|

Кечиккен топурак

5/5 - (4 добуш)

(аңгеме)

Таякеси, айылдын молдосу баштаган үркөрдөй ага-тууган чогулуп келип, кутудагы топуракты Элбектин таятасы жаткан жайдын жанына, ага коюлган эстеликтин оң капталына чакан чуңкурча казып жашырышты. Үстүнө шаардан Элбек жасата келген “Баякунов Токтобек – 1921–1943” деген жупуну жазуусу бар, саптуу темир тактачаны матыра сайып коюшту. Куран окулгандан кийин чогулгандар мүрзөнү таштап, күндөлүк тиричиликтен кеп салып, үйдү көздөй бет алышты. Элбек гана бу жерди карамалап калып калды. Аны топурак жашыргандарды үйдү көздөй баштап кетип бараткан таякеси байкаган деле жок. Бу маалда үйдө маркумдун арбагына багыштап айыл-апага куран окутуунун кам-кечеги көрүлүп, мал союлуп, эт бышырылып, дасторкон жайылып жаткан. 

Элбек мүрзөлөргө айланта көз чаптырып койду. Арасында таятасыныкындай эстелик белги коюлганы да, коюлбаганы да, бейитинин бары-жогу билинбей жер менен жер болуп баратканы да көп. Ошондойлордун экөө таятасынын ата-энесиники. Муну Элбек мурда таятасына топурак салганы келгенде билген. Көрсө, көзү тирүүсүндө эле “ата-энем ушул жерде жатышат, мен өлсөм жанына койгула” деп, туугандарына керээз калтырган экен. Эми алардын жанына сөөгү тээ эзелки кан күйгөн согуш талаасында калган чырактай уулдун, бир туугандын бир ууч топурагы келип түштү…

– Ыраазы болуңуз, таята, – деди Элбек таш эстеликке чегилген таятасынын күлүмсүрөгөн сүрөтүн карап, – кеч болсо да аманатыңызды аткардым. 

Ошентти да ичинен: “Апам тирүү болсо менин бул ишиме сыймыктанып калмак”, – деп, муңайым жылмайып койду.

Элбек мүрзөлөрдү аралаган чыйыр жол аркылуу кең көчөгө чыкканда, айылдын тааныш желаргысы бетин аймалап, өткөн чакка кусасын арттырды. Кере-кере дем алды да, алдыга кадам шилтеди.

Бала чагы дээрлик төрүн кырка тоолор, этегин көйкөлгөн көл шөкөттөп турган дал ушул кичинекей кооз айылда өткөн. Ысымын да таятасы койгон экен. Эки жашка толгондо “балага байланбай, иштегиле, ирденгиле” деп, аны таята-таенеси алып кетиптир. Мектеп жашына келгенде “эми балаңарды өзүңөр окутуп, чокуткула” деп, шаардагы ата-энесинин колуна салып бергени менен, ар жай сайын эле “жибергиле, бала шаарда бозорбой келип көлгө түшсүн, айран-сүт ичсин” деп алдырып алышчу. “Жээн келип калган тура” дешип, айылдагылар да каадалуу кишидей күтүп алышчу. 

Ал күндөр кайда калды… Таятасы менен таенесинин көзү өткөндөн кийин бул жакка Элбек эмес, апасы деле сейрек каттачу болгон. Анан эле капыстан өз ата-энесинен удаа айрылып калып, кайгы басты. Кырсыкка айла жок экен да… Андайда бул жакка келмек кайдан. Эми минтип далай ачуу-таттуу күндөр башынан өтүп, өзү кырктан ашып, очор-бачар болгон кезде тээтиги, өткөн кылымдагы кайсы бир кан майданда окко учкан чоң таякесиники делген бир ууч топуракты туулган жерине жеткирип келип отурганын карасаң.

* * *

Анда азыркыдай күркүрөгөн күз эмес, саратан жай болчу…

Элбек жылдагыдай эле жайкысын таятасыныкында. Көлдөн келип эле төрдө гезит окуп отурган таятасына адатынча эркелеп, жанына жатып калды. 

– Ии, чарчадыңбы, балам? Көл жылуу бекен?

– Ооба, жыпжылуу. Аябай түштүм. Таята?

– Эмне дейсиң, балам?

– Менин атымды эмнеге Элбек деп койдуңуз эле? Баары эле сурай беришет.

– Элге тирек болсун, элдин керегине жараган бышык жигит болсун деп койгом, садагасы.

– А сиздин атыңызды ким койду эле? 

– Атам койгон. 

– Эмнеге Бообек?

– Энемдин жылда төрөгөн баласы жылда эле чарчай бериптир. Менден улуу агам төрөлгөндө энем менен атам ушуну менен балдарыбыз токтор бекен деген үмүт-тилек менен Токтобек деп коюп, көп кишиге көрсөтпөй чоңойтушуптур. Энем ошо бойдон көп жыл төрөбөптүр. Анан эле мен төрөлүп калам. Ата-энемдин кубанычы койнуна батпай, “эми Токтобегибизди жалгыз кылбай, ушунубуздун боосун бек кыла көр” деп жаратканга жалынып, атымды Бообек коет. Түшүндүңбү?

– Түшүндүм. Таята, Токтобек деген агаңыз сиздей жакшы киши беле? Согушта өлгөн э?

– Ии. Жаман болсо согушка кетип калбайт эле да. Жакшы болчу.

– Өзү эле кетип калды беле? 

– Өзү эле кетип калган, – деди да, колундагы гезитин четке жылдырып, көз айнегин алып, жанында эркелеп жаткан небересин башынан сылап койду. Демейде, уул-кызына кайталап айта жүргөн кебин жээн небересине да айтып бергиси келди окшойт:

– Кана, балам, фашисттик Германия менен согуш качан башталганын билесиңби?

– Билем. 1941-жылы 22-июнда. Бирок фашисттер согушту дүйнөдө андан да эрте баштаган да.

– Ой, азаматым, туура. Ошондон тарта, Советтер Союзуна кол салгандан тарта аскер комиссариаты жашы он сегизден өткөн эркектерди жапырт аскерге чакыра баштады. Биздин айыл андан куру калмак беле. Көп кетишти. Сенин курагыңдагы мага окшогон балдар менен эле карылар калган анда. Айылдын башында турган эстеликтеги узун тизмени көрүп жүрөсүңбү?

– Ооба, таята.

– Көрдүңбү, ушу биздин кенедей айылдан эле ошончо киши кайтпай калбадыбы согуштан.

– Агаңыз канчада эле?

– Агам жыйырма бирге чыгып калганда 1942-жылы күздө кетти. Болгондо да айтпай кетип калган.

– Кантип? Эч кимге айтпай элеби?

– Атам менен энем согуш чыкканы кооптонуп эле жүрүшкөн, алып кетпесе экен деп. Огожо болот дешкенби, согуш башталган жылы кеч күздө үйлөндүрүп да коюшкан. Абам өзү шар жүргөн, мүнөзү чапчаң жигит эле. Күз күрөш болуп, жыйым-терим, чөп чабык маалы. Атын минип алып таңда кетет, түндө келет. Бир күнү үйгө келбей калды. Атам менен энем эртең менен тынчы кетип эле үрпөңдөп турушту. Жеңем деле билбейт экен, турат жер карап. Бир маалда атам мага: 

– Бообек, районго чапчы, шойкому бузук көрүндү эле, согушка кетип калдыбы дейм, – деди.

Райондун борбору менен айылдын ортосу жүз чакырымдай. Чабыр ат менен түш оой жеттим окшойт. Мен анда 13-14 жашта, ушу сенин курагыңдамын го. Атамдын айтканы боюнча шыдыр эле “военкомат” деген жазуусу бар жалпак үйгө кирип бардым. Үстөлдө бир киши өмөчүктөп кагаз толтуруп отуруптур. 

– Аба, менин абакем келген жокпу?

– Абакең ким эле?

– Токтобек деген.

Мендейдин далайын көрүп, заакы болуп калган неме көрүнөт, мени сынаакы карап койду да, кагазына үңүлдү:

– Баякунов дегенби? – деди билмексен болуп, – Бүгүн эртең мененки отряд менен жөнөп кетти аскерге.

Менин бозала болуп туруп калганыма боору ачыды көрүнөт, жаныма келип далымдан таптады.

– Ой, жигит, ал абакең майданга барам деп эки-үч ирет суранган да, мында келип. Кечээ кечке жуук дагы келиптир. Бүгүн жөнөттүк, отрядга кошуп. Абакең азамат да. Душманды жеңсе эле келип калат кайра. Андан көрө, келгиче сен абакеңди жоктотпой тургун, жарайбы? – деп жайкаган болду да, – Баса, жолдун аркы бетинде аты байланып турат. Каттагандардан жетелетип иейин деп аттым эле. Ырас келген турбайсыңбы. Ала кет, – деди.

Военкомдун өзүнө да, сөзүнө да ишенип-ишенбей, үйдү айланып чуркап чыксам, чын эле, мамыда жээрде кашка аса байланып жалгыз туруптур. Мени көргөндө окуранып ийди. Көзүмдөн жаш кетти. Атамдын кооптонгону туура чыкты. Эки аттын бирин минип, бирин жетелеп жолго түштүм. Ыйлап жүрүп отурдум. Атам менен энеме эмне жооп айтаарымды билбейм…

– Анан? 

– Анан эмне болмок эле. Бир айдан кийин кат келди. “Ата, эне, мени кечирип койгула. Айылда мен курактуунун баары майданга кетип атса, чыдап тура алган жокмун. Сарсанаа болбогула. Бат эле келем”, – дептир. Айтпадымбы, абакем мүнөзү чапчаң, өзү шар жүргөн жигит болчу. Баш-аягы эки-үч эле жолу кат жазды окшойт. Акыркы каты кырк үчүнчү жылы жай аяктап калганда келди. “Белорусиянын Прудище деген кыштагынын жанындагы согуш талаасындабыз. Жакында согушка киребиз. Чабуул башталат”, – деп жазды. Анда деле мурдагы каттарындай эле: “Ата, эне, санааркабагыла. Буюрса, фашисттерди жеңсек эле барып калам. Бообек, Күлүмкан, атам менен энемди жакшы карагыла”, – деп жазыптыр. Келинчегинин аты Күлүмкан болчу. Аны ошол жылдын башында эле төркүндөрү алып кетип калышкан, “күйөөсү келгиче колубузда болуп турсун” деп. Аны абам билбейт да. Жеңем деле күйөөсүнүн айтпай-дебей согушка аттанып кеткенине ыза болуп калганбы, жалгызсырадыбы, айтор, өзү менен өзү болуп эле чүнчүп кеткен. Ал деле кийин өз күнүн көрүп кетти. Башка күйөөгө тийип, балалуу болуптур деп уктук. Энем аны укканда сай сөөгү сыздап жүрдү, “баламдан бир тукум калса эмне…” деп.

– Өлгөнүн кантип билдиңер?

– Кышка жуук эле “кара кагаз” келип калды. Ошол эле өзү жазган Прудищедеги чабуулда окко учкан экен, кургурум. Согуш абакемди күлгүндөй курагында алып тынды. Ошондогу кайгыны айтпа. Атам ичимен тап болуп жүрүп өттү. Байкуш энекем “балам ата-бабасы көрбөгөн ай-талаада калды, жок дегенде сөөгүн колума тапшырар жан болсочу”, – деп өксүгөндө көзүнүн жашы буурчактап төгүлүп кетчү.

– Сөөгүн алып келсе болбойт беле, таята?

– Андай шарт кайдан эле боло калды дейсиң агезде, балам. Согуштун жүзү курусун. Абама окшоп согуштан кайтпай калгандар миңдеп саналбадыбы. Жамы журтка түшкөн мүшкүл болбодубу. Эми-эми карылуулар, из кубарлар, өкмөт согушта курман болгондордун дайын-дарегин издеп, тизмелеп жатышпайбы. Мен деле сөөгү жаткан жерди таап, бир ууч топурагын алып келип, ата-энемдин жанына таштасам кана. Жаш кезимде андай мүмкүндүк болбой калды. Эми кайдан. Карылык келди. Мойнумдагы жүктөн кутулбай калдым. Таякең деле өз тирлиги менен алек. Ал деле аракет кыла албайт шекилдүү. Сенин ата-энең шаарда дайын-дарегин издештирип атабыз деди эле. Алардын деле алы келбей жүрөт окшойт.

Таятасы эки көзүн колу менен сүртүп койду. Көз жашын аарчып жаткандай туюлду Элбекке. Аңгыча эшиктен таенеси кирди. Чоң шашкеде жогорку айылга жентекке кеткен бойдон эми келатыптыр. Абышкасы менен жээн небересинин түрүн байкады окшойт:

– Э, абышка, баягы жомогуңду эми Элбекке айтып атасыңбы, ботом? Ушу чычкандай бала эмнени түшүнөт, ия? Согуш бүткөнү качан? Сенин бир тууганың эмес, андан бери канча жан өлүп кетип атат, – деп кобуранды.

– Эмнеге түшүнбөйм? Түшүнөм эле, – деди таятасынын кызыктуу баянына катуу таасирленип алган Элбек таенесине таарынгансып.

– Түшүнөт эле, – деди, таятасы да борсулдап күлүп, – ушу балам чоң таякесинин сөөгү жаткан жерди тапса кантесиң, байбиче? Илгери муун да. Туурабы, балам?

Элбекти көкүлүнөн сылап, чекесинен өөп койду.

– Сөзсүз! – деп, дердейе түштү. 

Эртең эле таятасын жетелеп алып, ошол белгисиз согуш талаасына барчудай туюлган балалык кыялын, дымагын качан унутканы эсинде деле жок. Бирок мындай учурлар адамдын эстутумунда кээде уктап, кээде ойгонуп, өмүрү өткүчө жашай берет көрүнөт. Эстутумда жашамак тургай таятасынын ошол арманы турмушка улам тереңдеп кирген сайын Элбектин тынчын алып, аманатты аткаруу милдет экенине көзү жетти.

* * *

Элбек Минскиге чейин учак менен жетип, андан аркы жолду ижарага алган жолтандабас автоунаа менен таң эрте уланткан эле. Геолокация көрсөткөн жол аны мелтиреп жаткан эле айдың талаага алып келип койду. Көз жеткис түзөңдү ортосунан жара бөлгөн чаң жолдун боюнда бирин-серин тал-терек ыргалат. Анда-мында ураган, жер менен жер болуп бараткан эски үйлөр. Дегеле тиричиликтин ыраңы жок. Аңгыча алыстан буруксуган чаңды артынан ээрчиткен бир машиненин карааны көрүндү. Жакындаганда акырындап келип токтоду да, ичинен сары чийкил, олбурлуу киши түшүп, кол алышты. Ал ушул жергиликтүү аймактык бийликтин башчысы болуп чыкты. 

– Кош келдиңиз? – деп аймак башчы Элбекке суроолуу карады. 

– Мен Прудище деген кыштакты издеп жүрдүм эле. Адашып калдым окшойт.

– Адашкан жоксуз. Дал ушул сиз экөөбүз турган жер – Прудище. 1942-жылдын жайында бул кыштакты оккупанттар басып алып, үйлөрүн өрттөп, тургундарынын далайын өлтүрүшкөн. Качып чыгып, аман калгандары партизандык отряддарга кошулуп кетишкен. Азыр эми кыштактын аты эле бар, согуштан кийин канча мезгил өттү, бирок кайра келип отурукташкандар боло элек. 

Аймак башчы андан ары мемиреп жаткан түздүктү колу менен жаңсап:

– Тиги жак – согуш талаасы. 1943-жылы күзүндө дал ушул жерде айыгышкан кандуу кармаш жүрүп, душмандын мизи кайтарылган. Тарыхтан окусаңыз керек. Миңдеген мекендештер окко учкан, дайынсыз жоголгон, жарат алган кандуу жер – ушул жер, – деди.

Муну укканда Элбектин денеси чымырап, жүрөгү сыгылды. Мейкин талаа болсо кан күйгөн ошол салгылаштын сырын катып, шек алдырбай мемиреп жатат… 

– Бул жерге сизге окшоп постсоветтик өлкөлөрдөн жакындарын издеп көп эле келишет. Сиз кимди издеп келдиңиз?

– Тууганымды. Таятамдын бир тууганы ушул жерде курман болгону тууралуу убагында “кара кагаз” келген экен. Бирок сөөгү кайда жашырылганын билбейбиз, – деди Элбек. 

– Ушул жерде согушканы анык бекен? Такпы маалыматыңыз?

Элбек акыркы эки жылдан бери таятасынын аманатын аткарууга катуу киришкен. Бош убактысынын, эмгек өргүүлөрүнүн көбүн ушуга жумшады. Расмий, бейрасмий көптөгөн даректерге кайрылып, архивдик булактарды аңтарып, бир топ эле убара тартты. Буга Советтер Союзу тарап кеткенден кийинки географиялык чектердин, аталыштардын өзгөрүшү да таасирин берди. Акырында “Мемориал” деп аталган электрондук маалымат топтомунан тапкандары таятасынын айткандары менен дал келди. Анда “Баякунов Токтобектин сөөгү Беларусь ССРинин Полес облусундагы Василевич районунун Прудище деревнясында коюлган. Коргоо министрлигинин башкы архиви” деген тастыктама бар экен. Маалымат базасында ошондой эле таятасынын бир тууганы 1921-жылы туулганы, 1942-жылы согушка чакырылганы, 14-гвардиялык кавалериялык дивизиянын 54-гвардиялык кавалериялык полкунун кызыл аскери болгону, 1943-жылдын 11-ноябрында курман болгону жазылган. Электрондук маалымат топтомунда согуш маалындагы кол менен толтурулган каттоо китепчесинин саргарган барактары да тиркелиптир. Дал ушул документ Элбектин Беларуска алып келип отурат.

Муну кунт коюп уккан аймак башчы:

– Андай болгондо сиздин тууганыңыздын сөөгү Демехи кыштагындагы жалпы көрүстөндө болушу толук ыктымал. Анткени, согуш маалында бул аймакта курман болгон жоокерлердин кабырлары ар кайсы жерде калган да. Кийин алар Демехидеги жалпы көрүстөнгө көчүрүлгөн. Мен, албетте, адис эмесмин. Сизге адис гана толук маалымат бере алат. Бизде согушка байланышкан бардык тарыхый-архивдик документтерди тескеп турган кызматкер бар. Азыр ал иш ордунда болушу керек. Жүрүңүз, Демехиге. Биздин аймактык кеңсебиз ошол жакта. Мындан ары беш чакырым жүрөбүз. 

Аймак башчысынын илбериңки мамилесине Элбектин ичи жылыды.

* * *

Ээрчишкен эки автоунаа айылдын кире беришиндеги согушта курман болгондордун жалпы көрүстөнүнө чукул келип токтоду. Бул жай көрүстөнгө караганда эстелик аянтчасына көбүрөөк окшошот экен. Айланасы кооз темир кашаа менен курчалган жашыл майсан аянттын чок ортосунда колунда бийик көтөргөн байрагы бар аскер кийимчен жоокердин эстелиги бой тиреп турат. Аны көздөй баратканда Элбек “Биздин өлкөнү коргоо үчүн жан берген баатырларга түбөлүк даңк!” деп бадырайган жазууну окуду. Аңгыча жанындагы аймак жетекчиси:

– Сиз жолдуу экенсиз. Мен айтып жаткан кызматкер бул жакта жүргөн турбайбы, – деди да, аларды утурлай басып келаткан шыңга бойлуу, жарык жүздүү аялзатына кайрылды:

– Сизди бул жерден жолуктурганыбыз жакшы болбодубу. Сизге конок ээрчитип келатам, Кыргызстандан.

– Абдан жакшы. Бүгүн менин бул жерде конокторду тосчу күнүм окшойт. Кошуна райондон экскурсияга келген мектеп окуучулары менен жаңы гана коштоштум эле. Кош келиңиз! 

– Кош келдик, – деди Элбек. 

* * *

Аймак жетекчиси ишеним көрсөтүп табыштап кеткендей эле тарых жана архив иштери боюнча бул жооптуу кызматкер билерман, илбериңки адис болуп чыкты. Ал Элбекти ээрчитип алып, көрүстөндү шашпай кыдыртып, анын тарых-таржымалы тууралуу тегиз маалымат берди.

– Бул көрүстөн Беларустун тарыхый-маданий баалуу эстеликтеринин тизмесинде турат, – деди ал, – Согуш жалмаган бул жердеги жердештерибиздин ар биринин ысымы ыйык, аларга камкор мамилени милдетибиз деп эсептейбиз. Кандуу кармаш маалында окко учкан жоокерлер шашылыш жашырылган кабырлар согуш аяктагандан кийин гана тактала баштаган. Элестетиңиз, тактоо иштери жыйырма биринчи кылымдын алгачкы он жылдыгынын акырына чейин уланып, табылгандары баскыч-баскыч менен ушул жерге көчүрүлүп турган. Акыркы эсеп боюнча жоокерлер көмүлгөн кабырлар биздин аймактагы ондон ашык айылдан табылган. Сиз издеп келген Прудище кыштагынын жанындагы жалпы көрүстөн бул жерге 1947-жылы көчүрүлгөн. Маркумдардын сөөктөрү мына ушул сиз көрүп турган гранит такталардын алдында жатат. Арасында белгисиз жоокерлер да жок эмес. Кайрылуулар болуп калганда аларды тактаганга аракет кылып, такталганын улам тизмеге кошуп жазып турабыз. Сиздин тууганыңыздын да такталган тизмеде бар-жогун алдыда сиз менен чогуу тактайбыз, буюрса.

Элбек жер бетине каз катар төшөлгөн кара түстөгү гранит такталарга, андагы тизмеге көзүн кадады. Ташка шыгырата чегилген ысымдарды сыдырып окуп келатып, кээ-кээде гана тизмедегилердин айрымдарына көз токтотуп, “бул кыргыз окшойт, мунусу казак го, бул түркмөн болушу мүмкүн, өзбектин ысымына да окшошуп атат…”, – деп ичинен жоромолдоп жатты. Таш такталардын үчүнчүсүндөгү тизменин соңуна жетип калганда:

– Мына-а-а! Мына Токтобек ата!”, – деп кыйкырып жиберди. Тапты! Таятасынын биртууганын тапты! Капыстан эле бүткөн бою дүркүрөп, жүүнү бошой түштү. Көзүнө жаш келди. Жашка аралаш кайдан-жайдандыр аскер кийимчен, ийинине курал асынган жоокердин элеси маңдайында пайда болду… “Ата деп коем… Кайдагы ата?! Жаш жигит да. Жапжаш… Менин жарым жашымдай…”, – деп атты Элбектин ички үнү. Таятасынын бир кезде “байкуш энекем “балам ата-бабасы көрбөгөн ай-талаада калды, жок дегенде сөөгүн колума тапшырар жан болсочу” деп өксүгөндө көзүнүн жашы буурчактап төгүлүп кетчү”. – деп жашылданганын эстеди, таятасынын мойнуна кеткен жүктүн салмагын эми даана сезди. Баласынын кайгысын тартып жүрүп арманда кеткен энесинин алдындагы карызы таятасын андан бетер санаага салып өткөнүн түшүндү. Ичи эңшерилди. Бир тууганынын сөөгү жаткан жерди убагында көрсөтүп, көксөөсүн суутуп, көөнүн тындырып коё албаган пендечиликти, алсыздыкты, энөөлүктү жек көрүп кетти ушу тапта.

– Абдан жакшы болбодубу! Тууганыңыз канчада экен ошол кезде? – деп Элбектин абалын түшүнгөн кызматкер бир саам тыныгуудан кийин гана үн катты. 

– Таятамдын айтымында агасы согушка аттанганда 21 жашта болгон экен, – деп жооп кайтарды каргылданган үнү менен.

– Кайрат кылыңыз… Согуштун таш боордугун караңыз, ушул тизмедеги жоокерлердин дээрлик көпчүлүгү куракташ болушканын эстеген сайын зээним кейийт.

Ошентти да, жалгыз калтырууну туура көрдү өңдөнөт, алдыга басып кетти.

Элбек “Баякунов Токторбек” деген жазуусу бар тактанын тушунда тунжурап далайга турду. Анан жүйүртө басып, куран окуду. Жеңилдеп калды.

* * *

Аймактык комитеттин кызматкери Элбекти ээрчитип кеңсеге келгенде күн кечтеп калган. 

– Постсоветтик өлкөлөрдөн жакындарын издеп келгендер акыркы жылдары көбөйдү. Бирок таба албай кеткендер канча дейсиз. Андайда өзүбүздү күнөөкөр сезебиз. Сизге окшоп изин издеп келгенге жараша жыйынтыгы ойдогудай чыкса биз да кубанып калабыз, – деди архив кызматкери Элбекти иш бөлмөсүндөгү ыңгайлуу отургучка жайгаштырып, өзү иш ордун көздөй басып баратып.

Элбекти ушу тапта табылгасы көкөлөтүп, жергиликтүүлөрдүн жылуу мамилеси эреркетип турган. “Бул жердин эли кан күйгөн согуштун азап-тозогун көргөндүк кылат окшобойбу. Болбосо, ушунчалык элпек, жароокер болушпайт эле го. Бизде мындай ишти бүтүрүш үчүн кеминде эле бир күнчөлүк убакыт коротушса керек”, – деген ойдо отурду.

Айтканындай эле зарыккан жок. Таятасынын бир тууганына тиешелүү документтерди кызматкер тез бүтүрдү, ашып кетсе эки саат коротту өңдөнөт. Алар – Улуу Ата мекендик согушка катышкан жоокер Баякунов Токтобектин 1943-жылы 27-ноябрда Беларустун Гомель (мурдагы Полес облусу) облусундагы Прудище кыштагынын жанындагы согуш талаасында алдыңкы чабуул коюучу топто согушуп жатып окко учканы, сөөгү Демехи кыштагындагы жоокерлердин жалпы көрүстөнүнө көчүрүлүп коюлгандыгы, ысымы райондук жана республикалык “Эскерүү китебине” киргизилгени жана башка, айтор, тиешелүү маалыматтарды тастыктоого байланышкан толгон-токой бюрократиялык иштер эле. Кызматкер документтерди жергиликтүү архивдеги жүздөгөн материалдардын арасынан издеп таап, республикалык архив кызматы, аскер комиссариаты менен расмий макулдашып, электрондук жана кагаз түрүндөгү үлгүлөрүн даярдап бүткөн соң топ кагазды Элбекке сунду.

– Бул тастыктамалар – түп нуска. Электрондук үлгүсүн өзүңүздүн жеке капчыгыңызга жөнөтүп койдум. Эми санааңызды тынчытсаңыз болот. Бардык башка жоокерлер сыяктуу эле жоокер Баякунов Токтобектин ысымы да өчпөйт. Согуш өмүрүн кыйган дагы бир жоокердин таржымалына тактоо киргизүүгө жардам бергениңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз. 

Элбек жетине албай, беларусь элинин, демехиликтердин, аймак жетекчилигинин жапакечтигине, меймандостугуна терең ыраазычылыгын билдирди. 

– Бүгүн кеч болуп кетти го. Балким мейманканага жатып алып, эртең менен жол тартаарсыз?

– Кайта берейин. Борбор анча деле алыс эмес экен. Эртең кечкурун Бишкекке учам. Туугандарга чоң атабыздын топурагын жеткиришим керек. Алардын бул учурду күткөнүнө сексен жылдан ашты…

Согуш курмандыктары жаткан жалпы көрүстөндөн күндүз кутуга салып алган бир ууч топурак Элбектин ийниндеги капчыгында эле.

19-июнь, 2026

  • Акын, журналист.

    «Алтын калем» жана «Алыкул Осмонов атындагы» адабий сыйлыктардын ээси, Кыргызстан улуттук жазуучулар союзунун, Евразия, ТүркСОЙ жазуучулар бирикмелеринин мүчөсү, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

One Comment

  1. Бурулдун “Кечиккен топурак” аңгемеси согуш темасындагы мыкты чыгарма болуптур. Окуп олтуруп, каарман Элбектин таякесинин агасынын бейитин тапкандыгы, ошол жерден бир ууч топуракты Кыргызстанга алып келүүсү керемет көркөм тил менен баядалып берилгендигине чындап ыраазы болдум. Бурул – бир гана поэзияда эмес кара сөздө дагы мыкты калемгерлигин тастыктаптыр. Аңгеме жөнөкөй жана жатык тилде жазылгандыгы менен, окурманды өзүнө биротоло арбап байлап алгандыгы менен баалуу

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген