Тэцуо Миура: “Кызыл юбка”
(аңгеме)
Ресаку карындашы Хидэни чакырууга олуттуу карап, ошол замат Наориге жетип келет деп эч ойлогон эмес. Ал болгону тээ кулак угуп, көз көрбөгөн айылдагы оорукчан апасын карап үйдө калган бойго жеткен карындашынын жүрөгүнө үмүт шамын жандырып коёюн деп гана жазган эле. “Бир күнү бошоп калсаң, айылдагы түйшүктөн бир аз эс алып, шаарга келип жүрүп кетсең да болот эле”, – деп жазган катта. Муну окуса өмүрүндө жакшы күндү көрбөй жашап жаткан курган карындашы аз да болсо кайраттанып калат деп ойлогон.
Бирок карындашынан ошол замат каттын жообу келди. Ал катында апасы ага бир түнгө гана уруксат бергенин, ишембиде таңкы поезд менен жөнөп жатканын жазыптыр. Бул Ресаку үчүн күтүлбөгөн иш болду. Чакырышын чакырып алып, эми өзүнүн чый-пыйы чыгып карбаластап калды. Албетте, карындашынын келиши түйшүк жаратат деп карбаластаган жери жок дечи. Мунун эч кандай оорчулугу деле жок. Төшөктөн турбаган апасынын жанынан жылбай карап жаткан карындашынын кокусунан келип калышы баары бир анда кандайдыр бир коркуу сезимин пайда кылып жатты. Ал ошентип туруп анан үйдөн качып баса бербейби? Айтканынан кайтпаган анысы келерин келип алып, анан айылга кетпейм деп маселе жаратпайбы? Мына ушул нерсе аны чакчелекейге салып жатты.
“Жок, андай эмес, – деп ойлоду ал, – Хидэ андай кыздардан эмес. Апасынан жашырып жаман иштерге бара турган кыздардан эмес”.
Катты калем менен тайраңдатып жазыптыр. Туштай капкара иероглифтер көзгө урунду, демек, калем учун утур шилекейлеп жатып анан жазгандай. Катты окуп жатканда он сегизге жаңы толгон карындашынын жүрөгү кантип согуп жатканы элестеп жатты. Катты дагы бир сыйра окуп, жаны кадимкидей эргип кетти. Ресаку бөлмөнү жыйнаштыра баштады. Ишембиге чейин дагы төрт күн бар, үй жыйнаганды коё турса деле болмок, бирок эмнегедир бир ордунда тура албады. Ал порттун жака-белиндеги кеме оңдогон жайда жыгач уста болуп иштеп, ошол иштеген жеринде эле жашап жүрдү. Жабдыктар сакталган сарайдын экинчи кабатындагы чоңдугу үч татами, тамтыгы чыккан чакан бөлмөнү байырлайт. Бөлмө кенедей тар болгон үчүн муну кылдат жыйнаштырып койбосо да болбойт эле.
* * *
Ишембиге караган түнү түн бир оокумда кокустан эле ойгонуп кетти. Бөлмө ичи капкараңгы. Ачык асмандагы күңүрт жылтылдаган жылдыздар пардасы жок терезеден көрүнүп турду. “Хидэ азыр үйдөн чыкты”, – деп ойлоду ал, асмандагы күңүрт жылдыздарды карап туруп. Эртең мененки поездге үлгүрүп калыш үчүн үйдөн түн ортосунда чыгып, тоо этектей кеткен жалгыз аяк жол менен станцияга түшүп келиши керек. Алардын айылы тээ алыскы түнт тоолордун арасында бийикте жайгашкан.
Үйдүн артындагы эшикти ачсаң чөптүн арасынан келип түшүп жаткан жарык караңгылыкка жүткүнүп, сенден баштап үйдүн тээ төрүнө чейин узун көлөкөнү пайда кылат. Тоонун муздак абасы дароо алкымдан алат. Эртең менен эрте эшикке чыкканда муздак абадан ичиркенип, төшөктү мурдуна чейин оронуп алганы күнү бүгүнкүдөй эсинде.
Бирок шаарда жатып алып карындашын ойлоп кыжаалат болуштун кереги да жок. Кыжаалат болгон күндө деле эмне. Апасынан агасына барып келгенге уруксат алган карындашы азыр кубануу менен поездге учуп-күйүп келатат да. Таң атканга чейин али көп бар. Ал көзүн жумуп дагы биртке сеп этип алайын деди, бирок ошол замат бир нерсе шыбырт-шыбырт, тып-тып дедиби же шарпылдай түштүбү, айтор, кулагына бир үн угулгансыды. Көзүн ачып, башын өйдө көтөрүп караса эчтеке көрүнбөйт, ал эми үн токтоп калды. “Жөн эле кулакка бир нерсе угулуп кетти окшойт”, – деп ойлоду ал. Жаздыкка башын коюп, көзүн жумду эле, баягы үн дагы чыга баштады: тып-тып-тып-тып… Көзүн ачпай кунт коюп угуп жата берди. Үндүн кайдан келип жатканы түшүнүксүз. Алыс жактан сыбызгып чыгып, кулагына жетип жатты. Алы-ыс жактан.
Эмне бул өзү? Кудум мышык мискейдеги сүттү шырпылдатып ичип жаткандай. Шамал учуп келгенде булуңдагы деңиз угулгудай эле шуулдай баштап, толкун кеме токтоочу жайды акырын аймалап өтөт. Бирок деңизден келген толкундун шыбырты тез-тезден согуп угулчу.
Ал көзүн ачты. Терезеден таңкы жылдыздуу асман көрүнүп турат. Ошол замат бул үндүн кайдан келип жатканын түшүндү. Бул карындашынын басыгынан чыккан үн. Ал дал ушул учурда түнкү шүүдүрүм түшкөн, тоо этектей кеткен жалгыз аяк жолду басып, кедасы менен тыпылдай чуркап, ашыгып түшүп келатат. Муну ойлоп алып, кайра өзү таңыркай чоочуп кетти. Ондогон ри (узундук бирдиги, 1 ри дээрлик 4 километрге барабар, кот.) аралыкта жайгашкан тоодо келаткан адамдын баскан үнү кантип эле ушул жерде азыркыдай болуп, так, даана угулсун. Көзүн жума салса үн дагы чыга баштады: тып-тып-тып-тып… Ооба, бул карындашынын баскан үнү, ошонун үнү.
Ал көзүн жумган бойдон өзүнүн бул апендилигине жылмайып койду. “Аны ушунчалык катуу сагынган окшойм. Ошого ушинтип кулакка ар нерсе угулуп жатат”, – деп ойлоду. Бир маалда түн ортосунда бир нерсенин карааны эшигин көздөй кирип келаткандай көрүндү эле, андан чоочуп ойгонуп кетти. Демейде Күн чыгып, нуру көзүнө түшө баштаганда ойгончу. Бүгүнкү адаттан тыш эрте ойгонушу аны ого бетер таң калтырды.
Кадам үнүн угуп жатып уктай алчудай эмес. Ошондуктан ыргып турду да, кийинип, сыртка чыкты. Кыларга иш деле жок. Ал кеме токтоочу жайды бойлоп, темир-бетондон курулуш эмеректерин жасаган коңшу заводго жөнөдү. Бир топ узап барып, анан токтоп, “Дагы жакшы, бүгүн күн ачык экен”, – деп боолгоду. Деңиз мемиреп тынч, ал эми горизонттогу асман кыйшайта салынган кылычтай болуп, муздак агарып турат.
“Хидэ айылга кайтып барганда кыш да кирип келгидей”, – бир маалда башына ушул ой кылт этти да, чыйрыгуудан ичиркенип кетти.
* * *
Хидэ олтурган поезд Наоридеги станцияга он бир жарымда кирип келди. Ресаку муну Хидэден келген катты окур замат станцияга барып, тактап келген. Бирок, саат он эки болгону калса деле шашпай жүрө берди. “Эй, эмне жүрөсүң! Саат он бир жарым болбодубу. Тур жөнө, карындашыңды тосуп алам деп жатпадың беле”, – деп кожоюну эскертти. Ресаку колуна жемпирин алып, кеме оңдогон жайдан чыкты да, буту-бутуна тийбей чуркады. Түз эле станцияга жөнөсө анчалык чуркаштын деле кереги жок. Ал почтага тийип, сактык китепчесинен бир аз акча да алып алышы керек. Бүгүн ишемби эмеспи, почта түшкө чейин эле иштейт, Хидэни тосуп алса, почтадан акча алганга үлгүрбөй калчудай.
Ал почтага атып кирди да, жемпиринин чөнтөгүнөн сактык китепчесин жана өздүк мөөрүн алып чыгып, контролёрдун алдындагы терезеге коё салды. Бирок мөөр тоголонуп барып, бетон полго түштү. Ал аны дароо жерден ала коюп, үйлөп-үйлөп, терезеден сунду. Контролёр аял ага шектүү карап койду. Ал өпкөсүн баса албай энтигип жатты.
– Кечиресиз, өтө шашып келдим…
– Атыңыз ким?
– Итиномори Ресаку. Жыйырма бир жаштамын.
Андан эч ким сурабаса деле жашын айтып жиберди да кайра ичинен: “Эмне эле атымды сурап жатат, китепчеде деле жазылып турбайбы”, – деп ойлоду. Контролёр китепчени карады да, кашын түйүп, мөөрдү үңүлө карай баштады. Ал кыжаалаттана баштады: “Дагы эмне балээни таап ала койду экен?”
– Карындашым айылдан келатты эле, эже. Ошого… – деп жиберди, муну айтыштын кереги жоктугун билип турса да.
– Дагы жакшы, хрусталь эмес десең.
Аял ооз учунда жылмайып, аны тиктеди. Ресаку ал мөөр тууралуу айтып жатат деп түшүндү. Эгер хрусталь болгондо жерге түшкөндө бырчаланып кетмек да. Жеңилдене дем алып, жооп бериштин ордуна уялыңкы жылмайды: бизге окшогондорго хрусталь мөөр дегениң буюрбай калды го!
– Иттен бекер… – деди ал, белинен сүлгүнү сууруп чыгып, тердеген бетин аарчып жатып. Почтадан чыкты да, биерге кандай чуркап келсе, дал ошондой күйүгө чуркап кетти.
* * *
Хидэ башын шылкыйтып, поездден түшкөн жүргүнчүлөр менен бирге перронду аралай өтүп баратыптыр. Ресаку аны киосканын жанында туруп көрдү да, бекеттен чыгып баратканда артынан кууп жетти. “Эй, кандайсың?” – деп, артынан түрттү. Хидэ чоочулай токтой калып, Күндөн көзүн жүлжүйтүп, аны карап туруп калды.
– Мына ушинтип келип да калдым, – деди ал. Агасын көрүп, сагынычтанбы же кусалыктан уламбы, айтор көзүнө жаш тегерене түштү.
Ресаку өмүрүндө бир да жолу тууганынбы же башка бирөөнүбү, кыскасы эч кимди минтип тосуп алып көргөн эмес. Ошондон уламбы, мындайда эмне деп айтыш керек, эмне кылыш керек, такыр эле акылы жетпей койду. Көзүн ымдап-ымдап алып, анан эчтекеге шыгы жок, баам-парасаты жок неме жөн гана:
– Ыракмат, – деди.
Хидэ чачын мурдагыдай эле өрүп алыптыр. Үстүнө кийгени кара күрмө, астында этеги тизеден келген боз шым. Колунда чоң таңгак түйүнчөк.
– Жүрү, кеттик! – деди Ресаку түйүнчөктү ала коюп. Түйүнчөк чакан көрүнгөнү менен, сулкуюп аябай оор экен. Оор салмагынан улам түйүнү катуу чиеленип, таштай болуп калыптыр.
– Иттин өлүгүндөй эле бар го мунуң, – Ресаку бурулуп, артында келаткан Хидэге суроолуу карап койду.
Бир аз артта калган Хидэ чуркап келди:
– Каштан анан күрүч. Жарымын кожоюнуңа берип, жарымын өзүң аласың.
“Күрүчтү эмне берет десең?” – деп ойлоду ал. Апасы бечара кызым барып, балам тамактан кыйналып калбасын дегени го байкуш.
– Бечара апам баарын ойлоп турат, – деп жылмайып баратып эле бети өзүнөн-өзү түшүнүксүз майыша түшкөнүн сезе коюп: – Апам кандай жүрөт, жакшы элеби? – деп сурады.
– Жакшы эле.
Ресаку унчукпай башын жай ийкегиледи. Мурдатан эле ооруп жүргөн апасы бир аз түзүк болуп калгандай. Хидэни да “барсаң барып кел” дегени ошондон улам болуш керек. Алар аянтчаны аралап өтүп, анан бая өзү ойлоп койгондой “Кит” кафесине киришти. Түштөнүү маалы болгондуктан, ичинде эл көп экен. Бактыга жараша тамак ичкендерден бирөө ордунан туруп жөнөп калды эле, дароо бошогон жерге олтура калышты.
– Тандай бер, эмне жейсиң? – деди ал Хиденин кулагына шыбырап, жемпиринин чөнтөгүн көз кыйыгынан карап. Анан чөнтөктү колу менен кармалап койду. Акчадан маселе жок, кыжаалат болуштун кереги жок.
Хидэ дубалга чапталган кагазга жазылган тамактардын тизмегин бир карап коюп, уялыңкы түрдө акырын гана:
– Боло берет. Сен эмне жесең, мага деле ошо, – деди.
Шыпта куурулган сайрадан чыккан түтүн уюп калыптыр. “Боло берет болсо, анда сайра”, – деп ойлоду. Айылда балык дегенди жешчү эмес. Анда-санда гана алып сатарлар балык сатып барып калышпаса. Ал да ышталган балык. Андыктан балык дегенди айылдагылар билишчү эмес. Хидэ деле бала болуп, башына жүн чыкканы туз кошуп куурулган сайраны жеп көрбөсө керек.
– Бул жакка эки табак сай… сай… сайра, анан эки табак күрүч! – деп кекечтене кыйкырды кафенин ээси ашкана жакка карап.
Эртең менен түн жарымда эле туруп алгангабы, бүгүн түштө курсагы өзөрө ачыптыр. Балык салынган мискейди алары менен Хидэге карап: – “Ич! Иче гой”, – деп коюп, ага көңүл бөлбөй, сайраны жемекчи болду. Бирок Хидэ тамагын андан мурун жеп бүтүптүр.
– Жеп бүттүңбү? – деп сурады ал, тамак жеген таякчаларды үстөлгө коюп. Хидэ үшүгөндөй бүрүшө ичиркенип алды.
– Эртеден бери эч нерсе жей элекмин.
Мискейде сайранын башы менен жоон омуртка сөөгү гана калбаса, калганын ал тургай кылканынан бери жеп салыптыр.
– Даамдуу бекен?
– Даамдуу эле, болгону… – Хидэ кабагын тырыштырып, кекиртегин көрсөтүп койду.
Ресаку буга муңайым жылмайды.
– Кылканды жутуш кыйын болдубу?
– Жок, болгону тамагымды бир нерсе сайып жатат. Тикенек сайылып калгандай.
“Демек сөөк тыгылып калган”, – деп ойлоду Ресаку. Мындайда күрүчтөн бир тоголок чайнабай туруп, жутуп жибериш керек. Бирок Хидэнин мискейинде эчтеке калбаптыр.
– Ме, менин күрүчүмдү ал да, бир чоң кашыкты бүкүлү жутуп жибер. Тез жут!
Ал мискейин ага сунду. Айылдагылар мындай учурда: “Көз жашыңа кошуп жутуп жибер”, – деп коюшат. Кыязы, өксөп ыйлап жаткан адам чайнай албайт да, ошондон улам болуш керек.
Хидэ бир чоң кашык күрүчтү оозуна салып, көзүн чакчайтып туруп жутуп жиберди. Ресаку эки жагын каранып, аны жонуна ургулап койду. Тамакка тыгылган кылкан кекиртектен өткөндө, мискейдеги күрүчтөн эчтеке калган жок.
– Мен да шаарга биринчи келгенде ушинтип балыктын кылканынан далай жолу уят болуп жүрдүм, – деди кафеден чыгып баратып, уялып калган карындашынын көңүлүн алыш үчүн.
– Көнгүчөктү баары ушинтип иш көрсөтөт. Анткен менен, бу шаардыктарың каштанды биздей жей алышпайт, тилдерин тилдирип.
Чоң көчө менен деңиз жээгине келишти. Бир убакта түнкүсүн кулагына угулган үн эми артынан угула баштады: тып-тып-тып-тып… Шарт бурулуп, карай салса, ал үн карындашы баскан сайын чыгып жатыптыр. Ал бутуна таманы желип кеткен эски кедасын кийип, агасын ээрчип, асфальт менен тыпылдай басып келаткан.
– Ошо айтам да… – деп ал өзүнчө күбүрөндү.
– Эмне?
– Эчтеке. Жөн эле.
* * *
Алар Ресакунун жашаган жерине келишкенде, Хидэ үй кожоюндары менен чоң энедей саламдашып, ал-жай сурашып, өзүн аларга тааныштырды. Ресаку мунун баарын четте таңыркай карап турду. Өзү биринчи жолу бул жерге келгенде түшүнүксүз бирдеңкелерди күңк-мыңк этип, анан кожоюнга болгону жапондордун каадасы боюнча колун алдыга сунуп, ийиле таазим кылган. “Карасаң, мунун чоң энемдей болуп өзүнчө эле чоңоюп калганын”, – деп ойлоду ал ичинен.
Кенедей үй ичинде сууга бышырылган каштанды сугунуп жатып, Хидэ акырын гана бырс күлүп койду.
– Эмне күлөсүң? – деди Ресаку буга таң кала.
– Эчтеке. Жөн эле, – деп бая көчөдө бул ага кандай жооп берсе, ал да ошентипн жооп берди.
– Кишинин жанында тамак ичип олтурганда кантип ушинтип күлсүн? – деди буга бир аз ачуулана.
Хиде каштандын курту бар бөлүгүн терезеден ары көздөй түкүрүп салып:
– Мен сени чо-оң эле киши болуп калгандыр десем, – деди Ресакуга карабай туруп.
– Анан?
Ресаку өзүнүн буга кызарып баратканын байкады. Анын көзүнчө Хидэнин нурдана түшкөнүн байкай салып, буга да таң калды. Ресаку эмнегедир бир нерсеге уяла түшүп, бирок ага анча маани бербеди.
– Кийин шаарда жашап калсаң сен да чоң эле аял болуп каласың, – деди да баш көтөрбөй тамагын тиктеп каштандан жеп жатты. Башын көтөрүп өйдө караса, Хидэ терезенин түбүндө деңизди ойлуу карап туруптур. Бетинин нуру өчүп, азыр эле ууртунда турган жылмаюу жоголуп, маанайы суз. Ресаку анын мындай кебетесин карап алып, жүрөгү сыздай баштады.
– Эмне болду? Каштаныңды жебейсиңби?
– Жок, жедим, болду, – Хиде көзүн ойлуу жүлжүйтүп, деңизди караган калыбында сүйлөдү. Бир аз туруп анан: – Шаарда десең… – деди күбүрөнүп.
Ресаку анын көңүлүндөгү жарасына тийип алганын дароо түшүндү. Маңдайына өмүр бою тээ кулак угуп, көз көрбөгөн айылда жашоо жазылып калган, бойго жеткен кызга “Үч жыл шаарда жашап калсаң…” – деп айтуу кандай гана оор тиет дейсиң. “Ичээр суусу аз калган апамды карап ошол айылда өмүр бою калып кет”, – деп айтса анда да болбойт эле да.
– Эчтеке эмес, капа болбо. Жакында сен да шаарга баса бересиң. Бир аз чыда.
Ал ушинтип карындашынын жөн гана көңүлүн алмак болду, бирок буга Хидэ кызаңдап кетет деп ойлогон эмес. Ал күтүүсүздөн туталанып кетти:
– Апаң өлөт жакында, ошого бир аз тура тур дегени жатасыңбы?
Ресаку демин ичине алып, унчукпай олтуруп калды. Алар көпкө унчукпай олтурушту.
* * *
Ресаку кечке жакын Хидэни жээкке алып барды. Бир аз көңүлүн ачып алсын деди. Бирок, барган жери анчалык жакшы жер эмес экен. Түндүк булуңдун суук жери. Антсе да бул эс алуу Хидэнин маанайын болуп көрбөгөндөй көтөрдү. Деңиздин өзү ага тири укмуш кооз көрүндү. Кумдуу жээктен деңиз үлүлүнүн кабыкчаларын топтоп, кубалашкан толкундар менен ойноп, нымдуу топуракка иероглифтерди, сүрөттөрдү тартып, бир сөз менен айтканда жаш баладай жыргап ойноду. Шаардын беш жашар баласы деле минтип ойнобойт чынында. Ойноп жаткан Хидэни көрүп, Ресакунун жаны жай алды, бирок ошол эле учурда карап туруп, ага ушунчалык боору ооруп, аяп кетти. “Алдыда дагы көп иштешим керек, – деп ойлоду ал, – тытынып иштеп, анан шаарга Хидэни да, апамды да алып баса беришим керек”.
Ошол күнү кечинде Хидэни мончого алып барды. Айылда эки айда бир жолу бочкага түшүп, ысык сууга чайканып алсаң болот. А бул жерде тез-тезден барып туруш керек. Бир саатта эле чыгам деген Хидэнин кирип кеткенине бир жарым саат болду. Акырында кечирим сурагандай түр менен мончодон чыга келди. Аны көрүп, көзүн чакчайтып карап калды. Алдында башка эле кыз карап турат. Жуунгандан кийин чачы таптаза болуп калгангабы же ысык мончодо бети албыра түшкөнгөбү, Хидэ такыр эле башка кыз болуп калыптыр.
– Супсулуу кыз болуп калыпсың го, туура айтамбы?
Хидэ жайдары жылмайып, ага тилин көргөзүп койду. Илеби да өзүнчө башкача.
– Жуунуп атам, жуунуп атам, такыр эле кир кетпейт. Мына сага тамаша!
Алардын айылында мунун ордуна “Мына сага шерменде!” деп коюшат. “Мына сага тамаша!” Бул тааныш сөз Ресакуга өзү туулуп-өскөн айылынын кечтерин эске салды.
Кепедей бөлмөгө кайтып келишкенден кийин, Ресаку унчукпастан өзүнүн жалгыз матрасын жерге төшөп, төшөк сала баштады.
– Өзүңө жаздык алып аласыңбы? – деп карындашынан сурады.
Хидэ жерде жалгыз жаздык жатканын көрүп, унчукпай туруп калды да:
– Өзүң жаздыгы жок кантип жатасың? – деп сурады.
Ал күлдү:
– Ээ, мейличи деги. Чыныгы жаздык сенде болсун. Айылдан ала келгем. Ичине таруунун уруктары тыгылып жасалган.
Чынында үйдүн кыраакы кожойкеси муну алдын-ала байкап: – Силерге дагы жууркан-төшөк берейинби? – деп бекеринен сураган эмес экен. Анда Ресаку кежирленип болбой койгон: эмне кереги бар, экөөбүз бир төшөккө эле батабыз. Анын үстүнө карындашынын келгенин аларга жүк кылбай эле коёюн деген. “Бир төшөк эле болот бизге. Айылда экөөбүз бир төшөккө эле кучакташып жатып алчу элек ко. Кичинекей кезде кандай болсок, азыр деле ошол да”, – деп ойлогон ичинен.
Бирок ошол кечте ал карындашынын үлбүрөгөн, жука ич көйнөкчөн турганын көрүп, көзүн дароо башка жакка буруп кетти. Карындашы билинбей эле бойго жетип калган тура: көкүрөгү тирсийип, ич көйнөккө батпай тирелет. Жамбаштары да чыгып калыптыр. Муну көрүп, Ресаку өзүн ыңгайсыз сезе баштады. Карындашынан боюн ала качып, денем тийип кетпесин деп, өзүн аярлай жата кетти. Бир убакта:
– Кулап кетпейсиңби? – деп Хидэден күлүп сурады.
– Жок. А сенчи?
– Жок, кыжаалат болбо…
Хидэнин таза жуулган денесинен кандайдыр бир жагымдуу жыт мурунду өрдөп чыгып жатты. Бир убакта денеси кыз денесине байкоосуздан тийип кетти эле, анын ушунчалык жумшак, ушунчалык назик экендигин сезди.
– Мындай эле карап жатайынчы, – деп өзүнчө күбүрөнүп алды да, Хидэге артын салып, тескери карап жатып алды. Эми жаны бир аз жай ала түштү.
– Качан үйлөнөйүн дейсиң анан? – Хиде бир маалда күлүмсүрөп, тамашага салгандай сурап калды. Ресаку анын бул тамашага салгансыган суроосуна жооп бергиси келген жок.
– Буюрган күнү үйлөнөбүз да.
– Качан?
– Билбейм. Жакында эмес, албетте. Мен азыр да окуучумун. Андыктан муну ойлоно элекмин.
Хидэ буга унчукпай калды. Ал жөн жерден эле унчукпай калган жок. Агасына ичин эңшерип жаткан бир нерсени ачыкка чыгарып айта албай, ичинен сыздап турду. Ресаку:
– Сага да тынбай жуучулар келип, жаныңды койбой жаткандыр? – деп айта салды да, оозунан кайрадан ыңгайсыз суроо чыгып кеткенин байкады. Хиде унчукпай жатты да, бир маалда:
– Жалаң эле жашы кырктан ашкан эркектерге жуучу түшүп келип атышат, – деди жай гана.
Бул сөздү угуп, эми агасы унчукпай калды. Башка эмнени сурайт эле? Өз айылында болуп жаткан нерселер ага айтпаса деле түшүнүктүү. Жаштардын баары, бала дебей, кыз дебей, айылда кыйраткан жумуш, акча жоктун айынан, бүт эле шаарга иш издеп кетип калышса, кырктан ашкан эркектер аял издебесе, анан ким издемек. Жашы кырктан ашып, элүүгө таяп калган эркектер айылда толтура. Алар жалаң баягыдай тирилигин кыйратып кылбаган немелер. Азыр бардык айыл-кыштактарда ушундай. Айыл тургундары бүт эле айылды таштап, көр тириликтин айынан чоң-чоң шаарларга иш издеп баса беришти. Мисалы ал өзүчү, өзү? Өзү деле шаарга баса берип, бул жакка көнүп алды, эми айылга байласа да турбайт. Мисалы айылда агасы калып, бир күнү ал кокусунан көз жуумп, анан туугандары муну, “болду эми, айылда агаңдын ордун басып кал”, – дешкен күндө деле калмак эмес. Эми карындашын айылда ким алат десең? Буларды ойлоп, деми кысылып чыкты.
– Андан көрө эртең шаарга түшөлү, – ал сөздү башка жакка бурду. – Сага бир нерсе алып берейин. Эмне каалайсың?
– Анча-мынча кийим алып берсең болот, – деди Хидэ акырын, аярлай. Бечара карындашынын мына ушундай карапайым, жупуну адам экенин билип, Ресакунун жүрөгү жибип кетти.
– Кимонобу?
– Жок. Европалыктар кийген юбка бар дешет го. Этеги тизеден бир аз өйдө. Ошондон эле бирөө болот.
Ресаку карындашы тизеден өйдө шымчан келгенин эстеди:
– Юбка сатып берем.
– Этеги кыскабы?! – толкундандыбы же кубанычтан апкаарый түштүбү, айтор ушинтип сурады.
– Кандай түстөгүсү жагат сага?
– “Кытай шамынын” түсүндөй, – карындашы дароо жооп бере салды.
– Макул. Демек, сага кызыл юбка сатып беришим керек экен.
Хидэ буга ишенбегендей, унчукпай бир топко аны карап жатты да, анан башын буруп, агасынын бир тууган жыттанган, жагымдуу тер жыттанган желкесинен жыттап алган бойдон уйкуга кетти.
* * *
Хидэнин кеткенине он күндөй болуп калганда, Ресакуга коңшу айылда жашаган тууганы Его абышка келди. Ресаку ал күнү кемелер токтогон жайдан алысыраак, ээн жерде, кургак чөптүн үстүнө шалчаны жайып алып, жылмалап, сүрүп жууп жаткан. Алыстан эрбеңдей басып келаткан Его абышканы көргөндө, эмнегедир чайыттай ачык күн заматта бүркөлүп, бозоро түшкөнсүдү.
– Его аба! – деп күбүрөнүп алып, ордунан атып турду.
Абышка жакындап келгенде:
– Келиңиз, Его аба, – деп алдынан утурлай чыкты.
– Жүрү, кеттик!– деди Его абышка саламын алик албастан.
– Кайда?
– Айылга да!
– Эмнеге?
– Хидэ кайтыш болду, – деп түшүндүрдү абышка. Ресаку аны көзү топтоголок болуп эле карап туруп калды.
– Үйдүн артындагы каштанга асынып алыптыр, – деп кошумчалады абышка.
Ресаку бир нерсе деп сурамакчы болуп, тамагына бир нерсе тыгылып калгансып, эч үн ката албады.
– Үстүнө сен сатып берген кызыл юбкасын кийип, моюнуна кабыкчаларды тизип, өзү жасап алган шуруну тагынган бойдон кете бериптир.
Ресаку башын чайкап, жалбырактай дирилдеп кетти:
– Жок, жок, жок!.. Мындай эмес, жок!
– Ошондой эле, – деп тактап айтты Его абышка. Ресакунун калтыраганы токтоп, абышканын алдында алдастап туруп калды.
– Хидэнин чөнтөгүнөн сен жазган катты таап чыгышыптыр.
Абышка шымынын чөнтөгүнөн бүктөлгөн катты сууруп чыгып, ага сунду. Ресаку катты ачып караса, анда кызыл сыя менен бир нече саптар чиймеленип жазылыптыр. Колу калтырап, башына эчтеке кирбей нес болуп, кагазды сокур адамдай көзүнө жакын кармап окуп кирди. Катта мындай жазылыптыр:
Кызыл юбка кийип алып,
Араладым кыштакты,
Агам алып бергенди.
Караган бир жан болгон жок,
Алдымдан эч ким чыккан жок.
Кошуна кыштак мынакей –
Анда да бир жан калбаптыр,
Үчүнчү кыштак томсорот.
Чөлдөгүдөй жымжырттык.
Кыпкыска кызыл юбкачан,
Аралап айыл көчөсүн,
Кыдырып кыйла бассам да,
Бир эркек алдым тоскон жок.
Ресаку абышканы абдырай карады. Ал катты колунан алып, шымынын чөнтөгүнө кайра салды.
– Аны мен өлтүргөн жокмунбу? – деп шыбырап, алдында турган чалды жакадан алып, жулкулдатып кирди: – Айтыңызчы, Его аба, анын түбүнө ушу мен эле жеттим окшойт, айтыңызчы!
– Болбогон сөздү айтпа! – деди абышка акырын гана. – Сен ага кызыл юбка сатып берипсиң. Ал аны кийип, анан асынып алыптыр. Болгону эле ошол.
Ресакунун тизеси калчылдап, басканга жарабады. Бирок абышка: “Бол, кеттик эле кеттик”, – деп шаштырганда башын шылкыйтып, артынан ээрчип жөнөдү. Бир маалда арт жагынан баягы белгисиз, тааныш үн кулагына угула баштады: тып-тып-тып-тып… Токтой калып артын караса, эч ким жок. Жаны Көккө эбак эле чымчык болуп учуп кеткен Хидэнин баскан үнү эми кайдан угулсун. Шамал согуп, толкун пайда кылып, жаңы эле төрөлгөн жаш толкундар тыпылдай чуркап, жээкти көздөй шашып баратышкан экен. Эми Хидэни эч качан көрбөйт, эч качан. Кеме токтоочу жайдан ыраак жерде деңиз гана бозоруп карап турат. Бул ага Хидэнин конокко келген күнү терезенин алдында турган кайгылуу элесин эске түшүрдү.
Которгон Кубантай Эрназаров

“Кызыл юбка”….Чакан аңгемеге ” ааламды кучактаган” чындыкты батырыптыр….
Котормосу үчүн Кубантай Эрназаровго өзгөчө ыраазычылык…