. Мурдун чүйрүгөн такыба мекендештерибизге жагабы-жакпайбы, ууртап-татып жүрүп эле ушунча көркөм мурас калтырууга жетишкен Мидин Алыбаев, Райкан Шүкүрбеков, Байдылда Сарногоев, Какен Алмазбеков – кыргыз поэзиясынын жарык жылдыздары. Бир кезде советтик пропаганда үчүн канчалык душман болбосун, Азамат Алтай – азыркы кыргыздын эгемендигине сырттан салым кошкон системанын көрүнүктүү өкүлү. Демек, жалаң Сатар Алманбетовдун эле мисалында эмес, жалпы эле кеңири мааниде кыргыздын кызыкчылыгына, тарыхына, анын башынан өткөн окуяларга, келечекке азыркы же мурдагы империялардын, диндердин же идеологиялардын алкагынан эмес, кыргыздын көз карашынан мамиле кылганды үйрөнүүгө эчак мезгил жеткен. Менимче, «Бет-Алмандын» автору дал ушул кыргыздык өзөктүн жаңырышын, жанданышын сунуш кылып, өз окурманына чоң чакырык менен келди.

Ага окурмандар өздөрү канчалык даяр, эми кеп ошондо.

Жыргалбек Касаболот

Кыргыздык өзөктүн чакырыгы алгач бул жерде - Адабий Ордо жарыяланды.

“Сен өлгөндө койгон жок эч ким ыйлап”. Адабият айдыңындагы арыш
4/5 - (1 добуш)

Редакциядан:
Белгилүү сынчы, адабиятчы Осмонакун ИБРАИМОВ “Азаттык” сайтындагы блогунда учурдун адабияты, акын-жазуучулары тууралуу өз оюн айта кетиптир. Макаласында редакциябыздын мүчөсү акын, котормочу Толук Бек Байзактын чыгармачылыгына кененирээк токтолуп, дагы бир катар акын-жазуучулардын ысымдарын (алардын арасында бир катар авторлорубуз бар) атай кеткен экен. Бул макала адабиятка кызыккан кеңири окурман журтуна да кызыктуу болот болушу керек деген пикирде, аны менен биздин сайтта да бөлүшүп жатабыз.

Каалайбызбы, каалабайбызбы, мезгилдин арабасы баары бир кылдырай берет тура. Аалыкебиз айткандай, жылдар жылга куюлушуп, токтобой дөңгөлөнүп отуруп, кайда барып токторун акындар менен философтор эле болжобосо, эч бир жан билбесе керек, чиркин. Кантебиз, кечээ көргөн бүгүн жок, ушундай экен дүйнө бок (бул сөз меники эмес, “Манастан”).

Бирдеме чыкса, ушу акындардан чыгат, кызыктуу бирдеме айтса, ушулар айтат деп, былтыркы 2025-жылдын адабий кырманын кыдырата карай келсем, кудайга шүгүр, калемин колдон түшүрбөй, адабият майданын чоң үмүт менен тегерене басып жургөн замандаштар дале болсо тобун буза элек экен. Ушуга сүйүнүшүбүз керек. Баалар асманды чапчып, караганыбыз эч бир калыңдабай койгон капчык менен акыйтып күттүргөн айлык болуп турган кезде анча-мынча абыгерчиликтерге баш бурбай, калем кармап, китеп чыгарыш – бул да кубанта турган, жубата турган көрүнүш.

Аңдоосуз жерден Абдыганы Эркебаев адабий сындагы эски адатын карматып, сандан-санга узарган “Бар бол, адабият!” аттуу обзордук макаласын (эссесин) чыгарды. Адабий процесс кадимкидей жандана түшкөндөй болду. Ырас, азыркы адабиятыбыз үчүн обзор эмес, аз да болсо анализ, көңүл-ыраага карабай айтылган так пикир, ачуу да болсо айтылган сын керек эле. Бирок ошого карабастан, шаа мүйүз сынчынын каймана болсо да айткан ишараттары, акылдуу адам айтпаса да түшүнө турган жаңсоолору бир топ акын-жазуучулар үчүн жакшы эле кеп-кеңеш катары кабыл алынды окшойт.

Мен өзүм эки поэзия жыйнагына кадимкидей “ашык” болуп, ошол тууралуу окурмандар менен ой бөлүшүүнү зарыл деп таптым. Эки акын мага акыйкатта да кадимкидей канагаттануу тартуулап, “бар экен го, көрсө” дегендей оптимисттик маанай жаратты. Бири илгертеден бери калем кармап, аты–жөнү элге эбак таанылган “эски” акын болсо, экинчиси али да болсо оозго алынып, чоң тизмеге, атап айтканда, Абдыганы Эркебаевдин чоң тизмесине илине элек “жаш” акын. Табышмактатпай аттарын атайын мынча болду: биринчиси – Төлөгөн Мамеев (“Тоолор менен сүйлөшүү” деген китеби), экинчиси – Толук Бек Байзак (“Көчмөн дүйнө” жыйнагы). Мынча болду дароо эле чыгармаларынан ооз тийгизейин:

Өксөп-өксөп өмүрдө өттүң ыйлап,
Ыйлап келип өмүргө, кеттиң ыйлап.
Буту сынса бирөөнүн ыйлаар элең,
Сен өлгөндө койгон жок эч ким ыйлап.

Атың ташка чийилип оюлбады,
Жылкы турмак, эчки да союлбады.
Табытыңа гүлчамбар оролбоду,
Талаа гүлү мүрзөңө коюлбады.

Болгону жок тирүүңдө таарынарың,
Болгону жок сени эстеп сагынарың.
Китеп болду жыйганың өмүр бою,
Өмүр бою акчага жарыбадың.

Ал китептен аңтарып доорлорду,
Көөдөнүңө батырдың байыркыны.
Көз жаш төктүң аттиң деп күңгүрөнүп,
Көрсөң мунжу, бактысыз кайырчыны.

Жетим көрсөң адашкан тагдырынан,
Жетер-жетпес бөлүштүң айлыгыңан.
Бир пенде да кабардар болгону жок,
Башыңдагы баа жеткис байлыгыңдан.

Сен аядың, сени эч ким аяган жок,
Адам катар кээ бири санаган жок.
Сен өлөрдө баягы жетим дагы
Тамчы сууну берүүгө жараган жок.

Алгач күнү мүрзөңө жаз айынын,
Аягы бул арнаган казалымын:
Сен жашаган дүйнөнү сезбептирбиз,
Сезбептирбиз ал дүйнө тазалыгын…

Бул Төлөгөн Мамеевден казал. А бирок кандай казал! Албетте, ырдын шааниси чыксын үчүн дасыккан акын атайылап боёктордун эң бир коюусунан тандап туруп сүрөт тартып, лирикалык каарманын трагизмдин болуп көрбөгөн чегине жеткире армандап, жүрөктү эзе тургандай кошок кылып кошуптур. Муну антитеза деп коёбуз эстетикалык теорияда. Ырас, бул ыкма тээ Рафаэл менен Микеланжелонун доорунан бери келаткан көркөм ыкма. Ушул сыяктуу антитеза Рембранттын “Адашкан уул кайтканда” аттуу гениалдуу картинасында абдан таасын берилген. Антитеза Маңкурттун образында бар (“Кылым карытар бир күн”), К. Жусубалиевдин Мастан кемпиринде (“Күн автопортретин тартып бүтө элек”) бар. Ансыз күчтүү образ жаралбайт, чыгарманын эмоционалдык күч-кудурети, эстетикалык дурмөтү болбойт, Аристотел айткан катарсис жаралбайт.

Мени абдан кубанткан экинчи китепче акын Толук Бек Байзактын “Көчмөн дүйнө” аттуу саамалыгы болду. “Саамалык” деп бекер жеринен айткан жокмун. Мен бул жупкадай жука, бирок ичине зор поэтикалык символиканы камтыган китепчени көптөн күткөн китепче деп айтар элем. Адабияттын тарыхы жана теориясы менен, илимий эстетика менен шугулданган окумуштуу катары айтар элем: бул китепче бир аз кечигибирээк жаралды, бирок ошо кеч болсо да окурмандын колуна тийгени автор Толук Бек үчүн да, адабиятыбыз үчүн да мөөрөй болду. Эмне үчүн?

Кеп мындай. Ар бир мезгилдин өзүнө жараша китеби, фильми, сүрөтү болот. Маселен, С. А. Чуйковдун “Советтик Кыргызстандын кызы” деген картинасы бүтүндөй эпоханы, доорду, керек болсо, чоң тарыхты чагылдырган чыгарма. Чыкебиздин Дүйшөнү, Алтынайы, Жамийласы ошондой образ-символдор.

Мен Толук Бекти эртелеп көтөрө чалгым келбейт, бирок анын көлөмү жагынан өтө чакан, бирок мааниси жагынан абдан салмактуу “Көчмөн дүйнө” жыйнагы чынында да көптөн күттүргөн китеп деп айтсам жаңылбасам керек.

Баса, китеп эмне жөнүндө? Китеп бороон-чапкындуу, үмүт менен үмүтсүздүк, ишеним жана ишенимсиздик, жарык менен караңгылык жанаша доорон сүрүп турган эгемендиктин эң оор жылдары жөнүндө, 90-жылдар жөнүндө.

Дагы теорияны ортого салайын: илимде бул же тигил тарыхый доор тууралуу мыкты китеп же чыгарма ошол доордун кайнаган учурунда жазылбайт. Жазылышы мүмкүн, бирок бул эреже эмес, мыйзам-ченемдүүлүк эмес. Маселен, Экинчи дүйнөлүк согуш тууралуу чыныгы мыкты чыгармалар болжол менен он-он беш жыл өткөн соң гана жаралды. Мисалы, “Бетме-бет” согуш бүткөндөн он эки жылдан кийин, “Саманчынын жолу” он беш жылдан кийин барып жазылды.

Менин катардагы адабият күйөрманы катары кантип ошол эч качан эстен кеткис драмалуу жылдар, бүтүндөй улут таш боор тарыхтын тегирменине жанчылып, камырдай жуурулган кези тууралуу он беш эмес, отуз жыл өтсө да, жарытылуу китеп же чыгарма жазылбаганы кандай деп кадимкидей капаланып жүрчүмүн.

Жок, эч нерсе жазылган жок деп айтсам жаңылам го. Канткен менен, “Тоолор кулаганда” романы жазылды, “Жанжаза” жарыкка келди. Бул прозада болду. Бирок поэзияда бул доор эмнегедир унутта калды. Бир жолу жаш акындар менен жолугушуу учурунда мен көп калем ээлери ошол өтмөк доордун даамын татып, азап-тозогун аңдап, жон териси менен сезбегенин байкадым. Анын себеби азыркы ыр жазган талапкерлердин басымдуу көпчүлүгү 90-жылдардын этегинде, 2000-жылдардын башында туулуп, Кыргызстан эптеп жаңы доордун ыгына ыктап, бир ыргакка түшүп калган кезде туулган муун экен.

Ал эми Толук Бек дал ошол өтмөк доордун өттөй ачуу шорун өз оозу менен татып, мигрант болуп жер которуп, башка жер, бөтөн элдин ызасы менен кордугун жон териси менен сезип калган калемгер экен.

Кош бол эми көрүшкөнчө,
алсыз, жарды Мекеним.
Сени таштап көпкө дейре
алыс сапар кеземин.
Тилеп сенин тынчтыгыңды,
тилеп сага эсендик,
убайымдуу бул күндөрдө,
урматыңды сеземин.

Кеттим алыс, кейиш толгон
жүрөк менен кыялбай.
Жатканыңда жаш баладай
там-туң басып туралбай.
Маанай чөгүп, ындын өчүп,
акыл-эсиң жыялбай,
турганыңда
кайрат-эркти тилейм сага
сүйүп туруп кудайдай.

Сага караан боло албадым,
бу капалуу күнүңдө.
Ийинимди тосо албадым,
бирок менден түңүлбө.
Биз кайтарбыз жеңиш менен
күндөрдүн бир күнүндө,
ал анткени өзүң барсың,
жүрөктөрдө, сүйүүмдө.

Касиетин Ата Журттун
уул эмесмин сезбеген,
алыс жерде өзүңү эстеп
сагынамын эскерем.
Бирок ушул кыйын күндө
сага берер, сага жөнөтөр,
үмүт, сүйүү, ырдан башка
эчтемем жок, эчтемем…

Бул ырды улутунбай, үшкүрбөй, керек болсо, көзгө жаш албай туруп окуш эч бир мүмкүн эмес…

Толук Бектин чынчылдыгы, эч качан өзүн, лирикалык “Менин” ыксыз көтөрө чалбай, тескерисинче, бечара болуп бозоргонун, алыста калган мекенин сагынып-саргайганын эч бир пафосу жок, жалгандан жасалган жарма патриотизми жок жазат. Боздогонун боздодум деп, кор болгонун кор болдум деп айтат. Бирок мекенинин ыйык элесин калканч кылып жамынып, өзүнө-өзү кайрат бергенин жашырбай жазат. Эч качан өзүн турмуштун бороонун бучкагына теңебеген эпикалык жигит катары сүрөттөбөйт, тескерисинче, мекенинин алсыздыгын, эгемендиктин, чоң тарыхтын эпкинине эптеп туруштук берип, араң бутуна туруп келатканын ыйлап туруп жазат.

Толук Бек сыяктуу бөтөн жерде жүрүп тагдырын ырга айланткан акын кыздарыбыз: Нарсулуу Гургубаева, Нуриза Өмүрбаева да бар. Ошондой эле Нурлан Калыбеков, Жыргалбек Касаболотов, Зайырбек Ажыматов, Атахан Кожогулов, Гүлзада Станалиева, Аида Эгембердиева, Айсулуу Көкөева, Назгүл Осмонова, Венера Бөлөкбаева, Айжаркын Эргешова, Рахат Жуманазарова ж.б. өңдүү бир топ акындарды Толук Бектин муунунун катарына кошор элем. Булар “жоголгон муун” деп аталып жүргөн калемгерлердин салмактуу чыккан поэтикалык үнү.

Баса, “жоголгон муун” туура терминби? Туура же туура эмес деп кесе айтуу болбос, бирок биздин эгемендик доордун бир тарыхый этабын ушул акындар ачып кеткенин моюнга алышыбыз керек. Дүйнө адабиятында Р. Олдингтон, Э. Хемингуэй, Э. М. Ремарк ж.б. жазуучулар ошол “жоголгон” муундун (generation perdue) ыйын ыйлап, зарын зарлагандар. Ошонусу үчүн тарыхта түбөлүккө калгандар.

Дайрадай агылдым,
Шамалдай согулдум.
Оош-кыйыш турмушта
Жаңылсам – жаңылдым.
Жазмыш деп соорондум,
Армандуу болбодум.
Муздасам – муздадым,
Арийне тоңбодум.
Кайгыда ыйладым,
Дүйнөгө сыйбадым.
Түтөдүм, тутандым,
Ошентип чыйралдым.

Бул Гүлзада Станалиевадан. Акын азабы менен арманын, тарткан түйшүгүн агынан жарылып ушинтип жазат.

Айтор, бул муун, тагыраак айтсам, Толук Бек Байзактын мууну өзүнүн добушун бек чыгарып, жан сырын жашырбай-жаппай айта баштады. 21-кылымда адабиятка келген бул муунда жымсалдоо жок, өзүнө-өзү маашырлануу, мактануу жок. Баары ачык. Болгону болгондой. Карасы – кара, агы – ак. Ушуга шүгүр. Ырас, көпкө күттүрүп коюшту. Бирок адабиятта кеч же эрте деген түшүнүк жок. Негизгиси, бар болсун. Жоголуп кетпесин.

Осмонакун Ибраимов, «Азаттык» сайтындагы блогунан, 20.04.2026

“Сен өлгөндө койгон жок эч ким ыйлап”. Адабият айдыңындагы арыш алгач бул жерде - Адабий Ордо жарыяланды.

Адамгерчилик жеңген тагдыр
5/5 - (6 добуш)

(Рахат Аманованын «Кудайберди» аңгемесиндеги гуманизм)

Кыргыз прозасында согуштан кийинки айыл турмушу өзгөчө орун ээлейт. Бул мезгил адабиятта көбүнчө элдин оор эмгеги, жетим-жесирлердин көбөйүшү жана адамдык мээримдин сыноодон өткөн учурлары аркылуу сүрөттөлөт. Рахат Аманованын жакында чыккан «Кудайберди» атуу аңгемеси дал ушул тарыхый жана моралдык кырдаалды жетим баланын тагдыры аркылуу ачып берген көркөм чыгарма катары көңүл бурууга татыктуу.

Чыгарманын окуясы бригадир Кудайбердинин чөп ороктон кайтып келе жаткан элди карап отуруп өткөн турмушун эскерген учурунан башталат. Бул эпизод чыгарманын экспозициясын түзүп, согуштан кийинки айыл турмушунун атмосферасын түзөт. Элдин чарчап-чаалыгып келе жатканы менен жүздөрүндө жылуу маанайдын болушун дагы жеңиш алып келген үмүттүн белгиси катары карасак болот. Автор ушул майда бирок  маанилүү психологиялык детал аркылуу согуштан кийинки коомдун ички абалын ишенимдүү бере алган.

Аңгеменин композициясы эскерүү ыкмасы менен курулган. Башкы каармандын эсине түшкөн окуялар аркылуу өткөн мезгилдин көрүнүштөрү ачылат. Жеңиш кабары келген учурду сүрөттөгөн эпизод чыгарманын эң жандуу жана эмоционалдык күчү жогору бөлүктөрүнүн бири болуп саналат. Райборбордогу элдин толкуну, адамдардын бири-бирин кучактап ыйлаганы, ар кайсы тилде кубанычтуу сөздөрдүн айтылышы менен автор тарыхый учурдун психологиясын ийгиликтүү жандандыра алган. Жеңиш кабары адамдар үчүн жөн гана саясий жаңылык эмес, алардын тагдырын өзгөрткөн улуу окуя катары берилет.

Ал эми чыгарманын негизги драмалык өзөгү жетим бала Жолчунун тагдыры менен байланышкан. Баланын жоголушу жана аны карышкырлар курчап турган жерде табуу эпизоду аңгемени кульминациялык чекитине чыгарат. Бул жердеги тай казандын астына кирип аман калуу окуясы жөн гана сюжеттик чечим эмес, символдук мааниге ээ. Анткени казан кыргыз турмушунда ырыскынын, тиричиликтин белгиси. Ошондуктан жетим баланын дал ошол казандын астынан аман табылышы жалпы элдин ырыскысы жетимди сактап калгандай таасир калтырат.

Кудайбердинин образы – чыгарманын негизги моралдык борбору. Ал турмуштун оор сыноолорун башынан өткөргөн адам: уулунан айрылган, согушта жарадар болгон, жалгыздыкты көргөн. Бирок бул трагедиялар аны таш боор кылган жок, тескерисинче, адамдык мээримин күчөткөн. Жетим Жолчуну бала кылып алмакчы болгону анын ички дүйнөсүнүн бийиктигин көрсөтөт. Бул жерде автор кандык туугандык эмес, адамдык жоопкерчиликтин жогору турарын эң сонун сүрөттөгөн.

Жолчунун образы – согуш жетимдеринин жалпыланган символу. Өгөй таененин муздак мамилеси менен Кудайбердинин мээримдүү мамилеси бири-бирине карама-каршы коюлуп, чыгарманын нравалык мазмунун тереңдетет.

Аңгемеде айыл эли жамааттык каарман катары көрүнөт. Эл жетим баланын кор болуп жатканын көрүп унчукпай калбайт. Акыры Жолчуну Кудайбердинин колуна өткөрүп берген чечим – жамааттык адилеттиктин салтанаты. Бул көрүнүш менен автор кыргыз коомундагы жамааттык жоопкерчилик салтын көркөм деңгээлде чагылдыра билген.

Көркөм тил жагынан да аңгеме жандуу сүрөттөлгөн. Автор каармандардын сүйлөгөнүн, интонациясын, эмоциясын диалогдор аркылуу жеткирген. Психологиялык деталдар – көздүн жашарышы, үн кардыгышы, демигүү – окуянын эмоционалдык күчүн арттырат. Бул деталдар каармандардын ички дүйнөсүн ишенимдүү ачууга жардам берет.

Ошол эле учурда чыгарманын айрым алсыз жактарын да белгилөөгө болот. Кээ бир эпизоддор, айрыкча Жеңиш кабары жөнүндө эскерүү бөлүгү, композициялык жактан бир аз узак берилип кеткендей сезилет. Бул бөлүк өзүнчө көркөм мааниге ээ болгону менен негизги сюжеттик линиядан бир аз алыстап кеткендей сыяктуу. Ошондой эле айрым жерлерде автордук баяндоодо публицистикалык интонация күчөп кеткен.

Бирок бул мүчүлүштүктөр чыгарманын жалпы көркөм баалуулугун төмөндөтпөйт. Аңгеменин негизги күчү анын гуманисттик мазмунунда жатат. Жетим баланын тагдыры аркылуу автор адамдык боорукерликтин күчүн жана коомдук жоопкерчиликтин маанисин көрсөтө алган.

Чыгарманын финалы символикалык мааниге ээ. Жолчунун чоңоюп, билим алып, Кудайбердиев болуп баккан атасынын фамилиясын алышы, бул жөн гана юридикалык өзгөрүү эмес. Бул – руханий мураскорлуктун белгиси. Кудайберди кан аркылуу тукум калтырууну эмес, адамдыкты мурас калтырган Атанын деңгээлине өтөт.

Жыйынтыктап айтканда, автор жөнөкөй окуя аркылуу чоң моралдык ойду, адамды адам кылган нерсе анын жүрөгүндөгү мээрим экенин, таасирдүү көркөм чечим менен көрсөтө алган. Андыктан талантуу жазуучу катары такшалып келаткан Рахат айымга чыгармачылыктагы ийгиликтерди гана каалап кетмекчибиз.

Адамгерчилик жеңген тагдыр алгач бул жерде - Адабий Ордо жарыяланды.

Өз жүрөгүн өзү мүлжүп, же “тентектин” бир ыры жөнүндө
4.9/5 - (8 добуш)

“…Могут быть произведения не понятны, но вместе с тем плохи, но гениальное произведение всегда было и будет непонятно большинству в первое время”.
Л. Толстой

Бороонду эңсейт бул тентек
Бороондо тынчтык барчылап.
М. Лермонтов

Нурлан Калыбеков

ЭСКЕРҮҮ ТҮН

Улуу Айдын жарыгында,
Улуу Түндүн жарымында.
Таш үстүнө чыгып алып,
Таш астында калгандардын
Ырын ырдап,
Ырын эмес,
Ыйын ырдап,
Турдум сыздап.

Артка жылып заман нугу,
Жарык болуп Айдын нуру.
Түрүлүп тасмалардай,
Бүгүнкү күндөн баштап,
Байыркы таш дооруна чейинки бүт,
Көзү өткөн бабалардын,
Алар жүргөн,
Тоо, түз, суу, талаалардын,
Көрүнүп элестери,
Жоого чыккан,
Тоого чыккан,
Ашуулары, белестери,
Көзүмө элестеди.

Бабалар ай жарыктыктар,
Бир келип бул дүйнөгө,
Жашоого көзү тойбой,
Андашып жамандыкты,. жакшылыкты,
Дүйнөгө устун болбой,
Түз кеткен жаны улуктар,
Бабалар ай жарыктыктар.

Улуу айдын жарыгында,
Улуу түндүн жарымында.
Тарттым да сырыңарды,
Ырдадым ыйыңарды,
Муңга толгон,
Жашка толгон,
Ырыңарды.
Жаш төгүп,
Бүткүл дүйнө,
Бүткүл аалам,
Ай, Күн, Жылдыз, Булут, Асман,
Эне, Жер да,
Көк Теңир да,
Чогулуп жоктоп турдук.
Ал тургай,
Урпактар да төрөлө элек,
Тамчыдай тып деп тамып,
Учкундай жылт деп жанып,
Келишти баары, баары,
Нурга айланып.

Ошондо бир ой келди,
Бабалар силер кайра,
Урпак болуп,
Төрөлүп жүрбөгүлө?!
А балким,
Мен дагы бир,
Көзү өткөн
Качандыр бир
Бабадырмын.
Бабалар үн бергиле?!
Кыйкырып суроо жаалап,
Эсиме келсем анан,
Таң атып баратыптыр,
Ай батып баратыптыр.

Мен ошентип,
Таш үстүндө турдум көпкө,
Көпүрө болгон сымал,
Улуу жер, Улуу Көккө.
Байыркыны келечекке,
Келечекти байыркыга,
Кошуп жууруп,
Бүгүнкү күн,
Болуп туулуп,
Улууланып,
Арууланып,
Турдум жанып.
Улуу айдын жарыгында,
Улуу түндүн жарымында.

Нурландын бул чыгармасын мен биринчи жолу өзүнүн окуусунда радиодон уккан элем, кийин да эки-үч жолу уктум окшойт. Ыр негедир сырдуу, а түгүл түшүнүксүз туюлду. Ошондуктанбы, бетме-бет отурганда да Нурландын ушул ырын окуп берүүсүн суранып, эки жолу уктум. “Эми муну жаш кезде, ойкуп-кайкып жүргөндө, жазган элек да”, – деп, көңүлүмдү кыйбай окуп берген эле. Бул ырды түшүнүүнүн деле кереги жок окшойт, угуу гана керек көрүнөт деген ойго да келген учурлар болду. Бирок ыр мени кармап алып эле коё бербей жатты. Демек, анда “бирдеме” бар да, болгондо да мен аңдай албай жаткан бир “балакет” бар да. Ушул “балакетти” аңдаш үчүн мен анын ар бир сөзүнө, тыбышына, доошуна сүңгүп кирип, жиликтешим керек эле. Ушундай максатты аркалап, кирише баштаганда эле, карама-каршылыктар жыйнагына кептелдим. Мына, түн, бирок жөн түн эмес, айлуу түн; демек, түн  түн (караңгы  жарык); эмне үчүн дөбөдө эмес, таш үстүндө турат, ташта эмне сыр бугуп жатат, деги таштын өзү карама-каршы эмеспи: таш боор, таштай муздак  Таштанбек, Ташболот, Кожомкулдун ташы; мезгилине келсек, учур чак ═ өткөн чак  келер чак ж.б.

Булардын ичинен таш негедир эле көкүрөгүмдө уюп калгансыды. Таш жер менен бирге жаралганбы же кийин өнүп чыкканбы? Жаратылыштын татаал талдоосуна туруштук берип ыңгайлашууга ийкемдүү жападан жалгыз “жандык” таш эмеспи, таш өзүнүн таш болуп калган денесинде канчалаган кылымдарды, не деген сырларды, касиеттерди кысып жатат болду экен? Таш жүрөгүндөгү тактар менен адам жүрөгүндөгү тактардын ортосунда кандайдыр бир жалпылык, окшоштук барбы, таштар деле адамдар сыяктуу эле өз жүрөгүндөгү тактарды өчүрүп салуу үчүн жаналакет кыла беришеби? Биз аларды талкалап, таштарды шашылган кумга… айландырып жатканыбызда, бул кылганыбыздын өзү тирүү жандыкты (айталы, койду) мууздап жаткандан эч айырмасы жок экендигин туюуга биздин кудуретибиз жетеби? Мына ушул өңдүү суроолорго жана жогоркудай карама-каршылыктар жыйнагына кептелгенден кийин, ырды жиликтөөдөн сестене, чочулай баштайт экенсиң. Бирок канчалык чочуласам да, ыр мени байлап алып эле туруп алды, өзүнчө жүккө айланып, кутулбас куяга калгандай болдум. Ушинтип чайналып жүргөн кезимде мага бир ой келди: “Бул чыгарманы башкалар кандай түшүнөт болду экен, деги алар аны чыгарма катары кабыл алышабы?” Акыры ырды студенттер менен магистрлерге таратып, өз ойлорун жазуу түрүндө беришин талап кылдым. Эч бир оозеки талдоо жүргүзбөдүм, алар менин жетегинде калабы деп чочуладым, болгону өзүм да анчалык түшүнбөгөн суроолорду чолуп-чолуп берүү менен чектелдим. Мына эми алардын пикирлерин, талдоолорун десем туура болот го, силерге сунуш кылып отурам. Атайы эскерте кетчү бир жагдай: пикирлердин айрымдары аудиоторияда отурганда жазылса, айрымдары үй тапшырма катары аткарылды. Айрым студент, магистранттар кыргыз, айрымдары орус мектепти бүтүшкөн, бирок нурку кыргыздар. Ошондой эле араб магистрлер да бар, аларды ысымдары аркылуу эле айрып алсаңар болот. Талдоо деңгээл көлөмү да ар кандай: айрымдар оюн кыска гана берсе, айрымдары кадимки адистердей эле ар тараптуу талдоо жүргүзүптүр; талдоолоруна ат койгондору да бар. Бузуп аламбы деп, мен эч бир оңдоо, редактирлөө кылбадым, кандай жазышса, дал ошондой бердим. Анда назар буруп, окууга өтөлү.

Из калтыр бул дүйнөдө!..

Кыргызды – кыргыз кылган, душмандардан сактаган, үзүлгөндү улаган, чачылганды жыйнаган Манас бабам баш болгон баатырлар; Гомер менен тең тайлашкан Саякбай Каралаев, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов, Касым Тыныстанов, Жоомарт Бөкөнбаев, деги санап бүтпөйсүң!

“Манасты” окусаң эң аягында кайып болуп кетишет эмеспи, анысы сыңары кыргыздын каймактары да бул дүйнөдөн кайткан жок. Алар биздин арабызда. Тирүүлөр эстеп турганда, эч качан өлбөйт!

Айданек Байболот,
студент, 4-курс

Байыркы бабаларды эскерип ырдап жана өзүн бабаларга салыштырып. Балким алар урпак болуп кайра төрөлүшкөн. Ойго батып таш үстүндө ырын да, ыйын да ырдайт. Аларды бүткүл дүйнө, аалам, Ай, Күн, Жылдыз, Булут, Асман, Эне, Жер, Көк Теңир да жоктошконун айтып, р бир жандын өмүрүн бардыгы жоктойт экенин көрсөттү. Таң атканы – бул келечекти жана бүгүнкү күндүн жарыктыгын көрсөттү.

Айгүл Куван,
студент, 4-курс

Чыгарма ойго баткан, жашоонун маанисин-мазмунун издеп жүргөн жаш жигит тарабынан жаратылгандай. Түнү адамга канча түркүн ойлор келет, автор сөздөрдү тике колдонбой, таасирдүү ойго салчу саптар менен алмаштырган: өлгөндөр эмес, таш астында калгандар; ээ болбой эмес, устун болбой; өлгөн эмес, түз кеткен. Автор таш үстүнө отуруп алып, азыркы замандан келечекке, ал тургай өткөн заманга ырлары, ойлору менен көпүрө болгондой. Автордун ойлору өтө терең, канча кылым өтсө да бул суроолорго, ойлорго жооп табыла элек, а өмүрүн арнагандар канча. Мүмкүн чын эле автор да, мен да канча кылым мурда өткөн баба болуп жүрбөйлү. Бул дүйнөдөн качандыр бир кезде алыстап, денебиз жер астында калганда, кайра урпак болуп жаралып жүрбөйлү. Айтор чыгарма окурманды ошол жерде авторду алыстан карап, ойго батып турган элести калтырат.

Айзирек Жолдошова,
студент, 4-курс

Нурлан Калыбековдун “Эскерүү түн” чыгармасы кыргыз адабиятынын терең философиялык жана символикалык чыгармаларынын бири болуп саналат. Бул чыгарма адам баласынын өткөндү эстеп, жашоонун маңызы тууралуу ой жүгүртүүсү, адам менен табияттын байланышы, убакыттын чексиздиги жана өмүрдүн убактылуулугу сыяктуу темалар көтөрүлөт.

Чыгарманын негизги идеясы убакыттын агымы жашоодогу баалуулуктарды баалоого үйрөтөт. Өмүрдүн убактылуулугуна карабай, ар бир учурдун баалуулугун түшүнүү жана аны кабыл алуу адамды гармонияга жеткирет.

Өткөндү эскерүү аркылуу адамдын руханий тазаланышы жана өзүн таанууга болгон умтулуусу даана сүрөттөлөт.

“Эскерүү түн” чыгармасында негизги окуя адамдын өткөн учурларын, жакындарын, өзү баштан өткөргөн жагдайларды эскерүүсүнө негизделет.

Автор караңгы түндө өткөн күндөрдү эскерип отурат.

Ал өзүнүн балалык мезгилин, жашоосундагы маанилүү окуяларды, жоготууларын жана ошол учурлардагы сезимдерин элестетет.

Бул эскерүүлөр ага турмуштун маңызын убакытын жана жашоонун өтүп кетүүчүлүгүн терең сезүүгө шарт түзгөн.

“Эскерүү түн” – бул адамдын өткөндү эстеп, жашооонун терең маңызы тууралуу ой жүгүртүүсүн сүрөттөгөн чыгарма.

Нурлан Калыбеков бул чыгармасы аркылуу окурмандарды өз өмүрүн аңдап, баалап, ар бир учурду терең сезүүгө чакырат.

Автордун философиялык ой жүгүртүүлөрү жана поэтикалык тили чыгарманы кыргыз адабиятынын баалуу мурасы катары көрсөтөт.

Наргиза Шамурзаева,
магистрант

“Эскерүү түн” ыры өзүнүн ичине терең маанилерди камтыйт.

Аларда: сезимдерди айтуунун маанилүүлүгү, жашоонун кыйынчылыктары, оор учурларда адамга эмне жеңилдик берери айтылат.

Кишинин түндө таштын үстүнө чыгып алып, жашоонун кыйынчылыктарын айтуусу менен ичинде жаткан оор сезимдерди сыртка чыгаруунун маанилүүлүгүн чагылдырат. Ички дүйнөдөгү сезимдерди ичте кармап жүрүү ооруларга жана психологиялык туруксуздуктарга алып келет. Ал кишинин иш-аракети мындай жамандыктардан тосуусу мүмкүн.

Мурунку, азыркы жана келер чак доордо адам баласына кыйынчылык деген нерсе маалым. Көптөгөн учурларда ошол кыйынчылыктар инсанды алсыз кылып эмне кыларын билбей калуусу аны жардам издөөгө түртөт. Бул чыгармада киши жардамды өткөн муундардан издөөнү аракеттенип келерки муунга колдоо жана таяныч болуусун каалайт.

Таштын үстүндөгү адамдын эскерүүсү көптөгөн образдарды чагылдырат.Таш-жашоонун кыйынчылыктарын. Түн – кайгыруу убакытын. Киши – жашоо, өмүр. Таштын астындагы жер – өткөн муун.

Улукбек Аманбек у.,
магистрант

Ырда айдын жарыгында тилеген көз ирмем жөнүндө сөз болот. Анда акын каза болуп, топурак астында калган ата-бабалары менен баарлашат. Алардын даңкына, бул жашоого тойбогондугуна, колунан келеби деген ойдо жаңы муун менен кайрадан жашоого кайт… Жана алардын бирөөсүнүн чоң атасы болушу мүмкүн! Реинкарнация феноменине карата көптөгөн философиялар анын так эместигине карабастан чакырган!

Поэмада ата-бабалар үчүн, балким, кеткен жаштар үчүн болгон кайгы, жоктоо жана азап камтылган?

Арва Али Абду,
магистрант

Бул чыгармада өтүп кеткен бабаларын эскерүү, адамзатын элеске чагылдыруу.

Бабалардын жашоого келип, ага тойбой кете бергенин эскерүү аларды жоктоп эрээркеп турду.

Автор бул жашоодо өткөн жашоо келечек жашоо биригип азыркы жашоону аныктайт. Каармандын көз жашылданганы ,бабаларына болгон боор оорусу, бул өзүнүн барар жери «таш асты» экенин сезип туруусу; Өзүн кайра өлүмдөн кийин тирилип кайра жаңы муун болуп кетүүсүнө ишенгиси келгендиги. Өлүмдөн кийин мени эч ким эстебейби деп, эскерүү түндө бабаларын мактап, барктап өткөн көрүнүштү автор чагылдырган.

Самира Акматова,
магистрант

Чыгарма бир караганда бабаларды эскерүүнү камтыйт. Алар чеккен азап-кайгы, кубанычты айтуучу сезип жаткандай түр көргөзөт. Өзү айткандай азыркы муун менен бабалардын ортосунда көпүрө сымал болуп турат. Себеби өзү азыркы учурда жашап жатса да, сезимдери ой жүгүртүүлөрү байыркыларда калып калгандай. Чыгарма бир тарабынан бабалардын жашоодо түркүк болбогону жана жарк этип күйүп өчкөн деп сүрөттөш менен дүйнөдө эч бири түркүк болуп калбасына далалат кылат.

Гүлайым Арзыбек кызы,
магистрант

Бул ыр түрүндө жазылган чыгармада мен автордун бул дүйнөдөн көзү өтүп кеткен жалпы элдерге сыздап, аза күтүп, аларды бүт жаратылыш чөйрөсүнө салыштырып, кошок сыяктуу кошуп ырдап жатканын байкоого болот.

1. Демек, автор айдын жарыгында, түндүн бир оокумунда, таштын үстүнө чыгып алып, ошол таштын алдында калгандардын ырын эмес, ыйын ырдап, сыздап турганын айтып чыгарманы баштады.

2. Автор, байыркы таш дооруна чейинки көзү өтүп кеткен бүт бабалардын, тоого, түз талааларга, жолго чыкканын, канча ашуу-белестерди ашканын көз алдына элестеп жатканын айтып жатат.

3. Демек эмне дейт автор? Аларды кантип элестетип жатат?

Бабалар ай жарыктыктар, бул дүйнөгө бир келип, көздөрү жашоого тойбой, жакшылык менен жамандыкты айырмалап түшүнүп, дүйнөгө устун болбой кеттиңер деп сүрөттөп жатат.

4. Толгон Айдын түн жарымында сырыңарды тарттым, ыйыңарды ырдадым, – дейт. Ырыңарды муңга, ыйга, жашка толгон көзүңөрдөн жаш төгүп бүткүл аалам, дүйнө, ай, күн, жылдыз, булут, асман, жер, көкө теңир да – баары чогулуп жоктоп турдук, – деп көзү өткөн кишилерди жаратылыш да жоктогонун айтып жатат.

5. Ал тургай төрөлө элек урпактарды да бул жерде сөздөр тамчыдай тыпылдап, учкундай жылт этип жанып, баары нурга айланып келишти деп аларды да көзү өтүп кеткен инсандар үчүн эскерүүсүн, кайгыруусун ачыктап жатат.

6. Ошондо мага бир ой келди дейт автор. Балким, ошол бабалар, силер кайра урпак болуп, төрөлүп жүрбөгүлө! А мен да балким качандыр бир көзү өткөн бабадырмын. Бабалар үн бергиле! – деп эсиме келсем, ай батып, таң атып жатыптыр дейт.

7. Мен ошентип өзүмө келсем, таш үстүндө көпкө турдум көпүрө болуп, улуу жер, улуу көккө байыркыны келечекке,келечекти байыркыга кошуп жууруп,улууланып.

Сайед Мохаммед Абулфадл,
магистрант

1. Тематикасы жана идеясы

2. Композициалык түзүлүшү жана бөлүккө бөлүнүшү

3. Тилдик өзгөчөлүктөрү

4. Риторикалык суроолору

5. Ырдын формасы (рифмалык схемасы)

6. Көркөмдүк жана философиялык аспектилери

7. Мазмундун мааниси

Нурлан Калыбековдун “Эскерүү түн” ыры – терең эмоцияларды жана эскерүүлөрдү камтыган чыгарма. Ырдын тематикасы жана идеясы төмөнкүдөй болуп талданат.

Тематикасы:

Ырдын негизги тематикасы – эскерүүлөр, өмүрдүн өтмө мүнөзү жана адамзаттын жоготуулар менен жаралган ыраазычылыгы. Автор белгилүү бир учурларды эске алып, алардын таасирин сурөттөйт. Ырда сүйүү, ыраазычылык жана кайгы-муң сыяктуу адамдык сезимдер чагылдырылган.

Идеясы:

Ырдын негизги идеясы өмүрдүн убактылуу экенин түшүнүү, аны баалоо жана өткөндү эстеп, жоготууларды кабыл алуу аркылуу алдыга карай жылуу. Автор эскерүү аркылуу адамдардын ички дүйнөсүндөгү өзгөрүүлөрдү жана түбөлүктүүлүккө болгон ойлорун чагылдырат. Бул ыр биздин жашоо тууралуу ой жүгүртүүгө жакындарыбызды баалоого чакырат.

Кириш сөз (экспозиция)

Ырдын башталышында автор түндүн тынч атмосферасын сүрөттөп эскерүү үчүн негиз берет. Бул бөлүк ырдын негизги маанайын жана контекстин ачып берет. Ошондой эле окурманды өткөн чакка чакырат.

Негизги окуя (Өнүгүү)

Бул бөлүктө автор эскерүүлөрдү айтып, жүрөгүндө сакталып калган элестерди сүрөттөйт. Өзгөчө сезимдер жана окуялар аркылуу автордун жан дүйнөсү ачылат.

Кульминация:

Ырдын эмоциалык чокусу ушул бөлүктөн орун алат. Автор эң маанилүү жана таасирдүү окуялардын тереңдигин чагылдырат. Бул эскерүүлөрдүн маанисин баса белгилейт.

Чечилиши (Развязка)

Эскерүүлөрдүн аягы тынч, бирок терең ойго батырат. Бул бөлүктө автор өткөндү кабыл алуу жана азыркы учур менен байланышуу жөнүндө ой жүгүртөт.

Жыйынтык (Финал)

Ырдын аягы түндөй тынч жана ойлуу маанайда жыйынтыкталат. Бул бөлүк жалпы ырдын философиялык жүгүн толуктап, окурманды өз ойлору менен калтырат.

Тилдин өзгөчөлүктөрү поэтикалык көркөм каражаттар жана терең эмоцианалдык мазмун аркылуу ачылат. Ырдын тилине мүнөздүү өзгөчөлүктөрдү төмөнкүчө бөлүп карасак болот:

Образдуулук жана метафоралар

Ырда метафоралар кеңири колдонулуп, түндүн жана эскерүүлөрдүн образы поэтикалык боёктор менен сүрөттөлөт.

Мисалы: “Түн кулпуруп,көздөрү жашырган сыяктуу” – бул саптарды түн жашыруун сырды камтыган сыяктуу берилет.

Эпитеттердин бай колдонулушу

Адамдардын сезимдерин жана сүрөттөлүп жаткан көрүнүштөрдү терең ачып берүү үчүн эпитеттерди колдонуу кеңири таралган. Мисалы: “Тынч түн”, “Муңайым элестер”, “Муздак шамал”

Кайталамалар (анафора жана эпифора)

Айрым саптарда кайталамалар колдонулуп, ырдын ритмин жана эмоционалдык күчүн арттырат. Мисалы: “Түн келди эскерүү башталды. Түн келди жанымда жалгыздык”.

Ритм жана теория

Ырда бай рифма жана тыгыз ритм сакталган, бул окурманга музыкалык жана эмоционалдык таасир калтырат.

Философиялык жана эмоционалдык

Автор турмуштун өтмөчүлүгүн жана эскерүүлөрүнүн баалуулугун философиялык ой жүгүртүүлөр аркылуу берет. Ырдагы сөздөр терең ойго салат жана адамдын ички сезимдерин козгойт.

Символдор жана ассоциациялар

Түн, шамал, жылдыздар сыяктуу табигый символдор колдонулуп, эскерүүлөр менен байланыштуу маанилер жүрөт. Бул символдор ырдын маанисин кеңейтет жана абстрактуу ойго жетелейт.

Интонациялык жана лирикалык кайрыктар

Ырдын тилинде автордук сезимдер жана ички үн байкалат. Интонация окурманды ырдын кайгылуу, ошол эле учурда жарык маанайына чөмүлөт.

Бул тилдик өзгөчөлүктөр ырдын поэтикалык жүгүн күчөтүп, анын окурманда күчтүү эмоциялык таасир калтыруусун камсыздайт.

Риторикалык суроолор адамдын ойлоруна жана ички сезимдерине кайрылуу үчүн колдонулушу мүмкүн. Риторикалык суроолордун милдети-жооп талап кылуу эмес, окурмандын көңүлүн ырдын негизи ой-толгоолоруна бурдуруу. Ырдын мазмунуна негизделип, риторикалык суроолорду төмөнкүчө мисалдар менен көрсөтсө болот.

Өткөндү эстөө жана анын маааниси тууралуу ой жүгүртүү:

«Эмне үчүн эскерүүлөр жүрөктө ушунча терең сакталат?»

«Өткөн күндүн элеси бүгүнкү түндө эмне үчүн жанданып жатат?»

Жалгыздык жана түнгө болгон ой толгоолор үчүн:

«Түн эмне үчүн ар дайым ушунчалык сырдуу жана муңдуу сезилет?»

«Жылдыздар да бул түндө менин ой толгоомо күбө болобу?»

Адамдардын жан дүйнөсүндөгү өзгөрүүлөрдү түшүнүүгө чакыруу:

«Өткөн күндөр кайда кетти?»

«Эскерүүлөрдүн жүгү жан дүйнөбүздө канчага чейин сакталат?»

Табият менен адамдын байланышы жөнүндө:

«Табияттын тынчтыгы менин муңумду баса алабы?»

«Шамалдын шыбыры мага эмнени айткысы келет?»

Лирикалык форма:

Жанр: Ыр лирикалык мүнөзгө ээ, анткени анда автордун жеке сезимдери, эскерүүлөрү жана терең философиялык ой толгоолору чагылдырылган. Лирикалык ырлар, адатта, эмоцияга жана ички сезимдерге багытталат, бул «Эскерүү түндө» да байкалат.

Лирикалык каарман: Автор өзү же анын ички дүйнөсү ырдын башкы каарманы катары көрүнөт.

Строфалык түзүлүш

Ыр, адатта, строфаларга бөлүнөт, ар бир строфа өз алдынча толук ойду же сүрөттөлүштү камтыйт.

Рифма жана ритм

Ырда салттуу рифмалык система колдонулушу мүмкүн:

Крестик (abab) же жупташкан (aаbb) рифмалар.

Ырда ритмдин ыраттуулугу сакталат, бул окурманга ырдын динамикасын сезүүгө жардам берет.

Көркөм каражаттардын колдонулушу

Формасы ырдын мазмуну менен тыгыз байланыштуу. Образдар, метафоралар, эпитеттер жана риторикалык суроолор ырдын формасын жандандырат.

Интонациялык багыт

Ырдын формасындагы эскерүү жана ойго батуу басымдуулук кылат. Ырдын мазмуну окурманды терең ойлонууга чакырган интонация менен коштолот.

Аралык жана ачык форма (эркин түзүлүш)

Эгерде ырда салттуу форма сакталбай ой агымы эркин түрдө берилсе, анда аны ачык формадагы поэзия деп баалоого болот. Бул учурда ырда ар кандай саптар өзгөрүп турушу мүмкүн.

Жыйынтык

Ырдын формасы негизинен лирикалык жана строфалык түзүлүшкө ээ,рифма жана ритмдин ыраттуулугу сакталат.

Көркөмдүк аспектилери

Образдуулук

Ырда түн, шамал, жылдыздар жана эскерүү сыяктуу образдар колдонулуп, окурмандын көз алдына табигый жана лирикалык көрүнүштөр жандуу сүрөттөлөт.

Мисалы: Түн – бул жашоонун сырдуулугун, унутулгус эскерүүлөрдү жана жалгыздыкты чагылдырган негизги образ.

Метафоралар жана символдор табият көрүнүштөрү аркылуу адам сезимдери жана философиялык ойлор берилет.

Мисалы: «Түн жан дүйнөмдүн күзгүсү» – автордун ички дүйнөсү менен ички байланышты көрсөтөт.

Эмоциялык күч:

Ырдын тили эмоцияга бай.  Автор муң-зар, сагыныч жана жан дүйнөнүн терең ойлору менен окурманга таасир этет.

Эпитеттер

Чырайлуу сөздөр аркылуу сүрөттөлүштөргө көркөм боёк берилет.

Мисалы: «Муздак шамал», «тынч жылдыздар», «көпкөк асман».

Риторикалык суроолор

Риторикалык кайрылуулар ырдын таасирдүүлүгүн арттырат жана окурманды ойлонууга мажбур кылат.

Көрүнүштүн (визуалдык) туюнтулушу:

Ырдын тилдик өзгөчөлүктөрү табигый көрүнүштөрдү окурмандын элесинде даана жаратат.

Философиялык аспектилери:

1. Жашоонун убактылуулугу:

Ырда убакыттын өтмөчүлүгү, өткөн күндөрдү эстөө жана алардын кайрылгыс экендигин баса белгилейт.

Мисалы: «Эскерүү түндө өткөн күндөр жанданып, кайра өчөт.

2. Эскерүүлөрдүн мааниси:

Адамдын жан дүйнөсүнүн маанилүү бөлүгү экендиги, алардын аркасында адам өзүнүн өткөн кубанычын, экинчи жагынан кайгысын сактап жүрөрү көрсөтүлгөн.

3. Табият менен гармония

Табият көрүнүштөрү менен адамдын ички дүйнөсү параллель сүрөттөлүп, адамдын жашоосу табияттын бир бөлүгү катары каралат.

4. Жалгыздык жана ойго батуу

Ырда түндүн тынчтыгында жаралган жалгыздык жана анын адамдын ойлоруна болгон таасири чагылдырылган. Бул учурда автор философиялык ой жүгүртүүлөргө орун берет.

5. Өмүрдүн баалуугу

Өткөндү эскерүү аркылуу адам өмүрүнүн маани-маңызы жөнүндө ой толгойт. Ар бир көз ирмемдин кымбаттыгы аны сактоо жана түшүнүү зарылдыгы айтылат.

Жыйынтык:

«Эскерүү түн» ыры көркөм каражаттардын жардамы менен философиялык ой толгоолорду жаратып, окурманды өзүнүн өткөнү, тагдыры жана турмушунун маани маңызы жөнүндө ой жүгүртүүгө чакырат. Бул ыр адам менен табияттын, өткөн менен азыркынын ортосундагы тыгыз байланышты көрсөтүп, өзүнүн эстетикалык жана руханий баалуулугун арттырат.

Мазмундук мааниси терең философиялык жана эмоционалдык толгоолор менен байытылып, адамды өткөндү эскерүү, учурдагы турмушту түшүнүү жалгыздыкта ойго батуу сезимдерин камтыйт. Ырдын негизин мазмундук аспектилерин төмөнкүдөй бөлүп карасак болот.

1. Эскерүүлөрдүн күчү жана алардын баалуулугу

2. Табият менен адамдын байланышы

3. Жалгыздык жана ойго батуу

4. Өмүрдүн өтмөчүлүгү жана анын философиясы

5. Жашоодогу кайгы жана анын кубанычтардын айкалышы.

Жыйынтык:

Ырдын мазмуну адамдын турмушундагы эскерүүлөрдүн жана ой толгоолордун маанисин баса белгилеп, өткөн менен азыркынын ортосундагы байланышты ачып берет.

Автор жалгыздыкта жаралган эскерүүлөр аркылуу турмуштун терең сырларын жана убактылуулугун түшүндүрүүгө аракет кылат. Бул ыр адамдын ички дүйнөсүнө терең саякат жасатып, ар бир окурманды өзүнүн жашоосу жөнүндө ойлонууга түрткү берет!!!

Гулзида Арынова,
магистрант

Автор бул чыгарманы түн жарымында талаада жараткан өңдөнөт. Ай жарыгында маркумдар көзүнө көрүнүп, аларды эскертүү иретинде жазган деп ойлойм. Жашоодон тажап, арбактарга кайрылгандар сезим сезилди. Көзүнө көрүнгөнгө караганда кичине психикалык жактан ооругандай өңдөнөт. Түнү бою таштын үстүндө отуруп таң атканын байкабай транска киргендей болот. Балким жашоодон чарчап, ойго батып, жакындарынан түңүлүп, эмне кыларын билбей турган учур болчу. Бирок, менимче, көзүнө көрүнгөнүнө караганда кичине ооруйбу дейм.

Мээрим Дуйшеева,
магистрант

Адамдын ички дүйнөсүндө өткөн муундар менен байланыш сезими.

Адамдын жан дүйнөсү – бул жөн гана азыркы учур менен чектелген абал эмес. Ар бир адамдын аң-сезиминдеги өткөн муундардын үнү, алардын аң-сезимдери, үмүттөрү жана азаптары терең катмарда жашап келет.

Ар бир адамдын аң-сезиминде ата-бабалардан калган баалуулуктар, коркуулар, ишенимдер жашайт. Алар кээде түш аркылуу, кээде ой аркылуу, кээде ушундай “эскерүү” учурларында жанданып чыгат.

“Эскерүү түн” Нурлан Калыбековдун ушул чыгармасында каарман “Таш үстүнө чыгып алып, таш астында калгандардын ыйын ырдап турдум сыздап” дейт. Бул саптар адамдын жоготууга болгон ички реакциясын, муң менен катар руханий байланышты издөөсүн билдирип турат.

Чыгарманын аягында “А балким мен дагы бир кези өткөн бабадырмын” – деген сап – адамдын өзүн өткөн менен бир бүтүн катары кабыл алуусунун жогорку деңгээли. Бул руханий өзүн жасалуу, башкача айтканда, адам өзүн ата бабалардын уландысы катары сезип, жашоонун маанисин тереңирээк түшүнгөн учур.

Демек, адам эч качан өткөндөн ажырай албайт, анткени өткөн – анын ички дүйнөсүнүн бир бөлүгү. Адамдын ички дүйнөсүндө жашаган муундардын үнү – бул анын жан дүйнөсүн байытып, жашоосуна терең маани берет.

Марсиана Жылдызбекова,
магистран

Өткөндү унуткан эл өзү да жоголот

Түн ортосу. Ай жаркырап тийип турат. Автор таш үстүндө, байыркы таш доорунан баштап, бүгүнкү күнгө чейинки ата-бабалардын басып өткөн жолу, тоолордо, талааларда, сууларда жүргөндөрү, жоого чыккан согуш учурлары, тоого чыгып, көчүп-конуп жүргөндөрү, ашууларды, белестерди ашканадары тасмадай тартылып, көз алдына элестетип, алардын азыр жер астында жаткандыгын эстеп, ырын ырдап, сыздап эскерип жатканын баяндоо менен баштаган.

Бабалар бул жашоодо жакшылык менен жамандыкты айырмалап түшүнгөнүн, дүйнөдө устун болбой, жашоого көздөрү тойбостон кетишкенин муңга толуп кайгырып, аларды “Бабалар ай жарыктыктар” – деп нурга салыштырып эскерип жатат.

Ал гана эмес бүткүл дүйнө, бүткүл аалам, анын ичинде Ай, Күн, Жылдыз, Булут да, Асман менен Жер да, а түгүл төрөлө элек урпак да бабаларды жоктоп эскерип жатканын баяндайт. Ошол учурда авторго бир ой келет, “Бабалар, силер кайра урпак болуп төрөлүп жүрбөгүлө?! Ал балким мен да мурда жашап өткөн бир бабадырмын” – деп Асман менен Жерге, байыркы менен келечекке көпүрө болуп, таш үстүндө көпкө турду.

Ушул нерселерди ойлонуп, бабаларды эскерип терең ойго чөмүлүп кеткендиктен, таң атып баратканын да сезбей калган. Өзүнө келсе, ай батып, таң атып жатканын байкайт.

Бул ырдын идеясы – тарыхты унутпоо, ата-бабаларды дайыма эскерип туруу, жана руханий нарктарын сактап кийинки муунга өткөрүп берүү. Акын ата-бабаларды “жарык”, “нур” сыяктуу түшүнүктөр менен байланыштырган. Алардын руху жарык дүйнө менен жашап жаткандыгын баса белгилеп жатат.

Ырда айтылган Ай, Түн, Нур, Булут, Асман сыяктуу символдор ырга макрокосмостук мүнөз берет. Улуу Түн, улуу Ай, улуу Жер, улуу Көк деп аларды улуулук сыпаты менен сыпаттап жатат”.

Жумагүл Кубанычбек кызы,
магистрант

Ошентип, пикирлерди окуп чыктыңар, силерге кошулуп, мен да окуп чыктым. Талдоочуларга мен мындай бир суроону бербей калган экенмин: “Кандай окудуңар? – Үн чыгарып окудуңарбы, же ичиңерден эле окудуңарбы? Ичиңерден окуп атканда, ичиңерден чыккан кандайдыр бир үн силерди коштоп турдубу?”. “Эскерүү түн” сыртыңдан окуйсуңбу, же ичиңден окуйсуңбу, баары бир өзгөчө бир үн менен кыраатты талап кылып тургансыйт; ушул үн менен кыраат коштогондо гана, ырдын жаралуу процесси, бул процесстеги акындын жан алекетке түшүүсү, түйшөлүүлөр менен чайналуулары көз алдыңа тартылгандай болот. Бул жагынан “Эскерүү түн” кандайдыр бир деңгээлде нукура манасчылардын Манас айтып жаткандагы абалын эске салат, жогоруда мен ыр угуу үчүн гана жаралгандай деген ойду ушул үчүн айткан өңдөнөм.

Талдоочуларыма берген убадама туруп, мен алардын пикирлерине талдоо жүргүзбөйм, баа бербейм. Ошентсе да алардын көпчүлүгү акындын жалгыздыгын, ырды ушул жалгыздык сазына батып, өз жүрөгүн өзү мүлжүп отуруп жазгандыгын баса көрсөткөндүгүн айта кетпесем болбойт. Ушундан улам жалгыздык жана убакыт деген маселе башын кылтыйтпай койбойт экен.

Психолог, психотерапевт, психиатр – бул үчөө бири-биринен кандайча айырмаланаарын мен даана билбейм. Бирок үчөө тең бирдей акыл айтышат: “Өткөн күндөрүңдү ойлоп беймаза боло бербе, аларды баары бир оңдой албайсың, өткөн күн кайтып келбейт. Эртеңки күнүңдү да ойлоп, санаа чеге бербе, эртең эмне болорун сен билбейсиң, а түгүл эртең сен болбой калышың да толук ыктымал. Сен бүгүнкү күнүң менен гана жаша, сен мына азыр жаша!..”. “Тентек” акын деле бүгүн, мына азыр жашап жатат, бирок бир башына үч чакты (өткөн чак, учур чак, келер чак) жуурулуштура ийлеп келип, бир учурда үч чакта тебн жашап жатпайбы, ушунчалык жуурулуштурат дейсиң – кайсы чакта жашап жатканыңды айрый албай, башың маң болуп калат.

Бул жерде ак халатчандарга кошулуш керекпи, же “Тентек” акынгабы деген суроону койгум келбейт. “Убакытты бөлүүгө болобу?” – деген собол таштагым келет. Чын-чынына келсек, убакыт деген бөлүнбөйт, ал учу-кыйыры жок, бөлүнбөс чексиздик, топтоголок таш. Жандуулардын ичинен убакытка, чактарга бөлүүнү биздин, адамдардын, гана маңдайына жазып коюптур. Бул биздин бактыбыздыр, же, тескерисинче, шорубуздур.

Баарынан да убакытта учур, өткөн, келер чактар жаткан жок да, анда адам тагдыры жатпайбы, дал ушул адам тагдыры да куду убакыт сыяктуу учу-кыйры жок, бөлүнбөс чексиздик болуп жатпайбы. Канча кылымды карытты экен убакыт; канча кылымдын башын жутту экен адам тагдыры! Адамдар кете берет, а адам тагдыры кала берет, улана берет. Тагдыр ушунусу менен өтө ыйык жана өтө оор. Муну туйчулар туят, туйбагандар бүгүнкү күн менен туйтунуп кала берер. Балким, “тентек” бизге ушуну каңкуулап жатпасын, туюуда өтө чоң жоопкерчилик бугуп жатпасын… Арийне, өткөнгө өкүнбөй, келечек үчүн санаа чекпей коюуга адамдык кудурет-күчүбүз жетер, бирок адамдык насил, адамдык абийир деген да бар да…

Бүгүнкү күндөгү эң оор, эң татаал жана карама-каршылыктуу маселе – бул жалгыздык. Бир карасаң, жалгыздык түбүңө жетип коёт, бир карасаң, сенин насилиңди (адамдыгыңды) эскертип турган күч да – жалгыздык. Адамзат жалгыз, анткени адамзаттан башка адамзат жок, демек, адамзаттын түбүнө адамзаттын өзү гана жетиши мүмкүн. Ар бир адам деле өзүнчө жалгыз, демек, жалгыз бойдон кала берсе, ал деле жалгыздыктын курмандыгы болору бышык. Бирок аны кетирбей кармап турган күч да – бул жалгыздык. Сен ай талаада жалгыз турасыңбы, же быкылдаган эл ичиндесиңби, адам болсоң, баары бир жалгызсың. Анткени жалгыздыкта гана убакыттын бөлүнбөстүгү, адам тагдырынын чексиздиги жөнүндө ой толгоп, өзүңө-өзүң эсеп-чот берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болосуң. Өзүңө-өзү эсеп-чот берүүгө (тазарууга) жарактуу адам эч качан жалгыз боло албайт, демек, жалгыздык – бул чоң жоопкерчилик, биз дал ушул жоопкерчиликтен коркуп да, качып да жатпайлы. “Тентек”, балким, биз оңойлук менен мойнубузга албаган жана алгыбыз келбеген дал ушул былыгыбызды эскертип жатпасын… Кой, философчулукту ушуну менен токтотолу. “Эскерүү түндүн” эстетикалык дөөлөтү жөнүндө өзүнчө, атайын сөз кылуу керек экендигин, буга эртеби-кечпи бир кайрыларыбызды эскертип, магистрантым экөөбүздүн ортобузда болуп өткөн төмөнкү кыска суроо-жооп менен сөзүмдү аяктайын:

– Агай, арбактарды сөзсүз эле кошуш керек беле?

– Сөзсүз! Биз арбактар үчүн да жооп беришибиз керек, алар үчүн дайыма жооптуубуз. Өзүбүз деле эртеңки арбактар эмеспизби!..

…Баса, өз жүрөгүн өзү мүлжүү процесси сөзсүз уланышы керек. Болбосо…

Өз жүрөгүн өзү мүлжүп, же “тентектин” бир ыры жөнүндө алгач бул жерде - Адабий Ордо жарыяланды.

“Шуу үшкүрүп, ыйлагым келет менин…”
3.5/5 - (2 добуш)

Автордон: Макала менин кайненем 93 жаштагы Дүйшеева Идаяттын айтуусу боюнча жазылды. Идаяттын таятасы Дайыр менен Салижан Жигитовдун чоң атасы Муса бир тууган болушкан.

Кайсы бир теле берүүдө журналист Салижан агайдан минтип сураган:

– Сиздин арманыңыз жок болсо керек?

– Арманы жок киши болобу? Апам өлдү, атам өлдү, бир тууган агам сууга чөгүп өлдү. Эки бирдей карындашым өлдү, бул арман эмей эмне?… Арманы жок киши болчу беле?..

Ырас, бу жалганда арманы жок кишини табалбайсың, бирок Салижан Жигитовдун “Элегия” деген классикалык ырынын бир өңүтү, тереңдеги кыртышы өзү туулуп-өскөн айылы Көлдүктө жатат.

Кыргыз поэзиясында дегеле дүйнөлүк шедеврлердин арасында ар тараптуу артыкчылыгы менен баасын алып келаткан, кайсы муун болбосун кайрылууга, кайра-кайра окуп, обондуу ырга салууга аргасыз кылган, сырдуулугу, муңдуулугу, терең ойлуулугу же болбосо лиризмдин күчтүүлүгүбү, жүрөккө жакынбы, айтор, магниттей өзүнө тарткан “мендик” лириканын жалпылык мүнөзгө ээ болушунун тамыры каякта, текстке обьект болуп берген детал, сүртүм ,образ, мазмун-маңыз сыяктуу ыр курулушунун элементтери кайдан чыкканы- тарыхый фактыларга үңүлүп кароого мажбурлайт.

Көлдүк айылы жөнүндө ар кандай уламыштар айтылат. Илгери-илгери өткөн замандарда Көлдүк айылы көздүн жоосун алган чалкыган көл болуптур. Көк кашка тунук суусунда жан-жаныбардын баары, кош канаттуунун кылы, куш-өрдөктүн түрү чардап жатчу экен. Туш-тараптан Көлгө сугун арткандар көбөйүптүр, айрыкча калмактар кайсы маалда аңдып кирип келери белгисиз, көлгө көз артканын, басып алсак деген арам тилегин койбоптур… Көлдүн өзү не деген сулуулук да, жака-белинде жашаган кыргыздын турмушу жаз-жай мезгилинде бейиштегидей, кышындасы чоң үйдү тигип, кереге таңууну таңып, экөөнүн аралыгына тулаң чөптөн төшөп, ортого кемеге (очок казып, түндүктөн түтүн буулатып) туулганы асып, тамак-ашын бышырган. Үйдү сыртынан ак кийизди жаап, түгөл ороп, төрдө чал-кемпир, босогодо уул-келини жашай беришкен. Жаз-жайдагы үйдү жеңил деп, унаага таңып, алыскы-алыскы жайлоого көчүп кетишкен. Абышка кемпири менен көл жээгинде кымыз ичип, эт жеп чардап жатышкан.

Ошондо кыргыздын эң чоң душманы калмактар болуптур. Каардуу калмактар түнү уурданып келип, туулганы оодара тээп, түндүгүн түшүрө чапканда, алеки заматта боз үйүн атка таңып, бала-чакасын учкаштырып, бийик-бийик тоо тарапка из жашырып кеткенге аргасыз болгон кыргыз. Болбосом, капилет кол салган душмандын жүрөгүн үзө чаап, күлүн көккө сапырып, аркыркы жоокери калганча артынан сая түшүп, канжыгага башын байлап, тебетейин асманга ыргытып, жеңишине манчыркаган кыргыз. Ошентип, баскынчыны бирде жеңип, баскынчыдан бирде жеңилип, ата конушун душманга тарттырбаган сан миң күндөр өтүп, Көлдүк атын сактап келиптир…

Кийин арадан канча мезгилдер өткөндө, кырчылдашкан кыргындан калган тарыхый фактылар: калмактар колдонгон көзө, кумура жана башка идиш-аяктар, аялдардын алтын, күмүштөн жасалган зер буюмдары, тагынчактары табылган. Мезгил эмнелерди бузбайт, өзгөртпөйт, жаңылабайт, жаңыртпайт, дейсиз… Доорлор алмашкан сайын, бара-бара Көл тартылып, акырын соолуп, келбетинин көркү кетип, көркөмү тунарып, акыркы тамчысы бууга айланганда, эл отурукташа баштаптыр…

Өзгөн районундагы азыркы Көлдүк айылы совет бийлигинин мезгилинде үч колхоздон турган. Алар “Эпкиндүү”, “Кызыл Октябрь” жана “Тоо Дыйкан” чарбалары.

Муса уулу Жигит “Кызыл Октябрь” колхозунда башкарма болгон. Колхоздун уй, кой, жылкы фермалары багылган, элдин дээрлик бардыгы мал чарбасы менен тиричилик өткөргөн. Турмуш оор, бир жагынан оокат-ашка тойбогон ачарчылык, экинчи жагынан кендирди кескен кедейчилик торуп турган. Колхоздун мүлкүн адамдын башынан бийик койгон капсалаңдуу мезгилге карабай, Жигит элди, ага ишенип, керелиден кечке колхоз деп, тишинин кирин соргон айылдаштарын ачкачылыктан сактап калууну ойлогон.

Жигит узун бойлуу, ыраң-башы көзгө толумдуу, олбурлуу, бетинде саал-саал чаары (илгери чыкма-кызамык чыгып, айыккан) бар, оозун ачса, сөзү тап берген чечен, баам-парасаттуу, акылдуу киши эле.

Совет маалында элдин баары сабатсыздыкка каршы күрөштү колдоп, кубаттаган эмес. Балдарын окууга жибербей, ала качып, жашырып, ар кайсы шылтоолорду айтып, моюн толгогондор чекеден чыккан. Мугалимди мокочодой көргөндөр толтура болгон. Айрыкча кыз баланы окуутууну трагедия катары көргөн айылдыктар мугалимдер менен мушташканга чейин барган.

Атын минип алып, айылма-айыл, үймө-үй кыдырып, балдарды окууга чогултуп жүргөндө, мындай деп көп айтчу.

– Окугула, балдарыңарды окууга жибергиле. Билим алгыла, заман өзгөрөт, окуу менен тиричилик кыласыңар. Окуу, билим жеңет, билимдүү озот. Азыр бекер, акысыз окутуп жатат. Кийин окууну өзүң менен барабар пулга сатып аласың…

Көсөм киши азыркы заманды билгендей айтыптыр… Өзү сабатсыз, кол койгондон башканы билбесе да, элди окууга үндөөдөн, эшикме-эшик жүрүп, окуунун маанисин, келечегин түшүндүрүүдөн чарчабады…

Жигит райис болгонуна карабай, жетим-жесирге, жарды-жалчыга (райкомдон коркуп-үркпөй эле) өтө боорукер, кайрымдуулугунан жазбаган, ачык кол эле. Элди чогултуп, ачык айтып, оокат-аштан кыйналгандарга, жетим-жесирге ачкадан өлүп калбасын деп, колхоздун коюнан кезек-кезек менен бердирген.

Анын жубайы Самидин кызы Майрамбү орто бойлуу, ак саргыл, жакшына өң (Салижан апасына окшош) мээримдүү, орозгерин туу туткан камбыл аял болгон. Эшигине ким бирдеме сурап келсе, аянбай берген. Кийими жокко кийим, наны жокко нан берип, куру кол чыгарган эмес. Нанды шумдук жапкан. Тандырдан үзгөндө жыты буруксуп, коңшу-колоңдүн каңылжарын кытыгылап тамшандырган. Ысык, былпылдаган нанды сындырганда, аарынын уясындай көзөнөкчөлөр быжырап, балдар колдон колго талашып,үйүнө жетпей түгөнгөн күндөрү көп. Айыл-апанын, тууган-уруктун барын бардай, жогун жоктой, кеч-карчын тегиздеп, колунда барына өйдө, колунда жокту төмөн санабаган калыс, ток пейилдиги менен кадыр-баркка эгедер болуп, эринин мартабасын ашырган.

Жигиттин даанышман көрөгөчтүгү адамдардын өң-түс, пейил-куюна карап, келечегин айтып бермей адаты, палчылыгы дейбизби, наати интуициясынын күчтүүлүгү болуш керек… Ата балага сынчы дегендей, балдарынын кичинесинде эле көзү ачыктык кылып айткан экен.

– Салижаным акын болот, чечен болот, сынчы болот!

– Мамазарим болсо өз тирилигин кылдараткан, балдарын баккан киши болот!

Жигиттин үй бүлөсү мурда Көлдүк айылынын үстүңкү тарабындагы Алай Булак деген коктуда жашашкан. Согуш жылдары өөнгө түшүп, үй салып, бак тигишет. Тоодо илгертеден коргон дегенди билген эмес. Эгин-тегинди мал-кал тебелеп кетпесин деген ойдо каша кармаган. Эки тарабы тең далылуу дөбө-дөңсөлөр менен курчалган коктудагы кут төгүлгөн айылдын жаратылышын сүрөттөп берүүгө тилим чабалдык кылат. Жазы баш бала мүнөз, жайы салкын, аптаптын булоосун кайтарган мээлүүндүгүн айтыңыз, күзү берекелүү мейманга салынган дасторкондой жайнайт. Кышы ак карга чүмкөнүп, айлана-теребел шоокумсуз тынчтыкка мемирейт. Чар тараптагы тоо чокусундагы көк муздар күн желесине айнектей чагылып, тоолор, жаңгактуу токойлор, катуу суукта тундурагыдай тоңгон, жеңил кышта музу азыраак чылпактаган Көлдүктүн суусу көөлгүй жымжырттыкка көшүлөт . Оо… бир убактагы атан төөдөй өркөчтүү дарыя азыр дымып, тартылып, жээги солуп, каржайып карылыкка моюн сунган карыядай алдан тайып, бошошкон кези…

Жигит тамын айландыра теректин көчөтүн отуругузуп жатканда, керелиден кечке оюндан башка менен иши жок Мамазаир менен Салижан чыбыктарды ат кылып минип алып, ал коктудан бу коктуга чапкылап,оюндун кызыгына батып, балалыктын кирсиз асманында ээлигип-элирип, Турмуш көчү кайсы бир күнү токтоп, Айрылуу деген азаанын даамын таттырарын, Өмүр менен Өлүмдүн символикалуу гимнине айланган “Элегиянын” кантип жараларын элес алдыбы?..

А кезде мен бактылуу бир баламын,
эртели-кеч күлкү-оюн уулаганым,
уйку ичине чөмүлүп кетер элем
угуп жатып теректин шуулаганын.

Өмүрдү бир тынымга токтотуп калаар күч барбы?.. Акын ырында эң кымбат адамы – Энесинин акыркы мүнөтүн элестүү, таасирдүү тартып берди… Жөпжөнөй, кирчимел, териге жакын сөздөр менен… Көп жыл төшөктө жатып, төрт бала таап, төрт балапанынын балалыгына тойбой, чоңоюп-эр жеткенин көрбөй, кыздарынын тал-талдап чачын өрбөй, келин кезектен кызыгынан эми эле өткөндө, жаш жаны “жалп”деп өчтү. Энеден айрылуунун азабын энесин жоготкондор жакшы билет.

Жубайы Майрамбү илең-салаң ооруп жүрүп, жабышкан кеселден төшөк жазданып, көпкө жатып (илгеркилердин айтымында – ничке касалдан, көрсө, рак оорусунан) Салижан Жигитов он жашка чыкканда көз жумат. Көп өтпөй, балдарга баш-көз болсун деген ниетте жашы кырк беш, элүүлөр чамасындагы Уулбү деген аялга үйлөнөт.Уүлбү балдарга жакшы караган, үй тиричилигине бүйрө, эмгекчил, боорукер эне катары сыйга татыганы бекеринен эмес.

1950-жылы атасы Жигит оорудан оо дүйнөгө узаганда, Салижан он төрт жаштагы улан эле. Ата-энесинин көзү өткөндөн кийин турмуштан кыйналды. Согуш бүткөндөн кийин дароо эле элдин турмушу оңолгон эмес. Кыйынчылык, оор күндөр, өксүк балалыгынын айынан Көлдүк айылындагы Кызыл-Октярь орто мектебиндеги окуусун таштап, Фрунзедеги №5 мектепке келип окуйт.

Мурда Көлдүктүн баш жагында, Тоо-Дыйкан айылы тарапка жакын, тээ алыстан эле ай-ааламды жаңырткан, күркүрөп аккан Шаркыратма болор эле. Сүрүнө жараша түрү айбаттуу, табышмак сырына жарашкан касиети бар дешчү жергиликтүүлөр… Зоокалуу аскар ташты жарып, күүлөнүп, аптыгып чамынган суу, жерге жеткенде жети айланып тегеренип-тегеренип теминсе, айбатынан жүрөктүн үшү кетчү. Балыктар жөн эле сууда жайнап, секирип кирип-чыгып, колго деле уруна калчу.

Салижан Жигитовдун бир тууган агасы Мамазаир балык уулаганды жанындай жакшы көрчү. Мектепте мугалим болуп иштеп, бош убактысында дарыя жээгинде суу бойлоп эле жүргөн. Күндөрдүн биринде Шаркыратманын суусуна “аманалы” деген дарыны ыргытса, суу асманга көтөрүлүп, кайра түшкөндө балыктар жерге жайнап калса керек деген ойдо, дарыны ыргытып жибергенде, чочуган-алдастаган суу алай-дүлөйдөй асманга эки эсе көтөрүлүп, жээгиндеги кишини кошо ооп тартып кетет.

Үч күн бою тынбай издешет. Үч күн суй жыгылышат. Үч күн үч жылга татыгансыйт. Эски кишилердин айтымында Шаркыратма илгери-илгери мазар болгон имиш. Сакмамат деген киши ай сайын бир тоок алып келип, союп, кан чыгаргандан кийин үйүнө алып кетчү экен. Аксакалдар өз ара кеңешишет.

– Кан чыгарсак кантет?

Култайдын кызы кара Гүлү ( Жаныбек казынын жигити Омор паңсаттын бир тууган карындашы) эне:

– Жөн отур, кемпир шор сурап калыптыр деп, сөз кылат деп, тыйып коет.

Туугандары эчкини мууздап, сууга канын куйганда, маркумдун сөөгү сууга калкып чыгып калат… Ичине суу толуп көөп, чаначтай шишиген сөөктү көптөшүп суудан алып чыгып, дароо жерге беришет…

Маркум агам, сен дайым оюмдасың.
Сен экөөбүз, кайраным, коюндашып
уктап жатсак теректер ойготчу эле
таң атканда угумдуу шыбырлашып,
там артынан жагымдуу шуулдашып.

Маркумдун артында бир уул, үч кызы калат. Эки карындашы Турна менен Мундуз бала-чакалуу болуп, үй-жай күтүп, аты жаман оорунун айынан биринин артынан бири жарыкчылык менен кош айтышат.

“Элегия” эмнеси менен көңүлгө кетпес из калтырат да, кайсы касиети менен өлбөс-өчпөс атакка ээ болуп калды? Сөзгө сараң, сөзгө такыба, сөздү абайлап, сөздү терип-тепчип, ой-маңызынын энергетикасына кактап отуруп жазыганын автор өзү деле моюнга алат. Жөнөкөй, турмушта такай колдонуп жүргөн сөздөргө, кадыресе карапайым сөз айкаштарына бир өмүрдү сыйдырып, бир өмүрдөгү жакын адамдарынын (апасы, атасы, агасы, карындаштарынын) образдарын өз-өзүнчө кынап, алардын ордун баса белгилеп, орду толгус кайгыдан кайышып калбай, философиялык көз караштагы, даанышман, гумандуу маңызга бай, уюткулуу ойдун корун иргеп, окуган кишинин жүрөгүнө мык менен оюп жазгандай таасир калтырат.

Бактысыз күн капыс келди, бат келди,
Агам өлдү. Туура отуз бир жашта өлдү.
Ачуу күйүт ичимди өртөп эңшерди,
Ыкыбалым шарт төгүлдү, бөксөрдү.

Ийип турган булак көзү бүтөлдү,
Тийип турган аптап өчүп, түн келди.
Башка эл үчүн кайдыгер бир киши өлдү.
А мен үчүн өзүнчө бир дүйнө өлдү.

Салижан Жигитов көзүнүн тирүүсүндө киндик каны тамган айылына көп каттаган. Эмгек өргүүсүнө чыкканда, айылга келип, ит кабат деп, колуна бир чыбыкты көтөрүп алып, бүт туугандарын үймө-үй кыдырган. Ушундай жөнөкөй, адамгерчиликтүү, жупуну мүнөзүнөн аты алыска кетип, элге таанылганына карабай, туугандарына, айылындагыларга ”акынмын, жазуучумун” деп бир ооз көптүрүп мактанып,” баланчанын баласын, түкүнчөнүн кызын окуттум, ишке киргиздим” (араптардын уул кыздарынын көбүн окутуп, тааныган-тааныбаган канча кишилерге жардам берген) деп айтпаган экен. – Жакшысыңарбы, тынчсыңарбы, бир кабар алып коеюн- дедим дечү сыпайы гана…

Туугандарынын сыйына карабай, нандан ооз тийип, жүз көрүшүп, учурашкандан кийин чыбыгын көтөргөн бойдон, үйүн көздөй кетчү…

“Шуу үшкүрүп, ыйлагым келет менин…” алгач бул жерде - Адабий Ордо жарыяланды.