Жонтемир Жондор: “Аныктама”
Биз өлүкпүз…
Жуулбаган, кепини жок ташталган.
Өз ичине өзү көмүлгөн – тирүү куурчактайбыз.
Азгырыктын ачуу уусун ичип алып,
Ата конуш – бейишинен куулган,
Аргасы жок, жансыз сөлөкөттөйбүз.
Мүрзөнүн дубалдарын тырмайбыз –
Тырмак сынып, колдорубуз болсо кан.
Эркиндик – энеден бөлүнүп түшкөндөй,
Бизди жутуп, чайнап жатат туңгуюк.
Көңүлүбүз – кирдеп бүткөн чүпүрөк,
Үмүт келбейт, сүйүнүүлөр жат качкан.
Азаптарда периштелер эригип,
Бизди эзип, мазактап турган чагы бул.
Кыйноо арткан сайын –
Жиндилерче, кыткылыктап-күлөбүз!
Сыртта эмне? Тизгин кимдин колунда?
Биле албай маңбыз, мээбиз чириген,
Жек көрүү жүрөктөрдү козгогон.
Оозубузда жылан – тилибизди чайнаган,
Заман – касап болсо, биз – курмандык!
Мойнубузду сунуп берген, Үмүтсүз,
Биз өлүкпүз.
Тирүү белек? Деги качан? Эсте жок…
Айланабыз – төбөсү тешик мүрзөдөй.
Тамагыбыз – калган-каткан , жугунду,
Биз өлүкпүз –
Өлүктөрдүн ичинен эң “коозу”,
Өз капасын – жалгыз бейиш, Азаттык деп,
Пилла ичинде жатып алган курттарбыз!
Которгон Жанаргүл ЖОЛДОШОВА
