“Адабий Ордо” сайтынын “Ардактуу авторлор” клубу сайтта мыкты көркөм чыгармалар көбүрөөк жарыяланып туруусу жана таланттуу калемгерлерге колдоо көрсөтүү максатында ачылган.
- Клубдун мүчөлөрүнө сайттын жалпы авторлоруна карата колдонулган чектөөлөр колдонулбайт, б.а. алар каалаган санда жана көлөмдө чыгармаларын сайтта жарыялай алышат.
- Аны менен катар Клубдун мүчөлөрү адабий процессти ургалдаштыруу, авторлордун чеберчилигин өстүрүү максатындагы “Адабий Ордо” сайтынын иш-чараларына активдүү катышып турууга милдеттеме алышат.
- Клубдун мүчөлүгүнө авторлор “Адабий Ордо” сайтында чыгармаларын жарыялап келгендердин арасынан тандалат.
- Клубга авторлор редакция курамынын бир добушу менен жана автордун өзүнүн макулдугу менен киргизилет.
