Чоң Балапан
Таарынганың, күлгөнүң бала сымал,
Талпынганда мактанган канаты бар,
Татынакай кезиңден жакшы көргөн
Тамашакөй дүйнөңдүн жарашыгы ал.
Жашап жүрсөм максатка үлгүргөнү,
Жай кебиңдин көп болуп күлдүргөнү,
Канча бир жыл өзүңдүн жылуу, чакан
Канатыңа калкалап жүрдүң мени.
Арбын дале кыялдар курулбаган,
Аскалар аз, экөөбүз урунбаган.
Чыдай албай жакындар жапа чексе
Чымчык боло жаздайсың чырылдаган.
Бардыгыңа ыраазы, тапканыма.
Балдарыңды бапестеп бакканыңа.
Бакыраң көз кезиңде эркелеген
Балапандай мүнөзүң жакканына.
Чогуу жашап келебиз. Колдо алакан.
Чолоом жетсе чоң ата болгон атам.
Чоң бактыга чөмүлүп көп жашай көр,
Чоң Бүркүттүн сүйгөнү Чоң Балапан.

Чоң бактыга чөмүлүп көп жашай көр,
Чоң бүркүттүн сүйгөнү чоң балапан.
Мыкты!
Чоң рахмат, Айгүл.