Толгонуу…
Жарыкка келе элек периштем,
Жандалбас урасың кейисем…
Тагдырга баш ийбе мен сындуу,
Төрөлүп келгенде эми сен.
Чыйрак бол, сыноого сынбагын,
Чындык деп мен далай ыйладым.
Сени да ойлонтоор кез-кезде,
Сыгылып ичимден кыйналуум.
Жазмыш да, жок билем жан аргам,
Жүрөгүм жай таппай карайлайм.
Жөлөгүм боло көр турмушта,
Жакынды өзүңдөй таба албайм.
Жолум бул-борошо, тумандуу,
Жан үчүн кечтим көп кыянды,
Баарынан кол шилтеп кетким бар,
Бузгум жок бир гана уямды.

Бул дуйнодо эненин ак тилегинен буткон улуу максат, ак булуттай аруу дуйно жоктур. Эч кимдин уясы, ынтымагы, биримдиги, тынчтыгы, суйуусу, ден-соолугу…эч качан бузулбасын бузулбасын!!! Ырысгулдун мындан мурда жарыяланган ыры да жагымдуу, ширелуу, терен ойлуу чыккан.