Уранды
(аңгеме)
– Сибел апа?
– Ов, кызым.
– Жакшы элесизби?
– Бир аз демим кыстыгып атканы болбосо, жакшы элемин.
– Саат канча болду экен?
– Ким билет, ого эле көп жаттык, түш болуп калгандыр.
– Таң ата элек болчу, ээ?
Кемпир жооп кайтарган жок. “Таң ата элек болчу” деп ойлонду өзүнчө. “Чынар!” деген ачуу чаңырыктан ыргып турду. Үй бешиктей термелип атыптыр. Кантип туруп, кантип кемпирдин керебетине жеткенин билбейт. Шыптагы асма чырактын шагырап, текчедеги буюмдардын кулап атканын сезди, караңгыда. Сыртка качып чыгуу оюна келген жок. Балким, өз башын алып качып жөнөсө, жетишип калат беле? Бирок ал кемпирдин бөлмөсүн көздөй чуркабадыбы. Ошол учурда үйдүн дубалдары көчүп, бөлмө чууга толуп кетти. Ызы-чуунун ичинен:
– Мени жерге түшүр! – деген кемпирдин буйругун укту.
Аны төшөк-жуурканы менен сүйрөп, керебеттен түшүрүп атканын билет. “Жалп” этип жарыкөчкөндөй болгонсуду…
– Чынар?
– Угуп атам, апа.
– Суусап атам.
Эмне дээрин билбеди. Эки жылдан бери кемпирдин оозунан чыккан буйрукту аткарып, күнүн күн, түнүн түн дебей суу десе, суусун, чай десе, чайын дайындап кашында турчу эле. Бүгүн мынтип колу-буту байланып турганын карабайсыңбы? Сибел апа сексен эки жашта. Беш жылдан бери ооруп, төшөктөн тура албайт. Бир кыз, бир уулу, неберелери бар. Алар деле ушул шаарда жашайт. Анда-санда бир келип, апасынан кабар алып кетет. Ар келген сайын: “Биз менен эле жашасаң боло” – деп, энесине жалбарат. “Өз үйүмдөй болобу, төрүмдөн көрүм жакын, өлсөм өз үйүмдө өлөйүн” – деп, кемпир ага көнбөйт.
– Түш ооп калгандыр, ээ?
– Ким билет, же кеч кирип калдыбы? Караңгы жерде канча жатканың, убакыттын канча болгону билинбейт турбайбы. Бизди качан куткарат, ким куткарат? – деп, Чынар ыйлап ийчүдөй мукактанды.
– Куткарышат, чыда.
– Ачкалыктан өлгөнү жатам.
– Ачкалык адамды өлтүрбөйт. Суук жаман. Багыбызга күн жылуу болгой эле. Мен го жууркан-төшөгүмдүн ичиндемин. Сен кантер экенсиң? Эң негизгиси кыймылдай көрбө. Үстүңө цементпи, буюмбу, кулап кетип басып калбасын. Тынч жата көр, майып болуп каласың, – деп, кемпир улам-улам эскертип атты.
Чынар манжаларын гана кыбыратып, ашыкча кыймылдай албай көмкөрөсүнөн түшкөн калыбында жата берди. Жүзүнө жердеги таш-топурак өтүп, оорутуп баштаганда гана башын бирде оң жагына, бирде сол жагына буруп алмаштырып алат. Кемпирдин үнү ага сол тараптан, ал жаткан жерден төмөнүрөөктөн угулуп тургансыды. Башын жогору көтөрүп, эки жагын карап эч нерсе көрө алган жок. Жонунан ылдый басып турган жүк ашыкча кыймылдатчудай эмес.
Алар төрт кабат үйдүн экинчи кабатында жашачу. Кемпирдин айтымында анын өмүрү ушул жерде өтүптүр. Үй аябагандай эски, Сибел байбичени, төртүнчү кабатта жашаган жээнин айтпаганда кароосуз. Үйдүн эскилигин Чынар да жактырбайт.“Багы жокко дагы жок деген ушулбу? Жок дегенде ушул жактан жаңы үйгө туш болсом эмне?” – деп, кейип калат. Ал өз өлкөсүндө жепирейген эки бөлмөлүү жер тамда жашачу. Кыштын күнү сууктан тажаганда, ажатканасы ичинде, мончосу ичинде, ысык суусу бар үйдө жашагысы келип, кыялданчу. “Качан элдей үйлүү болуп, элдей турмуш кечирер экенбиз?” деп, жолдошуна көп наалыды. “Балдар чоңойгончо, акча топтойлу, келечек түзөлү, жаңы үй куралы. Экөөбүздүн бирибиз сыртка чыгып иштеп келели”, – деп, күйөөсүнүн мээсин жеп жүрүп, Түркияга иштегени келген. Эми эки жылдан бери тентип, үй бетин көрбөй жүрөт. Үйүн эстеп отуруп, “Жепирейген жер тамдар эле жакшы тура. Ушундай апаат күн келгенде качып чыгууга оңой, куласа да жеңил болот”, – деп ойлоду. Капыстан коңшуларын эстеп кетти. Төртүнчү кабаттагы кемпирдин жээни үй-бүлөсү менен үйүндө эмес беле. Эмне болду экен?
– Сибел апа?
– Ов!
– Орхандар эмне болду экен?
– Ким билет, үн салчы, бирөө жарым жооп берер.
– Орхан, Салиха! – деп кыйкырды.
Жооп болгон жок. Өзүнүн үнү өзүнө араң угулду.
– Э-эй, бирөө жарым барбы?! Мени уккан бирөө барбы?!
Жооп болгон жок. Ушунча да жымжыртык болобу? Урандынын арасынан да, сырттан да деги эле “тык” эткен дабыш чыккан жок. Эми корко баштады. Ким жардамга келет? Качан келет? Эч ким келбей койсочу? Эртеден бери алар жашаган үй эле урап калгансып аткан. Эми бүтүн дүйнө үчүн корко баштады. Кудай сактай көр, Кыргызстан соо болду бекен? Балдарым эмне болду? Башка үйлөр эмне болду?..
– Чынар?
– Угуп атам, апа.
– Тынбай кыйкырып тур, бирөө жарым үнүңдү угуп, басып келер. Мени куткарышпаса деле мейли, сени куткарышса экен. Сен жашсың, алдыңда узун өмүр бар.
– Антип айтпаңызчы, экөөбүз тең кутулабыз.
– Тынбайкыйкырып тур, үнүңдү бирөөлөр уксун.
– Чүш, апа.
– Эмне болду?
– Бир үн чыгып аткансыйт, тыңшасаңыз.
Экөө тең дымып калды. “Тык-тык-тык” деген үн угулду. Бирөө бир нерсени ургулап аткандай болду. Бирок көпкө созулган жок. Кайрадан жымжырттык өкүм сүрдү. Чынар колдорун ары-бери кыймылдатып, айланасын сыйпалап көрдү. Топурак, майда барат кесектен башка эч нерсе урунган жок. Анан башынын тушунда жаткан кесектерди алып, оң тарабына жыйып, жол ача баштады.
– Эмне кылып атасың?
Кемпирдин үнүнөн чочуп кетти.
– Алды жакты казып көрөйүнчү, бир нерсе көрүнөр, балким.
– Токтот, казба, бир жер урап кетсе, цемент үстүбүздү басып калбайбы? Тээ бир жылдары катуу жер титиреп, көп жоготуу болгон. Урандыда калган эл куткаруучуларды күтпөй, “өзүм чыга калам” деп, көпчүлүк ошондон мертинген.
Чынар казганын токтотту да, эки колун бириктирип колуна башын коюп жатып калды. Эми жанагыга караганда жаткан жери бир аз ыңгайлуудай, кеңейгендей боло түштү.
– Мурда да зилзалага кабылдыңыз беле?
– Кабылбай анан.
– Кызык, ээ? Экижылдын ичинде экөөбүз эмнелерди гана сүйлөшпөдүк. Сиздин мага, менин сизге айтып бербеген сөзүбүз калган жок деп ойлочумун.
– Зилзала айтып бере турган сөз эмес эле да, кызым… Бул жолкусу да ошондой чоң балекет көрүнөт. Болбосо, мынчалык болбос элек.
– Мен деле бир зилзаланы көргөм, бирок кичинекей болчумун да, жакшы билбей калдым” – деди Чынар, жадымында элес-булас калган окуяларды эстегени аракет кылып.
…Кичинекей болчу… “Зилзала”, “жер титиреди” деген сөзгө жакшы деле түшүнгөн эмес. “Жер титиреп атат” деп, ким биринчи айтты экен ага? Кантип ойгонду эле, өзү ойгонду беле, же бирөө жарым аны ойготту беле? Такыр эстей албады. Түн ичинде чуру-чуу түшүп, үйдөн качып чыгышты. Балким, аны атасы көтөрүп чыккандыр, же апасы көтөрүп чуркагандыр. Билбейт. Бакчанын ичинде тапчан бар эле, ал түнү тапчанда укташты. Укташты беле, аны да так айта албайт. Эртеси да үйгө киришкен жок. Үйгө кирбегени менен кадимки тиргилик уланып атты. Апасы үйдүн ичиндеги жууркан-төшөгүн, күнүмдүк турмушта колдонгон анча-мынча буюм-тайымды бакчага чыгарды. Эрте мененки чайга отурганда апасы: “Келатат, айланайын, Жараткан, келатат” – деп, жакасын кармап шыбырады. “Ким келатат, эмне келатат?” – деп, баары таңыркап, эки жакты карап элеңдеди. Бир кезде эле күркүрөгөн добуш чыгып, ага катар унтамдын, малкананын дубалдары көчө баштады.
– Ырас талкан менен унду алып чыгып койгон экем, – деди апасы сүйүнүп.
Зилзалада жер титиреп, үй кулайт дегенди ошондо түшүндү. “Үйүбүз да кулайт экен го, ушуну менен бактын ичинде жашап калат турбайбызбы” деп ойлонду. Капыстан эсине жаңы чач байлагычтары келди. Бир жума мурун атасы шаардан апкелип бербеди беле? Учунда экиден төрт кулпунайы бар, кыпкызыл чач байлагычтарын эстеп, ичи ачышып турду. Кулпунайлары үзүлүп калат деп аяп, жатарда чыгарып койчу да. “Кап, чыгарбай эле койбой. Күзгүнүн алдында болчу, эптеп үйгө кирип, алып алсам болмок” деп ойлоду да, уурданып апасын карап атты. Ал далиске жетип калганда артынан апасынын үнү чыкты:
– Каякка барасың?
– Чач байлагычтарымды алам.
– Ала албайсың, үйгө киргенге болбойт!
– Болот! Чач байлагычтарымды алам!
Айласы кеткен апасы: “Сен бакчага бар, мен алып чыгайын” – деп, үйгө кирип кетти. Апасы чач байлагыч менен бирге баштык көтөрүп чыкты. Сүйүнүп кетти. Баштыкта печенье бар эле. Анда азыркыдай таттуунун түрү жок. Апасы печеньени өзү бышырчу. Ашкабакты сууга кайнатып киргенде эле бир туугандар чурулдап сүйүнө баштачу. Кызык, ошол учурда жумуртка жок беле? Бар болчу да. Анда неге апасы камырдын өңү сары болсун деп, камырга жумуртка эмес, ашкабак кошчу эле? Ошентип бышырган печеньесин да бекитип берчү эмес беле. Бир берсе, бир эле отуруп баарын жеп коюшчу да. Жер титиреген күнү баштыктагы печеньени түгөтө жешкен. Бет маңдайында жашаган коңшунун өзү теңдүү кызына да берген апасы. Алар ар дайым бирге ойношчу эмес беле. Өзгөчө ошол күндөрү короодо, керелден кечке ойношчу болгон. Оюн арасында “Жердин астында мүйүздөрү узун чо-оң уй бар экен. Жерди ошол уй көтөрүп турат имиш. Жакында эле курсагы ачып, оттоп кетиптир, жер ошон үчүн титирептир” деп, бири-бирине ар кимден уккан кептерин айтып беришчү. Эсинде ушулар эле калыптыр. Дагы эмнелер болду эле? Дагы эмнелер болгонун эстей албай убара болду. Канча күн сыртта жашашты эле? Качан үйгө жашап башташты эле? Кулпунайлары бар чач байлагычтары качан, кантип жоголуп кетти экен? Эстей албады. Дубалдар эсине келди. Ошол зилзалада үйдүн дубалдарынын көп жеринен жарака кеткен экен. Аны кийин билди. Эс тартканда билди. Алжаракалар азыр деле бар. Атасы өмүр бою эле ылай менен жаракаларды жамап, чаптап жүргөнү жүргөн. Ар дайым чарага ылай чылап, жаракаларды бекиткенсийт. Азыраак убакыт өткөндөн кийин кайра эле жаракалар ачылып калган болот. Жарака бүтөлбөйт тура…
– Кызык, жарака бүтөлбөйт экен, ээ?
Кемпир унчуккан жок. Жүрөгү “шуу” дей түшүп, кыйкырып жиберди:
– Сибел апа?! Сибел апа?!
– Эмне болду? – кемпир алсыз үн катты.
– Неге унчукпай калдыңыз?
– Көзүм илинип кетиптир.
– Мен сизге сүйлөп атпаймынбы. Жарака бүтөлбөйт экен дейм.
– Эмне болгон жарака?
– Жаракачы, кадимки эле жарака.
– Жарака бүтөлмөк беле? Жарака бир кетсе, тээ тереңден кетет, ичтен кетет. Ошого бүтөлбөйт, кызым. Ким билет, бул апааттан ким кандай жаракат алганын. Кыштын күнү эл куурады го. Жок дегенде Кудайдын көзү түз болуп, күн жылуу болуп турса экен – деп, күңгүрөнүп алды кемпир.
Унчукпай калышты. Ар ким өз оюна батып тунжурап турду.
Ачкалыктан алы кетип, чыдабай бараткан Чынар сөөмөйүн шилекейлеп, жерге тийгизип жалап көрдү. Оозуна цементтин, боектун даамы келди. “Биздин үйлөр болгондо, топурак даамданмак да” деп, ойлоду. Бала кезинде топуракты көп жечү. Тамдын боорун оюп эле жеп кирчү. Апасынан эки жолу колго жегенден кийин, сарайдын, көмүртамдын көзгө далдоо жерлерин жеди. Өзгөчө кемеге тамдын топурагы укмуш даамдуу эле. От жагыла берип, топурак бышып калчу беле, же түтүн каптай берип ышталып калчу беле, айтор укмуш даамдуу болчу. Таңдайына кадимкидей топурактын даамы келди. Нандын, тамактын даамын эстегиси келип кетти. Нандын даамы кандай эле? Эстей албады. Бир эле күндө нандын даамын унута түшкөнүн кара? Бирок бала кезде жеген топурактын даамын даана эстеди. Кызык, ошончо даамдан топурактын даамы так эстелип атканына таң калды. Оозу кургап суусап чыкты. Топуракты, тамакты, сууну ойлобогону аракет кылды. Алаксыйын дедиби, баласын, күйөөсүн, Мекенин, ата-энесин ойлоду. Эмне кылып атышты болду экен? Сагыныптыр. “Ушул кырсыктан аман калсам эле Мекенге кайтам, карандай суу ичсем да, балдарымдын, жакындарымдын маңдайында отурам” деп ойлоду. Бирок көпкө ойлоно албады. Болгон жок. Кайра эле оюна тамак, суу келе берди.
– Чычкан аке, суу берчи?!
– Эмне?! – деп, кемпир чочуп кетти.
Өзү да чочуп кетти. Кемпирге угуза сүйлөгөнүнөн чочуп кетти. “Эмне болуп атам, жөөлүп атамбы?” деп, ойлоду. Анан ичинен: “Чычкан аке, суу берчи?! Чычкан аке, суу берчи?!” деп, улам-улам кайталап, ким бирөөгө жалынып атты. “Жөөлүп атат окшойм” деди. Чычкан аке, суу берчи?! Муну кайдан укту эле, же окуду бекен? Эстей алган жок.
– Чычкан аке, суу берчи?!
Аңгыча “шарак” этип бир нерсе кулап кеткендей болду. Чынар башын көтөрүп үн чыккан тарапты тыңшап калды.
– Ким бар? Сырттан угулар-угулбас үн келди.
– Мен бар, мен!
Чынар үнүнүн болушунча жанталашып бакырды. Каргылданган үнү жаңырып кетти. Чын эле бирөөнүн үнүн уктубу, өз кулагына өзү ишенбей турду.
– Сибел апа, Сибел апа?!
– Орхан окшойт – деди калтаарып. Кемпирдин жээнин тааныгансыды. Үн сырттан эмес урандынын арасынан келди окшойт.
– Сибел апам бар, мен бар!
– Чыдагыла, куткаруучулар келди. Чыдагыла!
Чынар сүйүндү. Орхандын үзүл-кесил келген үнүн угуп сүйүндү. Көп сөздөрүн уккан жок. Тек гана тирүүлүктүн үнүн уккансып сүйүндү. Ачка болгону, суусаганы заматта унутула түштү.
– Апа, уктуңбу? Куткаруучулар келди дейт. Баары жакшы дейт.
– Кудайга шүгүр, – деди кемпир шыбырап.
“Тык-тык”, “чык-чык” алыстан болор-болбос үндөр келе баштады.
– Караңызчы, каза баштады, бизди куткарышат.
– Мени куткарышпаса деле мейли. Мен ушул шаарда төрөлүп, ушул шаарда жашадым. Ата-бабаларымдын өмүрү, өзүмдүн сексен жылдык өмүрүм ушул жерде өттү. Мен урандынын алдынан чыкканым менен жаштыгым, бактылуу күндөрүм, баары урандынын алдында калды. Бул апааттан тирүү кутулсам, жашоону башынан баштаганга туура келет. А башынан башташ үчүн адамда ден соолук, жаштык, каалоо-тилек, күч-кубат болуш керек. Менде мунун бири да калган жок. Сыртта кандай күн болуп атат, ким билет? Балдарымдын башына эмне келди, ким билет? Ылайым, аман болушсун. Ушул кырсыктан соо калышсын. Сыртта мени күтүп турган болушсун, мен ошого ыраазымын. Сага да ыраазымын, Мекениңе кайт кызым, үй-бүлөңө бар! – деди кемпир.
Чынар бул жолу аны соорото алган жок. Тек гана бышактап ыйлап калды. Өзү да араң турган жаны эми кемпирди аяп, өзүн аяп, алыстагы жакындарын, балдарын, жолдошун эстеп ыйлады. Жер бир силкинип койсо, өмүрдөн ушинтип ыргып кетет тура адам баласы. Өмүрдүн бир ирмемдик экенин, кымбат экенин, бул жашоодо эң маанилүүсү амандык экенин түшүнүп ыйлады. Анын ыйын “тык-тык”, “чык-чык”, “зыр-р-р-т” деген үндөр коштоп атты.
* * *
“Чынар, Чынар” деп, кемпир алсыз үнү менен аны чакырып атты. “Дагы жата турайынчы, таң ата элек” деп, ойлоду көзүн ачалбай жатып. “Бир аз уктап алайын, тамак жей турган деле маалы боло элек, дары иче турган маалы деле боло элек. Өзү уктабаганы аз келгенсип, мени да уктатпайт” деп, уйку соонун ортосунда кемпирди жаман көрүп алды. “Чынар, Чынар!” кемпир болбой эле чакыра берди. Эми ордунан атып тура калмакка бир обдулуп, кыймылга келбей жатып калды. Жер титирегенин, өзү урандынын астында экенин эстеди.
– Чынар?
– Угуп атам, апа.
– Уктаба, түн кирип калган окшойт, аябай үшүп атам. Сүйлөп жат, уктабайлы, тоңуп калабыз.
– Орхан, Салиха!
Чынар үнүн болушунча кыйкырып алды.
– Казып атат, чыдагыла!
Үн жанагыдай эле алыс жерден, болор-болбос угулду.
“Так-так”, “чак-чак” деген үндөр тынбай угулуп, үстүнө бирин-экин топурак себелеп атканын сезип жатты Чынар. Аңгыча “тарак” деп бир нерсе кулап кетти. Алгач таш же кыш деген ойдо колу менен башын калкалады. Анчалык катуу эмес бир нерсе, чыканагына бир тийди. Колу менен сыйпалап көрдү эле, гүл экен.
– Эмне болду, эмне кулады?
– Гүл.
Гүлдү кармалап көрдү, итабар бой салып калыптыр. Алардын үйүндө гүл жок болчу. Кемпир гүлдү жакшы көргөнү менен өстүргөндөн алда качан калган. Чынардын болсо гүл баккысы келчү эмес. Кемпирдин кир-когун жууп, үйүн жыйнап, тамагын бышырып атып эле күн бүтөт, алы калбайт. Анын үстүнө “Өзүм бирөөнүн үйүндө, бирөөнүн жеринде жашап жүрүп, гүлдү эмне кылам?” деп ойлой берчү. Өз үйүндө деле бир да жолу гүл өстүрбөптүр. Азыр эстесе, “Жаңы үйлүү болгондо өстүрөм, ушул жаман терезелерге гүл жарашабы?” – деп ойлочу экен. “Апам гүлдү жакшы көрөт”, – деп, кемпирдин кызы бир-эки курдай гүл көтөрүп келген. Бирок аны ашыкча түйшүк көрүп, суу куйбай, карабай жүрүп, атайылап эле соолутуп, өлтүрүп койгон. Азыр ошол кылыгы үчүн эрдин тиштеп, өкүндү.
– Ылдыйда дагы эки киши бар.
Орхандын үнү жанагыдан так, даана угулду.
– Чынар, Сибел апа, чыдагыла. Бизге жетейин деп калды анан силерге жол казып башталат, – деп, кыйкырды ал.
– Уктуңузбу, биринчи Орхандарды куткарат экен. Анан бизге келишет экен. Чыдайлы.
Кемпир жооп берген жок. Өзүнчө күбүрөнүп, онтогондой болду.
Арадан бир топ убакыт өттү. Бирок казгандар бир жыйынтык чыгарган жок. Казып атышат, казып атышат. Ушунча да жай болобу? Казган ушунча оорбу? Чыдамы кеткен Чынар үшүп, ачкалыктан алсырап суусагандан каны ката баштады. Колун ушалап, үйлөп, жылытып атты. Бир убакта сыйпалап отуруп гүлгө колун тийгизди да, бир жалбырагын үзүп алды. Оозуна салып чайнап көрдү эле ачуу даам келди. Ачуулугуна карабай жутуп ийди. Өзөгүнө аш баргансып калды. Дагы бир жалбырак алып чайнап баштады. “Ачкалык эмне жедирбейт” деген сөздүн маанисин эми түшүндү. Адам кичинекей нерсени түшүнүш үчүн, ушунча да чоң сабак алабы? Жаратылыштын айкөлдүгүнө таң калды. Болбосо, ал канча гүлдүн жанын кыйды эле? Эми бир гүл анын жанын сактап калганы турат. Кечирим сурады. Кимден кечирим сурап атканын ажырата алган жок, Бирде гүлдөн, бирде балдарынан, бирде кемпирден, бирде жаман үйүнөн кечирим сурап жалбарып атты.
– Чынар?
– Угуп атам, апа.
– Эмне кылып атасың?
Жооп берген жок. “Ал ачка жатса, гүл жеп атам дегеним туура эмес го” деп ойлонду. Оозундагы жалбыракты акырындан чайнап, кемпир укпасын дегенсип аста жутту да:
– Гүл жесем, эмне болор экен? – деп сурап койду.
– Эч нерсе болбойт. Ар дайым суу ичип турган, жакшы багылган гүл болсо, жалбырактары ширелүү да болот. Бирок көп жебе, ашказаныңды эле алдап тур, – деп, эскертти кемпир.
– Беш кишибиз, – деди Орхан. – Аялым, эки уулум, кызым, мен. Баары жакшы. Ооба, ылдыйда дагы эки киши бар.
Ал бирөөлөр менен сүйлөшүп атты…
– Чынар! – деди бир кезде чоочун үн.
– Угуп атам.
– Чынар, мени угуп атасыңбы? Биз менен тынбай сүйлөшүп тур, сүйлөшкөнгө алың калбаса, колуңа таш-паш урунабы, бир жерди ургулап тур. Үн чыккан тушту казып жүрөбүз, макулбу? – деди.
Чынара кичинекей таш алды да, гүлдүн идишин ургулап койду.
– Азаматсың!
– Биринчи жубайым чыксын, – деди Орхан.
– Жентилмен турбайсыңбы, – деп күлдү башкалар.
Бул сөзгө Чынар да өзүнчө күлгөн болду. Адамдардын өздөрүн көрө албаса да, үндөрүн угуп, өлүмгө караганда тирүүлүккө жакын турганын сезип, баштагыдай коркпой калды. Өлүмдөн деле корккон эмес. Балким, корккондур. Чоочун жерде, чоочун элде, урандынын алдында өлгүсү келген жок. Балдарын, ата-энесин, бир көрүп анан өлө берсе, мейли эле. Эми аны өлбөй калдың дегенсип, “сууну бер”, “жууркан кана?”, “оро”, “көтөр”, “тарт”, “кое тур” деген тирүүлүктүн сөздөрү кулагына жаңырып жатты.
Урандынын алдынан кими чыгып, кими калганын ажырата алган жок. Балдардын, чоңдордун үнүн, кичинекей кыздын ыйын угуп атты. Ага аралаш цементти казып аткан “зыырт-зыырт” деген үн улам өзүн көздөй жакындап келатты. Ызы-чуунун ичинде алаксып кетип, кемпирди унутуп калган экен. “Сибел апа” – деп үн салды бир кезде. Кемпир уктап калган көрүнөт, жооп берген жок.
– Сибел апа, Сибел апа?!
Жооп болгон жок. Эмне кыларын билбей калды. Гүлдүн идишин жан-алы калбай ургулап баштады.
– Эмне болду?
Жогортон, жакын эле жерден үн келди.
– Сибел апа унчукпай калды. Тезирээк, жардам керек. Өзү деле оорукчан эле, – деди чыйпылыктап.
– Аз калды, баратабыз, уктап калган жокпу?
– Билбейм жооп бербей атат.
– Сиз кимиси болосуз?
– Багуучусумун.
– Сибел апа!
– Жөн коюңуз эми, уктап алсын, кары киши чарчады да. Ии, баса, сизди чет жерлик дешти?
– Ооба, кыргызстандыкмын.
– Ошондойбу? Бизге Кыргызстандан да куткаруучулар жардамга келди.
– Чын элеби?
– Чын эле, жүзгө жакын киши келди. Кааласаңыз мекендештериңизди таап келейин. Эжеңер силер келмейин чыкпайм деп атат, – деп айтайын…
Чынар жылмайды.
* * *
Ачуу чаңырыктан селт этти. Кичинекей кыздын үнү болчу. “Орхандын кызы” деди шыбырап. Башка кыз бала жок эле бул үйдө. Эмне болду экен, үстүнөн бир нерсе басып калдыбы? Оюна заматта ар нерсе келди. Ага удаа эркектин ыйы, туш-туштан аны соороткон үндөр угулуп атты. Көзү илинип кеткен экен. Беш мүнөт уктадыбы, бир мүнөт уктадыбы, ажырата алган жок. Куткаруучу менен сүйлөшүп атып эле уктап кеткен турбайбы.
– Эй!
– Угуп атам, мен ушул жердемин.
Баягыдай эле токтоо үн катты куткаруучу. Эми үн так маңдайынан угулду. Куткаруучу менен Чынардын ортосун бир эле дубал бөлүп тургансыды.
– Эмне болду?
– Эч нерсе болгон жок. Ушул акыркы дубал. Ушуну казып бүтсөк, жаныңызда болом.
– Кичинекей кызга эмне болду дейм?
Анын суроосун укмаксанга салгандай, куткаруучу цементти катуу-катуу ургулап кирди. Ага болбой эле жогор жактагылардын маегин кулагы чалды:
– Аман калганына сүйүнөлү.
– Колун сактап кала албасак да, өмүрүн сактап калдык.
– Кимдин колу, эмне болгон кол? – деп, Чынар куткаруучуга жалбарып жиберди.
– Кичинекей кыздын колун устун басып калган экен. Доктурлар чыканагынан кесип салды.
– Кудай, ай!
– Атасы деле билип калыптыр. Биринчи жубайымды, балдарымды чыгаргыла деп атканы ошондон экен.
– Сибел апа?! Кемпирди эстеп кетти кайрадан, – Ырас эле ушуну укпай өлүп кете берген турбайсыңбы”, – деди каңырыгы түтөп.
– Өлдү деп айтпаңыз, балким эси ооп калгандыр.
– Ошондой эле болсо экен.
– Жашыңыз канчада? – деди куткаруучу. Ал Чынарга кайгырганга да, ойлонгонго да убакыт бергиси келбегенсип, суроо артынан суроо берип атты.
– Отуз жетиде.
– Балдарыңыз барбы?
– Бар, эки балам бар.
Балдары көз алдына тартылып өттү. Үнүн болушунча катуу чыгарып өңгүрөп ыйлап кирди. Жашоосу, балалыгы, турмушка чыкканы, эне болгону, кемпир менен өткөргөн эки жылы, баары көз алдынан чубуруп өтүп атты. Мурда жашаш үчүн көп нерсе керек болгон экен. Иш, акча, жаңы үй, машине, көйнөк. Азыр жашаш үчүн бир гана нерсе керек болуп турду – урандынын алдынан аман чыгуу.
– Балдарыңызды качантан бери көрө элексиз?
– Эки жылдан бери.
– О-у-у, сиз аябай чыдамкай турбайсызбы? Балдарын эки жыл көрбөй жашаган эне үчүн, урандынын алдында эки күн жатыш кеп бекен? – деди куткаруучу күлүп.
– Эки күн жаттымбы?
– Ооба.
– Чын эле эки күн өттүбү?
Чындап таң калды. Аз эле убакыт жаткандай болду эле. Көп болсо бир күн өткөндүр деп ойлоп аткан өзүнчө.
Чынардын маңдайындагы цемент дубалдын бир киши бата тургандай жери оюлду. Куткаруучу башыничкери салып: “Мына, биз келдик” – деди жаркылдап.
– Суу барбы? – деп сурады, суу биротоло көзүнөн өтүп калган неме.
– Суу бар, бирок сизге ичкенге болбойт. Оозуңузду гана чайкаңыз, макулбу? – деп, желим шишедеги сууну узатты киши.
– Макул.
Караңгыга көнүп калган экен. Жарыкка чыкканда Күндү карай албай, көздөрү жүлжүйдү. Ошентсе да көзүн ачып тирүүлүк менен, Күн менен кубанып учурашты. Асман көкмөк тартып, ар кайсы жерде ак булуттар чубалып жатыптыр. “Зилзаланын элүү алтынчы саатында, дагы бир адам куткарылды!” деген салтанаттуу үндөрдү угуп атты. “Кудайга шүгүр” деди шыбырап. Замбилден бир аз башын көтөрүп, айланасын бир чарпып карап алды. Замбилди аяк жагынан эки адам көтөрүп алган экен. Алардын артынан жалбырактары тонолгон гүлдү кучактап, жанагы куткаруучу келе жатат. Алардан сырткары кымкуут түшкөн элди, бири-бирин кучактап куттукташкан куткаруучуларды, микрофон көтөрүп чуркап жүргөн кабарчыларды көрдү, аскерлерди көрдү, чоочун эле өмүр үчүн сүйүнүп ыйлап турган, өмүрүндө көрбөгөн карапайым адамдарды көрдү. Ошончо элдин арасынан кемпирдин балдарын издеп атты…
2025-ж.

Мыкты. Мыктылыгы – жандуу, тирүү чыгарма экенинде. Жашап жазган чыгарманын табияты өзгөчө болот. Нуризадан мыкты лирик жазуучу чыгат деп эле айтып жүрөм. Дагы жаңы аңгемелери болсо жарыялап турсун.
Мыкты жазылыптыр. Кахраманмараш жакта болгон окуялар окшойт. Муну эми өзүң эле түркчөгө которуп ошол жакка беришиң керек. Оңой эле которосуң, ыр болсо бир жөн.
Эл аралык резонанс жаратат бул аңгеме.