|

Жылдыздар жана бийиктик

5/5 - (1 добуш)

Мына ушинтип бүгүнкү күн,
Өтүп кетти бат эле.
Күн кеч кирди, жылдыз жайнап,
Уюлгууда төбөмдө.
Көрүп калдым. Сынган жылдыз,
Учуп барып сүңгүп кетти тереңге.
Бала кезде:
– Уктаганда жаман түштөр кирбесин,
Санаба, – деп жылдыздарды,
Апам дайым айтчу эле.
Ага болбой жүзгө чейин
Жылдыздардын атын айтып үйрөнгөн,
Санап чыктым бир-бирден.
Айтканындай апамдын,
Ошол түнү шумдук түштөр киргенин,
Айткан жокмун апама.
Оо керемет!
Бийиктиктин чеги жок.
Кең ааламдын бетин бербей жайнаган,
Кандай күч бар силерде.
Жер үстүндө миң тытынган жашоого,
Жана бүтпөс кандуу согуш талаасын,
Бомбаланган жайкын тургун жарасын,
Сен алыстан карап, багып жатасың.
Кан жөткүрүп жүз миңдеген адамдар,
Таштап качып өз жерин,
Кайгы каптап баратат.
Ай, Күн, Жер да тутулуп,
Эне ыйлайт кучактап,
Согушта өлгөн баласын.
Ушулардын баарына сен күбөсүң,
Согушчандар, канкорлор,
Мойнуна албайт күнөөсүн.
Бир тарабы өрттөнүүдө дүйнөнүн,
Бир тарабы жатат чардап бакадай.
Оо, жылдыздар а силер,
Көз ирмебей ушул шумдук
Түшкө кирбес алааматтын кайгысын
Ичке катып,
Бирде сынып, бирде өчүп,
Жанасыңар, а балким.
Согушчандар укпайт адам баласын,
Ый да, өлүм көнүмүш,
Жардыруулар жеңиш үчүн
Аткан салют өңдөнүп,
Калганына капасың.
Оо, жылдыздар, мен силердей,
Бийиктикти алардан,
Издеп таппай жатамын.
Мына ушинтип бүгүнкү күн,
Өз сапарын карытты.
Жылдыз санап кичинекей боз бала,
Жылдыз сынса жалт карап,
Мен бактылуу боломун деп баратты.

  • Акын, журналист. Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган. ТҮРКСОЙ  уюштурган «Беш акын» аттуу акындардын теле сынагынын жеңүүчүсү. “Жаз чакырган жан дүйнө” аттуу ыр жыйнагы жарык көргөн.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген