|

Жүрөктүн геометриясы

3/5 - (2 добуш)

Сенин сүйүүң – менин жалгыз шооламдай,
Мен – айланаң, сыза берген соңсуз жол.
Биздин сезим – чагылгандын огундай,
Асман жарып, жерге түшкөн бакыт бол!

Карегиңде – катылган бир галактика,
Кирпиктериң – кирпичтери сепилдин.
Биздин тагдыр – чийилбеген картадан,
Мен өзүңдү издеп жүрүп келгенмин.

Колдоруңдан күндүн нуру чачырап,
Дем алганың – тоонуон соккон илеби.
Сен – океан, мен – жээгиңе атылып,
Оргуштап кайнап аккан гейзермин.

Убакытты тоголоктоп куруттай,
Жылдыздарды октой тизип мончокко.
Биздин сүйүү – жалын эмес, ал – жарык,
Күйүп бүтпөс, айланбаган күл-чокко.

Автор

  • «Калемимдин багытын Жогорку адабий курстан тактап, сөз өнөрүнүн сырларын тереңдетип үйрөнүүдөмүн. Ошону менен бирге, кыргыз адабиятындагы өзгөчө кол тамгасы бар Матисаков мектебинин өкүлү катары чыгармачылык жолумду улантып келем. Бала кезден жан дүйнөмдү ээлеп, кагаз бетине түшүүгө шашкан көркөм ойлор бүгүн менин турмуштук бейнемдин ажырагыс бөлүгүнө айланды».

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген