Тынч океандын матросу

4.8/5 - (21 добуш)

(аңгеме) 

Түшүмдө атам тиккен алма багын аралап жүрүптүрмүн. Аппак болуп тегиз гүлдөгөн бакзардын кулпурган сулуулугуна көзүм тойбой, каалгый жай басып, теребелге суктана карап, аралап жүрөмүн. Бал аарылар гүлдөн-гүл тандап ызылдашып, көпөлөктөр болсо каалгый учуп жүрүшөт. Алгач асмандан көзгө илешпеген торгой үнү жаңырды. Бир аз мезгил өтпөй безеленип булбул сайрап кирди. Көп өтпөй чырылдаган таранчылардын үнү жаңырды. Ал дагы көпкө созулбай айланага гүрү-гүүлөгөн кептерлердин үндөрү угула баштады. Мен болсо табияттын кайталангыс сулуулугуна моокумум канбай, тегиз гүлдөгөн бакзардын бутактарын аяр кармалап, денем балкып аралап жүрдүм. Капысынан эле кайдан-жайдан тооктун какылыктаган үнү чыкты. Жака белимди карасам эч кандай тоок көрүнбөйт. Күтүүсүздөн ушунун баарын “карр-карр!” деген карганын жагымсыз ачуу каркылдаган үнү бузуп, анын заар обону улам күчөй баштады. Дарактын алпы болгон чоң бай түп жаңгактын башында олчоюп конуп олтурган карганын улам башын алдыга созуп, “карр-карр!” деген үнү капысынан эле “кайнат, кайнат, эми эки саатка чейин кайнаткын!” деген эркек кишинин корулдаган ачулуу үнү менен алмашып, жагымдуу түшүмдөн чочутуп ойготуп жиберди. Бул үн батирлеш кошунам Сапардын үнү экендигин ойгонгондо эле дароо тааныдым.

– “Катын деген тоок мээ, мээси болсо – тоок бок чокуйбу?”, – деген сөз туура айтылган окшобойбу. Эй, башы жок, көк мээ катын, сакал алгыч ага эмне үчүн керектигин аңдабайсыңбы? Аны менен аярлуу жан жерин, жаңы жаңырган ай сымал болгон назик жерин кыраарын билбедиңби, маң баш?! – деген Сапар аялы Мастураны зекип, аябай тилдеп урушуп жатты.

– Эмне эле үйүң күйгөндөй айкырасың. Кырса кырыптыр да, керек болсо өзүң дагы эненин ошол назик жеринен дүйнөгө келгенсиң! – деген Мастура дагы бошоң келбей чыйылдап, каяша айтып жатты. 

Экөөнү жараштырбасам болчудай эмес. Кийинип сыртка чыктым. Тамекисин дембе-дем соруп жаткан Сапардын кабагына кар жаап, тим эле үтүрөйүп алыптыр.

– “Же жылан чакпай, же жылкы теппей” таң заарынан эле итчесинен ыркырашып калыпсыңар, деги тынччылыкпы?! – деп эрди-катынга суроолуу тигилдим.

– Эмне болгонун “кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууп койгон” эжеңден сурап алгын. “Катындын чачы узун болгону менен акылы кыска” деген сөз туура окшобойбу? – деген Сапар аялын көзүндө огу болсо атып жиберчүүдөй олурая карады.

– Кошуна келин Зарина: “Эже, доктурга барып көрүнүшүм керек эле, акемдин сакал алгычын берип туруңузчу?” деп суранганынан кармата салбаймынбы. Ошого эле жездеңдин жаны чыгып жатпайбы, – деди Мастура эжем. Эжем экөөбүз бир айылдан болгондуктан күйөөсүн жезде деп койчумун.

– Согончогу канабаган, жатыны жарылбаган төрөбөс катын доктурга кайсыл жерин тазалап бараарына сен кейбир акылыңдын жетпегендигине таң каламын. Оо, энеганаңды урайын кем акыл катын! – деген Сапардын итатайы кармап, ансайын жини күчөп кирди.

– Ай, кантип ошого башың жетпеди, а?! Эми сакал алгычты эки саат сууга тынбай кайнаткының! – деген Сапардын дале ачуусу тарабай, түнөрүп карарып турду.

– Тазаланса тазалангандыр, андан сакал алгычыңдын бир жери кемип калмак беле!? – деген Мастура бырс эте күлүп, үйүнө кирип кетти.

– Иштетсе иштетиптир да, сакал алгычыңыз пайдалуу, соопчулук ишке жараган турбайбы. Анын эмнеси жаман, ошого дагы кейий бересизби? – деген мен эжем тарап болуп койдум.

– Эжеңе жан тартып жатасың да, көрөт элем сенин сакал алгычың менен чоочун аял ай сымал аласын кырынганда! – деген жездем мага тултуюп, чылымын дембе-дем тартып кирди. Кырдаалдан чыгуунун жолун издей баштадым.

– Коюң жезде, болбогон нерсеге башты оорутпайлы. Андан көрө эп көрсөңүз, барып пиво ичип келели. Мен аламын, кече маянам тийген, – дедим.

Жездем бир аз жумшара түшүп:

– Жүр, барса баралы, бүгүн баары бир ичмекмин. Өлбөгөн жанга кээ-кээде ичип турган деле пайдалуу болот, – деген жездеме жан кире баштады.

– Алтынбек, жүрөгөй биз менен садага? – деп 2-класста окуган жээнимди чакырдым.

– Баланы башыбызга урабызбы? – деген жездем мага суроолу тигилди.

– Камтама болбоңуз, жээним жолдон эле кайтат, – дедим.

Эт саткан касапканадан бир килограмм кой этин, 300 грамм куйрук алдым. Анан дүкөндөн бир килограмм девзира Өзгөн күрүчүн, анан 3 балмуздак сатып алып, жээним Алтынбекке карматтым.

– Эжеме айтып койгун, кечкиге күрүчтөрү өрмөлөгөн палоо демдеп койсун? – дедим. Ал мулуңдап сүйүнгөн бойдон балмуздакты кемире баш ийкей үйүнө кайтты.

Күн ысып, аба дагы үп тарта баштады. Экөөбүз почточунун атындай болуп, түз эле пиво сатылуучу сейил бакты көздөй шайдоот жол тарттык.

– Шоруң каткыр Заринанын күйөөгө чыкканына он жылча болуп калды. Алигече согончогу канап, наристе үнүн укбады, төрөбөдү. Мен ойлойм, кептин баары “айгырда”, ал башка күйөөгө тийиши керек, – деди Сапар өзүнчө бүтүм чыгарып.

– Сиз аны кайдан билесиз?

– Мындайлар турмушта көп болгон, кайним. Кайын журту дагы балтыры балкыбаган, чанагы жарылып, согончогу канабаган куу жатын, өндүрбөй турган кара жолтой келин экен дешип, ачуу сөздөрүн агытышып, ачык эле жээрий башташты. Мунун аягы жакшылыкка алып барбайт, – деди жездем алды жагын ойлуу тиктей.

– Бири кем дүйнө деген ушул да. Өң десең өң, мүчө десең келишкен мүчө берген, жылдызы жанган чырайлуу, колунан бардык иш келген зайыптын бир жерден өксүк кылып койгондугун карабайсыңбы, жараткандын.

Пивоканага дагы жетип келдик. Бизсиз деле ал жерде “суусагандар” толтура экен.

– Тынч океан аскер-деңиз флотунун матросуна жылуу салам дедик! – деген бир топ эркектер биз тарапты карашып, кыраан каткы түшүп, жыргап-жайнап каткырып күлүп калышты.

– Аа, көлчүктүн көк кашка бакалары, бар болгула. Кулкунуңарга арпанын ачыткысы кирип калган го сыягы, – деген Сапар калпка эле жылмайымыш болгону менен бети дуулдап кызарып чыкты. “Энеңди урайындар, катындыкы аз келгенсип, эми силер эле жетишпей турдуңар болчу!”, – деди ичинен ызырынган Сапар. Анын чындап ындыны өчө түштү.

– Жүр, кайним, башка жагына эле баралы. Бул шумпайлар бизге баары бир тынчтык беришпейт. Болгону көңүлдү чөгөрүп, беймаза гана кылышат, – деп шыпылдай алдыга түштү.

– Моряк, качпа, бизге кошул. Пиво бизден болот, сен болсо флотто өтөгөн кызматыңдагы окуялардан эле айтып берсең гана болгону?! – деген бийик үндөр менен кыраан-каткырыктар бизди узатып кала берди. 

Сейил бактын четирээк жерине жайгашкан кафеге кирдик. Кудай жалгап ичи салкын, нары адам дагы аз экен.

– Аттын заарасындай болгон пивону ичкениң – акчаны асманга чачып сапырганың. Андан көрө мазза кылып винодон эле ичели, кан дагы болот, кандай дейсиң кайним? – деди мага караган ал.

– Жарайт жезде, сиз айткандай эле болсун. Кызылынан болсо кызылынан да. Винодон эки стакандан кулкунга өткөргөндөн кийин Сапардын маанайы ачылып, көңүлү кыйла көтөрүлүп, жанданып калды. Дагы бирден алгандан кийин көңүлүмдө көптөн бери уялап жүргөн суроону ага кантип узатып калганымды өзүм дагы байкабай калдым.

– Жезде, сизди Тынч океан аскер-деңиз флотунун матросу болгон дешип, элдер көп кеп кылышат. Чындап эле флотто моряк катары кызмат өтөгөнсүзбү? – дедим. 

– Ээ, кайним, мейли, астейдил такып сурап калдың, айтса айтып берейин. Мага уйгактай жабышкан “Тынч океан аскер-деңиз флотунун матросу” наамы кандайча жабышып калганын сага өз оозум менен айтып бербесем болбой калды окшойт. Андан көрө сен ал үчүн мага ыңгайлуу шартты жараткын. Тигил винодон дагы келтирип, ысык шашлыктан бирден алдыр? – деген жездем чылымын тарта көзүн жүлжүйтүп, аңгемесин кандай баштаарын ойлонгонсуп калды. Мындай ыңгайлуу учурду колдон жаза кетирбес үчүн жездем койгон “талапты” бачым аткарып, эки стаканга кызылынан мелт-калт куя салдым. Шашылыкчы бала болсо шам-шум этмей закускасына үстүнө пияз тууралган ысык шашлыкты алдыбызга келтирип койду.

– Кеп мындай болгон, – деди чылымынын түтүнүн узун кылып обого үйлөгөн качаңкы карт “эски матрос”. 

– Ал окуянын тарыхы мындайча болгон, – деп сөз баштады Сапар.

– Базар-Коргондогу кесипчилик окуу жайынын “кыш кыноочу” адистигин ийгиликтүү бүтүргөндөн кийин мага аскерге чакыруу кагазы келди. Райондук аскер комиссариатындагы орус майор:

– Кайсыл аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөндү каалайсың? – деп сурап калды.

– Владивостокто, Тынч океан аскер-деңиз флотунда моряк болуп кызмат өтөсөм деймин, – дедим такылдап.

– Жарайсың, азаматым, эң туура жерди тандадың, – деди ал. – Сага окшогондор флотко абдан керек. Макул, сен айткандай эле болсун, Владивостокто кызмат өтөйсүң, – деген майор жылмая менин колумду кысып, деломду жылдырып койду. Көрсө, анын жылмайганында эле кеп бар экен, кысталак кытмырдын. Владивостокко самолёт менен учуп бардык. Бирок, моряк болбой, аскердик курулуш батальонуна, элдик тил менен айтканда “стройбатка” – “королевские войскага” түшүп калдым. Курулуш ишине баш-отубуз менен киришип, беш, он кабаттуу үйлөрдү тургузуп, кура баштадык. Намангандык Валижан деген өзбек жигит экөөбүз жакшы ашына, дос болуп кеттик. Кыш кыноочулук боюнча ага тең келген жоокер биздин ротада жок болчу. 

– Досум, кудай буйруса, мен сени колунан көөрү төгүлгөн чыныгы уста кылып чыгарамын. Кийин сен кыш кынап курган үйлөр көргөн адамдарды суктандырып, “Атаңа берекелде, кайсыл уста курду экен!” деп тамшандырбаса Валижан атымды башка коёмун дечү ал чын пейил дилинен. Көрсө, устачылык өнөр анын ата-бабасынан бери аздектеп келаткан улуу кастарлаган, атадан балага өтчү жан багар кесиби – ата мурасы экен. Аскердик курулуш батальонунда бир жыл кызмат өтөгөндөн кийин ротадан экөөбүзгө полктун командири, улуту украин, полковник Каракайчук “Ата Мекенге күжүрмөн кызмат өтөгөндүгүбүз” үчүн алкыш жарыялап, Владивосток шаарынын элеси түшүрүлгөн, аябагандай кооз сакал алгычты белек кылды. Атайын буйрук чыгарылып, Валижан досум экөөбүзгө бир күндүк эс алуу жарыяланып, шаарга чыгууга уруксат берилди.

Валижан экөөбүз Владивосток шаарынын портунда турган кораблдерге билет алып, экскурсиялык саякатчылар тобуна кошулдук. Деңизде турган кораблдердин айбаттуу көрүнүшү, алардын чоңдугу бизди аябай таң калтырып, оозубуз ачылып калды.

– Вай, тооба, бул кораблдер кантип сууга чөгүп кетпей тургандыгына башым маң! – деди Валижан. 

– Сапар муну карап тур, – деген ал жерден жаңгактай болгон ташты алып сууга ыргытты эле ал чулп этип чөгүп кетти.

– Көрдүңбү, таш чөгүп кетти. Ал эми беш кабаттуу үйдөй болгон темир кораблдер чөкпөй турганына айран-таңмын, вай, вай тооба! – деди желкесин кашыган Валижан.

– Ушуну ойлоп тапкан орус аалымдарына баракелде!

– Деңизде сүзүп жүрүүчү кораблдерди XVI кылымда испандар менен англичандар ойлоп табышкан, – дедим көптү билген адам катары ишенимдүү кыйынсынып.

– Кандай гана бактылуу инсандар ушундай кораблдерде кызмат өтөшөт болду экен! – деген Валижан кораблдин палубасында жүрүшкөн матросторго суктануу менен карады.

– А биз болсо, эки жыл “стройбатта” кызмат өтөп, автомат дагы атпай кете беребизби?! Келип, келип Владивостокто, болгондо дагы аскердик курулуш батальонунда кызмат өтөө дегендин өзү эмне деген шермендечилик жана азап. Сибирдин түпкүрү болсо да бир жөн эле! – деген Валижан досумдун заманасы куурулуп, маанайы чөгө түштү. Кыскасы, эс алуудан экөөбүздүн тең маанайыбыз абдан чөгүп, көңүлүбүз ит талаган түлкүдөй кайт болуп келдик.

Казарманын экинчи кабатында таттуу уйкуда жатсам, түн жарымда кимдир бирөөнүн капталдан түрткүлөгөн колу ойготту.

– Ким бул? – уйкусураган көзүм менен көөдөй болгон караңгылыкка үңүлдүм.

– Досум, бул менмин, Валижанмын. Башыма укмуштуудай бир ой келди. Уксаң таң калып, тан бересиң. Аны сага айтмайынча түк уктай алчуудай эмесин. Кыялданып, көз алдыңа элестеткин, досум. Валижан Наманган шаарында моряктын формасында кычырап басып баратат. Кыздардын баары мага суктана карашат. Мен болсо аларды көзгө илбей, чирене кадам шилтейм. Үйгө барганымда атам менен апамдын келмелери оозунан түшүп: “Бул кайсыл моряк биздин үйгө адашып келип калды?”, – дешип, алгач тааныбай дагы калышса керек. Анан махалага дуу-дуу кеп тарайт. “Биздин Валижан Тынч океан аскер-деңиз флотунун өзүндө кызмат өтөптүр, астапыралла, кандай гана бактылуу жигит”, – дешип, мага суктанышат, – деп шыбырап сүйлөп жаткан Валижанды кагып койдум.

– Байболгур, уйкуну бөөдө бузбай уктачы тынч алып, кайдагы жомокту айтасың, – деген мен бөөдө уйкумду бузган Валижанга жиним келип, аны укпай, тескери карап жатып алдым.

– Көрөсүң, айылымдагы кыздардын баары заматта мага ашык болуп калышат. Чекесинен чертип тандап, эң сулуусуна жуучу жөнөтөмүн. Билем, кыздын ата-энеси дароо макулдугун беришет. Тынч океан аскер-деңиз флотунун матросу күйөө бала болуу бактысы ар кимдин эле пешенесине жазыла бербейт бул турмушта, – деген Валижан таттуу кыял дүйнөсүнө чөмүлүп жатып, оо кыйладан кийин гана уйкуга кетти. Кыскасы, Валижан досум Тынч океан аскер-деңиз флотунун морягынын эки формасын таптырып, көкүрөк тушуна Владивосток базарында сатылган ар түркүн значокторго кооздоп бөлөп, тагып салды. Чындыгында “стройбатта” кызмат кылгандарда акча саман болчу.

– Моряктын кийимин айылыбызга жакындаганда гана кийебиз. Андай кылбасак аскердик күзөт патрулдары экөөбүздүн “жасалма жалган” матрос экендигибизди дароо аныктап, иттин арткы шыйрагындай кылып, шермендебизди чыгарып коюшат. Ушул жагына өтө сак болушубуз керек, – деди досум Валижан. Ошентип, таза кездеме жыттанган жапжаңы матрос кийимдерди чемоданга салып, катып койдук.

…Аскерден кайтып, айылыма кычырап, моряктын жапжаңы формасын кийип келдим. “Калпычынын казаны кайнабайт” дегендей жосунсуз кыял-жоругум көпкө созулбай, бат эле ачылып калды. Айылымдагы Балтика, Кара деңиз жана Түндүк муз океан аскер-деңиз флотторунда кызмат өтөшкөн моряктар тобуна “кармалып”, айыбым ачылып калды. Кайсыл бир олтурушта менин “моряктык турмушум” жагдайында ар кандай суроолорду узатышып, акырын тамырымды тартып, шаштымды кетирип коюшту. 

– Тынч океан флотунун кайсыл кораблинде кызмат өтөдүң? – деди Балтика аскер-деңиз флотунда кызмат өтөгөн Акимжан.

– “Кировдо”, – дедим ойлонбостон шыр. Кудай жалгап, ал кораблде Валижан экөөбүз экскурсияда болгон элек.

– Флоттогу эң жогорку аскердик чин кандай аталат? – деди менден он жаш улуу “аксакал моряк” Садык. Башымды шылкыйта жерге салып, үн катпадым. Ырасында аны билбейт болчумун.

– Деги канча келемиш кармадың? – деди Түндүк муз океаннын аскер-деңиз флотунун морягы Таштан.

– Сен эмне деп дөөдүрөп жатасың? Кораблдер сууда сүзүп жүрсө, ал жерде келемишке балээ барбы! – дей салбаймынбы. Моряк жердештеримдин баары кыраан-каткы түшүп, сандарын чапкылашып, олтурган төшөктөрүндө ичтерин тырмашып, кыраан каткырык салышып, оонап эле жыргап жатып калышты.

– Сапар, калпың айрандай эле төгүлүп калбадыбы? Билбесең билип алгын, кораблде 20 келемиш кармаган моряк кезексиз 3 күндүк эс алууга чыгат. Анткени келемиштер кораблдеги байланыш зымдарды кемирип, олуттуу зыян келтиргендиктери үчүн аларга аёосуз “согуш” жарыяланат. Мышык кораблдин океан менен деңиздеги чайпалган турмушуна түк чыдай албайт. Ал эми келемиш болсо ал жерде кадимкидей жашап, ал түгүл тукумун дагы көбөйтө алат, – деди Кара деңиз аскер-деңиз флотунун матросу, шыңга бойлуу жана чапсаң Кутман.

– Форма кийсем эле моряк болуп калдым десең терең жаңылышасың. Биз эч кимге айтпай эле коёлу, бай болгур, болгону мындан кийин Тынч океан аскер-деңиз флотунда кызмат кылганмын деп көкүрөк каккылап, өрдөгүңдү учурбай жүрчү, досум, – деген Кутман желкемден акырын таптап койду. Ошондо жер жарылбады дагы, мен жерге кирип кетпедим. Балээни айтпай коюшабы, “жалган моряк” экендигим айылга чагылгандай тез тарап кетти. Ошондон тарта “Тынч океандын морягы” деген ат мага уйгактай жабышты да калды. Бирок ушунун баарын ойлоп тапкан Валижан досума кыпынчалык деле капа эмесмин. Ал мага кыш кыноонун, устачылыктын көп сырларын үйрөттү. Моряктын турмушун жакшы билбесем дагы, кыш кыноочулук боюнча эч кимди алдыма салдырбасыма бөркүмдөй эле ишенемин, – деди алысты ойлуу тиктеген Сапар.

– Флоттогу эң улук аскердик чин кандай аталат экен, билип алдыңызбы? – дедим.

– Аскер-деңиз флотунда чиндер матростон башталып, флоттун вице-адмиралы, контр-адмиралы, адмиралы деп аталат экен. Аны мага кийин чыныгы моряк досум Кутман айтып берди. Айылдагы кыз-келиндер азыр деле мага “матрос аке” деп кайрылып калышат. Аларга мен ныпым деле капа болбоймун. Алар мени чындап эле матрос болгон экен деп ойлошот окшобойбу, – деди жездем.

…Ошол күнү дагы түш көрдүм. Түшүмдө Тынч океан аскер-деңиз флотунун карт морягы Сапар жездем аябай күйүгүп-бышып, тердеп-тепчигип, тим эле жинденип, кораблдин ашканасында келемиштерди кармай албай, ызгытып чыркыратып кууп жүрүптүр…

Автор

  • 1961-жылы Жалал-Абад шаарында туулган. СССРдин 50 жылдыгы атындагы КМУнун кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин журналистика бөлүмүн бүтүргөн. Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

2 Comments

  1. Тынч океандын матросу ангемеси бул нагыз чыныгы турмуштан алынып ачык даана адамды озуно краскасы тартып турат, кийин кайра тушко кирип чын эле матрос болуп жургону кубандырат, Ж.Осмоновко кааларым мындан да кызыктуу коломдуу чыгармаларды жарата беришине тилектешмин жана да ишенемин алдыда мындан да кызыктуу чыгармалардын жаралышына…..

  2. Абдан кызыктуу жана таасирдүү аңгеме болуптур! Окуя башынан аягына чейин жеңил юмор менен берилип, окурманды өзүнө тартып турат. Каармандардын сүйлөгөн сөздөрү, айылдагы турмуш жана адамдардын мүнөзү абдан жандуу сүрөттөлгөн. Айрыкча Сапар жезденин «Тынч океандын матросу» болуп калган тарыхы күлкүлүү да, ошол эле учурда терең маанилүү экен.
    Аңгеме аркылуу адам өзүн башка адамдай көрсөтүүгө аракет кылса да, чындык бир күнү сөзсүз билинерин жакшы жеткирипсиз. Ошол эле учурда достук, өнөр үйрөнүү жана өз катасын юмор менен кабыл алуу темалары да абдан жакшы ачылган. Авторго чыгармачылык ийгилик, калемиңиз курчуй берсин! Жаңы чыгармаларыңызды күтөбүз!

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген