|

Кудалар

4.2/5 - (5 добуш)

(аңгеме)

– Биз баарыбыз патриотпуз. Биздин үй-бүлөдө жүрөктөр мекен деп согот, – деди кайнене өзүнчө бир сыймыктануу менен. Ал чөнтөгүнөн кызыл помадасын алып чыгып, оозун боёп жатып, жаңыдан босого аттаган келинин баштан-аяк бир карап алды.

Ал өзүн, жолдошун, уул-кыздарын, андан соң үй ичиндеги орозгерин чекеден тааныштыра баштады. Ар бир сөзү дымактуу.

– Кайнатаң элдин адамы, – деди ал ыраазы болуу менен. – Байым өмүрүнүн көбүн элге арнады. Таң атпай жумушка кетет, элден кеч кайтат. Командировкалап кайсы жактарга гана барган жок… Бирде Египет, бирде Кытай, бирде Дубай… Кыргызстанда бул кишинин буту баспаган жер калбады. Эми болсо минтип дүйнөнү эки айланып чыкты.

Келин унчукпай, сылык жылмайып гана угуп отурду.

– Биз элиталык үй-бүлөбүз, – деди кайнене кайра сөзүн бекемдей. – Сен эми ошол үй-бүлөнүн келини болдуң.

Үй ичиндеги ар бир буюмду жаңы көрүп жаткансып, кайнене өзгөчө бир кумарлануу менен кебине кошот.

– Идиштеримди көрдүңбү? Мына булар Чехиядан, тиги жактагысы Жапон менен Кытайдыкы. Поляк, немис, баары импорт айтор, эң сапаттуусу.

– Ооба, көрүп атам сонун экен, – деп сылык жооп кайтарды келин бала.

– Килемдеримди карачы, көз тайгылат, түркмөн, араб, ирандыкы. Эң жогорку сапаттагы кой жүнүнөн жасалган. Табигый бренддер. Бирден-бир!..

Кайнене жылмая дагы эле токтоно албай мактанып жатты…

Келин баягыдай эле токтоо.

– Ооба, апа. Аябай сонун экен, – деп кыска гана жооп узатып.

Анын көзүндө болсо ушул жаңы үйдүн жалтырак буюмдарынан алыс бир дүйнөгө – өз үйүндөгү жарык, ырыскылуу, бирок ыйык чөйрөсү элестеп сагынычы козголуп кетти .

– Телевизор, үстөл, отургуч, эмеректеримди карабайсыңбы? Малайзия, Түркия, Италиядан атайын буюртма менен алдырганбыз, – деди кайнене үнүн бийиктетип. – Жүрү!

Ал келинди колунан жетелеп, үйүнүн ар бир бөлмөсүн кыдыртып, өз колу менен жасап койгондой баарын текши көрсөтүп чыкты.

Мейман тосчу бөлмөгө жеткенде кайнене диванга олтура кетти.

– Тартчы мени сүрөткө, кызым, давай тарт!, – деп буйрук берди. Анан олтуруп алып, жатып алып, капталдап, түрдүү кырынан сүрөткө түшө баштады. Бирок, сүрөттөрдү өзү карап чыккан соң:

– Жаккан жок.., – деди жүзүн үйрүп. – Кайра тарт! Вспышкасын жандыр, алыстан тарт, арык кылып, жаш көрсөтүп тарт!, – деп келинди убарага салып, улам жаңы көрсөтмөлөрдү берип жатты.

– Мен заманбап аялмын! Азыр мен интернет жылдызымын! Кыскача айтканда, коучмун! Элге онлайн сабак өтөм, кеп-кеңештеримди айтып турам. Кыскасы, беш мүнөттүк сөзүм толгон акча. Продюсер, менеджерлер менен иштешем. Кээде өзүм үйдөн түз эфирге чыгам, – деп маникюру көрктүү колу менен “эгилген” кирпигин сылап койду да, сөзүн кайра улады:

– Instagram’да 50 миң, TikTok’то 150 миң, ал эми Facebook’та 10 миңдей катталуучум бар. TikTok’то жаштар көп, түз эфирге чыгам, батл ойнойм. Facebook’та насаат сөздөрдү жазам. “Манас” деп ураан чакырып, “Кыргыз бол” деген группам бар. Ал жакта улгайган адамдар көп. Алардын да тилин табууга аракет кылам. Ал эми Instagram’дан болсо соода жүргүзөм, – деди да телефонуна үңүлө бир нерсени заматта скриншот кылып алды. Башкалардын акыл-насаатка толгон сөздөрүн бир аз бурмалап, үстүнө сөз кошуп жазып, анан өзүнүн аты менен соцтармактагы профилине жүктөп алды. Автордун ордуна өзүнүн атын бакыйта жазып, жаңы эле түшкөн сүрөтүн постко кошту да соцтармакка жүктөп койду.

– Кээде кат куржунума толтура адамдар жазышат, – деп дагы көкүрөгүн керди. – Менин кеп-кеңешиме, акылыма муктаждар толуп атат. Айрымдары турмушу тууралуу жазат, айрымдары жашоосуна кеңеш сурашат.

Келин аны тажабай тыңшап олтуруп, жай гана сурады.

– Анда китеп да жазган чыгарсыз, ээ, апа?

Кайненеси күлүп жиберди.

– Ай, койчу! Кайдагыны айтасың?! Азыр китеп окуган адам барбы?! Замандан артта калган турбайсыңбы, ботом. Союз мезгилин эске салбай, жөн отурчу. Азыр гаджет менен интернеттин доору! Google’дан издеп табышат, электрондук китеп окушат, аудиокитеп угушат. Кыскасы, баары мобилдүү, заманбап!

– Аа, түшүнүктүү, – деди келин иймене баш ийкеди. Иңир киргенде келин кайненесин кечки тамакка чакырды. Дасторкон үстүнө өз колу менен жасаган бешбармакты койду .

Кайнене үнсүз, мурдун чүйрүп, тамактан ооз тийди да жүзүн бырыштыра:

– Эмнеге ресторандагыдай кылып даамдуу жасап койбойсуң?! Супсак болуп калыптыр! Эртең досторум келсе уят кыласың го! Жакында фейсбуктагы досторумду чакырып, кыргыздын улуттук даамынан ооз тийгизмекчи болгом… Мындай болсо, даана уят болобуз!

Келин жумшак гана жооп кайтарды.

– Апа, даамдуу эле болуптур го…

Кайненесинин кекеткен сөздөрүн уккандан кийин келиндин жүрөгүндө эмне деген гана ой-санаалар кайнап турду. Бирок ал ооз ачкан жок. Жөн гана башын ылдый салып, бешбармакты өзү деле табит менен жей албады. Жүрөгүнө акырын бир назик үн шыбырап турду.

“Мен бул үйгө уят кылыш үчүн эмес, чын дилимден кызмат кылыш үчүн келгем. Жакшы көрүп, урматтап, баарынын көңүлүн таап жашайм дегем. Бирок, ар бир кадамым сыналып, ар бир жасаган кыймылым бурмаланып турса, мен кайда батам?..”

Анын көздөрү дасторкон үстүндөгү айнек чайнекке кадалып, ал чайнектен өзүнүн чарчаңкы жүзүн, кайненесинин мурдун чүйрүп, сөөмөй кезеген кебетесин көрүп, көзүнө жаш тегеренди. Бирок, аны эч кимге көрсөтпөш керек эле. Келин жашын жутуп, тамак эмес, кайгынын ачуу даамын татып отурду…

Кайненеси болcо келини келгенден тарта ичи чыкпай уулуна нааразы болуп келинди жактырбай өз оюнда бай-бардар жашаган үй-бүлөнүн кызын келин кылып алгысы келчү… Эми кара, ойлогон оюн уулу таш каптырды, келинди келгенден тарта теңине алгысы келбей кемсинтип, кагып-силкип жатканы ошондон. Келин үндөбөдү. Бирок ичинен ойлоду: “Эл алдында “патриотпуз” деп айткан сөздөрүңүз, ичибизде бири-бирибизге кылган мамилебизге туура келбесе, чыныгы патриот болобузбу? Элге акыл үйрөткөн адам үйүндө жылуу сөз айтпаса, анын насааты кимге керек?..”

Келин бала токтоо көрүнгөнү менен, ичинен бул үйдүн дубалындай муздак сезимге батып отурду. Күйөөсү бул учурда үйдө жок болчу. Жумуштан кеч келет.

Бир мүнөттүк тынчтыктан кийин келин жай ордунан туруп, идиштерди жыйнай баштады. 

“Бир күнү бул үй мени кабыл алат.., же мен бул үйдө өзүмдү таптакыр жоготом” деген ой башынан кетпеди.

– Жарыгым, мен келдим, – деген жолдошунун шаңдуу үнү бөлмөнү жаңыртты. Келин ийдиштерди жууй берди. Бирок жүзүндө билинер-билинбес жылмаюу пайда болду.

Кыпкызыл гүлүн келинчегине сунуп, бешенесинен өөп жаткан жерден уулун көргөн кайнененин ичине ит өлүп, келинине болгон жек көрүүсү ого бетер күчөп уулуна болгон кызганыч кара жанына батып турду.

– Ии, “эмчек берген ары жат, пастан берген бери жат” дечү беле? Ак сүтүн берген апаңды унутуп койдуңбу, уулум, эң оболу апаңа анан аялыңа гүл беришиң керек эле, тиелек жатып башыңды айлантып алган бейм тигиниң, – деп сөөмөйү менен келинди кезеп, бир заматта өңү кумсарып чыкты.

– Ай, бала, бери келчи мага, – деп уулуна өктөм үн катты да, эмелеки келини менен болгон окуяны бетине кармап, ага жок жерден жалаа жаап салды.

– Апа, жакшына эле болуптур го, бешбармак. Мага аябай жакты, сонун жасаптыр го, – деди уулу. Апасы кыялын көрсөтүп, уулуна ээ-жаа бербей сүйлөнүп жатты.

– Келе албай жатып, сени башкарып алган го, ээ? Энени сыйлоо деген сенде барбы?, – деп долуланды. Уулун уктоочу бөлмөгө чакырып, бир саатча сүйлөнүп жатты. Бир маалда сөзүнө ээ боло албаган апасы төбөдөн муздак суу куйгандай сөз айтты. “Апасына алып бар, жакшылап тарбиялап берсин атасы. Он беш күн ичинде тамакты даамдуу жасаганды үйрөнүп келсин. Ух, башым ай!”, – деди да чыкыйын мыкчып отуруп калды. Уулу күйпөлөктөп, чыныга суу куюп апасына алып барып, дарысын кошо карматты.

– Макул, апа, сиз оорубаңызчы… Сиз айткандай болот. Эртең эле жеткизип келем…

*   *   *

Эртеси апасынын сөзүнөн чыга албаган күйөө бала келинчегин алып, кайнатасыныкына жөнөдү.

Эшикти ачып кирээри менен:

– Апа, биз келдик, – деди кызы.

– Ия, ботом, эмне болду? Тынчылыкпы деги?! – деп апасы чочуп кетти.

– Тынчылык, – деп босогону аттап кирип келген күйөө бала тартынбай-этпей болгон иштин чоо-жайын дароо айтып салды.

– Ботом, жакшы эле үйрөткөнбүз… Мейли, ичиме баткан кызым тышыма батпай калат беле… Ия, атасы келип, бир ооз сүйлөп койсоң?, – деди күтүлбөгөн кабарга шайы кете түшкөн байкуш эне.

Атасы күйөө баласы менен кызынын ынтымактуу экенин жүздөрүнөн эле баамдады. Кыраакы киши үндөбөй карап туруп сөз айтты:

– Макул, балам, жүрсө жүрө турсун. Бизди дагы сагынып калгандыр. Үйрөтөбүз, үйрөтпөгөндө… Анан он беш күндөн кийин куда-кудагыйым биздикине сөзсүз келишсин. Сен дагы кел, балам. Кызым үйрөнгөн беш бармагын өз колу менен жасап берет. Конок болуп, сый көрүп кеткиле, – деди. Башка сөзгө келбеди.

– Макул, ата, мен кетейин. Биз сөзсүз келебиз, сени ошондо алып кетебиз. Капа болбо, ээ?, – деп келинчегин бир карап чыга берди.

– Ия, атасы, мындай жорук дегеле салтта болгон эмес эле. Тиги кудагыйыбыз салт жөнүндө интернеттен саймедиреп айтып калчу эле, бул салтты билбейт бекен! Качан гана кызды төркүлөтүү салтын жасамайынча атасынын төрүнө жибербеш керек эле го. Же бизди тоготпогонубу?, – деп экөө тең таң калышты.

– Көпкөн немелер да. Баягыда эле той өткөрүп жатканда байкагамын, минтип мазактаганын билгенде башында бербейт болчумун кызымы. Кудам токтоо, жакшы адам көрүнгөнүнөн уулу дагы дурус го дегем, – деп куда бармагын кырча тиштеп, ары-бери басып, жаны тынч алалбай жатты… – Кептин баары кудагыйда болуп жатпайбы?, – деди кыздын апасы 

– Эпилдеген жеңил неме экенин байкагам. Тооба, кыргыз атам туура айткан экен “киши жаманы кирип-чыкканча” деп. Баягыда бир көргөндөн эле түрүнөн чочудум эле.. .Балдардын өзүнө ынсап берсин, атасы…

Ата-эне тунжурап,ойго чөмүлдү.

*   *   *

Арадан он беш күн тез эле өтүп кетти. Уулу келинчегине баргысы келип жатканын апасы байкады. Алар кудасынын үйүнө жол алышты.

– Кудабыз бизди коноктоп, сыйлап, анан жөнөтөм дептир. Чамасы, сенден чочуйт да, ээ? Анан калса, бизге окшогон бай, колунда бар, маданияттуу куда-кудагыйдан айрылгысы келбейт да, – деп кудагый баягы кычык сөзүн кайра баштады.

– Эмне болдуңар эле? Келинди капа кылдыңарбы? Төркүнүнө эмне эрте жөнөттүң?, – деп күйөөсү иштин чоо-жайын эми уккандай сурады.

– Ай, эмне болмок эле? Билбегенин апасынан үйрөнүп келсин деп жөнөткөм.

– Аны сен үйрөтсөң эмне оозуң кыйшайып калабы?

– Салтта, наркта бар, ошон үчүн энесиникине жөнөттүм да.

– Аа, кыйратыпсың анда…

– Мен деген номер биринчи кыргыз айымы болом. Мен деген коучмун!

– Болду эми, дагы баштадыңарбы? Тынчыраак баралычы, – деп уулу үн катты.

– Баса, куда менен кудагый мурда жөнөкөй эле мугалим болушуптур. Айлыгы аз болгондуктан, кудабыз жан багыш үчүн мал пуруш болуп кетиптир, – деп кайнене жөн кетпей жаңылык тапкансып жактыра бербей сүйлөдү. Аңгыча болбой, кудасынын үйүнө жете келишти.

– Келгиле, куда, кудагыйым, – деп үй ээлери конокторду ызаат-урмат менен тосуп алышты. Дасторконду баптап даярдашыптыр. Ал-жай сурашып, мурункудай бажакташып, сыр билдирбей чай үстүндө сукбат куруп отурушту.

– Куда, кудагый, атайын силерге деп согум байлап отурабыз, бата кылып коёлу, – деди кайната. – Эмнеси болсо да куда деген миң жылдык эмеспи…

Короодо койдун маараганы угулду. Аны угушкан беркилер.

– “Аа, бизге деген союш го” дешип ичтеринен кымыңдашты.

– Кана, балам, чыгып, койду союп башта!, – деди кайната күйөө баласына карап. – Ал сен кызым жаңы эттен бир бешбармак жасайсың бүгүн. Курсагыбыз айрылганча жейли, ээ, кудагый!, – деди көзү алая түшкөн кудагыйына. Күйөө бала тумчугуп кетти. Эптеп оозун кыбыратып, элеңдеп, ата-энесине карады.

– Мен.., мен деген кой сойгонду билбейм.., – дегенде апасы бир нерсе айтмакчы болду эле күйөөсү буту менен билгизбей басып койгондо жым болду. Эч нерсе айтпаган менен анын ичи буркан-шаркан эле. Куда, кудагый экөө үнсүз көз караштары менен бири-бирине тил кайрып сүйлөшкөндөй болду да, беркилерге көңүлдүү адамдардай көрүнүшүп жасалма, жылмайып коюшат… Кыздын атасы күйөө баласын аягандай болду.

– Ай, балам, ай, эч нерсе эмес. Мен сага дагы он беш күн убакыт берем. Кудам сага жакшылап кой сойгонду үйрөтсүн, анан чогуу келесиңер,ээ?, – деп койду жетелеп барып короодогу малга кошуп жиберди. Кудасы болсо баш көтөрө албай беркилердин алдында сынып, өзүнүн сыйын жоготконуна жаны сыздап турду…

Автор

  • «Калемимдин багытын Жогорку адабий курстан тактап, сөз өнөрүнүн сырларын тереңдетип үйрөнүүдөмүн. Ошону менен бирге, кыргыз адабиятындагы өзгөчө кол тамгасы бар Матисаков мектебинин өкүлү катары чыгармачылык жолумду улантып келем. Бала кезден жан дүйнөмдү ээлеп, кагаз бетине түшүүгө шашкан көркөм ойлор бүгүн менин турмуштук бейнемдин ажырагыс бөлүгүнө айланды».

Бөлүшүңүз

Окшоштор

One Comment

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген