Имре Кертес

Биринчилерден баа бериңиз!

Согуш, туткундук жана адамдын чыдамкайлыгы

Согушта адам өлөт. Туткунда болсо кээде өлүмдү күтүп жатып да жашоону улантууга туура келет. Ачка калса нан издейт, үшүсө жылынуунун амалын кылат, эртеңки күнгө жетсем деп бүгүнкү азабына чыдайт. Бара-бара адам чыдагыс көрүнгөн кордук да көнүмүш турмушка айланып кетиши мүмкүн. Венгр жазуучусу Имре Кертес өз чыгармаларында адам баласынын дал ушундай оор абалга кантип көнүп каларын, кордуктун адамдын аң-сезимине кандай таасир этерин таң каларлык көркөм чеберчилик менен ачып берген.

Имре Кертес 1929-жылы Венгриянын борбору Будапешт шаарында жарык дүйнөгө келген. Он төрт жашында нацисттердин колуна түшүп, Освенцим менен Бухенвальд концлагерлеринин азабын тарткан. 1945-жылы боштондукка чыгып, мекенине кайтып келген. Бирок башынан өткөргөндөрү анын өмүр бою жазган чыгармаларына өзөк болгон. 2002-жылы Кертес адабият боюнча Нобель сыйлыгына татыган. Бул сыйлык менен дүйнөлүк адабият дагы бир өзгөчө жазуучунун үнүнө кулак түргөн.

Анын эң белгилүү чыгармасы 1975-жылы жарык көргөн «Жазмышы жок» романы. Китептин венгрче түпкү аталышы Sorstalanság. Аталыштын өзүндө эле чыгарманын негизги суроолорунун бири жатат: адам өз тагдырына өзү ээ боло албаса, анын жашоосун ким башкарат?

Романдын башкы каарманы он төрт жаштагы еврей бала. Ал адегенде Освенцимге, андан соң башка концлагерлерге жөнөтүлөт. Күн сайын жаңы тартипке, жаңы кордукка туш болот. Бирок жазуучу анын башынан өткөндөрүн атайылап аянычтуу кылып сүрөттөөгө умтулбайт. Баланын көзү менен көргөнүн, укканын, түшүнгөнүн баяндайт. Айрым учурда каарман өзүнө жасалган адилетсиздиктин канчалык оор экенин да аңдай бербейт. Чоңдор буйрук берсе аткарат, кезекке тур десе турат, күт десе күтөт. Кертестин көркөм табылгасы мына ушунда. Окурман бала түшүнө элек коркунучту өзү түшүнүп, анын ар бир кадамына санааркайт.

Кызыгы, жазуучу адамдын азапка чыдаганын гана көрсөтпөйт. Ал азапка көнүп калышын да сүрөттөйт. Кечээ эле акылга сыйбаган нерсе бүгүн кадимки көрүнүшкө айланат. Ачкачылык, суук, өлүм, кемсинтүү күнүмдүк турмуштун бир бөлүгү болуп калганда, адам өзүнүн кандай абалга түшкөнүн да сезбей калышы мүмкүн. Мына ушул жагдай романдын эң оор, ошол эле учурда эң таасирдүү жактарынын бири.

Кыргызда «Көргөн күнүңдү душманыңа бербесин» деген сөз бар. Кертестин романын окуганда ушул сөз эске түшөт. Анткени туткундагы адамдын көргөн күнү жалгыз ачарчылык менен сууктан турбайт. Адамды адам ордуна көрбөгөн мамиле, эртең эмне болорун билбей жашоо, өз тагдыры тууралуу чечим чыгаруу укугунан ажыроо андан бетер оор. Жазуучу ушунун баарын чоң сөзгө айлантпай, бир өспүрүмдүн күнүмдүк турмушу аркылуу жеткирет.

Романдын дагы бир өзгөчөлүгү бар. Каарман кийин концлагерде өткөргөн күндөрүнүн арасынан кандайдыр бир бактылуу учурларды да эстейт. Бир караганда буга ишенүү кыйын. Өлүм өкүм сүргөн жерде кандай бакыт болушу мүмкүн? Бирок адам баласынын табияты татаал эмеспи. Кээде бир үзүм нан, бирөөнүн жылуу мамилеси, оорудан бир аз жеңилдеген учур да чоң кубанычка айланат. Кертес лагердеги азапты жеңилдетип көрсөткүсү келбейт. Ал адам эң жаман шартта да жашоонун майда кубанычтарын сезе аларын, ошол сезимдин өзү кандай оор жагдайдан жараларын көрсөтөт.

Чыгармадагы дагы бир маанилүү жагдай каармандын боштондукка чыккандан кийинки абалына байланыштуу. Адам туткундан кутулганы менен башынан өткөргөндөрүнөн дароо арыла албайт. Ал мурдагы көчөлөрдү, тааныш адамдарды көрөт. Бирок өзүнүн дүйнөгө болгон көз карашы өзгөргөн. Анын көргөнүн көрбөгөндөр лагердеги турмушту өз түшүнүгүнө жараша кабыл алышат. Айрымдары унутууну сунуштайт. Ал эми каарман башынан өткөн өмүрүн кантип унутсун? Канчалык азаптуу болбосун, ал күндөр да анын жашоосунун бир бөлүгү болуп калды да.

Ушул жерден романдын аталышынын мааниси тереңдей түшөт. «Жазмышы жок» дегенди тагдырдын таптакыр жоктугу деп түшүнүү жетишсиз. Бул жерде адамдын өз өмүрүнө өзү кожоюн боло албай калган абалы жөнүндө сөз жүрөт. Бирөөлөр анын кайда барарын, кайда жашаарын, канча нан жээрин, атүгүл тирүү калар-калбасын чечип коюшкан. Мындай шартта адамдын эрки, тандоосу, кадыр-баркы эмне болот? Кертес окурманын дал ушул суроолор менен бетме-бет калтырат.

Жазуучунун чеберчилиги окуянын оордугунда эле эмес, аны баяндоо ыкмасында да жатат. Тили токтоо, баяны жөнөкөй көрүнгөнү менен ар бир көрүнүштүн артында адам чыдагыс чындык катылып турат. Кертес окурманды ыйлатууга аракет кылбайт. Тескерисинче, эң үрөй учурган окуяларды да каармандын кадимки турмушундай баяндап, адам кордукка кантип көнүп каларын сездирет. Анын чыгармасын окуп отуруп, айрым учурда бир баланын жөнөкөй байкоосу узун тарыхый баяндоодон да катуу таасир этерин аңдайсың.

«Жазмышы жок» романынын баалуулугу дагы ушунда. Ал согуштун азабын тарткан бир баланын гана тагдырын баяндабайт. Адамдык укугу тебеленген, эрки өз колунан кеткен кишинин ички дүйнөсүндө эмне болуп жатканын көркөм иликтейт. Ошол себептен Кертестин чыгармасы тарыхый окуялардын адабий баяны менен гана чектелбейт.

Кертес согуштун азабын өз башынан өткөргөн муундун өкүлү болчу. Бирок ал көргөндөрүн айтып берүү менен эле чектелген эмес. Башынан өткөн мүшкүлдү көркөм чыгарманын татаал маселесине айландыра алган. Анын романындагы өспүрүмдүн үнү да ошон үчүн өзгөчө угулат. Ал эч кимге акыл үйрөтпөйт, өзүн баатыр көрсөтпөйт. Болгону башынан өткөндөрүн баяндайт. Ошол баяндын артында бүтүндөй бир доордун адамга жасаган зомбулугу турат.

Кертестин романын окуганда согуштун канча адамдын өмүрүн алганын гана эмес, тирүү калгандардын өмүрүн кандайча өзгөрткөнүн да ойлойсуң. Анткени туткундан бошонуу менен адамдын бардык азабы бүтүп калбайт. Кээ бир суроолорун ал өмүрүнүн акырына чейин өзү менен кошо ала жүрөт.

Мухаммадамин Хожакбаров

  • 2001-жылы Ош шаарында туулган. Акын, прозаик жана котормочу. Кыргыз, өзбек, орус жана түрк тилдеринде чыгармачылык жана котормочулук менен алектенет. Алгачкы ыр жыйнагы 2018-жылы жарык көргөн. Анын кыргыз поэзиясынан котормолору Өзбекстанда жарык көргөн түрк дүйнөсү адабиятынын 100 томдук антологиясына кирген. Азыр Ярославль шаарында жашап, чыгармачылык жана котормочулук менен алектенет.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген