“Күз ырлары” түрмөгү
Сентябрь
Жалбырактар жашыл бойдон ыраңы,
Гүлдөр дагы ажарынан өчө элек.
Менин гана көңүлүм пас, маанай суз,
Дил ооруткан сөзүң эстен кете элек.
Дагы кандай мен күтпөгөн кебиң бар,
Айта берчи, айтчы баарын калтырбай.
Мен тагдырдан күткөн элем бурулуш,
Белек кылчы, мага ошону – сентябрь.
Каалаганым, самаганым бир дүйнө,
Ал дүйнөгө жетпей канча умсундум.
Эски сөздөр… эски сүйүү, баары эски,
А мен болсо, жаңылыкка умтулдум!
Эски десем, демек жаным каалады,
Жаңылыкты жарып чыгар көкүрөк.
Кетким келет тайгаларга көз жеткис,
Ойлор кыйнайт жылкылардай күтүрөп!
Дагы кандай жан ооруткан кебиң бар,
Айтып калчы, айта бергин калтырбай.
Мен тагдырдан күткөн болсом бурулуш,
Дал ошону белек кылат сентябрь!..
Күз ыры
Байкабай жолду да, башкасын,
Басылып түбү жок ойлорго.
Күндөрүм жоготсом маанисин,
Күүгүмдө чыгайын мен жолго.
Ажырап жаздагы өңүнөн,
Дарактар сумсаят жалдырап.
Жай басып бульварда баратсам,
Төгүлөт саргайган жалбырак.
Шаар ичи толсо да адамга,
Көңүлдө муң баскан жалгыздык.
Кыйнады жанымды оорутуп,
Күздөгү беймаани алсыздык.
Үшкүрүк тереңден сызылып,
Көөдөндө кусалык үлбүрөк.
Шамалы калаанын эркелеп,
Жол бойлоп аптыгып жүгүрөт.
Байкабай кооздугун дүйнөнүн,
Кыйналып тунарык ойлордон.
Күндөрүм жоготсо маанисин,
Күүгүмдө чыгайын мен жолго…
Байыркы күз
Баягы күз… байыркы күз… баягы,
Зынданына салган сары санаанын.
Күз жамалын ашык болуп көрсөм да,
Күүлүп түшкөн жалбырагын аядым.
Күз да келди… күзүм келди шыңгырап,
Булактардын суусу тунук шылдырап.
Күз көркөмүн көөдөнүмө батырам,
Шаар аралап, ойго батып тунжурап…
Ак кайыңдар сары, сары, сапсары,
Көкүрөккө кусалыгым батпады.
Билем, сага жеткиришпейт ырларым,
Билбессиң ов, сен деп ооруп жатканым.
Баягы күз… байыркы күз… баягы,
Түбү барбы түпсүз ушул санаанын.
Күз келбетин көкүрөккө кыссам да,
Күүлүп түшкөн бариктерин аядым…
Ноябрь
Неге мынча суз тарткансыйт,
Ноябрдын асманы?
Кыш келеби… угулгансыйт,
Кадам таштап басканы.
Каркыралар катарлашып,
Жылуу жакка кайттыбы?
Күз шамалы кабарымды,
Сүйгөнүмө айттыбы?
Шаар аралап жалгыз келем,
Тыңшап дүйнө үндөрүн.
Жыпар жыты сезилбеген,
Сүйбөйм шаардын гүлдөрүн…
Неге мынча түнөрүңкү,
Ноябрдын күндөрү?
Сагындымбы… сагындым го,
Айылымдын гүлдөрүн.
