Көкжал

Автору: Бакытбек Орунбеков
Чыккан жылы: 2025-ж.
Көлөмү (бет): 242 бет
Басма: “Турар”
Китеп тууралуу
Автор бул китебинде Кыргыз Республикасынын Баатыры, көрүнүктүү саясий ишмер Жусуп Абдрахманов жөнүндөгү киноповести, Кыргызстандын коомдук-саясий турмушундагы көйгөйлүү окуялар, көп партиялуулуктун күңгөй-тескейи, кыргыз журналистикасынын учурдагы абалы, анын тарыхына байланышкан ар тараптуу иликтөөлөрүн окурман журтуна сунууда. Өлкөнүн тарыхы, тагдыры менен киндиктеш өмүр кечирген элибиздин белгилүү инсандарынын очерк-портреттери да бул жыйнактан орун алды. Мындан сырткары өмүрдүн 60-ашуусун ашкан автор Бакыт Орунбековдун баскан эмгек жолу, журналистикадагы, билим берүүдөгү салган изи, жазган сөзү, адамдык парасаты, кесипкөйлүгү жөнүндө кызыктуу макалаларды да окуй аласыз.
