| |

#15-18 (55 сөз)

4/5 - (4 добуш)

#15 Төлгөчү

Үй казынасынан акча жоголду. Кожойке үйдү үч көтөрө издеди. Эртеси төлгөчүгө баратып, аялдамадан кызынын жетекчисин көрдү. Шайыргүл Сезимдин апасына кучак жая чуркап келип, бышактай:

– Рахмат, эжеке! Мен тагдырымдын тайкылыгынан ыйлап отуруп, окуучулардын да жүрөгүн ооруткан экенмин. Кызыңыз абалымды айтып бергендир.

Жакшылыгыңызды эч унутпайм! – деп бетинен өпкүлөй, автобуска карай чуркады.

Төлгөчүнү жолдон жолуктурган апа үйүнө жөнөдү.

#16 Бакыт

– Бактылуусуңбу, апа?

– Эмне дегиң бар муну менен?

– Үшкүрүгүңдү уккан сайын кыйналып кетем…

– Силер бактылуу болсоңор ошол менин бактым да. Өмүрүмдү садага чабайындарым.

– Мени төрөбөй деле койсоң болмок.

– Ок, ошентчи беле. Таенең: “Төркүлөп бараар жериң жок, балдарың сендей болуп калбасын”, – дечү.

– Билесиңби, апа, “Бар бакытымды балалыгым менен жоготуп, башыма жоолук салынганы санаадан арылбадым”, – дегениңди көп угам…

#17 Кайран үмүт

Жыйырма жылдан бери жолукпаган адамына Кыялбек кокусунан аялдамадан бет келе кездешип калды. Жүрөгү оозуна кептеле, үстү-башын, чачын кантип иретке келтирип ийгенин өзү байкаган жок.

Аял ооз учунан учурашымыш этип, ушакташып, мактанаар курбусуна жолуккандай эле сүйлөп жатты.

Кыялбек денесине бирөө муздак суу чачкандай абалда нес болуп калды.

Аял жылмая кайдыгер жол улап кетти.

Кайран кыял мөгдөдү.

#18 Жездем өз атам экен

– Коё бергиле! Немистер! Фашисттер! – деп жулкунганыма карабай мени айылга ала качып барышып, көшөгөнүн бурчуна төрт бала эки колумдан бекем кармап олтурушту.

Канчалык кыйкырсам да эч ким үнүмдү укпады.

Бир маалда:

– Коё бер кызымды! – деп жездем Аскар келди да:

– Жүрү, кызым, сенин көз жашыңды төктүрбөймүн! – деп алып чыгып кетти.

Жездем өз атам экенин ошондон кийин билдим…

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген