“А дүйнөбү, бу дүйнөбү – билинбейт…”
* * *
А дүйнөбү, бу дүйнөбү – билинбейт,
Асман, Жерби акылыма илинбейт.
Кайдан келип, кайда көчүп баратам
Асыл жаным алкымымда дирилдейт.
Мелт-калт болуп агыламын кайдадыр
Менин жаным кайып дүйнө жайдадыр.
Беймарал, тынч жашайм деген өмүрүм
Аласалып агып кетер дайрадыр.
Чыкпай жүрүп алкактардан, чектерден
Мен бакытка жолукпадым эч жерден.
Алып-учкан сезим менен жашадым
Акыл мага келген болсо кеч келген.
Бир селт этип эки жагым карандым,
Биздин көчө. Аялдама. Караңгы.
Троллейбустан түшүп үйгө баратам
Козгоп алып жүрөктөгү жарамды.
2024-ж. 26-апрель

Булуңунда бүтүн тагдыр көмүлгөн
Буулукканда булак болуп төгүлгөн
Тазалыгы таң калтырат бул ырдын
Таштары да так түбүнөн көрүнгөн…