Атакемдин элеси
(поэма)
Апам: «Чүш-ш!..» – дейт, – атаң келди, акырын!..»
Уксак дагы апамдын кеп, акылын,
тентегирээк боло түшөр элек биз,
атакемдин сезип жанга жакынын.
Апам: «Тынч!..» – дейт, – иштен келди атаңар!..»
Ал ансайын артып биздин «каталар»,
атам барда тыя алчу эмес апабыз,
дал ушундай чыгар бардык аталар.
Мен өзгөчө жакын болуп атама,
нан жуткурбай оозун аңдып талашкам.
Эс тартканча тизесине отуруп,
бөлүнө албай, балким, аны тажаткам…
«Ики-ии, бутум сынды!» – дечү, кокустан,
«Башыңа чай тамчылайт, – деп, – отурсаң»…
Тизесинен түшөр элем алайып,
башыма чай «тамчыласа» отурсам.
Жарымын жутуп оозундагы нанын,
жарымын бөлүп оозума тез салчу эле.
Таттуу болуп апам берген тамактан,
ошол нанга кардым тоюп калчу эле.
Кабак түйсө, ыйбаа кылып үндөбөй,
күлүп турса, так секирип: «Жүр!..» демей…
Асылчубуз атабыздын мойнуна,
көтөрчү эле: «Мындай кылбай жүр!..» – дебей.
Ата мээри үй жылытар кут болуп,
андай күндөр майрам, үйгө кут конуп,
өзүбүздү бир бактылуу сезчүбүз,
бар дүйнѳбүз кубанычка туш болуп.
Чүкө ойноп, «шап» алышып биз менен,
шашки ойноп, жеңилсе эч «күйбөгөн»;
атам эле иштегенди жактырып,
жалгыз гана жалкоолукту сүйбөгөн.
Ат мингизип, чөп чапканды үйрөтүп,
бир иш кылса тирүү жандай «сүйлөтүп»,
биз – балдары ага жардам берчүбүз,
бак тиккенде: «Кармашалы, жүр!..» – дешип.
Кетмен чапса арыктарга жан кирип,
тал бутаса бак-дарактар сүйүнүп,
кармалашып кошо жүрөр элек биз,
атабызды айланчыктап жүгүрүп.
Кыргоол менен бөдөнөнү бутунан
байлап коюп, көрсөткөнү эсимде…
Чоң чарага балык салып койгонун,
көрүп алып таң калгамын кечинде…
Обон созо окуп берсе «Манасты»,
балалыгым чексиз кыял жаратчу.
Ырдап берчү, атам, кээде сурансак,
үнү өзүнүн келбетине жарашчу.
Жакшы окусак, жал-жал жанып көздөрү,
жумшак сүйлөп, таттуу чыкчу сөздөрү.
Чөнтөгүнөн ыргып келчү тыйындар,
колун салып койсо эле «өздөрү».
«Баракелде!..» – деп, кубанып, көбүнчө,
мактай бербей, балдарын көп көзүнчө:
«Дагы иштесин, эл көзүнө көрүнсүн!..» –
деп койчу эле, кобуранып өзүнчө.
Ар бир иштин баасын туюп сөзүнөн,
жаккан, жакпаганын окуп көзүнөн,
чынчыл, калыс, намыскөй, курч болууну
үйрөнгөнбүз атакемдин өзүнөн.
Теске салып, ийри кетсек түзөтүп…
Күндү күндөй, түндү түндөй күзөтүп,
балдарынын кийими, тамак-ашы үчүн
иштеди атам, канча жашын түгөтүп.
Бир жагынан кыйнап оору түйшүгү,
ага болбой, талбай иштеп күн-түнү,
бизди баккан атам чайын ичерде,
кош айтышып, кете берди бир күнү…
Тартса дагы оору, турмуш азабын,
шек алдырбай сүйүп ар бир баласын,
күндөй жанып ата мээрин төгүптүр,
ичке катып дартын, тагдыр жазасын.
Кээде жеңип, кээде ооруга жеңилип
турганы менен, атам жапжаш сезилип,
мен ал кезде ойлобопмун, капыстан,
жоктоорумду… шум ажалга кезигип.
* * *
Машинесин айдап атам колхоздун…
Чабан болуп, кайра өткөрүп койлорун…
Тракторчу болуп эгин экти эле,
айылымдын түздѳп чуңкур-ойлорун.
Ден соолугу оор ишке жол бербей,
ошондо да атам дартка бой бербей:
«Жеңилирээк почточулук кылайын!» –
деген эле, «эс алууга» кол бербей:
«Он баланын жүгүн артып мойнуңа,
он биринчи бала болбой мен өзүм,
сага жөлөк болоюн!» – деп, апама,
көрсө, атам, аябаптыр бир өзүн.
Тамашалап, кары-жашка карабай,
шайыр эле, атам, кудум баладай.
Бат таарынып, кайра эле тез жазылчу,
таарынтканды таарынтты деп санабай.
Кыйналыптыр айыкпаган дартынан,
кайда барса ээрчип алган артынан…
Арабыздан алып кетти шум ажал,
бөлүп кетти, үй-бүлөдѳн, калкынан.
* * *
Кыйын болду атакемден айрылуу,
ѳзгөрттү ажал турмушумдун кайрыгын.
Ичиркендим бүтөй албай дүйнөнүн
ажал жырткан, орду толгус айрыгын.
Ата менен толукталып бул дүйнө,
ата менен бүлө бүтүн болорун,
капысынан, сездим анан атамдын
эт жүрөгү өз денемде согорун…
* * *
Кандай дарттын тартса дагы азабын,
кай кесипте кандай ишти жасасын,
атамдын мен эң сүйүктүү кызы элем,
мен да атамды тумар тутуп жашадым.
Ток пейилдүү, карапайым, «чоң» эмес,
дал ушундай калды менде чоң элес.
Бул жарыкта балдары аман турганда,
атам жашайт! бул дүйнөдө, жок эмес!
* * *
«Ата» дешсе, элестетем атамды,
эске түшүп бала кезим андагы.
Жашым өтүп калса дагы, баладай,
ата мээрин сезем акыл, кандагы.
«Ата» дешсе, угам үнүн атамдын,
тээ бир кезде айткан акыл-насаатын
өмүр бою тең салмактап, турмушта
эстей берүү болду менин адатым.
«Ата» дешсе, жоктойм дале баладай,
касиети аталыктын ушудур.
Балким ошол унутулбас сезимдер,
о дүйнөдөн жолугушуу учудур…
«Ата» дешсе сезем эркин түнөктү,
үй толтура бакыт толгон мүнөттү.
Анан тыңшайм атам жашап жаткандай,
денемдеги дүкүлдөгөн жүрөктү.
«Ата» дешсе туям кыргыз элимди,
агыл-төгүл уюткулуу жеримди,
кандайдыр бир, Ысык-Көлдү айланып,
туулган жерге тартып турган сезимди.
* * *
Толтура албайт ордун эч ким атанын,
балдары анын өксүттүрбөйт катарын.
Бар болгула бул дүйнөдө аталар,
узак болсун жашоодогу сапарың!!!

Саламатсыңбы Элмира!Сенин поэмаңды окуп чыктым.Турдубай авамдын элеси(образы) аркылуу мен атам Эсентурду көрдүм!Өзүмдүн бала чагымдан,көрдүм.Окшош тагдырлар…Балдардын ийгилигин көрбөй,чайын ичпей эрте кеткендери арман…Сага чың ден соолук,узун өмүр,чыгармачылыгыңа ийгилик,үй бүлөлүк бакыт каалайм!Саламым менен эжең Бактыгүл!