Бийчи апа
(аңгеме)
Ресторанда туугандарыбыздын салтанаттуу мааракеси башталды. Арыдан-бери каалоо-тилектер айтылып, бир убакта бий коштолгон конкурска апам чыкты. Чимирилип бийлесе, алакандар чабылып, ал ансайын апам да бийлегени бийлеген.
Кээ бир көздөр суктанып, чын дилден коштогондой, кээ бир көздөр “нарк насилин билбеген бир апа экен” дешти окшойт. Билбейм, айтор бир туугандарымды карасам, кабактары суз. Ал эми, апам – дайымкысындай жайдары, буттун гана учу менен басып, ордуна барып, бизди байкамаксан гана болуп койду.
– Уялып бүттүм, кайсы тойго барбайлык, апам бийлегени чыгат. Мына, мага келген видеолордун аягы суйулбай, улам келген сайын, кыжырым келип атат. Эми, апамды тойго алып барсаңар, мен барбайм. Же “экинчи бийлебейм” деп, сөз берсин.
Апамды алып кеткени келген иним, “бурк” этти. Иним кыжаалаттанганындай бар.
Мен деле, “ыңгайы келсе, айтып, жайынча түшүндүрсөмбү”, – деген таризде кечинде, тойдон кийин апамды үйгө ала келгем. Бирок сыр билдирбей, апама жан тартымыш болдум.
– Ой, эми көргөнсүбөчү, апам билсең, биз бала кезден тойлордун көркүн бий менен ачат… Анча эмне териктиң?
– Карыганда “калжаңдатып”, “бийге түш” деген, шыкактагыч биякта турбайбы…
Инимди далысынан таптап, жубатымыш болдум:
– Кой, апам укса таарынат…
Кудай кут кылсын, апам – чебере көрө турган куракта. Басыгы тың, шайдоот, өз курагынан кыйла жаш көрүнөт. Анан калса, той-мааракелерде апам бийсиз туралбайт.
Биз бала кезде, жакындарыбыз апамсыз той өткөрбөй, меймандарды абдан жакшы тосконго көмөктөшүүгө бир ай мурун өтүнүп, чакырышчу. Ал кезде деле азыркыдай болбосо дагы, келдим-тостум болуп келген.
Каатчылык башка келгенде, апам бизди тойлордун арты менен бакканын, атам далай айтып, кемпирине ыраазычылык билдиргенин далай укканбыз.
Бирок, жашоо – жаштык, балалык менен бүтпөйт турбайбы. Атам – ал ортодо дүйнө салды. Биз – бир туугандар, орун очок алып, балдарыбыз турмуш жолуна аттанды. Баягы апамдын ырдаса ырга, бийлесе бийге тойбой турган курагына келип калганыбыз качан?
Чай даярдагыча, иним телефонун карап, мен ушуларды ойлогонго жетиштим. – Апа, – дедим, кепти эмнеден баштоону билбей.
– Оо, балакетиңди алайын…
– Балаңыздын эмнеге маанайы жок экенин билесизби?
Апам, дагы балээ басып, аялы экөө урушканбы деди окшойт, уулун карап: – Тойдон кийин эле, келинимди кызганып кууратчу элең, – деди.
– Ой, апа, бир жолу болгон нерсени унутпайт экенсиз… Кызыңыз, айталбай, сизди таарынат деп…
“Сен баштачы” дегендей, иниме белги кылдым.
– Апа, сиз жакшы бийлейсиз, бирок мындан кийин тойлордо балпайып, башка кемпирлердей эле, төрдүн көркү болуп отуруп бериңизчи…
Апамдын кабагы бүркөлсө, эки кашы бириге түшөөр эле. Бу саам да, дароо эки кашы биригип, денесин жыйып, ачуулангандай, жооп кылды.
– Менин бийлегениме асылдыңар да калдыңар… Агаң да атып ийчүдөй карап, кечээ менден жеме укту. Илгери бийчи болуп, Маскөөгө кетээримде атаңарды кыялбай, анда бир кала бергем. Атаңар, ошол күнөөсүн сезип, мени дайыма колдоп турчу. Болбосо, атаңардын бир “бийлейсиң же ырдайсың” деп чыр чыгарып, ыдык көрсөткөнүн көрдүңөр беле? Уулум, айланайын, кызгансаң мейли, келинди кызган, бирок мени эмес.
– Апа, кызганбай эле турабыз. Батаңызды берип, өз ордуңузду билсеңиз, кичине байбичедей болуп…
– Батамды да берем, ыгы келсе бийлеп деле коём, балам. Сүйүнбөйсүңөрбү, бай болгурлар, энеңер эч кимге жүгүн артпай, бийлегенге да ден соолугу уруксат берип турганына. Маселеңер жок калгансып, дулдуюп мында менин башымды оорутпай.
Сөзүм жок дегендей, колун силкип, апам ордунан туруп кетти. Аз мүнөттөн кийин кайра үстүбүзгө кирип, үнү кыргылданып мындай деди:
– Ыраматылык атаңар токтото албаган бийди силер “токтобуз” деп, аракет кылбагыла. Менин качанкы жаратымды сыйрып гана жибердиңер, кагылайындарым…
– Жаңы эле айтып отурдуңуз го, атам сизди кандай колдогонун…
– Ал кийин, кетирген катачылыгын түшүнгөндөн кийинки атаңар болчу… 15 жашымдан Ленинградка окууга барып, беш жыл бийчиликти окуп, каникулга келгенимде, атаңар ала качты.
Бийчилигиңди токтотууга, биринчи кадамым – ушул дегени да эсте калыптыр, чиркин! Унуткарсам керек деген менен, оргуштап эске түшүп турганын карагылачы. Окуумдагылар, тынчсызданып, партия дүрбөлөңгө салганда, “жалгыз уулумду – түп тамырынан жогото көрбө, бассам-турсам каргап өтөм” – деген чоң энеңердин сөзүнөн кийин, аргасыздан атаңарды аяп, орун очок алууга туура келди. Бирок “сахна жылдызы болбосом да, көзүм тирүү кезинде – жан дүйнөмдүн жылдызын жандырам”, – деп өзүмө-өзүм сөз бергем. Ниетке жараша, атаңар кийинчерээк катасын түшүнүп, бийге түшкөнүмдү, далай окуучуларыма бий үйрөткөнүмдүн баарын колдоп-коштоп кетпедиби. Бирок өкүнгөнү билинип, “бир кыргыз сахна жылдызынын” тагдырын байлапмын деп, шыпшынып калаар эле. Дегеним, силер да, “апам бийлеп гана жүрсө болмок экен”, – деп өкүттө калбагандай болгула…
Иним экөөбүз сөз айтаарга алыбыз келбей эле, апамды башкача бир мээримдүү кучактап, экинчи, кеп козгогус болдук.
Андан бери апам дагы деле бийлеп жүрөт. Айтмакчы, жаш келиндер “бийчи апа” деп тергеп алышыптыр…
