Жылдыз жөнүндө ой

5/5 - (2 добуш)

Жылдыз, билем, укпайт
менин сырымды,
Кыялымды, оюмду да окубайт,
Каныкпаган каалоо болбойт аларда,
Күндү күтүп, куру күдөр токубайт.

Тиешеси жок анын жарым айга да,
Ай толуктайт жарым айда жарыгын,
Булут каптап бозоргондо кең асман,
Жанган жылдыз жаңылабайт калыбын.

Кем сүйүүдөн өксүгөндөр үңүлүп,
Мен сыяктуу тигилишет жылдызга.
Дүйнөсүнө согуш ачкан сезимден,
Чарчаганда тынчтык издейт жылдыздан. 

Каалоо болбойт… Өксүгү жок бийиктин,
Калыбынан жазбайт дагы түнөрбөйт,
Канча көздөр каныкпаган өмүрдөн
түгөнүшөт. А жылдыздар түгөнбөйт.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

One Comment

  1. Абалкысы табышмак тарых болуп,
    Азыр бизге жеткен нур анык болуп,
    Качанкы бир кылымда өчкөн жылдыз
    Каректерден чагылат жарык болуп.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген