|

Жүгөрүдөй бала кармап алыпсың

5/5 - (4 добуш)

Биз окууну бүтөр жылкы жайында
асфальт жолдо окуудан соң кечке маал
аяр басып келгенибиз айылга
– Эсиңдеби, аяйым?…

Ажарданып кызыл нур жүзүң
айтаарындай кызык сыр
Акырын ийилдиң да дедиң сен:
“Жүгөрүлөр бала байлап калыптыр”.

Андан бери…
Жүгөрүлүү жай канчасын узатып,
канча аяздын каарына карыктым.
Жүрүп-жүрүп…
Жолугуштук жолдо шо
Жүгөрүдөй бала кармап алыпсың.

  • Акын, журналист. Кыргызстанда уникалдуу «Өрүкзар» поэзия фестивалынын түзүүчүсү жана уюштуруучусу. «Миң тамыр», «Гүл Гүл», «Ак булут», «Мөл тунук» ырлар жыйнактарынын, Исхак Раззаков жөнүндө биографиялык “Исхак Раззаков - Аруулук асманы” китебинин автору. Кыргыз Улуттук Жазуучулар Союзунун Баткен облустук бөлүмүнүн төрагасы.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

One Comment

  1. Абдилаат Дооров досум жаш кездегидей дагыле ширелүү ыр жазат. Ушул ыры да кандай таасирлүү жана элестүү. Окуп көрсөңүз, урматтуу окурман!!!?

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген