| |

Жорж Оруэлл: “Дарга асуу”

5/5 - (2 добуш)

(аңгеме)

Бирмада жаанчыл мезгил өкүм сүрүп турат. Суук, нымдуу таңдардын биринде түрмөнүн бийик дубалдарынын арасынан сары күмүш кагазды элестеткен күндүн жарык нурлары короого тийип турду. Биз, өлүм жазасына өкүм кылынгандардын темир торлорунун алдында күтүп турганбыз. Алдыңкы дубалынын ордуна эки катар темир тор тартылган узун, сарайга окшош капастар. Ар бири болжол менен он чарчы метр болгон бул темир капастар жыгач керебет менен суу куюлган чоң чөйчөктөн башка дээрлик бош. Кээ бирлеринде жуурканга оронгон кара тору, үнсүз адамдар чөк түшүп отурушат. Булар дарга асуу аркылуу аткарыла турган өлүм жазасына өкүм алгандар. Тирүүлүктүн, ашып кетсе, бир-эки жумалык убакытын жашап жаткандар болчу.

Өлүм жазасына өкүм кылынгандардын бирин алып чыгышты. Ичке бир өрүм чачтын айланасы тасырайта кырылган, өңү кубарып көздөрү үмүтсүз муздак, арык, кичинекей индус экен. Күлкүлүү кинодогу аткаруучулардыкындай анын кичине денесине салыштырмалуу өтө чоң көрүнгөн калың муруттары үрпөйүп турат. Кайтаруу жана өлүм жазасына даярдоо милдети алты индус сакчыга жүктөлгөн. Экөө учтарына найзадай болуп тагылган бычагы бар мылтыктарын даяр кармап кайтарып турушса, калган төртөө соттолгондун колуна кишен салып, арасынан чынжыр өткөрүп, чынжырды өздөрүнүн куруна бекитип, колдорун жамбашына кайрып таңып коюшту. Алтоо туткунду тыгыз курчап, колдору саамга дагы андан ажырабайт. Кыймылдарында этияттык, жумшактык, сүр да бар. Ал киши капыстан кайып болуп кетчүдөй кармалап, текшерип турбаса болбойт окшойт. Тартип го. Туткунду карап турсаң кайырмактын учун силкилдетип, сууга кайра секирип кетүүгө аракет кылып жаткан балыкка окшогон сезим жаралат. Ошентсе дагы айланасында болуп жаткан окуяларга таптакыр көңүл бурбагандай түр менен кайдыгер. Каршылык көрсөткөн жок. Нес болгон адамдай колдору жип менен кишенге байланып, шалдайып баш ийип, үн сөзсүз турат. 

Саат сегизди көрсөттү. Нымга чулганган абага алысыраактагы казармалар тараптан мүйүз сурнайдын муңдуу үнү жаңырды. Бизден өзүнчө туруп, кабагы бүркөө, таягы менен жер чукулаган түрмө башчы башын көтөрдү. Кесиби боюнча аскер дарыгери болгон ал добушу кырылдаган, муруттарын ак баскан киши эле:

– Кудай үчүн, Фрэнсис, ылдамдаңызчы! – деди, ал кыжырдана. – Бул адам эчак өлүшү керек болчу. Эмне, дагы эле даяр эмессиңерби?

Улук кайтаруучу Фрэнсис жүндөн токулган жылуу шым-костюм кийген, алтын алкактуу көз айнек тагынган, толук денелүү “дравиддер” деп аталган Түндүк Индиянын жергиликтүү калкы катары эсептелген тукумдан эле. Кара тору колун жаңсап:

– Жок, урматтуум. Жок, – деди шашкалактап. – Баары даяр. Жаза аткаруучу күтүп турат. Бара берсек болот.

– Анда тезирээк жөнөйлү. Бул иш бүтмөйүнчө, камактагыларга таңкы тамак берилбесин!

Биз дар даярдалган жайды көздөй жөнөдүк. Мылтыктарын ийиндерине коюп эки сакчы соттолгондун эки капталында. Дагы экөө анын артынан басып, ийнинен бекем кармап алышкан. Бир эсе аны сүрөп дем берип, бир эсе жөлөп бараткандай туюлат. Соттор жана башкасы бир аз артта келе жатышты.

Он чакты кадам баскандан кийин, эч кандай буйруксуз, эскертүүсүз эле жүрүш капысынан токтоп калды. Себеби, короодо кайдан-жайдан пайда болгон ит катуу үрүп, бизди көздөй жүгүрүп келип, шыйпаңдап айланабызда секирип чуркай баштады. Узун калың жүндүү, “эрдельтерьер” менен көчө итинин аргындашуусунан жаралган чоң ит экен.

Бир аз убакыт ал бизди айлана кубангандай шыйпаңдап тегеренип жүрдү. Анан кимдир бирөө кубалап үлгүргөнчө айыпталуучуга атырылып барып секирип, жүзүнөн жалаганга аракет кылды. Баарыбыз аң-таң болуп катып калдык. Баары нес болуп калгандыктан, эч ким итти кармап калууга аракеттенген жок.

– Каргыш тийгир айбанды бул жакка ким киргизди? – деп түрмө башчы ачуулана айкырды. – Бирөөңөр кармабайсыңарбы муну!

Күзөтчүлөрдүн бири итти кармоого олдоксон аракет кылды. Бирок ит секирип, буйтап, колго түшпөй жүрөт. Сыягы, ал мунун баарын оюн деп ойлосо керек. Жаш сакчылардын бири короого төгүлгөн шагылдан бир уучтап алып соккулай баштады эле ага да болбой буйтап качып, биздин жаныбызга чуркап келди. Анын кубанычтуу эркелеп үргөнү түрмөнүн дубалдарына жаңырып жатты. Эки сакчы бекем кармап турган айыпталуучунун жүзүндө баягы өзгөрүүсүз кайдыгерлик. Болуп жаткан окуя ал үчүн өлүм жазасына чейин сөзсүз аткарылуучу кезектеги бир көрүнүш сыяктуу. Итти кармоого бир нече мүнөт кетти. Акыры, менин жүз аарчымды анын моюнуна байлап, каршылык көрсөтүп, муңкана кыңшылаган итти жетелеп жолубузду уладык.

Даргага чейин дагы кырк кадамдай аралык калган. Мен алдымда бараткан айыпталуучунун кара тору, жылаңач далысын карап келатам. Колдору бекем байланган, олдоксон бирок ишенимдүү басып бара жатат. Ар бир кадам сайын булчуңдары чыңалып, кырылган башындагы жалгыз чач өрүмү өйдө-төмөн бултактап, буттары нымдуу шагылды ныгыра бекем басат. Бир жерден эки капталынан кармап бараткан адамдарга карабай, жолдогу көлчүктү айланып өтүш үчүн капталга бир аз бурулуп басты.

Кызыгы, дал ошол учурга чейин мен дени сак, акыл-эси жайында адамды өлтүрүү эмнени билдирерин толук аңдай элек экенмин.

Айыпталуучу көлчүктү айланып өтүү үчүн бурулганын көргөндө, менин көзүм ачылгансып кетти. Адам, башка бир адамдын өмүрүн кыюуга эч кандай акысы жок экенин ошол учурда чындап түшүндүм. Айыпталуучу өлүм алдында жаткан жок. Учурда анын жашоосу биздикиндей эле уланып жатат. Денесиндеги бардык органдары иштеп, ашказаны тамак сиңирип, териси жаңыланып, тырмактары өсүп, ткандары калыптанып дегендей. Бирок, булардын баары жакында маанисин жоготот. Анын тырмактары даргага чыккан учурда дагы, өлүм менен өмүрдүн ортосундагы секунддардын ондон бир бөлүгү гана калганда дагы өсүүсүн уланта берет. Көздөрү али да саргыч шагылды, боз дубалдарды көрүп турат. Мээси түшүнүп, алдын ала сезип, ойлонуп жатат да. Ал тургай көлчүк тууралуу дагы. Ошону үчүн айланып өттү. Биз бир эле дүйнөнү көрүп, угуп, сезип, түшүнүп жаткан адамдардын тобундабыз анткени. Бирок эки мүнөттөн кийин моюн сөөктүн “кырт” этип сынган үнү угулганда, арабыздагы бир адам түбөлүккө жок болот. Бир аң-сезим, бир бүтүндөй аалам кемийт.

Дар аянтчасы түрмөнүн негизги короосунан бөлүнүп турат. Тикендүү бийик чөп баскан чакан, өзүнчө короо. Кыш менен курулуп, үстү тактай менен жабылган. Үстү жагында туурасынан коюлган жыгачка аркан илинип эки мамычасы көтөрүлүп турат. Жаза аткаруучу чачын ак баскан, ошого түспөлдөш түрмөнүн ак кийимин кийген, тигилер катары туткундагы адам өзүнүн кызмат ордунда күтүп турган. Биз киргенде ал кулдарча ийилип салам берди. Фрэнсистин буйругу менен сакчылар туткунду даргага карай жетелеп, жок, дээрлик желкелеп түртүп барышып, тепкич менен көтөрүлүүгө олдоксон жардам кылышты. Андан соң жаза аткаруучу жогору чыгып, мойнуна арканды илди. Биз беш кадам алыста күтүп турдук. Сакчылар дарганын айланасына шакекче болуп тизилишти. Мойнуна сыйыртмак салынганда, соттолуучу үнүн бийик чыгарып, Кудайга жалбара баштады.

– Рама!… Рама!…. Рама!… Рама!..

Анын үнүндө коркунуч, же үмүтсүздүк жок. Бул жалбаруу же жардам сураган кыйкырык эмес. Коңгуроонун тынымсыз шыңгырындай бир калыптагы, ыргактуу үн. Буга жооп кылып ит аянычтуу кыңшылады. Жаза аткарылуучу бийиктеги көпүрөчөнүн үстүндө турган аткаруучу кичинекей пахта баштык алып чыгып, соттолуучунун башына кийгизди. Башына кездеме кийилгенде үнү басаңдаганы менен, тынбай кайталанып жатты:

– Рама!. Рама!.. Рама!.. Рама!.. Рама!..

Жаза аткаруучу ылдый түшүп, дарганын туткасына колун койду. Убакыт өтпөй жаткандай сезилет мындайда. Соттолгондун муңайым, үнү бир калыпта кайталана берди:

– Рама!.. Рама!.. Рама!..

Түрмө башчысы башын жерге салып, таягы менен жер чукулап атат. Ким билсин, ал тиги өлүмгө бир кадам жакын турган адамдын муңканган аянычтуу үнүн санап жаткандыр. Балким ага жүз эле жолу үн чыгарууга уруксаат бергендир? Түрмө башчынын мындай кейпинен бир нерсени ажыратуу мүмкүн эмес. Баарыбыздын жүзүбүз өзгөрүп кеткен. Индус сакчыларынын өңү бозоруп, бомба бар жерде тургандай жана ошол бомбаны зыянсыздандыруучу адис аскерлерди күтүп аткандай кейипте. Кай бирлеринин колдору титиреп жатканы тике кармаган мылтыктын учундагы бычактын титирегенинен билинип турат. Мына, мына өлө турган адамды карап, үнүн угуп турабыз. Ар бир добуш жашоонун, тирүүлүктүн көз ирмемдик белгиси болчу. Баарыбыздын оюбузда бир нерсе:

“Тезирээк болгулачы! Канчага созосуңар? Бул үрөй учурган, жүрөктүн үшүн алган үндү токтоткула!”

Акыры түрмө башчы чечим кабыл алды. Башын жерден көтөрүп, таягын шилтеди.

– Чало! – деп каардана кыйкырды.

Темирдин тарсылдаган үнү, андан соң жымжырттык. Саамга соттолгон адам көздөн кайым болуп аркан гана өзүнөн өзү силкилдеп айланып жаткандай сезилип кетти.

Мен итти бошоттум. Ал дароо дарганын аркасына чуркап барды. Жеткенде токтоп үрө баштады. Андан соң ары барып отоо чөптөрдүн арасына жашынып, бизди коркунучка толгон көздөрү менен тигиле карап турду.

Биз дарганын артына айланып өтүп карадык. Жай, термелип салаңдап турган дененин өлүк экенинде эч кандай шек жок. Бутунун учтары төмөн карап салаңдап турат.

Түрмө башчы таягы менен зайтун түспөлдөнгөн жылаңач денени акырын түрттү. Ал, бир азга термелип турду. 

– Бүттү, – деди. Ошентип айтып дарганын астынан чыгып, улутуна терең дем алды. Бир заматта эле жүзүндөгү кыжаалаттык жоголуп кетти. Саатын карап:

– Саат сегизден сегиз мүнөт өтүптүр. Кудайга шүгүр. Бүгүнкү иш бүттү – деди.

Сакчылар мылтыктын учундагы бычактарын чечип басып кетишти.

Өзүн туура эмес иш кылгандай күнөөлү сезгенсип, тынчып калган ит биздин артыбыздан ээрчип алды. Дар турган короодон чыктык. Өлүм жазасын күтүп жаткан туткундардын темир торлорунун жанынан өтүп, түрмөнүн борбордук короосуна келдик.

Ал жерде туткундарга таңкы тамак бериле баштаптыр. Колдорунда темир табак, катар-катарынан тизилип, чөк түшүп отурушат. Эки сакчы чака менен аларга күрүч таратып жүрүшөт. Өлүм жазасынан кийин бул көрүнүш жагымдуу, кубанычтуу сезилди. Баары бүттү. Баарыбыздын үстүбүздөн бир оор жүктү алып салгандай болду. Көңүл оордуна келип, ырдап, күлүп, бийлеп чуркап кетсең да болчудай.

Жанымда басып келе жаткан жаш, аргын жигит жылмаюу менен артка жаңсап:

– Билесизби, мырза, биздин досубуз (өлүм жазасына тартылган адамды айтып жатат) сотто арызы четке кагылганын укканда капаста жаткан жерине эле ушатып коюптур. Коркконунан. Тамеки чегесизби, мырза? Бул менин жаңы, чылкый күмүш тамеки кутум. Кандай сонун, ээ, мырза? – деп ар нерсе сүйлөп атты. Айрымдар күлүп атышат. Менимче алар эмнеге күлүп атканын өздөрү деле билбегендей сезилди. Түрмө башчынын жанында келаткан Фрэнсис тынымсыз сүйлөп келатат: 

– Ооба, мырзам. Бүгүн баары эң сонун өттү. Тим эле заматта бүттү го! Дайыма мындай боло бербейт. Кээде дарыгер дарганын астына кирип, өлгөнүн билиш үчүн асылган адамдын бутун тартып көрүүгө аргасыз. Өтө жагымсыз көрүнүш!

– Тыбырчылап жаткандабы? Жакшы эмес, албетте, – деп улап койду түрмө башчы.

– Андан да жаманы – айрымдар жазасын алаарда өжөрлөнүп калышат. Бир жолу бирөөсүн алып чыгалы десек, темир торду бекем кучактап алган. Алты сакчы ар кандай сүйрөп атып, араң бошотушту. “Ойлончу, өзүңө да бизге да канча түйшүк жаратып жатасың!” – десек да укпады. Бир топ убара болуп араң дегенде аткарганбыз жазасын. 

Мен күтүлбөгөн жерден каткырып күлүп жибердим. Баары эле күлүп жатышты. Бирок, эмнеге? Күлкү театрдан чыккан жерибиз жок. Адам өз буйругу менен башка бир адамдын өмүрүн кыйып салды го. “Кайсы арыбызга” деп да ойлоп кеттим. Биз эле эмес атүгүл түрмө башчысы да жылмайып:

– Жүргүлө! Бирдеме ичели, – деп сунуш кылды меймандос үн менен. – Унаамда виски бар эле, бизге азыр зыян кылбастыр. 

Түрмөнүн дарбазасынан чыгып жол жакка өттүк.

– Бутунан тарткылап көрөт дегин! – деп, күтүүсүздөн Бирмалык сот алжактап күлүп жиберди.

Биз да каткырып калдык. Ошол учурда Фрэнсис быдылдап айтып келаткан окуя укмуштай күлкүлүү сезилди. Бирмалыктар менен Европалыктар баарыбыз чогуу туруп виски ичип аттык. Өлүк болсо бизден болгону жүз кадам алыстыкта гана жаткан эле.

1931-жыл

Орус тилинен которгон Кулмат Тукеналиев

Автор

  • Акын, журналист, котормочу. 1984 жылы Нарын облусунун Кызыл-Дөбө айылында туулган. Мектеп курагынан поэзияга шыктанат. Бир топ гезиттерде, теле тармагында кабарчылык кызматтарда иштеген. Учурда Бишкекте жеке тармакта эмгектенет.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген