Иймек
(аңгеме)
Чаканын шылдырт деген үнүнөн чочуп ойгонуп, шашып-бушуп кийине баштадым.
– Иий уктап калган турбаймынбы. Өзүмдү өзүм жемелеп сыртка чыксам, кайненем чети мыйшыйган чакасын көтөрүп, уй сааганы жөнөп калган экен.
– Апа, беринизчи мен саайын.
– Кой, алдыңа кетейин, апаң азыр уй сааганга алы-күчү жетет. Сен бар укта, азыр эрте, – деп коюп, уй сарайга кирип кетти.
– Кой, чай кайнатайын. Самоорду көтөрүп жөнөдүм. Отту тамыза албай ышка көзүмдү ачыштырып жүдөп жатканымды көргөн кайненем, келе бери мага, – деп ары-бери тамызып койду. Шуулдап кайнайын деп калган самоорду карап кыялданып да кеттим.
– Жүрү, чай ичели. – деген үндөн селт этип башымды көтөрүп, самоорду үйгө алып кирдим.
Экөөбүз көпкө сүйлөшүп отуруп, чай ичтик. Келин болгон кезин да айтып берип жатты, божурап. – Келин жаман эмес, келген жери жаман деген сөз бекеринен калбаган, балам. Сени кызымдай көрөм, себеби менин жалгыз баламдын колуктусусуң. Оомийин.
Чайга бата кылып эшике чыктык.
Кайненемди күндөн күнгө жакшы көрүп бараткандаймын. Жүрөгүмдү өйүгөн нерсе – жолдошумдун суз мамилеси. Жаңы үйлөнгөн жаштардай ысык мамиле көпкө узабады. Менин апамдын сиңдиси менен кайнежем кошуна жашагандыктан өз ара сүйлөшүп үйлөндүрүп коюшкан.
Жыл айланып балалуу да болдук. Жолдошум бир аз жибигени болбосо, аябай деле эзилип жакшы көргөн жок. Билинбей зымырап үч жыл өтүп кетти. Баягы эле күндөр. Жолдошум эртең менен кетет, кечинде келет. Кээ күндөрү иштеп келгенин айтып, бир аз олжолуу кайтат. Көбүнчө достору менен майрамдап кеткенин токтото албады. Ойго батып жүргөнүмдү кайненем көрсө да көрмөксөн. Асты-үстүмө түшүп жалынып-жалбарганын койбойт. Кайненем мени ушул үйдө бекем кармап тургандай. Кээде ойлонуп коём, кайненем үчүн жашап жүрөмбү деп.
Арадан дагы убакыт өттү.
Ойлонуп жүрүп акыры кетүүнү туура көрдүм. Ал күнү тамагыбызды эрте ичип, эрте жаттык. Жолдошум адатынча үйдө жок. Кайненемдин укташын күттүм.
Даярдап койгон баштыгымды алып, бутумдун учу менен эшикке жөнөдүм. Ичимден өзүнчө бушайманмын. Жалгыз калган кайненемди элестетип, көзүмөн жаш айланды.
– Апа, мени кечириңиз, – шыбыраган сөзүмдү өзүмдөн башка эч ким укпады..
Жолдо көпкө турдук уулум экөөбүз.
“Кыйч” этип келип токтогон ак жигулидеги шоопур: “Бишкекпи, отур”, – деп, арткы орундукту көрсөтүп койду. Жүрөгүм эзилип баратты. Уулум эч нерседен капары жок уйкуга кетти. Чечкиндүү кадамга барганыма бир чети кубансам, бир чети өкүнгөндөймүн. Алаканымда кайненем салган сөйкөнү бекем кысып бараттым.
Баардыгын унутуп жаңы жашоо баштасам да, атасына окшош уулумду, кайненем белек кылган иймек бул жашоону эсиме салып тураарына көзүм жетти.


Соонун чыгарма
Ыраазычылык билдирем.