“Көлкүгөн Каспий, көк асман түстүү көк ирим…”
* * *
Көлкүгөн Каспий, көк асман түстүү көк ирим,
Жээкти жирейт сурданган албуут көбүгүң.
Боздогон кезде ботосун издеп энелер
Бозомук тартып боору таш, мерез көрүндүң.
Толкуган Каспий, толкунуң тоодой кулады,
Алаамат салдың, аскалар, зоолор урады.
Арача кылбай аалам да турду мелтиреп,
Жалп өчтү үйдүн жаркырап күйгөн чырагы.
Мөгдөгөн эне отурган сага малынып,
Чайпалып чайып кайгысын жууй алдыңбы?
“Кайтарып бер” деп сураган чыгар баласын,
Зар-муңун көрүп, же тайыздап өзүң калдыңбы?
Көкүрөк дартын, көз жашын көрүп не дедиң?
“Айып менде эмес, мен эмес” деген чыгарсың.
Акыры бир күн мезгили келсе, а балким,
Ашынган жандын айыбын айтып турарсың…

