“Жылдызын асмандын терем деп…”
* * *
Жылдызын асмандын терем деп,
Жүз ирет соттолуп, акталдым.
Жыгылып түз басчу жерлерден,
Жан дүйнөм ооруду, такшалдым.
Күн менен жарышып таң эрте,
Күлүктөй маарага жетпедим.
Көңүлүм сынганда бүлүнүп,
Көктөдүм, жоголуп кетпедим.
Айлуу түн ажарым өпкөндө,
Акактай ыр жазбай кирдедим.
Адашкан айыбым биле албай,
Актануу жолдорун издедим.
Булуттай түнөрүп кээ күнү,
Буулуккан жамгырдай ыйладым.
Бул дүйнө чеги жок болсо да,
Бир гана мен эмне сыйбадым?
Мөндүрү талкалап мезгилдин,
Мизинде турмуштун такшалдым.
Миң күнүн түгөтүп өмүрдүн,
Миң бирден кайрадан башталдым…
