Тырмак алды мээнет

Биринчилерден баа бериңиз!

(аңгеме)

Эжекеси:

– Алмас, деги сага эмне болду? – деди класстык чогулушта. Мугалим журналды шуудурата барактай берип, өспүрүмдүн фамилиясынын тушундагы бааларды шыр окуду:

– Кана?… Алгебра – беш, геометрия, физика – беш, биология, химия – беш… Англис, кыргыз, орус тили – беш… Адам жана коом – төрт… Эмнеге “төрт”? Сегизинчи класска көчкүчө чылгый “бешке” окуптурсуң. Былтыр “он-лайн” сабактарда деле жалаң “мыкты” болуптурсуң. Мектепти “бешке” бүткөн бала университет, институтту да алтын медаль менен аяктайт. Мына, чийүү-жазуудан да “төрт”… Мындай баага менин ичим чыкпайт. Олимпиада сынагында бизди алга сен сүрөйсүң. Отличник окуучума мен “төрттү” ыраа көрбөйм… Бөлөк агай-эжейлерден уялам. Эмнеге мындай?…

Ордунда тик турган сары чийкил Алмас жер тиктеди. Классташтарынан уялып, көзү жашылданды. Тултуңдап, таарына түштү: “Балдардын көзүнчө уяткарбай, сабактан кийин өзүмө айтканда…”, – деп ойлонду. Класстык жыйында сабак окуу, жүрүм-турум ачык айтылып, ак сүйлөнөөрүн капарына албады. Үн чыгарбай, түнөргөн калыбында китеп баштыгын дароо колуна алды да, аткан октой тездик менен сыртты көздөй чуркап чыкты. Быйыл Алмас окуган тогузунчу класстын жетекчилигине коюлган жаш, Бакдөөлөт эжеке тургай, классташтары да анын чорт кыялы кармап, качып кетээрин күтүшкөн эмес. Алар үн чыгарышпай, өспүрүмдү артынан караган бойдон кала беришти. 

Кыштын алгачкы айы, эмнегедир, ысык келди. Күн чайыттай ачык. Күнгө чагылышканда көз уялтаар аппак кар тургай, жамгырдын мөлтүр жаштай тамчысы тама элек. Түнкүсүн жылуу, адам үшүгүс. Үч-төрт жылдан тарта мына ушундай кургакчылык. Алмас балтыр эти толо элек, балапан жүнү түшөлек бала боло туруп, акыл-эси толуп-ташып, чачын ак чалган аксакалдан бетер ойго батат: “Кар калың түшүп, учтары көк тиреген аска-зоо, тоолорго түбөлүк мөңгү толсун! Жамгыр менен жер көгөрүп, молчулук толуп-ташып, жердин жети катмары сууга тойсун! Анан эл тоёт! Былтыркыдай кургакчылык жок болсун!” – деп тилейт. Кийими жука өспүрүм бүгүн да мектептеги акыркы сабактын батыраак бүтүүсүн күткөн. Кара тумоо араң токтогон жылы окуучулар сабакты үйүндө кол телефон менен окушкан. 

Алмас азыр үйүнө жетет да, энеси менен карындашынын курсагын тойгузат. Анан унаалар каршы-терши зуулдап өткөн жолду бойлогон жалгыз аяк жолго түшүп, күндөгүдөй базарга шашат. Былтыртан бери бул иш ага өнөкөткө айланган. Шаарча четиндеги үйүнөн чыгып, эл быкпырдай кайнаган базарга жеткиче жолду ката кооз, кызыл-жашыл чатырлуу тогуз-он кабат үйлөргө суктанат: “Бул үйлөрдүн ээлери, чамасы, Россияда, же чет өлкөлөрдө иштешет окшойт. Ошол жактагылар колу толо акча иштеп таап, уул-кыздарын чоң окууларга окутуп, үйлөрүн жаңыртып атышат дешет го! Атам эмнеге анте албайт?” – деп кыялданат. 

Эми чаңкай түштөн күүгүм киргенге дейре кыйла жүк ташып, эмгегине чакан болсо да, тырмак алды тыйын-тыпыр таап алар. Күздө окуу кадимкидей, өз убагында башталган. Ара-чолодо жумуш иштеп, кечинде ошентип, кээде сабагын чала окуп, “аксап” калган кези… (Ага теңтуш айыл балдарынын Алмастыкындай түйшүктөрү түмөн: сабактан соң, үйдөгүлөрдүн жеңилин жерден алышат. Мал багып, кой-эчки кайтарышат. Талаада кетмен чаап, пахта, жүгөрү, төө буурчак, жашылча теришет. Тоолуктары карагат, кожогат, жаңгак, алма, мисте жыйнашат, ини-карындаштарын карашат. Окуудан кайткан соң, түштөн кийин ийримдерге каттагандары сейрек). Эми төрт тарабы жеңил унаага толуп чыккан базарда көз байлангыча жүрө бербей, эрте кайтып, эжекеси айткандай жалаң “бешке” окуп, класс жетекчиси менен өзүн да сүйүндүрбөсө, аты алыска арым таштабайт. Ата-энесинин да үмүтүн актап, терең билим алат. Билим – суусунуңду түбөлүккө кандырган мөлтүр булактай зарыл. “Мээнети катуунун – татканы таттуу” экени оюнан чыкпайт. 

Апасы жаш аялмет болгону менен оорукчан, төшөктө жатат. Сербейген чачы түбүнөн байланган үч-төрт жашар наристе аны-муну булдурап коюп, энесинин жанында куурчак ойноо менен убара. Ак жуумал Алмастын эки иниси да мектепте. Ал кебездей жука жүн тумагын колуна кармап, бети-башы тердеген бойдон каалганы ачып кирип барганда, ыраң-бешенеси жылдыздай жайнаган бөбөгү ага жалт бурулду. Кыз кубанганынан:

– Ана Алмаске келди-и, мага алма ап-ке-е-лди-и… – деди да, кол чаап ийди.

– Бананды кечинде жейбиз, ээ? – деди Алмас тамашалап күлө бага. Күндө базардан кайтканда бөбөгүнө түркүн түс мөмө-чөмө кармай келет. Энесинин жүзүнө тигилип, эки бетинен өптү да:

– Апо-оу, саламатсызбы? Үшүгөн жоксузбу? Азыр тамак ичебиз.

– Аман элемин, садагаң! Кабатыр болбо – деген жооп укту апасынан.

– Көп эле санаа тартпа, апаке?

– Ай, балам ай! Кантип ойлонбоюн, атаңдын аты-жыты билинбей атса, – деди эне уулунун жүзүнө тигилип. – Же тил билбесең… Окуп, бир кесипти үйрөнүп ал, анан бар. Барар жагың түпөйүл болсо… Кайсы жерге барып, кай жумушту иштейсиң? – деп канча какшадым. Укпады. Мына эми үйдөн жок, же чүйдөн жок. Алты саны аман эле жүрсөкен, – Көз жашы мөлт эткен жубан жүз аарчысы менен жүзүн сүрттү.

Не деп, сөз жалгап, энесинин көңүлүн уларын билбеген Алмас үндөбөй, кийимин алмаштырды. Чачылган оюнчуктарды терип, кутусуна салды. Колун самындап жууду. “Эрмектеп турсун”, – деп карындашына бири-бирине кийиштирип, үй тургузаар оюнчуктардын тетиктерин карматты. Жең түрүнүп, таңкыдан калган оокатты жылытты. Чыныга куюлган тамакты башын жөлөп, кашык менен апасына ичирди. Бөбөгүн да кур койгон жок. Мектепте жүргөн инилерине да кешик ашырды. Анан шамдагайлык менен бат-бат кыймылдап, тасмалды жыйыштырды да, идиш-аякты жууду. Суу ысытып, апасынын жоолук, көйнөк-көнчөгүн чайкап, аларды кургатканы кермеге жайды. 

Анын артынан аңдыган Бакдөөлөт дубалга далдаланып, окуучусунун бүткүл кыймылына көз салып турду. Алмастын мектептеги жоругунан улам: “Жөндөн жөн минтип, ойлуу жүрбөс. Бир себеби бар. Жашоосу жайында бекен? Байкаштырайынчы”, – деп кыялданган эле. Өспүрүмдүн түнт тартып, балдар менен ойноп-күлбөй, курбуларынан оолактаган жайын билүүнү чечкен. Ал терезеден көөнө, жарым кылым мурда курулган эки бөлмөлүү үйдүн ичин кайра шыкаалады. Мешке от калаган Алмас артка кылчаярда башын далдаага тарта койду.

Алмастын энеси ушул тапта Орусияда жүргөн күйөөсүн эстеди. Ааламдын эсин оодарган “таажы” вирусу таркагандан бери түгөйү аякта да жумушсуз калганын билбейт. Үйүнө кайтаардын амалын таппаган жубайынан кат-кабар үзүлгөнүнө эки жыл болуп баратат. Пандемияга чейин анча-мынча тыйын тыпыр жөнөтчү. Эми анын да изи сууду. Доктурга көрүнгөнгө сары чакасы жок. Эне-бала карыз сураганды өөн көрөт. Кургак нан менен өзөк жалгап, карандай кара чай менен эптеп жашамай…

Үй-бүлө багуу, ошентип, бели ката элек он төрт жашар Алмастын мойнуна түшкөн. Бирок ал башка түшкөн түйшүк тууралуу эч кимге ооз ачпайт. Мындайды чоң кишилер: “Башка түшсө, байтал жорго”, – деп коюшат. Алмас муну капарына жуутпайт. Ачыгы – кыйналганынан сыр алдырууну каалабайт. Бетине жүз аарчы тагынып, базарга барат. Дүкөнчү, базарчылардын майда-барат жумушуна жарайт. “Менин да арабам болгондо”, – деп ойлонуп, жүк тарткан кирекечтерге көз артат. Ийменип жатып, алардын он-он беш кил жүк батар кол арабасын араң сурайт. Жүк ташытар адам издеген кишиге, же тамак-аш, кийим-кече, жашылча-жемиш жүктөгөн оор жүгү менен базардын бурчуна токтогон чакан автобустарга жалдырай тиктейт. Тартына берсе, колуна кокон тыйын илинбей, жүк да тийбей, мээнети талаага кетерин акыры болжоду да, өзүнөн чоң, күчтүү жигиттер менен кишилердин арасына кирип, жүк талашканды үйрөндү. Кирекечтер адегенде бою узун болгону менен тал чыбыктай ичке, көмүрдөй кара чачы жылтыраган жылаңбаш өспүрүмгө кезек бербей коюшкан. Жүк талашкандар бир нече жолу түртө салышып, аны катардан да чыгарып салышкан. 

Бир күнү базар оозунда жүк тартылды. Кирекечтер не кыларын билишпей, өз ара кобурашып, жарым сааттай бош калышты. Тамекисин бурулдата үйлөп, арабасында дем алып олтурган киши кол шилтеди да:

– Эй, таранчы! Базарда сага эмне жок? Тур… Андан көрө мектепке бар да, топ ойно. Сабагыңды оку! – деди Алмаска.

Экинчи бир кубакай жигит бала чагында дурустап билим албаганбы, кейигендей тигини коштоду:

– Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет. Бирок убагында окуп ал, иним! Жумуш качпайт. Кийин бизге окшоп, темтейип көчөдө калба! Балдар иштебеши керек. Билим алып, илим үйрөнсөң, келечегиңе пайда. 

Кийими кир дагы бир кирекеч мурутчан ал арабакечти жактырбай:

– Эй, дос, антпе! Курсагы ток, кийими бүтүн адам базарда жүк тартпайт, же чайкоочулук кылбайт. Бу баланы да куураган турмуш быякка айдап келгендир, – дей салды.

Муну уккан Алмастын жүнү тирилди да, жалдырай:

– Байке, андан көрө… Арабаңызды бир-эки саатка бере туруңузчу? Сүт-айранга ылайык пул таап алайын. Арабаңыздын акысын төлөймүн.

Ээк-жаагын сакал-мурут баскан кирекеч, бала менен арабалардын ортосуна тура калды да:

– Бербе, бербе! Өзүбүзгө иш жетпей атканда, ырыскыбыз бөлүнөт. Мэриядагылар “балдарды ишке жолотпогула!” – деп эскертишти го! Буга ата-энеси кам көрсүн… Бар, үйүңө кет! – деп итиреңдеп, Алмастан жумуш кызганды. 

Аңгыча:

– Ме, меникин ала гой! – деди бош отурган, отуз-отуз беш жаштардагы мурутсуз, калпакчан кирекеч. Кол арабасын бала жакка жылдырды да: – Бизге түшкө дейре жакшы эле жумуш болду! – Анан Алмаска эскерткендей: – Бирок, көп жүк салба,ээ!? Белиң мертинип калбасын! Күчүңө жараша аз-аздан ташы… Жигиттер, кезекти бу балага берели! Буга кардар да издешели!

Темир арабаларына үйдөй жүктү үйүп, кардарлар менен кошул-ташыл базарга кирип бараткан кирекечтер буларга жалт карашты. 

Аңгыча узун бойлуу, кара көз, кара каш, беткапчан сулуу аял киркечтердин маңдайына келди. Түрү жүк ташуучу издегендей. Арабакечтер аны курчоого алып, жарыша суроо жаадырышты:

– Кандай жүк бар?

– Мен ташыймын.

– Кезек меники…

– Кайда жеткирели?

– Мага бериңиз.

– Канча төлөйсүз? – деп жаалашып, а түгүл кызмат акыларын да кымбатка баалап ийишти.

Арабакечтер далдалап турган Алмас алардын арасынан дароо алдыга өттү. Көп жүк тартып, ууч толо акча табууну чоттоп аткан. Мугалимдин соболуна жооп берчү таризде колун көтөрүп:

– Эжеке, эжеке! Мен жеткирейин!.. Канча акча берсеңиз да, мен макул, – дей салды. 

Аялга көзү-башы жайнаган бала жагып калдыбы, ал Алмаска жылмая карады. ”Жүр эмесе, кеттик!” – деп, ага кол жаңсап, өз соңунан ээрчитти. 

Ошентип, бу жолу Алмастын жолу ачылды, кардар бат эле табылды. Адегенде машиналар күрү-гүү каттаган жолдун аркы бөлүгүндөгү менчик ашканасына суусундук менен картошка, пияз, күрүч жеткиртмек болгон келиндин буйругун аткарды. Жүгүрүп жөнөгөнү менен кол арабадагы жүктүн оордугу кызыл түстүү жарыгы күйгөн жолчыракка жеткенде сезилди. Жашыл жарык күйүп, жол ачылгыча күтүүгө туура келди. Араба сүйрөгөн баланын эт-бетинен тер куюлду. Анын бир аз кыйналганын боолгогон аял: “Жүктү ченебей арткан окшойм”, – деп ойлонуп, өспүрүмдү ичинен аяды. Аял алгоолошмок болуп, кошо сүйрөшкөнү арабанын кармагычына колун сунду. Алмас келиндин боор ооруганына арданып, анын колун ары түрттү.

– Коюңуз, эжеке, мени аябаңыз… Бул эмес, жүз кил жүк ташыганга да күчүм жетет! – деди да, жүктү жеткирген соң: “Өз акымды гана бериңиз!” – деп, баалашкан баадан ашыкча акча сунган келиндин артыкбаш пулун албай койду. Баланын ач көз эмес, башкалардай жулунбаган токпейилдигине бай аял да таң калды.

Өспүрүм андан кийин куту-куту таттууларды базар ичине ташыды. Өз мээнетин арзан баалагандыктан кардарлар анын акысын дароо кармата салышты. Базары шыр жүргөн бала тапкан олжосуна сүйүнүп, киренин ээсине арабанын кызмат акысын төлөп, ыракматын айтты. Үйүнө бир кыйла тамак-аш алып кайтты. Баса, ага дейре базар оозунда турган тилемчилерге да тыйын карматты. “Эмгек акымдан ооз тийишсин!” – деп, кирекечтерге таттууларынан таркатты. Анан гана апасы менен ини-карындашын сүйүндүргөнү үйүнө шашты.

Мунун баарын көчөдөгүлөр менен ары-бери жүрүмүш болуп, бирок, окуучусуна жакындабай, аны ыраактан аңдып келаткан Бакдөөлөт көрбөй койгон жок. Мектептен кайткандан кийин жаны тынбаган Алмастын жайын ошондо түшүндү. Баланын базардын кире беришинде турган тилемчилерге окшоп кайыр сурабай, кабыргасы ката элек болсо да, энесин караган мээнеткечтигине маңдайы жылыды. Бирок кедери кеткен үйдөгү кемчил турмушуна, өп-чап жашоосуна кейиди. Мектептеги мугалимдерден жыйнаган акчаны оорукчан аялга сунаарда Алмас бөлмөгө кирип келди. Ал Бакдөөлөттүн жардам берип атканын түшүндү да, чымчыктай чырылдап, энесинин сунган колун артка тартты:

– Апа, албаңыз! Мен турам го!.. Мына акча, бүгүн иштеп тапканым, – деди да, пулду энесинин чөнтөгүнө салды. – Сизге керек нерсенин баарын өзүм таап беремин.

Эжекеси осолдой түштү:

– Ай, бала… Бул акча апаңдын дарысына. Доктурга көрүнгөнгө да кыйла мыдыр керек. Юрфа, рентген, системи текшерет, анализдерин көрөт. Алар өтө кымбат. А биз ичибиз оорубай, ак ниетибиз менен топтодук. Апаңдын арыктаганын карачы!…

Алмас Бакдөөлөттүн таарынычын болжоду. Аны жазуу үчүн жылмайды да:

– Мээримиңизге ыракмат, эжеке!. Бирок, кайыр алгыдай мен мунжу, же майып эмесмин. Апамды өзүм сакайтам, сабакты да бешке окуймун!

– Койчу, садагасы! Бул садака эмес, карыз да эмес. Кошумча!

– Жок, жок! Коюңуз, эжеке! Бизге бирөөнүн акчасынын кереги жок, – деп Алмас баш чайкады. Ага: “Булар бизди жардамга көзү каткан бечара ойлошот окшойт”, – деген ой келди.

Бакдөөлөт:

– Алмас, ырыскыйды мындай адатты ташта… Токтоо, сабырдуу бол! Турган турпатың менен “жок” дегенден башкага көнбөс кеженейлик жарабайт!.. – деди тырчып.

Эне чалкасынан бир капталына оодарылды. Мугалимди жубаткысы келди:

– Силерге алкыш, сиңдим! Кабар алганыңа ыракмат. Ичиндирип-кийиндирип, бизге ушу козум ашык атып атат. Алмаска таарынба! Бу бала ушундай. Айтканынан кайтпайт. Түн бир оокумга дейре сабагын окуйт. 

– Мээнеткечтигине береке! Чечкиндүү кыялы мага да жагат. Биздин деле жаман оюбуз жок. Эрдикти да Алмастай азаматтар, тири карак өспүрүмдөр жасайт, – деди Бакдөөлөт, оюнда оорукчан аялга кантип кам көрүүнүн бөлөк жолун издеп. 

Алмас түштөн бери наар таткан эмес. Базардан көтөрө келген баштыгындагы жашылча-жемиш, таттууларын тасмалга жайната төктү да:

– Эжеке, андан көрө… Келиңиз, жаңы бышкан мобу алма, анардан ооз тийиңиз. Алыңыз, – деди сылык-сыпаа. 

Энеси:

– Айланайын! Эжеке-агайларың сага экинчи ата-эне болот. Мугалимдер бардык балдарды “жакшы адам, билимдүү киши болсун” – деп тилешет. Эжекеңдин айтканын ук, уулум. Назарынан калба! – деди Алмаска. Ал апасынын тилин алып, баш ийкеди.

Бакдөөлөттүн ичи окуучусунун мээримине жибиди. Өспүрүмдү башынан сылап, кучагына кысты да:

– Ыракмат, балам! – деди.

Эр жүрөк адамдарды Алмаска салыштырды: “Кибирейип туруп, ичине ээр-токумдуу аргымак баткан, пейли кенен садагам! Курут-майы жок, ач-жылаңач турса да, өзү жебей мейманына тиштем нанын кармата салган кыргызым! Ооруса да, кеселине даттанбай, “жакшымын” деп кыйналганын айтпаган… Жоктон бар кылып, абийир, ар-намыс, адамдыгын арамдыкка сатпаган, баталгада башы турса да, актыгынан жанбаган… Бар болсо, көппөгөн, жок болсо, чөкпөгөн асыл кыргызым ай!” – деп сыймыктана түштү.

Эжеке да бирок көктүгүнөн жанбады. Көздөгөн оюнан кайтпады. Алмасты ийге көндүрүп, апасын ооруканага жаткыртты. Жайында эс алууга Ысык-Көлгө барбады. Окуучусунун оорукчан энесин өзүнө тийген жолдомо менен көл жээгиндеги курортто эс алдыртты. Өспүрүмдүн энеси кеселинен сакайып, ордунан туруп, кыйла ишке жарап калды. Бу кезде Алмас да сабагына бир да “төрт” аралатпай, чылгый “бешке” окуп жаткан. Дайыны жок жүргөн атасы да чоң акча менен үйүнө кайтып, жубайынын да, балдарынын да маңдайын жылытты.

Автор

  • 1953-жылы Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда туулган. 1986-жылы  КМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин бүтүргөн. КР Ардак Грамотасынын ээси. КР Өкмөтүнүн балдар адабияты боюнча сыйлыгынын лауреаты. Бир нече повесть-аңгемелери, котормолору, тамсилдери жарык көргөн.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген