Ата

5/5 - (1 добуш)

(аңгеме)

Кычыраган кыш. Куугум кирип, көз байланып калган убак. Иттердин үргөнү угулуп, эшиктен бирөө киргендей болду. Оттун чатырап күйгөнүн тыңшап, өзүмчө кыялданып отурган элем.

– Ким келди болду экен, – деп ойлонгончо болбой, эшик ачылып атам кирип келе жатты. Жүзү тамылжып, көздөрү бир башкача карагандай сезилди. Эшикти тарс жабып, бутун чечмекчи болду эле, теңселип барып отуруп калды. Коркуп кеткен мен мештин бурчуна тыгылып, башымды каткансыдым.

Оң жакта керебетте быр-быр этип уктап жаткан мышык чочуп чуркап кетти. Аңгыча ички үйдөн апам чыгып, бут кийимин чечип, тургузганга аракет кылды эле, апамды муштуму менен бир койду. Илмийген байкуш апам кетенчиктеп барып, дубалга жөлөнүп туруп калды. Өзүнө өзү нааразы болгон атам, эптеп төркү үйгө кирип, төшөктүн четине кыйшайган бойдон коңуругуң тартып, уйкуга кетти. Тааныш жыт каңылжарымды өрдөдү. Боз ала болгон апам эки көзүн жашылдантып үндөбөдү. Апамдын кебетесин көрүп жүрөгүм тилинип, кыжырым кайнады.

Эшиктеги суук күчүнө кирип, мен бармын дегенсийт. Апам байкуш көсөө менен күйүп жаткан отту көсөп коюп көпкө отурду. Айнектеги музду чукулап, улам апам жакты карап коём. Атама деп алып койгон тамагын темир табакка куюп, ичинен күбүрөнүп эшикке чыкты. Балалык баё сезимдер менен атам жакшы киши болуп, ичпей, апамды урбашын тилеп жаттым. 

Мындай күндөр мен эс тартып калганы көп эле кайталанчу болду.

Атам ичкени менен ак көңүл киши болчу. Эртеси кайра жакшы сүйлөп, эркелетип калаар эле. Бирок кандайдыр ичимде жек көрүү сезимдер жашай бере турган болду. Шофер болуп иштегендиктен, эртең менен эрте туруп жумушка камынат. Суук катуу болгондугуна байланыштуу машинага ысык суу куюп от алдырчу. Мештин үстүндө дайыма чоң чакада суу ысып, шуулдаган үнү кулагыма сиңип бүткөн. Шыпты тиктеп шуулдаган үндү угуп жатып, кантип уйкуга кеткенимди билбейм. Апамдын жыты мурдума “бурр” дей түштү.

Мени көтөрүп барып ордума жаткызып, жаап койду.

Бой тартып, чоң жигит болупмун. Күндөгүдөй ичип келген атамды желкесинен алып, кыйкырып урушуп жаттым. Анда санда койгулап да коём. Бир убакта болгон күчүмдү жыйнап, учура бир тептим. Чалкасынан түшүп, сулайып жатып калды. Өлүп калган экен деп коркуп кетип, “ата-а” деп кыйкырып жибердим. Өз үнүмдөн өзүм чочуп ойгондум. Кудай жалгап түшүм экен. Тердеп калыптырмын. Мештин сыныгынан оттун жылт-жулт эткенин шыптан карап алып, бир азга демимди ичиме каттым. Бутумдун учу менен басып барып, флягадагы муздак суудан ичип, кайра жаттым. Тушумду кайра баштан элестетип, уктай албай кыйнала бердим. Эмнеге эле атам иче берет деген ойлор мээмди мыжыды.

Апамды аядым.

Автор

  • 1971-жылы Суусамыр айылында төрөлгөн. Үч баланын энеси.

    Авторго колдоо көрсөткүсү келгендерге:

Бөлүшүңүз

Окшоштор

One Comment

  1. Кадимки кыргыздын көр оокаты, көр оокаттын көйгөйүн унчукпай көтөргөн аял байкуш, энесинин, өзүнүн айласыз азабына жүрөгү канаган бактысыз баланын ачуу чындыгы көркөм сүрөттөлүптүр.
    Көркөм чыгарманын табияты акыйкатты сүйөт.
    Мыкты аңгеме. Бали.
    Калемгерге чыгармачылык ийгилик.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген