“Унчукпастар уйку көрбөйт… ызалуу…”

4/5 - (4 добуш)

* * *

Унчукпастар уйку көрбөйт… ызалуу,
Көрбөй койду көзүн издеп тынчтыктын,
Маңдайында боз дубалга илинген
Саат такасы тыным албайт – “Тык-тык-тык”.

Ак таң арбап алып чыккан жолдордо,
Баягы эле окшоштукка оролот,
Тынымы жок тыгын жолду аралай,
Аксак кары тыйын сурайт тоголок.

Төрдө отураар ак сакалдуу карыя,
Жолдон издеп өлбөстүктүн үрөнүн,
Үстү жакта үналгыдан жаңылык:
“Үмүтүңдү уурдады дейт түгөнгүр…”

Үндөбөстөр уйку көксөйт, негедир,
Сааттын төкөр жебеси урат “тык-тык-тык”,
Көздөр балким жашка ачышып жабылаар…
Көөдөн кагат каршылашын тынчтыктын.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

2 Comments

  1. Нарсулуу ачуу чындыкты таамай сүрөттөп берипсиң! Алтын калемиң менен жүрөктү титиреткен чыгармаларды жарата бер!

  2. Мартин Иденди күтүп окуп жатам.Котормочуга ыраазычылык билдирем.”Адабий Ордонун” уюштуруучу тобуна таазим!
    Арыбаңыздар!

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген