|

Жер төшөк

4/5 - (4 добуш)

(аңгеме) 

Жайкы эс алуу мезгилинде айыл жергесинде кайдагы эс алуу дейсиң, баягы апам күзгү, жазгы ирээттелгенден кийинки койдун жүндөрүн чуурутуп алып чыга баштайт. Кышы бою алышкан шырдагыбыз аз келгенсип, ала кийиз жасоо менен алектене баштайбыз.

– Деги эле элдин балдарындай болуп, сыртка ,шаарга чыкмай жок бизде. Качан эс алуу башталат, баягы эле жүн сабап, кийиз жасамайды моюнга илесиңер да турасыңар, – дейм нааразылана.

– Ботом, колуңарга иш тийип-тие электе эле наалыйсыңар да турасыңар. Кийин бүлө күтсөң, көк ийнени көчүгүнөн түртө албай турсаң, мага эле кеп тиет, энеси кандай неме деп, – дейт апам.

Анан башталат баягы, күндүн ачуу тийгенине бет маңдайлаш жүн сабамай.

– Я, апа дейм, жок дегенде, эки сааттык тыныгуу бер, жер төшөктү сүйрөп жайыма кетейин, – деп тамашалап жүрүп көндүрдүм апамды.

Апам ал жүн менен алек болуудан тышкары, көчөгө узунунан тартып алып өрмөк жасайт. Алгач чыгып баштаганда кызыгуум артып карап жүрдүм. Кийин өрмөккө эмес апамдын бир сыр бардай кыңылдап ичинен кайрый обон салганы кызык боло баштады. Не бир мукам үн. Жалдырама тийгендей тигиле карап турганымды байкаган апам: – Үйрөтүп жаткансыбай, тур, өз оокатыңды кыл, – дейт.

– А силер эмнени ойлоп, ырдап атасыңар, – дейм.

– Тирүү болгондон кийин ой бүтмөкпү, кыял да бүтпөйт, – дейт апам. Мен деле кыялданып келейин деп, жер төшөгүмдү сүйрөй жөнөйм.

– Короонун тоо беттей жагынан бир сонун жай таап алгам. Шуудураган терек, жашыл чөп, анан чалкаңан жатсаң көпкөк асман. Бирин-серин не бир табышмактуу нерсенин сүрөтүн тарткан булуттар.

– Кызык дейм, байыркы адамдардай болуп эле жашасак, кечке жүн сабап азап тартпай жыргамак белек дейм. Курсагыбыз тоюп, анан чалкаңан жатсаң атаң көрү деп. Апам да ушинтип түйшүк тартпайт беле деп. Бирок кайра ал кыялыман качып тоолор жакты карайм. Ошол ак калпак кийип алган, далылуу, кыраан кыргыз жигитин элестеткен тоолордун арт жагындагы калаада бир укмуш жашоо болсо керек, жомоктогудай дейм. Атасы менен апасы ээрчишип, жетелеше бакчаны айланып жүргөнүн элестетип, атам менен апамды аяп кетем. Анан өзүмдү элестетем. Апапакай көйнөк кийип алып, кудум сыналгыдан көргөн бийчилердей, көпөлөк сымал бийлеп жатканымды. Ээн эркин эшикте бийлесем дейм. Кызык, апам эмнени кыялданат болду экен, бирок анын кыялында апасы жок да. Таенем тирүү кезинде бизден бошобой, эңсеген жайлоосуна алып бара албаганын арман кылат окшойт дейм.Таенем сонун кемпир эле дейм. Апам жалгыз карманаар кызы болуп, биздикинде жүрүп үзүлгөн эле. Буту баспай төшөк тартып жатчу. Жалгыз таекемди көп айтып өксүк кылаар эле. Жашында эле жайрап калган экен. Таенем байкушум түнү эл уйкуга кеткенде таекемдин көрүнө барып, тытмалап казыптыр. Курган эненин үмүтү болсо керек. Таң атканда таятам байкап, таап келген экен. Мага жашып көп айтып берер эле. Таекең асманда жылдыз болуп кеткен, мени жылдыз чыкканда алып чыкчы деп суранаар эле.

– Алып чыкканда, мени оолак тура тур деп, бир топко күңгүрөнүп, жылдыздар менен сүйлөшчү да, колун жаңсап мени алып кир дечү. – Таза адамдар жылдызга айланат, аруу бойдон кетпедиби кулунум, – деп калчу. Жайлоого барат элем дечү, бирок ал тилегине жетпеди.

Ошондой көр тирилик менен кыялды коштоп жүргөн күндөрдүн биринде, айылдагы бир бала электр тогуна урунуп чарчап калган экен. Өз ата-энеси ажырашып кетип таене, таятасынын колунда жүргөн бала эле. Мектепке бара жаткан жол четинде жашашчу. Күн алыс эмес ошол үйдөн ызы-чуу көп чыкчу. Бала мектепке барганда көңүлсүз, мүңкүрөп жүргөнүн байкачу элем. Бир күнү өтүп баратып, таенесинин баланын жетесине жеткире каргап жатканын уктум. Бала бир башкача муңкана үңүлдөй ыйлап жатыптыр…

Ошол ошол болду.

Апам кейий келип, карманаары жок болсо, караары жок болсо, кантмек эле деп үшкүрүнө жашын аарчыды…

Ал түнү чыктым төшөктү сүйрөп.

Жылдыздар жымыңдап, колумду сунсам жетчүдөй жапжакын сезилди. Анан тиги баланы элестетип, бир жылдызга тигиле сүйлөй баштадым:

– Бала, сен ырас эле кеттиң. Эми ыйлабайсың, эми баарын бийиктен карайсың, чөкпөйсүң. Таза бойдон кеткениң жакшы болду, балким, жерде болсоң сен дагы таятаңдай болуп жаман киши болмоксуң. Сенин дилиңди уулашмак, жарадар кылышмак. Мен сенин апаңды жаман көрөм, кечир. Сени ыйлатып таштап кетерин билгенде сени эмнеге төрөдү экен. Коркпо, менин таекем, таенем бар сенин жаныңда, – деп коштошуп үйгө кирдим.

Андан бери далай жылдар өттү, суулар акты.

Ошол алыстан керемет көрүнгөн тоолорду ашып келгенден кийин баары өзгөрдү. Жер төшөк да өңдөн азып барып, тытылып жок болду. Кыңылдап ырдап, кыялданып өрмөк согуп отурган апам да жок. Ошол көчөнү көрккө бөлөгөн атамдын, апамдын курдаштары баары суунун аркы жээгиндеги түбөлүк айылга көчүп кетишкен.

Бир гана асман, бир гана жылдыздар баягысындай.

Автор

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген