Сайтыбызда Нобель сыйлыгынын лауреаттары тууралуу макалалар жарыялана баштады
Жаш болсо да, эл оозуна алынып калган, өзүн мыкты жазуучу, акын жана адабиятчы катары көрсөтө алган Мухаммадамин Хожакбаров адабият боюнча Нобель сыйлыгынын лауреаттары тууралуу макалаларды өзүнүн фейсбук баракчасына жарыялай баштаптыр.
“Көптөн бери Нобель сыйлыгын алган жазуучулар тууралуу кыргызча жазсам деген оюм бар эле. Адабиятка кызыккан жакшы тааныштарымдын бири да ушундай сунуш айтып, акыры ишке кириштим. Түрмөктү 2001-жылдан баштадым. Анткени өзүм да ошол жылы төрөлгөм.
Ошол жылдан берки лауреаттардын он сегиздейинин чыгармаларын мурда окуган экенмин. Айрымдарына кайра кайрылып, тааныш эмес жазуучуларды жаңыдан окууга туура келди. Маселен, Найполду буга чейин окубаптырмын. Абдулразак Гурнанын чыгармачылыгынан кабарым болгону менен китептерин тереңирээк карап чыктым.
Азыр он экинчи жазуучуга жеттим. Китептерин, өмүр баяндарын, изилдөөлөрдү окуп, маектерин угуп жатам. Макалаларды атайын узартпай, кыргыз окурманына түшүнүктүү тилде жазууга аракет кылдым. Өзүм да бул иштин жүрүшүндө көп нерсени үйрөнүүдөөмүн.
Буюрса, даяр макалаларды кезеги менен жарыялап турам. Сунуш-пикириңиздер болсо, кубана кабыл алам”, – деп жазыптыр Мухаммадамин.
“Адабий Ордо” сайтынын окурмандарына да Нобель сыйлыгына татыган дүйнөгө таанымал калемгерлер, алардын чыгармалары тууралуу маалыматтар кызыктуу болушу керек деген ойдо Мухаммадаминдин макулдугу менен анын макалаларын сайтыбызга өзүнчө рубрика ачып, жайгаштыра турган болдук.
“Нобель сыйлыгынын лауреаттары” деген бөлүм сайтыбыздын башкы бетинин ылдый жагына жайгаштырылды. Ошондой эле “Нобель лауреаттары” деген баракты ачтык.
