Унзар…
(аңгеме)
Кайра куруунун кара шамалы басылган жыйырманчы кылымдын токсонунчу жылдарынын этеги. Суугу бүткүл денеңди чыйрыктырган кеч күздүн күрүң-бараң таңында Кайрат жаман чапанын жамынып, темселеген эшегине минип тегирменге жөнөдү. Мындай таң заарда чыкпаса, ун алалбашы турган иш. Бул күнү керели кечке айылдагы гана эмес кошуна кыштактагы тегирмендердин баарысын кыдырып чыкты. Кашайып бирөөсүнөн да кала чыкпады… Ананчы, элдин көпчүлүгү ак калта көтөрүп, тегирмендин каласына кезек күтүп, айрымдары кебек жалап күн кечирген ушул заманда мындай болушун Кайрат ансыз да билген. Аңгыча кыскарган күздүн күнү заматта эле кеч кире баштады. Өзү турган көчөнүн жарымына жеткенде көз байланды… Коюу кара түндө Кайрат кайрадан үмүттүн акыркы жарыгына жетеленип, бир тууган агасынын үйүнө баргысы келди. Анткени анын үйүндө бир каптан ашыгыраак уну бар экендигин тегирменчиден уккан. А тургай кечээ алты жолу ойлонуп, жети жолу жер тиктеп, акыры дудаланып араң бир камырлык ун сураган агасынан. Өкүнүчтүүсү – бир тууганынын үйүнөн беш кадам узаганда “Бирөөнүн эмес өзүңдүн балдарыңды ойлосоң!…” – деп дагы бир мынча адам укса туралгыс сөздөр менен агасын жемелеген жеңесинин заардуу кептерин уккан соң, сураганына да бушайман болгон.
Эми алты баласы эрте мененден бери атасынын ун алып келе тургандыгына ишенип олтуранын ойлогондо аргасыз, эшегинин башын ошол жакка бурууну чечти. Бир аз жүргөн соң башы айланып, деми кыстыгып, жүрөгү ооругансып, калаты болуп кетти. Эшегинен түшүп, бүкчүйүп отуруп калды. Көкүрөгү тилинген денеге туз куйгандай аябай ачышып жатты. Негедир суу ичкиси келди. Азыр өтүп кетет деп өзүн-өзү жубатты. Ушинтип караңгы түндө, көзүн жуумп, көкүрөгүн кармалап жаткан Кайраттын көзү кайрадан жарыктыкты көрүүгө дарманы жетпеди…
Эртеси таң эрте менен аны акыркы сапарга узатуу маарекесинде Кайраттын катар-катар тизилип, “аталап” өкүрүп атышкан өспүрүм балдары менен бирге агасы “укам оо-й, укам-оой” деп ыйлап жатты…
Жеңеси болсо жанагы бир кап ундун жарымына келди-кеттиге деп тандырга нан жабууга киришти…

Агай ,иштериңизге ийгилик .Калемиңиз курчуй берсин .
😪😪😪😪Азыр деле андай бир туугандар жок эмес тилекке каршы..
Азаматсыз заман талабына ылайык чыгармаларды жазып келесиз. Учурдагы ысырапкер коомго тарыхты эстеткен чыгарма болуптур.