1 ырдын сынагы: “Жаз”

(01.03-31.03.2026)

Ким катыша алат?

Сынактын катышуучуларына жашы, жынысы, адабиятка аралашкандыгы, адабий чөйрөгө жакындыгы, «Адабий Ордо» сайтында катталгандыгы, катталбагандыгы боюнча чектөө жок.

Канча ыр жөнөтсө болот?

Бир автордон бир гана ыр кабыл алынат.

Ырга кандай талаптар бар?

  • Ырдын формасына чектөө жок.
  • Көлөмү элүү саптан ашпашы керек.
  • Буга чейин эч бир жерде жарыяланбашы зарыл.

Ырдын жарыяланышы кандай болот?

  • Редакциянын алгачкы элегинен өткөн ырлар гана сынакка катыштырылат. Ырдын сынакка катыштырылбай калышы боюнча редакция түшүндүрүү берүүгө милдеттүү эмес.
  • Сынакка катышкан ар бир ырга номур берилет. Ыр ошол номур менен автору көрсөтүлбөй (сайттын админинин атынан) сайтка жарыяланат.
  • Сынакка катышкан ырлар «Адабий Ордо» сайтынан сырткары «Кыргыз Маданият Борбору» сайтында жана «Кыргыз Поэзиясы» телеграм-каналында жарыяланып турат.

Сынактын сыйлыктары:

1-орун: Атайын диплом, автордун электрондук ыр жыйнагын чыгарып берүү, 12 айга каалаган көлөмдө, каалаган санда акы төлөбөй сайтка чыгармаларын жарыялоо мүмкүнчүлүгү;

2-орун: Атайын диплом, 9 айга каалаган көлөмдө, каалаган санда акы төлөбөй сайтка чыгармаларын жарыялоо мүмкүнчүлүгү;

3-орун: Атайын диплом, 6 айга каалаган көлөмдө, каалаган санда акы төлөбөй сайтка чыгармаларын жарыялоо мүмкүнчүлүгү;

«Адабий Ордо» сайтынын редакциясынын сыйлыгы: 3 айга каалаган көлөмдө, каалаган санда акы төлөбөй сайтка чыгармаларын жарыялоо мүмкүнчүлүгү.

Сынактын мөөнөттөрү кандай?

  • Сынакка ырлар 2026-жылдын 1-мартынан баштап кабыл алына баштайт.
  • Сынакка ырлар 2026-жылдын 31-марты түнкү 12ге чейин кабыл алынат.
  • Сынактын жыйынтыгы 2026-жылдын 12-апрелине чейин чыгарылат.

Сынактын жюрисинин курамы?

  • Сынактын жюриси сайттын редакциясынын тандоосундагы 5 көрүнүктүү адабият өкүлдөрүнөн турат. Алардын ысымдары сынак бүткөнгө чейин ачыкталбайт.
  • Жюринин курамына сайттын редакциясы кирбейт.
  • Сайттын редакция мүчөлөрү жана калыстар сынакка катышпайт.

Сынакка чыгарманы жиберүүнүн талаптары кандай?

  • Сынакка ырды adabijordo@gmail.com эл. почтасына темасына “Жаз” деп белгилеп жазып жиберүү керек.
  • Катта ыр менен кошо автордун аты-жөнү, ватсап номуру көрсөтүлүшү абзел.

#44 Жаз

Керемет да жаңы келген жаз айы,
Күлкү, сүйүү, кубанычка мас айы.
Эски сары жалбырагын жоготуп, …

#43 Жаз, тунуп жаз, жазга сүңгүп төнүп жаз…

* * * Жаз, тунуп жаз, жазга сүңгүп төнүп жаз,
Акын болуп, ак ыр кылып …

#42 Жаз келет жылына

Иш барбай колума,
Ийменип отурам.
Аягы, башы жок
Чалгытат ой улам. Мен эмес, санаалар,
Талаалап …

#41 Табышмактуу кубаныч

Аалам күлүп, асман сүйкүм, таптаза.
Бүчүр жарып жайнап турат өмүрүм.
Ич дүйнөмө нур төгүлүп башкача, …

#40 Жаз

Билинбестен бирге ой куруп,
Ортобузду сөзгө толтуруп.
Ушул кечте кышты узатып,
Жазды тостук чогуу олтуруп …

#39 Жаштыгымдын сырын кантип жашырам

Жазым келди, гүлгө оронуп сагынткан,
Кучагынан жалбыз жыты жыттанган.
Ууз сүйүүмдү кайра кайрып берчүдөй,
Жазды …

#38 Сулуу жаз

Сагынткан сулуу жазым келди мына,
Жадырап жашыл көйнөк кийип алып.
Дарактар жашыл жоолук салынышат,
Кайындар …

#37 Жазды күтөм

Сагыныпмын булбул үнүн таңдагы,
Бүйүр кызып, угар эле бүт баары.
Кечикти го жаркыраган жаз күнү, …

#36 Жаздагы күтүү

Ушул жазым көңүл тоңун жибитти,
А булуттар калкыйт ээлеп бийикти.
Көкүрөктүн эңсөөлөрү мен күткөн,
Көтөргүлө …

#35 Жаз

Мына жаз да келди кайрадан,
Тал-дарактар бүчүр байлаган.
Жаратылыш көркүн карачы,
Түркүн түстүү гүлдөр жайнаган …

#34 Мен жазды күтпөймүн

Мен жазды күтпөймүн, мээримин издебейм,
Мелтиреп узатам, ойду да түздөбөйм.
Мейли көп адамга жакшылык апкелээр, …

#33 Жазгы сапар

– Көрсөттүңбү тетиктерин усталарга,
Ала-Бел, кар кете элек, жолдо калба, –
Кары энем бизди узатып… …

#32 Жаздын жеңиши

Жаз жадырап нурун чачып албырат,
Жан-жаныбар күн чубактайт магдырап.
Кычыраган кышты жеңип чыктык деп,
Боюн …

#31 Неге мынча жаз кечигет?

Терезеден тиктейм сыртты сустанып,
Тоңгон жердин жүзү турат кубарып.
Күтө берип карегим да талыды,
Күндүн …

#30 Жаз

Келдиңби жаз, жарып кыштын муз тоңун,
Жандандырып уйкудагы тоо боорун.
Өлбөстүктүн мөлтүрүнө чайынып,
Суктандырып байчечекей …

#29 Жаз керемети

Кабылдап жаз айынын мүнөздөрүн,
Көркөмдөп көңүл сүйгөн сүрөттөрүн.
Көшүлгөн көп жылдарды көрүү максат,
Тариздеп тирүүлүктүн …

#28 Неге адамзат…

Күн узарып, жер да жылып, жаз келет,
Көккө айланып, жер тарап да дем берет.
Жаңыланып …

#27 Жаз деми

Мемиреп жаз жыттанган аппак таңым,
Эргүүмдөн чыккан ырды сага арнайын.
Асманда Чолпон жылдыз көркүн кошуп, …

#26 Жүрөгүмө гүл тикти

Ачылып дүбүрт, дүбүрттөн,
Тирүүлүк дүйнө эшиги.
“Өлбөгөн кулга жаз келди”,
Термелип өмүр бешиги. Кыштын да …

#25 Сагындым Жазымды

Жарадар жыландай, жаз, сага сойлоп кирдим.
Жалбыз жыттуу арыгың кыялда бойлоп кирдим.
Дүрбөлөң түшкөн дүйнөнү …
Loading...

1-орун: Айгүл МОЛДОКУЛОВА (№1 ыр)

2-орун: Айнагүл БАЗАРБАЕВА (№25 ыр)

3-орун: Динара БЕЙШЕНАЛИЕВА (№21 ыр)

Редакциянын сыйлыгынынын ээлери:

Кулмат ТУКЕНАЛИЕВ (№34 ыр)

Айзирек ГАДАЕВА (№40 ыр)

Элмира АЖЫКАНОВА,

Жолдош ТУРДУБАЕВ,

Рахат АМАНОВА,

Атахан КОЖОГУЛОВ,

Махабат САИДРАХМАНОВА,

Кыял ТАЖИЕВА.

Бөлүшүңүз