|

Ак-Буурага аккан гүл

3.7/5 - (4 добуш)

(аңгеме)

Телефонумду адаттагыдай эле карап отуруп, күтүүсүздөн Фейсбуктан сенин аты-жөнүңө көзүм түштү. Жүрөгүм бир аз селт этти. «Бул чын эле ошол сенсиңби же жөн гана окшош атпы?» деген суроо тынчымды алды. Акыры, эмне болсо да билип коёюн дедим да, сенин мессенжериңе жаздым.

– Саламатсызбы, сиз Маратсызбы? Чаткалдык?

Бир аздан кийин жооп келди.

– Ооба, мен Маратмын. Сен Жайдарысыңбы? Мен тааныган, чын эле ошолсуңбу, Алайкуулук?

Ал билдирүүнү окуганда, өткөн күндөр көз алдымдан бир ирмемде өтүп кеткендей болду.

– Ооба, менмин, – деп жаздым кыска гана.

– Ден соолугуң кандай, жакшы жүрөсүңбү?

– Өзүң кандайсың, иштериң жакшыбы?

– Кайсы жерде жашап жатасың?

– Мен Оштомун.

– Мм… баары бир Ошто жашайт экенсиң го…

Ал сөздөрдүн артында айтылбай калган ойлор бар болчу.

– Таарынбачы, бул тагдыр, насип да, – деди.

– Ооба, туура айтасың, тагдыр десең, – деп жооп бердим.

Бир аз тыныгуу болду. Анан:

– Азыр сабагым бар эле. Телефон номериңди жазып койсоң, бошогондо сүйлөшөбүз ээ?

– Ии, макул, – деп жаздым.

Ошентип, баягы тааныш ат аркылуу тагдыр дагы бир ирет акырын гана эшик каккандай болду…

Биз ажыраган ошол аптаптуу күн эсимден эч качан кетпейт. Күн ысык болчу, бирок ичим андан да ысык эле. Сенин балдай таттуу сөздөрүңө ишенип, ата-энемди да, бир туугандарымды да ойлобой, сени менен кетүүгө өзүмчө даярданып жүргөн кезим.

Бирок ал – тагдырдын өзү жол бербеген, ишке ашпай калган бир план экенин ошондо түшүнгөн эмесмин. “Чаткал суук болот” деп, калың кийимдердин баарын баштыкка салып алдым. Кедейди көчкөндө көр демекчи, керектүү-керексизди деле сала берип, баштык толуп, оорлоп кеткен. Ошондо мен жаш экем. Эч нерсем жок болсо деле кете бергенге эрким жетпептир. Өзүмдү сактап, камдап жатам деп ойлогом, бирок чынында коркуп жаткам.

Автобекетте турдум. Ош–Чаткал, Каныш-Кыя каттамынын жанында. Жүгүм оор, жүрөгүм андан да оор. Күтүү – эң оор абал экен. Адам күтүп жатып, өзүн-өзү унутат экен.

Бир маалда сен келдиң. Жай басып. Көзүңдө айтылбай калган сөздөр бар эле. Сенин үнүң эмес, көз карашың сүйлөп турду.

– Телеграфка барып, ата-энем менен сүйлөштүм. “Үйлөнбөйсүң. Ал жер алыс. Биз бара албайбыз” деп катуу урушту, – дедиң.

Мен унчукпай турдум. Анан:

– Биздин мамиле эмне болот? Мен сени, сен мени жакшы көрчү элек го… – дедим.

Сен жооп берген жоксуң. Үнсүздүк – эң оор жооп экен.

– “Топурагыңды түйүп беребиз” деп жатышат, – дедиң акырын.

Андан кийин өз сөзүңдү өзүң актагандай:

– Географиялык жактан да алыспыз. Биз башка адамдарбыз, – дедиң.

– Акыры биз кыргызбыз го… башка улут эмеспиз го, – дедим.

Сен ата-энеңдин сөзүн эки кылбай турганыңды айттың да, мени менен коштошуп, автобуска түшүп кеттиң. Сен кеттиң. Мен калдым. Экөөбүз эки башка тарапта эмес, эки башка тагдырда калдык.

“Эки тоонун чөбүн эңсеген кийик ачка өлөт” деген ушу белем? Ошол учурда жүрөгүм уйгу-туйгу болуп, өзүмдү өзүм тааныбай калдым. Кийимдерди эмне үчүн ушунча көтөрүп алдым экен деп ойлодум. Эми бул жүктү көтөрүп, үйгө кантип кайтам?Андагы абалымды азыр сага айткандан заарканып турам. Мен капа болдум. Дел болдум. Нес болдум. Мындай абалды мурда эч качан башымдан өткөргөн эмесмин. Баштыктагы кийимдерди жолго чачып, ыргыткым келди. Бирок ыргытсам да, ичимдеги оор сезимдерден кутула албасымды ошондо түшүндүм…

…Бир маалда көзүмө баары өзгөрүп кеткендей болду. Адамдар мага белден ылдый гана көрүнүп жатты. Буттар. Башсыз буттар. Алар айлана-тегеректен ары-бери тынымсыз басып өтүп жатышты. Бир да жүз жок. Бир да көз жок. Болгону шашкан, багыты жок кадамдар.

Ошол учурда адамдардын башы жоктой сезилди мага. Ой жок, сезим жок, чечим жок. Баары эле бирөөнүн сөзү менен жүрүп, бирөөнүн жолун басып бараткансыйт. Мен да ошол башсыз буттардын арасында турдумбу деп корктум.

Буттар өтүп жатты. Мен болсо кыймылдай албай калдым. Денем ушул жерде, ойлорум башка жакта эле. Адамдын башы эмес, жүрөгү ооруса ушинтип көрүнөт турбайбы дүйнө. Менин көз алдымда башсыз адамдар кетип бара жатышты. Алардын ичинде сен да бар белең – айта албайм. Бирок сен кеткен тарапка кадамдар көбүрөөк агып жаткандай туюлду…

* * *

– Алоо… Салам. Кутман таң.

– Салам… Маанайың жакшыбы?

– Чоң рахмат, баары сонун. Сен баягы бойдон окшойсуң… Мени эчак эле унутуп койгондурсуң деп ойлодум эле?

– Жок, сен ар дайым менин эсимдесиң.

– Чын элеби?

– Ооба чын эле. Мен Ала-Букадан, ата-энем жактырган кызга үйлөнүп, тагдырдын буйругу менен дароо Түркияга – Анкарага кеттим. Магистратураны бүтүрүп, илимдин татаал жолуна түштүм. Ал жакта он жылдай жашадык, эки балабыз ошол жакта жарык дүйнөгө келди. Андан соң Бишкекке кайтып, «Манас» университетинде жети жыл бою мугалим болуп иштедим.

Мен илимдин адамымын, бирок сени бир көз ирмемге да эсимден чыгарган жокмун. Акыры Ошко көчүп келдим. Ошто иштеп жатам, бирок бул жакка көчүп келгенимдин ички себеби башка эле. Ак-Бууранын жээгинде бара жатып, баягы экөөбүздүн аралыбызды издейм… Көрсө, ал аралды түп-орду менен суу каптап кетиптир.

Сулайман-Тоону көргөн сайын сени эстейм. Сени ар дайым эстеп жүрөйүн деп, сенин демиң калган ушул шаарга атайлап көчүп келдим. Сен ар дайым менин эсимдесиң…

– Мм, чоң ыракмат, эсиңден чыгарбасаң эле болду эң оболу.

– Эсимдесиң, кантип унутайын.

– Мен сени менен алгач таанышкан күндү эстеп кеттим, ал дал ушундай болгон, эсиңдеби?

Окуу жайдын залында ар апта сайын уюштурулуп жүргөн дебаттардын бири башталмак. Бул жолку тема – Басмачылар. Тарыхта из калтырган инсандарды эки бөлөк таразага салып, алардын оң жана терс жактарын талдагандар бөлүнгөнбүз.

Биз – алардын ак жүзүн, эрдиктерин айтып жактаган топ болсок, тигил тарап, тескерисинче, алардын катасы менен караңгы жактарын ачыктап, сынга алган топ болчу. Дебат башталары менен эле сенин үнүң көпчүлүктөн бөлүнүп чыгып турду. Ой жүгүртүүң курч, аргументиң так. Мен сүйлөгөн сайын сен сөзүмдүн бир учуна жармашып, өз оюң менен менин ой жибимдин бир учугун үзүп жибергендей сезилдиң. Сенин көз карашыңда бир өрт бардай, ошол өрт менин айткандарымды жалындатып тутанткысы келгенсиди. Мен да жөн отура албадым – сенин ар бир кебиңе жооп узатып, сөзүмдү коргоп, улам-улам кайра көтөрүлүп сүйлөп жаттым.

Кийин ойлоп көрсөм, сен мени атайын “таймашка” тарткан турбайсыңбы. Кызып турган талкуу – чыныгы дебаттын өзөгү экенин билгендигиңден, мени улам козгоп, сөзгө тартып, таймашты жандуу кылууну көздөшүң экен. Ошону кеч түшүнүп, азыр эстесем жылмайып коём…

Залдагы ыңгайсыздык менен толкундануунун ортосунда мен да ордумда сыр бербегендей сактап отурдум, көзүм сага түшүп кетти. Сен ошол сынчылар тобунда турасың. Колуң чөнтөгүңдө, жүзүңдө ишенимдүү, жеңил тамашалуу жылмайып көз кырыңды мага салып өттүң – жүрөгүм бир ирмемге дүр этти.

“Дебат башталат!” – деген куратордун үнү жаңырды.

Мен микрофонду алып, кеп кезегимди тынч, салмактуу айтып жаттым. Бирок сенин көз карашың мага кадала берген сайын сөзүмдүн ыргагы бузулуп, өзүмдү башкача туюндум. Сен кол көтөрдүң.

– “Урматтуу катышуучу, сиз бул жерден бир жаңылыш айтып жатат окшойсуз…”

Үнүң жумшак тартып турса да, мага каршы айтылганда курч угулду. Элдин арасына жеңил күлкү тарап кетти.

Мен чычаладым.

– “Жок, мен так маалымат айтып жатам. Сиз айткан сөз жөн гана жеке пикир”, – деп жооп бердим.

Сен кайра жылмайдың.

Көздөрүңдө – от, тамаша, жана бир кызык кыжырданткан жылуулук сезилип турду.

– “Жеке пикир дейсиңби? Далил менен айтып жатам го. Анда өзүң түшүндүрүп берчи…”, – дедиң.

Тиги топ кол чаап жиберди. Мен унчукпай калбай, дагы сөз алып каршы чыктым.

Экөөбүздүн тирешибиз улам-улам күчөп, залда башка эч ким үн катпай калды. Дебат эмес, эки жүрөктүн жашыруун таймашындай сезилди.

Куратор да жылмайып койду:

– “Буларды өзүнчө дебат кылып бөлүп коюш керек окшойт”, – деп.

Мен уялгандай башымды кыйшайтып, бирок сенден көзүмдү ала албадым.

Сенин көз карашың болсо: “Дагы сүйлө, мага жагып жатат” дегендей эле.

Дебат аяктап, зал бошой баштады. Сен эски тааныштардай жылмайдың да, анан акырын мага жакындап келип.

– “Айтчы, сен кайсы жерде окуйсуң?” – дедиң, үнүң мурункудан да жумшак.

– “Кыргыз-Өзбек университетинде”, – дедим.

Сен бир заматта жылмайып, күлкүңдү катуу чыгарып:

– “Аа, туугандар менен чогуу окуйсуңбу анда?” – деп каткырып күлдүң.

Мен уялып кетип:

– “Эми… антип…”, – деп ыңгайсыз абалда калдым.

– “Ой, жакшы да! Өзбек туугандар, кыргыз туугандар – баары аралашса таттуу окуу болот турбайбы?” – деп дагы тамаша коштуң. Мен да аргасыз тигиле күлүп алдым.

Сенин тамашаңда назик көңүл буруу бар эле. Ушул мүнөттө сен мага жөн эле каршы тараптын мүчөсү эмес, бир башкача жалындуу адамдай көрүнүп кеттиң.

Андан соң сен колуңдагы таза кагазды сунуп:

– “Дарегиңди жазып берчи. Окуган корпусуңду, факультетти… унутуп койбоюн», – дедиң. Мен жаза баштаганда колум титиреп кеткенин өзүм деле байкабай калдым. Сен болсо ар бир тамгамды көз айнек менен карагандай кылдат карап турдуң. Жазып бүткөндө кагазды акырын алып, бүктөп, көйнөгүңдүн төш чөнтөгүнө салдың да:

– “Жакшы. Көрүшкөнчө… жакында”, – дедиң.

Мен сенин көзүңө тигиле карадым.

– “Сен дебатта мени атайын кычыктапсың, ээ?”, – дедим.

Сен кашыңды бир аз көтөрүп, мыйыгың менен жылмайып:

– “Дебат кызыбай калса кызык болбойт да… айрыкча сен турганда”, – дедиң.

Акырын бурулуп, залдан чыгып бара жатып, акыркы ирет артыңды карадың да:

– “Кийинки дебатта дагы мага каршы чык, ээ. Мен сени күтөм”, – деген бойдон бою башымды бир сыдырып карап өттүң да, күлкү аралаш жүзүңдү буруп, көңүлдүү басып кеттиң.

Мен болсо ошол жерде туруп, сенин баскан кадамдарыңды угуп, жүрөгүмдүн кагышын тынчтандыра албай турдум.

Дебат бүткөн, бирок экөөбүздүн сүйлөшүүбүз эми гана башталган болчу…

* * *

Университеттин эски дубалдарынын көлөкөсү жерге түшүп, таңкы салкындыкты кармап турган маалы эле. Сабакта отурам, бирок мугалимдин сөзү жүрөгүмө жете албай, кулак сыртыман өтө бергенсиди. Терезенин сыртында бирөөнү издегенсип, көңүлүм алаксып, аргасыз кайра-кайра сыртка тигилем. Ал жакта сен турасың, көргөн көзүмө ишенбей карап койом, чын эле сен бир тутам гүл кармап бирөөлөрдөн бир нерсени сурап кайрылдың, ийиндердин куушуруп ары басып кетишет, сен көзүң менен кимдир бирөөнү издеп жаттың. Элдин арасынан бөлүнүп көзүмө чолпондой жанып жаттың…

Кайра китепке үңүлгөн болуп коём, бирок жүрөгүмдүн дүкүлдөшү басылбай башкача бир сезим жан дүйнөмдүн тынчын алып жатты. “Тынч отур… сабырыңды сакта…”, – деп бир канча жолу айттым.

Бирок көзүм чыккынчылык кылып, кайра терезеден сени издейт.

Сабак бүтүп, экинчи аудиторияга өттүк. Аудитория алмашты, орун өзгөрдү – бир гана нерсе өзгөргөн жок: оюм, тынчсыздануум, жашыруун үмүтүм – баары сенде эле.

Сабактын ортосунда эшиктин ар бир ачылып-жабылган үнүнө селт этем.

“Балким азыр келет…”

Бирок ошол эле маалда көңүлүмдү тызылдатып өткөн күдүк ой да кептейт:

“Же башка кызга келди бекен?..”

Бул ой жүрөгүмдү курчутуп, ичимди тынчсыздантып турду.

Акыры чыдабай, агайдан суранып эшикке чыктым. Тепкичтин башындагы чоң терезеден сыртка карасам – сен ошол жерде жай, терең ойлуу, бирөөнү күтүп жаткандайсың…

Бирок менин жүрөгүмдө уяңдык менен каалоо тирешип туруп алды.

“Чуркап барып тосуп алсамбы?

Кучактап алсамбы?

Жүрөгүмдүн үнүн айтайынбы?”

“Жок. Эркек балага сыр ачпа. Кыргыз кыздары токтоо болот. Сабырдуу бол”, – дейм өзүмө.

Ошентип, өзүмдүн ички дүйнөм, сыр бербей кайра аудиторияга кайттым.

Экинчи саат да бүттү. Чоң танаписке чыктык. Коридор элге толуп, ызы-чуу, күлкү…

Ал эми менин көзүм – өз алдынча дүйнөдө, сени издеп жүрөт.

Жанымда эч ким байкабагандай, көздүн кыйыгы менен сен тарапты карап бара жаттым.

Бирок сыр билгизбей, башымды башка жакка буруп, өзүмдү токтоо көрсөтүп баратам.

Ичимде болсо жүрөк тентек баладай:

“Тигил жакта … Ал турат. Кара!” – деп түртүп тургансыды.

Бир маалда сен мени дароо көрө калып, жылмайып, алдыма түз басып келдиң.

Колуңда – кызыл жоогазын.

Ал гүлдү сунган учурда дүйнө бир ирмемге токтоп калгандай жан дүйнөм жыргап, дене боюм бөтөнчө балкып турду.

Мен болсо уялып, өзүмдү ыңгайсыз сезип:

– “Ой… качан келип калгансың?” – деп калп чочуп койдум.

Сен болсо баягы жумшак, өзүнө ишенген үн менен:

– “Бая эле келгем. Негедир сен жазган дарек чөнтөктөн түшүп калган окшойт… таппай калдым. Анан ойлодум бара берейинчи, табылып калаар деп… Ошентип сага келе бердим”, – дедиң.

Ошол маалда биз экөөбүз тең уялып турдук.

Ошол уялуунун сабында – ыйбаа бар эле.

Сен сунган жоогазындын жыты экөөбүздүн ортобуздагы жаш, тынчсыз, бирок таза сезимдерди шыбырап тургандай болду. Көрсө ал учур жаштыктын мөл кези тура чиркин! Сен ошондо:

– “Бас, Сулайман-Тоого чыгып келели… сага Оштун кереметин көрсөтөйүн”, – дедиң.

Бул сөзүңдө бир жандуу бир чыныгы сезим бар эле.

Мен болсо жүрөгүмдө бир толкун ойгонуп, ойлонбой:

– “Макул”, – дедим.

Экөөбүз троллейбуска отурдук. Шаардын ысык жели терезеден кирип тынчы жок ойду козгоп, күндүн нуру терезенин айнегине чагылат. Жаздын аптаптуу ысыгы эми гана башталган маал – айлана жашоого толуп турган чак. Троллейбус Токтогул парктын баш жагына келгенде, сен дароо туруп:

– “Түшөбүз!” – дедиң.

Карасам, көздөрүңдө балалык шаң да, жигиттин эрктүүлүгү да бар эле.

Түшө калып, сен мени жай колумдан кармадың. Ошол учурда жылуулук менен ишеним бар эле. Сенин колуң мени өзү менен бир дүйнөгө чакырып жаткандай. Ошентип экөөбүз Ак-Буурага карай бет алдык. Адамдын жүрөгү да өзүнүн бөтөнчө ритмин табат эмеспи. Ак-Буурага жеткенде, сен мага бир көз ирмемге кадала карадың. Айланага көз чаптырып, басыгыбызды уланттык. Ак-Бууранын шарпылдаган шоокуму кулакка сүйкүм жаңырып, жөн гана дайра эмес, өмүрдүн өзү агып жаткандай туюлду. Жаш жүрөктөр да тымызын шыбырап сүйлөшкөндөй. Суунун үстүнөн жеңил жел кесип өтүп, Ырдын пири Рыспайдын симфониясындай тынч, терең, адамдын ички дүйнөсүн ойготкон музыка жаңырып тургандай болду.

Мажүрүм талдардын узун, жерге самсаалап төгүлгөн бутактары шамалга сеңселип, бирөөнү кучактагысы келгендей, ары-бери термелип шуулдагансыды. Ак-Буураны кечип бара жатканда экөөбүздүн колубуз бири-бирин таба койгонсуп, жандүйнөбүз да жетелешип бараткандай. Агымы катуу, шар аккан жерге келгенде бутум суу алдындагы жылма ташка тайып, сууга көмөлөнүп түштүм. Колумдагы гүл чачырап сууга бир далай агып бара жатты. Ошол ирмемде түшүндүм: сууга түшкөн жалгыз гүл эмес эле – экөөбүздүн ичибиздеги бир мээрим, бир туюм да агып, жаңы бир нук издеп кеткендей болду. Али күнүгө дейре агып бара жаткан гүл көз алдымда элестегенде, эх, ошондо эле гүл менен кошо экөөбүздүн сезимдер кошо агып кеткени таасын сездим. Сен чочугандай эмес, чечкиндүү кармап, колуман бек кучактап суудан кечип өттүң. Сен да мага окшоп чылгый суу болуп, кийимиң денеңе жабышып, жигиттин чыныгы сымбатын мурдагыдан да даана көрсөтүп тургансыдың. Ошол ирмемде сен мага Ак-Бууранын күчтүү, өзүндөй келишимдүү, табигый сулуу көрүндүң.

Андан ары биз Сулайман тоосунун чокусуна чыгууга камдандык.

А дегенде биз тоонун этегиндеги үңкүрлөргө өттүк. Биринчи үңкүрдү эл “Өмүр тамчысы” деп коёт экен. Жар боорундагы бодур таштан мөлтүр тамчы созолонуп түшүп турат. Экөөбүз ошол сууну колубузга тосуп ичтик – муздак, бирок оозго жумшак, чыныгы булактын даамы. Жанымда турганданбы, ошол суу жүрөккө да тынчтык куйгандай болду.

Басып барып экинчи бир үңкүргө кирдик – аны “Балалуу болуучу үңкүр” дешет экен.

Төш жагынан шамалдын тынымсыз деми угулат. Сен колуңду ташка сүртүп:

– Байыркы убактан бери эл ушул жерден тилек кылыптыр, – дедиң.

Андан ары биз Сыйгалак ташка бардык. Эл ушул жерде тилек айтат, бел ооруну жазат деп сыймаланып көрүшөт. Алаканыңды жайып:

– Кел, тилек айтайын, – дедиң.

Мен ичимден сага байланышкан тилек айттым. Сен угуп калбасын дедим… бирок жүрөгүмдө бир нерсе бышып жатты.

Кийин Бабурдун үйүнө кирдик. Таш дубалдары салкын, Бабур Бабанын сажда кылып ташка таянган кол издери калганы айтылат. Биз аны сылап көрдүк:

– Бул ташта кылымдардын изи калган, – дедиң. Мен сенин ошол сөзүңдү укканда: “Биздин да из калса ээ бул таштарда?” – деп ойлоп кеттим. Анан биз узун жолду басып тоонун кырын көздөй көтөрүлдүк. Шамал улам катуулап, чачыңды бир жакка учуруп, кайра салмактап турду. Ошол учкан чачыңа күн тийип күрөң түсү даана көрүнүп турду бул чөлкөмдөгү келишкен жигиттин бейнесин көргөзгөнсүп, көзүмө сүйкүм көрүнүп кеттиң. Чокуга чыкканда айлананын көркү алаканга батчудай, кызыгып көргөн тасмадай көз алдымда тартылып турду.

Асмандагы булуттардан өркөчтүү төөлөрдүн кербениндей жылып бара жаткан элесин көрдүк. Түштүк тарабынан – Кичи-Алай тоосу, бою бийик, желкеси көкмөк булуттарды жарып өткөн аскасы асман тирейт. Батыш тарапта – Араван Ноокат тоолору, жумшак толкундуу, күн батканда кызгылтым нурга боёлуп бараткандай сезилет. Түндүк жактан – Фергана кырка тоосу, кары бар, арасында карагайдын жыты жел менен так мурдуңа таза абанын жыты келет. Чыгыш тарапта – Алай жана Алайкуу тоолору, ак чокулары күн нуруна жаркырап, асмандан түндүгүн улап түшкөн ууктарды тиреген эки кызыл кереге сыяктуу керилип, созулуп жатат. Андан ары алыстан – Керме-Тоонун учу кыйырсыз керилип турганын көрөсүң. Ордолуу Ошум, далай кылымды артка таштап, далай мезгилди баштан кечирип, далай адамдардын жүзүн көрдү.

Шаардын ортосун тең бөлүп агып өткөн Ак-Буура суусу күмүш булактары жылт-жылт этип көзгө көркөм көрүнөт. Суунун жээгинде ийилип өскөн мажүрүм талдар жалбырагын жерге самсаалап, ал эми бейтарап, түз өсүп турган мырза теректер шамалга боюн ийбей шадылуу денелерин керген аскерлерден бетер тартиптүү тизилишет. Алыстан көз чаптырып карасам Кара-Суунун кең талаалары сары-жашыл түскө боёлуп, токчулуктун белгисиндей көзгө көркөм көрүнөт. Ойдуңдарда үйлөр бири-бирине кыналышып жолдор узун тилкелерге ийри-буйру бөлүнүп, асман тиреген бийик имараттар жаш кыздардар койкоюп турат. Алыстан караганда чындап эле кумурскалардай эмгекчил, тынымсыз аркы-терки басышкан эл көрүнөт.

Сен мага катар туруп колуңду жайдың. Экөөбүз тоонун кырында шамалга каршы туруп алаканыбызды алдыга создук. Көз ирмемге өзүбүздү “Титаник” кемесиндеги Жек менен Розадай сезип калдык. Сенин колуң мага жеңил тийди. Ошол тийген жылуулук бүт тоолорду, Ак-Буураны, мажүрүм талдарды да артка калтырды – бир гана сенин бар экендигиң эсте калды. Ошондо түшүндүм: бул тоолордун көркүндө, шаардын мелтиреген деңиздей көрүнүшүндө, шамалдын желинде – бардыгында сен экөөбүздүн өңүбүз бар экенин…

…Экөөбүз Сулайман-Тоонун эң бийик чокусуна, шамал бетибизди аймалап, бүтүндөй Ош алаканга салынгандай көрүнгөн жерге чыктык. Ошол жерде, эски таш дубалдын көлөкөсүндө, колуна теспе кармап, ак селдеси маңдайына түшкөн бир дубана абышка отуруптур. Анын көздөрү ушунчалык терең, тиктегенде сенин эле эмес, бүтүндөй тарыхтын сырын окуп жаткандай сезилди.

Биз жанына барып салам бердик. Ал бизди көпкө тиктеп турду да, анан алыстан күмүш жиптей жылтырап агып жаткан Ак-Буурага колун сунуп, жай гана кеп баштады:

– “Карагыла, балдарым… Бул жөн эле суу эмес, аруулук менен курмандыктын дайрасы. Силер бул суунун кантип пайда болгонун билесиңерби?” – деди үнү каркырап.

Биз унчукпай калдык. Абышка алыска, Кичи-Алайдын ак мөңгүлүү чокуларын карап, баягы эски уламышты айта баштады:

– “Илгери, ушул Ош өрөөнүндө Акбуура аттуу жалындаган жигит өткөн. Бир жолу ал Андижандан чоң аламан улактан жеңиш менен келе жатып, астындагы аргымагы ак көбүккө боёлуп, өзү чаңга сугарылып, Оштун базарына кирип келет. Ошондо ал анжир сатып жаткан перидей сулуу Жаскалды көрүп, ат үстүнөн түшө албай нес болот. Кыздын эриндериндеги анжирдин ширеси күн нуруна чагылышып, баатырдын жүрөгүнө түбөлүк от жагат…

Бирок тагдыр аларды сынады. Ошту катуу кургакчылык каптап, эл чаңкап, Жаскал гүлдөй соолуп баратканда, Акбуура чыдай албай Кичи-Алайдын эң бийик чокусуна чыккан. Сүйүктүүсүн куткаруу үчүн аска-зоолорду ийини менен сүрүп, мөңгүнүн астындагы “тирүү сууну” издеген. Акыры зор аска жарылып, суу атылып чыкканда, баатыр өзү оор таштын астында калат. Ал акыркы деми менен: “Ак суу, токтобо! Жаскалга жет! Ошко жет!” – деп кыйкырган экен. Ал эми суу буркан-шаркан албууттанып агып, Ош шаарын жиреп өтүп, андан ары Андижанды аралап жер кезип агып барып, Сыр дарыяга кошулуп касиеттүү арал деңизин түзөт экен…

Ошондон бери Акбууранын таза каны аралашкан бул суу ушунчалык күчтүү, аппак болуп көбүктөнүп, жээктерди “Жаскал! Жаскал!” деп согуп агат. Бул дайра – өлбөс сүйүүнүн эстелиги…”

Дубана абышка ушуну айтты да, көзүн жумду. Шамал анын ак сакалын желбиретип, бизди ошол уламыштын кучагында калтырды.

Мен сага карадым. Сенин көздөрүңдө ошол Жаскалдын мөлтүрөгөн жашындай бир ирмем жылт этти. Биз ошол мүнөттө түшүндүк: биздин Ак-Буураны кечип өткөнүбүз, менин колумдан гүлдүн агып кеткени – баары ошол байыркы баатырдын тилегинин бир жаңырыгы экенин.

Буура Жаскал үчүн жанын берди, ал эми биз… биз бири-бирибиз үчүн өз бактыбыздан кечип, эки башка жээкте калдык. Бирок Ак-Буура экөөбүздүн ортобузда дагы деле агып жатат. Ал биздин жаштыгыбызды, айтылбай калган сырларыбызды жана ошол сууга аккан гүлүбүздү өзүнүн аппак көбүктөрүнө катып, түбөлүккө агып кете берет…

Мен кызыгып: “Аба, ушунча болду эми мажүрүм тал уламышы жөнүндө бир шиңгил айтып бериңизчи”, – деп суранып калдым.

“Илгери, Ак-Буура дайрасы азыркыдан да тунук, Сулайман-Тоо азыркыдан да бийик көрүнгөн заманда, дайранын жээгинде бир терек өсүптүр. Ал терек башкалардан өзгөчө – бою түз, бутактары асманды карап алкынган, жалбырактары күнгө чагылышып, күмүш сымал жаркыраган абдан кооз дарак экен. Ал өзүнүн сулуулугуна мактанып, дайыма асманды карап, жердеги майда гүлдөргө, шылдырап аккан сууга тоготпоо менен карачу экен.

Ошол кезде жээкте бир кедей жигит менен сулуу кыз жашаптыр. Алар бири-бирин ушунчалык катуу сүйүшүп, күн сайын ушул теректин түбүндө жолугушчу экен. Жигит кызга арнап чоор ойноп, кыз болсо анын обонуна бийлеп, теректин көлөкөсүндө бакытка батып турушчу.

Бирок күндөрдүн биринде аёосуз согуш башталып, жигитти алыскы тарапка алып кетишет. Коштошуп жатып жигит: “Сен мени ушул теректин түбүнөн күт. Мен качан кайтпайын, сени ушул жерден табарымды билейин”, – дейт.

Кыз макул болот. Ошол күндөн баштап ал күн сайын теректин түбүнө келип, дайранын агымын тиктеп, жигитин күтө баштайт. Арадан айлар өтөт, жылдар өтөт. Кыздын көз жашы Ак-Бууранын суусуна кошулуп, анын муңдуу үнү шамал менен кошо айланага тарайт. Ал теректен суранат:

– “Оо, бийик терек! Сен асмандасың, алысты көрөсүң. Менин сүйүктүүмдүн карааны көрүнөбү, айтчы?” – деп жалынат.

Бирок терек текебер эле. Ал кыздын муңун уккусу келбей, ого бетер асманга бой сермеп:

– “Менин ишим жок. Мен күндүн нуруна жуунуп, булуттар менен сүйлөшүшүм керек. Сенин көз жашың менин тамырыма тоскоол болуп жатат», – деп жооп берет.

Акыры, бир күнү жигиттин согушта каза болгону тууралуу суук кабар келет. Кыздын жүрөгү чыдабай, дайранын жээгиндеги ошол теректи кучактап, өксүп-өксүп ыйлайт.

Анын көз жашы ушунчалык ысык, кайгысы ушунчалык терең болгондуктан, теректин таш боор жүрөгү биринчи жолу дирилдеп кетет.

Терек өзүнүн текебердиги үчүн уялат. Ал кыздын муңун тең бөлүшүүнү каалап, анын алдында күнөөсүн сезип, асманды караган бутактарын акырындан төмөн түшүрө баштайт. Ал кызды соороткусу келип, бутактары менен анын ийининен кучактап, жерге чейин ийилет. Кыз ошол жерде мажүрүм талга айланып кеткен дешет…

Ошондон бери бул дарак «мажүрүм тал» деп аталып калыптыр. Ал эми анын бутактары ошол күндөн баштап эч качан асманды карабай калган. Ал дайыма сууга тигилип, агып жаткан суудан бир кезде кетип калган жигиттин элесин издейт. Шамал соксо, мажүрүм талдын бутактары Жайдары кыздын чачтарындай желбиреп, өткөн күндөрдүн муңдуу ырын ырдап калат.

Адамдар айтышат: мажүрүм тал – бул сүйүүнүн жана кечирим суроонун символу. Ал өзүнүн текебердиги үчүн жерге чейин ийилип, дагы деле Ак-Бууранын жээгинде кимдир бирөөнү күтүп турат”.

*.*.*

– Ало, кандайсың?

– Жакшы, өзүң кандайсың?

– Билесиңби… Кечинде сен айткандай, баягы биздин жаш кездеги Ошту элестеттим. Анан дароо терезеден шаарга көз салдым. Сенсиз чын эле Оштун көркү жок экен. Эмне эле жетишпей жатат десем… Көрсө, сен жок экенсиң.

– Койчу, чын элеби?

– Ооба… Ошко качан келесиң? Ошту неге сен сагынбай жүрөсүң?..

Мен балалуу, сен бирөөгө бүлөсүң,
Дале таза сага мээрим, мүнөзүм.
Көрөмбү деп көп келемин шаарга,
Ошту неге сен сагынбай жүрөсүң?

Оштон тапкам мага жагып мүнөзүң,
Эстен кетпейт мажүрүм тал, бир өзүң.
Тагдыр сени бир көргөзөр деп келем,
Дайының жок, сен сагынбай жүрөсүң.

Сезим жанып, бактылуу сен өзүң,
Сени издеген өзгөрүлбөйт мүнөзүм.
Бизге күбө Сулайман-Тоо, Ак-Буура…
Ошту неге сен сагынбай жүрөсүң?!

Токтогул Кенжеевдин сөзүнө обон чыгарган Түмөнбай Колдошовдин ыры экөөбүз үчүн жаралгандай ээ.

– Ооба десең.

* * *

– Салам, кандайсың? Сен борбордо турасың да ээ?

– Ооба.

– Мен жакында конференцияга барам, барганда жолугабыз, ээ?

– Ии, мен уялып жатам.

– Кой, уялба. Сен баягы мен көргөндөгүдөй эле нукура бойдон экенсиң. Жашың өткөнү менен, мүнөзүң ошол бойдон калыптыр.

– Ооба, сен дагы ошол бойдон экенсиң.

– “Качан жолугабыз? Кайсы жерден?” – дедиң сен. Бул суроодо бир үмүттүн акыркы деми, бир тагдырдын суранычы бар эле.

– “Азия Моллго келе бер, азыр жетем”, – дедим мен.

Сен шаштың. Ал эми мен убакыттын куугунтугунда калып, өз жашоосуна үлгүрбөй кечиккен жолоочудай сезимде болдум. Турмуш – адамды дайыма аёосуз тандоонун алдына коёт: жеке каалооңдун соңунан кетүүбү же мойнуңдагы жоопкерчиликтин жүгүн көтөрүүбү?

Биз кофе ичип отурдук. Сен мага телефоноңдон жубайыңдын, балдарыңдын сүрөтүн көрсөттүң.

Мен сүрөткө карадым да, заматта денем муздап, жүрөгүм токтоп калгандай болду.

Сүрөттөн мага чоочун аял эмес, менин эң жакын курбум, сырдашым карап турган эле.

Бир кезде экөөбүз сен жөнүндө сааттап сырдашчу элек го… Көрсө, мен алыста жүргөндө, ал менин ордумду эбак эле басып, менин сагынычымды өзүнө насип кылып алган экен.

Ичимде иренжүү аралашкан бир муздак толкун көтөрүлдү. Марат менин өңүм бузулганын көрүп, чочуп кетти.

– Сага эмне болду, Жайдары? Өңүң кубарып кетти го? – деп колумду кармамак болду.

Мен колумду шарт тартып алдым.

– Бул… бул менин курбум го, Марат? Кантип ушул болсун? Кантип…

Марат нес болуп калды. Анын көздөрү чекчейип, оозу ачылып, эмне дээрин билбей дел болду. Ал бул чындыкты менден жашырганбы же өзү да билген эмеспи – ал маанилүү эмес эле. Маанилүүсү – мен ыйык туткан сезимдин таш-талканы чыкканы.

– Жайдары, токточу… Бул тагдыр да. Турмуш ушундай экен… – деди ал акырын, үнү карлыгып.

Мен ошол замат тээ артта калган студенттик күндөрдүн бир үзүмү болучу экөөбүз жолуккан күндөрдү эстедим.

Окуу жайдын эшигинде турган жайкы күндүн жарыгы кандайдыр бир тынч, бирок түшүнүксүз санааны кошо ала келгенсиди. Короодо тигилген роза гүлдөрү – кызыл, аппак, кээси жаңы ачылган, кээси күбүлүп бараткан – адам жүрөгүнүн жашыруун абалындай эле ар түркүн өңдө жымжырт сыр айтып тургандай. Мен ошол гүлдөрдү карап, өзүмдүн ойлорумдан качып, бир азга болсо да эс алып отургам.

Роза гүлү – сыртынан сулуу, бирок сабагында тикени бар. Балким, ошол тикендерди көргүсү келбеген адам гана анын жытын чын дилден жута алаттыр…

Ошол маалда жаныма курбум келип отурду. Ал адаттагыдай эле жеңил күлүп, бирок ичиндеги бир нерсени жашыргандай сүйлөдү:

– Сени көптөн бери Марат күзөтүп жүрөт… Силер бактылуусуңар ээ…

Анын үнүндө суктануу бар эле. Бирок ал суктануунун түбүндө бир көлөкө жатканын мен анда байкаган жокмун. Ал сөзүн улады:

– Анын ата-энесин тааныйм… Үй-бүлөлүк катышы да бар… Бир жолу “келин кылып алабыз” деп да тамашалап коюшкан…

Ал күлдү. Мен да кошо күлдүм. Бирок анын күлкүсү жеңил чыккан жок – бир аз оор, бир аз аргасыздай угулду.

Мен анын көзүнө карадым. Ошондо гана байкадым: анын көзүндө сөзгө батпаган бир нерсе бар экен. Таарынычпы? Өкүнүчпү? Же айтылбай калган сырбы?.. Бирок мен ошол учурда аны чечмелеп отурган жокмун. Адам кээде эң маанилүү нерселерди дал ошол маалда байкабай өтүп кетет эмеспи.

Жайкы шамал розаларды акырын терметип турду. Алардын жыты абага сиңип, жүрөккө билинбей жетип жаткандай. Бирок ошол жыттын ичинде бир аз ачуу нерсе бар эле – тике тикендин жытыбы же адам тагдырынын өзүндөй ачуу чындыктын жытыбы…

Көрсө, кеп башкада тура…

– Жок, Марат, – дедим мен ордумдан туруп. – Мен сени ушунча жыл бою Ак-Бууранын тунук суусундай таза сактап келипмин. Бирок азыр бул сүрөттү көргөндөн кийин… баары булганып кетти.

– Эмне кыл дейсиң эми? – деди ал жалдырап. – Кел, жок дегенде дос бойдон калалы…

Мен башымды чайкадым. Ошол тапта мен үчүн баары айкын эле. Кыргыз кызынын намысы, салты мындайга жол бербейт.

– Дос? Менин курбумдун күйөөсү мененби? Жок, Марат. Мен азыр кетишим керек. Сенин эсиңде баягы тал чыбыктай назик кыз бойдон калгым келет.

Ошондуктан… кош, түбөлүк таза бойдон калайын. Биздин мамилебиз ушул жерден чекит коюлбаса, ал кадимки турмуштун кир катмарларына батып, аягы иренжүү менен бүтөт.

Марат эч нерсе дей албай, колундагы телефонун кармаган бойдон дел болуп туруп калды. Мен Азия Моллдун айнек эшиктеринен чыгып, элдин агымына аралаштым.

Артымды караган жокмун. Бирок ичимде бир жеңилдик бар эле. Мен биздин сүйүүбүздү сактап калдым. Аны күнүмдүк калптардан сактап, түбөлүк тазалыктын аралына катып койдум.

Сыртта Бишкектин кечки шамалы бетиме тийгенде, көзүмдөн бир тамчы жаш кулап, жерге түштү. Ал жаш – өкүнүчтүн эмес, арылуунун жашы эле.

Биздин сүйүүбүз ушул суудай. Ал жээкке чыкпайт, ал бир гана нукта агат. Түбөлүккө… Таза бойдон.

Кош түбөлүк… Менин Ак-Буурага аккан гүлүм.

Автор

  • «Калемимдин багытын Жогорку адабий курстан тактап, сөз өнөрүнүн сырларын тереңдетип үйрөнүүдөмүн. Ошону менен бирге, кыргыз адабиятындагы өзгөчө кол тамгасы бар Матисаков мектебинин өкүлү катары чыгармачылык жолумду улантып келем. Бала кезден жан дүйнөмдү ээлеп, кагаз бетине түшүүгө шашкан көркөм ойлор бүгүн менин турмуштук бейнемдин ажырагыс бөлүгүнө айланды».

Бөлүшүңүз

Окшоштор

One Comment

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген