|

Лев Толстой: “Ата-энесин ойлонткон бала”

3.3/5 - (3 добуш)

(аңгеме) 

Карыя аябай карыды. Кулагы укпай, көзү көрбөй, буту басууга жарабайт. Ээгинде тиши да калган жок. Ичкен оокатын жута албай, оозунан ылдый куюлат. Уулу келини тамактанууга аны столго чогуу олтургузбай, мештин артына бөлүп, өзүнчө оокат бергенге өтүштү.

Бир курдай оокатты кесеге куюп беришти. Абышка аякты ары жылдыргысы келип, капыстан кесени колунан түшүрүп ийди да, сындырып алды. Келини кабагын чытып:

– Үйдү булгады, кесени  сындырды, – деп кайын атасын каарый сүйлөндү. Мындан ары ага түшкү оокатты жыгач табакка куюп берерин кыйытты. Аксакал үшкүрүндү, бирок эчтеке дей албады.

Күндөрдүн биринде күйөөсү менен аялы үйүндө  маңдай-тескей олтуруп, жерде олтурган чүрпөсүнүн  жыгачтан буюм жасап атканын  көрүшөт. Атасы:

– Миша, сен эмне кылып жатасың, уулум? – деп сурайт.

– Мен, ата, жыгач табак жасап жатам. Апам экөөңөр  карыганда… Силерге ушу жыгач аякка тамак куюп берем.

Күйөөсү менен аялы бири-бирин тиктешти да, кепти түшүнүп, ыйлап ийишти. Алар карыяны капалантып алганына уялышты. Ошондон тартып, аны өздөрү менен столго чогуу олтургузуп, астейдил кароого өтүштү.

  • (1828–1910)

    Атактуу орус жазуучусу жана ойчулу. Толстойдун чыгармачылыгы дүйнөлүк адабияттын өнүгүүсүнө эбегейсиз зор таасир эткен. Өзгөчө анын “Согуш жана тынчтык”, “Анна Каренина”, “Воскресение” деген романдары дүйнөлүк адабияттын шедеврлери деп эсептелет.

  • 1953-жылы Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда туулган. 1986-жылы  КМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин бүтүргөн. КР Ардак Грамотасынын ээси. КР Өкмөтүнүн балдар адабияты боюнча сыйлыгынын лауреаты. Бир нече повесть-аңгемелери, котормолору, тамсилдери жарык көргөн. КР Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү

Бөлүшүңүз

Окшоштор

One Comment

  1. “Ата- энесин ойлонткон бала”
    Котормочу агайга рахмат.
    Теледен көргөн видеотасма ( түрк элиники) көрсө Л.Н.Толстойдун калемиме таандык тура…

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген