55 сөз сынагы

(01.08-31.08.2026)

Ким катыша алат?

Сынактын катышуучуларына жашы, жынысы, адабиятка аралашканы, адабий чөйрөгө жакындыгы, «Адабий Ордо» сайтында катталган-катталбаганы боюнча чектөө жок.

Чыгармага талаптар:

  • чыгарма карасөз болушу керек (аңгеме);
  • чыгарма ашык-кеми жок 55 сөздөн турушу керек;
  • баяндалган окуяда жок дегенде бир каарман болушу абзел;
  • окуя болгон жерди көрсөтүү зарыл;
  • чыгармада конфликттин өнүгүшү жана чечилиши (же күтүүсүз аякташы) камтылышы талап.

Канча чыгарма жөнөтсө болот?

Бир автордон 3 (үч) гана чыгарма кабыл алынат. “Өзүңөр тандап алгыла” деген өтүнмөлөр каралбайт!

Чыгармалардын жарыяланышы

  • Редакциянын алгачкы элегинен өткөн чыгармалар гана сынакка катыштырылат. Мында чыгармага талаптардын сакталышына көңүл бурулат. Чыгарманын сынакка катыштырылбай калышы боюнча редакция түшүндүрмө берүүгө милдеттүү эмес.
  • Сынакка катышкан ар бир чыгармага номур берилет жана ал ошол номур менен автору көрсөтүлбөй (сайттын админинин атынан) сайтка жарыяланат.
  • Сынакка катышкан чыгармалар «Адабий Ордо» сайтынан сырткары «Кыргыз Маданият Борбору» сайтында жана «КЫСКА-НУСКА» телеграм-каналында жарыяланып турат.

Сынактын сыйлыктары:

1-орун: Атайын диплом, 12 айга каалаган көлөмдө, каалаган санда акы төлөбөй сайтка чыгармаларын жарыялоо мүмкүнчүлүгү;

2-орун: Атайын диплом, 9 айга каалаган көлөмдө, каалаган санда акы төлөбөй сайтка чыгармаларын жарыялоо мүмкүнчүлүгү;

3-орун: Атайын диплом, 6 айга каалаган көлөмдө, каалаган санда акы төлөбөй сайтка чыгармаларын жарыялоо мүмкүнчүлүгү;

«Адабий Ордо» сайтынын редакциясынын сыйлыгы: 3 айга каалаган көлөмдө, каалаган санда акы төлөбөй сайтка чыгармаларын жарыялоого сертификат.

Сынактын мөөнөттөрү кандай?

  • Сынакка чыгармалар 2026-жылдын 1-августунан баштап кабыл алына баштайт.
  • Сынакка чыгармалар 2026-жылдын 31-августуна түнкү саат 12ге чейин кабыл алынат.
  • Сынактын жыйынтыгы 2026-жылдын 15-сентябрына чейин чыгарылат.

Сынактын жюрисинин курамы?

  • Сынактын жюриси сайттын редакциясынын тандоосундагы 5 көрүнүктүү адабият өкүлүнөн турат. Алардын ысымдары сынак бүткөнгө чейин ачыкка чыгарылбайт.
  • Жюринин курамына сайттын редакциясы кирбейт.
  • Сайттын редакция мүчөлөрү жана калыстар сынакка катышпайт.

Китептин чыгарылышы

Сынактын жыйынтыгы боюнча ага катышкан бардык чыгармалардан турган жыйнакты даярдап, басып чыгарып, китепканаларга таратып, окурман журтуна сунуштоону пландаштырып жатабыз. Бул китепте сынакка катышкан кыска аңгемелерден сырткары, алардын авторлору тууралуу да маалымат камтылмакчы.

Сынакка катышкан ар бир авторго 1ден китеп бекер берилет.

Сынакка чыгарманы жиберүүнүн талаптары кандай?

  • Сынакка чыгарманы adabijordo@gmail.com эл. почтасына темасына «55 сөз» деп белгилеп жазып жибериш керек.
  • Катта чыгарма менен кошо автордун аты-жөнү, ватсап номуру (ыкчам байланышып айрым маалыматтарды тактап алыш үчүн) көрсөтүлүшү абзел.
  • Ошондой эле автордун бир сүрөтү, автор тууралуу кыска маалымат катка тиркелиши зарыл (китепке).

#35-36 (55 сөз)

#35 Таш кызыгы Чоң атам кечинде очок жанындагы ысыган ташты алып, мен жатчу төшөнчүнүн ылдыйкы …

#33-34 (55 сөз)

#33 Белек – Эжеке, эртең сиздин туулган күнүңүз эмеспи. Мен сизге белек алып берейин дегем …

#31-32 (55 сөз)

#31 Чөп Машинанын “тү-үт” деген үнүнө удаа эле эшик кагылды. Жыргал апа эшикке шашылды. Чыкса …

#29-30 (55 сөз)

#29 Аян Даниярга эртең менен орус аял отурган. – Балам, шаардын көрүстөнү бар. Ошого айдачы, …

#27-28 (55 сөз)

#27 Түгөй Суу жээктеп чуркаган боюнча делдектеп баратам. Таманымды таш тилип кызыл-жаян. Карааны көрүнбөйт. Шар …

#25-26 (55 сөз)

#25 Фронтовик Туюк көчө, беш-алты үй. Тар жол өйүзгө такалып, тоону өрдөйт. Тирелген кара желим …

#23-24 (55 сөз)

#23 Арман Шаар абдан чоң экен. Улам бир дарекке каттап, издегенин араң тапты. Апасы салам …

#21-22 (55 сөз)

#21 “Энекем” – “Энекем” деген ырыңыз республикалык абройлуу адабий сынакты утуп алыптыр, куттуктайбыз! – деди …

#19-20 (55 сөз)

#19 Кыял – Апа, мен сага такыр өлбөй турган ата сатып келип бер дебедим беле? …

#15-18 (55 сөз)

#15 Төлгөчү Үй казынасынан акча жоголду. Кожойке үйдү үч көтөрө издеди. Эртеси төлгөчүгө баратып, аялдамадан …

#13-14 (55 сөз)

#13 Пальто Турмушка чыгып жаткан кыз жашыл түстөгү жеңил пальтону өзү тандап алган. Бирок бир …

#11-12 (55 сөз)

#11 Бирөөнүн ырыскысы Алыстан келген тракторчулар жер айдап биздин үйдө жатып иштешчү. Апамдын иниси эт …

#9-10 (55 сөз)

#9 Адам-ит Айылга барган сайын тосуп чыгат алдыман. Кыңшылап, жыттагылап, келдиңби дегенсип, жалооруйт. Башынан сылайм, …

#7-8 (55 сөз)

#7 Таарыныч – Бир жума өткөрүп келди. Бир туугандары апасынын кыркын берип ар ким өз …

#5-6 (55 сөз)

#5 Куйкасы курушту Паяздыкына Бишкектен уулу Айбек, келини Самаргүл балдары менен келишти. Коноктордун урматына кой …

#3-4 (55 сөз)

#3 Ээсине караганда ити… Заманга жараша, илеркидей итине тамак берип байлап баккандар аз айылда. Самсаалаган …

#1-2 (55 сөз)

#1 Баккан мал боор эт менен тең Бир жазда Малик айылдын малын багууга алган. Бир …

Бөлүшүңүз