Кадыр түн
(аңгеме)
Таң агара баштаган учур эле. Көп кабаттуу үйлөрдүн бирин-серин күйө баштаган жарыктарынан себелеген кар жылдыздай жанып-өчүп аткансыды.
Жоодар бир тууган эжеси Мария, карындашы Маржан менен борбордон төрт жүз чакырым алыстагы айылга 61 жаштагы Каныбек абасын жерге бергени баратты. Бир туугандар былтыр эле атасы Кожобекти узатышса, минтип жыл айланбай анын инисин узатканы баратышат.
– Сөөктү эртең коё турган болушкан экен да, ээ? – деп Жоодар кыйла жол жүргөндөн кийин айтып калды.
– Бүгүн коёбуз, саат 11ге жетип келгиле деп айтышкан, ошон үчүн бүгүн чыктык да, – деди Мария уйкулуу. Мария түнү менен кирпик какпай, канча жылдан бери түгөнбөй келаткан кезектеги кагазын жазып бүтүрүп жөнөтүп, балакатка жете элек балдарын улуусуна каратып коюп жолго чыккан.
– Мага Байыш абам эртең коёбуз деп телефон чалды. Мен силерди: “Бир күн эрте баралы”, – деп баратат дегем, – деди Жоодар.
– Кызык экен го! Бүгүн жерге берип, кечинде кайра артка жолго чыгабыз деген план менен баратабыз да, – деп Мариянын уйкусу чайыттай ачылып: – Мен эртең таң атпай шаарга кайтып келип калышым керек. Бүгүн боло турган иш-чараны эртеңкиге жылдырып, баары менен макулдашып чыккам.
Жанында бир тууган сиңдиси Маржан тегерек келген мамык жаздыгын моюнуна кийип, апакай ичке манжаларын жүн мээлейге салып, жакалуу капюшону менен жүзүн жаба тартып, жылуу төшөк менен белинен ылдый жамынып, уяга киргендей болуп магдырап сөз тыңшап келаткан. Ал акырын көзүн ачып:
– Мен бүгүнкү күндүн сабактарын өтүп бергенге бир инструкторду сурангам да. Эртең төрт сабагым бар, анын ар бири — акча, баарын токтото албайм. Эжем: “Бүгүн коюлат”, – дегенинен бүгүн чыктык, болбосо жолго эртең чыгат болчубуз. Инструкторду эртеңкиге суранат элем.
– Мага Калыс абам: “Имамдар сөөктү кармабагыла, жерге эрте берели, дагы бир күн кармагандын мааниси жок деп көнбөй атышат”, – деп айткан. Ошондой чечилдиби деп тактасам, “Ооба, чечилди”, – деген, – Мария жооп кайтарды.
Бардыгы тунжурап, үн катпай калышты.
Жаздын экинчи айы келип калганына карабай, кар лапылдап жаап турду. Айыл ичи — жымжырт, анча-мынча чыккан үндөр кар баскан тоолорго сиңип кеткенсип, тыптынч. Алыстан боз үйлөр, сыртында кара чапан кийген бир-экөө көрүнөт. Бир маалда алыстан келаткан машинени көрүп, башкалар дагы боз үйдүн сыртына топтоло калышты. Машинени Каныбек абаныкына жетпестен, эки үй бери жайгашкан маркумдун бир тууган иниси Калыстын дарбазасынын алдына токтотуп, өйдө карай жөө жөнөштү.
Кожобек, Каныбек, Байыш, Калыс жана төрт карындашы ушул үйдө туулуп-өсүп, бактылуу балалыктары ушул тоо таянган, көргөндүн көз жоосун алган айылда өткөн.
Жоодар күңгүрөп: “Эсил кайран абам, оой, эми кайдан табам, оой!” – деп, ый аралашкан үн кошуп, боз үйдүн сыртындагылар менен кучакташып, көңүл айтышып жатышты. Мария менен Маржан боз үйгө кирип, жесир калган жеңесинин кошогун, кыздарынын ыйын угуп, кошулуп ыйлап жатышты.
Маркумдун бир тууган карындаштары улуулашып тизилип, үн салып отурушту. Боз үйгө тегерете саман түктөр коюлуп, ага жер төшөк, көлдөлөңдөр салынып, жерге ала кийиздер, килемдер төшөлгөн. Мурда күндөн бери отурган аялдар белинен ылдый жууркан жамынып, өткөн-кеткенди айтып, маркумду эстеп отурушту.
“80-жылдары чоң машине менен колхоздун кызматкерлерине тамак ташып иштеп жүргөндө, бизди дагы жесин деп аз-аздан бөлүп берип кетет эле. Аябай боорукер эле байкушум”, – деп улуу карындашы эскерет.
“Мен алты жашымда Каныбек абам шаарга келип, “Миң түркүн” деген дүкөнгө алып барып портфель, анын ичине толтура мектепке керектүүнүн баарын, куурчак, кумга ойногон чака, күрөк сатып берген. “Ой, аба, мага ушунча акча коротосузбу?” десем, “Сенден акча айлансын, алтыным”, – деп, мени шаарга келген сайын белек алып берип, эркелетип ойнотуп келчү”, – деп Мария эскерип калды.
Учурда Мария ошол бала кезде түркүн оюнчуктары, элинин көптүгү, таңдайда калган балмуздагы менен эсинде калган “Миң түркүн” дүкөнү ушул күндө Бириккен Улуттар Уюмунун кеңсеси болуп калганын, азыр өзү ошол кеңседе иштеп калганын айтып отурду. Кээде Марияга бул кеңседе жүрүп, бала кезде ушул тепкичтер менен Каныбек абасынын артынан калбай жүргөнү элестеп, элдин ызы-чуу үндөрү угулуп кетчү.
“Ал кезде Каныбек абам үйлөнө элек жигит эле. Агасынын кызын ойнотуп, ага жакшы маанай тартуулап келүү абама жакчу беле? Жакпаса аны ким мажбур кылмак эле? Азыр адамдар башкача, бирөөнүн баласы эмес, өз балаңа убакыт жок. Жадакалса Каныбек абага аза күтүп, бир-эки күн убакыт бөлө албай, шашып кетиш керек деп отурабыз”, – деп Мария санаага батып отурду.
Каныбек бойлуу, сөөктүү, булчуңдары чыккан алп киши болчу. Эмне ишти баштабасын тез арбытып: казчуну казып, түздөчүнү заматта түздөп, курсагы ачса баарын кууруп жиберчү. Төрт баланын атасы, ала көөдөн, жаш кезинде ичип келип байма-бай чатак салып жүргөн, бирок аялын, балдарын жакшы көргөн боорукер адам эле.
Бир жолу ата конушун ээлеп калган иниси Калыстын үйүнө кире калса, дааватчылар отурган экен. “Оой, аба, келиңиз, чай ичиңиз!” – деп төргө чыгарышат. Сол колу менен нан жеп атканын көргөн дааватчы бала чыдабай:
– Аба, оң колуңуз менен жесеңиз, – деп коёт.
Анда Каныбек аба:
– Ушунуңарга түшүнбөйм да, менин болгону бир эле денем болсо, кантип анын жарымы арам, жарымы адал болуп калсын?! – деп, кара жумуштан каржалган, ар кай жери тырык, сөөмөйүнүн учун станок алып кеткен, трактордун майы сиңип кетпей калган жоон манжалары менен денесин эки бөлүп көрсөтүп, отургандарды күлдүргөн экен.
– Каныбек аба, муну бизге Азирети Пайгамбарыбыз үйрөтүп кеткен да, – деп бири айтса:
– Эми анысына рахмат дечи, – деп Каныбек аба баш ийкеп тим болгон.
Кийин Каныбек абаныкына башка дааватчылар барса:
– Дагы баягы молдолор келген тура, мени жайыма койгулачы! – деп жиндениптир. Анда дааватчылар:
– Ой, аба, биз молдо эмеспиз, биз дааватчыларбыз.
– Дааватчы менен молдонун эмне айырмасы бар?
– Аба, молдо өлгөндөн кийин келет, дааватчы тирүүсүндө келет, – деп бир тапаны жооп кайтарган.
– Дааватчың менен дагы, молдоң менен дагы эч кандай чатагым жок! – деп үйүнөн кууп чыкканын айылдагылар боору эзилгенче күлүп калышчу.
Каныбек аба акыркы жарым жылдан бери катуу илдетке чалдыгып, баягы тоодой элеси кетип, териси этине жабышып, сөөктөрү көрүнүп, бакырайган көзү эле калган. Анын кыйналганын көргөн адам жанына тура албай калат эле.
Мария боз үйдөн чыгып, Байыш абасын көрүп элжиреп ыйлап жиберди. Кучакташып көрүшүп, ыйлашып алышты.
– Кандай келдиңер, Мария?
– Кудайга шүгүр, жол жакшы экен, тез келдик. Бүгүн коёсуңарбы?
– Жок, эртең коёбуз.
– Бизге “бүгүн коёбуз” деп айткан да Калыс, ошон үчүн келдик. Шаарда иштерибизди пландап койгонбуз да баарын. Дайым эле ызы-чуу боло бересиңер, шаардыктарды өзүңөрдөй бош көрөсүңөр, – деп Мария бултуңдап алды.
– Эми келдиңер да, кайра кетмек белеңер? Турасыңар да сөөк коюлгуча, – деп Байыш жумшак айтканга аракет кылды.
– Сүйлөшүп, кеңешип, чечип алып, анан кабар бербейсиңерби? Силер айткан күнү келебиз да. Кызыксыңар ай, – деп Мариянын каңырыгы түтөдү.
– Биз башынан эле эртеңкиге пландап атканбыз. Ортодон молдолор кошула калып: “Сөөктү кармабагыла, эрте бергиле”, – деп ызылдап жиберишти да. Дагы эле ызылдап атышат. Ызы-чуубуз бүтө элек.
– Ошондо кандай чечимге келдиңер?
– Мен: “Эртең жерге беребиз”, – деп атам. Калыс болсо молдолорго кошулуп алып: “Бүгүн беребиз”, – деп атат.
– Жайы даярбы?
– Кечээ эле даяр болгон.
– Уулу Москвадан келип калыптыр, ырас. Куда-сөөк баары бул жерде экен, эмнени күтүп атасыңар?
– Баары даяр. Бирок өлгөн кишини жанталашып, эрте көмүп салган туура эмес. Өлүмдүн дагы шааниси болот. Бала-чакасы, туугандары аза күтүп турушу керек эки-үч күн, кыйналса дагы. Акыркы сапарга кыргыздын салтында ушундай узаткан. Ит окшотуп ары-бери кыла салып кетип калыш максат эмес да.
– Качан, кантип, кимдин салты, шарты менен коюшту өзүңөр чечесиңер, биз аныңарга киришпейбиз. Бирок бизге так убактысын, күнүн, саатын айтып коюшуңар керек да.
– Кийинкисинде ошентебиз, – деп Байыш мыйыгынан күлдү эле, Мария күлүп жиберип, кайра “эл көрбөсүн” деп токтоп, бирок кайрадан токтоно албай күлүп атты.
– Мен шаардагы жыйынымды эртеңкиге жылдыргам, эми кайра бүрсүгүнкүгө жылдырамбы? Мени “жинди экен” дейт го элдер, – деп Мария шаардагы тынымсыз камчыланган жашоонун демине кайрадан туш болуп, каңырыгы түтөп туруп калды.
Экөө боз үйгө карай бет алып баратканда, тоо тарапта бир топ эркектер кызуу талкууга батып жатканын Мариянын көзү чалды. Арасынан Калысты тааныды. Байыш дагы алар тарапка жөнөдү.
Чогулган эркектер сөөктү качан коюшту талкуулап атышкан. Арасындагы айылдын имамы: бойлуу, ак жуумал, сыпайы багылган сакалы өзүнө жарашкан, ак көйнөгүнүн жакасы саркеч кара пальтосунун мойнунан көрүнүп, тумагын кондуруп кийген, кырктарга барып калган арык чырай киши. Египеттен билим алган, айылга принципиалдуу имамдардын бири катары аты чыккан эле.
– Туугандар, уксаңар, сөөк эки күн турду, мындан ары кармоого себеп дагы жок. Жайы даяр; туугандары, балдары, куда-сөөгү — баары келди. Сөөктү колдон келишинче эртерээк жерге берүү жакындарынын парзы, – деди имам.
– Мал союла элек, сөөктү коюп келгенче бышырып жетишпейбиз, – деп бири жооп кайтарды.
– Өлүм болгон жерде элге тамак берилбейт деп айтып келатабыз. Улуу Орозо күнүндө турабыз. Бүгүн — Кадыр түн. Алла Таалабыздын өкүмү менен агабыздын өлүмү Рамазан айына туш келип калыптыр, андан калса ушул Кадыр түнгө тушталып отурат. Ар кимге мындай убак бериле бербейт, агайын-туугандар! Бүгүн Кадыр түнү жерге берели, макул болсоңор. “Мал союшубуз керек” десеңер, орозо кармагандар бар экен, кечкиге ооз ачканга даярдап жетишесиңер. Келгендер дагы эртең убара болуп кайра келбейт.
– Ооз ачканга чейин эл кетип калат да, сөөктү коюп келээри менен элге эт тартылышы керек, – деп дагы бирөөсү айтып калды.
– Орозо кармабагандар күтүп турушса эч нерсе болбойт. Күтпөй кетип калышса кайра жакшы, өлүм болгон жерден тамак жебей калат. Алыстан келгендерди кошуна ага-инисиникине киргизип, чай берип тургула, – деп имам элди көндүрүүгө сөзү жетпей аракет кылып атты.
– Жеңем менен кеңешип келейинчи, – деп Байыш боз үйдү карай басты эле, иниси Калыс токтотуп:
– Байыш аба, жеңеме айтсаңыз, бүгүн Кадыр түн экен, ушундай күнү жерге берели деп көндүрсөңүз. Жакынкы айылдардан көз көрсөтүп келгендер топурак салып кетишсин, көбү: “Эртең келе албай калабыз”, – деп атышат.
– Кадыр түнүңөр бейишке чыгарат бекен? Өзү бейишиң бар бекен? – деп Байыш күңк этти.
– Бейиш бар, аба, андан күмөн кылуу туура эмес, – деп имам жаман боло түштү. – Ким бейишке чыгарын Жараткандан башка эч ким билбейт, тирүүлөр колубуздан келген нерсени жасашыбыз — парз. Ушул улуу Кадыр түн күнү агабызды жерге берүү мүмкүнчүлүгү колубузда турса, эмне үчүн аны кылбашыбыз керек?
– Эмне эле Кадыр түнгө асылып калдыңар? Эзели Куран окубаган кишини Кадыр түнү жерге берүүнүн мааниси барбы? Силерге эптеп эле өлүктү арыдан-бери көмүп салып, тарап кетиш керек болуп атабы? – деп Байыш кайра кайрылып, талкуунун аягына чыгайын деди окшойт.
– Тарап кетели деп шашылган эч ким жок, аба, биз динде көрсөтүлгөн туура жолду айтып атабыз. Сөөктү узакка кармагандан, элге тамак бергенден эч кимге пайда жок. Өлүк ээсине да, үй-бүлөсүнө да, акыркы сапарга узатууга келгендерге да, өлгөн кишинин рухуна да, акыретте да, бул дүйнөдө да кымындай пайдасы жок.
– Силерге пайда эле керекпи?! Пайда жок болсо үйүңөргө барып жата бергиле, биз өзүбүз сөөктү жерге берип алабыз, – деп Байыштын жини мурдуна чыгып, боз үй тарапка басып кетти.
Калгандары турган жеринде катып калышты. Эч ким сөз улабады.
Байыш боз үйгө кирип, жашыл гүлдүү жоолукту жүзүнө жаба таштап, жер тиктеп чалын жоктоп отурган жеңесине келип, үнүн акырын чыгарып:
– Жеңе, сөөктү имам: “Бүгүн койгула”, – деп атат. Кандай кылалы?
– Эмнеге бүгүн коюш керек экен? – деп жеңеси жоон үнүн акырын чыгарууга аракет кылды.
– Бүгүн Кадыр түн имиш, тууган-урук баары чогулуп калды, эртең кайра топурак салганы келе албай калчулар бар экен, – деди кайниси.
Башынан кыялы чатак жеңенин жини жүзүнө карарып чыга түшүп, адатынча чаңырып, баарын таш-талкан кылайын деп барып, кайрадан ушул кутман куракка чейинки өйдө-төмөнү толо болгон жашоодон топтолгон тажрыйбасы токтотуп калды көрүнөт. Оозун омдоп барып токтоп калып атып, акыры:
– Өлүктү жерге эрте бергендерди Каныбек жаман көрчү, “кутула жадагансып, көмө салып тарап кеткенин карасаң” деп айтчу. Жерге эртең берели, келе албагандар келбей эле коюшсун. Өлүмгө ар ким өзү үчүн келет. Бул жердегилердин баары мен же Каныбек үчүн эмес, өзү үчүн келип отурат. Имамга ошентип айт, – деди жеңеси.
Байыш эшикке чыгып, баягы кер-мур айтышып кеткен топко кайрадан бет алып барып, жеңесинин айтканын сөзмө-сөз айтып берди. Имамдын ак жүзү дагы агара түштү. Эч ким үн катпады. Арада турган, жашка барып калган киши оор тынчтыкты бузуп, имамга кайрылып:
– Өткөндө менин агам өлгөндө, “кой” десек болбой, бир эле күн карматып көмдүрүп салдың эле. Эми кыйын экенсиң, көндүрүп көрчү буларды! – деп табалай карады.
Имам токтоо мүнөз менен, сыпайы жылмайып:
– Аба, биз бул шарттарды өзүбүз ойлоп тапкан жокпуз. Баарын шарияттын жолу менен жасайлы деп элге үйрөтүп, көндүрүп атабыз. Динде өлүктү үч күн кармаган, мал сойгон, келген элге тамак берген, жетимдердин ырыскысын жеген туура эмес.
– Эгер жетимдердин ырыскысын жебеш керек болсо, жаназа окуганга акча аласыңар го! Акча албай, бекер окубайсыңарбы? – деп оңураңдап баштады баягы киши.
– Аба, сиз оорусаңыз доктурга барып, акча берип көрүнөсүзбү?
– Ооба. Доктурдун эмне байланышы бар бул жерге?
– Себеби өзүңүз дарылай албайсыз. Үй курсаңыз дагы ошол ишти билген кишини жалдайсыз, ага да акча бересиз. Эгер өлүктү акыркы сапарга узатуунун дин боюнча бардык шарттарын, жаназа окуганды билсеңиз, молдо чакырып акча кетирип отурбай эле өзүңүз көмүп алсаңыз болот. Мен башка адистердей эле дин илимин беш жыл окугам, кетирген убактыма акы алууга башка адистердей эле укугум бар. Айылга имам болуп шайлангам. Эгерде айтканымды кабыл албасаңар, өзүңөр билгендей жасай берсеңер, менин бул жерде керегим деле жок экен да. Анда кете берейин, – деп имам колун бооруна коюп, баарына бир сыйра карап, урмат көрсөтүп коштошуп, айылдын ылдый жагын көздөй акырын кадам шилтеп басып кетти.
– Жаназаны билген адам таба албай калыппызбы? – деп дагы бирөө күңк этип койду.
– Эзели Куран окубаган кишини жаназасы жок деле көмө берсеңер болот, өлүк силердики, өзүңөр чечесиңер! – деп имам каардуу жооп кайтарып койду.
Мындай болуп кетерин ойлобостон, молдону ар тарабынан жаалай бергендер бири чийки эт жегенсип шылкыйып калышса, башкасы “ушуну көрмөксүң” деп табалап, артынан узатып карап турушту. Арасында турган Калыстын дүнүйөсү куруп: “Ушунчалык караңгы болобу? Имамды кууп кетирген эмне деген шумдук! Эки дүйнөдө жакшылык көрөбү ушулар?” – деп ичинен ойлонуп туруп калды. Анан гана эсине келди көрүнөт, “кечирим сурап, узатып коёюн жок дегенде” деп, имамдын артынан басты. Калыс өзүнүн үйүнүн жанынан имамга жетип:
– Үйгө кирип, чай ичип кетиңиз, – деп суранды.
Имам чайга киргиси келген жок, бирок Калыстын өзүн күнөөлүү сезген, айласыз кубарган жүзин тиктеп, боору ооруду окшойт. Калыстын көкүрөгүнө түшкөн сакалын кар басып, тизесинен ылдый түшкөн сүннөт көйнөгүнүн чети суу болуп, бутундагы чоң өтүгүнүн кончу ачылып, ичине кар кирип атты.
Эшиктегилердин кызыл-чеке болуп, өлүктү качан көмүүнү талашып жатканда, Мария Каныбек абасынын баягы тоодой болгон элесин эстеди. Бир кезде ушул короонун таш дубалын жалгыз өзү тургузуп, үнү чыкса тоо жаңырган алп киши эле. Бузулуп калган комбайн, тракторлорду чачып, тетиктерин камырдай ийлеп, кайра башынан оңдоп, заводдон чыккандай жаңыртып алып айдар эле. Таң заарда талаага чыгып кетип, кечке чейин тоону томкоро иш кылар эле раматылык аба.
Калыс имамды ашканасына киргизип, чай коё калды. Имам алдына койгон ысык чайга кол тийгизбеди. Калыстын түйшөлгөн абалын байкап, акырын сөз баштады:
– Калысбай, кайгырбаңыз. Ислам алгач келгенде эл дароо кабыл ала калган эмес. Керексиз каада-салттар элдин канына сиңип, “эл эмне дейт” деген куру намыс орноп калган. Муну тазалоого убакыт керек, сабыр кылыңыз.
– Кантип сабыр кылам, таксыр? – Калыс оор үшкүрүнүп, көзүнө жаш алып ыйлап жиберди. – Өз бир туугандарымдын ушундай караңгылыкта жүргөнүн көрүү мен үчүн тозок. Өлүктү койгонду эмес, жөнөкөй нерселерди кабыл алдыра албай койдум. “Ага-эжелериме Жаңы жылды майрамдаган, туулган күндү, Ноорузду белгилеген — арам, акыйкатты айтуу менин парзым”, – деп айтып атып баарына жаман көрүнүп бүттүм. Үйдүн кенжеси катары ата конушту ээлеп калдым, бирок бир туугандар үйүмө келбей калышты.
Аңгыча эшиктен Байыш менен Мариянын сүйлөшүп аткан үндөрү угулуп, экөө удаа кирип келишти. Экөөнүн тең кабагынан кар жаап, жолундагынын баарын тебелеп кетчүдөй кебетеси. Байыш иниси Калысты жаман көзү менен теше карап, алдына ысык чай коюлган имамды көрүп, жүзү ого бетер карара түштү. Тар ашканада алп абаны качан жерге берүүнү талашкандар чогулуп калганын кара!
– “Шартыма көнбөсөңөр жаназа окубайм” деп элди экиге бөлүп, анан бул жерде чай ичип отурганын кара! Сенин кыргыздын салтына туура келбеген шарттыңды кабыл алып, карап отурат экенбиз да, ээ? – деп Байыштын үнү каргылданып, дубалды титиретип жиберди. – Биз миң жылдардан бери өлгөнүбүздү сыйлап, мал союп, элди тойгузуп, аза күтүп узатып келгенбиз. Ата-бабанын салтын тепсеп, өлүктү ит көмгөндөй арыдан-бери жашырып салганыбыз кайсы намыска туура келет?
Калыс чыдабай ордунан ыргып туруп, катуу кыйкырайын десе көкүрөгү ачышып кеттиби, жүрөгүн кармап, ый менен ачуу аралаш дирилдеп сүйлөдү:
– Кайдагы намыс, аба?! Силерге элдин ичип-жегени, “баланча жылкы союптур” деп мактаганы маанилүүбү? Силер абамдын аркы дүйнөсүн эмес, элдин ушагын ойлоп жатпайсыңарбы!
– Абабыздын аркы дүйнөсүнө сен экөөбүз арачы боло албайбыз. Ал бул дүйнөсүн да, аркы дүйнөсүн да өзү жасап кеткен. Биздин милдет — элге шерменде болбой жерге бериш гана.
– Силер эмнеге мынчалык караңгысыңар?! – деп Калыс башка сөз таппай, башын мыкчып бурчка такалды.
– Караңгылыктан бизди эмес, силерди чыгарыш керек! – деп Байыш имам экөөнө колун кезеп жооп кайтарды.
Буга чейин үнсүз турган Мария алдыга бир кадам таштап:
– Эки дүйнө, бейиш-тозок, салт-санаа, Кадыр түн деп отуруп эмнени кыйраттыңар? Жадакалса келишип, бир так убакытты айтып эл чакырууга жарабайсыңар, баарын убара кылып отурасыңар. Өлүктүн үстүндө туруп, кимиңер кыйын экениңерди талашып жатасыңар.
– Сенчи, Мария? Сен өзүң кимсиң? – деп Байыш ачууланды. – Абаңдын өлүмү үстүндө туруп, шашып шаарыңа качып кетиштин айласын издеп атасың. Кыйын болуп “гендер, теңдик” деп атып, элдин тамырын кыркып бүттүңөр!
– Байыш аба, мен гендердик теңдикти жайылтам деп тынбай китеп жазам, динчилдер күнү-түнү даават кылат. А сизчи? “Каада-салт, кыргыз, үрп-адат” деп какшайсыз, бирок эч нерсе кылбайсыз. Баарын урушуп-тилдегенден башка алгылыктуу бир нерсе кылдыңарбы?! Чын-чынына келгенде, элди силердин салтыңар да, диниңер да кызыктырбайт. Эл силердин кармашыңардын курмандыгы болгусу келбейт. Сөөк эртең коюла турган болдубу? Анда эртең саат канчада коюлат экенин элге жарыя кылып койгула, баары качан экенин билбей, баштары маң болуп отурушат.
Мария сөзүн бүтүрүп, эшикке чыгып кетти. Бөлмөдө оор, муунтуучу тынчтык өкүм сүрдү. Бир кезде чогуу ойноп, бир казандан тамак ичип чоңойгон, ушул үйдө бактылуу балалыгы өткөн бир туугандар эми бири-бирине түшүнүксүз жат адамдардай, кас душмандай тиктешип турду.
Сыртта болсо табият өз өкүмүн сүрүп, жазгы кар лапылдап жаап жатты. Баарынын балдай таттуу балалыгы өткөн тоолор ак карга жамынып, Кадыр түндү узатып, таң агара баштады. А бала кезде ар бир түн Кадыр түндөй сырдуу да, баалуу да эле.

Маселе туура коюлган, ангеме кыйла реалисттик нукта жазылган. Менимче финалдын ачык калганы анын азыр да актуалдуу экенинен кабар берип турат. Башкача айтканда, даяр жооп жок, аны окурман өзү ойлонушу керек.
Чоон рахмат Жыргал байке
базар жок 🔥💪💪💪💐