“Азыр мага башымды жөлөп алып, мойнунан бек кучактап ыйлаганга ийин керек”
Инсандык руханий изденүүнүн катмарына терең бороз салган таланттуу акын кызыбыз Рахат Шакировна Жуманазарованын ырларын “КМБ” интернет порталынан окуп, мен аны издеп таап, жолуккум келди. Чыгармачыл чөйрөдөн, жердештеринен сураштырып дарегин тактай албадым. Рахат Жуманазаровадай орошон талант бүгүнкү күндө сейрек кездешет. Ошондуктан бул таланттуу акын кызды табуу, анын чыгармаларын окурман журтуна кеңири жеткирүү – баарыбыз үчүн маанилүү – деп ойлойм. Балким өзү айткандай, “эл агымы азайган кеч күүгүмдө, эч бирөөнүн илинбей назарына, номери жок таксиге түшүп алып, белгисиз чоң шаардагы, жоголгон бир көчөдө үнсүздүк үйү болсо, ошого кеткен чыгар…” бирок анын поэзиясы окурмандын жүрөгүн багынтырып, издетүүчү күчкө ээ экенин ал өзү билер бекен?!.. Келиңиздер, биз ошол күндүзү чырак кармап адам издеп жүргөн Аруу кыздын өзүн чогуу издеп табалы, окуйлу, баалайлы. Кабарын билгендер болсо маалымдап коюңуздар.
АРТЫМДЫ КАРАЙМ УЛАМ
Азыр мага
башымды жөлөп алып,
мойнунан бек кучактап
ыйлаганга ийин керек.
Ким болсо
ошол болсун,
атын да
айтпай койсун.
Мен ыйлап бүткүчөктү
чачымдан аста сылап,
болгону, болгону эле
ийинин тосуп койсун.
Элпектенип эч кимди
туурабасын,
эбиреп көңүлүмдү улабасын.
Эчкирип кошо ыйлап
бетимди суулабасын.
Эми кантем элдерден
өткөн-кеткен
дегенсип корунбасын,
уялбасын.
“Эмне болду айтсаң”- деп
сурабасын.
Баары бир жооп бере албайм,
бүт денем талып турат,
баягында бакыт издеп
чыккан элем,
ошол сапар мына азыр
карып турат.
Басынып, чүнчүп, анан
көңүлүм көп нерседен
калып турат.
Үн-сөсүз кулачудай,
жыгылсам турбачудай
бир кызык болуп турам.
Көрүнбөйт эч ким жодо,
акыркы күчүм жыйнап,
а балким келатат деп
артымды карайм улам…
Рахат Жуманазарова “Өзүмдү издеп” ыр жыйнагынын автору экен. Байкасак, анын поэзиясы – ички дүйнөнүн абдан татаал, кээде карама-каршы, алпурушкан абалын чагылдырган бийик деңгээлдеги руханий-филасофиялык лирикадан турарына күбө болобуз. Ал өзүнүн чыгармаларында адамдын жан дүйнөсүнүн эң назик катмарларын казып, “мен киммин?”, “эмне үчүн жашайм?”, “сүйүү деген эмне?” – деген түбөлүктүү, түпсүз суроолорго жооп издептир. “Кездешүүгө баратам”, “Акыркы кар”, “Жададым жалпылыктан…” жалпы эле мен окуган дээрлик баардык ырларында акындын өзүн-өзү таанууга умтулуусу, руханий жалгыздык сезими өтө күчтүү берилиптир. Өзүнүн ким экенин тааныбай, бирок өзүн “абдан олуттуу” чыгармачыл инсан катары эсептеп жүргөн инсандар да жазмакерлер арасында жок эмес. Алар арабызда эле жүрөт…
Ал эми Рахат Шакировнанын поэзиясынын башкы өзгөчөлүгү – чынчылдык менен ички монологдун албуут динамикасы. Акын өзүнүн сезимдерин жасалмасыз, түздөн-түз, кээде оор, кээде назик абалда ачып, инсандык абийир чындыгын поезддин вагондорундай чиркеп алып, аалам алкагына жар салып, кыйкырып бараткан локомативдей ачык сүйрөп жүрүп отурат. Махабат темасы анын ырларында өзгөчө орунду ээлейт. “Үч жыл болду”, “Сагынуу”, “Эртең барам…” дегеле баардык ырларында сүйүүнүн азабы, күтүүсү, жоопсуздук трагедиясы терең психологиялык деңгээлде өтө чебер, жеткиликтүү сүрөттөлүп берилген. Анын ырларында сүйүү – жөн гана кубаныч же кайгы эмес, ал адамды өзгөрткөн, сыноодон өткөргөн руханий күч катары сүрөттөлөт.
Акындын тили образдуу, метафораларга бай. Ал жөнөкөй турмуш көрүнүштөрүн философиялык деңгээлге көтөрүп чыгуу кудуретине ээ болгон кыл калемгер. Мисалы, “Акыркы кар” ырында кар аркылуу адам өмүрүнүн убактылуулугу, тазалык менен жаңылуу, асман менен жердин карама-каршылыгы символдук өңүттө баяндалган. Ошондой эле “Түнкү ойлор” ырындагы жарганат образы – коомдон обочолонгон, түн менен сырдашкан адамдын ички абалын чебер ачып берген.
Лирикалык каарман көбүнчө жалгыздыкта ойлонгон, жаны тынбай изденген инсан экенин анын ар бир ырынан көрүүгө болот. Ал жада калса коомдон четтеп, өзүн табууга аракет кылат. “Жададым жалпылыктан”, – дейт, бирок ошол эле учурда жылуулукка, түшүнүүгө, мээримге муктаж экенин “Артымды карайм улам…” – деп чындыкты моюнга алып, үмүтүн куру намыска жашырбай ачык айтат. Бул эки абал – жалгыздык менен жакындыкка умтулуу акындын поэзиясында окурманды түйшөлтүп, ойго салган негизги ички конфликтти түзүп, сөз кудиретинин бийиктигин аныктап турат.
Анан да акын кыз аялдык сезимди, асылзаадалардын албырган аруу дүйнөсүн өзгөчө тактык менен ачып берет. Анын ырларында назиктик, муң, таарыныч, үмүт жана өжөрлүк айкалышып, заманбап кыргыз аялынын образы түзүлгөн. Ал сүйгөн, күйгөн, жаңылган, бирок кайрадан жаңырып, үмүттөнүп, калыптанып күчтүү ички дүйнөгө ээ болгон. Барпы апыз айткандай, ырларынан “сүйүү оту жалындап, жүрөгүңө баш баккан…” жалындуу, пакиза Пери экени көрүнөт.
Рахат Шакировна замандаштарынан айырмаланып – терең психологизмге ээ, чексиз философиялык ой жүгүрткөн, инсандык ички дүйнөнү көркөм сөз каражаты аркылуу бийик даражада чагылдыра алган өзгөчө сезимтал лирик акын. Анын чыгармачылыгы окурманды ойлонууга, өз жан дүйнөсүнө үңүлүүгө аргасыз кылат. Жаш муун анын ырларын окуп, үлгү алууга болот, анткени ал алакандай китеби менен заманбап кыргыз поэзиясында өзүнүн өзгөчө үнү бар экенин айгинелеп койгон.
Анын “Өзүмдү издеп” ырлар жыйнагын – инсандын ички дүйнөсүнүн кыйчалыш, татаал абалын акыйкат чагылдырган лирикалык цикл катары кабыл алууга болот. Автордун үнү өзгөчө – ал жасалмалуулуктан алыс, түз, бирок ошол эле учурда поэтикалык тереңдикке умтулган үн. Келиңиз окурман, сөзүбуздү бекемдөө үчүн “КЕЗДЕШҮҮГӨ БАРАТАМ” деген ырын чогуу талдап көрөлү. Бул ыр абдан терең ички драманы камтыган, призмалуу мааниге ээ болгондуктан, аны сап-сабы, строфа-строфасы менен талдоо – автордук дүйнөтаанымды тереңирек ачууга жардам берет. Төмөндө ар бир строфаны, анын ичиндеги маанилүү саптарды адабий талдоого бирге алалы.
I строфа:
“Мен өзүмдү таппай келдим,
таппай издеп, бир изимди
кайра-кайра таптай бердим…”
Бул ырдын башталышы – дароо эле анын философиялык багытын аныктайт. “Өзүмдү таппай келдим” деген сап инсандык кризистин декларациясы катары угулат. Автор өзүн табуу, издөө процессин кыймыл катары эмес, үзгүлтүксүз, натыйжасыз лабиринттик айлануу, издөө, чаалыгуу, чарчоо катары берет. “Бир изимди кайра-кайра таптай бердим” – бул ыр сабынан орун алган өтө күчтүү метафора. Бул жерде “из” – жашоодогу багыт, из калтыруу. “Таптоо” – ошол эле катачылыктарды кайталоо. Демек, автор өз жашоосунда прогресс эмес, айланма жолдор бар экенин көркөм сүрөттөйт. Бул сап поэтикалык табылга катары өзгөчө баалуу. Негизинен адам турмушу өзү ошол айланма жолдордун тутумдашуусунан эле турат. Бирок аны кээ бир адамдар капарына албай өтөт. Анткени ал жолдор бирөө үчүн жагымдуу болсо, бирөө үчүн жагымсыз.
II строфа:
“Кайда жүргөм?
Жокмун күтсөм,
жүдөп бүткөм,
аргасыздан арсыз күлгөм…”
Бул бөлүктө суроо формасы “Кайда жүргөм?..” – ички аң-сезимдин ойгонушу. Бирок дароо эле “Жокмун күтсөм” деген сап менен автор өзүнүн жокко тете абалын көрсөтөт. Мында экзистенциалдык боштукту кынтыксыз бергенин байкоого болот. “Аргасыздан арсыз күлгөм” – бул сапта парадокс, “аргасыздан” – мажбур абал, “арсыз күлүү” – уялбоо. Тагдырга баш ийүү. Бул эки сөздүн айкалышы адамдын коом алдында жасалма рол ойноого аргасыз болгон учурун даана көрсөтө алган. Автор бул саптары аркылуу социалдык бет капты (маска) сыйрып салган. Поэзиянын күчү дал ошол нукура жүзүндө! Андай кадамга эркиндикти сүйгөн, ревоюциячыл күчтүү акындар гана бара алат!..
III строфа:
“Түтөп күйгөм,
чүнчүп жүргөм,
мен өзүмө толук кайтчу
күндү күткөм…”
Бул саптарда укмуштай динамика турат. “Түтөп күйгөм” – ички азаптын активдүү фазасы, “чүнчүп жүргөм” – пассивдүү, басылган абал. “Өзүмө толук кайтчу күн” – бул жерде автор өзүн жоготконун, бирок кайра табууга үмүт бар экенин көрсөтө алган. Бул саптар үмүттүн философиялык формуласы. Ыр толук пессимисттик эмес экенин дал ушул жерден ички күйүү менен күтүүнүн философиясынан байкайбыз.
IV строфа:
“Мен өзүмдөн алыс жүргөм,
ойгоно албай, “ойгон” деген
алсыз үндөн…”
Бул жерде ички конфликт тереңдейт. “Өзүмдөн алыс жүргөм” – бөтөндөшүүнүн кульминациясы. “Ойгон деген алсыз үн” – бул абийирби? Ички үнбү? Же руханий чакырыкпы? Автор аны “алсыз” – деп мүнөздөйт. Демек, ички үн бар, бирок ал жетишсиз. Бул өтө реалдуу психологиялык абал. Ойгонуу мүмкүнчүлүгүнүн алсыздыгы. Аны Рахат айымдай нагыз сүйүүгө кабылган адамдар гана түшүнөт.
V строфа:
“Көрчү оюмдун чаташканын,
мен өзүмдөн адашкамын…”
Бул эки сап – ырдын өзөгүн жыйынтыктаган формула. “Оюмдун чаташканы” – интеллектуалдык деңгээлдеги кризис, “өзүмдөн адашуу” – адамдын жашоосунун эң терең, маңыздуу катмары, тагырак айтканда анын бар болуусу тууралуу ойлору, сезимдери, суроолору менен байланышкан – экзистенциалдык деңгээл. Бул жерде автор аң-сезимдин бузулушун көрсөтөт. Адашуу жана ички сезимдин чаташуусун сүрөттөйт.
VI строфа:
“Ким бирөөнүн кейпин кийип,
өзүм менен
кездешүүгө баратамын…”
Бул финалдык сап – ырдын эң күчтүү, философиялык жактан эң салмактуу айтылган жери. Парадокс “өзүм менен кездешүү” – чындык болууга умтулуу, “ким бирөөнүн кейпин кийип” – жасалмалуулук аркылуу жетүү. Финалдык чечүүчү парадокс. Бул жерде автор өтө терең ой айтат, адам кээде өзү койгон максатка жетиш үчүн башкалар аркылуу аракетке өткөн учурлар да болот. Бул саптар постмодернисттик аң-сезимге жакын, инсандык көп катмардуулукту ачып берген.
Бул ырдын негизги жетишкендиктери, метафоралык ой жүгүртүү. “Из”, “жол”, “күйүү”, “ойгонуу” сыяктуу образдар бири-бири менен байланышып, көзгө көрүнгөн чыныгы бүтүндүктү түзөт. Автор абстракттуу эмес, реалдуу ички абалды кылдат сүрөттөп бергендиктен окурман ыр сабынан өзүн таанып, көрө алат. Мындан психологиялык тактыкты көрүүгө болот. Эркин – верлибр формасындагы кыска, үзүлгөн ыр саптар – ички чарчоонун формалык көрүнүшү, форма менен мазмундун бир бүтүн маанини туюнтуусу. Бир сөз менен айтканда – форманын мазмун менен шайкеш келишинин үлгүлүү мисалы. Бул ыр жөн гана эмоция эмес, инсан болуунун маңызы тууралуу ой жүгүртүү менен философиялык тереңдикти айкын көрсөтүп турат.
“КЕЗДЕШҮҮГӨ БАРАТАМ”. Рахат Жуманазарованын калеминен жаралган бул ыр – адам баласы өзүн табуу жолундагы адашууну, чарчоону жана үмүттү бириктирген жогорку интеллектуалдык деңгээлдеги, философиялык лирика. Автор жөнөкөй сөздөр менен татаал ички процесстерди абдан чебер ачууга жетишкен. Бул ыр окурманды окуп эле тим болбой, өзү менен да “кездешүүгө” чакырат. Ырдын дал ушул чынчыл сапаты аны чыныгы поэзия деңгээлине көтөрүп чыгат. Тилдик жактан ыр жөнөкөй, бирок эмоционалдык жүккө бай. Рахат Шакировна Жуманазарованын бул ырын заманбап кыргыз лирикасындагы өзүн-өзү аңдоонун ийгиликтүү поэтикалык модели деп эч тартынбай бааласак болот.
“ҮЧ ЖЫЛ БОЛДУ”. Автордун бул ырын карап көрсөк, бул ыр – убакыт менен сүйүүнүн ортосундагы күрөштү сүрөттөгөн эмоционалдык монолог. Автор сүйүүнү жөн гана сезим эмес, узакка созулган сыноо, тагдырдын жүгү катары көрсөтөт. Ырдын композициялык өзгөчөлүгү – “үч жыл болду” деген рефрен. Бул кайталоо убакыттын өтүшүн гана эмес, жаранын айыкпай жатканын символдоштуруп турат. Рефрен поэтикалык структураны бекемдеп, окурманды эмоционалдык абалга кайра-кайра кайтарып келет.
Бул ырдагы өзгөчө күчтүү саптардын бири, “Таптакыр таппай келем, жүрөгүңө алпарчу жалгыз жолду…”
Бул жерде сүйүү – географиялык эмес, руханий мейкиндик катары берилген. “Жол” метафорасы кыргыз поэзиясында салттуу болгону менен, автор аны жаңы контекстте ийкемдүү жандантып колдонгон. Ырда, “Үч жыл бою үшкүрүк үйүмдөгү үңкүйгөн конок болду” – деген аллитерация абдан ийгиликтүү колдонулган. “Ү” тыбышынын кайталанышы үшкүрүктүн үнүн угузгандай таасир калтырат. Бул албетте фонетикалык образдуулук. Жалпысынан, бул чыгарма сүйүүнүн туруктуулугун, бирок жоопсуздуктун трагедиясын даңазалаган күчтүү лирика экенин сезимтал окурман ыр сабында жашап отуруп өзү түшунүп алуу мүмкүнчүлүгү көрүнүп турат.
“АРТЫМДЫ КАРАЙМ УЛАМ” деген ырына саресеп салсак, бул ыр – жалгыздык менен чарчоонун эң жогорку чекке жеткен учурун чагылдырган психологиялык этюд. Автор бул жерде ички абалды жып-жылаңач, корголбогон абалда берет. Ырдын башындагы, “ыйлаганга ийин керек” – деген сап – өтө жөнөкөй, бирок универсалдуу адамдык муктаждыкты даана ачып берген. Бул жерде поэзиянын күчү – минимализмде. Автордун чеберчилиги – ал трагедияны ашыкча пафоссуз берет. Окурман ошол лирикалык каарманга “ийин” боло албай калганына бушайман боло түшөт. Мисалы, “Эмне болду айтсаң” – деп сурабасын…” – деген сап аркылуу лирикалык каармандын абалы сөз менен жеткире алгыс аянычтуу деңгээлде экенин көрсөтөт. Бул – үнсүздүктүн жүрөккө жеткен поэтикасы. Ырдын финалындагы, “а балким келатат деп, артымды карайм улам…” – деген сап – үмүт менен үмүтсүздүктүн ортосундагы чекит. Бул ачык финал окурманды да ошол күтүү абалына алып келет. Бул ырды – адамдык алсыздыкты эстетикалык бийик деңгээлге көтөргөн терең психологиялык лирика деп кантип айтпай коюга болот?!
Рахат Жуманазарованын арзуу ырларын бириктирген негизги сапаттар – ички чынчылдык. Автор жасалмалуулуктан качат. Психологиялык тереңдик – ар бир ырында ички дүйнөнүн өзүнчө реалдуу абалы ачылат. Тили жөнөкөй, бирок таасирдүү тил. Кайталоо жана үн ыргагы аркылуу эмоция берүү чеберчилиги жогорку деңгээлде. Автордун поэзиясы – бул сырткы дүйнөнү эмес, өзүнүн ички дүйнөсүн, сезимдерин, ойлорун, жан дүйнөсүн терең изилдеп жазган – интроспективдүү лирика. Автордун ырлары окурманды окуяга эмес, абалга киргизет. Анын ырларын окуган окурман, “Күчтүү акын болсо ушунчалык болот да, мындан ашып кетүү мүмкүн эмес!..” – деген бүтүм чыгарары талашсыз.
Мында өзгөчө окурмандык пикир катары айта кетүүчү нерсе, мындай поэтика бүгүнкү кыргыз адабиятында абдан актуалдуу. Автор адабият айдыңынан өзүнүн ишенимдүү үнүн эбак эле тапкан, анын ошол үнүн тематикалык жана образдык жактан дагы кеңейтип, ачып берүү келечекте профессионал адабиятчылардын милдети, – деп билебиз. Мезгил талабына ылайык Рахат Шакировна Жуманазарованын чыгармаларына күн өткөн сайын суроо-талап жогорулап, окурман журтунун арасында бийик деңгээлге көтөрүлө берери күмөн жаратпайт.
ПОСТСКРИПТУМ: “Кыргыз маданият борбору” интернет порталында жарыяланган Рахат Жуманазарованын ырларын жалпы окурмандарга сунуштап кетүүнү туура көрдүм. Бул ырларды окуган окурман руханий жактан азык алып, жан дүйнөсү тазарат. Мындай мыкты ырларды окубай кетүүгө болбойт!..

Ушул ырдын көп саптары жатталып калган мага. Шедевр