Сайт тууралуу

Сайттын максаты – кыргыз тилиндеги адабияттын өнүгүүсүнө салым кошуу.

Кайсы бир тилдеги адабият өнүгүүсү үчүн адабий жашоосу кайнап турушу керек, б.а. ар түрдүү, ар кыл чыгармалар такай жана көп санда жарыяланып, акын-жазуучулар бири бири менен, окурмандары менен такай жолугуп, адабий талкуулар болуп, сын-пикирлер айтылып турушу абзел.

Ооба мындайда адабий чыгармалардын опон-топону да көп болот, бирок ошону менен катар алардын арасынан кызыл даны да чыгат иргелип. Каалайсыңбы-каалабайсыңбы көп учурда сапат санга байланыштуу.

Адабияты жакшы өнүккөн башка тилдерде ушундай адабий жашоонун жандуу болушуна өбөлгө түзгөн көптөгөн аянтчаларды – гезит-журналдарды, альманахтарды, адабий порталдарды кезиктирсең болот. Бизде, тилекке каршы, адабий журналдар чыкпай калды. Китеп, альманах-антологиялар акыркы жылдары көбөйүп баратканы менен, алардын саны жана нускалары кыргыз тилдүү калкыбыздын санына салыштыра келгенде дагы эле өтө аз. Адабий сайттарыбыздын саны да чектелүү. Аны менен бирге аларда жарыяланып турган чыгармалардын, авторлордун саны оргуштаган дарыяны эмес, жылжып гана аккан чакан сууну элестет.

Биздин сайтыбыз кыргыз тилиндеги адабий жашоого дем кошкусу келет. Анын башкы өзгөчөлүгү – каалаган адам “менин чыгармам сайттын ээсине жагар бекен, аны жарыялап берер бекен” деп күмөн санабай, каалаган чыгармасын жарыялай алат. Автор чыгармалары бир бетке топтологон адабий кампасын түзө алат, чыгармалары менен башка тармактарда бөлүшө алат. Окурмандарынан акчалай колдоо алып туруу мүмкүнчүлүгү да болот.

Биздин редакция жарыяланган чыгармалардын арасынан «кызыл данын» тапканга аракет кылат – алар менен «Биздин тандоо» деген бөлүмдөн таанышса болот.

Ошондой эле редакциянын мүчөлөрү учурдагы адабий процесс боюнча, кайсы бир автор, чыгарма тууралуу өз ойлорун, пикирлерин, сын көз карашын такай жарыялап турмакчы.

Сайттын «Китепкана» барагына сайттагы авторлордун электрондук китептери жайгаштырылып турат. Азырынча бекер жүктөп алууга мүмкүн болгон китептер гана. Кийинчирээк китептерди сатыкка да коюу мүмкүнчүлүгүн киргизүү планыбызда бар. 

Адабий жашоону жандандыруу максатында ар түрдүү адабий сынактар да уюштурулуп турат. Сынакта караштырылган сыйлыктан сырткары жеңүүчүнүн электрондук китебин чыгарып, сайттын «Китепкана» барагына жайгаштырып турмакчыбыз.

Коомдук тармактардагы баракчаларыбызда сайттын редакциясынын пикиринде сөзгө арзый турган чыгармалар тууралуу материалдарды жайылтылып турат. Бул автор, анын чыгармасы тууралуу маалыматтын коомчулук арасында кеңири тарашына жакшы өбөлгө түзөт. «Адабий ордо» Facebook, Instagram, WhatsApp, Telegram коомдук тармактарында аккаунтарды ачып иштетүүнү көздөйт.

Бир гана сайтка чыгармаларды сайттын админи гана жарыялай алат. Бул сайттагы чыгармалар окуганга ыңгайлуу, бир өңчөй түрдө жарыяланып турушу максатында кылынып жатат. Келечекте, авторлор чыгармаларын өзүлөрү сайтка жарыялап турушун караштырмакчыбыз. 

Ал эми сайтыбыз көптөгөн башка сайттарга окшоп каражаттын тартыштыгынан токтоп калбашы үчүн анын айрым кызматтары акыга жүргүзүлөт. Автордун сайтка катталышы, айына бирден ыры, чакан кара сөз чыгармасы жарыяланып турушу бекер болот. Калган учурларда аз өлчөмдө болсо да, акча төлөнүшү каралган. Алардын өлчөмүн төмөндөгү «СУРОО-ЖООПТОРДОН» көрө аласыздар. Бул каражаттар сайтты иш абалында кармап турганга, сайтты алып баргандардын эмгек акысын төлөгөнгө, авторлор арасында Сынактарды уюштурганга колдонулат.

Чыгармасын көп адамдар окушун каалаган автор акы төлөп чыгармасын сайттын слайдерине 1 айдан 1 жылга чейин жайгаштырып жарнамалай алат.

Редакция

Марат Токоев

Марат Токоев

Журналист, котормочу, акын. «Сүртүмдөр» ыр китбеинин автору. Бир катар адабий сайттардын, анын ичинде «Кыргыз маданият борбору» сайтын түзүүчүсү.

Жыргалбек Касаболотов

Журналист, акын, талдоочу, котормочу. Бир катар журналисттик жана адабий сыйлыктардын ээси. “Самурай кылыч – жүрөгүм” ыр китеби жана сын макалалары кирген “Сын китеп” китеби жарык көргөн.

Толук Бек Байзак

Акын, котормочу. Бир катар эл аралык, республикалык адабий сыйлыктардын ээси.  “Көчмөн дүйнө” аталышындагы ыр жыйнагы чыккан.



СУРОО-ЖООПТОР

Каалаган адам сайтта катталып, каалаган чыгармаларын жарыялай алат.

Адабият, биринчи кезекте, ТЕКСТ болгондуктан, сайтта текстке гана басым кылынып, сүрөттөр жарыяланбайт.

Чыгармалар:

– КР мыйзамдарына каршы келбеши керек;

– КӨРКӨМ чыгарма болушу керек, б.а. журналисттик материал эмес, саясий билдирүү эмес, жарнама эмес ж.б.

Башка чектөөлөр жок.

Чыгармасын жарыялагысы келген Автор алгач сайтта катталышы керек, б.а. Автордук барагын ачышы керек. Аны үчүн Сайтта катталуу формасында келтирилген маалыматтарды жибериши зарыл:

1. Аты-жөнүн;

2. Сүрөтүн;

3. Өзү тууралуу кыскача маалыматты;

4. Байланышуу маалыматтарын.

Чыгармаларды сайтка АДМИН гана жарыялай алат. Ал чыгарманы сайтта жакшы окулгандай кылып иштеп чыгат (сөздөрдүн ортосундагы аралыкты, тире-дефистерди, тамгаларды, символдорду, саптардын, абзацтардын ажыратылышын тууралайт.

Чыгармалардын каталары оңдолбойт, адабий редакция кылынбайт (каталарды оңдоо автор менен сүйлөшүү аркылуу кошумча акыга жүргүзүлөт).

Админге чыгарманы жибериш үчүн сайттын башындагы Чыгарма жиберүү деген баскычты басып, ачылган формаларды толтуруп жибериши керек.

Админ автор менен байланышып, чыгармадагы түшүнүксүз жерлер боюнча, аны жарыялоо датасы, акы төлөнөбү, же төлөнбөйбү маселелери боюнча такташат. Ошондон кийин гана чыгарма жарыяланат. Ал -1

Ар бир чыгарманын аягында жарыяланган автор тууралуу маалыматка ага колдоо көрсөтүүнүн жолдорун (акча которуу реквизиттерин, QR кодду) кошуп бере алабыз. Бекер.

Ар бир сынак ар башка темада, ар башкача уюштурулушу мүмкүн. Алардын шарты сайттын жаңылыктарында жана сайттын «Сынактар» барагында жарыяланат.

Электродук китептерди чыгаруу – сүйлөшүүлөр боюнча.

Сайттын редакциясы электрондук китеп болуп чыгарыла турган материалды алгандан кийин автор менен анын корректурасы, редактурасы, мукабасы, сатыкка коюлушу, же коюлбашы, автордук төлөмдөр, китептин чыгаруу мөөнөтү тууралуу такташкандан кийин келишим түзөт.

Китеп PDF жана EPUB форматтарында даярдалат.

Китептин баасы чыгарманын көлөмүнө, корректура, редакциялоо болобу, же жокпу, ошого жараша болот. Бирок кандай болгон күндө да кагаз китепке караганда кыйла арзан болот.

Даяр электрондук китепти Автордун макулдугу менен бул сайттын Китепканасына жайгаштыра алабыз.

Суроолоруңуз бар болсо

adabijordo@gmail.com

электрондук почтага кат жазңыз же төмөнкү форманы толтуруп жибериңиз:

Сайттын админи сурооңузду алары менен ага жооп берет.

Бөлүшүңүз