Ушул барак ачылбай калсын
Ыйлап жаткан күндү сооротуп,
Туйлап жаткан шамал басылат.
Ай кемтигин аздап толтуруп,
Түн кабагы бир аз ачылат.
Шамал уктап, жамгыр үргүлөйт.
Көкүрөктө алоо, караңгы.
Айыпсыздай жылтылдайсың не?
Унуттуңбу салган жараңды?
Аяп турат көзүм көзүмдү.
Бүттү өчтү, эми баары кеч.
Талкаланып калган сүйүүнү,
Кайра жасоо мүмкүн эмес эч.
Жан дүйнөмдүн тоосу ураган,
Көп кыздарга чачсаң ышкыңды.
Баарын, баарын унутуп койгон,
Ушунчалык уятсызсыңбы?
Кайрылууга убактым да жок,
Кайгырууга арзыбас жансың.
Жалбарууңа суусабайм дагы,
Ушул барак ачылбай калсын.

Кыздар, так ушундай кармангыла (так держать) )))