#34 Мен жазды күтпөймүн
Мен жазды күтпөймүн, мээримин издебейм,
Мелтиреп узатам, ойду да түздөбөйм.
Мейли көп адамга жакшылык апкелээр,
Мен такыр! Таптакыр, жылуулук издебейм.
Терезе бууланып жамгырдан кийинки,
Телмире тиктейм эх… мен жазды бүгүнкү.
Демейден өзгөчө, таптакыр башкача,
Дарактар бул кезде жапжашыл кийинчү.
Ал бүгүн негедир жүрөктө сезилбейт,
Жашарган айлана, жагымдуу көрүнбөйт.
Буулуккан ой басып, булуттай чубалган,
Жамгырдай төгүлүп, анан саал жеңилдейт.
Көңүлдө дале кыш, муз болуп катыган,
Апамды жоготком! Мен жазда жашыгам.
Арадан абдан көп мезгилдер кетсе да,
Ар келген жаздан мен качамын… жашынам.
Мен жазды күтпөймүн, сүйүү да издебейм,
Мелтиреп узатам, ойду да түздөбөйм.
Мейли көп адамга жакшылык апкелээр,
Баары бир күтпөймүн, жылуулук издебейм!
