Аптап
“Я чувствовал только, как бьют
у меня во лбу цимбалы солнца…”
А. Камю (“Посторонний”)
Ойно, Күн, ур. Башым сонун добулбас.
Меникиндей үнү катуу табылбас.
Добуштары асман-жерди жаңыртат.
Мээде кызык элестерди жаратат:
Көпөлөктөй качып менден көлөкө,
Күн нуру жаайт нөшөр жаандай көнөктөп,
Адамдыгың жуулат жаман боёктой.
Жарым жаның тирүү туруп тозокто.
Шоргологон чөлдөй ысык беттен тер –
Толкундарда жол издешкен кербендер.
Кадамдары мыктай мээге кадалат,
Окугандай узун ырды кайталап
“Ап-тап, ап-тап, ап-тап, ап-…”

Күн катуу ысыса тирүү туруп тозоктогудай эле сезесин өзүндү.
Жакшы жазылыптыр. Ырды окусан тозок элестей тушөт экен 🙂