Love is…
(аңгеме)
– Атасына айта көрбө!
Ушул сөздү укканда, каалганын туткасын кармаган бойдон катып, сөз тыңшап калдым.
– Айтпайм, эмнеге айтмак элем? Кумганымды эле эптеп алып берсеңиз…
Жүрөгүм солк дей түштү. Өлдүм. Тутканы кое берип, артыма бурулдум.
– Бала немелер алпарса алпаргандыр.
– Анын эмнеси бар экен? Өзүмдүн кыздарым деле үйгө буюм койгон жок…
Кулак-башым чуулдап, баш оогон жакка бастым. Алардын маеги үзүл-кесил угулуп, алыста калды.
Он күн мурун беле, он беш күн мурун беле, Ажар экөөбүз көчөдө ойноп жүрүп, Нурзадага бардык. Коргондун түбүнө туруп алып, “Нурзадалап” кыйкырып атабыз, кыйкырып атабыз. Бир жакка кетишкенби, же укпай калдыбы, жооп болгон жок. Арыктын жээгинде томолонуп жаткан кумганга кылчактап кете албай турдук. Аны адеп келгенде эле көргөнбүз. Керелден кечке айдоодо зым, кашык, өңдүү алюминийдин сыныктарын чогултуп, күүгүмдө суй жыгылган бизге килейген кумган чоң табылга эле…
“Арзыкан эже алюминий алып атыптыр” деген күндөн тартып, айылда кыз-эркек, улуу-кичүү дебей жапырт алюминий чогултуп баштадык. Балалык жашообуз, балалык дүйнөбүз да өзгөрүп кеткендей болду. Мурда оюндан башканы ойлобосок, эми “алюминий чогултуш керек, Арзыкан эжеге өткөрүп, акчасын алыш керек” деген милдет өзүнөн өзү эле мойнубузга жүктөлдү. Термелеп жүрүп эптеп бир киле топтойбуз да, көчөнүн этегиндеги Арзыкан эженин үйүн көздөй жөнөйбүз. Камгактай болуп деги эле анын жеңилин кантесиң? Бир жолкусунда бир килеге такыр жеткире албай ыйлактасам, чоң апам: “Ал, муну да кошуп ал! Бир күнү бирөө көтөрүп кетелекте…” деп, Актөштүн эски ит аягын кармата салган. Ошондон бери Актөш жаңы желим идиштен тамак жеп калды. Ушинтип күн кечке алюминий менен алышканыбыз алышкан. Анан кантип арык жээгинде томолонуп жаткан кумганды таштап, басып кетмек элек?
* * *
– Арзыкан, балам, баарыбыз эле тиргилик деп жашайбыз. Бирок бул кылганың туура эмес! – деди чоң апам.
– Мен эмне кылдым, ботом?!
– Бала-чака бир нерсе көтөрүп келгенде: “Муну кайдан алдың, кимдики?” – деп сурап коюш керек да.
– Сурадым. Сурабайт дейсизби?! “Кумган өзүбүздүкү, үйдө үч кумган бар” деп айткан. Ана, калп айтсам, небереңиздин көзү турат! – деди, Арзыкан эже мен тарапка колун шилтеп. Бетим тызылдап, ысып чыкты. Кумганды өткөрүп атып, чын эле ошентип айтканбыз. Ажар айтса да мейли эле, мен айткам.
– Кумган канча киле чыкты?
– Бир киле.
– Анан кыздарга бир сом бердиңби?
– Бир сом бербей, он сом берет белем?! “Алюмнийдин” килеси бир сом болсо, бир сом беремби?
– Кудайды карасаң боло, айланайын, килейген кумган кантип эле бир киле чыксын?!
– Бир киле эле чыгат.
– Мейли, канча чыкса, ошончо чыксын. Мен сага бир сом берейин, Жамалдын кумганын өзүнө кайтарып бер.
– Андай болбойт!
– Эмнеге болбойт? Сен кыздарга кумган алып келгени үчүн бир сом бердиңби?
– Бердим!
– Ии, берсең, мына, мен сага бир сомуңду кайтарып берип, кумганды алам.
– Ала албайсыз, бул менин буюмум болуп калды.
Чоң апам менен Жамал эже андай айтса деле, мындай айтса деле, “Менин үйүмө келгенден кийин, мен акчасын төлөгөндөн кийин буюм меники! Ар ким келип өз буюмун таанып көтөрүп кете берсе, бул иштен тапкан пайдам кайсы?!” – деп Арзыкан эже көгөрүп, кумганды бербей койду.
* * *
Кечки чайга отурганда чоң апам:
– Ыя, кызым, кумганды кантип алдыңар? – деп, кеп баштады.
– Алган жокпуз. Арыктын жээгинде томолонуп жаткан жеринен таап алганбыз.
– Аа, мейлиң, андай болсо… Анан чын эле Арзыкан бир сом бердиби?
– Ооба .
– Бир сомду эмне кылдыңар?
– “Ловис” алдык.
– “Лөвисиң” эмнеле?
– Сагыз.
Чоң апам күлүп ийди. Мен ыйлап калдым.
– Апе-е-й кантет? Кой, ыйлаба, кагылып кетейин! Жамалдын кумганын алып бердим. Колдонулбай турган жаңы сыр чайнегим бар эле, ошону Арзыканга берип, ордуна кумганды алып келдим. “Жамалдын кумганы экенин кайдан билейин. Өзүмө буюм болуп калсын деп, алып калдым эле”, – деп, тырышып туруп албадыбы. Мындан ары ага алюмний өткөрбөй жүрчү. Дүнүйөпараз неме силерди баласынтып, аз акча берип коет экен. Көчөдөн бир нерсе таап алсаң, дароо мага алып кел. Мен борборго алпарып көбүрөөк акчага өткөрүп келем.
– Чын элеби?
– Чын эле.
– Атама айтпайсыңбы?
– Айтпайм. Коркпо, дароо мага алып кел.
Атамдан өлгүдөй корком. Ал аялы, бала-чакасы менен башка көчөдө жашайт. Бирок кээде келип, мени какыс-кукус кылып, тарбиялап кетет. Ошондон улам “укса өлтүрөт” деп атамдан коркуп аткам.
* * *
– Казан алюминийби?
– Алюминий да! – деди Ажар.
“Мындан ары бир нерсе таап алсаң, дароо мага алып кел, борборго алпарып көп акчага өткөрүп келем” деген сөздү эстедим.
Казандын түбүндөгү майын төктүк да, эки кулагынан экөөбүз кармап, көтөрүп жөнөдүк. Чоң апам Арзыкан эжеге окшоп казанды таразага тартып деле көргөн жок. Ажар экөөбүзгө эки сомдон төрт сом карматты.
“Ой-ий! Бул акчага жер жайнаган “Ловис” келет да. Ичинен кандай сүрөттөр чыгар экен? Бизде бар сүрөттөр чыгып калбаса экен…”, – деп, сагыздан мурун ичиндеги кагаздын, сүрөттүн күйүтүн тарттык.
“Ловистин” кагазын класста бардык кыздар чогултабыз. “Ким канчаны топтоду, кимде кайсы сүрөт жок, кимде кайсы сүрөт көп?” – деп, ич ара жарышабыз. Муну класстагы балдар да билип калыптыр. Бир жолу Самат сабактан кийин, кичинекей жылтырак баштык менен бир болгон “ловистин” кагазын көтөрүп келип:
– Ме, керекпи? – деп мага сунду.
– Жок, керек эмес, өзүмдө толуп атат, – деп баш чайкадым. Бирок ичимден: “Мен мынча кагазды өмүр бою топтой албасам керек, ичинде бардык сүрөттөр бар чыгар”, – деп ойлоп, баштыкты алгым келип турдум.
Анан эле кайдан-жайдан балдар-кыздар жетип келип: “Самат+Айдай!”, “Самат+Айдай!”, – деп ызылдап киришти.
“Любоф это… сүйгөнүң үчүн кыладыш чогултуу”, – деди арасынан бирөөсү.
Күлкүдөн жер жарылып кеткендей болду.
Мен ызаланып кетип, Саматтын колунан баштыкты жулуп алдым да, көңтөрүп жибердим. Ортосунда кичинекей кыз менен баланын сүрөтү бар, “любовь это…” деп башталып, андан ары ар түрдүү сүйүү сөздөрү жазылган кагаздар бут алдымда чачылып жатты. “Самат+Айдай!”, “Самат+Айдай!”, – деп ызылдап аткандарды Самат бириндетип туш-тарапка кубалап кирди…
– Казанды кайдан алдыңар?!
Чоң апамдын үнүнөн чочуп кеттим.
– Тоту апанын эшигинен таап алдык. Өзүң айтпадың беле… Мага алып кел дебедиң беле?! – деп, мен өзүмчө эле чырылдап, актанып кирдим.
– Ооба, өзүм айткам, бирок мунун ээси бар да. Тотунун казаны турбайбы, берип коелу, уят, жүргүлө, – деди башын жаңсап.
– Акчасычы?
– Акчасы силерде кала берсин!
* * *
Үчөөбүздүн тапыраган дабышыбыздан Тоту апа кире беришке чыга калды. Чоң апам казанды тамдын бооруна көмкөрүп атып:
– Сенин казаның экенин дароо тааныдым, – деди.
– Ооба, эмне болду?
– Бирөө-жарым көтөрүп баратып таштап койгон көрүнөт, кыздар айдоодон таап алыптыр.
– Ии, кашайгыр, эрте менен жети токоч жасап, майы суусун деп эшикке калтырып коюп, унутуп калган турбаймынбы. Балакетиң алайындар, кара көзүм кашайып кала жаздаган тура, – деп, сүйүнүп атты Тоту апа.
Кичинекей, капкара казан ага ушунчалык кымбат экенине таң калдым. Анан дагы чоң апамдын “корооңдон алышыптыр” дебей, “айдоодон таап алышыптыр” деп калп айтып койгонуна, негедир сүйүндүм.
– Балдардын жүрбөгөн жери барбы, ойноп жүрүп таап алат да.
– Ошону айтсаң, садагаң кетейиндер! Киргиле үйгө, чай ичкиле.
Бизди үйүнө баштап баратып: “Буюм-тайым деле калган жок. Эсиме жара чыгып эшик-эликте калып, анан эле ар ким көтөрүп кетет”, – деп кейип-кепчип алды.
Тоту апа жалгыз жашайт. Көчөдөгү бизден улуураак кыздар кээде келип, кир-когун жууп, үйүн жыйнап берип, колкабыш кылып турат. Биз биринчи жолу анын үйүнө кирдик. Күңүрт бөлмөнүн ичи буркурап алма жыттанып атты.
Тоту апа керебеттин түбүнөн жыгач жашикти сүйрөп чыкты да, гезитке оролгон алмаларды бизге карматты. Эки түп алмасын быша электе эле бизден коруп, терип алат, көрсө, ушинтип үйүндө сактайт тура.
– Ал, айланайын, экөөң мага чоң жакшылылык кылбадыңбы. Кашайып казаны жок калат элем.
– Жакшылык деген жакшылык да, Тоту. Анын чоң-кичинеси болмок беле? Адамдын буюмун таап алып, кайтарып берип койгон да жакшылык, алдыңдан чыккан адамды, “Ал-абалың жакшыбы?” – деп сурап, жакшы сөз айтып, сүйүнтүп койгон да жакшылык. Адамдын жаманын жашырып, сырын сактай билген деле жакшылык…
– Аа, кокуй десең…
Эки кемпир бирин-бири коштоп сүйлөшүп атты. Алардын кебине кулак төшөп отуруп, мен негедир баардык адамдарга жакшылык жасагым келип кетти. Билбейм, биринин жоголгон казанын таап берип, биринин төгүлүп жаткан алмасын терише коюп, биринин арык жээгинде жаткан кумганын үйүнө киргизип берип, иши кылып адамдарга жакшылык жасагым келип кетти. Гезитке оролгон алмаларды дасторкон четине коюп, гезитти шуудуратып бирөөсүн ачып кирдим. Ичинен кадимки бизге тааныш жашыл, чоң алма чыкты. Ажарды карасам, эбак эле алмага тиш салыптыр. Биринчи жолу Тоту апанын алмасын уурдабай жегенибиз ушул болду. Алманы уурдабай жесе деле болот экен…
2024-жыл

Сонун жазылыптыр.
“Жакшы көрүү – бул…” деп башталган сагыздар баарыбыздын эсибизде. Чоң эненин чынчылдыгы, жаманды жашыра билгени, колунан келишинче жакшы тарбия бергени ошонун ичинен чыккан сабак сыяктуу болуп таптакыр башка өңүттө ачылып, окуяга жаңы мазмун берип турат.
Айтса-айтпаса төгүнбү? Чындап жакшы көрүү – бирин бири аёо, бирин бири сыйлоо, бирин бири колдоо, бирин бири баалоо да.
А калганы – жөн гана сагыз…
Аңгеменин аягындагы чоң энелер азайып баратат. Ыйык китептер жок болуп бараткандай нерсе бул. …жашоонун маңызы ,улуулугу да азайып бараткандай!
Нуриза эже, керемет чыгарма жазыптырсыз! Бар болуңуз!