|

“Кыйкууласа биздин жердин үстүнөн…”

4.6/5 - (10 добуш)

* * *

Кыйкууласа биздин жердин үстүнөн,
Кыйрап дүйнөм узатчу элем, күтчү элем.
Качандыр бир укпай калып үндөрүн,
Каркырасыз тосуп жүрөм күздү мен. 

Каркырасыз кар сампарлап кыламык,
Каркырасыз жашоо дале уланып.
Мерес мезгил ташкынында бир күнү,
Мен да кошо агып кетем бул анык. 

Дал ушундай тоолор-түздөр саргайып,
Дал ушундай талааларда мал жайып.
Жүргөн чакта тээ бийикте бараткан,
Жүрөктү эзчү карааныңар калдайып. 

Бурганактуу бороон-чапкын коштолуп,
Буулуккан бир сезим менде козголуп.
Кыйбас жандай кол булгалап калчу элем,
Кыялымда силер менен дос болуп. 

Бир жакындап, бир закымдап, кичирип,
Бир узарып, бир кыскарып үзүлүп.
Учкан сындуу каркыралар андагы,
Учуп жатат ушул күндөр тизилип. 

Ашып турам өмүрүмдүн теңинен,
Асыл жылдар кемигени кемиген.
Сары күз аай, келгениңде дайыма,
Санаага эле окшоштурам сени мен. 

Эмне санаа, кимди карайм күтүнүп?
Эч нерсени биле албадым түшүнүп.
Эрдемсинип иш кылдым деп жүрүпмүн,
Эшигимден чуркап чыкса ит үрүп. 

Кандай санаа капилет бул күздөгү?
Карга айланды катуу нөшөр биздеги.
Кычашкансып ал ан сайын жүрөктү,
Кысып турат бир кусалык ичтеги. 

Ийип башты көр турмуштун шартына,
Из калбаптыр бир кылчайсам артыма.
Бар болгону калган экен эсимде,
Балалык кез, анан кайткан каркыра. 

Кыйкууласа биздин жердин үстүнөн,
Кыйрап дүйнөм узатчу элем, күтчү элем.
Качандыр бир караандарын жоготуп,
Каркырасыз тосуп жүрөм күздү мен.

  • Акын, жазуучу, публицист. 1972-жылы Талас районуна караштуу Талды-Булак айылында туулган. 1996-жылы КМУУнун журналистика факультетин бүтүргөн. Учурда айылда жашайт.

    Интернетте ырлары менен кеңири белгилүү болгону менен ыр китебин чыгара элек.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

3 Comments

  1. Укмуш. Айтайын десең сөз ашыкча. Өмүр менен өлүмдүн ортосундагы жашообуздун бир ирмемдик экенин саптарга батырып койгон талантка бирдеме дегенге кудурет жетпейт. Жөн эле окуп, анан тээ алысты кара-ап олтүрганга ал жетет.
    Акындардын акыны Шабдан мырзанын калеминен жаралган ырлар өтө бактылуу чындап келсе. Анткени түбөлүктүү ырлар.
    Бар бол, акын.

  2. Шабдан агайдын ырын окуп бир дүйнөм кемигендей абалда болосуң…
    Арыбаңыз агай!

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген