
Адабият боюнча Нобель сыйлыгы – швед ойлоп табуучусу Альфред Нобелдин керээзине ылайык 1901-жылдан бери жыл сайын ыйгарылып келе жаткан дүйнөдөгү эң абройлуу адабий сыйлык болуп эсептелет. Ал «адабият жаатында идеалисттик багыттагы эң мыкты чыгарма жараткан» авторго Швеция академиясы тарабынан ыйгарылат. Сыйлыктын лауреатына алтын медаль, диплом жана ири өлчөмдөгү акчалай сыйлык тапшырылып, салтанаттуу азем жыл сайын 10-декабрда Стокгольмдо өтөт.
Нобель сыйлыгын алгандардын толук тизмеси бул жерде.




